Кайта келүү

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын «__»__________ ____ 

токтому менен бекитилген 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валютасындагы депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) чет өлкө валютасындагы депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо), Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары (мындан ары - Катышуучу) менен чет өлкө валютасындагы депозиттик операцияларын автоматташтырылган тоорук системасы (мындан ары - АТС) аркылуу жүргүзүү тартибин аныктайт.  

2. Улуттук банк чет өлкө валютасындагы депозиттик операцияларды (мындан ары депозиттик операция) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык жүзөгө ашырат

3. Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасынын иштөө жөнүндөгү жобо (мындан ары АТС жөнүндөгү жобо) менен бекитилген шарттар жана эрежелер ушул Жобого таасир этет

4. Улуттук банк депозиттик операцияларды кайтарымдуулук жана мөөнөттүүлүк шарттарында жана пайызсыз негизде жүзөгө ашырат

5. Депозиттик операцияларды Катышуучулар, Улуттук банктагы милдеттүү камдардын эсептик базасын, чет өлкө валютасында пайызсыз, мөөнөттүү депозиттик эсептердеги чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын суммасына азайтуу үчүн пайдаланышат.  

6. Улуттук банк чет өлкө валютасындагы депозиттик операцияларды 7 күнгө же андан ашык, бирок 7ге так бөлүнүүчү мөөнөткө жүзөгө ашырат

7. Ушул Жобонун 13-пунктунун талаптарына жооп берген коммерциялык банктар депозиттик операциялардын катышуучуларынан болуп саналышат

8. Катышуучунун Улуттук банк менен депозиттик операциялар боюнча өз ара мамилелери ушул Жобо жана ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык, Улуттук банк менен Катышуучу ортосунда чет өлкө валютасындагы депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө тиешелүү эки тараптуу Келишим менен (мындан ары-Келишим) жөнгө салынат.  

 

2. АНЫКТАМАЛАР ЖАНА АТООЛОР  

Төмөнкүдөй көрсөтүлгөн аныктамалар жана атоолордон бөлөк, АТС жөнүндөгү жобо менен аныкталган аныктамалар жана атоолор таасир этет

9. Депозиттик операцияны аткарылган күнү Улуттук банкта чет өлкө валютасында ачылган пайызсыз, мөөнөттүү депозиттик эсепке чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын Катышуучу тарабынан чегерүү ишке ашырылган күн.  

10. Депозиттик операциянын аяктоо күнү Катышуучуга чет өлкө валютасындагы депозиттин суммасы кайтарылып берилген күн.  

11. Депозиттик операция бул, Катышуучунун чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын, Улуттук банкка чет өлкө валютасындагы пайызсыз, мөөнөттүү депозиттик эсепке чегерүү күнү жана ал «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобого ылайык милдеттүү камдарды эсептөө үчүн пайдаланылат.  

12. Депозиттик операциялар мөөнөтү календардык күндө туюндурулган жана депозиттик операция келишилген күндөн кийинки күндөн тартып депозиттик операция аяктаган күнгө чейинки күн эсептелинген мезгил аралыгы.  

 

3. ДЕПОЗИТТИК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ЖАЛПЫ ШАРТТАРЫ  

13. Депозиттик операцияларына катышууга мүмкүндүк алыш үчүн, Катышуучу Улуттук банкка кат түрүндө кайрылуу жиберип, төмөнкү талаптарга жооп бериш керек

· Өздүк же өз атынан тартылган каражаттарды жайгаштырууга чет өлкө валютасындагы банктык операцияларды жүргүзүүгө Улуттук банктын лицензиясы болсо

· Чет өлкө валютасында корреспонденттик эсеби болсо

· Улуттук банк менен келишилген Келишими болсо;  

· Кыргыз Республикасынын «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө» мыйзамында каралган процесстер жана/же жол-жоболор киргизилбесе (консервациялоо, санацияолоо, реабилитациялоо, өз эрки менен жана мажбурлап жоюу, түзүмүн өзгөртүү жана кайра өзгөртүп түзүү). 

Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө чечими менен чет өлкө валютасындагы депозиттик операцияларга катышуу үчүн, Кыргыз Республикасынын «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө» мыйзамында каралган процесстер жана/же жол-жоболор киргизилген Катышуучуларга уруксат берилиши мүмкүн

14. Депозиттик операцияны жүргүзүүнүн негизинен болуп, Улуттук банк тарабынан депозиттик операциялар боюнча билдирмелер кабыл алынган убакыт ичинде, кол коюлган Келишим жана АТС аркылуу операция жүргүзүүгө тиешелүү негизде тариздетилген билдирме саналат

15. Улуттук банкта чет өлкө валютасында тиешелүү пайызсыз, мөөнөттүү депозиттик эсепте Катышуучу тарабынан жайгаштырылган депозиттик операциянын суммасы чектелбейт.  

16. Өз убагында сунушталбаган жана/же тиешелүү негизде тариздетилбеген билдирме АТС тарабынан четтетилет.  

17. АТС аркылуу депозиттик операцияны жүргүзүүгө билдирме сунушталгандан кийин жана ал Улуттук банктын дилер контролеру тарабынан тастыкталгандан кийин, билдирме кайтарылгыс болуп саналат

18. Улуттук банк, билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылат.  

19. Депозиттик операциянын мөөнөтү, ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар Катышуучу тарабынан аткарылган шартта, тиешелүү саптарын толтуруу менен Катышуучу тарабынан сунушталган билдирменин негизинде жана ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн. Билдирме депозиттик операция бүткөрүлгөн күнгө чейинки кеминде 1 (бир) жумуш күнү ичинде мөөнөтүн узартууга сунушталат.  

20. Депозиттик операцияны мөөнөтүнөн мурда бүткөрүү Катышуучу тарабынан сунушталган билдирменин негизинде, депозиттик операциянын мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлүшү болжолдонуп жаткан күнгө чейинки 1 (бир) жумуш күнүнөн кем эмес мөөнөттө, Улуттук банктын пайдасына депозиттик операциянын суммасынан 0,5% өлчөмүндө үстөк айып төлөө менен ишке ашырылат.  

21. Депозиттик операциянын депозиттин баштапкы суммасынан айырмаланган суммада мөөнөтүн узартуу, мөөнөтүнөн мурда бүткөрүүгө жана депозиттик операцияны бүткөрүүгө жол берилбейт.  

22. Улуттук бантагы пайызсыз, мөөнөттүү депозиттик эсептердеги чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын суммасына милдеттүү камдардын эсептешүү базасын азайтуу депозиттик операцияларга билдирмеде көрсөтүлгөн мезгил ичинде ишке ашырылат.  

23. Депозиттик операциялар боюнча эсептөөлөр, Катышуучунун Улуттук банкта ачылган чет өлкө валютасындагы пайызсыз мөөнөттүү депозиттик эсеби боюнча жана Катышуучунун АТСтеги чет өлкө валютасындагы бирдиктүү катталган кореспонденттик эсеби боюнча жүзөгө ашырылат.  

24. Улуттук банк ишке ашырылган депозиттик операциялар боюнча статистикалык маалыматты Улуттук банктын веб-сайтында жайгаштырат.  

4. ДЕПОЗИТТИК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ 

25. Депозиттик операцияларды өткөзүү регламенти АТС жөнүндөгү жобо менен аныкталат

26. Депозиттик операцияларды эсеп жүргүзүү тартиби ушул Жобо жана АТС жөнүндөгү жобо менен аныкталат

27. Катышуучу, депозиттик операцияларды ишке ашырган күнү чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын суммасын чет өлкө валютасындагы пайызсыз, мөөнөттүү депозиттик эсебине өз алдынча чегерет

28. Депозиттик операциянын аяктоо күнү Улуттук банктын депозиттик операциялар боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмү, Катышуучунун АТСтеги чет өлкө валютадагы бирдиктүү каттоодон өткөрүлгөн корреспонденттик эсебине чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын суммасын чегерет.  

29. Катышуучу депозиттик операциялары боюнча өз билдирмелеринин статусу жөнүндө маалыматтарды АТСтеги жумуш ордунан айкын убакыт ыргагында ала алат.  

 

5. КАТЫШУУЧУЛАРДЫН УКУКТАРЫ, МИЛДЕТТЕРИ  ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ  

30. Катышуучулардын жана Улуттук банктын укуктары менен милдеттери ушул Жобо жана АТС жөнүндөгү жобо менен аныкталат

31. Катышуучу ушул Жободогу көрсөтүлгөн депозиттик операциялардын жүргүзүү шарттары менен жана өз милдеттерин аткарбай коюсунан макул болду.  

32. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын Улуттук банктагы пайызсыз мөөнөттүү депозит эсебине депозиттик операциянын аткарылган күнү чегерилбей калышы жана/же толук чегерилбеши Катышуучунун депозиттик операциялар боюнча милдеттенмесин аткарбай койгондугу катары саналат

33. Катышуучунун АТСтеги чет өлкө валютасыендагы бирдиктүү каттоодон өткөрүлгөн корреспондеттик эсебине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын чегерилбей калышы жана/же толук чегерилбеши, Улуттук банктын депозиттик операциялар боюнча өз милдеттенмесин аткара албай калышы катары саналат.  

34. Катышуучу депозитик операциянын аткарылган күнү өз милдетттенмесин аткара албай калган учурда, депозиттик операция боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн жооп берген Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен депозиттик операциянын баштапкы бөлүгүнөн тиешелүү суммадан, Улуттук банк тарабынан ошол күнгө карата белгиленген расмий курс боюнча 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдүн суммасын талашсыз (акцептсиз) тартипте эсептен алып салат. Бул учурда депозитик операция ишке ашырылбаган катары эсептелинет.  

35. Эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен улуттук валютадагы бир жолку айыптык төлөм суммасын эсептен алып салуу мүмкүн эмес болсо, Улуттук банктын депозиттик операциялары боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшү үчүн жооп берген түзүмдүк бөлүмү, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен акча каражаттары түшкөн сайын, ушул түзүмдүк бөлүмү бир жолку айыптык төлөм чегерүүнү жүргүзөт.  

36. Эгерде Улуттук банк, депозиттик операция ишке ашырылган күнгө карата өз милдеттенмелерин аткара албай калса, депозиттик операциянын аткарылган бөлүгүнүн суммасынан ошол күнгө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курс боюнча, 0,5% өлчөмдө бир жолку айыптык төлөмдү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүү аркылуу аны Катышуучуга төлөп берет.  

6. КОРУТУНДУ ЖОБО 

37. Улуттук банк тарабынан депозиттик операцияларды ишке ашыруу тартиби ушул Жобо, Келишим жана АТС жөнүндөгү жобо аркылуу жөнгө салынат

38. Депозиттик операцияларды жүргүзүү процессин өркүндөтүү максатында, Улуттук банк тарабынан бул жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

чет өлкө валютасындагы депозиттик операцияларды 

жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобого 1-тиркеме  

2013-жылдын «__»__________ ____ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен  

_____________________________________ ортосунда чет өлкө валютасындагы 

(коммерциялык Катышуучутын аталышы)  

депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө Келишим 

 

Бишкек шаары 20___жылдын «___» _____ _______________  

 

Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын атынан _______________________ негизинде иш алып баруучу бир тараптан жана __________________ негизинде иш алып барган мындан ары «Катышуучу» деп аталуучу _________________________________ атынан _______________ жак экинчи тараптан, мындан ары «Тараптар» деп аталуучулар, Улуттук банк Башкармасынын 20__ жылдын ____ _____ токтому менен бекитилген, “Автоматташтырылган тоорук системасы жөнүндөгү жобо” (мындан ары АТС жөнүндөгү жобо) жана Улуттук банк Башкармасынын 20__ жылдын ____ _____ токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валютасындагы депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун негизинде (мындан ары Жобо), төмөнкүлөр тууралуу депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө ушул Келишди (мындан ары Келишим) түзүштү

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Улуттук банк менен Банктын ортосунда чет өлкө валютасында депозиттик операцияларды (мындан ары депозиттик операция) жүргүзүү учурунда келип чыккан укуктук мамилелерди, эсептешүүлөрдү жана эсепке алууларды жөнгө салуу шарттарын аныктоо, ушул Келишимдин предмети болуп саналат

1.2. Ушул Келишимде колдонулган аныктамалар жана атоолор Жободо көрсөтүлгөн аныктамаларга жана атоолорго окшош.  

1.3. Депозиттик операциялар боюнча эсептөөлөр, Катышуучунун Улуттук банкта ачылган чет өлкө валютасындагы пайызсыз мөөнөттүү депозиттик эсеби боюнча жана Катышуучунун АТСтеги чет өлкө валютасындагы бирдиктүү катталган кореспонденттик эсеби боюнча жүзөгө ашырылат.  

2. ДЕПОЗИТТИК -ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ЖАЛПЫ ШАРТТАРЫ 

2.1. Депозиттик операцияларын ишке ашыруу үчүн Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн, операциялар ишке ашырылган күнгө карата белгиленген талаптарды аткарууга тийиш.  

2.2. Депозиттик операциялар кайтарымдуулук, мөөнөттүүлүк шарттарында жана пайызсыз негизде жүргүзүлөт

2.3. Депозиттик операциялар 7 же андан ашык күнгө, бирок 7ге калдыксыз бөлүнүүчү мөөнөткө АКШ долларында жана евродо жүргүзүлөт.  

2.4. Кол коюлган Келишимдин жана тиешелүү негизде тариздетилинген, АТС аркылуу берилген операцияга катышууга билдирменин болушу, депозиттик операцияга катышуу үчүн негиз болуп саналат.  

2.5. Улуттук банкта чет өлкө валютасында тиешелүү пайызсыз, мөөнөттүү депозиттик эсепте Катышуучу тарабынан жайгаштырылган депозиттик операциянын суммасы чектелбейт.  

2.6. Өз убагында сунушталбаган жана/же тиешелүү негизде тариздетилбеген билдирме АТС тарабынан четтетилет

2.7. АТС аркылуу депозиттик операцияны жүргүзүүгө билдирме сунушталгандан кийин жана ал Улуттук банктын дилер контролеру тарабынан тастыкталгандан кийин, билдирме кайтарылгыс болуп саналат.  

2.8. Улуттук банк билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылат.  

2.9. Депозиттик операциянын мөөнөтүн узартуу, мөөнөтүнөн мурда бүткөрүү Жобонун 20, 21 пункуттарына ылайык өткөрүлөт.  

2.10. Эгерде, депозиттик операциясын аяктоо күнү Кыргыз Республикасында жумуш эмес күнү деп жарыяланса, анда депозиттик операциялары кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.  

2.11. Эгерде, валюталык эсептердин реквизиттери өзгөртүлгөн болсо, Катышуучу жана Улуттук банк депозиттик операциялар боюнча акыркы эсептешүүлөр жүргүзүлгөнгө чейинки 2 (эки) жумуш күн мурда, каражаттарды тескөөгө ыйгарым укук чегерилген кызмат адамынын кол тамгасы менен бири-бирине тез арада кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.  

2.12. Депозиттик операцияларды жүргүзүү учурунда чет өлкө валютасындагы депозиттин толук эмес суммасын чегерүүгө жол берилбейт

3. ЭСЕПТЕРДИН БАГЫТЫ, ЖҮРГҮЗҮЛҮШҮ ЖАНА АТКАРЫЛЫШЫ ТАРТИБИ 

3.1. Улуттук банк, Катышуучу ушул Келишимге ылайык тейлөөгө алуу үчүн ага чет өлкө валютасындагы пайызсыз мөөнөттүү депозиттик эсептерди ачат (чет өлкө валютасынын аталышы). 

3.2. Катышуучулардын пайызсыз мөөнөттүү депозиттик эсептеринде калган калдыкка Улуттук банк пайыз чегербейт

3.3. Эсептердин аталышы: ___________________( Катышуучунун аталышы) чет өлкө валютасындагы пайызсыз мөөнөттүү депозиттик эсеп (чет өлкө валютасынын аталышы).  

3.4. Чет өлкө валютасындагы пайызсыз мөөнөттүү депозиттик эсептин номери жана чет өлкө валютасынын аталышы : _____________________ 

 

4. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

4.1. Тараптар депозиттик операцияларын Жобого жана ушул Келишимге ылайык жүргүзүүгө укуктуу

4.2. Тараптар Жободо жана ушул Келишимде баяндалган депозиттик операцияларын жүргүзүү шарттарына макул жана бири-биринин алдындагы өз милдеттенмелерин тааныйт

4.3. Тараптар Жободо жана ушул Келишимде белгиленген депозиттик операцияларын жүргүзүү шарттарын так сактоого милдеттенет жана депозиттик операциялар боюнча милдеттенмелерин аткаруудан баш тартышпайт

4.4. Катышуучу төмөнкүлөргө милдеттенет

4.4.1. Депозиттик операцияларды жүргүзүү Жобосунда жана ушул Келишимде көрсөтүлгөн шарттарына макул жана Улуттук банктын алдында өз милдеттенмелерин тааныйт.  

4.4.2. Депозиттик операциялары аткарылган күнү чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын өз убагында жана толук көлөмүндө Улуттук банктын пайызсыз мөөнөттүү депозиттик эсебине өз алдынча чегерет

4.4.3. Улуттук банктын банк-корреспонденттеринин которуулары үчүн чыгашаларды, ошондой эле Улуттук банк тарабынан кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөр, комиссиялык төлөмдөр жана ушул Келишим талаптарын аткарууга байланыштуу үчүнчү жактардын башка талаптары боюнча айкын чыгашалардын ордун, Улуттук банкка жогоруда белгиленген чыгашаларды анын банк-корреспондентинин көчүрмөсүндө көрсөтүлгөн, валюталоо күнүнө карата расмий курс боюнча корреспонденттик эсептен талашсыз алып салуу аркылуу ордун жабууну кошо алганда, Банктын төлөмдөрүнүн жокко чыгарылышы же ал боюнча иликтөөлөрдүн жүргүзүлүшү үчүн бардык чыгашаларды төлөп берүүгө

4.4.4. Эгерде, Катышуучу депозитик операциянын аткарылган күнү өз милдетттенмесин аткара албай калган учурда, депозиттик операция боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн жооп берген Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен депозиттик операциянын баштапкы бөлүгүнөн тиешелүү суммадан, Улуттук банк тарабынан ошол күнгө карата белгиленген расмий курс боюнча 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдүн суммасын талашсыз (акцептсиз) тартипте эсептен алып салат. Бул учурда депозитик операция ишке ашырылбаган катары эсептелинет

4.4.5. Эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен улуттук валютадагы бир жолку айыптык төлөм суммасын эсептен алып салуу мүмкүн эмес болсо, Улуттук банктын депозиттик операциялары боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшү үчүн жооп берген түзүмдүк бөлүмү, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен акча каражаттары түшкөн сайын, ушул түзүмдүк бөлүмү бир жолку айыптык төлөм чегерүүнү жүргүзөт

4.4.6. Улуттук банкта чет өлкө валютасындагы депозиттик эсептерде жайгаштырылган, чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын талап кылуу укугун үчүнчү жактарга ыйгарып бербөөгө.  

4.5. Улуттук банк төмөнкүлөргө милдеттенет

4.5.1. Ушул Келишимдин негизинде Катышуучуга чет өлкө валютасындагы пайызсыз мөөнөттүү депозиттик эсебин ачууга

4.5.2. Депозиттик операцияларды жүргүзүү Жобосунда жана ушул Келишимде көрсөтүлгөн шарттарына макул жана Катышуучу алдында өз милдеттенмелерин тааныйт

4.5.3. Депозиттик операциялары аяктаган күнү депозиттик операция боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн жооп берген Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмү чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Катышуучунун бирдиктүү каттоодон өткөрүлгөн корреспонденттик эсебине чегерет.  

4.5.4. Эгерде Улуттук банк, өз милдеттенмелерин аткара албай калса, депозиттик операциянын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн суммасынан ошол күнгө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курс боюнча, 0,5% өлчөмдө бир жолку айыптык төлөмдү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүү аркылуу аны Катышуучуга төлөп берет

4.6. Айыптык төлөмдү чегерүү жана эсептен алып салуу АТС аркылуу ишке ашырылат.  

5. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ 

5.1. Тараптар ушул Келишимге жана Жобого ылайык, депозиттик операциялары боюнча өз милдеттенмелери үчүн толук жоопкерчилик тартышат

5.2. Депозиттик операциялар боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда, бир Тарап экинчи Тарапка депозиттик операцияларынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү төлөйт.  

5.3. Депозиттик операциялар мөөнөтүнөн мурда аяктаган учурда Катышуучу чет өлкө валютасындагы депозиттин суммасынан 0,5% өлчөмдө төлөмдү (неустойканы) Улуттук банкка төлөп берет. Төлөм (неустойка) депозиттин чет өлкө валютасында же кыргыз сомунда төлөө күнүнө карата расмий курс боюнча, бирок Катышуучу расмий түрдө билдиргенден кийин бир иш күнүнөн кечиктирбестен төлөнөт. Төлөмдүн (неустойканын) суммасын төлөө расмий билдирилгенден кийинки 1 (бир) банк күнүнөн ашыгыраакка кечиктирилген шартта, Улуттук банк кыргыз сомундагы төлөмдүн (неустойканын) суммасын Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен талашсыз тартипте эсептен алып салууга укуктуу

5.4. Улуттук банк Катышуучу тарабынан ушул Келишим жана Жобонун талаптарын бузууга жол берүүнүн кесепетинен ага келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.  

5.5. Улуттук банк жана Катышуучу ушул Келишим жана Жобонун талаптарына ылайык, депозиттик операцияларынын ишке ашырылышына байланыштуу, алардын жоопкерчиликтүү адамдары жана кызматкерлери тарабынан аткарылган иштердин тууралыгы өз учурунда ишке ашырылгандыгы жана купуялуулугунун сакталышы үчүн толук жоопкерчилик тартат.  

5.6. Улуттук банк АТСте техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан шартта, депозиттик операцияларын токтотууга/алып салууга укуктуу. Эгерде, техникалык үзгүлтүк кыска мөөнөттүк мүнөзгө ээ болсо, Улуттук банк депозиттик операцияларын жүргүзүү убакыт аралыгын өзгөртүүгө жана жыйынтыгын жарыялоого укуктуу.  

6. ФОРС-МАЖОР 

6.1. Эгерде, ушул келишим боюнча милдеттенмелер күтүүсүз жагдайлардан улам, мисалы: табигый жана техногендик кырсыктардан, бөөдө кырсыктардан, аскердик жаңжалдардан, элдик толкундоолордон, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдары тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардан жана ушул милдеттенмелердин аткарылышына бөгөт койгон башка жагдайлардан улам, толук же жарым жартылай аткарылбай калгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулушат. Албетте, жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар күтүүсүз, болжолдоого болбогон жана кайта жалгыз мүнөзгө ээ болуп, ушул келишим түзүлгөндөн кийин тараптардын эркинен көз карандысыз келип чыккан шартта.  

6.2. Тараптар болжолдоого болбогон жагдайлар келип чыккан шартта, 2 (эки) жумуш күнү ичинде бул тууралуу бири-бирине кат жүзүндө маалымдоого тийиш. Анда түптөлгөн жагдайдын мүнөзү ага мүмкүн болушунча берилген баа жана ушул келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга анын тийгизиши мүмкүн болгон таасири жана милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрү камтылууга тийиш

6.3. Форс-мажордук жагдайлар келип чыккан шартта, ушул Келишим боюнча тараптардын милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү, ошол жагдайларга шайкеш убакытка жылдырылышы мүмкүн

6.4. Эгерде, форс-мажордук жагдай жана анын кесепеттери 7 (жети) календардык күндөн көбүрөөк убакытка узарып кетсе, тараптар ушул келишимди аткаруунун жана тиешелүү макулдашууга жетишүүнүн алгылыктуу ыкмаларын аныктоо максатында, кыска мөөнөт ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш

6.5. Форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышы тараптардын ошол жагдайлар келип чыккан учурга карата ишке ашырылган жана ишке ашырылып жаткан депозиттик операциялар боюнча милдеттенмелерден бошотпойт.  

6.6. Катышуучунун контрагенттери тарабынан милдеттердин бузулушу, Катышуучуда зарыл акча каражаттарынын жоктугу форс-мажордук жагдайларга кирбейт

6.7. Өзгөчө таасири этүүчү жагдайлардын  орун алгандыгы тууралуу билдирбөө же өз учурунда билдирбей коюу, мындай жагдайларга таянуу укугун жоготууга алып келет

7. ТАЛАШ МАСЕЛЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ 

7.1. Ушул Келишимдин Талаптарын аткаруу процессинде келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимдерди кабыл алуу максатында, тараптар ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу жөнгө салынууга тийиш.  

7.2. Эгерде, сүйлөшүүлөр жолу менен макулдашууга жетишилбесе, Тараптар ортосундагы талаш маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат

8. ЖАНА БАШКА ШАРТТАР 

8.1. Ушул Келишимге Тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилиш мүмкүн

8.2. Ушул Келишимге карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө ишке ашырылып, эки Тарап тең кол койгон шартта анык болуп саналат.  

8.3. Тараптар кайра өзгөртүп түзүлгөн шартта, алардын ушул Келишим боюнча бардык укуктары жана милдеттери Тараптардын укугу өткөндөргө өтөт

8.4. Келишим, Тараптардын ар бири үчүн мамлекеттик жана расмий тилде, бирдей юридикалык күчкө ээ 2 (эки) анык нускада түзүлгөн, Келишимдин эки нускасы Улуттук банкта сакталат, ал эми башка 2 (эки) нускасы Катышуучуга берилет

9. КЕЛИШИМДИ КОЛДОНУУ МӨӨНӨТҮ ЖАНА ТОКТОТУУ ТАРТИБИ 

9.1. Келишим эки Тарап тең ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет. Ушул Келишимдин шарттары ал күчүнө кирген учурдан тартып, депозиттик операцияларына гана таркатылат.  

9.2. Улуттук банк менен келишилген бардык депозиттик операциялары ушул келишим күчүнө киргенге чейин түзүлгөн учурда колдонулуп жаткан шарттарда ишке ашырылат.  

9.3. Келишим 1 (бир) календардык жыл аралыгында колдонулат жана Тараптардын бири келишимдин аракеттенүү мөөнөтү бүткөнгө чейинки 7 (жети) календардык күн мурда аны токтотуу жөнүндө кат жүзүндө билдирбесе, ар бир кийинки календардык жылга узартылган катары эсептелинет

9.4. Тараптар бул келишимди 7 (жети) календардык күн мурда, бирок депозиттик операциялары боюнча эсептешүүлөр аяктаганга чейин экинчи тарапка алдын ала маалымдоо менен бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу.  

9.5. Улуттук банк Катышуучуга алдын ала маалымдоосуз эле төмөнкү учурларда бул келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу

§ Катышуучу ушул Келишимдин жана/же Жобонун шарттарын бузууга жол берсе

§ Катышуучуга карата Банкка Кыргыз Республикасынын «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо» мыйзамында каралган процесстер жана жол-жоболор колдонулган болсо; банкка Улуттук банк тарабынан дайындалган убактылуу жетекчилик киргизилсе

§ Банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Улуттук банк тарабынан берилген лицензия Катышуучудан кайтарылып алынса

§ Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан Катышуучу банкрот деп жарыяланса

§ Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, юридикалык жак катары Катышуучунун иши токтотулса

§ ушул Келишимдин шарттарын кайра карап чыгуу үчүн негиз болуп саналган, депозиттик операцияларын жүргүзүү тартибин аныктаган ченемдик укуктук документтерге белгиленген тартипте өзгөртүүлөр киргизилген учурда

10. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ ЖАНА РЕКВИЗИТТЕРИ 

Кыргыз Республикасынын Катышуучунун аталышы 

Улуттук банкы  

___________________________________ 

(почта индекси, дареги

___________________________________ 

(кызматы

___________________________________ 

(Аты-жөнү

___________________________________  

(кол тамасы

___________________________________ 

(почта индекси, дареги

___________________________________ 

(кызматы

___________________________________ 

(Аты-жөнү

___________________________________  

(кол тамасы