Кайта келүү

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын «__»__________ ____ 

токтому менен бекитилген 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп - операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жободо (мындан ары Жобо), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары менен (мындан ары - Катышуучу) валюталык своп - операцияларды Улуттук банктын автоматташтырылган тоорук системасы (мындан ары АТС) аркылуу ишке ашыруу тартиби аныкталган.  

2. Улуттук банк валюталык своп - операцияларын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 4, 5 жана 34-статьяларына ылайык жүзөгө ашырат

3. Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасынын иштөө жөнүндөгү жобо (мындан ары АТС жөнүндөгү жобо) менен бекитилген шарттар жана эрежелер ушул Жобого таасир этет

4. Улуттук банк валюталык своп - операциялардын төмөнкү түрлөрүн ишке ашырат

· Тике

· Кайтарым

5. Улуттук банк валюталык своп - операцияларын аукциондук негизде ишке ашырат, ошондой эле Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча валюталык своп - операциялар катталган пайыздык чен боюнча да ишке ашырылышы мүмкүн.  

6. Валюталык своп - операциялары, банк тутумун улуттук валютадагы ликвиддүүлүк менен камсыз кылуу (тике своп) же банк тутумуна үстөк ликвиддүүлүктү алып салуу (кайтарым своп) максатында ишке ашырылат.  

7. Ушул Жобонун 16-пунктунун талаптарына жооп берген коммерциялык банктар валюталык своп - операцияларынын Катышуучулары болуп саналышат.  

8. Катышуучунун Улуттук банк менен валюталык своп - операциялары боюнча өз ара мамилеси ушул Жобо жана ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык, Улуттук банк менен Катышуучу ортосунда валюталык своп - операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө эки тараптуу Келишимге ылайык (мындан ары-Келишим) жөнгө салынат.  

2. АНЫКТАМАЛАР ЖАНА АТООЛОР  

Төмөнкүдөй көрсөтүлгөн аныктамалар жана атоолордон бөлөк, АТС жөнүндөгү жобо менен аныкталган аныктамалар жана атоолор таасир этет

9. Валюталык своп - операция негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды алдын ала макулдашылган мөөнөттө кайрадан алмашуу милдеттенмеси менен чет өлкө валютасын улуттук валютанын эквивалентүү суммасына алмашуу боюнча операция

10. Алмашуу валютасы - валюталык своп - операция боюнча актив катары колдонулган чет өлкө валютасы

11. Валюталык своп - операцияларды ишке ашыруу күнү валюталык своп - операциялардын натыйжалары кабыл алынган, иштелип чыккан жана жарыяланган, валюталык своп - операцияларынын параметрлеринде Улуттук банк тарабынан жарыяланган күн.  

12. Валюталык своп - операциялардын аткарылган күнү акча каражаттарынын айкын жылышы жүргөн, валюталык своп - операцияларынын параметрлеринде Улуттук банк тарабынан жарыяланган күн.  

13. Валюталык своп - операциялардын аяктоо күнү бул негизги сумманы кайтарып берүү жана валюталык своп-операциялар боюнча пайыздар чегерилген Улуттук банктын жана Катышуучунун тиешелүү эсебине акча каражаттарынын эсептен алып салуу/чегерүү аркылуу валюталык своп - операцияларынын параметрлеринде Улуттук банк тарабынан жарыяланган күн.  

14. Кайтарым своп Улуттук банк тарабынан Катышуучуга келечекте белгиленген күнү, алдын ала макулдашылган баа боюнча кайтара сатып алуу милдеттенмеси менен чет өлкө валютасын улуттук валютадагы эквиваленттүү суммага алмаштыруу боюнча операциясы.  

15. Тике своп - Улуттук банк тарабынан Катышуучуга келечекте белгиленген күнү, алдын ала макулдашылган баа боюнча кайтара сатып алуу милдеттенмеси менен улуттук валютаны чет өлкө валютасына эквиваленттүү суммага алмаштыруу боюнча операциясы.  

3. ВАЛЮТАЛЫК СВОП - ОПЕРАЦИЯЛАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ЖАЛПЫ ШАРТТАРЫ 

16. Валюталык своп операцияларына катышууга мүмкүндүк алыш үчүн, Катышуучу Улуттук банкка кат түрүндө кайрылуу жиберип, төмөнкү талаптарга жооп бериш керек

· Улуттук банктын улуттук валютада банктык операцияларын чектөөсүз ишке ашырууга лицензиясы болсо

· Улуттук банктын чет өлкө валютасында банктык операцияларын чектөөсүз ишке ашырууга лицензиясы болсо

· Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсеби болсо

· Чет өлкө валютасында корреспонденттик эсеби болсо

· Улуттук банк менен түзүлгөн Келишими болсо

· Кыргыз Республикасынын «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө» мыйзамында каралган процесстерди (консервациялоо, санациялоо, реабилитациялоо, өз эрки менен жана мажбурлап жоюу, түзүмүн өзгөртүү жана кайра өзгөртүп түзүү) жана/же жол-жоболорду башынан кечирип турбаса

Кыргыз Республикасынын «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө» мыйзамында каралган процесстерге жана/же жол-жоболорго кабылбаган Катышуучуларга, Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө чечими боюнча валюталык своп - операцияларды катышуу үчүн уруксат берилиши мүмкүн

17. Валюталык своп - операцияларына катышуу үчүн негиз болуп, кол коюлган Келишим жана валюталык своп - операциясына катышууга тиешелүү негизде тариздетилген жана АТС аркылуу берилген билдирме саналат

18. Улуттук банктын Акча-кредиттик кредит жөнгө салуу комитети төмөнкүдөй шарттарды аныктайт

· Валюталык своп - операцияларынын түрлөрүн:  

- тике же кайтарым;  

· Параметрлерин:  

- валюталык своп - операцияларынын мөөнөттөрүн

- валюталык своп - операциялары боюнча акча каражаттарынын жалпы көлөмүн

- алмашуу валютасын

- тике валюталык своп - операциялары учурунда улуттук валюта боюнча минималдуу пайыздык ченди

- кайтарым валюталык своп - операциялары учурунда улуттук валюта боюнча максималдуу пайыздык ченди

- тике/кайтарым валюталык своп - операциялары шартында улуттук валюта боюнча катталган пайыздык ченди

- тике/кайтарым валюталык своп - операциялары шартында чет өлкө валютасы боюнча пайыздык ченди

19. Ушул жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн валюталык своп - операцияларын жүзөгө ашыруу шарттары, Улуттук банк тарабынан АТСтин каражаттары жана өзүнүн веб-сайтында маалыматтык билдирүүлөрдү жайгаштыруу аркылуу жарыяланат.  

20. Ишке ашырылган валюталык своп - операцияларынын натыйжалары АТСке маалым болуп, ошондой эле веб-сайтына статистикалык маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу Улуттук банк тарабынан кулактандырылат

21. Билдирмелер, Улуттук банк тарабынан жарыяланган валюталык своп - операцияларынын шарттарын канааттандырууга тийиш

22. Улуттук банк тарабынан жарыяланган валюталык своп - операциялардын шарттарына ылайык келбеген билдирмелер, АТСте четке кагылат

23. АТСке билдирмелерди кабыл алуу башталган учур менен аяктаган убакыт ортосунда Катышуучу билдирмеге өзгөртүү киргизип же аны кайтарып алууга укуктуу.  

24. Валюталык своп - операциялары боюнча билдирмелерди АТСке кабыл алуу убактысы аяктаган учурда, Катышуучулар билдирмелерди бере алышпайт/өзгөртө алышпайт. Билдирмелер кайтарылып алынгыс болуп эсептелинет.  

25. Улуттук банк билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылат.  

26. Валюталык своп - операциялары боюнча пайыздарды чегерүү мөөнөтү календардык күндөрдө туюндурулган убакыт аралыгы катары аныкталып, улуттук/чет өлкө валюталарындагы акча каражаттарын эсептен алып салынган/чегерилгенден кийинки күндөн тартып улуттук /чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын кайтара чегерген/эсептен алып салган күнгө чейин эсептелинет.  

27. Эгерде, аткаруу/аяктоо күнү Кыргыз Республикасында жана банк корреспонденттер жайгашкан өлкөдө жумуш эмес күнгө туура келип калса, анда валюталык своп - операциялары кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. Мында, валюталык своп - операциясынын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасы жана чегерилген пайыздар кайрадан эсептелинбейт.  

28. Акча каражаттарын алгачкы жана кайрадан алмашуу үчүн валюталык своп - операцияларын жүргүзүүдө, валюталык своп - операцияларына келишилген күнү колдонулуп жаткан, Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курска барабар болгон алмашуу курсу колдонулат.  

29. Улуттук валютадагы акча каражаттарын чегерүү жана эсептен алып салуу Катышуучулардын корреспонденттик эсептери жана Улуттук банктын тиешелүү эсеби боюнча АТС аркылуу ишке ашырылат.  

30. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын тиешелүү эсептерге чегерүү жана эсептен алып салуу, Катышуучулар жана Улуттук банк тарабынан өз алдынча ишке ашырылат.  

31. Валюталык своп - операцияларын мөөнөтүнөн мурда аяктоого жана узартууга жол берилбейт

32. Валюталык своп - операциялары, ага экиден аз Катышуучу катышкан шартта, Улуттук банк тарабынан өткөрүлбөгөн катары таанылышы мүмкүн

33. Валюталык своп операцияларын өткөзүү регламенти АТС жөнүндөгү жобо менен аныкталат

34. Валюталык своп операцияларын эсеп жүргүзүү тартиби ушул Жобо жана АТС жөнүндөгү жобо менен аныкталат

4. ВАЛЮТАЛЫК СВОП - ОПЕРАЦИЯЛАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ 

35. Тике валюталык своп - операция

· Катышуучу валюталык своп - операциянын ар бир мөөнөттүүлүгү боюнча 5 (бештен) ашпаган билдирме бере алат. 5 (бештен) көбүрөөк билдирме берилген учурда Катышуучунун кийинки билдирмелери четке кагылат жана кабыл алынбайт

· Билдирмелер лотторго бөлүнбөйт жана Улуттук банк тарабынан жарыяланган көлөмгө барабар болууга тийиш

· Билдирмелердеги акча каражаттардын жалпы көлөмү Улуттук банк тарабынан жарыяланган көлөмдөн ашпоого тийиш

· Валюталык своп - операцияга Улуттук банк жарыялаган улуттук валюта боюнча минималдуу пайыздык ченден жогорку пайыздык чендер же ага барабар чендер менен билдирмелерге жол берилет.  

· Тике валюталык своп - операция учурунда биринчи кезекте, эң жогорку пайыздык чендерди (Улуттук банк жарыялаган улуттук валюта боюнча минималдуу пайыздык чендер жогоруну) сунуштаган Катышуучулардын билдирмелери канааттандырылат. Ошентип, билдирмелерди канааттандыруу улуттук валютадагы эң чоң пайыздык ченди сунуштагандар боюнча ишке ашырылып, андан ары Улуттук банктын минималдуу пайыздык ченине чейин кемүү тартибинде жүргүзүлөт

36. Кайтарым валюталык своп - операция

· Катышуучу валюталык своп - операциянын ар бир мөөнөттүүлүгү боюнча 5 (бештен) ашпаган билдирме бере алат. 5 (бештен) көбүрөөк билдирме берилген учурда Катышуучунун кийинки билдирмелери четке кагылат жана кабыл алынбайт

· Билдирмелер лотторго бөлүнбөйт жана Улуттук банк тарабынан жарыяланган көлөмгө барабар болууга тийиш

· Билдирмелердеги акча каражаттардын жалпы көлөмү Улуттук банк тарабынан жарыяланган көлөмдөн ашпоого тийиш

· Валюталык своп - операцияга Улуттук банк жарыялаган улуттук валюта боюнча максималдуу пайыздык ченден төмөн пайыздык чендер же ага барабар чендер менен билдирмелерге жол берилет.  

· Кайтарым валюталык своп - операция учурунда биринчи кезекте, эң аз пайыздык чендерди (Улуттук банк жарыялаган максималдуу пайыздык ченден төмөн) сунуштаган Катышуучулардын билдирмелери канааттандырылат. Ошентип, билдирмелерди канааттандыруу эң аз пайыздык ченди сунуштагандар боюнча ишке ашырылып, андан ары Улуттук банктын максималдуу пайыздык ченине чейин өсүү тартибинде жүргүзүлөт

37. Катышуучулардын билдирмелеринде улуттук валютада сунушталган пайыздык чендер дал келип калган шартта, билдирмелер алардын салыштырма салмагына пропорционалдуу негизде канааттандырылат.  

38. Катышуучу АТСтеги жумуш ордунда айкын убакыт ыргагында валюталык своп - операциялары боюнча билдирмелеринин статусуна тиешелүү маалыматтарды ала алат.  

39. АТС валюталык своп - операциялары боюнча төлөмдөрдү жүргүзүп жана эсептерди аныктайт

 

5. КАТЫШУУЧУЛАРДЫН УКУКТАРЫ, МИЛДЕТТЕРИ  ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ  

40. Катышуучулардын жана Улуттук банктын укуктары менен милдеттери ушул Жобо жана АТС жөнүндөгү жобо менен аныкталат

41. Катышуучу ушул Жободогу көрсөтүлгөн валюталык своп - операцияларын жүргүзүүнүн шарттары менен жана өз милдеттерин аткарбай коюсунан макул болду.  

42. Катышуучунун валюталык своп - операциялары боюнча милдеттенмелерин аткарбай коюсунан болуп төмөнкүлөр саналат

Тике валюталык своп - операциясы шартында

· Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын Улуттук банктын корреспонденттик эсепке тике валюталык своп - операциясын ишке ашырган күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү

· Катышуучуну Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде тике валюталык своп - операциясын аяктаган күнү улуттук валютадагы акча каражаттарынын жетиштүү суммасынын жоктугу

Кайтарым валюталык своп - операциясы шартында

· Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде тике валюталык своп - операциясын аткаруу күнү Улуттук валютадагы акча каражаттарынын жетиштүү суммасынын жоктугу

· Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын суммасын Улуттук банктын корреспонденттик эсепке кайтарым валюталык своп - операциясын аяктоо күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү

43. Улуттук банк тарабынан валюталык своп - операциялары боюнча милдеттенмелердин аткарылбай калышынан болуп төмөнкүлөр саналат

Тике валюталык своп - операциясы шартында

· Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын суммасын Катышуучунун корреспонденттик эсебине тике валюталык своп - операциясын аяктоо күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү

Кайтарым валюталык своп - операциясы шартында

· Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын суммасын Катышуучунун корреспонденттик эсебине кайтарым валюталык своп - операциясын аткаруу күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү

44. Эгерде Катышуучу валюталык своп - операциясын аткаруу/аяктоо күнү өз милдеттенмелерин аткара албай калса, ал валюталык своп - операцияларынын баштапкы/жыйынтыктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндөгү бир жолку айыптык төлөмдү Улуттук банктагы тиешелүү эсепке чегерүү аркылуу Улуттук банкка төлөп берет.  

45. Эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен улуттук валютадагы бир жолку айыптык төлөм суммасын эсептен алып салуу мүмкүн эмес болсо, Улуттук банктын валюталык своп - операциялары боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшү үчүн жооп берген түзүмдүк бөлүмү, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен акча каражаттары түшкөн сайын, ушул түзүмдүк бөлүмү бир жолку айыптык төлөм чегерүүнү жүргүзөт.  

46. Эгерде, Улуттук банк валюталык своп - операциясын аткаруу/аяктоо күнү өз милдеттенмелерин аткара албай калса, ал валюталык своп - операцияларынын баштапкы/жыйынтыктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндөгү бир жолку айыптык төлөмдү Катышуучунун корреспонденттик эсебинен чегерүү аркылуу төлөп берет.  

5. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР 

47. Улуттук банк тарабынан валюталык своп - операцияларды ишке ашыруу тартиби ушул Жобо, Келишим жана АТС жөнүндөгү жобо аркылуу жөнгө салынат

48. Валюталык своп - операцияларды жүргүзүү процессин өркүндөтүү максатында, Улуттук банк тарабынан бул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан  

валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби  

жөнүндө Жобого 1-тиркеме  

2013-жылдын «__»__________ ____ 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен  

__________________________________________ ортосунда 

(коммерциялык Катышуучутын аталышы)  

валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө  

Келишим 

 

 

Бишкек шаары 20___жылдын «___» _____ _______________  

 

Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын атынан _______________________ негизинде иш алып баруучу бир тараптан жана __________________ негизинде иш алып барган мындан ары «Катышуучу» деп аталуучу _________________________________ атынан _______________ жак экинчи тараптан, мындан ары «Тараптар» деп аталуучулар, Улуттук банк Башкармасынын 20__ жылдын ____ _____ токтому менен бекитилген, “Автоматташтырылган тоорук системасы жөнүндөгү жобо” (мындан ары АТС жөнүндөгү жобо) жана Улуттук банк Башкармасынын 20__ жылдын ____ _____ токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун негизинде (мындан ары Жобо), төмөнкүлөр тууралуу валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө ушул Келишди (мындан ары Келишим) түзүштү

 

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Улуттук банк менен Катышуучунун ортосунда валюталык своп-операцияларды жүргүзүү учурунда келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу шарттарын аныктоо ушул Келишимдин предмети болуп саналат

1.2. Ушул Келишимде колдонулган аныктамалар жана атоолор Жободо көрсөтүлгөн аныктамаларга жана атоолорго окшош.  

1.3. Валюталык своп-операциялар боюнча эсептешүүлөр Катышуучу үчүн - Улуттук банктагы Катышуучунун улуттук валютасында корреспонденттик эсеби боюнча жана АТСтеги ар бир чет өлкө валютанын түрүнө карата ачылган Катышуучунун чет өлкө валютасындагы корреспондентик эсеби боюнча, Улуттук банк үчүн Улуттук банктын тиешелүү эсептери боюнча жүзөгө ашырылат

2. Валюталык своп -ОПЕРАЦИЯЛАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ЖАЛПЫ ШАРТТАРЫ 

2.1. Валюталык своп - операцияларын ишке ашыруу үчүн Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн, операциялар ишке ашырылган күнгө карата белгиленген талаптарды аткарууга тийиш.  

2.2. Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн, валюталык своп - операцияларын ишке ашыруучу шарттары, Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аныкталып, Улуттук банктын веб-сайтына маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу АТСке кулактандырылат.  

2.3. Ишке ашырылган валюталык своп - операцияларынын натыйжалары Улуттук банк тарабынан расмий сайтына статистикалык маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу жана АТСте кулактандырылат

2.4. Кол коюлган Келишимдин жана тиешелүү негизде тариздетилинген, АТС аркылуу берилген операцияга катышууга билдирменин болушу, валюталык своп -операцияга катышуу үчүн негиз болуп саналат.  

2.5. Катышуучунун билдирмеси Улуттук банк тарабынан жарыяланган валюталык своп - операцияларынын шарттарын канааттандырууга тийиш

2.6. Берилген билдирме Улуттук банк жарыялаган шарттарга Катышуучунун макулдугун түшүндүрөт

2.7. Улуттук банк жарыялаган шарттарга жооп бербеген билдирмелер АТСте четке кагылат.  

2.8. Катышуучу АТСке билдирмелерди кабыл алуу башталган жана аяктаган мезгил аралыгында билдирмеге өзгөртүү киргизүүгө же аны кайтарып алууга укуктуу.  

2.9. АТСте валюталык своп -операциялар боюнча билдирмелерди кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин Катышуучулар башка билдирмелерди бере алышпайт/аларды өзгөртө алышпайт. Билдирмелер кайтарылып алынгыс катары эсептелинет

2.10. Улуттук банк билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылат

2.11. Улуттук валютадагы акча каражаттарын чегерүү жана эсептен алып салуу Катышуучулардын корреспонденттик эсептери жана Улуттук банктын тиешелүү эсеби боюнча АТС аркылуу ишке ашырылат

2.12. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын тиешелүү эсептерге чегерүү жана эсептен алып салуу, Катышуучулар жана Улуттук банк тарабынан өз алдынча ишке ашырылат.  

2.13. Валюталык своп - операцияларын мөөнөтүнөн мурда аяктоого жана узартууга жол берилбейт

2.14. Катышуучунун чет өлкө валютасындагы төлөмдөрү АТСтеги ар бир чет өлкө валютанын түрүнө карата ачылган Катышуучунун чет өлкө валютасындагы корреспондентик эсептери аркылуу жүзөгө ашырылат

2.15. Эгерде, валюталык своп -операциясын аткаруу күнү Кыргыз Республикасында жумуш эмес күнгө туура келип калса, анда валюталык своп -операциялары кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. Мында, валюталык своп - операцияларын аяктоо күнү которулбайт жана валюталык своп - операцияларынын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасы кайрадан эсептелинбейт.  

2.16. Эгерде, валюталык своп - операциясын аяктоо күнү Кыргыз Республикасында жумуш эмес күнү деп жарыяланса, анда валюталык своп - операциялары кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. Мында, валюталык своп -операциясынын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасы кайрадан эсептелинбейт.  

2.17. Эгерде, валюталык эсептердин реквизиттери өзгөртүлгөн болсо, Катышуучу жана Улуттук банк валюталык своп-операциялар боюнча акыркы эсептешүүлөр жүргүзүлгөнгө чейинки 2 (эки) жумуш күн мурда, каражаттарды тескөөгө ыйгарым укук чегерилген кызмат адамынын кол тамгасы менен бири-бирине тез арада кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.  

3. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

3.1. Тараптар валюталык своп - операцияларын Жобого жана ушул Келишимге ылайык жүргүзүүгө укуктуу

3.2. Тараптар Жободо жана ушул Келишимде баяндалган валюталык своп - операцияларын жүргүзүү шарттарына макул жана бири-биринин алдындагы өз милдеттенмелерин тааныйт

3.3. Тараптар Жободо жана ушул Келишимде белгиленген валюталык своп - операцияларын жүргүзүү шарттарын так сактоого милдеттенет жана валюталык своп - операциялар боюнча милдеттенмелерин аткаруудан баш тартышпайт

3.4. Катышуучу төмөнкүлөргө милдеттенет:  

3.4.1. Ушул келишим шарттарын так сактап, билдирмелерди берүүдө бардык зарыл аракеттерди өз учурунда көрүп, келишилген валюталык своп-операциялары боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн корреспонденттик эсебинде акча каражаттарынын тиешелүү суммасынын болушун камсыз кылууга милдетүү

Тике валюталык своп - операция шартында

3.4.2. Тике валюталык своп - операциялары аткарылган күнү чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын билдирмеде белгиленгендей, Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерүү

3.4.3. Тике валюталык своп - операциялары аяктаган күнү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте валюталык своп - операцияларынын жыйынтыктоочу бөлүгүн аткаруу үчүн тиешелүү суммадагы акча каражаттарына ээ болууга

3.4.4. Эгерде, тике валюталык своп-операциянын баштапкы бөлүгүнүн милдеттерин Улуттук банк аткарып, Катышуучу аткаралбай калса, Улуттук банктын валюталык своп - операциялары боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшү үчүн жооп берген түзүмдүк бөлүмү валюталык своп-операциянын улуттук валютадагы негизги суммасы менен 0,5% өлчөмүндөгү тиешелүү тике валюталык своп-операциянын баштапкы бөлүгүнүн чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын бир жолку айыптык төлөмдүн суммасын талашсыз (акцептсиз) тартипте эсептен алып салат. Бир жолку айып Катышучуунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен Улуттук банк тарабынан ошол күнгө карата белгиленген расмий курс боюнча эсептеп алып салат. Бул учурда валюталык своп - операция ишке ашырылбаган катары эсептелинет.  

3.4.5. Эгерде, валюталык своп-операциянын негизги суммасы менен бир жолку айыптык төлөмүн чегерүүгө мүмкүн болбосо, Улуттук банктын валюталык своп - операцияларынын жүргүзүлүшүнө жооп берген түзүмдүк бөлүмү, Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттары түшкөн сайын, биринчи кезекте негизги суммасын, андан кийин бир жолку айыптык төлөмүнүн суммасын чегерүү жүргүзөт.  

3.4.6. Эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинде тике валюталык своп - операцияларынын жыйынтыктоочу бөлүгүн аткаруу үчүн жетиштүү сандагы акча каражаты жок болсо, Улуттук банктын валюталык своп - операцияларынын жүргүзүлүшүнө жооп берген түзүмдүк бөлүмү Катышуучунун корреспонденттик эсебинен тике валюталык своп - операцияларынын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү эсептеп алып салат.  

3.4.7. Эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен улуттук валютадагы бир жолку айыптык төлөм суммасын эсептен алып салуу мүмкүн эмес болсо, Улуттук банктын валюталык своп - операциялары боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшү үчүн жооп берген түзүмдүк бөлүмү, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен акча каражаттары түшкөн сайын, ушул түзүмдүк бөлүмү бир жолку айыптык төлөм чегерүүнү жүргүзөт.  

Кайтарым валюталык своп операция шартында

3.4.8. Кайтарым валюталык своп операциялары аткарылган күнү валюталык своп - операцияларынын аткаруу үчүн корреспонденттик эсепте акча каражаттарынын тиешелүү суммасына ээ болуу

3.4.9. Кайтарым валюталык своп - операциялары аяктаган күнү чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын валюталык своп - операцияларынын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн аткаруу үчүн Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерүү.  

3.4.10. Эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинде кайтарым валюталык своп - операцияларынын баштапкы бөлүгүн аткаруу үчүн жетиштүү сандагы улуттук валютадагы акча каражаты жок болсо, Улуттук банктын валюталык своп - операцияларын жүргүзүлүшүнө жооп берген түзүмдүк бөлүмү Катышуучунун корреспонденттик эсебинен кайтарым валюталык своп - операцияларынын баштапкы бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасынан 0,5 % өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү эсептеп алып салат

3.4.11. Эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен улуттук валютадагы бир жолку айыптык төлөм суммасын эсептен алып салуу мүмкүн эмес болсо, Улуттук банктын валюталык своп - операциялары боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшү үчүн жооп берген түзүмдүк бөлүмү, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен акча каражаттары түшкөн сайын, ушул түзүмдүк бөлүмү бир жолку айыптык төлөм чегерүүнү жүргүзөт.  

3.4.12. Эгерде, Катышуучу валюталык своп - операцияларынын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн өз милдетттенмесин аткара албай калган учурда, валюталык своп - операциялары боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн жооп берген Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен валюталык своп - операцияларынын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн тиешелүү суммадан, Улуттук банк тарабынан ошол күнгө карата белгиленген расмий курс боюнча 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдүн суммасын талашсыз (акцептсиз) тартипте эсептен алып салат.  

3.4.13. Эгерде, кайтарым валюталык своп-операциянын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн милдеттерин Улуттук банк аткарып, Катышуучу аткаралбай калса, Улуттук банктын валюталык своп - операциялары боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшү үчүн жооп берген түзүмдүк бөлүмү валюталык своп-операциянын улуттук валютадагы негизги суммасы менен 0,5% өлчөмүндөгү тиешелүү чет өлкө валютасындагы кайтарым валюталык своп-операциянын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарына чегерилген бир жолку айыптык төлөмдүн суммасын талашсыз (акцептсиз) тартипте эсептен алып салат. Валюталык своп операциянын негизги суммасы жана бир жолку айыптык төлөм Катышучуунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен Улуттук банк тарабынан ошол күнгө карата белгиленген расмий курс боюнча эсептеп алып салат.  

3.4.14. Эгерде, валюталык своп-операциянын негизги суммасы, эсептелген пайыздары менен бир жолку айыптык төлөмүн чегерүүгө мүмкүн болбосо, Улуттук банктын валюталык своп - операцияларынын жүргүзүлүшүнө жооп берген түзүмдүк бөлүмү, Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттары түшкөн сайын, биринчи кезекте негизги суммасын эсептелген пайыздары мене кошо андан кийин бир жолку айыптык төлөмүнүн суммасын чегерүү жүргүзөт

3.5. Улуттук банк төмөнкүлөргө милдеттенет

3.5.1. Ушул Келишим шарттарын так сактап жана келишилген валюталык своп-операциялар боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн камсыз кылууга милдетүү

Тике валюталык своп - операция шартында

3.5.2. Тике валюталык своп - операциялары аяктаган күнү валюталык своп - операцияларынын жыйынтыктоочу бөлүгүн аткаруу үчүн чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Катышуучунун чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсебине чегерүү.  

3.5.3. Эгерде, көрсөтүлгөн милдеттенмелер аткарылбаган учурда, Улуттук банк валюталык своп операцияларынын баштапкы/жыйынтыктоочу бөлүктөрүнүн акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү Катышуучуга төлөп берет.  

Кайтарым валюталык своп операция шартында

3.5.4. Кайтарым валюталык своп - операциялары аткарылган күнү валюталык своп - операцияларынын баштапкы бөлүгүн аткаруу үчүн чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Катышуучунун чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсебине чегерүү.  

3.5.5. Эгерде, көрсөтүлгөн милдеттенмелер аткарылбаган учурда, Улуттук банк валюталык своп операцияларынын баштапкы/жыйынтыктоочу бөлүктөрүнүн акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү Катышуучуга төлөп берет.  

3.6. Айыптык төлөмдү чегерүү жана эсептен алып салуу АТС аркылуу ишке ашырылат.  

4. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ 

4.1. Тараптар ушул Келишимге жана Жобого ылайык, валюталык своп - операциялары боюнча өз милдеттенмелери үчүн толук жоопкерчилик тартышат

4.2. Валюталык своп - операциялар боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда, бир Тарап экинчи Тарапка валюталык своп - операцияларынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү төлөйт.  

4.3. Катышуучулар АТСке улуттук валютадагы акча каражаттарын чегерүү жана эсептен алып салууга укук берет

4.4. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын тиешелүү эсептерге чегерүү жана эсептен алып салуу, Катышуучулар жана Улуттук банк тарабынан өз алдынча ишке ашырылат.  

4.5. Улуттук банк Катышуучу тарабынан ушул Келишим жана Жобонун талаптарын бузууга жол берүүнүн кесепетинен ага келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.  

4.6. Улуттук банк жана Катышуучу ушул Келишим жана Жобонун талаптарына ылайык, валюталык своп - операцияларынын ишке ашырылышына байланыштуу, алардын жоопкерчиликтүү адамдары жана кызматкерлери тарабынан аткарылган иштердин тууралыгы өз учурунда ишке ашырылгандыгы жана купуялуулугунун сакталышы үчүн толук жоопкерчилик тартат.  

4.7. Улуттук банк АТСте техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан шартта, валюталык своп - операцияларын токтотууга/алып салууга укуктуу. Эгерде, техникалык үзгүлтүк кыска мөөнөттүк мүнөзгө ээ болсо, Улуттук банк валюталык своп - операцияларын жүргүзүү убакыт аралыгын өзгөртүүгө жана жыйынтыгын жарыялоого укуктуу.  

5. ФОРС-МАЖОР 

5.1. Эгерде, ушул келишим боюнча милдеттенмелер күтүүсүз жагдайлардан улам, мисалы: табигый жана техногендик кырсыктардан, бөөдө кырсыктардан, аскердик жаңжалдардан, элдик толкундоолордон, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдары тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардан жана ушул милдеттенмелердин аткарылышына бөгөт койгон башка жагдайлардан улам, толук же жарым жартылай аткарылбай калгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулушат. Албетте, жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар күтүүсүз, болжолдоого болбогон жана кайта жалгыз мүнөзгө ээ болуп, ушул келишим түзүлгөндөн кийин тараптардын эркинен көз карандысыз келип чыккан шартта.  

5.2. Тараптар болжолдоого болбогон жагдайлар келип чыккан шартта, 2 (эки) жумуш күнү ичинде бул тууралуу бири-бирине кат жүзүндө маалымдоого тийиш. Анда түптөлгөн жагдайдын мүнөзү ага мүмкүн болушунча берилген баа жана ушул келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга анын тийгизиши мүмкүн болгон таасири жана милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрү камтылууга тийиш

5.3. Форс-мажордук жагдайлар келип чыккан шартта, ушул Келишим боюнча тараптардын милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү, ошол жагдайларга шайкеш убакытка жылдырылышы мүмкүн

5.4. Эгерде, форс-мажордук жагдай жана анын кесепеттери 7 (жети) календардык күндөн көбүрөөк убакытка узарып кетсе, тараптар ушул келишимди аткаруунун жана тиешелүү макулдашууга жетишүүнүн алгылыктуу ыкмаларын аныктоо максатында, кыска мөөнөт ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш

5.5. Форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышы тараптардын ошол жагдайлар келип чыккан учурга карата ишке ашырылган жана ишке ашырылып жаткан валюталык своп-операциялар боюнча милдеттенмелерден бошотпойт.  

5.6. Катышуучунун контрагенттери тарабынан милдеттердин бузулушу, Катышуучуда зарыл акча каражаттарынын жоктугу форс-мажордук жагдайларга кирбейт

5.7. Өзгөчө таасири этүүчү жагдайлардын  орун алгандыгы тууралуу билдирбөө же өз учурунда билдирбей коюу, мындай жагдайларга таянуу укугун жоготууга алып келет

6. ТАЛАШ МАСЕЛЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ 

6.1. Ушул Келишимдин Талаптарын аткаруу процессинде келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимдерди кабыл алуу максатында, тараптар ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу жөнгө салынууга тийиш.  

6.2. Эгерде, сүйлөшүүлөр жолу менен макулдашууга жетишилбесе, Тараптар ортосундагы талаш маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат

7. ЖАНА БАШКА ШАРТТАР 

7.1. Ушул Келишимге Тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилиш мүмкүн

7.2. Ушул Келишимге карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө ишке ашырылып, эки Тарап тең кол койгон шартта анык болуп саналат.  

7.3. Тараптар кайра өзгөртүп түзүлгөн шартта, алардын ушул Келишим боюнча бардык укуктары жана милдеттери Тараптардын укугу өткөндөргө өтөт

7.4. Келишим, Тараптардын ар бири үчүн мамлекеттик жана расмий тилде, бирдей юридикалык күчкө ээ 2 (эки) анык нускада түзүлгөн, Келишимдин эки нускасы Улуттук банкта сакталат, ал эми башка 2 (эки) нускасы Катышуучуга берилет

8. КЕЛИШИМДИ КОЛДОНУУ МӨӨНӨТҮ ЖАНА ТОКТОТУУ ТАРТИБИ 

8.1. Келишим эки Тарап тең ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет. Ушул Келишимдин шарттары ал күчүнө кирген учурдан тартып, валюталык своп - операцияларына гана таркатылат.  

8.2. Улуттук банк менен келишилген бардык валюталык своп -операциялары ушул келишим күчүнө киргенге чейин түзүлгөн учурда колдонулуп жаткан шарттарда ишке ашырылат.  

8.3. Келишим 1 (бир) календардык жыл аралыгында колдонулат жана Тараптардын бири келишимдин аракеттенүү мөөнөтү бүткөнгө чейинки 7 (жети) календардык күн мурда аны токтотуу жөнүндө кат жүзүндө билдирбесе, ар бир кийинки календардык жылга узартылган катары эсептелинет

8.4. Тараптар бул келишимди 7 (жети) календардык күн мурда, бирок валюталык своп -операциялары боюнча эсептешүүлөр аяктаганга чейин экинчи тарапка алдын ала маалымдоо менен бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу.  

8.5. Улуттук банк Катышуучуга алдын ала маалымдоосуз эле төмөнкү учурларда бул келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу

§ Катышуучу ушул Келишимдин жана/же Жобонун шарттарын бузууга жол берсе

§ Катышуучуга карата Банкка Кыргыз Республикасынын «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо» мыйзамында каралган процесстер жана жол-жоболор колдонулган болсо; банкка Улуттук банк тарабынан дайындалган убактылуу жетекчилик киргизилсе

§ Банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Улуттук банк тарабынан берилген лицензия Катышуучудан кайтарылып алынса

§ Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан Катышуучу банкрот деп жарыяланса

§ Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, юридикалык жак катары Катышуучунун иши токтотулса

§ ушул Келишимдин шарттарын кайра карап чыгуу үчүн негиз болуп саналган, валюталык своп - операцияларын жүргүзүү тартибин аныктаган ченемдик укуктук документтерге белгиленген тартипте өзгөртүүлөр киргизилген учурда

 

9. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ ЖАНА РЕКВИЗИТТЕРИ 

 

Кыргыз Республикасынын Катышуучунун аталышы 

Улуттук банкы  

___________________________________ 

(почта индекси, дареги

___________________________________ 

(кызматы

___________________________________ 

(Аты-жөнү

___________________________________  

(кол тамасы

___________________________________ 

(почта индекси, дареги

___________________________________ 

(кызматы

___________________________________ 

(Аты-жөнү

___________________________________  

(кол тамасы