|
|
ДОЛБООР |
Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболору
2. Тобокелдиктерди тескөөнү уюштуруу
3. Тобокелдиктерди тескөө боюнча Комитети
4. Банктын Директорлор Кеңешинин жоопкерчилиги
5. Банк Башкармасынын жоопкерчилиги
6. Тобокел-менежеринин иш-аракети
7. Кредиттик тобокелдиги
8. Рыноктук тобокелдиги
9. Өлкө тобокелдиги
10. Операциялык тобокелдиги
11. Ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдиги
12. Абройду жоготуу тобокелдиги
13. Комплаенс-тобокелдиги
14. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо процесстерине банкты үндөө тобокелдиги
15. Тобокелдиктин башка чөйрөлөрү
1. Жалпы жоболору
1. Бул Жобо коммерциялык банктардын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары банктар) тобокелдиктерди тескөөнү уюштурууга карата милдеттүү түрдө сактоолору үчүн минималдык талаптарды бөлгилейт.
2. Бул Жобонун максаты банктарда тобокелдиктерди тескөөнүн адекваттуу системасын түзүүгө карата минималдык талаптарды жана тобокелдиктерди контролдоонун алар тарабынан жүргүзүлүп жаткан операциялардын түрлөрүн жана көлөмүн эсепке алуу менен банктардын тобокелдиктерин натыйжалуу аныктоону, баалоону жана чектөөнү камсыз кылуучу ыкмаларынын банктар тарабынан колдонулушун кароочу ички контролдукту уюштурууга карата талаптарды аныктоо болуп саналат.
3. Бул Жобонун максаты үчүн төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
Тобокелдик - күтүлүүдөгү жана күтүлбөгөн окуялар банктын капиталына же анын кирешелерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон ыктымалдык.
Тобокелдикти тескөө системасы - бул төрт негизги элементти камтуучу процесс: тобокелдикти аныктоо, тобокелдикти өлчөө, тобокелдикти контролдоо жана тобокелдикке мониторинг.
Тобокел-менежери - банк ишинде жетиштүү тажрыйбасы бар банк кызматкери, ал банкта тобокелдикти тескөө боюнча күндө жүзөгө ашырылуучу иштерге жоопкерчиликтүү болот.
Кредиттик тобокелдиги - бул, кардарлардын өздөрүнүн милдеттенмелерин келишимдин мөөнөттөрүнө жана шарттарына ылайык аткарбай коюу тобокелдиги.
Рыноктук тобокелдиги - рыноктук пайыздык ставкалардын, алмашуу курстарынын, акцияларга карата баалардын, кредиттик спреддин жана/же товарларга карата баалардын өзгөрүүсүнүн, алардын олку-солку болушунун натыйжасында, банктын активдери менен милдеттенмелеринин наркында жагымсыз өзгөрүүлөр болгон учурда, банк дуушар болуучу жоготуу ыктымалдыгы. Тобокелдиктин калган үч көмөкчү категориясы рыностук тобокелдик боюнча колдонулат жана төмөндөгүлөрдү камтыйт:
Баа тобокелдиги - бул, рыноктук баалардын өзгөрүүсүнүн натыйжасында банкка же анын кайсы болбосун туунду компаниясына (баланста же баланстан тыш) таандык болгон финансылык интрументтердин жана башка инвестициялардын же активдердин наркында терс өзгөрүүлөр болгон учурда банк дуушар болуучу жоготуу тобокелдиги. Тобокелдик рыноктогу иштердин дилерлик иштердин жана капитал, валюта жана товар рынокторунда позицияларды ээлеген иштердин натыйжасында келип чыгат.
Пайыздык чен тобокелдиги - бул, качан, банктын активдери жана милдеттенмелери төлөөнүн акыркы датасы боюнча, кайра баалоо датасына дал келбеген кырдаалдарда жө рыноктук пайыздык чендердин өзгөрүүсүнүн натыйжасында банк дуушар болгон жоготуу тобокелдиги
Валюта тобокелдиги - банктын өзүнүн иш-аракетин жүзөгө ашыруусунда чөтөлкө валюта курстарынын өзгөрүүлөрүнө байланыштуу чыгашалардын (чыгым тартуулардын) келип чыгуу тобокелдиги. Чыгашалардын (чыгым тартуулардын), ыктымалдыгы банктын валюта боюнча позицияларын нарктык мааниде кайра баалоодон келип чыгат.
Өлкө тобокелдиги - бул, четөлкө мамлекетинин же четөлкө мамлекетинин резидетинин төлөөгө жөндөмсүздүгүнүн же банктардын алдындагы өздөрүнүн милдеттенмелери үчүн финансылык тобокелдиктерге байланыштуу болбогон себептер боюнча жооп берүүнү каалабагандыктарынын натыйжасында чыгашалардын (чыгым тартуулардын) келип чыгуу тобокелдиги.
Өлкө тобокелдигини курамында төмөндөгүлөр каралат:
Которуу тобокелдиги - бул, жеке карыз алуучулардын өздөрүнүн милдеттенмелерин дебиторлор тарабынан көрсөтүлгөн өлкөдөгү четөлкө кредиторлоруна каражаттарды которуу боюнча финансылык же башка себептер боюнча чектөөлөрдү киргизүү сыяктуу, өкмөттүк аракеттердин натыйжасында аткарууга жөндөмсүз болушунан улам, банк же анын кайсыл болбосун туунду компаниясы дуушар болуучу тике жана кыйыр жоготуулар тобокелдиги. Өлкө тобокөлдигинин бул түрү жеке карызгер алуучуларга карата гана колдонууга ылайыктуу. Мисалы, которуу тобокелдиги өкмөт тарабынан валюталык чектөөлөрдү киргизүү учурунда дагы келип чыгат, бул карызгердин (бул жерде мамлекеттик эмес карызгер) милдеттенмесин келишимге ылайык төлөй албай калуусуна алып келет.
Суверенедүү тобокелдик – чет өлкө өкмөттүн өзүнүн милдеттенмелерин келишимде айтылган шарттарга ылайык төлөө жөндөмсүздүгүнүн же аны төлөөнү каалабагандыгынын натыйжасында банк же анын кайсыл болбосун туунду компаниясы дуушар боло турган мүмкүн болуучу тике жана кыйыр жоготуулар тобокелдиги. Суверендүү тобокелдик мисалы, четөлкө валютасы жетпей калганда же өзүнүн мамлекеттик карыздарын тейлөөнү каалабаган учурда келип чыгат.
Операциялык тобокелдиги - бул, банктын же анын туунду компанияларынын операцияларында тышкы окуяларга, персоналдардын катачылыктарына, көзбоемочулукка байланыштуу, ошондой эле контролдоо процесстеринин, жол-жоболорунун же системаларынын адекваттуу эместигинин жана бузулуусунун натыйжасында бүлгүнгө учуроолордон улам банк дуушар болуучу тике жана кыйыр чыгым тартуу тобокелдиги.
Ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдиги - олуттуу зыян тартып калбоо үчүн (б.а. активдерди сатып өткөрүү жолу менен гана ликвиддүүлүккө жетишүү, бул олуттуу жоготууга алып келет) өзүнүн милдеттенмелерин өз убагында аткарууа жөндөмсүздүгү учурунда банк дуушар болуучу жоготуу тобокелдиги. Ал каржылоо булактарындагы пландан тыш өзгөрүүлөрдү тескөөгө жөндөмсүздүктү камтыйт. Ошондой эле, банктын рыноктук шарттардагы өзгөрүүлөрдү таануудан же аларга маани берүүдөн баш тарткан учурда келип чыгат. булар активдердин наркында бат жана минималдуу чыгым менен сатылып кетиши жөндөмдүүлүгүнө таасир этет.
Абройду жоготуу тобокелдиги - бул, банк жана анын туунду компаниялары жөнүндө терс маанидеги коомдук пикирдин натыйжасында банк дуушар болуучу жоготуу тобокелдиги. Ал банктын жаңы өзара мамилелерди түзүү же учурдагы өзара мамилелерди колдоо жөндөмдүүлүгүнө таасир этет. Бул тобокелдик бактын сот түйшүктөрүнө тартылуу мүмкүнчүлүктөрүндө келип чыгат, ал финансылык жоготууларга алып келиши же анын абройуна көө сыйпашы мүмкүн.
Комплаенс-тобокелдиги – Кыргыз Республикасынын мыйзамдардын талаптарын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын, банк тарабынан кызмат көрсөтүүнүн тартибин аныктаган банктын ички документтерин, жана ошондой эле банктын иш-аракеттерине таасир көрсөткөн чет өлкөлөрдүн мыйзамдарынт банк жана анын жумушчулары тарабынан колжонбоонун натыйжасында пайда болгон мүмкүндүгү.
Фронт-офис - банктын бөлүмү, анын башкы функциясы банктын кардарлары менен бүтүмдөрдү келишүү болуп саналат.
Бэк-офис - банктагы бөлүм, анын башкы функциясы бүтүмдөрдү көмөкчү эсепке алуу жазууларында фронт-офистен алынган алгачкы документтердин негизинде каттоо болуп саналат.
Гэп - бул анын жардамы менен банк пайыздык чен тобокелдигин жана ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдигин өлчөй турган, пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө дуушар болгон же отчеттук мезгилдин ичинде төлөнүүгө таандык болгон банктын активдери менен милдеттенмелеринин көлөмдөрүн салыштырууга негизделген ыкма.
Стресс-тестирлөө - бул айрым, бирок боло турган окуялардын банктын финансылык абалына олуттуу таасир этүүсүн өлчөө ыкмаларынын тобу, жана тышкы чөйрөдө сыяктуу эле (мисалы, экономикадагы солгундоолор, пайыздык чендердин, курстун валютасынын өзгөрүүлөрү, мыйзамдарга өзгөртүүлөр ж.б.), банктын кардарлары менен контрагенттеринин иш аракетинде дагы (мисалы, банктын ири кардарларынын банкрот болушу, депозиттердин агылып чыгышы, тышкы факторлордун өзгөрүүсүнүн кардардын кредитке жөндөмдүүлүгүнө, ж.б.) терс өзгөрүүлөрдүн келип чыгышы учурунда банктын потенциалдуу жоготууларына баа берүүнүн аналитикалык каражаты (инструменти) болуп саналат.
Бэк (кайтарым) тестирлөө - анын жардамы менен банк тобокелдиктерди өлчөө боюнча өзүнүн жол-жоболорунун натыйжалуулугун банктын мурдагы бүтүмдөрү жөнүндө тарыхый маалыматтарды пайдалануу менен изилдей турган ыкма жана эсептешүү жыйынтыктарын мурдагы бүтүмдөрдүн учурдагы (иш жүзүндөгү) жыйынтыктары менен салыштыруу.
Концентрация тобокелдиги – бул конкреттүү инструментиндеги, айрым операциялардагы, конкреттүү экономикасынын секторундагы ресурстардын концентрациясынын натыйжасында чыккан жоготуу тобокледиги.
Өзүнчө жайгашкан маалыматтарды киргизүүдө жана иштеп чыгуу резервдик борбор (мындан ары МИРБ) – бул жогорку деңгээлдеги өндүрүмдүүлүгү жана сервистерди тартуулоо сапаты менен бизнес-процесстерди автоматизациялоону камсыздаган туруктуу комплекстүү централдык системасы.
Форс-мажордук жагдайлар – бул банктын эркинен көз каранды болбогон жаратылыш кырсыктарын (суу каптоо, жер титирөө, өрт жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), техникалык кырсыктарды, эпидемияларды, өзгөчө кырдаалдардын киргизилишин, массалык баш аламандыктарды, талап-тоноочулукту, аскердик аракеттер ж.б. сыяктуу окуяларды камтыган, бирок, чектелип калбаган жагдай күтүүсүз жагдайлар.
4. Банктын тобокелдиктерди тескөө системасы Улуттук банк тарабынан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баа берилет.
Бизнес план, эң аз дегенде, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык түзүлүүшүгө зарыл.
2. Тобокелдиктерди тескөөнү уюштуруу
5. Ушул жобонун талаптарынын чегинде банктар банктын Директорлор Кеңеши менен тобокелдиктерди тескөөнүн анын масштабына, керектөөсүнө жана жүргүзүлүүчү операцияларынын татаалдыгына ылайык концепцияларды жана саясаттарды иштеп чыгуулары жана бекитүүлөрү зарыл.
6. Банктын тобокелдиктерди тескөө боюнча концепциясы төмөнөдөгү аракеттердин милдеттүүлүгүн кароого тийиш:
1) Тобокелдиктерди аныктоо - бул туоуктуу негизде жүзөгө ашырылуучу процесс, ал күндөлүк тобокелдиктерди жана банктын иш-аракетинин кеңейүүсүндө жана жаңы банктык продуктыларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өздөштүрүү учурунда келип чыгуучу тобокелдиктерди аныктоого багытталууга тийиш.
2) Тобокелдиктерди өлчөө, бул ошол банктын тышкы жана ички шарттарын эсепке алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш. Тобокелдиктерди өлчөөнүн банк тарабынан пайдаланылуучу инструменттери банк тарабынан кабыл алынуучу тобокелдиктердин татаалдыгын жана деңгээлин чагылдырууга тийиш. Банк тобокелдиктерди өлчөөнүн ал тарабынан колдонулуучу инструменттерге мезгил-мезгили менен баа берүүсү зарыл.
3) Тобокелдиктерге контролдук. Банк саясаттарда, эрежелерде жана жол-жоболордо банктын кызматкерлеринин укуктарын жана жоопкерчиликтерин аныктоочу лимиттерди белгилөөгө жана жазып көрсөтүүгө тийиш. Контролдук чектөөлөр жөнгө салынууга б.а. банкта аталган лимиттерге саясаттарда белгиленген тартипте айрым учурларга жол берүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүктөрү болууга тийиш.
4) Банктын тобокелдиктердин деңгээлинө өз убагында баяндаманы камсыз кылуу үчүн тобокелдикке мониторинг. Тобокелдикке мониторинг боюнча отчеттор мезгилдүү, так, өз убагында болууга жана тиешелүү оңдоочу чараларды кабыл алуу үчүн банктын жооптуу кызматкерлерине берилүүгө тийиш.
7. Тобокелдиктерди тескөө концепциясын аныктоодо төмөндөгүлөр аныкталууга тийиш: банк же тобокелдиктин ар бир түрү үчүн өзүнчө саясаттарды иштеп чыгат жана кабыл алат же тобокелдикти тескөө боюнча бирдиктүү саясатты иштеп жана тобокелдиктерди тескөөнү башка ички саясаттарга камтыйт (мисалы, гредиттик жана инвестициялык саясаттарга, активдер менен пассивдерди тескөө боюнча саясатка, өтүмдүүлүк саясатына же башка саясаттарга).
8. Банктын тобокелдиктерди тескөөсү төмөндөгүлөр менен кошо, ар тараптуу жана банктын бардык деңгээлиндө бир учурда жүзөгө ашырылууга тийиш:
1) Стратегиялык деңгээл, бул Директолор Кеңешинин жана Башкарманын тобокелдиктерди аныктоо, тобокелдиктердин банк үчүн алгылыктуу болгон деңгээлин белгилөө, тобокелдиктерди тескөөнүн концепцияларын, жол-жоболорун аныктоо жана контролдоонун адекваттуу системасын түзүү сыяктуу функцияларын кучагына алат.
2) Банктын түзүмдүк бөлүмдөрдүн функцияларын, орто звенодогу жетекчилердин жана тобокелдиктерге баяндама берүүгө байланыштуу функционалдык бөлүмдөрдүн тобокелдиктерди тескөө боюнча иштерин камтуучу макродеңгээл.
3) Банктын атынан тобокелдикти кабыл алуучу жана операциялык жол-жоболорду, ички контролдуктун жол-жоболорун жана банк жетекчилиги тарабынан белгиленген башка нускоолорду сактоо менен чектелүүчү адамдардын иш-аракетин камтуучу микродеңгээл.
9. Банктын тобокелдиктерди тескөө боюнча концепциясы жалпысынан банк тарабынан кабыл алынуучу тобокелдиктерди кароону жана аларга баа берүүнү караштырууга, б.а. банк тарабынан жүргүзүлүүчү опөрацияларда тобокелдиктердин өз ара аракеттенүүсүн чагылдырууга тийиш.
10. Банктын бүтүндөй масштабындагы тобокелдиктерди кароо жана баалоо зарылчылыгы көзкарандысыз тобокел-менежеринин жана тобокелдиктерди тескөө боюнча түзүмдүк бөлүмдүн болушун талап кылат.
11. Тобокел менежери тобокелдиктерди тескөө боюнча банктын күндөлүк ишине жоопкерчиликтүү болот. Ири банктар менен учуруда тобокел менежерлери тарабынан башкарылуучу тобокелдиктерди тескөө боюнча түзүмдүк бөлүмдү түзүү сунушталат.
12. Тобокел менежери минимум, ай сайын Директорлор Кеңешине отчет берип турат. Учурдагы ишти жүзгө ашырууда жана чечимдерди ыкчам кабыл алуу үчүн тобокел-менежери банк Башкармасынын тобокелдиктерди тескөө үчүн жооптуу болгон мүчөсү менен тыгыз кызматташууга тийиш.
13. Тобокел менежеринин же тобокелдиктерди тескөө боюнча түзүмдүк бөлүмдүн иш-аракети банктын ички аудит кызматы тарабынан текшерүүгө алынууга тийиш. Ички аудит ушул бөлүмдүн ишин текшерүүнү банктын башка түзүмдүк бөлүмдөрүн текшерүүнү жүзөгө ашыргандай эле жүргүүгө тийиш. Ички аудитор текшерүүлөрдүн тиешелүү убактысын аныктайт. Адаттагы текшерүүгө кошумча, ички аудитор тобокел менежеринин ушул Жобонун 6 бөлүгүндө аныкталган өзүнүн тике милдеттерин аткаруусун текшерүүгө тийиш.
14. Тобокелдиктерди тескөө консолидациялык негизде жүзөгө ашырылууга жана Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан сыяктуу эле, анын чегинен тышкары иштеп жатышкан туунду ишканаларга колдонулууга тийиш.
3. Тобокелдикти тескөө боюнча Комитети
15. Тобокелдикти тескөө боюнча комитеттин (мындан ары Тобокелдиктер боюнча комитет) түзүлүшүнүн максаты банк тобокелдиктердин областындагы банктын иш аракеттеринин приоритеттүү багыттарын аныктоодо банк Директорлор Кеңешине жардам көрсөтүү жана тобокелдиктерди тийиштүү тескөө үчүн шарттарды түзүүдө жардам көрсөтүү.
16. Тобокелдиктер боюнча комитеттин компетенциясына, эң аз дегенде, төмөнкүлөр кирет:
1) Колдонулуп жаткан тобокелдиктерди тескөө системасынын эффективдүүлүгүнө баа берүү:
- тобокелдиктерди тескөө процеестерди аныктаган банктын ички документтерин анализдөө;
- тобокелдиктер боюнча башкаруу отчетторун анализдөө;
- тобокелдиктерди тескөө процесстерин маалыматтык жардам берүүнүн жетишдүүлүгүн анализдөө;
- жетишкен натыйжаларды тобокелдиктерди тескөө областындагы план менен салыштыруу;
- тобокледиктерди тескөө областындагы эң мыкты эл аралык практикасы менен салыштыруу.
2) Төмөнкүлөрдү кароо:
- Директорлор Кеңешине бекитүүгө аткаруучу органы тарабынан киргизилген банк тобокелдиктерди тескөө боюнча саясаттарды жана жоболорду;
- тобокелдиктердин маанилүү (барктуу) түрлөрү боюнча регулярдык отчетторду, банк лимиттердин абалды, стресс-тестирлөөнүн жыйынтыктарды.
3) Тобокелдиктерди тескөө системасын ишке ашыруу жана түзүү, банктагы тобокелдиктерди тескөө суроолору боюнча ички жана тышкы аудит менен сүйлөшүүнү/жолугушууну/совещаниени жүргүзүү үчүн жоопкерчилүктүү түзүмдүк бөлүктөр менен бирге аракеттешүү.
4) Банк Директорлор Кеңеши үчүн рекомендацияларды иштеп чыгуу/даярдоо:
- колдонулуп жаткан тобокелдиктерди тескөө системасынын эффективдүүлүгүн жогоруулатуу боюнча;
- бардык банк операиялар боюнча тобокелдиктерди чектөө насыясы жана башка банк келишимдери боюнча;
- тобокелдиктерди тескөө областындагы башка маанилүү суроолору боюнча.
5) Банк үчүн маанилүү болгон бардык банк тобокелдиктери, жана ошондой эле өзгөчө мааниси бар суроолор жөнүндө маалыматты банк Директорлор Кеңешине жеткизүү.
17. Тобокелдиктер боюнча комитеттин сандык курамын банк Директорлор Кеңеши тарабынан аныкталат жана анын саны үчтөн кем болбоосу зарыл. Милдеттүү түрдө тобокелдиктер боюнча комитеттин мүчөлөрү банк Директорлор Кеңешинин көз каранды мүчөлөрү болушу зарыл. Тобокелдиктер боюнча комитеттин төрагасы аудит боюнча комитетти башкарбаган Директорлор Кеңешинин көз карнады мүчөлөрдүн бири болушу зарыл.
18. Тобокелдиктер боюнча комитеттин мүчөлөрү жана анын төрагасы банк Директорлор Кеңешинин мүчөлөрү болуп алардын кийинки шайлоосуна чейинки мөөнөткө шайланат. Эгерде, алар банк Директорлор Кеңешинин курамынан чыкса, тобокелдиктер боюнча комитетинин жаңы мүчөлөрү шайланышы зарыл. Тобокелдиктер боюнча комитеттин мүчөлөрү саны жок числосу жолу шайланууга болот.
19. Тобокелдиктер боюнча комитеттин отуруму керектүүлүгүнө жараша, бирок 3 (үч) айда бирден кем эмес жолу уюштурулат, жана бардык каралган суроолорду, айтылган позицияларды камтыган протокол менен оформить этилет. Каралган суроо боюнча сунуштары бар болгон жана кабыл алынган чечимге каршы болгон тобокелдиктер боюнча комитеттин мүчөлөрүнүн ой-пикири добуш берүүсүндө билдирүү керек жана протоколдо көрсөтүү керек. Протокол тобокелдиктер боюнча комитеттин отурумда катышкан анын бардык мүчөлөрү жана ушул комитеттин секретари тарабынан кол коюшу керек. Отурумда катышпаган тобокелдиктер боюнча комитеттин мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол кою астында таанышуусу зарыл.
20. Тобокелдиктер боюнча комитети өзүнүн иш аракеттеринин жыйынтыгы жөнүндө отчетту керектүүлүгүнө жараша, бирок бир жылдла бирден кем эмес жолу Директорлор Кеңешине тартуулоо керек. Бул отчет Директорлор Кеңеши тарабынан тобокелдиктер боюнча комитеттин иш аракеттерин баалоо мүмкүнчүлүгү үчүн ушул комитеттин отчеттук убактагы иш аракеттерин толук жалпы жазуусун камтыш керек, жана ошондой эле негизги рекомендацияларды жана алардын аткарылышы жана аткарылбашы жөнүндө маалыматтты да камтыйт.
21. Тобокелдиктер боюнча комитети өз милдеттерин аткаруу үчүн, эң аз дегенде, төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) банктын түзүмдүк бөлүмдөрдөн өзүнүн ишин жүргүзүү үчүн керектүү маалыматты суроо жана алуу;
2) тобокелдиктер боюнча комитеттин отурумдарына бул комитеттин суроолоруна жооп берүү жана бул комитеттин негизделген кайсы болбосун талабы боюнча өз ара аракеттешүү үчүн банктын тиешелүү кызматчынын катышуусун талап кылуу;
3) тобокледиктер боюнча комитеттин ишине кайсы болбосун экспертин, анын ичинде банктын кызматчыларын, бул комитеттин төрагасынын чечими аркылуу тартуу;
4) тышкы уюмдардан профессионалдык кызматын алуу, же тобокелдиктер боюнча комитеттин компетенциясына тиешелүү суроолор боюнча өзгөчө билими бар эксперт (консультант) түрүндө үчүнчү жактарды Директорлор Кеңеши менен макулдашуу боюнча тартуу. Банк тышкы уюмдарга жана алардын кызматчыларына, жана эксперт (консультант) түрүндө тартылган үчүнчү жактарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдын талаптанган нормаларына ылайык ички минималдуу талаптарын иштеп чыгуусу зарыл.
22. Тобокелдиктер боюнча комитети керектөө убакта банктын башка комитеттери менен бирге жалпы отурум жүргүзөт. Комитеттердин жалпы отуруму алардын төрагалары өз ара макулдашуу аркылуу жүргүзүшөт.
23. Тобокелдиктер боюнча комитеттин мүчөлөрүнө өз милдеттерин аткаруу мөөнөттө банктын жылдык жалпы акционерлердин собраниесинин чечими аркылуу кошумча сый акылар сый акылар боюнча комитеттин жана сый акы боюнча банктын саясатынын пикирин жана талаптарын эске алуу менен берилиши мүмүкүн.
24. Ушул бөлүктүн талаптарынын аткарылбашы үчүн жоопкерчилигин банктын Директорлор Кеңеши көтөрөт.
4. Банктын Директорлор Кеңешинин жоопкерчилиги
25. Тобокелдиктерди натыйжалуу тескөөнү камсыз кылуу максатында банктын Директорлор Кеңеши тарабынан төмөндөгүлөр жүзөгө ашырылууга тийиш:
1) Банктын стратегиясын, банктын максатын, милдеттерин, уюштуруу структурасын жактырууну кошо алганда, банкта натыйжалуу корпоративдик тескөөнү жайылтуу, ошондой эле тобокелдиктерди тескөө боюнча банктын концепцияларын жана саясаттарын мезгил-мезгили менен кароо.
2) Банкта натыйжалуу ички контролдук системасын түзүү.
3) Банкта кызыкчылыктар боюнча пикир келишпестиктерге тиешелүү жалпы саясатты калыптандыруу.
4) Банк дуушар болгон олуттуу тобокелдикти аныктоо.
5) Банктын ишине таандык болгон тобокелдиктерди тескөө боюнча тиешелүү концепцияларды жана саясаттарды бекитүү жана банктын тобокелдиктерин диверсификациялоо боюнча иштерди жүргүзүү.
6) Банктын тобокелдиктерди тескөө боюнча концепцияларын жана саясаттарын мезгил-мезгили менен карап чыгуу.
7) Банк тарабынан тобокелдиктерди тескөөнүн үзгүлтүксүз, тиешелүү жана натыйжалуу процесстеринин жүзөгө ашырылышын, ошондой эле тобокелдиктерди тескөө боюнча саясатты сактоолорун дайыма контролдоп туруу.
26. Директорлор Кеңеши тобокелдиктерди тескөө, банктын ушул тобокелдиктерди тескөө боюнча чаралар менен бирдикте кабыл алган тобокелдик деңгээли үчүн жоопкерчиликтүү болот.
27. Директорлор Кеңеши Башкарма менен макулдук боюнча банктын тобокел-менежерин дайындайт жана анын милдеттерин аныктайт.
28. Директорлор Кеңеши тобокел-менежеринин Башкармадан көзкарандысыэдыгын аныктоого тийиш.
29. Директорлор Кеңеши тобокел-менежерде өзүнүн милдеттерин адекваттуу аткаруусу үчүн жетиштүү ресурстардын болушун камсыз кылууга тийиш.
30. Мыкты банк тажрыйбасын камсыз кылуу максатында, Директорлор Кеңеши тарабынан төмөндөгүлөр жүзөгө ашырылууга тийиш:
1) банкта адекваттуу көзкарандысыз ички аудитти камсыз кылуу үчүн жетиштүү ресурстарды бөлүп берүү жана бөлүштүрүү;
2) ички аудиттин банктык процесстердин, саясаттардын, контролдоо жол-жоболорунун сакталышын, ошондой эле бети ачылган кемчиликтерди жоюуу үчүн тиешелүү чаралардын кабыл алынышын дайыма текшерүүсүн камсыз кылуу;
3) гэп жана стресс-тестирлөөлөрдү кошо алганда, банкта тобокелдиктерди өлчөөнүн Башкарма тарабынан иштелип чыккан жана банк тарабынан тажрыйбалануучу ыкмаларын мезгил-мезгили менен карап чыгуу;
4) банктын мүмкүн болуучу тобокелдиктерге божомол жасоо жөндөмдүүлүгүнө Башкарманын баа берүү ыкмаларын жана жыйынтыктарын кароо;
5) Директорлор Кеңешине банктын иш-аракетинин бардык чабал жактары боюнча өз убагындагы жана так маалыматтарды, бети ачылган кемчиликтерди оңдоо жана аларды четтетүү боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүүнүн убактыларын белгилүү.
5. Банк Башкармасынын жоопкерчилиги
31. Башкарма банк дуушар болгон тобокелдиктерди Директорлор Кеңеши тарабынан бекитилиген концепцияларга жана саясаттарга ылайык тескөөнү жүзөгө ашырат.
32. Банк Башкармасы тобокел-менежеринин ишине башка структуралык бөлүмдөрдүн кийлигишпөөсүн камсыз кылууга жана тобокел менежеринин тобокелдиктерди тескөө боюнча милдеттерин аткаруу маселесинде ал менен толук кызматташууну камсыз кылууга жоопкерчиликтүү болот. Купуялуулугуна карабастан, кайсы болбосун маалымат тобокел-менежерине маалымдалууга тийиш.
33. Банк Башкармасы Директорлор Кеңеши тарабынан аныкталган укуктардын жана жоопкерчиликтердин белгиленишин, лимиттердин жалпы өлчөмүн кошо алганда, тиешелүү жол-жоболорду жана эрежелерди бекитүүгө жана зарылчылыкка жараша банктын тобокелдиктерин тескөө жол-жоболорун карап чыгууга (эң аз дегенде, жылына бир жолу) тийиш.
34. Банк Башкармасы төмөндөгүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) Күндөлүк жана/же келечектеги операцияларды жүргүзүүдө банк тике же бир же бир нече туунду компаниялары аркылуу дуушар болуп жаткан же дуушар болуучу тобокелдиктердин аныкталышын.
2) Банктын бир өнөктөшкө же эмитентке жана байланыштуу тараптардын тобуна же эмитенттерге карата дуушар болуп жаткан же дуушар болуучу тобокелдиктердин ар кандай түрлөрүн консолидациялык негизде өлчөнүшүн.
3) Бети ачылган тобокелдиктердин олуттуулугуна баа берилишин.
4) Директорлор Кеңешине олуттуу тобокелдиктерди тескөө, банкта тобокелдиктерди тескөөнүн үзгүлтүксүэ, адекваттуу жана натыйжабалуу процесстеринин бар экендигине баа берүүгө мүмкүндүк берүүчү жол-жоболорду кошо алганда, ушул тобокелдиктерди тескөө үчүн жол-жоболордун сакталышы жана контролдуктун камсыз болушу боюнча өз убагындагы, так жана толук отчеттордун берилишин.
5) Банк дуушар болгон тобокелдиктерди тескөө үчүн контролдуктун адекваттуу жана натыйжалуу жол-жоболорун мониторинг жүргүзүү, контролдоо жол-жоболорунун сактоо менен белгилөөнү.
6) Директорлор Кеңешине тобокелдиктерди тескөөнүн концепцияларына жана саясаттарына Башкарманын пикири боюнча зарыл болгон өзгөртүүлөргө тиешелүү сунуш көрсөтмөлөрдү өз убагында бөрүүнү.
35. Башкарма банктын тобокелдиктерин диверсификациялоо (бөлүштүрүү) саясатын алар трабынан жүргүзүлүүчү операциялардын түрү боюнча иштеп чыгууга тийиш.
6. Тобокел-менежеринин иш-аракети
36. Тобокел-менежери өзүнүн иш-аракетин банктын башка структуралык бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерине көзкарандысыз жүзөгө ашырат. Тобокел-менежери тобокелдиктерди тескөөдөн тышкары иштердин кайсы бир түрлөрү үчүн жоопкерчиликтүү болбойт.
37. Тобокел-менежеринин Директорлор Кеңеши тарабынан аныкталган милдети төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) банктын башка структуралык бөлүмдөрүнөн тобокелдиктерди тескөө максатында зарыл түрдө алынуучу орчундуу маалыматтарды аныктоо;
2) болгон маалыматтарды жыйноо, аларды анализдөө жана тобокелдүүлүк чөйрөсүн аныктоо;
3) Тобокелдиктерди бир мезгил ичинде аны салыштырууга мүмкүндүк берүүчү формада өлчөө;
4) Директорлор Кеңешине жана Башкармага тобокелдик боюнча позициялар жана анын тенденциялары жөнүндө маалымдоо жана бети ачылган тобокелдиктерди контролдоо жана төмөндөтүү чаралары жөнүндө сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү;
5) Директорлор Кеңешине жана Башкармага берүү үчүн тобокелдиктерди тескөө боюнча жогоруда аталган маселелерди камтуучу тиешелүү отчетторду даярдоо;
6) тобокелдиктерди тескөө боюнча ички саясаттарды иштеп чыгуу;
7) тобокелдиктерди тескөө системасындагы акыркы өнүгүү тенденциялары жөнүндө маалыматка ээ болуу жана банктын жетекчилигине жана кызматкерлерине банк ишиндеги тобокелдиктерди тескөөнүн өз убагындагы тажрыйбасы жөнүндө маалымдоо;
8) Директолор Кеңешинин же Башкарманын талабы боюнча тобокелдиктерди тескөө боюнча кайсы болбосун башка конкреттүү долбоорлорду жүзөгө ашыруу.
7. Кредиттик тобокелдик
38. Банк кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча Директорлор Кеңеши тарабынан бекитилген саясатка ээ болууга тийиш.
39. Кредиттик тобокелдик банктын ишинин тактап айтканда, оң жактуу жыйынтыктар карызгерлердин, кардарлардын банктын алдындагы макулдашмалар жана/же келишимдер тарабынан каралган милдеттенмелерин аткарууларынан көзкаранды болгон бардык түрлөрүндө болот.
40. Кредиттик тобокелдикти тескөөнүн максаты банктын кредиттик тобокелдикке дуушар болуу деңгээлин аныктоону, анын келип чыгуусунун себептерин түшүнүүнү жана кредиттик тобокелдикти болжолдоочу ички жана тышкы тенденцияларды аныктоону жана аны банктын тобокелдиктерди тескөө боюнча кредиттик саясаттары жана концепциялары тарабынан белгиленген деңгээлде колдоо үчүн тиешелүү чараларды кабыл алууну камтыйт.
41. Директорлор Кеңеши жана Башкарма кредиттик тобокелдиктерди тескөөнүн кредиттик тобокелдиктерди тескөөнүн жана мониторингдөөнүн бардык аспектилери боюнча укуктарды жана милдеттерди белгилөө менен так аныкталган кредиттик структурасын камтууга тийиш болгон натыйжалуу системасынын, ошондой эле орчундуу тобокелдиктерди аныктоого, баа берүүгө, контролдоого мүмкүндүк берүүчү тиешелүү инструменттерди жана алар боюнча отчеттун берилишин камсыз кылууга тийиш.
42. Кредиттик тобокелдик боюнча отчеттор Директорлор Кеңешине жана Башкармага Директорлор Кеңеши тарабынан бекитилиген формада жана мөөнөттө өз убагында берилүүгө тийиш, бул кредиттик тобокелдикти контролдоону жана мониторингдөөнү жүзөгө ашырууга жардам берет.
43. Банктын кредиттик операциялары банктын Директорлор Кеңеши тарабынан бекитилүүчү жана кредиттик тобокелдикти баланстык жана баланстан тыш статьялар боюнча кароочу анын ички кредиттик саясатына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
44. Кредиттик тобокелдиктерди тескөөнүн саясаты жана жол-жоболору маркетингди, кредиттик анализди жана кредиттерди жактырууну жүзөгө ашыруучу кызматкерлердин ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүнү караштырууга тийиш.
45. Кредиттик саясат банктын кызматкерлери кредиттерди берүү, тариздөө, тобокелдиктерди мониторингдөө жана тескөө боюнча иш-аракеттерде милдеттүү түрдө жетекчиликке алуучу стратегияларды, критерийлерди, параметрлерди жана жол-жоболорду аныктоого тийиш.
46. Кредиттик саясат өзүнө кредиттерди берүү боюнча алдын ала иштерди регламенттөөчү жоболорду, ошондой эле кредиттөө процессин камтууга тийиш. Кредиттик саясатта кредиттерди берүүгө тиешелүү болгон бардык негизги жоболор чагылдырылууга тийиш:
1) Кредиттөө/инвестирлөө боюнча ыйгарым укуктар - саясат банетын бардык кредиттик/инвестициялык адистери үчүн лимиттерди белгилөөгө жана ар бир адистин банктагы иш тажрыйбасына жана мөөнөтүнө негизделүүгө тийиш. Параметрлер белгиленүүгө тийиш, ал боюнча комитет же Директолор Кеңеши сыяктуу жогорку турган органдардын кредиттерди/инвестицияларды жактыруусу талап кылынат.
2) Кредиттерди жактыруу процесси - банк кредиттерди жактыруунун чечимдерди кабыл алууга чейин аткарылууга таандык болгон минималдык талаптардын тизмесин, дараметтүү карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгун аныктоо үчүн кредиттерди анализдөөнүн ыкмасын жана кредит боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу болгон кызматкерлердин, комитеттердин ыйгарым укуктарынын деңгээлин камтуучу так белгиленген процесске ээ болууга тийиш. Чечимдерди кабыл алуу учүн критерийлер жана процесстерди жүзөгө ашырууга көмөктөшүү максатында кредиттердин рейтинг системасы сыяктуу конкреттүү, инструменттер көрсөтүлүүгө тийиш. Күрөөлүк камсыз кылуунун наркы кредитти берүү жөнүндө чечим кабыл алууда жеке же негизги фактор болууга тийиш эмес.
3) Географиялык чектөөлөр - банкты соода чөйрөсү так аныкталууга тийиш, ал эми кредиттик/инвестициялык адистер бул чөйрөдөгү кредиттөө/инвестициялоо боюнча конкреттүү чектөөлөр жөнүндө билүүлөрү тийиш. Банктын алгачкы соода чөйрөсү анда кредиттөө/инвестициялоо учурунда басым жасалууга (артыкчылык берилүүгө) тийиш экендиги менен кайсы болбосун экинчи соода чөйрөсүнөн айырмаланып турууга тийиш. Белгилүү чектөөлөр же айрым учурулар өзүнчө саналып көрсөтүлүүгө тийиш.
4) Уруксат берилген кредиттердин/инвестициялардын түрлөрү - саясат банк жүзөгө ашыруучу кредиттердин/инвестициялардын түрлөрүн аныктоого жана белгилүү кредиттерди жана инвестицилярды берүүдө сактоого тийиштүү болгон нускоолорду камтууга тийиш. Кредиттердин/инвестициялардын түрлөрүн берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу банктын кредиттерди/инвестицияларды берүү боюнча адистеринин тажрыйбаларына (эксперттик билимдерине), банктын милдеттенмелерин төлөө структарасына жана банктын кардардык базаларынын кредиттерге болжолдуу суроо-талатарына негизделүүгө тийиш. Кредиттерди же инвестицияларды берүүдө банктын ликвиддүүлүккө муктаждыгына баа берилүүгө тийиш. Кредиттердин/инвестициялардын банкты мурда жоготууларга алып келген түрлөрү ушул саясаттын чегинде контролдонууга тийиш. Төлөөнүн жактырылган булактары дагы документтерде аныкталган жана чагылдырылган болууга тийиш.
5) Төлөөнүн максималдуу мөөнөттөрү - реалдуу графикти аныктоо үчүн саясат кредиттерди төлөөнүн нөгиздүү мөөнөттөрүн аныктоого тийиш. Төлөөнүн мөөнөттөрүн пландаштыруу төлөөнүн күтүлүүдөгү булактары, кредиттин максаттары, күрөөнүн пайдалуу иштетилиш мөөнөттөрү жана банктын каржылоо булактары менен байланыштуу болууга тийиш. Инвестициялар үчүн дагы төлөө мөөнөттөрүнүн параметрлери каралууга тийиш.
6) Кредиттин баасынын түзүлүшү - саясат кредиттин баасынын түзүлүшү боюнча башка факторлор менен катар карыздык каражаттардын наркын, кредитти тейлөөнүн наркын, кошумча чыгашаларды жана мүмкүн болуучу олуттуу чыгым тартууларды, ошондой эле банк үчүн алгылыктуу пайда табууларды эске алуу менен белгилүү нускалоочу көрсөтмөнү белгилөөгө тийиш.
7) Кредиттин жана күрөөнүн баалык наркынын максималдуу катышы - банктын персоналы ар бир берилген кредит үчүн талап кылынган жана алгылыктуу күрөөнүн көлөмүн жана түрүн аныктоочу так белгиленген параметрлерге ээ болууга жана аларга сарасеп салууга тийиш. Кредиттик саясат кредиттердин мөөнөтүн узартуу (пролонгация) учурунда мүмкүн болуучу кайра баалоо жол-жоболорун кошо алганда, баа берүү, баа берүүдө сактоого тийиш болгон стандарттык параметрлер үчүн жоопкерчиликти аныктоого тийиш. Ошондой эле кредит боюнча камсыз кылуу катары кабыл алынган күрөөнүн суммлары жана тиби боюнча лимиттер аныкталууга тийиш.
8) Кардардын документацияларына карата талаптар - карыз алуучулардан/кубаттуу карыз алуучулардан/дебиторлордон кредитти берүү (же инвестицияларды жүзөгө ашыруу) мөөнөтүнө чейин финансылык маалыматтарды берүү боюнча талапты жана алынуучу финансылык маалыматтарды жаңыртуунун мезгилине тиешелүү талаптарды камтууга тийиш. Финансылык отчеттуулукка тиешелүү талаптар юридикалык жактар сыяктуу эле, жеке адамдар үчүн дагы каралууга тийиш жана аудиторлор тарабынан бекитүү зарылдыгына тиешелүү жобону, жылдык жана мезгилдер аралык отчеттордун берилүүсүн жана баланстык отчет, табылган пайдалар жана тартылган чыгымдар жөнүндө, акча каражаттарынын кыймылдары жөнүндө ж.б. отчеттор сыяктуу отчетторду берүү боюнча талаптарды камтууга тийиш. Талаптар так аныкталууга жана аларды санкциялоо боюнча ыйгарым укуктарды көрсөтүү менен мүкүн болуучу (негизделген) айрым учурларды камтууга тийиш.
9) Кредитти анализдөө - бардык документацияларды ылгап алууда, кредит дыкаттык менен анализге алынууга тийиш. Саясат анализдин экономиканын секгоруна анализ берүүнү, жеринде катышууну кошо алганда, кардардын документациясына негизделүүгө таандык экендигин аныктоого тийиш. Кредитти анализдөө процесси маркетинг бөлүмүнөн көзкарандысыз жүргүзүлүүгө тийиш.
10) Чогуу алгандагы учурдагы (мөөнөтү өтүп кеткен) кредиттер/инвестициялар боюнча чектөөлөр - учурдагы кредиттер же инвестициялар боюнча кайсы болбосун чектөөлөр так аныкталууга тийиш. Мисалы, кредиттер менен депозиттердин, кредиттер менен капиталдын же кредиттер менен активдердин катышы боюнча чектөөлөр болушу мүмкүн. Мындай чектөөлөр инвестициялар жана баланстан тышкаркы статьялар үчүн каралууга тийиш.
11) Инсайдерлерге жана аффилирленген компанияларга берилген кредиттер боюнча чектөөлөр - инсайдерлерге же аффилирленген компанияларга учурдагы кредиттер же тике кредиттик алмаштыруучулар боюнча кайсы болбосун чектөөлөр так аныкталууга тийиш. Мындай операцияларды бекитүүгө карата ыйгарым укуктар саясатка камтылууга тийиш.
12) Кредиттердин концентрациясы (топтолушу) - саясат концентрацияны (географиялык белгиси, тармагы, валюта же башка факторлор боюнча) аныктоого жана кредиттик жана инвестициялык портфелдин ичинде тобокелдиктин Директорлор Кеңеши тарабынан белгиленген алгылыктуу деңгээлине негизделген диверсифкацияны кароого тийиш. Саясат концентрация тууралуу бардык маалымат мезгил-мезгили менен анализденип, Башкармага жана Директорлор Кеңешине берилүүсүн талап кылууга тийиш. Концентрация боюнча лимиттер банктын ыктыяры боюнча белгилениши мүмкүн, бирок Улуттук банк тарабынан белгиленген деңгээлдөн ашып кетпөөгө тийиш.
13) Кредиттерди/инвестицияларды кайтарып берүү жана алып салуу - саясат мөөнөтү өтүп кеткен кредиттерди/инвестицияларды аныктоого жана мөөнөтү өтүп кеткен кредиттерге же инвестицияларга карата зарыл түрдө кабыл алынуучу тиешелүү аракеттерди белгилөөгө тийиш. Мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер/инвестициялар үчүн отчеттуулукка карата талаптар дагы мөөнөтү өтүп кеткен жана алынып салынган бардык кредиттердин/инвестициялардын тизмелери Директорлор Кеңешине мезгилдүү берилүүгө тийиштүү экендиги жөнүндө жобону камтуу менен так аныкталууга тийиш. Банктын кредиттерге же башка активдерге пайыздарды кошуп эсептөбөө статусун берүү боюнча саясаты дагы так аныкталууга тийиш.
14) Тескөөчү информациялык систвма (БИС) - саясат кредиттик тобокелдиктин деңгээлин жана анын ички саясатка дал келүүсүн аныктоо үчүн кайсыл отчеттор генерирленүүгө, кимге жана кандай убакытта берилүүгө таандык экендигин так аныктоого тийиш.
15) Банктын активдерин классификациялоо - саясат активдерди жана баланстан тышкаркы статьяларды жобонун жана Улуттук банктын башка талаптарынын негизинде ички классификациялоонун системасын камтууга тийиш. Саясат активдерди кредиттик тобокелдиктин өлчөмүнө ылайык классификациялоо, учурдагы же кубаттуу чыгым тартуулардын ордун толтурууга резервдерди түзүү боюнча так нускоолорду камтууга, ошондой эле ички классификациялоо процессинин жыйынтыктарын Директорлор Кеңешине жана Башкармага берүү боюнча талаптар камтылууга тийиш.
16) Активдер боюнча чыгым тартуулардын ордун толтурууга карата резервдер - саясат активдерди жана тиешелүү баланстан тышкаркы статьяларды классификациялоо үчүн гана системага ээ болбостон, ар бир актив/баланстан тышкаркы статьяларды боюнча резервдерди алардын классификациялануусунун негизинде түзүүнү сактоо боюнча жобого да ээ болууга тийиш.
17) Проблемалуу активдерди тескөө-саясат проблемалуу активдерди/баланстан тышкаркы статьяларды тескөө бюонча системаны аныктоого тийиш.
18) Портфелге баяндама жана аны анализдөө - саясат анын банктын саясаттарына жана максаттарына дал келүүсүнө баа берүү максатында, банктын портфелине анализ берүүнүн мезгилин аныктоого тийиш.
19) Кредиттерди тескөө - саясат кредитти алууга табыштама берилген учурдан тартып, аны толук төлөө учуруна чейин кредиттерди тескөө боюнча системаны аныктоого тийиш.
20) Кредиттик файлдар - саясат анда камтылуучу маалыматтарга анализ берүүнүн жана жаңыртуунун мезгилин камтуучу кредиттик файлдарды киргизүү боюнча минималдык талаптар жөнүндө шарттарды камтууга тийиш.
21) Кредиттерди кароо - саясат ар бир кредитти өзүнчө кароо ситемасын аныктоого тийиш. Белгиленгенден ашык мөөнөткө берилүүчү кредиттер өзүнчө каралууга тийиш. Проблемалуу кредиттерди кароонун мезгили аныкталууга тийиш. Кредиттерди кароо кредиттерди анализдөөдөн жана кызмат көрсөтүүлөр маркетингинен көзкарандысыз жүргүзүлүүгө тийиш. Эгерде, кароо учурунда жол-жоблордо же методологияда айрым чабал жактар белгиленген болсо, анда Башкарма тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш.
22) Башкалар - зарылчылыкка жараша, саясат башка жоболор жана эрежелер менен толукталууга тийиш. Башка жоболор банкта тобокелдиктерди тескөө жана аларга контролдукту жүзөгө ашыруу максатында банктын башка структуралык бөлүмдөрү тарабынан сакталуучу белгилүү жол-жоболорду камтышы мүмкүн.
47. Банк тарабынан кредиттик тобокелдиктерди тиешелүү түрдө тескөөнү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кеңири мазмундагы саясаттар жана жол-жоболор кошумча иштелип чыгышы мүмкүн.
8. Рыноктук тобокелдик
48. Ар бир банк рыноктук тобокелдикти аныктоо жана контролдоо боюнча саясатка ээ болууга тийиш. Саясат банктын иш-аракетинин өлчөмүнө жана татаалдыгына жараша, ар кандай ыкмаларды караштырууга тийиш, бирок минималдык талаптар бардык банктар тарабынан сакталууга тийиш.
49. Банктар балуу кагаздар, финансылык иструменттер менен жүргүзүүчү операциялардын натыйжасында рыноктук тобокелдикке дуушар болушу мүмкүн.
50. Рыноктук тобокелдиктин үч көмөкчү категориясы бар: баа тобокелдиги, пайыздык чен тобокелдиги жана валюталык тобокелдик. Банктар тобокелдиктердин аталган көмөкчү категорияларын тескөө боюнча саясаттарга жана жол-жоболорго ээ болууга тийиш.
8.1. Баа тобокелдиги
51. Ар бир банк баа тобокелдигин аныктоо жана контролдоо боюнча комплекстүү жазуу жүзүндөгү саясатка ээ болууга тийиш. Саясат жана жол-жоболор тобокелдиктин өлчөмүн жана банк тарабынан жүргүзүлүүчү операцияларды караштырууга тийиш.
52. Баа тобокелдигин тескөө саясаты төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
1) Тобокелдиктин банк аны кабыл алууга даяр болгон алгылыктуу деңгээли - баа тобокелдигине дуушар болуунун натыйжасында келип чыккан тобокелдиктин алгылыктуу деңгээли боюнча, Директорлор Кеңеши тарабынан белгиленүүгө тийиш болгон лимиттер. Лимиттер активдердин жана милдеттенмелердин рыноктук наркын мүмкүн болуучу терс өзгөртүүлөрдү эсепке алууга тийиш.
2) Ыйгарым укуктардын жана жоопкерчиликтердин деңгээли банкта тобокелдиктерди аныктоо, баа берүү жана контролдоо үчүн жоопкерчиликтерди чектөө үчүн так аныкталууга тийиш. Баа тобокелдиктерин жактыруу боюнча чечимдерди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктардын деңгээли саясатка камтылууга тийиш.
3) Сапат жана кирешелүүлүк божомолу.
4) Бекитилген дилерлердин тизмелери - баалуу кагаздар боюнча квалификациялуу дилерлердин жана банк алар менен бүтүмдөрдү келишүүчү тараптардын тизмелери.
5) Баа тобокелдигин өлчөө системасы. Банктын рыноктук тобокелдигинин мүнөзүн, сапатын жана өлчөмүн баалоо, ошондой эле учурдагы жана болжолдуу тенденцияларга ылайык банк дуушар болуп жаткан жана же дуушар болуучу баа тобокелдигинин деңгээлинө баа берүү үчүн стресс-тестирлөө сыяктуу натыйжалуу ыкмаларды кароо зарыл.
6) Тескөөчү информациялык система. Саясат баа тобокелдигинин деңгээлин аныктоо максатында, кандай отчет түзүлүү, аны кимге жана кайсы убакытта берүү керектигин так аныктоого тийиш.
8.2. Пайыздык чен тобокелдиги
53. Пайыздык чен тобокелдиги төмөндөгүдөй жол менен аныкталышы мүмкүн:
- кайра баалоо тобокелдиги - бул пайыздык чендин өзгөрүү убактысы менен акча агымдарынын кыймылынын убактысынын ортосундагы айырмачылыктын натыйжасы, булар банктык активдерди, милдеттенмелерди жана баланстан тышкаркы статьяларды баалоодо жана төлөөнүн мөөнөттөрүн белгилөөдө келип чыгат. Кайра баалоо тобокелдиги адатта, пайыздык чен тобокелдигинин бир кыйла анык булагы болуп саналат;
- базистик тобокелдик - бул ар кандай финансылык рыноктордогу пайыздык ставкаларга карата өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгы. Качан, ар кандай финансылык инструменттер же индекстер үчүн рыноктук ставка активдердин жана милдеттенмелердин наркын аныктоо үчүн пайдаланылса жана ар кандай убакыттарда жана ар кандай суммаларга өзгөргөндө келип чыгат;
- ийрек кирешелүүлүк тобокелдиги пайыздык чендин төлөө мөөнөтүнө чейин олку-солку болушунун натыйжасында келип чыгат. Ал бир эле ошол индекстин же рыноктун ар кандай төлөө мөөнөттөрүндөгү пайыздык чендердин ортосундагы катыштарда өзгөрүүлөрдү алып келет;
- опциялык тобокелдик качан банк же банктын кардары активдердин, милдеттенмелердин же баланстан тыш инструменттердин акча агымдарынын көлөмүн жана убактысын өзгөртүү укугуна (бирок, милдеттенмесине эмес) ээ болгондо келип чыгат. Опциондор банк үчүн кирешелүүлүктүн асимметриялык тобокелдиктерине/профилдерине тез-тез дуушар кылат. Банктар банктардын опциондорду сатып алгандыгына же саткандыгына жараша, пайыздык чендердин жогорулоосунун жана төмөндөөсүнүн натыйжасында келип чыгуучу чыгымдарга дуушар болот.
54. Ар бир банк пайыздык чен тобокелдигин тескөө боонча саясатка ээ болууга тийиш, ал минимум төмөндөгүлөрдү кароого тийиш:
1) Жоопкерчиликтер жана ыйгарым укуктар деңгээли, булар банктын персоналы кайсы комитет/бөлүм пайыздык чен тобокелдигин тескөө боюнча саясаттардын жана жол-жоболордун жүзөгө ашырылышы үчүн жоопкерчиликтүү, пайыздык чен тобокелдигине мониторингди жана контролду жүзөгө ашыра тургандыгын, ошондой эле жаңы же колдонуудагы банктык продуктыларды же операцияларды берүүдө келип чыгуучу пайыздык чендин кубаттуу тобокелдиктерин аныктоого жооптуу экендигин, пайыздык чен тобокелдигин өлчөө системасын түзүү жана колдоо, стратегияларды түзүү жана аткаруу жана пайыздык чен тобокелдиги боюнча ички саясаттарга карата айрым учурларды жактыруу үчүн жоопкерчиликтүү экендигин түшүнүүсү үчүн так бөлүнүп көрсөтүлүүгө тийиш.
2) Пайыздык чен тобокелдигинин өлчөмүн мониторингдөө жана отчеттуулук системасы /ТИС. Директорлор Кеңеши сыяктуу эле, Башкарма дагы банктын пайыздык чен тобокелдигине тиешелүү отчетту эң жок дегенде квартал сайын, зарылчылыкка жараша бат-бат алып туруулары тийиш. Отчеттор банк тарабынан кабыл алынуучу пайыздык чен тобокелдигинин көлөмүнө кеңири баа берүүнү, банктын Директорлор Кеңеши тарабынан бекитилген тобокелдиктин белгиленген лимиттерине ылайык келүүчүлүктү жана тобокелдиктин алгылыктуу деңгээлин тескөөнүн стратегиясына ылайык келүүчүлүкттү камтууга тийиш.
3) Ички контролдоонун жол-жоболору, булар тйешөлүү түрдөгү контролдукту жүзөгө ашыруу максатында, Директорлор Кеңешине жана Башкармага маалыматтарды берүүгө багытталууга тийиш. Ыйгарым укуктардын, милдеттердин жана тобокелдиктердин лимиттеринин белгиленген так деңгээлдине кошумча, Директорлор Кеңеши жана Башкарма тобокелдикти мониторингдөө, аудиттин жана контролдоо функциялары үчүн адекваттуу ресурстарды берүүлөрү тийиш. Тобокелдикке мониторинг жана контролдук үчүн жоопкерчиликтүү болгон адамдар рыноктук тобокелдиктерди түзүүчү функцияларды аткаруучу адамдардан көзкарандысыз болуулары тийиш.
4) Тобокелдиктин алгылыктуу деңгээли, конролдоонун лимиттери - активдерди, милдеттенмелерди жана баланстан тышкаркы статьяларды кайра баалоодо ылайык келбөөчүлүктүн натыйжасында келип чыгуучу тобокелдиктин алгылыктуу деңгээли боюнча лимиттер, булар Директорлор Кеңеши тарабынан белгиленүүгө тийиш. Тобокелдиктердин өлчөмүнүн лимиттерин аныктоодо Директорлор Кеңеши жана Башкарма банктык стратегиялардын жана операциялардын мүнөзүн, анын иш-аракетинин мурдагы жыйынтыктарын, кубаттуу жоготуулардын ордун толтуруу үчүн кирешелүүлүктүн жана капиталдын алгылыктуу дең- гээлин эске алууга тийиш. Лимиттер пайыздык чендердеги мүмкүн болуучу терс өзгөрүүлөрдү, пайыздык чендердин болжолдуу олку-солкулугун эсепке алуулары тийиш. Максаттуу көрсөткүчтөр пайыздык чендердин өзгөрүүсүн кабылдоочу активдердин пайыздык чендердин өзгөрүүсүн кабылдоочу милдеттенмелерге карата катышын жана жалпы активдерге карата пайыздык катыштагы гэпти камтууга тийиш;
5) Тобокелдик деңгээлин өлчөөнүн ички системалары, булар банк тарабынан иштелип чыгууга жана аныкталууга тийиш, ошондой эле тобокелдиктин Директорлор Кеңеши тарабынан белгиленген алгылыктуу деңгээлине дал келүүчүлүгүнөө баа берүү максатында пайдаланылууга тийиш. Пайыздык чен тобокелдиги ар кандай мезгил убактысына карата абал боюнча өлчөнүүгө тийиш. Тобокелдикти өлчөө системалары белгилүү пайыздык чендерде банктын кирешелерине же капиталына кубаттуу тобокелдиктин таасирин аныктоочу стресс-тестирлөө сыяктуу, салыштырмалуу жөнөкөй дагы жана татаал дагы ыкмаларды караштырат.
6) Активдерди жана милдеттенмелерди төлөө структурасы.
Директорлор Кеңеши банктын активдери менен милдеттенмелерин төлөөнүн сунушталган структурасын белгилөөгө тийиш;
7) Пайыздык чен тобокелдигин контролдоо үчүн банк тарабынан пайдаланылуучу алгылыктуу инструменттер. Пайыздык своптор, хежирлөө инструменттери же деривативдер сыяктуу алгылыктуу инструменттердин пайдаланылуусу каралууга, ошондой эле мындай инструменттерди пайдалануу боюнча кайсы болбосун ички чектөөлөр так аныкталууга тийиш.
8.3. Валюталык тобокелдик
55. Ар бир банк валюталык тобокелдикти тескөө боюнча комплекстүү саясатка ээ болууга тийиш. Саясат банктын иш-аракетинин өлчөмүнө жана татаалдыгына жараша, ар кандай ыкмаларды караштырууга тийиш, бирок минималдуу талаптар бардык банктар тарабынан сакталууга тийиш.
56. Валюталык тобокелдикти тескөө боюнча саясат төмөндөгүлөрдү кароого тийиш:
1) Тобокелдиктин банк аны кабыл алууга даяр болгон алгылыктуу деңгээлин - бир валютадагы жана жалпысынан бардык валюталар боюнча таза ачык позициялардын баланста болбоосунун натыйжасында келип чыккан тобокелдиктин алгылыктуу деңгээли боюнча лимиттер. Потенциалдуу чыгым тартуулардын максималдуу деңгээлин белгилөө үчүн "stop-loss" (жоготууларды жоюу боюнча) жоболор. Бул лимиттер жеке трейдерлер үчүн дагы белгиленүүгө тийиш.
2) Тобокелдиктин деңгээлин өлчөө системасын - өлчөөнүн ички системалары банк тарабынан кабыл алынган тобокелдик деңгээлинин директорлор Кеңеши тарабынан белгиленген деңгээлге дал келүүчүлүгүнө баа берүү максатында, аныкталууга жана пайдаланылууга тийиш.
3) Валюталык активдердин структурасын - валюталык тобокелдиктин алгылыктуу деңгээлин белгилөөгө карата кошумча Директорлор Кеңеши валюталык активдердин (баланстык жана баланстан тыш) сунушталган структурасын дагы белгилөөгө тийиш;
4) Валюталык тобокелдикти контролдоо үчүн банктын жетекчилиги тарабынан пайдаланылуучу алгылыктуу инструменттерди - саясат тарабынан валюталык свопторду жана башка инструменттерди пайдалануунун алгылыктуу деңгээли так аныкталууга тийиш.
5) Ыйгарым укуктардын жана жоопкерчиликтердин деңгээлин булар валюталык тобокелдиктерди тескөө үчүн комитеттердин/бөлүмдөрдүн жоопкерчиликтерин белгилөө үчүн так аныкталууга тийиш.
6) Тескөөчү информациялык системанын сүрөттөлүп жазылышы:
- саясат валюталык тобокелдиктин деңгээлин аныктоо үчүн кандай отчет түзүлүүгө жана аны кимге жана качан берүүнүн зарылдыгын так аныктоого тийиш.
57. Стресс-тестирлөөнү жүргүзүүнүн мезгили - саясат рынокто олуттуу өзгөрүүлөр учурунда чыгымдарды аныктоо үчүн портфелди стресс-тестирлөөнү жүргүзүүнүн мезгили конкреттүү аныктоого тийиш.
9. Өлкө тобокелдиги
58. Ар бир банк которуу тобокелдигин жана суверендүү тобокелдикти кошо алганда, өлкө тобокелдигин тескөө боюнча Директорлор Кеңеши тарабынан бекитилген саясатка ээ болууга тийиш. Саясат банктын иш-аракетинин өлчөмүнө жана татаалдыгына жараша ар кандай ыкмаларды караштырууга тийиш, минималдуу талаптар бардык банктар тарабынан сакталууга тийиш.
59. Банктын өлкө тобокелдигин тескөө саясаты төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
1) Тобокелдиктин банк аны кабыл алууга даяр болгон алгылыктуу деңгээли, өлкө тобокелдигинин алгылыктуу деңгээли боюнча лимиттер Директолор Кеңеши тарабынан белгиленүүгө тийиш жана өзүнчө өлкө боюнча жө өлкөлөрдүн тобу боюнча аныкталууга тийиш. Суверендүү өлкөлөргө тикө же кыйыр (өкмөттүн кепилдиги астында сыяктуу) кредиттерди берүү боюнча чектөөлөр каралууга тийиш. Саясатка кошумча башка өлкөлөрдөгү тараптар үчүн тобокелдиктин суммасы боюнча кайсы болбосун чектөөлөр эсептелинүүгө тийиш.
2) Ыйгарым укуктардын жана жоопкерчиликтердин деңгээли, булар валюталык тобокелдиктерди тескөө үчүн комитеттердин/бөлүмдөрдүн жоопкерчиликтерин белгилөө чектелүүгө үчүн так аныкталууга тийиш.
3) Уруксат берилген финансылык инструменттердин түрлөрү. Финансылык инструменттердин (баланстык же баланстан тыш) бардык түрлөрү боюнча чектөөлөр белгиленүүгө жана аныкталууга тийиш.
4) Валюталар боюнча чектөөлөр. Валюталардын өлкөлөр боюнча тобокелдиктин уруксат берилген суммасы менен кайсы болбосун чектөөлөрү так аныкталууга тийиш.
5) Банктын башка өлкөлөрдөн кардарлары үчүн финансылык инструменттердин баасы боюнча талап. Саясатта башка өлкөнүн кардарларын кредиттөө үчүн баанын кошумча тобокелдикти эсепке алуу менен кандайдыр бир каалаган эсеби бар экендиги так чагылдырылууга тийиш. Мындан тышкары, башка өлкөлөрдөгү активдерге салуудан инвестицияларга кирешелүүлүктүн өсүшү талап кылына тургандыгы так аныкталууга тийиш.
6) Кредиттик рейтингдин ички жана тышкы системаларын (алдынкы рейтингдик системаларды пайдалануу) пайдалануунун зарылдыгы. Башка өлкөнүн кардарларын инвестирлөөгө же кредиттөөгө чейин кредиттик рейтинг системасын пайдалануунун зарылдыгы так белгиленүүгө тийиш. Минималдуу рейтингдер Директорлор Кеңешинин талабы боюнча белгиленүүгө тийиш.
7) Тескөөчү информациялык системанын сүрөттөлүп жазылышы.
Саясат өлкө тобокелдигинин деңгээлин дайыма контролдоо максатында кандай отчот түзүлүү керектигин жана аны берүүнүн мөөнөтүн так аныктоого тийиш.
10. Операциялык тобокелдик
60. Банк операциялык тобокелдиктерди тескөөнүн Директорлор Кеңеши тарабынан бекитилген саясатына ээ болууга тийиш.
61. Операциялык тобокелдик банктын иштеринин бардык продуктыларында жана түрлөрүндө болот.
62. Операциялык тобокелдиктердин келип чыгышына алып келүүчү окуялар ички көзбоемочулукту, тышкы көзбоемочулукту, ишке кабыл алуу тажрыйбасын жана жумуш ордунда коопсуздук техникасын сактоону, кардарлар менен иштөө тажрыйбасын жана банктык продуктыларды берүүнү, ишкердик тажрыйбаларын, иштин жүрүшүнүн бузулушу учурларын жана системалардын мүмкүн болуучу бүлгүнгө учуроолорун, материалдык активдердин бузулуш учурларын камтыйт.
63. Операциялык тобокелдикти тескөөнүн максаты кредиттик жана рыноктук тобокелдиктерди, ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө максаттарына окшош жана банктын операциялык тобокелдикке дуушар болуу деңгээлин, ошондой эле тобокелдиктин бул түрүнүн келип чыгыш себептерин аныктоо жана операциялык тобокелдиктерди четтетүүчү ички жана тышкы тенденцияларды аныктоо менен туюндурулат.
64. Операциялык тобокелдикти тескөө саясатын аныктоодо Директорлор Кеңеши төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) Башкарма менен бирдикте операциялык тобокелдикти тескөөнүн натыйжалуу системасынын болушун камсыз кылат, ал операциялык тобокелдикти тескөөнүн жана мониторингдөөнүн бардык деңгээлдери боюнча укуктарды жана милдеттерди белгилөө менен так аныкталган операциялык структураны, ошондой эле олуттуу тобокелдиктерди аныктоого, баалоого, контролдоого мүмкүндүк берүүчү тиешелүү инструменттерди камтууга тийиш.
2) Башкарма менен бирдикте банкка таандык болгон операциялык тобокелдиктин бардык категорияларынын кесепетин таанып билип, түшүнүп жана аныктоого тийиш. Мындан тышкары, операциялык тобокелдикти тескөө базасы операциялык тобокелдиктин бардык категорияларын камтыгыдай камсыз болууга тийиш.
65. Операциялык тобокелдикти тескөөнүн саясаты жана жол-жоболору банктын фронт жана бэк офистеринин ортосундагы милдеттердин бөлүштүрүлүшүн кароого тийиш.
66. Операциялык тобокелдикти тескөө боюнча саясат жана жолжоболор, булар операциялык тобокелдикти тескөөнүн ыкмаларын так аныктайт, бекитилүүгө жана банктын бардык кызматкерлерине маалымдалууга тийиш. Операциялык тобокелдикти тескөө боюнча саясат жана жол-жоболор банктын жалпы стратегиясына дал келүүгө жана тобокелдиктерди тескөөнү үзгүлтүксүз өнүктүрүү камсыз кылууга тийиш.
67. Банк Башкармасы операциялык тобокелдикти аныктоо, баалоо, контролдоо жана мониторингдөө процесстеринин банктын талаптарына ылайык келүүсүн, алардын белгилүү убакыт ичинде ыраатуулук менен пайдаланышын белгилөөгө, ал эми Директорлор Кеңеши буларды талап кылууга тийиш.
68. Банктар бардык материалдык продуктыларга, иш-аракеттерге, процесстерге жана системаларга таандык болгон операциялык тобокелдикти аныктоого жана баалоого, ошондой эле мындай тобокелдиктерди кабылдоону анытоого тийиш. Банктар операциялык тобокелдиктин потенциалдуу өлчөмүнө баа берүүнү кандайдыр бир жаңы банктык продуктыларды, иштердин түрлөрүн, процесстерди жана системаларды жайылтууга чейин камсыз кылууга тийиш.
69. Операциялык тобокелдик боюнча отчеттор Директорлор Кеңешине жана Башкармага Директорлор Кеңеши тарабынан бекитилиген формада өз убагында берилүүгө тийиш, бул операциялык тобокелдикти контролдоону жана мониторингдөөнү жүзөгө ашырууга жардам берет. Отчеттуулук минимум төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
1) Операциялык тобокелдиктердин түрлөрүнүн тизмеси, булар менен анын туунду компанияларын кошо алганда, банк дуушар болуп жатат же абдан дуушар болот.
2) Операциялык тобокелдикти өзүндө алып жүрүүчү окуялар жана аларды оңдоо боюнча белгиленген чаралар менен бирдикте мүмкүн болуучу проблемаларды;
3) Операциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча кабыл алынган чаралардын натыйжалуулугуна баа берүүнү;
4) Кайсы болбосун операциялык тобокелдиктердин бетин ачуу үчүн иштелип чыккан чараларды;
5) Анда операциялык тобокелдиктин пайда болуусу абдан ыктымал болгон проблемалуу жерди;
6) Операциялык тобокелдикти жоюу боюнча кабыл алынган кадамдардын жыйынтыктарын.
70. Директорлор Кеңеши операциялык тобокелдиктерди контролдоону жана минималдаштырууну жүзөгө ашыруу үчүн саясатты, ал эми Башкарма жол-жоболорду бекитүүгө тийиш. Айрым учурларда алар кредиттик же инвестициялык саясат сыяктуу башка саясаттарга камтылышы мүмкүн.
71. Операциялык тобокелдиктерди жоюу үчүн банктарда билинбеген жагдайлар боюнча жана билинбеген бүлгүнгө кабылуу учурунда үзгүлтүксүз иштөөнү жана жоготууларды минималдаштырууну камсыз кылуу үчүн иш-аракеттин үзгүлтүксүз жүзөгө ашырылышы боюнча пландарга ээ болууга тийиш. Пландар орчундуу маалыматтарды резервдик көчүрмөлөөнү, ошондой эле мындай резервдик маалыматтаарды өзүнчө жайда дайыма сактоону камтууга, бирок булар менен эле чектелил калбоого тийиш.
11. Ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдиги
72. Ар бир банк ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча саясатка ээ болууга тийиш.
73. Ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдиги банктын өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу үчүн ликвиддүү активдердин жетишсиздигинин натыйжасында келип чыгат.
74. Депозиттердин өзгөрүп туруучу структурасына ээ болгон банктар, ошондой эле активдердин өсүшүнүн жогорку деңгээлине ээ болгон банктар ликвиддүүлүкгү жоготуу тобокелдигинин абдан жогорку деңгээлине дуушар болушат.
75. Ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдиги өзүнчө каралбайт, анткени финансылык тобокелдиктер өзара жок кылуучу болуп саналбайт жана көп учурда ликвиддүүлүк тобокелдиги кредиттик жана рыноктук тобокелдик сыяктуу башка факторлордон улам да келип чыгышы мүмкүн.
76. Банктын ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдигин тескөө боюнча саясатта жана жол-жоболордо минимум төмөндөгүлөр чагылдырылууга тийиш:
1) Ликвиддүүлүк тобокелдигинин алгылыктуу деңгээли - ликвиддүүлүктүн алгылыктуу деңгээли боюнча лимиттер Директорлор Кеңеши тарабынан белгиленүүгө тийиш.
2) Ыйгарым укуктардын жана жоопкерчиликтердин деңгээли, булар банктын ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдиктерин аныктоо, баалоо жана контролдоо үчүн комитеттердин/бөлүмдөрдүн жоопкерчиликтерин белгилөө үчүн так чектелүүгө жана аныкталууга тийиш. Мындан тышкары, банктын иштешин камсыз кылуу үчүн жооптуу бөлүм банктын ликвиддүүлүккө муктаждыгын өлчөөгө тийиш.
3) Билинбеген кырдаалдарды пландаштыруу - банктын экинчилик каржылоо булактары боюнча пландарды кошо алганда, Директорлор Кеңеши тарабынан белгиленген деңгээлдерге ликвиддүүлүктүн дал келбөй калуусу учурунда так жана ылдам чаралардын кабыл алынышы каралууга тийиш.
4) Жактырылган кредиттердин тизмеси - альтернативалуу каржылоо булкатарын белгилөө үчүн жактырылган кредиттердин тизмелери аныкталууга тийиш;
5) Активдердин жана милдеттенмелердин структурасы. Жетиштүү ликвиддүүлүктү колдоп туруу максатында активдердин жана милдеттенмелердин оптималдуу катышы белгиленүүгө тийиш. Ошондой эле, активдерди жана милдеттенмелерди төлөө мөөнөттөрү боюнча жалпы стратегия каралууга тийиш.
6) Каржылоо булактары. Директорлор Кеңеши тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эсепке алуу менен банктын артыкчылык берилген, тиешелүү иш-аракеттерин, каржылоо булактары аныкталууга тийиш. Каржылоо булактарынын диверсификациялануусу каралууга тийиш.
7) Банктын экинчилик каржылоо булактары боюнча пландарын кошо алганда, билинбеген кырдаалрдарды четтетүү боюнча пландар, булар кризис учурунда же качан ликвиддүүлүк Директорлор Кеңеши тарабынан белгиленген деңгээлдерге дал келбей калган учурда, так жана ылдам чараларды кабыл алууну кароого тийиш.
8) Ликвиддүүлүктү өлчөө системалары. Учурдагы жана болжолдуу терс тенденциялар учурунда банк дуушар болгон ликвиддүүлүк тобокелдигинин деңгээлине баа берүү үчүн банктын келечектеги акчалай агымдарын болжолдоо ыкмалары аныкталууга тийиш.
9) Тескөөчү информациялык системанын сүрөттөлүп жазылышы. Ликвиддүүлүктүн деңгээлин дайыма контролдоону жүзөгө ашыруу максатында, саясат ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча жооптуу адамдарга берилүүчү отчеттун түрүн, мөөнөтүн так аныктоого тийиш.
12. Абройду жоготуу тобокелдиги
77. Абройду жоготуу тобокелдиги кардарлар жана коомчулук менен иш алып барууну кошо алганда, банктын бардык иш-аракеттеринде болот.
78. Аброй тобокелдигин тескөө үчүн өзүнчө саясат эле эмес, натыйжалуу корпоративдик башкаруу, дал келүүчүлүктүн комплекстүү саясаты, ички контролдук, ички аудит, тескөөчү информациялык системалардын артыкчылыгын пайдалануу болууга тийиш. Мындан тышкары, банктын стратегияларын, максаттарын жана милдеттерин бузбастан, банктын кардарларынын жана коомчулуктун муктаждыктарын канааттандырууга жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу зарыл.
79. Банктар көрсөтүлүүчү кызматтардын, операциялардын жана/же чечимдердин анын кызматтарынан пайдаланып жаткан коомчулукка жана кардарларга таасирлерин караштырууга жана эске алууга тийиш.
80. Банктын Директорлор Кеңеши төмөндөгүлөрдүн жүзөгө ашырылышын камсыз кылууга тийиш:
1) Тобокелдикти аныктоо - абройду жоготуу тобокелдигинин ички жана тышкы потенциалдуу булактарына объективдүү баа берүү жүргүзүлүүгө тийиш. Аныктама келечектеги жана учурдагы ишаракеттердин пландарына негизделүүгө тийиш. Банк тарабынан жүргүзүлүүчү негизги операциялар абройду жоготуу тобокелдигине өзгөчө баа берүүнү талап кылат.
2) Тобокелдикке баа берүү - банктын иш-аракетинин негизги багыттарына материалдык таасирлерди аныктоо үчүн бети ачылган тобокелдиктерге сандык жана сапаттык баа берүү.
3) Мониторинг/ТИС - отчеттор Директорлор Кеңешине банктын абройуна олуттуу коркунучтар жөнүндө маалымдоо үчүн мезгил-мезгили менен берилүүгө тийиш. Отчеттуулук кардарлардын даттануулары жөнүндө маалыматты, кайсы болбосун бүтө элек же кооптуу соттук териштирүүлөргө укуктук анализди, дал келбөөчүлүк боюнча проблемаларды жана банк үчүн абройду жоготуу тобокелдигинин кайсы болбосун башка потенциалдуу булактарын камтууга жана алар менен эле чектелип калбоого тийиш.
81. Тобокелдикти контролдоо - банк банктын абройуна доо кетирүү ыктымалдыгын төмөндөтүү үчүн контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш. Ага төмөндөгү жол менен жетишүүгө болот:
а) коомчулук менен байланыш бөлүмүн түзүү;
б) пресс-релиздерди жана жарнаамаларды аларды жайгаштыруунун алдында кароо боюнча талаптарды (юридикалык жана коомдук байланыштар бөлүмү менен) аткаруу;
в) банкка каршы соттук даттануулар менен иштөөнүн ыкмаларын аныктоо;
г) мыйзамдарга ылайык милдеттүү түрдө берилүүчү маалыматтарды эске албаганда, банк тарабынан кардарларга берилүүчү маалыматтардын түрлөрүн чектөө;
д) мыйзамдарга ылайык милдеттүү түрдө берилүүчү маалыматтарды эске албаганда, банктын өзү жөнүндө маалыматтардын түрлөрүн чектөө;
е) банктын кызматкерлери үчүн жүрүш-туруш кодексин кабыл алуу;
ж) банктын абройуна доо кетирүү ыктымалдыгын азайтуу үчүн тренингдерди өткөрүү;
з) банк үчүн алгылыктуу болгон башка чараларды кабыл алуу.
13. Комплаенс-тобокелдиги
82. Комплаенс-тобокелдигин тескөө системасын уюштуруу учурунда банк болуп жаткан рыноктук жагдайды анализдейт, банктын стратегиясын карайт, банктык операциялардын татаалдыгынын өлчөмүн жана деңгээлин баалайт жана комплаенс-тобокелдигин тескөө системасынын компоненттерин камтыган ички документтерди иштеп чыгат.
83. Комплаенс-тобокелдиги абройго доо кетишине, жаза-пулдардын салынышына же башка акчалардын төлөнүшүнө, банктын активдеринин наркынын төмөндөшүнө, ишкердик мүмкүндүктөрүнүн чектелүүсүнө, иш-аракеттерди кеңейтүү үчүн потенциалды төмөндөтүүгө жана бекитилген келишимдердин, контрактылардын шарттарынын аткарылбай калышына алып келиши мүмкүн.
84. Комплаенс-тобокелдигин төмөндөтүү максатында, банктар комплаенс-тобокелдигин тескөө боюнча саясаттарды, жол-жоболорду жана/же процесстерди бекитүүгө тийиш.
85. Банктын Директорлор Кеңеши банктын бардык деңгээлдеринде комплаенс-тобокелдиктерди аныктоонун жана башкаруунун негизминде негизги принциптерин камтыган комплаенс-саясатын иштеп чыгууга жооп берет.
86. Бактын Директорлор Кеңеши төмөндөгү процесстердин жүзөгө ашырылышын камсыз кылууга тийиш:
1) Тобокелдикти аныктоо - комплаенс-тобокелдигинин объективдүү баа берүү жана комплаенс-тобокелдигинин пайда болушуна алып келүүчү бузуулардын (окуялардын, келишимдердин) маанилүүсүн аныктоо жүргүзүлүүгө тийиш. Аныктама банктын келечектеги жана учурдагы иш-аракеттердин планына негизделүүгө тийиш.
2) Тобокелдикке баа берүү - банктын иш-аракетинин негизги багыттарына материалдык таасирлерди аныктоо үчүн бети ачылган тобокелдиктерге сандык жана сапаттык баа берүү.
3) Мониторинг/ТИС - отчеттор комплаенс-контролер/офицерлер тарабынан Директорлор Кеңешине дал келбөөчүлүк тобокелдиги жөнүндө маалымдоо үчүн керектүүлүгүнө жараша, бирок бир жылда бирден кем эмес жолу берилүүгө тийиш. Мыйзамдардын же жоболордун кайсы болбосун бузулуулары жөнүндө маалымат, Улуттук банктын комплаенс-тобокелдигине байланыштуу бардык каттары Директорлор Кеңешине берилүүгө тийиш. Директорлор Кеңеши комплаенс-тобокелдиги менен байланыштуу кемчиликтерди оңдоо боюнча чаралардын аткарылышын камсыз кылууга, мындай кемчиликтерди кайрадан пайда болуусун четтетүү максатында ички контролдук саясатына жана процесстерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш.
4) Тобокелдикти контролдоо - банк дал келбөөчүлүк тобокелдигин төмөндөтүү үчүн контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш.
Бул минимум төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
а) дал келбөөчүлүк тобокелдигин аныктоонун, өлчөөнүн жана мониторингдөөнүн зарылчылыгы;
б) дал келбөөчүлүк тобокелдигин чектөөгө көмөктөшүүчү корпоративдик манаданиятты жайылтуу;
в) мыйзамдын нормаларына, банктын саясаттарына жана жол-жоболоруна дал келүүчүлүк үчүн отчет берүүчүлүктү жана жоопкерчиликти так аныктоо;
г) бардык мыйзамдарга жана жоболорго ырааттуулук менен дал келүүчүлүктү камсыз кылуучу жол-жоболорду камтылган комплекстүү структураларды (пландарды) өнүктүрүү;
д) кайсы болбосун банктык жаңы продуктыларды же иш-аракеттердин түрлөрүн потенциалдуу дал келбөөчүлүк тобокелдиги боюнча анализдөөнү жүргүзүү боюнча талаптар;
е) ички аудит программасы мыйзамдарга, эрежелерге жана жоболорго дал келүүчүлүктү мезгилдүү текшерүүнү камтууга тийиштиги боюнча талап;
ж) банктын персоналдарын банктын бардык кызматкерлери мыйзамдардын, эрежелердин жана жоболордун банктын иш-аракетине таасир эте турган талаптарын билүүлөрү зарылдыгы үчүн дал келүүчүлүк маселеси боюнча окутуу;
з) Директорлор Кеңешинин пикири боюнча банкта дал келбөөчүлүк тобокелдигин төмөндөтүү үчүн зарыл болгон кайсы болбосун башка саясаттар, жол-жоболор же процесстер.
14. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо процесстерине банкты үндөө тобокелдиги
87. Ар бир банк кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо (мындан ары – КЛ/ТЭК) процесстерине банкты үндөө тобокелдигин тескөө боюнча Директорлор Кеңеши тарабынан бекитилген ички саясаты менен ээ болууга зарыл. Саясат банктын ишинин өлчөмүнүн жана татаалдыгынын көз карандысына байланыштуу тобокелдиктерди аныктоо, ачып көрсөтүү, баалоо, контролдоо жана азайтуу боюнча процедураларын эске алуусу зарыл, бирок минималдуу талаптары бардык банктар менен аткарылышы керек.
88. Ишке байланыштуу репутациясын бузууга, чараларды жана санкцияларды колдонууга, банктын активдеринин баасына терс таасир тийгизген ишке байланыштуу мүмүкүнчүлүктөрдү чектөөгө алып келген тобокелдиктерди азайтуу КЛ/ТЭК процесстерине банкты үндөө тобокелдигин тескөөнүн негизги максаты болуп саналат.
89. КЛ/ТЭК процесстерине банкты үндөө тобокелдигин тескөө боюнча саясаты тобокелдикке багытталган мамилесинде негизделүүшүсү зарыл жана төмөнкүлөрдү камтыш керек:
1) КЛ/ТЭК процесстерине банкка тиешелүү тобокелдиктерди эске алуу менен бирге банкты үндөө тобокелдигин тескөө системасын уюштуруу тартибин;
2) КЛ/ТЭК процесстерине банкты үндөө тобокелдигине жакындатылган деңгээлди эске алуу менен бирге банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн/кызматчылардын жоопкерчилик, укук жана функционалдык милдеттер деңгээлдерди аныктоо боюнча талабын;
3) КЛ/ТЭК процесстерине банкты үндөө тобокелдигин аныктоо, ачып көрсөтүү жана баалоо методдору, эң аз дегенде, төмөнкү компоненттерин:
- кардардын жана/же бенефициардык менчик ээлердин түрлөрлөрү жана типтери (укуктук билим формасы, резидентсвосу, иш аракеттердин түрлөрү, саясаттык статусу ж.у.с.);
- операциялардын түрлөрү (кредиттик, депозиттик, баалуу кагаздар менен болгон операциялар, чарбачылык жана башка);
- банктык продуктулары жана кызматы (банк тарабынан тартууланган бардык түрлөр жана кызматтар боюнча);
- иш чаралардын географиялык ареалы (регистрациянын/кардардын ишинин/кардардын контрагентинин/ кардардын контрагентинин тейлөө банкынын жайгашуусу).
4) КЛ/ТЭК процесстерине банкты үндөө тобокелдиктерди монитторинг жүргүзүү жана аныктоо тартиби.
5) КЛ/ТЭК процесстерине банкты үндөө аныкталган тобокелдиктердин тартиби жана мөөнөтү.
6) КЛ/ТЭК процесстерине банкты үндөө аныкталган жана банкка тиешелүү тобокелдигин азайтууга багытталган чараларды аныктоо.
7) КЛ/ТЭК процесстерине банкты үндөө тобокелдигин ачып көрсөтүүнүн жана аныктоонун натыйжасында фиксацияланган отчеттордо көрсөтүү тартиби.
90. КЛ/ТЭК процесстерине банкты үндөө тобокелдигин азайтуу боюнча эффективдүү тескөөнү жана кабыл алынган чараларды баалоо КЛ/ТЭК каршы аракеттенүү максатында эффективдүү ички контролду баалоо максатында банктын ички аудит службасы тарабынан жылда бирден кем эмес жолу жүргүзүлүшү керек.
15. Тобокелдиктин башка чөйрөлөрү
91. Бактын иш-аракетинде тобокелдиктердин башка дагы түрлөрү бар учурунда, банктын Директорлор Кеңеши аларды тобокелдиктерди тескөө боюнча өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде аныктоого жана тобокелдиктердин бул түрлөрүн тескөө боюнча саясаттарды бекитүүгө тийиш. Башкарма аларга карата жол-жоболорду жана процесстерди кабыл алууга тийиш Тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, мониторингдөө жана контролдоо сыяктуу минималдык талаптар тобокелдиктердин башка дагы түрлөрүнө таркатылууга тийиш.
Тиркеме
Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна
өзгөртүүлөр жана толуктоолор
1. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде рыноктук тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде рыноктук тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- жобонун аталышында жана бул жобого карата 1-тиркемесинде “финансы-кредиттик мекемелерде” сөздөрдү “финансы-кредиттик уюмдарда” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1.1.-пунктун төмөнкү редакциясында берилсин:
«1.1. Бул Жобо коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлектеттик өнүктүрүү банкка (мындан ары банктар) милдеттүү түрдө аткаруу үчүн рыноктук тобокелдикти тескөөнү уюштурууга карата минималдуу талаптарын түзөт.»;
- 1.2.-пункту төмөнкү редакциясында берилсин:
«1.2. Жобо орду менен иштелген банктык практикасына ылайык жана тобокелдиктерди тескөө системасына карата минималлуу талаптары боюнча банктар үчүн кошумча колдонмосу болуп саналган (1-тиркемесин кара) рыноктук тобокелдикти тескөө элементтерин жана принциптерин аныктайт, аларга, эң аз дегенде төмөнкүлөр кирет:
• рыноктук тобокелдикти тескөөнүн максаты жана тапшырмасы;
• рыноктук тобокелдиктин тийиштуу деңгээлин ачып көрсөтүү, баалоо, аныктооо жана рыноктук тобокелдиктин деңгээлине мониторинг жүргүзүү, анын ичинде консалидациялоо негизинде;
• рыноктук тобокелдиктин тийиштуу деңгээлин, анын ичинде контроль жана/же тобокелдикти азайтуусун да колдоо боюнча чараларды колдонуу;
• рыноктук тобокелдиктин суроолору боюнча маалыматтык камсыздоонун тартиби (бөлүмдөрдүн жана кызматкерлердин ортосундагы маалымат алмашуу тартиби, отчетту жана рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча башка маалыматты тартуулоо мөөнөт тартиби);
• финансы инструменттердин структурасынын, алардын саны жана баа көрсөткүчтөрдүн өзгөрүү, жаны технологиясын жана банктык операцияларын жана башка келишимдердин, башка финансы инновацияларын жана технологияларын жаңы рынокторго чыгуудагы ишке ашыруу шарттарын киргизүү жана иштеп чыгуу убактагы, рыноктук тобокелдикти тескөө тартиби;
• рыноктук тобокелдиктерди тескөөнүн негизги принциптерин ишке ашыруу жагындагы ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин Кеңешчи Директорлордун, аткаруу органдардын, бөлүмдөрдүн жана кызматкерлердин ортосунда бөлүштүрүү;
• рыноктук тобокелдикти эффективдуу тескөөнү контролдоону жүргүзүү тартиби.».
2. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде өлкөлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде өлкөлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- жобонун аталышында "финансы-кредиттик мекемелерде" деген сөздөрдү "финансы-кредиттик уюмдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1.1.-пункту төмөнкү редакциясында берилсин:
«1.1. Бул Жобо коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлектеттик өнүктүрүү банкка (мындан ары банктар) милдеттүү түрдө аткаруу үчүн өлкө тобокелдикти тескөөнү уюштурууга карата минималдуу талаптарын түзөт.»;
- 1.2.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«1.2. Бул Жобонун максаты которуу (трансферттик тобокелдик) жана суверендүү тобокелдикти кошо алганда, өлкөлүк тобокелдикти тескөөнүн адекваттуу системасын банктарда түзүү үчүн коммерциялык банктарда жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкында "Кыргыз айылчарба финансы корпорациясында" (мындан ары банктар) саясаттарга, жол-жоболорго жана ички контролдукка карата минималдуу талаптарды белгилөө болуп саналат, аларга, эң аз дегенде, төмөнкүлөр кирет:
• өлкө тобокелдиктти тескөөнүн тапшырмалары;
• өлкө тобокелдиктин тийиштуу деңгээлин ачып көрсөтүү, баалоо, аныктооо жана өлкө тобокелдиктин деңгээлине мониторинг жүргүзүү, анын ичинде консалидациялоо негизинде;
• өлкө тобокелдиктин тийиштуу деңгээлин, анын ичинде контроль жана/же тобокелдикти азайтуусун да колдоо боюнча чараларды колдонуу;
• өлкө тобокелдиктин суроолору боюнча маалыматтык камсыздоонун тартиби (бөлүмдөрдүн жана кызматкерлердин ортосундагы маалымат алмашуу тартиби, отчетту жана өлкө тобокелдикти тескөө боюнча башка маалыматты тартуулоо мөөнөт тартиби);
• финансы инструменттердин структурасынын, алардын саны жана баа көрсөткүчтөрдүн өзгөрүү, жаны технологиясын жана банктык операцияларын жана башка келишимдердин, башка финансы инновацияларын жана технологияларын жаңы рынокторго чыгуудагы ишке ашыруу шарттарын киргизүү жана иштеп чыгуу убактагы, өлкө тобокелдикти тескөө тартиби;
• өлкө тобокелдиктерди тескөөнүн негизги принциптерин ишке ашыруу жагындагы ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин Кеңешчи Директорлордун, аткаруу органдардын, бөлүмдөрдүн жана кызматкерлердин ортосунда бөлүштүрүү;
• өлкө тобокелдикти эффективдуу тескөөнү контролдоону жүргүзүү тартиби.»;
- 2.3.2.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«2.3.2. Суверенедүү тобокелдик – чет өлкө өкмөттүн өзүнүн милдеттенмелерин келишимде айтылган шарттарга ылайык төлөө жөндөмсүздүгүнүн же аны төлөөнү каалабагандыгынын натыйжасында банк же анын кайсыл болбосун туунду компаниясы дуушар боло турган мүмкүн болуучу тике жана кыйыр жоготуулар тобокелдиги. Суверендүү тобокелдик мисалы, четөлкө валютасы жетпей калганда же өзүнүн мамлекеттик карыздарын тейлөөнү каалабаган учурда келип чыгат.»;
- 4.10.-пункттундагы «мекемелер» деген сөздү «мекемелердин» деген сөзгө алмаштырылсын.
3. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлор жанан толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөгү» жобонун:
1) 1.1.-пукнтту томонку редакцияда берилсин:
«Бул Жобо коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлектеттик онуктуруу банкка (мындан ары банктар) милдеттүү түрдө аткаруу үчүн операциялык тобокелдикти тескөөнү уюштурууга карата минималдуу талаптарын түзөт.»;
2) 1.2-пунктундагы экинчи абзацтагы «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык» деген сөздөрдөн кийин «же "исламдык терезеси" бар» деген сөздөр менен толукталсын;
3) 2.2.-пункту томонку мазмундагы тортунчу абзац менен толукталсын:
«- форс-мажор жагдайы (суу каптоо, жер титирөө, өрт жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), техникалык кырсыктарды, эпидемияларды, өзгөчө кырдаалдардын киргизилишин, массалык баш аламандыктарды, талап-тоноочулукту, аскердик аракеттер ж.б.) сыяктуу окуяларды камтыган процесстерди, резервдик центрге жумушту которуунун тартиби жана персонал системасы менен бирге иштоо;»;
4) төмөнкү мазмундагы 2.9.-пункту менен толукталсын:
«2.9. Бардык банкта форсөмажордук жакдайлар пайда болуу учурундага штаттык функционалдык системасынын баттан кайрадан тургузууну камсыздоо үчүн өзүнчө жайгашкан маалыматтарды киргизүүдө жана иштеп чыгуу резервдик борбору (мындан ары МИРБ) милдеттүү түрдө болушу керек.
Өзүнчө жайгашкан МИРБ, эө аз дегенде, төмөнкү шарттарга дал келиши зарыл:
• МИРБдин жайгашуу шарттары Улуттук банктын чененмдик укуктук актыларында белгиленген маалыматтык коопсуздук талаптарына туура келиши керек;
• негизги центрдин сын көз болгон функциялардын (тийиштүү АПКсы, резервдик байланыш каналы, даярдалган канал, үзгүлтүксүз энергожабдуу) кайталоо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо.».
4. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 «Коммерциялык банктарда аудит боюнча Комитетти түзүүгө карата негизги Талаптар тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коммерциялык банктарда аудит боюнча Комитетти түзүүгө карата негизги Талаптардын:
1) 1.1. -пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«1.1. Бул негизги талаптар коммерциялык банктарга, ошондой эле ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды же “исламдык терезеси” бар, адистештирилген финансы-кредит мекемеси "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы, жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары банктар) милдеттүү түрдө аткаруу үчүн аудит боюнча Комитетке карата
негизги талаптарды уюштурууга карата минималдуу талаптарын түзөт.»;
2) 3.1.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«3.1. Комитет банктын акционерлеринин жалпы жыйналышы тарабынан бир жылдык мөөнөткө дайындала турган, көз карандысыз эки мүчөдөн турууга тийиш. Мында, көз карандысыздык төмөндөгүлөр Комитеттин мүчөлөрү боло алышпай 3.1. Комитет банктын акционерлеринин жалпы жыйналышы тарабынан бир жылдык мөөнөткө дайындала турган, көз карандысыз үч мүчөдөн турууга тийиш. Мында, көз карандысыздык төмөндөгүлөр Комитеттин мүчөлөрү боло алышпай тургандыгын билдирет:
- банк Башкармасынын мүчөлөрү жана банктын кызматкерлери;
- банктын акционерлеринин иш боюнча өнөктөштөрү;
- банктын директорлор Кеңешинин мүчөлөрү жана башка акционерлери.
Ушу менен бирге аудит боюнча комитеттин төрагасы милдеттүү түрдө тобокелдиктер боюнча комитеттин төрагасы болбогон банктын Кеңешчи директорлордун көз карандысыз мүчөлөрдүн бири болушу керек.».
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2017-жылдын___________ №___
токтомуна карата тиркеме
Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук
актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор
1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу, жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
аталышында «Жобонун жаңы редакциясын» деген сөздөр «Жобону» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 1 пунктунун «Жобонун жаңы редакциясы» деген сөздөр «Жобону» деген сөзгө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу, жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун:
- 1.1 пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«1.1. Бул Жобо, активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди (мындан ары текст боюнча - активдер) классификациялоо, ошондой эле жөнгө салуу жана көзөмөл максатында потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга тиешелүү резерв (мындан ары текст боюнча - РППУ) түзүү боюнча талаптарды белгилеп депозиттерди тартуу менен иш алып барууга укугу бар бардык коммерциялык банктарга, микрофинансылык компанияларга, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жана "Кредиттик союздардын финансы компаниясы" ААКсы адистештирилген финансы-кредиттик мекемесине (мындан ары текст боюнча - банктар) көзөмөл жүргүзүү жана жөнгө салуу максатында таркатылат.»
- 1.2 пункту күчүн жоготкон деп таанылсын;
- 1.6 пункту төмөнкү редакцияла берилсин:
«1.6. Кредиттик тобокелдик банктын кардарларынын (мындан ары - кардар) финансылык абалы, күрөөнүн сапаты менчиктин формасы боюнча кардардын түрү, тармактык тиешелүүлүгү, активдер боюнча гарантиянын бардыгы жана анын түрлөрү жана гаранттардын өздөрүнүн ишенимдүүлүгү, банктардын активдери боюнча мурда берилген милдеттенмелерди аткаруунун баа берүүсү, кардардын ишинин өнүгүшүнүн мындан аркы келечеги жана башка потенциалдуу факторлор менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Эскертүү: Ушул Жобонун 1.7. пункта келтирилген, банктын активдерин кайтарып берүү боюнча милдеттенмени мойнуна алган юридикалык жак же жеке адам ушул Жобонун максаттарына ылайык, бул жерде жана мындан ары текст боюнча банктын «кардары» деген сөз менөн берилет.»
- 3.6.-2. пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«3.6-2. Эгерде, карызгердин башка финансы-кредит уюмунун алдында орду жабылбаган карызы болсо, Банк тарабынан кредиттерди классификациялоону жүргүзүү учурунда ошол карызгердин кайсыл болбосун башка кредити боюнча кредиттик тартипти сактоосу эске алынышы зарыл. Ушуга байланыштуу кредиттик-маалыматтык бюро аркылуу же башка жол менен алынган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде, кардардан/карызгерден алынган маалыматтарга таянуу менен билдирмени кароо учурунда, кардардын башка финансы-кредит уюмунда кредиттеринин бар экендигине көз салып туруу зарыл. Андан ары, ал боюнча кредиттик келишимдин мөөнөтү бүтө элек кредитке кеминде жарым жылда бир жолу мониторинг жүргүзүү процессинде кардар башка финансы-кредит уюмунда кредитинин бардыгы жана ошол кредити боюнча ал тарабынан төлөө тартиби сакталгандыгы жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү. Мында бардык финансы-кредит уюмдары, карызгердин талабы боюнча башка финансы-кредит уюмуна берүү үчүн карызгердин кредит алгандыгы жана кредиттик тартипти так сактагандыгы жөнүндө маалыматтарды 3 иш күн ичинде берүүгө милдеттүү. Банк ошондой эле, карызгердин башка кредиттери, анын кредиттик тартипти сактоосуна тиешелүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегиндеги башка жолдор менен да алышы мүмкүн.»;
- 4.2 пунктунун 4.2.3 пункчасынын:
биринчи абзацында «(1-1)» сандары алып салынсын;
экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
«Эскертүү: ЕАЭСке мүчө болгон мамлекеттердин тизмеги: http://www.eaeunion.org/»;
- 5.1 пунктунун 5.1.2 пункчасынын бешинчи жана алтынчы абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:
«- карызгер-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, ошол банкта же башка финансы-кредит уюмунда кайсыл болбосун башка кредитинин негизги суммасы жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздар боюнча 30 күндөн ары созулуп кеткен, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо(*);
- карызгер-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, ошол банк же башка финансы-кредит уюмунун алдында кредиттин негизги суммасы жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздар боюнча 60 күндөн ары созулуп кеткен мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо жана баардык жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин бир гана төлөө булагы болсо(*). Бул жерде бир гана төлөө булагы дегенден улам, кредит берүү чечимин кабыл алууда финансы-кредит уюму тарабынан ошол адамдардын чогуу алгандагы кирешесин, анын ичинде ишкердиктен алган кирешесин түшүнүү зарыл;»
- 5.3 пунктунун 5.3.2 пунчасында:
сегизинчи абзацында:
((2) эскертүүнү караңыз) деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 токтому менен бекитилген «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомуна ылайык (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2003-жылдын 22-апрелинде катталган. Каттоо номери 37-03.)»;
- Жобо төмөнкү мазмундагы 5.4 пункту менен толукталсын:
«5.4. Классификацияланган активдерди классификацияланбаган категориясына которуу төмөнкү шарттар аткарылган учурда гана жол берилет:
- мөөнөтүндө төлөнбөгөн суммалар жок болсо;
- карызгерде реструктуризациялоо шарттарынын сакталбай калышына алып келген жагдайлар жок болсо.
«Шектүү» же «жоготуу» катары классификацияланган активдер боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн бардык карыз орду жабылган шартта, алар «субстандарттык» категориясына которулат.»;
- 7.6 пункту төмөнкү мазмунда берилсин:
«7.6. Банк, төмөнкү шарттар аткарылган болсо классификацияланган активди "байкоого алынган актив" категориясына которушу мүмкүн:
- мөөнөтүндө төлөнбөгөн суммалар жок болсо;
- акыркы үч ай ичинде төлөмдөр графикке ылайык өз учурунда толук төлөнсө;
- карызгерде реструктуризациялоо шарттарынын сакталбай калышына алып келген жагдайлар жок болсо.
«Шектүү» же «жоготуу» катары классификацияланган активдер боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн бардык карыз орду жабылган шартта, алар «субстандарттык» категориясына которулат.»;
- 7.7 пункту төмөнкү мазмунда берилсин:
«7.7. Ушундай кредиттер боюнча РППУ дисконтту минуска чыгаруу менен негизги карыздын суммасына түзүлөт.»;
- 10.8. пункту төмөнкү мазмунда берилсин:
«10.8. Борбордук банктардын жана өкмөттөрдүн баалуу кагаздары классификацияланбайт, бирок, ага карабастан банк бул мамлекеттердин Борбордук банктары жана өкмөттөрү төлөөгө жөндөмдүү, ал эми бул баалуу кагаздардын баалуулуктары транспоренттүү экендиги тууралуу тиешелүү болгон маалыматты сунуш кылууга тийиш. Мисалы, банктардын үстүнөн көзөмөл жана жөнгө салуу жүргүзгөн органы тарабынан таанылган рейтингдик агентствосу тарабынан берилген узак мөөнөттүү кредитке жөндөмдүүлүк рейтингин тастыктоо же башка финансылык маалымат.»;
- 13.9 пунктунан кийин «Эскертүү:» жана (1), (2), (3) абзацтары күчүн жоготкон деп таанылсын;
2. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/6 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө” жобонун:
- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«Жобонун таасири ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш жүргүзгөн банктарга, анын ичинде «ислам терезесине» ээ болгон банктарга, депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларга (мындан ары - банк) таркатылат.»;
- 17-2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«17-2. Эгерде кардардын башка финансы-кредит уюмдун алдында орду жабылбаган карызы болсо, анда банк активдерди классификациялоо учурунда үзүндү кредиттик тобокелдикти камтыган кайсы болбосун башка актив боюнча келишим шарттарынын кардар тарабынан сакталышын эске алууга тийиш. Ушуга байланыштуу, келип түшкөн билдирмени кароодо кредиттик-маалыматтык бюро же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде башка ыкмалар аркылуу алынган маалыматтарды пайдалануу менен кардардын башка финансы-кредит уюмдарынан алынган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдеринин бардыгына көз салып туруу зарыл. Андан ары, активге мониторинг жүргүзүү процессинде башка финансы-кредит уюмдарынан алынган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер тууралуу кардардан алынган маалыматтарды, ошондой эле ошол активдер боюнча келишим шарттарынын ал тарабынан сакталышына тиешелүү маалыматтарды эске алуу зарыл. Каржылоо келишиминде келишим колдонулган мезгил ичинде тиешелүү маалыматтарды жарым жылда кеминде бир жолу кардардын берип турууга милдеттүү экендиги да каралууга тийиш. Мында бардык финансы-кредит уюмдары кардар кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алгандыгы жана келишим шарттарын так сактап жаткандыгы тууралуу маалыматты башка финансы-кредит уюмуна берүүсү үчүн кардардын талабы боюнча 3 (үч) жумуш күнү ичинде ага берүүгө милдеттүү.»;
- 24-пункттун онунчу жана он биринчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:
«- кардар-жеке адам, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик максаттуу программалары боюнча каржылоого алынган активдерди эске албаганда, ошол банктан жана/же башка финансы-кредит уюмунан алган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган кайсы болбосун башка актив боюнча келишим шарттарын 30 күндөн ашуун убакыт аткарбай койсо;
- кардар-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин өмүрлүк жары, ата-энеси жана балдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик максаттуу программалары боюнча каржыланган активдерди эске албаганда, ошол банктан жана/же башка финансы-кредит уюмунан алган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган жана бир гана төлөө булагына ээ болгон активдер боюнча келишим шарттарын 60 күндөн ашуун убакыт аткарбай койсо. Бул жерде кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин бир эле төлөө булагы дегенден улам, финансы-кредит уюму активдерди берүү чечимин кабыл алууда эске алган, ишкердиктен түшкөн кирешени кошо алганда, жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын чогуу алгандагы кирешесин түшүнүү зарыл.»;
- Жобо төмөнкү мазмундагы 26-2-пункт менен толукталсын:
«26-2. Активдерди классификацияланбаган активдер категориясына которуу төмөнкү шарттар аткарылган учурда гана ишке ашырылат:
- мөөнөтүндө төлөнбөгөн суммалар жок болсо;
- кардар акыркы үч ай ичинде төлөмдөрдү графикке ылайык өз учурунда толук төлөгөн болсо;
Мөөнөтүндө төлөнбөгөн бардык карыздардын орду жабылган шартта, «шектүү» же «жоготуу» катары классификацияланган активдер «субстандарттык» категориясына которулат.»;
- 34-4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«34-4. Банк, төмөнкү шарттар аткарылган болсо классификацияланган активди «байкоого алынган актив» категориясына которушу мүмкүн:
- мөөнөтүндө төлөнбөгөн суммалар жок болсо;
- акыркы үч ай ичинде төлөмдөр графикке ылайык өз учурунда толук төлөнсө;
- кардарда реструктуризациялоо шарттарынын сакталбай калышына алып келген жагдайлар жок болсо.
Мөөнөтүндө төлөнбөгөн бардык карыздардын орду жабылган шартта, «шектүү» же «жоготуу» катары классификацияланган активдер «субстандарттык» категориясына которулат.»;
- 34-5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«- Реструктуризацияланган активдер боюнча РППУ баланстык наркысына түзүлөт.»;
- 40-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«40. Борбордук банктардын жана чет мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чыгарылган баалуу кагаздары, эгерде банк бул, мамлекеттердин борбордук банктары жана өкмөттөрү төлөөгө жөндөмдүү, ал эми бул баалуу кагаздардын баа түзүлүшү транспоренттүү экендиги тууралуу тиешелүү болгон маалыматты сунуш кыла алган шартта классификацияланбайт. Мисалы, банктардын үстүнөн көзөмөл жана жөнгө салуу жүргүзгөн органы тарабынан таанылган рейтингдик агентствосу тарабынан берилген узак мөөнөттүү кредитке жөндөмдүүлүк рейтингин тастыктоо же башка финансылык маалымат.».
3. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы №6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө жобонун:
- 1 пункту төмөнкү мазмунда берилсин:
«1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" жана "Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык финансылык отчеттун компонентин, мазмунун жана анын коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, "Кредиттик союздардын финансы компаниясы" ААКсы адистештирилген финансы-кредиттик мекеме, банктык топтун башкы компаниясы(*) тарабынан түзүлүшүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары - Улуттук банк) берилишинин негизги эрежелерин аныктайт.
"Банктык топтун финансылык отчету банктык топтун башкы компаниясы тарабынан консолидацияланган негизде сунушталат (мындан арыбанктык топтун консолидацияланган финансылык отчету).
Консервациялоо режиминде турган банк да, убактылуу жетекчилик астында турган банк да финансылык отчеттуулугун ушул Жобого ылайык даярдап берүүгө тийиш.
Ушул Жобонун талаптары башкы компанияларга - Кыргыз Республикасынын резденттерине таркатылат.»;
- 6 пунктунан кийин «(*) Ушул Жобонун талаптары башкы компанияларга- Кыргыз Республикасынын резденттерине таркатылат.» деген абзацы күчүн жоготкон деп таанылсын.»
- 28 пунктунун экинчи абзацы төмөнкү мазмунда берилсин:
«- өтүп жаткан мезгил аралыгынын акырына карата жана отчеттук мезгилден мурдагы финансы жылынын ушул эле мезгили үчүн жана мурдагы отчеттук финансылык жылдын акырына карата абалга ылайык, финансылык абал жөнүндө отчетту;
Эскертүү: Аралык мезгил - бул, узактыгы финансылык жылдан кыскараак болгон отчеттук мезгил.»;
- 64 пунктунун «б» пунктучасы төмөнкү мазмунда берилсин:
«б) өздүк капиталдын ар бир компоненти - бул, ретроспективдүү колдонуунун же ретроспективдүү кайрадан эсептөөнүн таасир этүүсү. Мында, эсепке алуу саясатында келип чыккан өзгөрүүлөр боюнча жана каталарды оңдоодон улам, өздүк капиталдын ар бир компонентин суммардык корректировкалоо боюнча маалыматты өзүнчө ачып көрсөтүү зарыл.
Эскертүү: ФОЭСтин «Эсептик саясат, бухгалтердик эсептешүү баа берүүлөрүндөгү өзгөртүүлөр жана кетирилген каталар» деген 8-стандартында каралган талаптарга ылайык ишке ашырылат.»
- 67 пунктунун «б» пунктучасынын «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Жобо төмөнкү мазмундагы 72-1 жана 72-2 пунктулары менен толукталсын:
«72-1. Отчеттук датага Улуттук банкынын ченемдик укуктук акларында коюлган талаптарына ылайык банктарга жана кардарларга финансылык ижарага, кредиттерге кошулган пайыздарга жана активдерге жасалган РППУнун өлчөмүн эскертүүдө көрсөтүү керек.
72-2. Отчеттук датага регулятивдик отчеттун алкагында кирешени/тартылууну Чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчетто жана Финансылык абал жөнүндө отчетто милдеттүү түрдө эскертүүдө көрсөтүү керек.»;
- 74 жана 75 пунктары төмөнкү мазмунда берилсин:
«74. Финансылык отчетто көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча жана Кыргыз Республикасынын банктын мыйзамы боюнча финансылык отчеттун шексиздигин, жетишердиктигин, эсеп документтери жана сактоосу боюнча Банктын Башкармасынын Төрагасы жоопкерчиликти алат.
75. Финансылык отчетто бухгалтердик операцияларды жана окуяларды туура көрсөтүү боюнча, финансылык отчетту жана бухгалтердик эсептөөнүн регистирин тиешелүү сактоо боюнча банктын башкы бухгалтери жоопкерчиликти алат.»;
- 75 пунктунан кийин (1) жана (2) азбацтары күчүн жоготкон деп таанылсын;
- Жобо төмөнкү мазмундагы 76 пункту менен толукталсын:
«76. ФОЭСке киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жарыяланып, колдонууга киргизилсе, алар банк тарабынан Жобого кошумча катары колдонулсун.».
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан
банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндөгү
ЖОБО
Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (мындан ары - Улуттук банк) коммерциялык банктарга, анын ичинде операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан, «ислам терезесине» ээ банктарга, жана «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсы адистештирилген финансы-кредиттик мекемесине карата таасир этүү чараларын колдонуунун тартибин белгилөө бул Жобонун максаты болуп саналат. Бул жобо, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» Мыйзамда каралган, өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылат.
Банк тутумунун туруктуулугун колдоо, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү, банктык кызмат көрсөтүү рыногунда монополиялык ишкердикке тыюу салуу, аманатчылардын таламдарын жана банктык кызматтардан пайдалануучулардын укуктарын коргоо жана көйгөйлөргө коррективдөө кылып тез арада кийлигишип жок кылуу менен Улуттук банктын банктарга карата таасир этүү чараларын колдонуунун максатынан болуп саналат.
Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган негиздерде жана тартипте колдонулат. Таасир этүү чаралары ырааттуу тартипте сыяктуу эле, жол берилген кемчиликтердин мүнөзүнө, түрүнө жана банктын финансылык абалына жараша иргеп колдонулушу мүмкүн. Банктарга таасир этүү чараларынын тартибин жана түрүн, максатка ылайыктуулугун Улуттук банк өз алдынча аныктайт.
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө», «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Мыйзамдарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген аракеттерге жол берүү, банктардын акционерлеринин жана кызмат адамдарынын мыйзам актыларынын талаптарын бузууга алып келген аракеттери (аракетсиздиги) Кыргыз Республикасынын банк тутумунун ишинин бузулушуна жол бергендик катары эсептелинет.
1 Глава. Таасир этүү чараларынын жалпы жобосу
1. Таасир этүү чараларына төмөнкүлөр кирет:
1) жазма буйруктар;
2) айыптык төлөмдөр;
3) талаптар;
4) экономикалык ченемдерди жана талаптарды жогорулатуу жөнүндө;
5) төмөнкүлөргө чек коюу же тыюу салуу;
6) кызмат адамдарын иштен четтетүүгө же бошотууга, башкаруу органдарын алмаштырууга;
7) атайын режимди киргизүүгө:
8) лицензияны кайра чакыртып алуу.
2. Банкка карата тигил же бул таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндөгү чечим төмөнкүлөрдү эске алуу менен кабыл алынат:
1) банктардын Жобонун 3-Тиркемеде келтирилген капиталдын шайкештиги (адекваттуулугу) боюнча классификациясы;
2) ошондой эле, төмөнкү факторлорду:
- бузууларга жол берүүнүн мүнөзү жана анын банк ишине тийгизген таасирин;
- мыйзам бузууларга дайыма жана узак убакыттан бери жол берип келүү фактысы;
- банктын финансылык абалына келтирилип жаткан коркунуч;
- жол берилген кемчиликтердин кесепетинен банк дуушар болгон чыгымдардын өлчөмү;
- банктын кызмат адамдарынын жол берилген кемчиликтер жөнүндө канчалык деңгээлде билгендиги;
- банктын кызмат адамдарынын келип чыккан көйгөйлүү пробле маларды чечүүгө жөндөмдүүлүгү;
- атайлап кемчиликтерге жол берүү фактысы, ошондой эле банк менен байланыштуу жактардын (инсайдерлердин жана аф филирленген жактардын) жол берилген кемчиликтерге жеке кызыкдар (моралдык жана материалдык) болгондугунун орун алышы/орун албашы;
- операциялык иште жана ички контролдук системасында орун алган олуттуу проблемалар;
- банктын Директорлор кеңеши жана/же Башкармасы тарабы нан бекитилген ички жол-жоболордун жана саясаттардын та лаптарынын сакталышы;
- буга чейин банкка карата кемчиликтерге жол бергендиги үчүн таасир этүү чаралары колдонулганбы;
- банктын аткаруучу кызмат адамдарынын олуттуу проблемалардын бардыгын таанышы;
- банктын кызмат адамдары же олуттуу катышуучулары Улуттук банктын буга чейинки сунуш-көрсөтмөлөрүн жана/же талаптарын аткарышканбы;
- кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер жөнүндө мыйзамды бузуу менен жүзөгө ашырылган иштердин же операциялардын мүнөзү, саны жана көлөмү.
4. Бузуулар табылгандан кийин 12 (он эки) айдан кем эмес убакытта Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары аткарылышы мүмкүн.
5. Жол берилген катачылыктарды четтетүү боюнча банктын өз эрки менен милдеттенме алуу мүмкүнчүлүгүн кароого Улуттук банктын укугу бар.
6. Банктын өз эрки боюнча милдеттенмелерине төмонкүлөр кирет:
1) көзөмөл органынын банкка карата алдынала көргөн иш-аракетинин чегинде айтылган сын-пикирлерди четтетүү;
2) банктын милдеттенме алуу катын Улуттук банкка жөнөтүүсү
3) кат жүзүндө түзүлгөн келишимге кол коюу.
7. Улуттук банк банкка кат жүзүндө эскертүүнү жүргүзүүгө укуктуу. Кат жүзүндө эскертүү, Улуттук банктын таасир этүү чарасы болуп саналбайт жана банк белгилүү бир ченемдерди жана эрежелерди бузуп же болбосо кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер боюнча мыйзамдардын жана/же ченемдик укуктук актылардын жоболору анын туруктуу жана ишенимдүү иштеп кетүүсүнө коркунуч туудурган ишти жүргүзүп жаткандыгын жана эгерде буга учурунда көңүл бурбаса банкка карата тиешелүү таасир этүү чаралары колдонула тургандыгы тууралуу ага билдирип коюу зарылчылыгы келип чыккан учурда гана жөнөтүлөт. Кат жүзүндө эскертүүлөр Улуттук банктын көзөмөл блогунун түзүмдүк бөлүмдөрү же банктык көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнүн кол тамгасын койдуруу менен жөнөтүлөт.
3 Глава. Банк ишин, анын иш-аракетин (аркеттенбей коюусун) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары таануу
9. Банктын аманатчылары, анын башка кредиторлору, акционерлери же бүтүндөй банк тутуму үчүн айкын коркунучту, олуттуу жоготуулар же чыгым тартуулар ыктымалдыгын жараткан банк иши, иш-аракеттери (аракеттенбей коюулары) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары эсептелинет.
10. Улуттук банк төмөнкүлөргө баа берүүгө таянуу менен ар бир учурда алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбаны өз-өзүнчө аныктайт:
- аны коштоп жүргөн факторлорго жана жагдайларга;
- аманатчылардын каражаттары, банк жана/же бүтүндөй банк тутуму үчүн орун алган потенциалдуу коркунучтарга.
11. Алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага чегерүүгө боло турган банк ишинин, иш-аракетинин (аракеттебей коюусунун) бир же бир нече белгилеринин орун алышы да алар ушул жобого карата 1-тиркемеде келтирилген жана булар менен гана чектелип калбайт жана кооптуу банктык тажрыйбаны аныктоодо Улуттук банк үчүн негиз боло алат.
12. Банктар алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылууга тийиш эмес.
13. Улуттук банк иши алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары таанылган кайсы болбосун банкка карата, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, лицензияны кайтарып алууга чейинки таасир этүү чараларын колдоно алат.
15. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн тарабынан сунушталган маалыматтардын негизинде банктын ишин, иш-аракеттерин (аракеттенбей коюуларын) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары тааныйт.
16. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети/Улуттук банктын Башкармасы аныкталган компетенциясынын чегинде иши, иш-аракети (аракеттенбей коюусу) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага кирген банкка жана/же анын акционерлерине, кызмат адамына карата тиешелүү таасир этүү чараларын көрүү чечимин кабыл алат.
4 Глава. Милдеттенмелерди эрки боюнча өзүнө алуу
18. Банк жетекчилигинин аныкталган кемчиликтердин, же болбосо кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер боюнча натыйжалуу четтетилишин камсыз кылуу максатында көзөмөлдүк органдары менен кызматташууга даярдыгы эрки боюнча милдеттенмелерди өзүнө алуунун айырмалоочу белгиси болуп саналат
19. Эрки боюнча милдеттенмелерди өзүнө алуунун төмөнкү түрлөрү колдонулушу мүмкүн:
1) көзөмөл органынын банкка карата алдынала көргон иш-аракеттеринин чегинде айтылган сын-пикирлерди четтетүү;
2) милдеттенме катка кол коюу;
3) кат жүзүндө толтурулган келишимге кол коюу.
21. Милдеттенме кат, ишинде көзөмөл органынын олуттуу тынчсызданусуна алып келбеген ченемдик укуктук актылары боюнча майда кемчиликтер жана катачылыктар коркунуч/өбөлгө орун алган банкка жөнөтүлөт. Милдеттенме катта орун алган кемчиликтерди четтетүү боюнча айкын чаралар камтылат жана алар банктын Директор кеңеши жана жетекчилиги тарабынан белгиленген мөөнөттөрдү жана максаттуу көрсөткүчтөрдө аткарылууга тийиш. Милдеттенме кат Улуттук банктын көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендигин аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан даярдалат жана ага банктын Директорлор кеңеши тарабынан кол коюлат.
22. Банк менен Улуттук банктын ортосунда түзүлгөн кат жүзүндөгү келишимге банк ишинде кемчиликтерге жол берилген учурда гана кол коюлат, бирок төмөнкү шарттар аткарылган болуп эсептелинет:
1) банк шайкеш капитализацияланган;
2) банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы орун алган проблемаларды жакшы түшүнөт жана аларды четтетүү боюнча айкын чараларды көрүүгө даяр;
3) коркунуч/өбөлгөгө орун алган кемчиликтер жана катачылыктар банктын финансылык абалына коркунуч туудурган кесепеттерди алып келиши мүмкүн.
23. Кат жүзүндө толтурулган келишимде банктын Директорлор кеңеши жана жетекчилиги көрүүгө тийиш болгон аракеттер жана аларды аткаруу мөөнөттөрү чагылдырылат. Кат жүзүндөгү келишим Улуттук банктын көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендигин аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан даярдалат жана ага бир тарабынан банктын Директорлор кеңеши, экинчи жактан Улуттук банктан Төрагасынын банктык көзөмөлдүктү түздөн-түз жетекчиликке алган орунбасары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү кол коет. Келишимде банктын ишинде орун алган кемчиликтерди четтетүү жана анын финансылык абалын жакшыртуу жагындагы банктын ниети камтылууга тийиш. Келишимге кол коюу менен банк анын шарттарын аткаруу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат.
24. Шайкеш капитализацияланбаган категориясына кирген проблемалуу банктар менен кат жүзүндө келишим түзүлбөйт.
5 Глава. Улуттук банк тарабынан колдонулуучу таасир этүү чаралары
26. Улуттук банктын банктарга карата таасир этүү чаралары Улуттук банк Башкармасынын токтому, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитеттин чечими, Улуттук банктын Төрагасынын банктык көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнүн колтамгасы койдурулган эскертүүсү менен тариздетилиши мүмкүн.
27. Таасир этүү чараларынын төмөнкү түрлөрүн колдонуу боюнча чечимди кабыл алуу Улуттук банк Башкармасынын гана компетенциясына чегерилет:
1) убактылуу жетекчини дайындоо;
2) банктын лицензиясын кайтара алуу.
& 1. Жазма буйрук
28. Жазма буйрукту Улуттук банктын көзөмөл блогунун ишин түздөн түз тескөөгө алган Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банктын Башкарма мүчөсү же Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктери чыгарат.
Жазма буйруктун ичинде банктын, анын акционерлери менен жана кызмат орун алган жактардын Кыргыз Республикасынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууларына жана аларды жоюу убакытка шилтеме көрсөтүлүшү керек.
Жазма буйрук табылган бузуулардына ылайык төмөнкү талаптарды камтыш керек:
- бузууларды жоюу (банктын аманатчылары, анын башка кредиторлорго милдеттерин аткарууга, ачык валюталык позициясын чегин, милдеттүү түрдө коюулган ченемдердин деӊгээлине алып келүү);
- банктын ишин ылайык келтирүүгө;
- белгиленген иш аракеттерди аткаруу.
29. Жазма буйрук төмөнкүнү камтыш керек:
- жазма буйрукту берген датасын жана жерин;
- регистрациалык номерин;
- жазма буйрукту жазган органдын толук аталышы/Ф.И.О. кишинин толук аталышы;
- жөнөтүлгөн кишинин фамилиясын, атын, атасынын атынын/банктын толук аталышынын;
- күчүнө кирген убакытты;
- жазма буйруктун убактысы, эгерде ал коюулган убакытка берилсе;
- жазма буйрукка даттануу убактысы жана кайсыл органда даттана ала турганын;
Жазма буйрук суроонун баяндоосун, башкача айтканда бузуунун фактысын, жана бардык кырдаалды, бузуу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жоболорун да, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын да баяндоо менен, банк/акционерлери менен/кызмат ордун ээлеген жак менен жазма буйрукда бузууларды негизделишилип камтыш керек.
Банк/акционерлери менен/кызмат ордун ээлеген жактар кылган бузуулар боюнча жазма буйруктун ичинде жазма буйрукту жазууда Улуттук банк кайсыл мыйзамды, ченемдик укук акты колдонулганын көрсөтүү менен аларды жоюү чараларын, убактысын аткарууну камтыш керек.
Жазма буйрук Улуттук банктын мөөрү менен бекитилиши керек.
30. Жазма буйрук жөнөтүлгөндөн кийин Улуттук банктын жоопту түзүмдүк бөлүмү жазма буйруктун аткарылышына контролдук жүктөлүп жана аткарылбоодо токтоосуз чараларды жүргүзө алат.
31. Улуттук банктын Башкармысынын/Улуттук банктын көзмөл боюнча комитетинин токтому бир же бир нече таасир этүү чарасын камтый алат.
§ 3. Штраф
32. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө», «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Мыйзамдарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети штраф штраф салууга укукту:
1) банкка карата – уставдык капитал боюнча ченемден 10 пайыздан көбүрөөк эмес өлчөмдө;
2) банктын кызмат ордун ээлеген жакка – жыл ичинде орточо төлөмдөрдөн чоӊ эмес өлчөмдө (кызматындагы айлык, премия, бонуста ж.б.)
33. Штраф боюнча токтом келген күндөн кийин бир айдан кем эмес убакытта, кызмат ордун алган жак жана банк штраф төлөш керек.
34. Ачык валюта позициясын бузууда штраф «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» Нускоосуна ылайык коюулат.
25. Бузууну алып салуу үчүн банкка жана кызмат ордун алган жакка бузууну алып салуу негиз болбойт. 36. Банк/кызмат ордун алган жак коюлган убакытта штраф төлөбөсө Улуттук банк штрафты өндүрүштө зордогон тартипте алып салууга тийиш.
38. Милдеттүү түрдө резервдик талаптарын аткарбаганда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык штраф алынат.
§ 3. Талаптар
41. Улуттук банк банкка кийинки талаптарды берүүгө укукту:
- финансылык айыктыруу чараларды жүргүзүүгө;
- банкка кайталуу/атайын тышкы аудитти жүргүзүүгө;
- Улуттук банк койгон убакытта банктын акциаларын сатууга;
- административдик чыгымдарды кыскартуу боюнча;
- банктын организациондук структурасын өзгөртүү боюнча;
- банктын ички саясатын, жоболорун, процедурасын жана башка ченемдик документтерин өзгөртүү боюнча;
§ 3-1. Банкты реструктуризациялоо жана/же реорганизациялоо, финансылык айыктыруу чараларды жүргүзүү боюнча талаптар
42. Банкты реструктуризациялоо жана/же реорганизациялоо, финансылык айыктыруу чараларды жүргүзүү боюнча талаптарды Улуттук банк берет.
Банктын Директорлор кеӊеши менен бекитилген финансылык айыктыруу боюнча Планы боюнча банктын финансылык айыктуруу чаралыры жүргүзүлөт. Жобонун 2-тиркемесинин талаптарына ылайык банктын финансылык айыктыруу планы түзүлөт. План банктын туруктүү жана стабилдүү иштешине ресурстарды жана жолдорду, шайкеш чараларды каралышы керек.
43. Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык, Улуттук банк банктан финансылык айыктыруу Планында көрсөтүлгөн чараларды, жана башка каалаган ар кандай чараларды аткарууга өз ыктыярына ылайык талап бере алат.
44. Банкты реструктуризациялоо жана/же реорганизациялоо, финансылык айыктыруу чараларды жүргүзүү боюнча талаптарды Улуттук банк Башкармасы менен кабыл алынат.
45. Айлыктан ташкары, Улуттук банк талаптарды койгондон кийин акционерлерге кирешени үлөштүрүү, дивиденддерди төлөө, ар кандай финансылык милдеттмени аткаруу жана ар кандай банктын кызмат ордун алган жактарга акы төлөөлө боюнча банк чечим ала албайт.
46. Эгерде кредиторлор банктан акчалай милдеттмени алуу боюнча талаптарын аткарууда банктын финансылык абалы жамандатууга же банкроттукка алып келүүдө Улуттук банк финансылык айыктуруу чара аткарууда мындай милдеттелерге чек коюу же тыйу салууга укукту.
§ 3-2. Банкка кайрадан/атайын тышкы аудит жүргүзүү боюнча талаптары
51. Банкка кайрадан/атайын тышкы аудит жүргүзүү боюнча талаптарды киргизүүгө Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети Улуттук банктын бузууну аныктаган көзөмөл блогунун түзүмдүк бөлүмүнүн информациясы боюнча талап бере алат.
52. Банкка кайрадан/атайын тышкы аудит жүргүзүү боюнча талаптарды киргизүүгө Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети токтом чыгаруу менен кошумча Жобого ылайык талаптарды берет. Тышкы аудит жүргүзүлө жатка убакытта белгиленген банктын ишине чек коюулушу мүмкүн.
53. Банкка кайрадан/атайын тышкы аудит жүргүзүү боюнча чыгашаларды банктын каражаттары аркылуу төлөнөт.
§ 3-3. Банктын акцияларын сатуу талаптары
54. Төмөнкү учурларда Улуттук банк акцияларды сатуу талаптарын койот:
Мындай акциялары боюнча добуштар банктын акционерлеринин чогулушунун кворумун эсептөөдө жана чечим кабыл алууда эске алынбайт. Эгерде мындай акциялар боюнча добуштардын саны тиешелүү чечимдин кабыл алынышына таасир этсе, буга чейин кабыл алынган бардык чечимдер жараксыз деп эсептелет.
Улуттук банк белгилеген убакыттын ичинде, бузууну жүргүзгөн жак акцияларды банкка тиешелүү эмес жактарга сатууга милдеттүү. Каршылыкта Улуттук банк сотко жактан акцияларды алып салуу боюнча каралууга тийиш.
56. Эгерде банктын туунду компаниясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына уруксат берилбеген ишти жүргүзсө, Улуттук банк акцияларды сатып алуу чечимин алып салып жана банкка туунду компаниянын акцияларын Улуттук банк аныктаган убакыттын ичинде банк менен байланыш эмес сатууга тийиш.
Банк акцияларды сатуу боюнча убакытты Улуттук банк аныктайт. Каршылыкта Улуттук банк сотко жактан акцияларды алып салуу боюнча каралууга тийиш.
Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети банктын акциялырын сатуу жана банкка менчик болгон акцияларды сатуу боюнча жана аларды Улуттук банктын аткаруу талаптарын койот.
§ 3-4. Админстративдик чыгашаларды кыскартуу талаптары
57. Көзөмөл боюнча комитетини банктын административдик чыгымдарын кыскартуу боюнча талаптары чечимин кабыл алат, эгер анын пикири боюнча банктын азыркы административдик чыгымдары жогору деп, же банк өз ишин тобокел, жана негизделбеген жүргүзсө келечектеги финансылык жоготууларга сактоо үчүн чечимин кабыл алат.
58. Административдик чыгымдарды кыскартуу боюнча талаптардын негизи болуп төмөнкүлөр болошу мүмкүн:
1) банкта финансылык проблемалары болушу;
2) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана мыйзамдардын талаптарын бузуу фактыларын аныктоодо;
3) банктын тобокелдиктерин башкаруу системасы адекватсыз болушу;
4) банк капитал боюнча талаптарды аткарбаганда;
5) башка кырдаалдар, административдик чыгашалар чоӊ болушу жана/же негизделбеген жана же алардын азайышына патенциалы бар болушу күбөл болгондо.
59. Улуттук банк административдик чыгашалар боюнча конкреттүү беренелер боюнча кыскартууга дуушар болгон же аныкталган убакытка алып салууга укуктуу.
§ 3-5. Банктын организациялык структурасын өзгөртүү боюнча талаптары
60. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети банктын организациялык структурасын өзгөртүүгө талап кылуусу кийинки учурларда болот:
- банктын ишин эффективдүү эмес аткарууга алып келе турган, банктын ишинин башкаруу структурасын адекватсыз же/жана жетиштүү эмес, банктын функционалдуу структурасы түзүлгөндө;
- банктын кызмат ордун ээлеген жактын жана струтуралык бөлүмдөрүнүн, башкаруу органдардын жоопкерчиликтиги жана укуктарынын бөлүнүшү, банктын организациялык структурасы жетиштүү жана/же аныктабаганда.
61. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети төмөнкүгө укукту:
1) Банктын көрсөтүлгөн ишинин көрсөтүү менен банктын организациялык структурасын өзгөртүү талаптарды коую;
2) Банктын ишин адекваттуу жүргүзүүгө жооп бербеген, банктын громоздук жана татаал структурасына алып келген банктын эффективдүү эмес структуралык түзүмдүк бөлүмүн алып салуу талап берүүгө;
62. Улуттук банктын банктын организациялык структурасын өзгөртүү боюнча талаптары банктын кардарларга милдеттмесин аткарууга тескерүү алып келүүгө көрсөтүлбөш керек.
§ 3-6. Банктын ички саясатын, жоболорун, процедурасын жана башка ченемдик актыларын өзгөртүү талаптары
63. Банктын ички саясаты, жоболору, процедурасы жана башка ченемдик актылары мыйзамдарга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жооп бербесе, Улуттук банк аларды өзгөртүүгө же толуктоого талаптарын койот.
64. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети, банктын ички документтери мыйзамга туура келишпегендикти аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрдүн маалыматы боюнча, жана тобокелдикти азайтуу максатында, ички ченемдик документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү талаптарды койот.
- банктык операциялардын тартибин жана банктын саясатын реглменттөөчү;
- банктын кызматкерлеринин жана бөлүмдөрүнүн арасындагы укуктарын функцияларын бөлүштүрүүдө;
- чечим кабыл алуучу процедурасынын аныктоодо;
- ички контрол кызматынын ишинин жөнгө салууда;
- коопсудукту жүргүзүүдө жана камсыздоодо;
- маалыматтын коргоодо жана аларга кирүүнү чектөөдө жана башкаларда.
§4. Кыйла катуулатылган экономикалык ченемдердин белгилениши
65. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитеттин чечими менен, банк ишинде абалдын начарлап кетүүсү байкалып, бирок банк тарабынан Улуттук банктын минималдуу экономикалык ченемдери (нормативдери) жана талаптары сакталып турган болсо деле, жаңы жана/же кыйла катуулатылган экономикалык ченемдерди белгилеши мүмкүн.
66. Көзөмөл боюнча комитет төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) өздүк (регулятивдик) капиталдын өлчөмүн көбөйтүшү;
2) капиталдын шайкештик коэффиценттеринин өлчөмүн жогорулатуу;
3) бир карыз алуучуга же карыз алуучулардын группасына карата кредиттин жол берилген максималдуу өлчөмү ченеминин чегин төмөндөтүүгө;
4) ликвиддүүлүктүн ченемин (көрсөткүчүн) жогурулатуу;
5) милдеттүү резервдери боюнча талаптарды, жана резерведерди түзүү талаптарына жогорулатуу;
6) Улуттук банк менен коюулган ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү өзгөртүү менен.
67. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин көрсөтүүсү менен Улуттук банктын Башкармасы минималдуу өздүк (регулятивдик) капиталы боюнча талаптарын жогуралатуу жана милдеттүү түрдө резервдердин ченемин жогорулатуу чечими кабыл алынат.
§ 5. Чектөөлөр жана тыйу салуулар
68. Улуттук банк төмөнкүлөргө тыйу салууга жана чектөөлөргө укугу бар:
- банктын акчалай каражаттары менен/же мүлкү менен буйрук кылууга;
- сыйлык акы төлөөдө жана/же кирешени бөлүштүрүүдө;
- инвестиция кылууда жана кыймылсыз мүлк менен келишим түзүүдө, баалу кагаздар менен жана башка келишимдерде;
- банктык башка операцияларды жүргүзүүдө;
- туунду компанияны, филиалдарды, өкүлдүктү жана башка банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн түзүүдө;
- банктар менен тиешелүү жактар менен келишим түзүүдө жана операцияларды жүргүзүүдө;
- банктын кийинки ишин жүргүзүүдө акционерлердин катышуусу.
69. Эгерде «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары акталып далилденсе, банктын акционердин банктын ишинде кийинки катышуусуна чек коюу же тыйу салынуу чечими Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан чечилет. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан коюулган убакытта, акциялар боюнча буйруктар, жана аларды сатуу аткарылышы керек.
70. Мыйзамдын талаптарын бузуу фактылары табылгандан кийин, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети токтом кабыл алат, анын ичинде банктын саясатына жана башкаруусуна түздөн-түз же жандатып таасир этүүгө (түздөн-түз же жандатып добуш берүүнү да кошуу менен) чек коюу/токтотуу менен, банктын уставдык капиталында катушууну чечилген деӊгээлге чейин, коуюлган убакытка ичинде аткаруу кирет. Бул учурда банктын акционери банктын саясатына жана башкаруусуна түздөн-түз же жандатып таасир этүүгө (түздөн-түз же жандатып добуш берүүнү да кошуу менен) чек коюу/токтотуу менен акицонерлердин чогулушунда ага менчик акциялар боюнча добуш берүү укугу жоголот. Акционердин добуш берүү укугун алып салуу токтомунун ичинде, кворум жок болгондо (капиталды чоӊойтуу суроосу каралып жатканда) өзгөчө суроолор боюнча акционерлердин чогулушунда добуш берүү укуку көрсөтүлүшү мүмкүн.
Банктын олуттуу катышуучусу Улуттук банк тарабынан аныкталган мезгил аралыгында өз үлүшүн сатууга милдеттүү. Бул ишке ашырылбаса, Улуттук банк ошол адамдын акцияларын мажбурлап ажыратып алуу өтүнүчү менен сотко кайрыла алат.
§ 6. Башкаруу органдарын алмашуусу, кызмат адамдарын кызматынан кетирүүсү же бошотуусу
72. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети төмөнкү фактылар аныкталса башкаруу органдарын алмашуусу, кызмат адамдарын кызматынан кетирүүсү же бошотуусу аткарылат:
1) банк келишим түзүүдө кызыкчылык конфликт же/жана кызыкчылыкты жашырууда;
2) кемчиликсиз иш репутациясы жана эгемендүү боюнча талаптарын, квалификациялык талаптарга туура келбегендигине күбө болгон маалыматты жашуртуу;
3) Улуттук банктын баалосу боюнча, Директорлор кеӊешинин мүчөсүнүн иш аракети же аракетсиздиги банктын финансылык стабилдүүлүгүн таасир тийгизүү коркунуч алып келсе;
4) банк мыйзамдарын жана/же Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берип, бул жагдай олуттуу финансылык жоготууларга жана/же аброй тобокелдигине алып келгендиги;
5) банктын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары мүнөздөлгөн иштерге (иш-аракеттерге/аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бардыгы;
6) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген ишти жүргүзүү же ага тартылуу;
7) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен мыйзамга ылайык эмес укуксуз басуу менен кызматтык адамдын чечимин кабыл алуу менен суроолорду чечип алуу;
73. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн сунушу боюнча төмөнкү талаптарды камтыган чечимдерди кабыл алат:
- банктын кызмат адамына карата кылмыш иши козголгон шартта, ошол адамды банкта ээлеген кызмат ордунан четтетүү тууралуу;
- банктын башкаруу органдарынын өзгөрүүшү, бардыкже айрым банктагы кызмат адамдарды кийинки алардын ар кандай банктын ишинде катушууга тыйу салуу.
74. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети кызмат адамды бошотуу чечимин кабыл алууда же банктын башкаруу органдарынын өзгөрүлүшүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ченемдерин бузуу жана ал бузууларды жоую үчүн эстүү жана жетиштүү чаралар боюнча Улуттук банкка өз убагында маалымдашуу фактору даэсепке алынышы керек.
75. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин банктын башкаруу органдарын өзгөртүү жана кызмат адамдарды бошотуу боюнча чечими, чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
76. Кызмат адамдар, кемчиликсиз иш репутациясын таасир этүү чараларын негизинде банктын башкаруу органдырынын өзгөрүлүшү менен/кызматтан бошотууланга, Улуттук банктын макулдоосуз кайрадан кызмат ордуларына талапкерлигин Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн убакыттын ичинде, мыйзамдын күчүнө киргенден кийин чара коюулган убакытта бере албайт.
§ 7. Атайын режим киргизүү
77. Улуттук банк банкка төмөнкү атайын режим киргизүүгө укукту:
- тике банктык көзөмөлдү киргизүү
- убактылуу администрацияны киргизүү.
§ 8. Банктын лицензиясын кайтарып алуу
95. Банктын лицензияларын кайтарып алуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" жана "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндөгү" Мыйзамдарында ошондой эле, Кыргыз Республикасынын "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер жөнүндө", "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамдардын бузууга жол берилген учурда белгиленген негиздер боюнча жүзөгө ашырат.
96. Лицензияны кайтарып алуу чечими Улуттук банктын Башкармасынын токтому менен кабыл алынат.
97. Банктын лицензиясынын кайтарылып алынышы Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамында каралган негиздер боюнча жана анда камтылган тартиптин негизинде банктын жоюлушуна алып келет.
6 Глава. Таасир этүү чаралараны даттануу тартиби
8. Улуттук банктын чечимин сотко чейин даттануу милдеттүү. Сот аркылуу даттана турган Улуттук банктын Башкармасынын чечимин эске албаганда, Улуттук банктын бардык чечими сотко чейин даттанууга тийиш.
99. Сотко чейин даттануу Улуттук банктын чечимин токтотпойт.
100. Улуттук банктын чечимин алгандан кийин жыйрма жумуш күндөн кем эмес убакытта Улуттук банкка соттко чейин даттану жүзөгө ашырылышы керек.
101. Нааразычылык алгандан кийин Улуттук банк отуз күндөн кем эмес убакытта нааразычылыкты карап чыгат. Улуттук банк нааразычылыкты какроо убактысын календардык отуз күнгө бир эсе көбөйтүүгө укуктуу.
102. Улуттук банктын чечимине сотко чейин нааразычылыктын тартиптери Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен коуюлган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия
алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит
мекемелерине карата колдонулуучу таасир
этүү чаралары жөнүндө" жобого карата
1-тиркеме
Алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага чегерилиши мүмкүн болгон банк иш, анын иш-аракеттери (аракеттенбей коюу) белгилери:
1. Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага жана мыйзам бузууларга жол берүүгө бөгөт коюу максатында шайкеш контролдукту жана жетекчиликти камсыз кылууга жөндөмсүздүгү.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушуна, банктын финансылык абалынын кыйла начарлашына алып келген кызмат адамдарынын, анын ичинде банк ишине байкоо жүргүзгөн адамдардын иш-аракети (аракеттенбей коюулары).
3. Улуттук банк тарабынан аларга карата тиешелүү талаптар белгиленген кызмат адамдарын алмаштыруу, убактылуу четтетүү, четтетүү жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча акционерлердин жалпы жыйыны жана/же Директорлор кеңеши жана/же Башкармасы тарабынан аракеттердин көрүлбөгөндүгү.
4. Активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга шайкеш келбеген камдардын (резерв) түзүлүшү.
5. Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык эсепке алууну жүргүзүүгө жөндөмсүздүк.
6. Банктык мыйзам ченемдеринин сакталбашы, анын кесепетинен банктын туруктуу ишине таасир эткен же таасир этиши мүмкүн тобокелдиктердин (анын ичинде аброй тобокелдигинин) келип чыгышы.
7. Шектүү операциялар жана/же ачык-айкын экономикалык мааниге ээ болбогон (алардын санынан көз карандысыз) жана/же кылмыш жолу менен алынган кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жагында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузуу критерийлерин камтыган операцияларды ишке ашыруу.
8. Ички аудит кызматынын жана тобокелдик боюнча менеджердин ишин кошо алганда, ички контролдук системасынын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына дал келбеши.
9. Банк инсайдерлери жана аффилирленген жактары менен операциялардын ишке ашырылышы же банктын ыйгарым укуктуу органдары/кызмат адамдары тарабынан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, анын ичинде адилеттүүлүк принцибин бузуу менен аталган операцияларды жүргүзүү боюнча чечимдердин кабыл алынышы;
10. Банкта аларды жүзөгө ашыруу үчүн квалификациялуу жана тажрыйбалуу кызматкерлер жок болгон иштин жүргүзүлүшү.
11. Тиешелүү саясат жана жол-жоболор иштелип чыкпаган шартта банк ишинин жүзөгө ашырылышы же алардын Улуттук банктын талаптарына дал келбеши же банк ишинин иштелип чыккан саясаттарга жана жол-жоболорго дал келбеши же саясаттар жана жол-жоболор банктын иш чөйрөсүнө жана тобокелдиктер деңгээлине дал келбеши учурунда банк ишин жүзөгө ашыруу.
12. Банк тарабынан ишке ашырылган операциялардын Шариат стандарттарына ылайык келбеши (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган банк үчүн).
13. Кардарларга кредиттер Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле банктын ички саясаттарын/жол-жоболорун бузууга жол берүү менен берилген болсо жана/же жаңы кредит алуу учурунда кардардын ушул банктын же кайсы бир башка банктын алдында убагында аткарылбаган милдеттенмеси болсо же карыз алуучуга кредиттер финансылык абалы туруксуз болуп турган шартта бир нече ирет пролонгациялоо менен берилсе.
14. Кредит портфелинин жалпы көлөмүндө мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер көлөмүнүн жана/же алардын үлүшүнүн көбөйүшүнө байланыштуу, банктын активдеринин сапатынын олуттуу начарлашы.
15. Кредиттерди берүү жана аларга мониторинг жүргүзүү жол-жоболорун кошо алганда, кредитти администрлөө тажрыйбасында олуттуу кемчиликтер орун алса.
16. Кредиттик документтер талаптагыдай түзүлбөй, анын ичинде кредиттик таржымалда маанилүү юридикалык, финансылык жана күрөөлүк документтер жок болсо.
17. Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын системалуу түрдө (12 календардык ай ичинде 2 жана андан көп жолу) бузууга жол берилсе.
18. Орун алган кемчиликтерди четтетүү боюнча жазма буйруктардын Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө аткарылбашы.
19. Банк тарабынан капиталдын шайкештиги боюнча экономикалык ченемдердин так сакталбашы, капитал шайкештиги боюнча экономикалык ченемдерди Улуттук банктын талаптарына ылайык келтирүү боюнча тиешелүү чаралардын көрүлбөшү.
20. Банк капиталы анын ишине мүнөздүү болгон тобокелдикке байланыштуу жоготуулардын ордун жабуу үчүн жетишсиз болсо. Уюштуруучулар алдын ала эскертилгендигине карабастан, капиталды толукташпаса жана/же Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде аны толуктоо боюнча чараларды көрүшпөсө.
21. Банктын кайсы болбосун категориядагы капиталы ченемдик талаптардын кеминде 25 пайызын түзөт же Улуттук банк тарабынан белгиленген капитал боюнча минималдуу талаптарды аткарылбай калышы коркунучу орун алса.
22. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга баруу менен жана/же дивиденддерди төлөө токтотулгандыгына/ага чектөөлөр киргизилгендигине карабастан, дивиденддер төлөнсө.
23. Банк милдеттенмелерин өз убагында аткарылышы үчүн жетиштүү деңгээлде ликвиддүүлүккө ээ болбосо.
24. Улуттук банкка отчеттордун, ошондой эле башка расмий талап кылынган документтердин жана маалыматтардын өз учурунда берилбеши, толук эмес жана такталбаган отчеттордун берилиши.
25. Банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларга тыюу салынган же лицензияда каралбаган бирок, Улуттук банк тарабынан лицензияланууга тийиш болгон операциялар ишке ашырылса.
Приложение 3
к Положению о мерах воздействия,
применяемых к банкам и некоторым
другим ФКО,
лицензируемым Национальным банком
Банктарды капиталдын шайкештиги (адекваттуулугу) боюнча классификациялоо
Тигил же бул таасир этүү чараларын колдонууга тиешелүү чечимди кабыл алууда Улуттук банк үчүн банктын капиталынын шайкештиги чечүүчү фактор болуп саналат. Таасир этүү чаралары капиталдын деңгээлине, анын өзгөрүү тенденцияларына (статистикалык, кыскарып же өсүп бара жаткандыгына) сыяктуу эле, банктын тобокелдиктер параметрлерине ылайык келүүгө тийиш, ошондой эле таасир этүү чараларын шашылыш түрдө көрүү зарылчылыгына жараша кабыл алынат.
Банктын капиталдын шайкештиги боюнча тигил же бул топко кире тургандыгын аныктоо үчүн Улуттук банктын талаптарына ылайык эсептелинген төмөнкү көрсөткүчтөр пайдаланылат:
- капиталдын шайкештик ченеми (биринчи деңгээлдеги капитал, суммардык капитал, левераждын - накта суммардык капиталдын банктын суммардык активдерине карата катышы)
- капиталдын (өздүк каражаттын) минималдуу өлчөмү.
Банктарды классификациялоодо колдонулган капиталдын шайкештиги классифкациясы 1-таблицада көрсөтүлгөн капиталдын шайкештик коэффициенттердеги чектерди (диапазондорду) камтыйт.
1-таблица. Банктарды капиталдын шайкештиги (адекваттуулугу) боюнча классификациялоо |
|||
Капиталдын шайкештиги классификациясы |
Капиталдын шайкештиги көрсөткүчү |
Башка факторлор |
|
Чыгым тартуулар ордун жабууга камдар |
Жана башка өзгөчөлүктөр |
||
Талаптагыдай капиталдаштырылган |
Төмөнкү көрсөткүчтөрдүн милдеттүү түрдө аткарылышы: Левераж (>=) 10,0%; Биринчи деңгээлдеги капиталдын шайкештик коэффициенти (>=) 10,0%; Суммардык капиталдын шайкештик коэффициенти (>=) 15%; Өздүк капиталдын көлөмү Улуттук банктын талабынан артып турат |
Шайкеш жана толук топтолгон |
Банктын активдеринин тез жана активдүү өсүшү байкалбайт жана банк кеминде үч жыл иштеп турат. |
Шайкеш капиталдаштырылган |
Төмөнкү көрсөткүчтөрдүн милдеттүү түрдө аткарылышы: Левераж (>=) 8,0%; Биринчи деңгээлдеги капиталдын шайкештик коэффициенти (>=) 6,0%; Суммардык капиталдын шайкештик коэффициенти (>=) 12% Өздүк капиталдын көлөмү Улуттук банктын талабынан артып турат |
Негизинен адекваттуу жана толук топтолгон |
Банктын активдеринин тез жана активдүү өсүшү байкалбайт |
Жетишсиз капиталдаштырылган |
Кайсыл болбосун бул категорияларда капитал. Улуттук банктын талаптарына караганда аз, бирок бир да маани "кыйла деңгээлде капиталдаштырылбаган" банк аныктамасына туура келбейт |
Шайкеш эмес жана/же толук эмес топтолгон |
Эң аз дегенде капитал боюнча Улуттук банк тарабынан белгиленген талап сакталбай жатат финансы абалынын начарлоосу байкалууда |
Кыйла деңгээлде капитализацияланган эмес |
Левераж < 5,0% бирок > 2%; Биринчи деңгээлдеги капиталдын шайкештик коэфициенти < 4% бирок > 1,5% cуммардык капиталдын шайкештик коэффициенти шайкештик коэффициенти < 8% бирок > 3%; Өздүк капиталдын көлөмү улуттук банктын талабынан 50%дан кемин түзөт |
Шайкеш эмес жана/же толук эмес топтолгон |
Капитал боюнча талап жана/же Улуттук банктын кандайдыр бир башка талаптары сакталбай жатат |
Дегеле капитализацияланган эмес |
Левераж < 2,0%; Биринчи деңгээлдеги капиталдын шайкештик коэффициенти < 1,5%; суммардык капиталдын адекваттуулугу коэффициенти < 3%; Өздүк капиталдын көлөмү Улуттук банктын талабынан 25%дан кемди түзөт |
Дээрлик шайкеш эмес жана/же толук эмес топтолгон |
Капитал боюнча талап жана/же Улуттук банктын кандайдыр бир башка талаптары сакталбай жатат |