Кайта келүү

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-сентябрындагы № 42/8 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык уюмдар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык уюмдар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун 3-пунктунун 3)-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«2) кыймылсыз мүлк үчүн - менчик укугу пайда болгон учурдан тартып эки жыл». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/3 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун 23-пунктунун 2)-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) кыймылсыз мүлк үчүн - менчик укугу пайда болгон учурдан тартып эки жыл». 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 22-октябрындагы № 31/3 «Кыргыз Республикасында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырууга укугу жок микрофинансылык уюмдардын активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган кам түзүүсүнүн жалпы принциптери жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагындагы жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырууга укукка ээ эмес микрофинансылык уюмдардын активдерди классификациялоосу жана РППУну түзүүсү боюнча жалпы принциптери жөнүндө» жобонун 4.1.2 пунктунун 3 абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыймылсыз мүлк үчүн - менчик укугу пайда болгон учурдан тартып эки жыл». 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 10/6 «Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө» жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө» жобо төмөнкү редакциядагы 3.11 пункт менен толукталсын: 

«3.11 Кредиттик союздардын менчигинде турган башка мүлктү классификациялоо 

3.11-1. Кредиттик союздардын менчигинде турган башка мүлктү, тактап айтканда, каржылоону же өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин ордун жабууда кабыл алынган менчик (мүлк), алгач баланста таанылгандан кийин эң аз дегенде, субстандарттык катары классификацияланат.  

3.11-2. Эгерде төмөнкү мөөнөттөр өткөндөн кийин башка менчик сатылбаса ал жоготуу катары классификацияланат:  

- Кыймылдуу мүлк үчүн - бир жыл;  

- Кыймылсыз мүлк үчүн - менчик укугу пайда болгон учурдан тартып эки жыл.  

5. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун 9.2-пунктунун б)-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«б. Кыймылсыз мүлк үчүн - менчик укугу пайда болгон учурдан тартып эки жыл».