Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын «___»_______ №__ токтомуна карата тиркеме
Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы №5/7 “Банк ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтомуна толуктоолор
Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы №5/7 “Банк ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Банк ишин лицензиялоо жөнүндө” жобонун:
3.4-пункту төмөнкү мазмундагы 19-пунктча менен толукталсын:
“19) Кыргыз Республикасындагы “Элкарт” банктык төлөм картын колдонуу менен нак эмес эсептешүүлөрдүн улуттук системасына туташуу/кошулуу жөнүндө милдеттенме кат жана пландаштырылып жаткан көрсөткүчтөр (региондорду кошо алганда, карттарды чыгаруу, аралыкта орнотулуучу жабдуулардын саны) чагылдырылган бизнес-план”;
6.4-пункту төмөнкү мазмундагы 13-пунктча менен толукталсын:
“13) Кыргыз Республикасындагы “Элкарт” банктык төлөм картын колдонуу менен нак эмес эсептешүүлөрдүн улуттук системасына туташуу/кошулуу жөнүндө милдеттенме каттын жана пландаштырылып жаткан көрсөткүчтөр (региондорду кошо алганда, карттарды чыгаруу, аралыкта орнотулуучу жабдуулардын саны) чагылдырылган бизнес-пландын болушу”;
7.1-пункту төмөнкү мазмундагы 15-пунктча менен толукталсын:
“15) Кыргыз Республикасындагы “Элкарт” банктык төлөм картын колдонуу менен нак эмес эсептешүүлөрдүн улуттук системасына туташуу/кошулуу жөнүндө милдеттенме каттын жана пландаштырылып жаткан көрсөткүчтөр (региондорду кошо алганда, карттарды чыгаруу, аралыкта орнотулуучу жабдуулардын саны) чагылдырылган бизнес-пландын жоктугу”.