Кайта келүү

Долбоор 

“Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин  

кассалык жайларынын техникалык жактан бекемдигине  

текшерүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө”  

НУСКОО 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. “Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин кассалык жайларынын техникалык жактан бекемдигине текшерүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө” нускоо (мындан ары нускоо) адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин кассалык жайларынын техникалык жактан бекемдигине текшерүүнү жүргүзүү үчүн жооптуу болгон адамдардын иш-аракеттерин аныктайт.  

2.  Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин кассалык жайларынын техникалык жактан бекемдигине текшерүүнү жүргүзүү үчүн жооптуу адамдар Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринен болуп саналат. 

3. Нускоодо төмөнкү кыскартылган сөздөр колдонулат:  

МАККББ Кыргыз Республикасынын ички иштер министрилигинин Мамалекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы; 

СФКУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси; 

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин/ адистештирилген финансы-кредит мекемесинин филиалынын/ адистештирилген финансы-кредит мекемесинин алмашуу пунктунун кассалык жайы - адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайы.  

 

2-глава. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жайларынын техникалык жактан бекемдигине карата талаптар  

 

4. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайы турак/өндүрүштүк/турак жай эмес имаратта, соода уюмунун жайында, мейманканаларда, аэропортто, ошондой эле башка жайларда жайгаштырылат жана башка адамдардан, анын ичинде көрсөтүлгөн имараттардын/мекемелердин персоналынан жана кардарларынан изоляцияланууга тийиш.  

5. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайы милдеттүү тартипте төбөсү жабык болууга тийиш.   

6. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайы эки жакка ачылуучу кулпусу менен металл профилдин калыңдыгы кеминде 2 мм металл же металлпластиктен жасалган эшикти пайдалануу менен кирүү/чыгуу жерлери болууга тийиш.  

7.  Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайларынын сырткы терезелери кеминде 16 мм диаметри, 150*150 мм ашпаган ячейкасы менен арматура же квадраттык болоттон жасалган металл торчолор менен милдеттүү тартипте бекемделет.  

8.  Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайында кардарларды тейлөө аймагы металл профилинин калыңдыгы кеминде 3 мм болгон металл же металлпластикалык тосмо менен тосулуп, тор эшик менен жабылуучу өткөрүп берүү лоток же кассалык терезелер менен жабдылууга тийиш. 

9. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайы белги берүүчү(эгерде ошондой мүмкүнчүлүк бар болсо) жана видео-байкоо системалары менен жабдылууга тийиш. 

10. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайы нак акчаны, валютаны, өлчөнгөн алтын куймаларды, алмашуу бюросунун/пунктунун кассалык жана башка документтерин сактоо үчүн металл сейф менен милдеттүү түрдө жабдылат, ал кеминде төрт анкердик бекитмелер менен жерпайга (полго) же болбосо дубалга бекитилүүгө тийиш.  

 

3-глава. Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин кассалык жайларынын техникалык жактан бекемдигине текшерүүнү жүргүзүү  

 

10.  Кыргыз Республикасынын ички иштер министрилигинин Мамалекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкерлери адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин кассалык жайларынын техникалык жактан бекемдигине текшерүүнү ушул нускоонун талаптарына ылайык, адистештирилген финансы-кредит мекемесинен Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына билдирме келип түшкөндөн кийин 10 жумуш күн ичинде жүргүзөт.  

11. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайларынын техникалык жактан бекемдигине текшерүү эки нускада түзүлгөн адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайларынын техникалык жактан бекемдигин текшерүү актысы менен таризделет. Мында, актынын биринчи нускасы адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин башкармалыгына берилип, ал эми анын экинчи нускасы Кыргыз Республикасынын ички иштер министрилигинин Мамалекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын мекемесинде болот.  

12. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайларынын техникалык жактан бекемдигине текшерүү жүргүзүлбөгөн учурда, кайталап текшерүүнү жүргүзүү адистештирилген финансы-кредит мекемесинин бардык белгиленген сын-пикирлерди 10 жумуш күн ичинде четтетүү жөнүндө катынын негизинде жүргүзүлөт.  

13. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин дареги алмашкан учурда, кайталап текшерүү адистештирилген финансы-кредит мекемесинин катынын негизинде 10 жумуш күн ичинде жүргүзүлөт. 

14. Текшерүүнү жүргүзүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министрилигинин Мамалекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкерлери адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайларынын техникалык жактан бекемдигине тиешелүү кошумча суроолорду берүү укугуна ээ.  

 

 

Адистештирилген финансы-кредит 

мекемесинин кассалык жайларынын 

техникалык жактан бекемдигине 

текшерүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө”  

нускоого карата 1-тиркеме  

 

 

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кассалык жайларынын 

техникалык жактан бекемдигине текшерүү актысы 

 

________________________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын аталышы, реквизиттери Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталган номери, ИНН, код ОКПО) 

 

20___ -жылдын «_______»____________ ______________________________________  

үзүлгөн жер) 

 

Биз:  

 

_______________________________________________________________________________________________ 

(кызматкерлердин аты-жөнү

_______________________________________________________________________________________________ 

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин/анын филиалынын/анын алмашуу пунктунун кассалык жайынын техникалык жактан бекемдигине текшерүү жүзөгө ашырылгандыгы жөнүндө ушул акт түзүлдү

Бул акт жок болгон учурда адистештирилген финансы-кредит мекемесин каттоого документтер топтому кароого алынбайт. 

 

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин/филиалынын/алмашуу пунктунун дареги: 

Телефон / негизги  / байланыш   код ( ) № 

телефону жок    

Төмөнкү позициялардын болушуна текшерүү жүргүзүлгөн: 

 

 

 

Эки жакка ачылуучу кулпу менен кеминде 2 мм калыңдыгы менен металл же металлпластикалык кирүүчү эшик. 

  Ооба 

Жок 

Терезелерде металл торчолору барбы  

Ооба 

Жок 

Металл профилинин калыңдыгы кеминде 3 мм болгон металл же металлпластикалык тосмолор менен тосуу жана тор эшик менен жабылуучу кассалык терезе менен жабдылганбы?  

  Ооба 

Жок 

Сейф 

Ооба 

Жок 

 

Корутунду:__________________________________________________________ 

Талаптарга жооп берет/талаптарга жооп бербейт  

Акт түзүлгөн 

 

 

 

 

 

 

(аты-жөнү

 

(кызматы) 

 

(кол тамгасы) 

 

 

 

 

 

 

 

(аты-жөнү

 

(кызматы) 

 

(кол тамгасы) 

Тааныштым  

 

 

 

 

 

 

(аты-жөнү

 

(кызматы) 

 

(кол тамгасы) 

Актынын экинчи нускасын алдым  

 

 

 

 

 

 

(аты-жөнү

 

(кол тамгасы)