Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын   

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Долбоордун максаты жана милдеттери 

Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары долбоор) сиздердин карооңуздарга сунуштайт. 

Аталган долбоор банктардын милдеттенмелеринин мөөнөттүү түзүмүнө карата милдеттүү камдык талаптардын ченемдерин дифференциациялоону киргизүү үчүн коммерциялык банктардын милдеттенмелери боюнча отчеттук маалыматты толугураак топтоо максатында иштелип чыккан. 

Бул долбоорго ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилет: 

- 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчету жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Долбоордо кадимки банктар үчүн ПРБОнун 36-бөлүгүнө, ошондой эле ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган банктар үчүн ПРБОнун 28-бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. 

Сунуш кылынган өзгөртүүлөр милдеттенмелердин мөөнөттүү түзүмүн толук чагылдыруудан турат, анда коммерциялык банктардын кардарлар боюнча бөлүштүрүүдөгү милдеттенмелери мөөнөттүүлүктүн төмөнкү категорияларына бөлүнөт: 

- кыска мөөнөттүү депозиттер; 

- 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөттүү депозиттер; 

- 3 жылдан жогорку мөөнөттүү депозиттер. 

Жогоруда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдү кадимки банктар үчүн ПРБОнун 36-бөлүгүнө, ошондой эле ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган банктар үчүн ПРБОнун 28-бөлүгүнө чагылдыруу үчүн «Мөөнөттүү милдеттенмелердин чечмелениши» деп аталган жаңы бөлүкчөсү кошумча киргизилген. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык болушу мүмкүн болгон натыйжаларды болжолдоолор 

Сунушталган токтом долбоорун кабыл алуу укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт, себеби сунушталган өзгөртүүлөр коммерциялык банктардын отчетторун туура түзүүгө багытталган. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 22-беренелерине долбоор коомдук талкууга жөнөтүлөт. 

 

5. Долбоордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталып жаткан долбоор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат 

Сунушталып жаткан долбоорду кабыл алуу кошумча каражаттарды бөлүүнү талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жөнүндө маалымат  

Сунушталып жаткан долбоор ишкердик ишти жөнгө салууга багытталбагандыктан, жөнгө салуучу таасирин талдоону талап кылбайт. 

 

Долбоор 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 17, 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (тиркелет) киргизилсин: 

- - 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтому; 

- - 2011-жылдын 30-мартындагы №20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтому. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом 2021-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирет.  

4. Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын ___ __________ 

№______________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобонун:  

- 2-тиркемесинин «Активдер, милдеттенмелер жана капитал жөнүндө күндөлүк отчет» деген 36-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

». 

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогорудагы токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун: 

- 2-тиркемесинин «Активдер, милдеттенмелер жана капитал жөнүндө күндөлүк отчет» деген 28-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«

 

 

 

 

».