Кайта келүү

ДОЛБООР 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен эсептелинген своп операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө убактылуу жобо 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен эсептелинген своп операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө ушул убактылуу жободо (мындан ары Убактылуу жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары- Улуттук банк) коммерциялык банктар (мындан ары- Катышуучу) менен эсептелинген своп операцияларын жүргүзүү жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу тартиби аныкталат. 

2. Улуттук банк эсептелинген своп операцияларды Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 4, 5 жана 34-беренелерине ылайык жүргүзөт. 

3. Улуттук банк эсептелинген своп операцияларды Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча жүргүзөт. 

4. Эсептелинген своп операциялар оор финансылык жагдайга дуушар болушкан; коммерциялык же ишкердик иштерди жүзөгө ашырышпаган (мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер) жеке адамдарга берилген ипотекалык кредиттерди чет өлкө валютасынан улуттук валютага трансформациялоо максатында жүргүзүлөт. 

5. Улуттук банктын жана/же Катышуучунун келип чыгышы ыктымал болгон чыгашаларын субсидирлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

6. Ушул Убактылуу жобонун 13-пунктунун талаптарына жооп берген коммерциялык банктар, эсептелинген своп операциялардын Катышуучуларынан болуп саналышат.  

7. Катышуучунун Улуттук банк менен эсептелинген своп операциялар боюнча өз ара иш алып баруусу ушул Убактылуу жобо жана ушул Убактылуу жобого карата 1-тиркемеге ылайык, Улуттук банк менен Катышуучунун ортосунда эсептелинген своп операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө тиешелүү эки тараптуу келишимге (мындан ары -Келишим) ылайык жөнгө салынат.  

 

2. АНЫКТАМАЛАР ЖАНА АТООЛОр 

 

8. Эсептелинген своп операциялар бул, валюталарды алмаштыруу каралбаган, бирок Катышуучу жана/же Улуттук банк пайыздык төлөмдөрдү төлөөнү ишке ашырган операция. Улуттук банк тарабынан пайыздык төлөмдөрдүн төлөнүшү Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча жүзөгө ашырылат. 

9. Эсептелинген своп операциялар жүргүзүлгөн күн Эсептелинген своп операциялар боюнча келишим түзүлгөн иш күнү.  

10. Эсептелинген своп операциялар бүткөрүлгөн күн Улуттук банктын жана/же Катышуучунун тиешелүү эсептерине чегерилген пайыздарды төлөө ишке ашырылган иш күнү

11. Эсептелинген своп операцияларды жүргүзүү мөөнөтү– эсептелинген своп операциялар жүргүзүлгөн күндөн кийинки күндөн тартып, эсептелинген своп операциялар бүткөрүлгөн күнгө чейинки күндү кошо алуу менен календардык күндөрдө берилген, убакыт аралыгы катары аныкталат. 

12. Эсептелинген своп операциялар боюнча пайыздарды чегерүү мөөнөтү- эсептелинген своп операциялар жүргүзүлгөн күндөн кийинки күндөн тартып, эсептелинген своп операциялар бүткөрүлгөн күнгө чейинки күндү кошо алуу менен календардык күндөрдө берилген, убакыт аралыгы катары аныкталат. 

 

3. Эсептелинген своп операцияларын жүргүзүү тартиби 

 

13. Эсептелинген своп операцияларга катышуу үчүн Катышуучу эсептелинген своп операциялар жүргүзүлчү күнгө карата төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: 

§ эсептелинген своп операцияларды улуттук валютада чектөөсүз жүргүзүүгө Улуттук банктын лицензиясына; 

§ эсептелинген своп операцияларды чет өлкө валютасында чектөөсүз жүргүзүүгө Улуттук банктын лицензиясына; 

§ Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсепке; 

§ чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсепке; 

§ ипотекалык кредиттерди чет өлкө валютасынан улуттук валютага трансформациялоо боюнча реструктуризациялоо планын сунуштоо;  

§ Катышуучунун ипотекалык кредиттерди трансформациялоосу карыз алуучунун каалоосу боюнча ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырыла тургандыгы жана ал ипотекалык кредиттерди чет өлкө валютасынан улуттук валютага трансформациялоо боюнча реструктуризациялоо планына ылайык келе тургандыгы тууралуу милдеттенмесин сунуштоо; 

§ Кыргыз Республикасынын “Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө” мыйзамында каралган процессте жана/же жол-жоболордо (консервация, санация, реабилитация, ыктыярдуу жана мажбурлап жоюу, реструктуризация жана кайра уюштуруу) болбошу; 

Улуттук банк Башкармасынын айрым чечимдери боюнча, Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын “Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамдарына ылайык киргизилген режимдер белгиленген Катышуучуларга эсептелинген своп операцияларды жүргүзүүгө жол берилиши мүмкүн.  

 

14. Улуттук банк Башкармасы эсептелинген своп операциялар боюнча төмөнкүдөй эрежелерди аныктайт жана жактырат: 

§ Катышуучу тарабынан сунушталган, ипотекалык кредиттерди трансформациялоо боюнча реструктуризациялоо планын; 

§ операциялардын мөөнөттөрүн; 

§ улуттук валютадагы акча каражаттарынын көлөмүн; 

§ чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын көлөмүн; 

§ улуттук валюта боюнча пайыздык ченди; 

§ чет өлкө валютасы боюнча пайыздык ченди; 

§ операция жүргүзүлгөн күнгө карата алмашуу курсун; 

§ операция бүткөрүлгөн күнгө карата алмашуу курсун;  

§ чет өлкө валютасындагы кредиттердин салыштырма салмагы Катышуучунун чогуу алгандагы кредит портфелинин _______ % ашпоого тийиш; 

§ ипотекалык кредиттерди төлөөгө чейинки мөөнөт _____ күндөн кем болбоого, төлөөгө чейин _______күндөн ашык болбоого тийиш. 

15. Катышуучу чет өлкө валютасындагы ипотекалык кредиттерди улуттук валютага ипотекалык кредиттерди трансформациялоо боюнча реструктуризациялоо планына ылайык чекте гана трансформациялайт. 

16. Кол коюлган келишим эсептелинген своп операцияларды жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат. 

17. Эсептелинген своп операциялар жүргүзүлгөн күнү Катышуучу жана Улуттук банк SWIFT (МТ320 форматы) системасы боюнча тастыктоолор менен алмашышат жана тиешелүү бухгалтердик жазууларды жүргүзүшөт. 

18. Эсептелинген своп операцияларды мөөнөтүнөн эрте бүткөрүүгө жана узартууга жол берилбейт. 

19. Эсептелинген своп операциялар боюнча пайыздар улуттук/чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасына, операциялардын мөөнөтүнө, пайыздык ченге жана 360 күнгө барабар болгон эсептешүүлөрдүн убактылуу базасына жараша жөнөкөй пайыздардын формуласы боюнча кошуп эсептелет жана Катышуучу жана/же Улуттук банк тарабынан эсептелинген своп операциялар бүткөрүлгөн күнгө төлөнүп берилет.  

20. Эсептелинген своп операциялар боюнча кошуп эсептелинген пайыздардын суммасын тиешелүү эсептер боюнча чегерүү/которуу Катышуучу жана Улуттук банк тарабынан өз алдынча Катышуучу менен Улуттук банктын тастыктоосунда көрсөтүлгөн реквизиттерге ылайык жүргүзүлөт. 

21. Операция бүткөрүлгөн күн Кыргыз Республикасында жана/же кошуп эсептөөлөр чегерилген чет өлкө банк-корреспонденттин өлкөсүндө иш күнү болуп саналбаган учурларда, эсептелинген своп операцияларды аткаруу кийинки иш күнү жүзөгө ашырылат. Мында кошуп эсептелген пайыздар боюнча акча каражаттарынын суммасын кайра эсептөө жүргүзүлбөйт.  

22. Реквизиттери өзгөргөн шартта, Улуттук банк жана Катышуучу бул тууралуу бири бирине каражаттарды тескөө ыйгарым укугу чегерилген кызмат адамдардын колу коюлган кат жүзүндө дароо, эсептелинген своп операциялар бүткөрүлө турган күнгө чейинки 2 (эки) иш күнүнөн кечиктирбестен маалымдоого милдеттенишет.  

 

4. Улуттук банктын жана катышуучунун укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери 

23. Катышуучу эсептелинген своп операцияларды жүргүзүүнүн ушул Убактылуу жободо берилген шарттарына макул жана келишилген эсептелинген своп операциялар боюнча милдеттенмелерди аткаруудан баш тартпоого милдеттенет.  

24. Төмөнкү учурларда Катышуучу өз милдеттенмелерин аткарбаган болуп саналат: 

§ эсептелинген своп операциялар бүткөрүлгөн күнү Улуттук банктын тиешелүү эсебине кошуп эсептелген пайыздардын суммасы толук жана/же өз убагында чегерилбесе; 

§ 15-пункттун шарттарын бузууга жол берилсе. 

25. Эсептелинген своп операциялар бүткөрүлгөн күнү Улуттук банктын тиешелүү эсебине кошуп эсептелген пайыздардын суммасы толук жана/же өз убакгында чегерилбеген шартта, Катышуучу Улуттук банкка банктын тиешелүү эсебине чегерүү аркылуу эсептелинген своп операциялары боюнча милдеттенмелердин суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айып төлөйт.  

26. Катышуучу Убактылуу жобонун 15-пунктунун шарттарын аткарбаган шартта, Улуттук банк эсептелинген своп операциялары боюнча милдеттенмелердин суммасынан 1 % өлчөмүндө бир жолку айыпты акцептсиз тартипте Катышуучунун корреспонденттик эсебинен алып салат. Катышуучунун аткаруу органынын жетекчиси ипотекалык кредиттерди трансформациялоо боюнча реструктуризациялоо планына ылайык, чет өлкө валютасындагы ипотекалык кредиттерди улуттук валютага трансформациялоо үчүн персоналдуу түрдө жооптуу болуп саналат. Улуттук банк Катышуучунун Башкармасынын Төрагасына таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

27. Төмөнкү учурларда Улуттук банк өз милдеттенмелерин аткарбаган болуп саналат: 

§ эсептелинген своп операциялары бүткөрүлгөн күнү Катышуучунун тиешелүү эсебине кошуп эсептелген пайыздардын суммасы толук эмес жана/же кечиктирилип чегерилсе; 

28. Улуттук банк эсептелинген своп операциялары боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган шартта, ал Катышуучуга эсептелинген своп операциялары боюнча милдеттенмелердин суммасынан 0,5% өлчөмүндө Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүү аркылуу бир жолку айып төлөйт. Бир жолку айып улуттук валютада төлөнөт жана бир жолку айып төлөнгөн күнгө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курс боюнча эсептелет.  

 

5. Корутунду жоболор 

 

29. Улуттук банктын Катышуучу менен эсептелинген своп операцияларын жүргүзүү тартиби ушул Убактылуу жобо жана Келишим менен жөнгө салынат.  

30. Ушул Убактылуу жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Катышуучу менен эсептелинген своп операцияларын жүргүзүү процессин өркүндөтүү максатында Улуттук банк тарабынан киргизилиши мүмкүн. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен эсептелинген своп операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө Убактылуу жобого 1-тиркеме  

20___ жылдын «___» ___________№______  

 

 

Типтүү формат 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктын (коммерциялык банктын аталышы) ортосунда эсептелинген своп операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө келишим 

 

 

 

Бишкек ш. 20___ жылдын «___» ___________№______  

 

Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан __________________________ негизинде иш алып барган _________________ бир тараптан, жана мындан ары “Банк” деп аталуучунун атынан _____________________негизинде иш алып барган ____________________ экинчи тараптан, биргеликте Тараптар деп аталуучулар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептелинген своп операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө убактылуу жобонун негизинде (Улуттук банк Башкармасынын 20___жылдын “____”___________ №______ токтому) (мындан ары Убактылуу жобо) төмөнкүлөр жөнүндө Эсептелинген своп операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө ушул келишимди (мындан ары-Келишим) түзүштү

 

1. келишим предмети 

 

1.1. Улуттук банк менен Банктын ортосунда эсептелинген своп операцияларын жүргүзүүдө жаралган укуктук мамилелерди жөнгө салуу шарттарын жана тартибин аныктоо ушул Келишимдин предмети болуп саналат.  

1.2. Эсептелинген своп операциялар оор финансылык жагдайга дуушар болушкан; коммерциялык же ишкердик иштерди жүзөгө ашырышпаган (мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер) жеке адамдарга берилген ипотекалык кредиттерди чет өлкө валютасынан улуттук валютага трансформациялоо максатында жүргүзүлөт. 

§ операциянын мөөнөтү ________________ (күн); 

§ улуттук валютадагы акча каражаттарынын көлөмү ______________ сом; 

§ улуттук валютадагы акча каражаттарынын көлөмү ________________ (чет өлкө валютасынын аталышы)

§ улуттук валюта боюнча пайыздык чен _________ %; 

§ чет өлкө валютасы боюнча пайыздык чен __________%; 

§ операция жүргүзүлгөн күндөгү пайыздык чен ______________ (чет өлкө валютасынын 1 бирдиги үчүн сом); 

§ операция бүткөрүлгөн күндөгү пайыздык чен ______________ (чет өлкө валютасынын 1 бирдиги үчүн сом); 

1.3. Ушул Келишимде колдонулган аныктамалар жана атоолор Убактылуу жободо аныкталган аныктамаларга жана атоолорго окшош.  

1.4. Эсептелинген своп операциялары боюнча эсептешүүлөр Тараптардын тиешелүү эсептери боюнча жүзөгө ашырылат. 

 

2. Эсептелинген своп операцияларын жүргүзүүнүн жалпы шарттары  

 

2.1. Банк эсептелинген своп операцияларын жүргүзүү үчүн Убактылуу жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн эсептелинген своп операцияларын жүргүзгөн күнгө карата талаптарды канааттандырууга тийиш. 

2.2. Эсептелинген своп операцияларын жүргүзүүнүн Убактылуу жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн шарттары Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат.  

2.3. Кол коюлган келишим эсептелинген своп операцияларды жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат. 

2.4. Эсептелинген своп операциялар жүргүзүлгөн күнү Катышуучу жана Улуттук банк SWIFT (МТ320 форматы) системасы боюнча тастыктоолор менен алмашышат жана тиешелүү бухгалтердик жазууларды жүргүзүшөт.  

2.5. Эсептелинген своп операцияларды жүргүзүү мөөнөтү эсептелинген своп операциялар жүргүзүлгөн күндөн кийинки күндөн тартып, эсептелинген своп операциялар бүткөрүлгөн күнгө чейинки күндү кошо алуу менен календардык күндөрдө берилген, убакыт аралыгы катары аныкталат. 

2.6. Эсептелинген своп операциялар боюнча пайыздарды чегерүү мөөнөтү эсептелинген своп операциялар жүргүзүлгөн күндөн кийинки күндөн тартып, эсептелинген своп операциялар бүткөрүлгөн күнгө чейинки күндү кошо алуу менен календардык күндөрдө берилген, убакыт аралыгы катары аныкталат.  

2.7. Эсептелинген своп операцияларды мөөнөтүнөн эрте бүткөрүүгө жана узартууга жол берилбейт. 

2.8. Операция бүткөрүлгөн күн Кыргыз Республикасында жана/же кошуп эсептөөлөр чегерилген чет өлкөлүк банк-корреспонденттин өлкөсүндө иш күнү болуп саналбаган учурларда, эсептелинген своп операцияларды аткаруу кийинки иш күнү жүзөгө ашырылат. Мында кошуп эсептелген пайыздар боюнча акча каражаттарынын суммасын кайра эсептөө жүргүзүлбөйт.  

2.9. Эсептелинген своп операциялар боюнча пайыздар улуттук/чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасына, операциялардын мөөнөтүнө, пайыздык ченге жана 360 күнгө барабар болгон эсептешүүлөрдүн убактылуу базасына жараша жөнөкөй пайыздардын формуласы боюнча кошуп эсептелет жана Катышуучу жана/же Улуттук банк тарабынан эсептелинген своп операциялар бүткөрүлгөн күнгө төлөнүп берилет.  

2.10. Эсептелинген своп операцияларын бүтүшүндө улуттук/чет өлкө валюталарында кошуп эсептелген пайыздардын толук эмес суммасын чегерүүгө жол берилбейт.  

2.11. Банк чет өлкө валютасындагы ипотекалык кредиттерди улуттук валютага Банктын 20_____жылдын “____”___________ ипотекалык кредиттерди трансформациялоо боюнча реструктуризациялоо планынын чегинде гана жүзөгө ашырат, ал ушул Келишимге карата милдеттүү түрдөгү тиркеме болуп саналат.  

 

3. тараптардын укуктары жана милдеттери  

 

3.1. Тараптар эсептелинген своп операцияларды Убактылуу жобонун жана ушул Келишимдин чегинде гана жүргүзүүгө укуктуу. 

3.2. Тараптар эсептелинген своп операцияларды Убактылуу жободо жана ушул Келишимде берилген шарттарда жүргүзүүгө макул болушту жана бири- биринин алдындагы өз милдеттерин таанышат. 

3.3. Тараптар Келишимге кол коюлгандан кийин 2 (эки) иш күнүнөн кечиктирбестен чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсептеринин реквизиттери менен өз ара алмашышат. Эсептердин реквизиттери өзгөргөн шартта, Тараптар эсептелинген своп операциялар боюнча эсептешүүлөр бүткөрүлгөн күнгө чейинки 2 (эки) иш күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөттө, каражаттарды тескөө ыйгарым укук чегерилген кызмат адамдарынын колу коюлган кат жүзүндө бири-бирине дароо маалымдоого милдеттенишет. 

3.4. Тараптар эсептелинген своп операцияларды жүргүзүүнүн Убактылуу жободо жана ушул Келишимде белгиленген шарттарын сактоого милдеттенишет жана жүргүзүлгөн эсептелинген своп операциялар боюнча милдеттенмелерди аткаруудан баш тартышпайт. 

§ Банк эсептелинген своп операциялар бүткөрүлгөн күнү Улуттук банктын тиешелүү эсебине кошуп эсептелген пайыздардын суммасын толугу менен жана өз убагында чегерүү боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган шартта, Банк Улуттук банкка милдеттенмелердин суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айып төлөйт. Эгерде банк 1 (бир) иш күнү ичинде бир жолку айыптын суммасын Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегербесе, Улуттук банктын бэк-офиси кийинки иш күнү Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен бир жолку айыптын суммасын акцептсиз тартипте алып салат. Бир жолку айыптын суммасын толук көлөмдө эсептен алып салуу мүмкүн болбогон шартта, Улуттук банктын бэк-офиси Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттардын түшүшүнө жараша бир жолку айыптын суммсын алып салууну жүзөгө ашырат; 

§ Банк ушул Келишимдин 2.11.-пункту боюнча милдеттенмелерин аткарбаган шартта, Улуттук банк эсептелинген своп операциялар боюнча милдеттенмелердин суммасынан 1% өлчөмдө бир жолку айыпты банктын корреспонденттик эсебинен акцептсиз тартипте алып салат. Бир жолку айыптын суммасын толук көлөмдө эсептен алып салуу мүмкүн болбогон шартта, Улуттук банктын бэк-офиси Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттардын түшүшүнө жараша бир жолку айыптын суммсын алып салууну жүзөгө ашырат; 

3.5. Улуттук банк кошуп эсептелген пайыздардын суммасын эсептелинген своп операциялар бүткөрүлгөн күнү Банктын тиешелүү эсебине толук жана/же өз убагында чегерүү боюнча өз милдеттенмелерин аткара албаган шартта, Улуттук банк Банкка милдеттенмелердин суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айып төлөйт жана Улуттук банк тарабынан бир жолку айып төлөнгөн күнү белгиленген расмий курс боюнча эсептешет.  

 

4. тараптардын жоопкерчилиги 

 

4.1. Банк улуттук валютада эсептелинген своп операциялар боюнча кошуп эсептелген пайыздардын суммасын Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерүүнү өз алдынча жүзөгө ашырат.  

4.2. Улуттук банк чет өлкө валютасында эсептелинген своп операциялар боюнча кошуп эсептелген пайыздардын суммасын Банктын тиешелүү эсебине чегерүүнү өз алдынча жүзөгө ашырат.  

4.3. Улуттук банк жана Банк алардын жооптуу адамдарынын жана кызматкерлеринин эсептелинген своп операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу аракеттеринин тууралыгына, кечиктирилбестигине жана купуялуулугуна ушул Келишимге жана Убактылуу жобого ылайык толук жоопкерчилик тартышат. 

 

5. Форс-мажор 

5.1. Тараптар ушул Келишим боюнча милдеттенмелердин толук аткарылбашына же жарым-жартылай аткарылышына жоопкерчиликтен бошотулушат, эгер мындай жагдай табигый жана техногендик катастрофалар, табигый кырсыктар, согуштук пикир келишпестиктер, көтөрүлүштөр, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдары тарабынан кабыл алынган ченемдик-укуктук актылар сыяктуу жеңилгис күчтөрдөн жана ушул Келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышына кедергисин тийгизген башка жагдайлардан улам түптөлгөн болсо. Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар чукул, күтүүсүз жана алдын-алууга болбой турган мүнөзгө ээ болуп, ушул Келишим түзүлгөндөн кийин орун алуу менен Тараптардын эркинен көз карандысыз болууга тийиш.  

5.2. Тараптар күтүүсүз жагдайлар орун алган шартта, 2 иш күнү ичинде ал тууралуу бири-бирине кат жүзүндө билдирүүлөрү зарыл. Билдирүүдө түптөлгөн жагдайлардын мүнөзү, ошондой эле мүмкүнчүлүккө жараша, ушул Келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышына алардын тийгизген таасирине баа берүү жана милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш. 

5.3. Форс-мажордук жагдайлардын түптөлүшүндө Тараптардын ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруу мөөнөтү мындай жагдайлар жана алардын кесепеттери күчүндө турган убакытка жараша жылдырылат. 

5.4. Эгерде форс-мажордук жагдайлар жана алардын кесепеттери 7 (жети) календардык күндөн узагыраака уланса же алар жана алардын кесепеттери мындан узагыраак мөөнөткө орун алып турса, Тараптар ушул Келишим талаптарын аткаруунун эки Тарап үчүн алгылыктуу болгон альтернативдүү ыкмаларын аныктоо жана тиешелүү макулдашууга жетишүү максатында кыска мөөнөттүн ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү мүмкүн. 

5.5. Форс-мажордук жагдайлардын орун алышы ишке ашырылган эсептелинген своп операциялар боюнча жана бул жагдайлардын орун алышы учурунда күчүндө турган милдеттенмелерден бошотпойт.  

5.6. Күтүүсүз өзгөчө жагдайлардын орун алгандыгы тууралуу маалымдабай коюу же кечиктирип маалымдоо мындай жагдайларга таянуу укугун жоготууга алып келет. 

 

6. талаш маселелерди чечүү 

6.1. Ушул Келишимди аткаруу процессинде Тараптар ортосунда келип чыккан талаш маселелер өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуу максатында, Тараптардын өз ара сүйлөшүүлөрү аркылуу жөнгө салынууга тийиш. 

6.2. Тараптардын сүйлөшүүлөрү аркылуу макулдашууга жетишүү мүмкүн болбогон шартта, Тараптар ортосундагы талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынууга тийиш. 

 

7. башка шарттар 

7.1. Бул Келишимге Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

7.2. Ушул Келишимге киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор кат жүзүндө аткарылган жана эки Тараптын колу коюлган шартта, анык болуп саналат.  

7.3. Тараптар кайра уюштурулган шартта, Тараптардын ушул Келишим боюнча бардык укуктары жана милдеттери Тараптардын укугу өткөндөргө өтөт. 

7.4. Келишим орус тилинде 2 (эки) түп нускада жана 2 (эки) түп нускада кыргыз тилинде Тараптардын ар бирине бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускадан түзүлгөн. Ушул Келишимдин эки нускасы Улуттук банкта сакталат, башкалары Банкка берилет. 

 

8. КЕЛИШИМДИН КОЛДОНУУ МөөНөТү ЖАНА АНЫ ТОКТОТУУ ТАРТИБИ 

 

8.1. Келишим эки Тарап кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет. Ушул Келишим шарттары Келишим күчүнө киргенден тартып ишке ашырылган эсептелинген своп операцияларга гана таркатылат. 

8.2. Улуттук банк алдын ала Банкка билдирүүсүз эле бир тараптуу негизде, төмөнкү учурларда бул Келишимдин аракетин токтотуу укугуна ээ

§ ушул Келишимдин жана/же Убактылуу жобонун шарттары Банк тарабынан бузууга жол берилсе; 

§ Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык юридикалык жак катары Банктын иши токтотулса; 

§ Ушул Келишимдин шарттарын кайра карап чыгуу үчүн негиз болуп саналган, эсептелинген своп операцияларды жүргүзүү тартибин аныктаган, ченемдик-укуктук актылардын белгиленген тартипте өзгөрүшүндө

8.3. Улуттук банк менен келишимдин 8.2.-пункту күчүнө киргенге чейин түзүлгөн бардык эсептелинген своп операциялар, түзүлгөн учурда колдонуудагы шарттарда бүткөрүлөт. 

 

 

9. тараптардын юридикалык даректери жана реквизиттери 

 

Кыргыз Республикасынын Банк 

Улуттук банкы 

_____________________________ _______________________________ 

(почта индекси, дареги) (почта индекси, дареги) 

__________________________ _______________________________ 

(кызматы) (кызматы) 

__________________________ _______________________________ 

(Аты-жөнү) (Аты-жөнү

________________________________ _______________________________ 

(кол тамгасы) (кол тамгасы) 

 

 

Чет өлкө валютасындагы эсептин реквизиттери 

(валютанын аталышын көрсөтүү)

SWIFT BIC: _________________ 

Эсептин №__________________________ 

 

Сом түрүндөгү эсептин реквизиттери: 

Сом түрүндөгү акча каражаттардын негизги суммасын чегерүү 

үчүн Улуттук банктагы эсеп: 

№________________________________ 

Сом түрүндөгү пайыздарды чегерүү үчүн  

Улуттук банктагы эсеп: 

№_______________________________ 

 

Чет өлкө валютасындагы эсептин реквизиттери: 

(валютанын аталышын көрсөтүү)

SWIFT BIC: _________________ 

Эсептин №:____________________ 

 

Сом түрүндөгү эсептин реквизиттери: 

Сом түрүндөгү акча каражаттардын негизги суммасын чегерүү үчүн Улуттук банктагы эсеп: 

 

№________________________________ 

Сом түрүндөгү пайыздарды чегерүү үчүн  

Улуттук банктагы эсеп: 

№_______________________________