Кайта келүү

Документтерди электрондук түрдө кабыл алуу боюнча ченемдик талаптарды тактоо жагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Долбоор Кыргыз Республикасында банктык кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында, банктарга өз ишинде электрондук документ жүгүртүүсүн колдонууга мүмкүнчүлүк берүү менен, тактап айтканда, коммерциялык банктар кардарларды насыялоо жана банк эсептерин (депозиттерди) ачуу боюнча банктык кызматтар көрсөтүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын маалыматтык тутумдары аркылуу алынган документтерди электрондук форматта алмашуу тажрыйбасын андан ары өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Сунуш кылынган документти иштеп чыгуу төмөнкү иш-чараларды жүзөгө ашырууга негизделген: 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында жана анын алкагында өлкөнү санариптештирүү боюнча иштер жүргүзүлүп жаткан, жарандар электрондук форматта керектүү кызматтарды ала турган электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталын ишке ашырууну эске алуу менен, сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү. «Санарип Кыргызстан» бирдиктүү санарип платформасы, ошондой эле бардык мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар жана жеке структуралар туташкан ведомстволор аралык «Тундук» электрондук өз ара аракеттенүү тутуму түзүлдү. Кайталанган функциялардын жана кагаз түрүндө күбөлүктөрдүн этап-этабы менен жокко чыгаруу жүрөт. 

2. Банктык кызматтарды электрондук түрдө көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү жана өнүктүрүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы №20-б «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча «ЖОЛ КАРТА» буйругунун иш-чараларды жүзөгө ашыруу. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 2019-П-12/56-2-(БС) «Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөрүн санариптик трансформациялоонун 2020-2021-жылдарга каралган негизги багыттары жөнүндө» токтомунун «Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын финансылык кызматтарды дистанциялык камсыздоо бөлүгүндө өркүндөтүү» боюнча 2.2-пунктту. 

Кызматтарды электрондук түрдө көрсөтүү үчүн шарттардын түзүлүшү көп жагынан банк кызматтарын ийгиликтүү жүзөгө ашыруудан көз каранды экендигин белгилей кетүү керек. Ушуга байланыштуу, кардарларды тейлөө процессин жөнөкөйлөтүүчү жана тездетүүчү жаңы технологияларды колдонуу менен жүргүзүлүүчү операцияларды контролдоо методдоруна ыкмалар кайрадан каралып чыкты. 

Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучулардын мүмкүн болушунча кеңири чөйрөсүнө чейин иштеп чыгуу жана кеңейтүү үчүн технологияны колдонуу атаандаштыкка жөндөмдүү жана инновациялык каржы секторун өнүктүрүүгө жана каржы тутумунун бүтүндүгүн камсыз кылууга тийиш. 

Ошондой эле, учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жарандардын кыймылына жана байланыштарына атайын талаптарды колдонууну аныктап жаткандыгын эске алуу зарыл. Буга ылайык, кардарларды тейлөөнү аралыктан тейлөө каналдарына өткөрүү чараларын көрүү керек. 

Долбоорго ылайык: 

1) насыялоо жана банктык эсептерди (депозиттерди) ачуу боюнча банктык кызматтарды алууда, жеке ишкерлерге коммерциялык банктарга электрондук патенттерди электрондук же кагаз түрүндө берүү мүмкүнчүлүгү берилет. Бул өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы №357 токтому менен бекитилген «Патентти кагаз жүзүндө же электрондук форматта берүү тартибине» ылайык, Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жеке ишкерлерге электрондук патент берүүгө байланыштуу;  

2) долбоор ошондой эле коммерциялык банктардын кардарларын насыялоо жана банктык эсептерди (депозиттерди) ачуу боюнча банктык кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын маалыматтык тутумдары аркылуу алынган бардык башка документтерди электрондук же кагаз түрүндө берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү сунуштайт, бул өзгөртүүлөр жана толуктоолор коммерциялык банктар үчүн кардарларды онлайн тейлөөнү өнүктүрүү

3) коммерциялык банктын тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында, долбоор банктын кызматкери (тейлөөчү кардар) тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын маалымат тутумдарында электрондук документтердин болушун текшерүү үчүн милдеттүү шарттарды белгилейт. Берилген документтердин бар экендигин текшерүүдө кагазга же электрондук форматка үнөмдөө зарыл; 

4) аралыктан тейлөө каналдарында белгисиз кардарлардын жоктугу жана электрондук түрдө кардарды баалоо үчүн документтерди, анын ичинде электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүктөрү, алыскы тейлөө каналдары аркылуу каржылоо чектерин жогорулатууга негиз берет. 

Жогорудагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларында каралган: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 30-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35\13 токтому менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого. 

 

3. Коомдук, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ушул токтом долбоорун кабыл алуу укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды чектеген ченемдерди камтыбайт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамдын 22-беренесине ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон, ошондой эле ишкердик ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу коомдук талкууга алынат. 

Долбоор боюнча материалдар Улуттук банктын расмий сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоо үчүн Бирдиктүү порталда коомдук талкууга коюлат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталган ченемдик укуктук актынын долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөлөр боюнча маалымат 

Ченемдик укуктук актынын долбооруна карата жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтому мене бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасынын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн. 

 

 

 

Долбоор   

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын ___ ___________ 

№________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик   

укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун

- 40-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«40. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачуу үчүн жеке адамдар (резиденттер жана резидент эместер) төмөнкү документтерди кагаз түрүндө же электрондук формада сунуштоого тийиш:»; 

он биринчи жана он экинчи абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банк талап кылган башка маалыматтар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан кагаз түрүндө же электрондук формада сунушталышы мүмкүн болгон документтер

2) кардардын ким экендигин тастыктаган документ (1-тиркемеде жана 39-пунктта көрсөтүлгөн учурларды эске албаганда, андан көчүрмөлөнгөн документтин түп нускасы таанышып чыгууга берилүүгө тийиш);»; 

- 41-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«41. Жеке ишкерлер, ушул Нускоонун 40-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары банкка кошумча кагаз түрүндө же электрондук формада төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: 

1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү фактысын (күбөлүктүн) тастыктаган белгиленген формадагы документти же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз (патент) ишкердикти жүргүзүп жаткандыгы фактысын тастыктаган документти; 

Жеке ишкердин электрондук патенти бар болсо банк кызматкери кагаз бетине чыгарылган электрондук патенттин же болбосо тиешелүү программалык камсыздоого ээ мобилдик же башка түзүлүш аркылуу электрондук патентке түшүрүлгөн QR-кодду сканерден өткөрүү аркылуу электрондук патент формасындагы документтин аныктыгын текшерүүгө же патенттеги маалыматты Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системасы аркылуу текшерүүгө тийиш.  

Эскертүү: QR-код - мобилдик түзүлүштөрдүн таанышы үчүн атайын түзүлгөн патент жөнүндөгү маалыматты камтыган матрицалуу код (кош өлчөмдүү штрих код). 

2) салык төлөөчүнүн тиешелүү каттоодон өткөндүгү фактысын тастыктаган Салык кызмат органынын маалым катын; 

3) кол тамга үлгүлөрү жана жеке ишкердин мөөрүнүн оттискасы түшүрүлгөн (болгон болсо) карточка.»  

Банк кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда, ушул пунктта көрсөтүлгөн документтердин тизмесине ылайык алардын сунушталгандыгын текшерип, тастыктоого тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу же тиешелүү программалык камсыздоого ээ мобилдик же башка түзүлүштөр аркылуу кагаз бетине чыгарылган же болбосо электрондук формада алынган документти текшерүү фактысы кардардын таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш.»; 

- 43-пунктта: 

биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачуу үчүн юридикалык жактар (резиденттер жана резидент эместер) Улуттук банктын өзүнчө чечиминде каралган учурларды эске албаганда, кагаз түрүндө же электрондук формада төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:»; 

 

- төмөнкү редакциядагы жыйырманчы абзац менен толукталсын: 

«Банк кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда, ушул пунктта көрсөтүлгөн документтердин тизмесине ылайык алардын сунушталгандыгын текшерип, тастыктоого тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу же тиешелүү программалык камсыздоого ээ мобилдик же башка түзүлүштөр аркылуу кагаз бетине чыгарылган же болбосо электрондук формада алынган документти текшерүү фактысы кардардын таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш.». 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы№ 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоонун: 

- 39-пунктунун: 

- биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«39. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачуу үчүн жеке адамдар (резиденттер жана резидент эместер) төмөнкү документтерди кагаз түрүндө же электрондук формадагы документти сунуштоого тийиш:  

1) кардардын кол тамгасы коюлган кагаз түрүндөгү же болбосо анда төмөнкүлөр көрсөтүлгөн, электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган электрондук документ формасындагы эсеп ачууга өтүнүч кат»; 

он биринчи жана он экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банк талап кылган башка маалыматтар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан кагаз түрүндө же электрондук формада сунушталышы мүмкүн болгон документтер;банк талап кылган башка маалыматтар, анын ичинде кагаз түрүндө же электрондук формада Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан алынган документтер; 

2) кардардын инсандыгын тастыктаган документ (1-тиркемеде жана 38-пунктта көрсөтүлгөн учурларды эске албаганда, таанышып чыгуу үчүн документтин түп нускасы сунушталат жана андан көчүрмө алынат);»; 

- 40-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«40. Жеке ишкерлер ушул Нускоонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары банкка кошумча кагаз түрүндө же электрондук формада төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: 

1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү фактысын (күбөлүктүн) тастыктаган белгиленген формадагы документти же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз (патент) ишкердикти жүргүзүп жаткандыгы фактысын тастыктаган документти; 

Жеке ишкердин электрондук патенти бар болсо банк кызматкери кагаз бетине чыгарылган электрондук патенттин же болбосо тиешелүү программалык камсыздоого ээ мобилдик же башка түзүлүш аркылуу электрондук патентке түшүрүлгөн QR-кодду сканерден өткөрүү аркылуу электрондук патент формасындагы документтин аныктыгын текшерүүгө же патенттеги маалыматты Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системасы аркылуу текшерүүгө тийиш.  

Эскертүү: QR-код - мобилдик түзүлүштөрдүн таанышы үчүн атайын түзүлгөн патент жөнүндөгү маалыматты камтыган матрицалуу код (кош өлчөмдүү штрих код). 

2) салык төлөөчүнүн тиешелүү каттоодон өткөндүгү фактысын тастыктаган Салык кызмат органынын маалым катын;  

3) кол тамга үлгүлөрү жана жеке ишкердин мөөрүнүн оттиски (көчүрмөсү) түшүрүлгөн (болгон болсо) карточка.  

Банк кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда, ушул пунктта көрсөтүлгөн документтердин тизмесине ылайык алардын сунушталгандыгын текшерип, тастыктоого тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу же тиешелүү программалык камсыздоого ээ мобилдик же башка түзүлүштөр аркылуу кагаз бетине чыгарылган же болбосо электрондук формада алынган документти текшерүү фактысы кардардын таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш.»; 

- 42-пункттун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«42. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачуу үчүн юридикалык жактар (резиденттер жана резидент эместер) Улуттук банктын өзүнчө чечиминде каралган учурларды эске албаганда, кагаз түрүндө же электрондук формада төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:»; 

 

- төмөнкү редакциядагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын: 

«Банк кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда, ушул пунктта көрсөтүлгөн документтердин тизмесине ылайык алардын сунушталгандыгын текшерип, тастыктоого тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу же тиешелүү программалык камсыздоого ээ мобилдик же башка түзүлүштөр аркылуу кагаз бетине чыгарылган же болбосо электрондук формада алынган документти текшерүү фактысы кардардын таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш.». 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 25-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«25. Кредитти сунуштоо максатка ылайыктуу экендигин аныктоо, ошондой эле карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн банк карыз алуучудан төмөнкү документтерди кагаз түрүндө же электрондук формада талап кылууга тийиш:»; 

жетинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Электрондук патентти сунуштаган учурда ишкердик ишти жүргүзгөн юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алуу фактысын тастыктоо максатында, электрондук патенттин көчүрмөсүн кагаз бетине басып чыгарып сунуштаса болот же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн банкка электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз бетине чыгарылган электрондук патенттин же болбосо тиешелүү программалык камсыздоого ээ мобилдик же башка түзүлүш аркылуу электрондук патентке түшүрүлгөн QR-кодду сканерден өткөрүү аркылуу электрондук патент формасындагы документтин аныктыгын текшерүүгө же патенттеги маалыматты Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системасы аркылуу текшерүүгө тийиш.»; 

-34-3-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34-3. Жөнөкөй электрондук кол тамга менен тастыкталган келишимдер боюнча обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредит көлөмү 100 000 сомдон (чет өлкө валютасы эквивалентинен), ал эми күчөтүлгөн электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 200 000 сомдон (чет өлкө валютасы эквивалентинен) ашпоого тийиш.»; 

- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого карата 1-тиркеменин 8-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Электрондук патентти сунуштаган учурда ишкердик ишти жүргүзгөн юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алуу фактысын тастыктоо максатында, электрондук патенттин көчүрмөсүн кагаз бетине басып чыгарып сунуштаса болот же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн банкка электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз бетине чыгарылган электрондук патенттин же болбосо тиешелүү программалык камсыздоого ээ мобилдик же башка түзүлүш аркылуу электрондук патентке түшүрүлгөн QR-кодду сканерден өткөрүү аркылуу электрондук патент формасындагы документтин аныктыгын текшерүүгө же патенттеги маалыматты Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системасы аркылуу текшерүүгө тийиш.». 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагыN 35\13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

 

- 29-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«29. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү белгиленген талаптарга шайкеш келүүсүн жана максатка ылайыктуулугун аныктоо, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө үчүн банк кардардан/өнөктөштөн төмөнкү документтерди кагаз түрүндө же электрондук формада талап кылууга тийиш:»; 

алтынчы абзац төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын: 

«Электрондук патентти сунуштаган учурда ишкердик ишти жүргүзгөн юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алуу фактысын тастыктоо максатында, электрондук патенттин көчүрмөсүн кагаз бетине басып чыгарып сунуштаса болот же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн банкка электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз бетине чыгарылган электрондук патенттин же болбосо тиешелүү программалык камсыздоого ээ мобилдик же башка түзүлүш аркылуу электрондук патентке түшүрүлгөн QR-кодду сканерден өткөрүү аркылуу электрондук патент формасындагы документтин аныктыгын текшерүүгө же патенттеги маалыматты Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системасы аркылуу текшерүүгө тийиш. 

Эскертүү: QR-код - мобилдик жабдуулар аныктап таануусу үчүн атайын түзүлгөн, өзүндө патент жөнүндө маалыматты камтыган матрицалуу код (эки өлчөмдүү штрих код);»; 

- 38-3-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жөнөкөй электрондук кол тамга менен тастыкталган келишимдер боюнча Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген кредиттер суммасы 100 000 сомдон (чет өлкө валютасы эквивалентинен) жана күчөтүлгөн электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 200 000 сомдон (чет өлкө валютасы эквивалентинен) ашпоого тийиш.»; 

“Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобого карата 1-тиркеменин 9-пункту төмөнкү маанидеги абзац менен толукталсын: 

«Электрондук патентти сунуштаган учурда ишкердик ишти жүргүзгөн юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алуу фактысын тастыктоо максатында, электрондук патенттин көчүрмөсүн кагаз бетине басып чыгарып сунуштаса болот же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн банкка электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз бетине чыгарылган электрондук патенттин же болбосо тиешелүү программалык камсыздоого ээ мобилдик же башка түзүлүш аркылуу электрондук патентке түшүрүлгөн QR-кодду сканерден өткөрүү аркылуу электрондук патент формасындагы документтин аныктыгын текшерүүгө же патенттеги маалыматты Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системасы аркылуу текшерүүгө тийиш.». 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК ЭСКЕРТҮҮ 

 

Документтерди электрондук түрдө кабыл алуу боюнча ченемдик талаптарды тактоо жагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө 

 

1. Кийлигишүүсүнүн көйгөйлөрү жана негиздери 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын (мындан ары - Мамлекеттик салык кызматы), Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - КР СФ) маалыматтык тутумдарын модернизациялоонун алкагында, коммерциялык банктар тарабынан кардарлардан маалыматтар менен маалымкат жана башка документтерди алууга байланыштуу талаптарды банктык кызматтарды электрондук түрдө көрсөтүү аткаруу мүмкүн болду. 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталган талаптарда коммерциялык банктар үчүн кардардын тейлөө жөндөмдүүлүгүн текшерүүнүн айрым жол-жоболорун жүргүзүү үчүн электрондук түрдө маалымат алуу бөлүгүндө тактоолор жоктугун эске алуу менен, салык каттоосунун фактысы, ошондой эле насыяларды берүүдө жана эсептерди ачууда башка ченемдик талаптардын аткарылышы, ушундай шарттарды жүзөгө ашыруу аралыктан иштетүү кыйынга турушу мүмкүн. Электрондук документтерди колдонуу менен банктык операцияларды жүргүзүү талаптарын жана түшүнүгүн түшүнүү үчүн Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болуп калат. 

 

«КӨЙГӨЛӨР ДАРАГЫ» 

№1 Көйгөйү 

 

 

 

 

 

 

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук талаптарын тактоо талап кылынат. 

Коомдук кеңешмелердин жүрүшүндө банктык сектордун өкүлдөрүнөн төрт сунуш келип түшкөн. Сунуштардын көпчүлүгүндө көйгөйдүн жана сунуш кылынган регулятивдик өзгөртүүлөрдүн чегинде максаттын көрсөтүлүшү туура баяндалышы жөнүндө ой-пикирлер камтылган. Ошондой эле, сектордун өкүлдөрүнөн келген сунушуна ылайык аралыктан тейлөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана санариптештирүү жаатында жөнгө салуу негизин оңдоону талап кылат. Өзгөртүүлөрдүн мүнөзүн жана санын эске алуу менен, ушул сунушту деталдуу кароо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын стратегиялык программаларынын иш-чараларын жүзөгө ашыруунун алкагында жүргүзүлөт. 

Ошондой эле, коомдук консультациялардын чегинде, аралыктаны тейлөө каналдары аркылуу банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн колдонуудагы ченемдик укуктук актыларда белгиленген сандык көрсөткүчтөрдү кайра карап чыгуу боюнча сунуштар келип түштү. Бул сунуш ченемдик укуктук актынын долбоорунда эске алынган. Бул көрсөткүчтөрдүн негиздемеси жана көлөмү мүмкүн болгон тобокелдиктерди эске алуу менен сектордун өкүлдөрү менен коомдук талкуу убагында макулдашылат. 

Жалпысынан коомдук консультациялардын катышуучулары сунушталып жаткан өзгөртүүлөр өлкөдө онлайн насыялоону кеңейтүүнүн жана насыялоонун наркынын белгилүү бир төмөндөшүнүн фактору катары кызмат кыла тургандыгын белгилешти, бул банк кызматтарынын акыркы керектөөчүсүнүн пайыздык чендерине жакшы таасир этиши мүмкүн. 

Ошондой эле, учурда эпидемиологиялык кырдаал жарандардын кыймылына жана байланыштарына атайын талаптарды колдонууну аныктап жаткандыгын эске алуу зарыл. Буга ылайык, кардарларды тейлөөнү алыстан тейлөө каналдарына өткөрүү чараларын көрүү керек. 

Белгилей кетүүчү нерсе, аныкталбаган электрондук капчыктар үчүн кызмат көрсөтүүгө уруксат берген ченемдик укуктук актылардын талаптары 2020-жылдын 1-октябрынан тартып жараксыз болуп калгандыгын таанууга ылайык, каржы уюмдарынын кызматтары кардарларга идентификациялоо жана текшерүү менен жекелештирилген тартипте сунушталат. Аралыктан идентификациялоо жана текшерүү үчүн өзүнүн тобокелдиктерди чектөө тутуму иштейт. 

Аралыктан тейлөө каналдарында белгисиз кардарлардын жоктугу жана кардарды баалоо үчүн документтерди, анын ичинде анын төлөө жөндөмдүүлүгүн электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгү, ушул каналдар аркылуу каржылоо чектерин жогорулатууга негиз берет. Буга чейин, Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы №2019-П-12/32-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык, мүмкүн болгон укуктук жана операциялык тобокелдиктерди эске алуу менен, аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген насыялардын суммалары, тиешелүүлүгүнө жараша жөнөкөй жана өркүндөтүлгөн электрондук колтамга менен түзүлгөн келишимдер боюнча, 15000 жана 150 000 сомго чейин чектелген. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук талаптарын тактоо кардарларды тейлөөнүн аралыктагы формаларын өнүктүрүүгө кошумча стимул түрүндө, өзгөчө алыскы кызмат көрсөтүү каналдары аркылуу каржылоо жагынан таасир этиши мүмкүн. Электрондук кол тамга менен түзүлгөн келишимдер боюнча алыскы тейлөө каналдары аркылуу насыялоонун натыйжалары боюнча жүргүзүлгөн талдоонун каржылоонун уруксат берилген көлөмүнүн (15000 жана 150 000 сом) чектелгендигине байланыштуу банк секторунун бул механизмдерди ишке ашырууда жигердүүлүгүнүн төмөндүгүн көрсөтөт. Механизм Кыргыз Республикасынын беш коммерциялык банкында гана сунушталат. Насыя портфелинин көлөмү минималдуу (3-68 млн сом). 

Ошондой эле, ушул ишке ашыруу вариантын коммерциялык банктардын жеке кардарларды тейлөө үчүн операциялык чыгымдарын азайтууга тийгизген таасирин белгилей кетүү керек. 

Жогоруда айтылгандардын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020-жыл - Региондорду өнүктүрүү, өлкөнүн санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы №20-р «Санариптик трансформация Концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасы» буйругундагы иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы №2019-П-12/56-2-(БС) «Кыргыз Республикасынын банк кызматтарын санариптик трансформациялоонун 2020-2021-жылдарга карата негизги багыттары» токтомун аткаруу максатында документтерди электрондук түрдө кабыл алуу боюнча ченемдик талаптарды тактоо жагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун долбоору (мындан ары - Долбоор) иштелип чыккан. 

Эл аралык тажрыйба: Россия Федерациясынын кредиттик мекемелери бөлүмдөрдөн кардарлар жөнүндө маалыматтарды (салык жана пенсиялык төгүмдөр боюнча) сурап алууга укуктуу. Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы 15-августунун № 1472-р буйругуна ылайык, Россиянын Федералдык Салык кызматынын жеке адамдардын кирешелери жөнүндө, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр тарабынан жеке жактардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө маалыматы «мамлекеттин бирдиктүү порталы» федералдык мамлекеттик маалымат тутумунун жардамы менен берилиши мүмкүн жана муниципалдык кызматтар (функциялар) жарандын макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Ошондуктан, кредиттик мекемелер кардардын макулдугун алышы керек. Ошентип, эми милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу тутумундагы камсыздандырылган адамдын жеке жеке эсебинин абалы жөнүндө көчүрмө берилет. 

Кардардын макулдугусуз, документтин индексине шилтеме берүү мыйзамдуулугун өзү текшерүүгө болот (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан берилген электрондук патенттин QR кодун сканерлөө чечимине окшош).  

Россиянын Пенсиялык Фондусунан (РПФ) көчүрмө боюнча маалыматтарга жеткиликтүүлүктү алуунун мисалы: мындай учурда, карыз алуучу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн порталында каттоодон өтүшү керек. Кардар фамилиясын, атын жана атасынын атын, паспорттун номерин жана СНИЛСти көрсөтөт, банк ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталына портал аны идентификациялайт жана каттоо учурунда көрсөтүлгөн телефонго кардар смс билдирүү алат. Жооп смс-билдирүүсүндө, насыя алуучу банк тарабынан ФБУдан маалыматтарды алууга макул болот, мындай билдирүү жөнөкөй электрондук кол тамга деп эсептелет. Насыя алуучуга мамлекеттик кызматтардын сайтына кирүүнүн кажети жок. Ушул сыяктуу коммерциялык банктар менен өз ара аракеттенүү схемасы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда да ишке ашырылган. 

Мындан тышкары, Россия Федерациясынын Борбордук банкы бөлүмдөр менен (Федералдык салык кызматы, Федералдык бажы кызматы) маалымат алмашуу үчүн электрондук билдирүү форматтарын аныктады. 

 

2. Жөнгө салуу варианттары жана таасирди баалоо  

 

Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты 

Каралып жаткан маселени жөнгө салуунун максаты - Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларындагы айрым операцияларга карата талаптарды тактоо аркылуу калкты дистанциялык тейлөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү

Максатка жетүүдөгү прогрессти баалоонун негизги индикатору аралыктан тейлөө каналдары аркылуу насыялоо көрсөткүчү болот. 

 

«Өзгөртүүсүз калтыруу» жөнгө салуу варианты 

Бул чечим Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык коммерциялык банктардын талаптарды аткаруу максатында документтердин электрондук формаларын колдонуусуна, ошондой эле жарандык-укуктук мамилелердин субъектилери менен өз ара аракеттенүүнү жалпы уюштурууга расмий негиздердин жоктугун эске албаганда, учурдагы кырдаалга таасирин тийгизбейт. 

Эгерде учурдагы талаптар өзгөрүүсүз калса, анда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жеке талаптарды чечмелеп, коммерциялык банктарга түшүндүрмөлөрдү берүү зарыл. 

Бул контролдоо вариантынын аткарылышынын техникасын талдоо, бул вариантты техникалык көз караш менен ишке ашыруу жеңилирээк деп баалоого алып келет, бирок жогорудагы көйгөйлөрдү чече албайт. 

 

Жөнгө салуу варианты - Документтерди электрондук түрдө кабыл алуу боюнча ченемдик талаптарга түшүндүрмөлөрдү киргизүү 

Бул вариантты кабыл алынганда, андан ары ишке ашыруу механизми Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо менен электрондук документтерди кабыл алууну камсыз кылуу максатында документтерди кагаз жүзүндө же электрондук документ түрүндө берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан алынган документтер жөнүндө жалпы түшүндүрмөлөрдү киргизүүнү билдирет, жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле аралыкта кызмат көрсөтүү каналдары аркылуу каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү каралат. 

Бул вариантты жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук талаптарын тактоого жана электрондук түрдө банктык кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишине алып келет. 

 

3. Тандалган жөнгө салуу сунуштун негиздемеси 

 

«Документтерди электрондук түрдө кабыл алуу боюнча ченемдик талаптарга түшүндүрмөлөрдү киргизүү» варианты боюнча токтом долбоору төмөнкү негиздер боюнча кабыл алынууга сунуш кылынышы керек: 

- мамлекеттин жөнгө салуучу кийлигишүүсү негиздүү жана электрондук түрдө банктык кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишине алып келет; 

- рыноктун катышуучуларын аралыктан тейлөө каналдарын өнүктүрүүгө түрткү берүү

 

4. Күтүлүп жаткан экономикалык таасирин жана атаандаштыкка таасирин баалоо боюнча тиркеме 

 

Буга чейин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы №2019-П-12/32-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык, мүмкүн болгон укуктук жана операциялык тобокелдиктерди эске алуу менен, аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген насыялардын суммалары, тиешелүүлүгүнө жараша жөнөкөй жана күчөтүлгөн электрондук колтамга менен түзүлгөн келишимдер боюнча, 15 000 жана 150 000 сомго чейин чектелген. 

Электрондук кол тамга менен түзүлгөн келишимдер боюнча аралыктан тейлөө каналдары аркылуу насыялоонун натыйжалары боюнча жүргүзүлгөн талдоо каржылоонун уруксат берилген көлөмүнүн чектелгендигинен (15000 жана 150000 сом) банк тутумунун бул механизмдерди ишке ашырууда жигердүүлүгү төмөн экендигин көрсөтөт. Механизм Кыргыз Республикасынын беш коммерциялык банкында гана сунушталат. Насыя портфелинин суммасы минималдуу (3-68 млн. сом). Рыноктун катышуучулары ушул чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн жол берилген чектерин жогорулатуу өтүнүчтөрү бир нече жолу алынган. 

Кардарларды аралыктан тейлөө каналдары аркылуу каржылоо жаатында тармактын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн электрондук кол тамга менен түзүлгөн келишимдерге берилген насыялардын суммасынын чегин жогорулатуу сунушталууда. 

Өз ара аракеттенүүнүн мүнөзүн эске алуу менен, керектөө насыясынын чектеринде аралыктан каржылоо инструменттерин жеңилдетилген пайдалануу болжолдонууда. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, республикада орточо айлык эмгек акы акыркы мүмкүн болгон күнгө карата (орточо мааниси 2020-жылдын январь-август айлары) 17 942 сомду түздү. Маалымат жана байланыш тармагында тармактар боюнча орточо айлык эмгек акынын максималдуу мааниси көрсөтүлгөн 38 000 сом. Ошондой эле, Улуттук банктын 2020-жылдын сентябрь айында коммерциялык банктар тарабынан жаңы берилген керектөө насыялары боюнча статистикасынын алкагында орточо салмактанып алынган пайыздык чен 22,83 түзгөн. 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, банктар насыя алуучуга керектөө насыясын улуттук валютада бере алышат, эгерде ай сайын пландаштырылган насыялык төлөмдөрдүн (негизги жана пайыздык төлөмдөрдүн) насыя алуучунун орточо айлык дүң кирешесине карата катышы 50 пайыздан ашпаса. Демек, жогоруда көрсөтүлгөн шарттар менен эмгек акынын 50 пайызынан ашпаган сумманы жөнөтүүдө насыя төлөмдөрүн туруктуу жабуу үчүн насыянын максималдуу суммасы 95 000 сомду түзөт. Орточо айлык эмгек акынын максималдуу маанисине чейин эсептелген 200 000 сом. 

Белгилей кетүүчү жагдай, банк кардарларын филиалдарында жеке жолугушуусу учурунда тейлөө жана аралыктан тейлөө каналдары аркылуу кабыл алган документтерине талаптары бирдей. Ошол эле учурда документтерди сактоо мөөнөтү, документин сактоо түрү боюнча (кагаз, магниттик, электрондук ж.б.) айрымаланбай, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 2004-жылдын 27-августундагы №22/9 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын иш-аракеттеринде түзүлгөн негизги документтердин Тизмесине ылайык бирдей жол менен белгиленет. Ошол эле учурда, аталган Тизмеде белгиленген сактоо шарттарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик финансылык кредиттик мекемелердин жетекчилерине жүктөлөт. 

Статистикалык маалыматтарга ылайык, коммерциялык банктардын 100 000 сомго чейинки насыялар боюнча кредит портфели 7 831 210 миң сомду түзгөн. Классификацияланган насыялардын үлүшү 2020-жылдын 1-сентябрына карата 505,695 миң сомду түздү, бул 100 000 сомго чейинки насыялар боюнча банк тутумунун кредит портфелинин 6,46% түзөт. Ошол эле учурда, реструктуризацияланган насыялардын үлүшү 2020-жылдын 1-сентябрына карата 100 000 сомго чейин реструктуризацияланган насыяларды кошо алганда, бардык берилген кредиттер боюнча банк тутумунун жалпы кредит портфелинин 41,88% түздү. Бул көрсөткүч жыл башынан бери 36,42% га өстү, бул пандемияга байланыштуу өлкөдөгү кырдаалдын таасирин чагылдырат. 200 000 сомго чейин берилген коммерциялык банктардын насыялары боюнча насыя портфели 16 573 704 миң сомду түзгөн. Классификацияланган насыялардын үлүшү 2020-жылдын 1-сентябрына карата кредит портфелинин 6% түздү

Ушуга байланыштуу, аралыктан тейлөө каналдары аркылуу массалык түрдө кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн ошондой эле 100 000 жана 200 000 сомго чейин берилген насыялар боюнча классификацияланган насыялардын (насыя алуучулардын дисциплинасы) үлүшүндөгү терс өзгөрүүлөрдүн потенциалын эске алуу зарыл. 

Калкты ашыкча насыялоону жана банктардын насыя портфелинин начарлашын алдын алуу максатында, ошондой эле юридикалык жана операциялык тобокелдиктерди эске алуу менен, аралыктан тейлөө канал аркылуу коопсуздугу төмөн инструменттер үчүн, анан ичинде жөнөкөй электрондук колтамганы колдонуу менен 100 000 сом (чет өлкөлүк валютадагы эквивалент), жана күчөтүлгөн электрондук колтамга менен түзүлгөн келишимдер боюнча 200 000 сом (чет өлкө валютасында эквиваленттүү) чектөө сунушталууда. 

Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучулардын мүмкүн болушунча кеңири чөйрөсүнө чейин иштеп чыгуу жана кеңейтүү үчүн технологияны колдонуу атаандаштыкка жөндөмдүү жана инновациялык каржы секторун өнүктүрүүгө жана каржы тутумунун бүтүндүгүн камсыз кылууга тийиш.