Кайта келүү

Долбоор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 “Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолор 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/14 “Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 1-пункттун “(мындан ары МФУ)” деген сөздөрдөн кийин “, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан жана “ислам терезесине ээ” деген сөздөр менен толукталсын (атайын терминологияны эсепке алуу менен).”;  

-  төмөнкү мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:  

“5-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери бөлүгүндө колдонулуучу терминдер жана аныктамалар “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында келтирилген терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет.”;  

- жобо төмөнкү мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын: 

“8. ИСЛАМ БАНК ИШИ ЖАНА КАРЖЫЛОО ПРИНЦИПТЕРИ БОЮНЧА ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫШКАН МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДАРДА КРЕДИТТИК ТОБОКЕЛДИКТИ ТЕСКӨӨ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ  

45. МФУнун каржылоо боюнча ички ченемдик документтери жана типтүү келишимдер Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Шариат кеңеши Аткаруу органынан көз карандысыз болуусу зарыл. Шариат кеңешине карата талаптар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген.  

46. МФУну каржылоо боюнча саясат Шариат стандарттарына ылайык операциялардын жана бүтүмдөрдүн (келишимдердин) тизмесин камтууга тийиш.  

47. “Ислам терезесине” ээ МФУлар ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар боюнча каржылоо боюнча саясатты иштеп чыгууга тийиш, ал өзүнчө документтен же МФУнун жалпы кредит саясатынын бөлүгүнөн боло алат.  

48. Ички ченемдик документтерде каржылоо боюнча милдеттенмелерди кардар тарабынан толук ордун жабууга чейинки анын билдирмесин кароого алуу учурунан тартып МФУнун кызматкерлеринин аракеттеринин ырааттуулугун чагылдырган каржылоонун сунушталып жаткан продуктунун ар бир түрүнө толук түшүндүрүүлөр каралууга тийиш. 

49. Активдердин ар бир түрүнүн уникалдуу мүнөздөмөлөрүнөн кредиттик тобокелдик, тиешелүү ички контролдукту жүзөгө ашыруу жана тобокелдикти тескөө үчүн активдин ар бир түрү боюнча өзүнчө бааланууга тийиш.  

50. МФУ каржылоо продуктунун ар бир түрү боюнча типтүү келишимге ээ болуусу зарыл, анда: тараптардын аталышы, келишим предмети, каржылоо сунуштоонун негизги шарттары, ордун жабуу графиги, четтетүүгө мүмкүн болбогон (форс-мажор) кесепеттүү жагдайлар орун алган учурда, аракеттерди көрүү шарттары жана тартиби, МФУ менен кардардын өз ара аракеттерди көрүү тартиби каралууга тийиш. Каржылоонун ар бир продукту боюнча типтүү келишимдери МФУнун негизги ченемдик документти жүзөгө ашыруу тартибин, айып салуу жана аларды кайрымдуулук максаттарга жумшоо тартибин жөнгө салган анын түзүмдүк бөлүгүнөн болууга тийиш.  

51. МФУ, мудараба, мушарака келишимдерине ылайык (капиталга инвестициялар тобокелдиги), уюмдардын капиталына каражаттарды инвестициялоо менен байланыштуу кредиттик тобокелдиктин келип чыгышына өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Буга байланыштуу, МФУну каржылоо боюнча саясаттын курамында, бардык башка талаптардан тышкары, төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

1) пайданы бөлүштүрүү механизмин кошо алганда, инвестицияларды баалоо максаттары жана критерийлери;  

2) альтернативалуу ыкмалар жана инвестициялык келишимдерди узартуунун же ордун жабуунун мүмкүн болуучу шарттарын кошо алганда, инвестициялык долбоордон чыгуу мөөнөттөрү, инвестицияларды сатып же аларды сатуу; 

3) операцияларга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жол-жобосуна байланыштуу башка жоболор, өткөндөгү кызматташуунун жыйынтыктары сыяктуу критерийлерди, инвестицияларды жайгаштыруу мөөнөттөрү жана башкаларды кошо алганда, өнөктөштөрдүн баа берүү тартиби.  

52. МФУ, кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги алдында да каржылоо сунуштоого укуктуу. Каржылоо боюнча саясатта Кошо жоопкерчиликтүү топту каржылоого уруксат берилген операциялар тизмеси каралууга тийиш.”.