Кайта келүү

ДОЛБООР 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын «___»________  

_____ токтому менен бекитилген 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө” 

жобо 

 

 

1.ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндөгү жобосу (мындан ары- Жобо), “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү мыйзамына, 2008-жылдын 02-октябрындагы 556 «Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү жобого жана башка мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүү жана төлөө тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укук актыларына ылайык иштелип чыккан

2. Бул Жобо, Улуттук банктын автоматташтырылган тоорук системасында (мындан ары - АТС) Улуттук банк аркылуу жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздарды (мындан ары - МБК) депозитардык эсепке алуу тартибин аныктайт

3. МБК депозитарийи эки деңгээлдик түзүлүшкө ээ: Улуттук банктын Башкы депозитарийи жана өзүнүн МБКсынын жана депоненттердин МБКсынын кыймылын эсепке алуу боюнча функцияларын аткаруу укугуна ээ Субдепозитарийлер

4. МБКны МБКнын Депозитариясында эсепке алуу баалуу кагаздардын саны (ар бир даанасы) боюнча ишке ашырылат

 

2. АНЫКТАМАЛАР ЖАНА ТЕРМИНДЕР  

 

Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөндө көрсөтүлгөндөрдөн тышкары Улуттук банктын АТС иши жөнүндө Жободо белгиленген аныктамалар жана терминдер колдонулат

5. Ички позициялык которуулар бир “депо” субэсебинин алкагында суб-баланстар ортосундагы МБКларды которууга байланышкан операциялар.  

6. Башкы депозитарий МБКны эсепке алууну жана сактоону, менчик укуктарын МБКга өткөрүүнү жана аныктоолорду каттоону ишке ашыруучу Улуттук банктын түзүмдүк бөлүгү.  

7. Улуттук банк аркылуу жайгаштырылган МБК Улуттук банкы жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан чыгарылгын, Улуттук банк тарабынан аукциондук негизде жайгаштырылган баалуу кагаздар.  

8. МБК депозитарийи МБКны депозитарийлик эсепке алууну жана сактоону, менчик укуктарын МБКга өткөрүүнү жана аныктоолорду каттоону ишке ашыруучу юридикалык жак

9. Депонент келишимге ылайык МБК Депозитарийинде “депо” эсебин ачкан жана өзүнүн “депо” эсеби боюнча операцияларды жасоого көрсөтмө берүүгө укуктуу болгон, Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттин юридикалык же физикалык жагы

10. Депо-эсеби эсепке алуу жана сактоо максатында ар бир МБК үчүн жазуу (же жазуулардын жыйындысы). 

11. Депозитардык операциялар депозитарийлерде сакталган, “депо” эсеби жана башка маалыматтар боюнча жазууларга байланышкан депозитардык ишмердүүлүктү ишке ашыруу алкагында МБК Депозитарийлери менен жүргүзүлгөн операциялар

12. Улуттук банктын репо операциялары бул, келечекте белгилүү бир датада жана сүйлөшүлгөн баада кайра сатуу/сатып алуу милдети менен МБКны сатуу (тике репо)/сатып алуу (кайтарым репо) боюнча операциялар

13. Субдепозитарий Башкы депозитарийде “депо” эсеби бар, МБК кыймылын эсепке алуу функциясын аткаруу үчүн Улуттук банк менен келишим түзгөн депозитарий

14. Суб-баланс “депо” субэсебинин алкагында ачылган депозитардык эсептин минималдык бөлүнбөгөн түзүмдүк бирдиги

 

3. ДЕПОЗИТАРДЫК ЭСЕПТИ УЮШТУРУУНУН ФОРМАЛАРЫ ЖАНА ПРИНЦИПТЕРИ 

 

15. Депозитардык эсеп системасын уюштуруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет

· МБК менен болгон операциялардын Депозитардык эсебинин толуктугу жана аныктыгы

· Убактылуу белгилүүлүк

· МБК менен болгон операциялардын эсебинин өзүнчөлүгү

· Түзүмдүк бөлөктүк

 

МБК менен болгон операциялардын Депозитардык эсебинин толуктугу жана аныктыгы. МБК менен болгон бардык операциялар депозитардык эсепте өзүнүн толук жана анык чагылышын табат

Убактылуу белгилүүлүк принциби. Эсепке алуу жазуулары депозитардык эсеп системасында Башкы депозитарийдин МБК менен болгон операцияларын же АССда электрондук кепилдикти ишке ашырууну тастыктаган биринчи иш кагазын алуу учурунда аткарылат. Мында, жүргүзүлгөн операциялар жөнүндөгү эсептик жазуулардын сөзсүз түрдөгү элементтери болуп операцияларды ишке ашыруу убактысы жана бул операциялардын депозитардык эсеп системасында кайталануу убактысы болуп саналат.  

Эсептин өзүнчөлүк принциби. Милдеттери түйшүктөнткөн, ар бири өзүнчө эсепке алынган, ар кайсы чыгарылыштагы МБК

Түзүмдүк бөлөктүк принциби. Уюмдарды каттай турчу эки деңгээлдик системанын Башкы депозитарийдин жана Субдепозитарийдин болушу.  

 

4. ДЕПОЗИТАРДЫК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ 

 

16. Ушул Жобонун максатында депозитардык операциялардын катышуучулары катары МБК Депозитарийлери жана депоненттер эсептелет. МБК Депозитарийлери Башкы депозитарий жана Субдепозитарий деп бөлүнөт

17. Башкы депозитарий катары Улуттук банк турат, ал

· МБКны чыгарууда эмиссияга ылайык келген эсеп ачууну ишке ашырат

· МБКны чыгаруу жана төлөө жөнүндөгү иш кагаздарын сактайт

· Башкы депозитарийде депоненттерге “депо” эсептерин ачууну ишке ашырат

· МБКларды, алардын Субдепозитарийлер менен депоненттер ортосунда экинчи жолку айлануусундагы которууларды ишке ашырат

· МБКны төлөө мезгили жеткенде эмиссияга ылайык эсептерди жабууну жүзөгө ашырат

· Субдепозитарийинин “депо” эсеби боюнча депоненттерге тийиштүү болгон, ушул Субдепозитарийде эске алынган МБКнын жыйындысын жүргүзөт;  

· Субдепозитарийлердин ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзөт жана МБК менен депозитардык операцияларын жүргүзүү тартибин тактайт

· Өзүнүн депоненттерине тийиштүү болгон МБКга менчик укугун тастыктоо укугуна ээ

18. Башкы депозитарийлердин депоненттери болуп Субдепозитарийлер, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги, Улуттук банк жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилген учурда башка юридикалык жактар эсептелет

19. Субдепозитарийлер катары коммерциялык банктар, институтционалдык инвесторлор, адистештирилген каржы-кредиттик мекемелер жана башка Улуттук банк менен тийиштүү келишимдерди түзгөн МБК рыногунун катышуучулары. Алар:  

· Субдепозитарийге тийиштүү болгон МБКнын депозитарийлик эсебин жүргүзөт

· Өзүнүн депоненттерине тийиштүү болгон МБКны сатоону жана укук эсептерин камсыздайт

· АТСте депозитардык операцияларды ишке ашырат

· Күрөөгө берилген МБКнын депозитардык эсебин жүргүзөт

· МБКларды биринчи жайгаштырууда өзүлөрүнүн депоненттеринин эсебине киргизет

· Ар бир депоненттин МБКсына обочолонгон эсеп жүргүзөт

· Өзүлөрүнүн депоненттеринин МБКга болгон менчик укуктарын тастыктоо укугуна ээ

20. Субдепозитарийдин депоненти болуп Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттин МБКга менчик укугу бар юридикалык жана физикалык жактар, МБКнын залог кармоочулары, МБКнын ишеничтүү башкаруучулары, о.э. Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурларда МБКны сактоого берилген жактар эсептелет

 

5. “ДЕПО” ЭСЕПТЕРИНИН ТҮРЛӨРҮ ЖАНА ЖҮРГҮЗҮЛГӨН ОПЕРАЦИЯЛАРДЫН ТИЗМЕСИ 

 

21. Башкы депозитарийде МБКны эсепке алуу жана сактоо, Улуттук банк менен тийиштүү келишимдерди түзгөндөн кийин Субдепозитарийлерге ачылган “депо” эсептеринде ишке ашырылат.  

22. Аналитикалык эсеп жүргүзүү максатында “депо” эсебинин алкагында ар бир Субдепозитарийге анын өзүнүн баалуу кагаздарын эсепке алуу жана депоненттеринин баалуу кагаздарын эсепке алуу үчүн бир “депо” субэсеби ачылат.  

23. Өзүнүн “депо” субэсеби Субдепозитарийге менчик укугуна ээ болгон баалуу кагаздарды эсепке алуу жана сактоо үчүн ачылат.Субдепозитарийдин депонентинин “депо” субэсеби депонентке өткөрүлгөн же тийиштүүбаалуу кагаздарды эсепке алуу үчүн багытталган.  

24. Депоненттин “депо” субэсептеринин түрлөрү 

Субдепозитарийдин депонентинин МБКсын эсепке алуу, МБК Депозитарийлери боюнча, Субдепозитарийдин депонентинин тибине жараша төмөнкү “депо” субэсептер боюнча ишке ашат

· юридикалык жактар финансылык, резиденттери

· юридикалык жактар финансылык эмес, резиденттер

· юридикалык жактар финансылык, резиденттер эмес

· юридикалык жактар к финансылык эмес, резиденттер эмес

· физикалык жактар резиденттер

· физикалык жактар резиденттер эмес

25. Депоненттер, алардын операциялары жана баланстары жөнүндөгү эсеп маалыматын жүргүзүү Субдепозитарийлердин жоопкерчилигинде турат

26. Суб-баланстар  

Баалуу кагаздардын эсебин жүргүзүү үчүн ар бир “депо” субэсебинин алкагында суб-баланстар ачылат. “Депо” субэсептеринин алкагындагы эсеп төмөнкү суб-баланстар боюнча жүргүзүлөт

· Арест коюлган МБК 

· Бекитип коюлган МБК 

· Күрөөгө алынган жеткиликтүү каражаттар 

· Инвестициялык 

· Күрөөлүк 

· Улуттук банктын кредиттери боюнча күрөөлүк 

· Резервдик 

“Арест коюлган МБКнын” суб-балансы, Башкы депозитарийдин көрсөтмөсү боюнча же Кыргыз Республикасынын укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилип коюлган же арест коюлган МБКны эсепке алууга багытталган. Ушул суб-баланстагы МБКларды депоненттер кезектеги сатып алуу, сатуу, күрөө жана ички позициялык которуу операцияларын жүргүзүү үчүн колдоно алышпайт. Ушул суб-баланс боюнча ички позициялык которууларды Башкы депозитарий гана жүргүзө алат

“Бекитип коюлган МБКнын” суб-балансы, “төлөмгө каршы тапшыруу” транзакциясын аткаруу процессинде бекитилип коюлган МБК үчүн багытталган. Бул суб-баланстагы МБКларды катышуучулар кезектеги сатып алуу, сатуу, күрөө жана ички позициялык которуу операцияларын жүргүзүү үчүн колдоно алышпайт

“Күрөөгө алынган жеткиликтүү каражаттардын” суб-балансы, репо операциясы боюнча сатылып алынган МБКларды эсепке алуу үчүн багытталган. репо операциясынын алкагында башка катышуучудан алынган МБКлар катышуучунун төмөнкү операциялары үчүн колдонула алат: репонун шартында кезектеги сатып алуу/сатуу, калдыктардын чегинде чектелүүсүз күрөө жана ички позициялык которуулар.  

 

“Инвестициялык” суб-баланста, менчик укугуна ээ болгон депонентке тийиштүү МБКлар эске алынат. Бул суб-баланстагы МБКларды кезектеги сатуу, сатып алуу, күрөө жана калдыктардын чегинде чектөөсүз ички позициялык которуу операцияларын жүргүзүүгө колдонууга болот

“Күрөөлүк” суб-баланста, МБКга менчик укугу өтпөгөн залог кармоочунун пайдасына бекитилип коюлган МБКлар кирет. Бул суб-баланстагы МБКлар кезектеги сатуу, сатып алуу, күрөө жана ички позициялык которуу операцияларын жүргүзүү үчүн колдонулбайт.  

“Улуттук банктын кредиттери боюнча күрөөлүктүн” суб-балансы, бир күндүк жана “овернайт” кредиттеринин алкагында коюлган, кезектеги сатуу, сатып алуу, күрөө жана ички позициялык которуу операцияларын жүргүзүү үчүн колдонууга болбогон МБКларды эсепке алуу үчүн колдонулат.  

“Резервдик” суб-балансы, “овернайт” жана бир күндүк кредиттерин берүү процессинде МБКларды резервдөө үчүн багытталган. Бул суб-баланста Улуттук банктын кайра каржылоо (“овернайт жана бир күндүк кредит) операциялары боюнча күрөө катары колдонуу үчүн катышуучу тарабынан резервделген МБКлар эске алынат

27. Субдепозитарий АТСтен тышкары “депо” субэсепетерине ылайык ар бир депонент боюнча МБКлардын өзүнчө эсебин жүргүзөт

 

6. ДЕПОЗИТАРДЫК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖАНА АЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ ЧЕКТӨӨЛӨРДҮ ИШКЕ АШЫРУУ ҮЧҮН НЕГИЗДЕР 

 

28. Бардык депозитардык операциялар АТСте, анын бекитилген иш регламентине ылайык жүргүзүлөт. АТС иштебей калганда же башка учурларда депозитардык операциялар “депо” кагаз кепилдиктеринин негизинде ишке ашырылат

29. МБК Депозитарийинде МБКны чыгаруу белгилери жөнүндө жазууларды киргизүү боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн негиз болуп, Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актылары жана келишимге ылайык түзүлгөн, МБКнын чыгарылышын тастыктаган (глобалдуу сетификат, Акча-кредиттик жөнгө салуу Комитетинин протоколунан көчүрмө) иш кагаздары эсептелет

30. МБК Депозитарийинде “депо” эсеби боюнча операция жүргүзүү үчүн негиз болуп, АТСте түзүлгөн жана берилген, электрондук формадагы депо кепилдиктери эсептелет. Электрондук формадагы “депо” кепилдиги, АТСте бекитилген формада түзүлгөн электрондук иш кагазы болуп саналат. Электрондук “депо” кепилдигинин аныктыгын тактоо үчүн электрондук цифралык кол колдонулат

31. “Депо” электрондук тапшырмалары, кагаз бетиндеги “депо” кепилдиктерине окшош болгон асыл нуска катары таанылат жана баалуу кагаздарды которууну ишке ашырууда жактардын милдеттерин жана алардын бирдей укуктарын жаратат

32. МБКны төлөө күнүндө эмиссияга ылайык эсептерди жабуу боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн негиз болуп, Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик актылары жана келишимге ылайык түзүлгөн иш кагаздары (төлөөгө болгон тапшыпмалар ж.б.) эсептелет

33. Субдепозитарийлердин депоненттеринин “депо” эсеби боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн негиз болуп, жүргүзүлгөн операцияга ылайык иш кагаздарынын (депоненттин кепилдиги, келишимдер, көрсөтмөлөр ж.б.) түп нускасы эсептелет. Түп нуска иш кагаздарын сактоонун мөөнөтү Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик актылары менен аныкталат.  

34. “Депо” эсеби боюнча МБКларды которууга “депо” кепилдиги, жүргүзүлгөн операциялар боюнча МБК туура түзүлгөн жана жетиштүү учурда гана кабыл алынат.  

35. Субдепозитарийлер, депозитардык операцияларды жүргүзүүнүн мыйзамдуулугу жана тууралыгы үчүн жооптуу

7. ОТЧЕТТУУЛУК 

 

36. Депозитардык операциялар боюнча отчеттуулук Башкы депозитарий тарабынан АТСте түзүлөт жана берилет

37. Субдепозитарий Башкы депозитарийге, баалуу кагаздардын ээлери жөнүндө, Башкы депозитарийдин талаптарына ылайык отчеттуулуктун башка түрлөрүн берет.  

 

8. ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ЖОБОЛОР 

 

38. МБКнын депозитардык эсебин ишке ашыруу тартиби ушул Жобо, келишимдер жана Улуттук банктын АТС иши жөнүндөгү Жобосу менен жөнгө салынат

39. Депозитардык эсеп процессин жакшыртуу максатында ушул Жобого өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды Улуттук банк киргизе алат