Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Форс-мажордук кырдаал орун алган мезгил аралыгында коммерциялык банктардын чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү жана алуу боюнча иш тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

 

 

1. Максаты жана милдети:  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) «Форс-мажордук кырдаал орун алган мезгил аралыгында коммерциялык банктардын чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү жана алуу боюнча иш тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары Жобонун долбоору) иштеп чыкты.  

Жобонун долбоору өлкөдө форс-мажордук кырдаал башталган мезгилде Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.  

Көрсөтүлгөн максатка жетүүнүн негизги милдети банк секторунун финансылык ресурстарын сактоо жана өлкөдө форс-мажордук кырдал келип чыккан мезгилде финансылык ресурстардын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары мыйзамсыз агылып чыгуусун же чыгарып кетүүнү алдын алуу. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Улуттук банк өлкө тарабынан эл аралык милдеттенмелерди аткаруусу жана Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун коргоо максатында акча каражаттарын жана капиталдарды которууну чектөөгө, ошондой эле маалыматтык коопсуздук боюнча талаптарды белгилөөгө укуктуу.  

Ушуга байланыштуу, өлкөнүн экономикалык коопсуздугуна тиешелүү тобокелдиктер келип чыккан шартта, Улуттук банк финансылык ресурстардын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары мыйзамсыз агылып чыгуусун же чыгарып кетүүнү болтурбоо үчүн зарыл механизмдерди караштырууга укуктуу. 

Колдонуудагы инфраструктуранын жана каналдардын, анын ичинде чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөр менен алмашуу үчүн каралган SWIFT системасынын форс-мажордук кырдаал жаралган шартта мыйзамсыз колдонулушун четтетүү үчүн, жогоруда аталган мыйзам ченемдеринин негизинде Жобонун аталган долбоору иштелип чыкты.  

Сунушталган Жобонун долбоору өлкөдө форс-мажордук кырдаал жаралган учурларда SWIFT системасы жана/же башка альтернативдүү каналдар боюнча чек ара аркылуу өтүүчү билдирүүлөрдү жөнөтүү жана алуу боюнча Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына (мындан ары банктар) коюлган талаптарды белгилейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү/алуу боюнча банктардын ишине чектөөлөрдү киргизүү боюнча чечимдерди кабыл ала турган шарттарды жана жагдайларды аныктайт. 

Жобонун долбоорунда өлкөдө форс-мажордук кырдаал орун алган учурларда Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын банктары менен бирге болгон иш-аракеттеринин тартиби, ошондой эле чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү алуу/жөнөтүү боюнча каналдар жана системалар менен түздөн-түз иштеген персоналдын коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптар камтылат.  

Кыргыз Республикасында банктар ар кыл каналдар жана системалар аркылуу чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөр менен алмашууну жүзөгө ашырат (SWIFT, «банк-кардар», «Е-кардар» сервистери ж.б.). Мында, бардык чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдүн негизги агымы SWIFT системасына туура келет, орточо алганда бул бардык агымдын 90%дан ашыгын түзөт.  

Ошондуктан чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөр менен алмашуу үчүн каналдар арасында өлкөдө форс-мажордук кырдаал жаралган учурларда SWIFT системасына карата өзгөчө көңүл буруу талап кылынат.  

Өлкөдө форс-мажордук кырдаал жаралган учурларда чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү алуу/жөнөтүү боюнча банктардын ишин өзгөчө жөнгө салуу тартибинин жоктугу банк секторуна терс таасир бере турган натыйжаларга алып келиши мүмкүн, бул өлкөнүн жалпы финансылык туруктуулук абалына жана экономикалык коопсуздугуна таасирин тийгизет. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Аталган Жобонун долбоорун кабыл алуу социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.  

 

 4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат  

Жобонун долбоору боюнча материалдар Улуттук банктын расмий сайтында  коомдук талкууга коюлат

Коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча Жобонун долбоору эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен жеткире иштелип чыгат.  

 

 5. Мыйзамдарга долбоордун ылайык келүүсүн талдап-иликтөө  

Жобонун сунушталган долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине каршы келбейт.  

 

 6. Каржылоонун зарылчылыгы жөнүндө маалымат  

Жобонун көрсөтүлгөн долбоорунун ченемин ишке ашыруу кошумча финансылык чыгымга алып келбейт.  

 

 7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү жөнүндө маалымат (АРВ)  

Жобонун долбоору финансылык ресурстардын мыйзамсыз Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары агылып чыгуусун жана чыгарып кетүүнү алдын алуу боюнча милдеттерди чечүү аркылуу өлкөдө экономикалык коопсуздукту жана финансылык туруктуулукту камсыз кылуу максатында, форс-мажордук кырдаал шартында орун алган учурларда чараларды көрүүгө багытталган. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамынын 38-беренесинин 2-пунктуна ылайык Улуттук банк өлкө тарабынан эл аралык милдеттенмелерди аткаруусу жана Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун коргоо максатында акча каражаттарын жана капиталдарды которууну чектөөгө укуктуу, ушул пунктка ылайык Жобонун долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн эмес.   

 

 

ДОЛБООР 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк 

Башкармасынын  

2021-ж._____-___________  

№______________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Форс-мажордук кырдаал орун алган  мезгил аралыгында  коммерциялык банктардын чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү жана алуу боюнча иш тартиби жөнүндө 

ЖОБО  

 

1-глава. Жалпы жоболор 

  

1. Бул Жобо, өлкөдө форс-мажордук кырдаал орун алган мезгил аралыгында финансылык активдердин сакталышын камсыздоо үчүн чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү жана алуу боюнча коммерциялык банктардын (мындан ары - банктар) ишине Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан чектөө чараларын киргизүү шарттарын жана тартибин аныктайт. 

2. Улуттук банк финансылык активдердин сакталышын камсыздоо, банк тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында, өзүнчө административдик-аймактык бирдиги же Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү жана/же алуу боюнча чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу. 

3. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:  

Форс-мажордук кырдаал мамлекеттик органдардын жана чарба жүргүзүүчү субьектилердин иштөө режимине түздөн-түз коркунуч келтирген факторлордун (массалык башаламандык, куралдуу козголоӊ, террористтик чабуул жана адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук көрсөтүүгө байланыштуу башка кырдаалдар) жыйындысы. 

Финансылык билдирүүлөр финансылык операцияларды ишке ашыруу үчүн финансылык маалыматты камтыган электрондук билдирүүлөр. 

4. Улуттук банк тарабынан чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү алмашууга чектөө чараларын киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, банктар финансылык билдирүүлөр менен алмашуу үчүн колдонулуп жаткан каналга карабастан (SWIFT, банк-кардар, телекс, факс ж.б.), Улуттук банктын чечиминде көрсөтүлгөн талаптарды жана чектөө чараларын аткарууга милдеттүү

  

2-глава. Форс-мажордук кырдаалдарда чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү жана/же алуу үчүн системалардын жана персоналдын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар  

  

5. Чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөр менен алмашуу каналдарын пайдалануучу банктарда жана/же алардын түзүмдүк бөлүктөрүндө, форс-мажордук кырдаал жаралган учурларга карата тиешелүү аппараттык-программалык комплекстерди пайдалангандыгы жана коштоп жүрүүгө жооптуу персоналдын жана жабдуунун коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралар каралууга тийиш. 

6. Банктар чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөр менен алмашуу системаларынын инфраструктурасынын, форс-мажордук кырдаал орун алган мезгил аралыгында аталган системалар менен өз ара иш алып барууга жооптуу персоналдын жана терминалдардын (жумушчу станциялардын) коопсуздугун камсыздоого багытталган ченемдерди колдонуудагы ички ченемдик документтеринде караштырууга тийиш.  

7. Банктарда форс-мажордук кырдаал жаралып чектөөлөр киргизилген учурларда чек ара аркылуу өтүүчү билдирүүлөрдү жөнөтүү жана/же алуу жана аппараттык-программалык комплекстерди коштоо ишине тартылган персоналдын аракеттеринин тартиби каралууга тийиш. 

8. Чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүүгө жана/же алууга жооптуу банктардын персоналы, форс-мажордук кырдаал жаралып чектөөлөр киргизилген учурларда иш тартиби менен таанышып чыгууга тийиш. 

9. Колдонуучулардын коопсуздук программасына (CSP Customer Security Programm) ылайык, санкциясыз кирип кетүүлөрдү (жеткиликтүү болууну) болтурбоо максатында, SWIFT терминалдары (жумушчу станциялар) турган жайлардагы, ошондой эле SWIFT инфраструктурасынын жабдууларындагы көрсөткүчтөрдө «SWIFT», «СВИФТ», «свифт» ярлыктарын, жазууларын колдонууну алып салуу зарыл.  

10. Банктар форс-мажордук кырдаалдар башталган учурларга карата иштөө режими жана иштөө графиги жөнүндө кардарларга расмий интернет-сайттарда, ошондой эле социалдык тармактарда билдирүү жана кардарлар үчүн электрондук маалымат таратууларды жөнөтүү боюнча иш-аракеттер тартибин караштыруу зарыл. 

  

3-глава. Форс-мажордук кырдаал орун алган учурларда чек ара аркылуу финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү жана/же алуу боюнча чектөөлөрдү киргизүү тартиби 

 § 1. Чек ара аркылуу финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү жана/же алуу боюнча чектөөлөрдү киргизүү шарттары 

 

11. Улуттук банк, өлкөдө форс-мажордук кырдаалдар орун алган учурларда, (жагдайга мониторинг жүргүзүүнүн жана финансылык активдердин, маалыматтын сакталышын, банктын кардарларынын жана башка кредиторлорунун аманаттарын коргоо үчүн тобокелдиктерди аныктоонун, банк тутумунун коопсуздугуна жана туруктуулугуна коркунуч келтирүүлөрдү аныктоонун жыйынтыгы боюнча), Кыргыз Республикасынын аймагында чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү толугу менен токтотууну кошо алганда, кырдаал туруктуу абалга келгенге чейин чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү жөнөтүү жана/же алуу боюнча чектөөлөрдү киргизүү чечимин кабыл алууга укуктуу. 

12. Чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү алуу жана/же жөнөтүү боюнча банктарга коюлган чектөө чаралары төмөнкү учурларда кабыл алынышы мүмкүн: 

форс-мажордук кырдаал орун алган учурларда Бишкек шаарынын аймагында, Кыргыз Республикасынын өзүнчө обочолонгон же бүткүл аймагында өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режимин киргизүү

Бишкек шаарынын аймагында, Кыргыз Республикасынын өзүнчө бөлүгүндө же бүткүл аймагында өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режимин киргизүүнү жарыялоосуз форс-мажордук кырдаал жаралган учурда. 

13. Форс-мажордук кырдаал жаралган учурда, Улуттук банк жалпыга белгилүү фактылардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган басылмалардын негизинде, чек ара аркылуу өтүүчү билдирүүлөрдү жөнөтүү жана/же алуу боюнча банктарга карата чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. 

 

 § 2. Чектөөлөрдү киргизүү тартиби  

 

14. Чек ара аркылуу финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү жана/же алуу боюнча чектөөлөрдү киргизүү тууралуу чечим Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алат. 

15. Улуттук банк Башкармасы учурдагы жагдайды эске алуу менен чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүүнү жана/же алууну толугу менен токтото турууга же чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү алуу жана/же жөнөтүү боюнча чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу, атап айтканда: 

-  банк андан жогорку суммадагы төлөмдөрдү/операцияларды жүргүзүүгө укуксуз болгон суммалар боюнча максималдуу өлчөмдөрдү белгилөөгө;  

-  чек ара аркылуу өтүүчү операцияларды/төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча убакытты чектөөгө

- чек ара аркылуу өтүүчү операцияларды/төлөмдөрдү алардын түрлөрү боюнча чектөөгө

- жана башка. 

16. Чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү жана/ же алуу боюнча чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө чечимде аталган чектөө ишке киргизилген учурдан тартып, күнү жана убактысы көрсөтүлөт. 

17. Чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү жана/ же алуу боюнча чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө чечим Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү тарабынан колдонуудагы байланыш каналдары боюнча ыкчам түрдө бардык банктарга жеткирилет. 

18. Улуттук банктын СВИФТ сервис бюросу аркылуу SWIFT системасына туташкан банктар үчүн SWIFT системасына тиешелүү иштерге чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө чечимди Улуттук банктын СВИФТ сервис бюросу аткарат. 

19. SWIFT системасына түз туташкан же башка мамлекеттердин аймактарында жайгашкан SWIFT сервис бюролоруна туташууга ээ болгон банктар, ошондой эле чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү/алуу боюнча башка каналдарды пайдаланган банктар чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү жана/же алуу боюнча чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдерди белгиленген мөөнөттө өз алдынча аткарылышын камсыздоосу зарыл. 

20. Банктардын Башкармасы жана Директорлор кеңеши чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү жана/же алуу боюнча чектөөлөрдү киргизүү чечимдеринин өз убагында аткарылышына жана контролго алынышына толук жоопкерчилик тартышат.  

21. Чектөөлөр киргизилген учурда банктар өз кардарларына билдирүүгө жана чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү/алууга байланыштуу бардык маселелер боюнча талаптагыдай консультациялык кызмат көрсөтүүгө, ошондой эле call-борборлордун, интернет-сайттардын, онлайн сервистердин, социалдык тармактардагы баракчалардын үзгүлтүксүз ишин камсыздоого, ошондой эле алардын ишин форс-мажордук кырдаал шартына оптималдаштырууга тийиш.  

22. Улуттук банк Башкармасынын чечимдерин банктар аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, аларга таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн. 

 

4-глава. Корутунду жоболор 

 

23. Чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү жана/же алуу боюнча чектөөлөр Улуттук банк Башкармасынын чечими алынат менен же чектөөлөрдү киргизүү мөөнөтү аяктаган учурда алынып салынат. 

24. Чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү жана/же алуу боюнча чектөө режимин алып салуу жана/же ишти кайра жандандыруу жөнүндө чечимде банктар үчүн белгиленген иштөө режими жана аталган өзгөртүүлөр күчүнө кирген айкын күнү менен убактысы көрсөтүлөт. 

25. Чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү жана/же алуу боюнча чектөөлөрдү киргизүү же алып салуу тууралуу бардык чечимдер Улуттук банктын расмий интернет-сайтында үч тилде (кыргыз, орус, англис) жарыяланат.