Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

20___-жылдын «__»_________ 

№____ токтомуна карата 

тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы №9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

- аталышындагы жана 1-пунктундагы «мекемелеринде» деген сөз «уюмдарында» дегенге алмаштырылсын; 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- аталышындагы «мекемелеринде» деген сөз «уюмдарында» дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй тексттеги «бөлүк» деген сөздөр «глава» дегенге алмаштырылсын; 

- 1 жана 2-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Кыргыз Республикасынын аймагында нак акча жүгүртүлүшүн уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк), банктык операцияларды жана башка бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын банкнота жана монета түрүндөгү (мындан ары нак акчалар) улуттук валютасы менен кассалык операцияларды жүргүзүү боюнча минималдуу талаптарды белгилейт». 

«2. Бул Жобо Улуттук банктан лицензия алган жана/же иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарга жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарына (мындан ары ФКУ) таркатылат». 

- бүтүндөй тексттеги «ФКМ" деген аббревиатура «ФКУ» дегенге алмаштырылсын; 

- 4-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 29-пункттун: 

биринчи сүйлөмүндөгү «Республикалык инкассация башкармалыгы» мамлекеттик ишканасы» деген сөздөр «Кыргыз инкассациясы» ЖАК (мындан ары «КЫРГЫЗИНКАС» ЖАК)» дегенге алмаштырылсын; 

экинчи сүйлөмүндөгү «Республикалык инкассация башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын» деген сөздөр «КЫРГЫЗИНКАС» ЖАКтын» дегенге алмаштырылсын; 

- 7-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7-Глава. Шектүү, эскилиги жеткен/жараксыз болуп калган банкноттор жана монеталар менен иштөө боюнча минималдуу талаптар 

 

§ 1. Шектүү, эскилиги жеткен/жараксыз болуп калган банкноттор жана монеталар менен иштөө тартиби 

 

36. Улуттук валютанын эскилиги жеткен банкнотторун жана жараксыз болуп калган монеталарын алмаштыруу, Улуттук Банк Башкармасы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөм белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт. 

37. Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иштөө, Улуттук Банк Башкармасы тарабынан бекитилген Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иштөө боюнча нускоого ылайык жүзөгө ашырылат. 

 

§ 2. Банкноттордун жана монеталардын аныктыгын контролдоо үчүн касса түйүнүн техникалык жабдуу 

 

38. Нак акчаларды кабыл алууда жана иргөөдө ФКУнун касса кызматкерлери 36-37-пункттарда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын бонкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жана аныктыгына контролдукту жүзөгө ашырышат. 

39. ФКУнун касса кызматкерлери банкноттордун аныктыгын текшерүү үчүн төмөнкү техникалык каражаттардан (эксперттик жабдуулар) турган детекторлор жана аспаптар менен камсыз кылынууга тийиш: 

- лупа (кеминде 10 эсеге чоңойтуп көрсөткөн); 

- чагылыштыруу жана жарык өткөрүү менен банкноттордун аныктыгын текшерүүчү аспап; 

- ультра көгүлтүр жарык булагы; 

- банкноттордун магнит белгилерин текшерүүчү аспап; 

өлчөөчү сызгыч; 

- инфракызгылт нурларда байкалуучу белгилерди текшерүү үчүн аспап. 

40. ФКУ өз касса кызматкерлерин төмөнкүлөр менен камсыз кылууга тийиш: 

- улуттук валютанын коргоо белгилери жөнүндө маалымат берилген буклеттер жана плакаттар; 

- касса операциялары жүргүзүлүүчү чет өлкө валютасынын коргоо белгилери тууралуу маалымат берилген адабияттар.  

 

§ 3. ФКУнун касса кызматкерлерин окутуу 

 

41. Депозиттерди кабыл алууга лицензия алган ФКУнун касса кызматкерлери төлөм каражаттарынын аныктыгын аныктоо боюнча окутуудан өтүүгө жана көз карандысыз окуу борборунун тиешелүү сертификатына ээ болууга тийиш. 

42. ФКУнун касса кызматкерлерине карата коюлуучу талаптар: 

- улуттук валюта банкнотторунун/монеталарынын аныктыгын текшерүү аспаптары менен иштөө тажрыйбасына ээ; 

- улуттук валюта банкнотторунун негизги коргоо элементтерин билүү

- улуттук валютанын жасалма банкнотторун/монеталарын чыгаруунун заманбап ыкмаларын, улуттук валюта банкнотторунун коргоо элементтерин имитациялоо жолдорун жана аларды аныктоо ыкмаларын билүү

- касса ишин жана касса персоналынын ишин жөнгө салган ченемдик документтерди билүү

- 44-пункттагы «Төрагасынын орун басарынын» деген сөздөр «/Башкарма мүчөсүнүн» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 9-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 9-Глава. Терминалдарды, банкоматтарды жана автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалдарын жайгаштыруу боюнча минималдуу талаптар 

 

§ 1. Терминалдарды жана банкоматтарды жайгаштырууга карата минималдуу талаптар 

53. Эквайер терминалдарды жана банкоматтарды орнотууда жана туташтырууда жабдууларды (тышкы же ички камералардын, атайын күзгүлөр жана экрандар, корголгон клавиатуралардын ж.б. болушу) бузууга, иштен чыгарууга же уурдоого байланыштуу тобокелдиктерге жол бербөө боюнча бардык чараларды көрүүгө тийиш. Терминалдарды жана банкоматтарды орнотуу үчүн жай тандап, аларды орнотуу жана туташтыруу, ошондой эле алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана алдамчылыкка жол бербөө жоопкерчилиги эквайерге жүктөлөт. 

54. Эквайер терминал жана/же банкомат орнотулган жер же ал жабылгандыгы тууралуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө жана тартипте Улуттук банкка маалымдоого тийиш. 

55. Эл аралык төлөм системаларынын карттарын тейлеген терминалдарды жана банкоматтарды орнотууда жана туташтырууда, аталган системалардын жабдууларды коргоо жана алдамчылыкка бөгөт коюу боюнча талаптары аткарылууга тийиш. 

56. Банкомат анын техникалык мүнөздөмөлөрүнө (кеңсе ичинде, дубалга ж.б.) жооп берген жерлерге жайгаштырылууга жана аларды бузууга, иштен чыгарууга жана уурдоого байланыштуу тобокелдиктерге жол бербегендей орнотулууга жана бекемделүүгө тийиш.  

57. Карт ээлери банкомат жана терминал аркылуу өз эсебинен акча каражаттарын чыгарууда ар бир транзакция ишке ашырылгандан кийин милдеттүү түрдө карт-чектери берилүүгө тийиш. Жабдууда чек кагазы жок учурда, карт ээси транзакцияны аяктаганда чейин чек кагазы жок экендиги тууралуу маалымдалууга тийиш. Карт-чек транзакция ишке ашырылгандыгынын тастыктамасы болуп саналат. 

 

§ 2. Автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалын (кэш-ин терминалдары) жайгаштырууга жана бекемдөөгө карата минималдуу талаптар  

 

58. Кэш-ин терминалды жалпыга жеткиликтүү жерде орноткон эквайер аны бузуу, иштен чыгаруу же уурдоого байланыштуу тобокелдиктерге жол бербөө боюнча бардык чараларды көрүүгө тийиш. 

59. Эквайер кэш-ин терминал орнотулган жер же ал жабылгандыгы тууралуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө жана тартипте Улуттук банкка маалымдоого тийиш. 

60. Кэш-ин терминал анын техникалык мүнөздөмөлөрүнө ылайык келген жерлерге жайгаштырылууга жана купюраларды кабыл алуучу жайга санкциясыз кирүү, ошондой эле аны бузууга, иштен чыгарууга жана уурдоого байланыштуу тобокелдиктерге жол бербегендей бекемделүүгө тийиш. Кэш-ин терминалы орнотулуучу жерди тандоо жана бекемделиши үчүн анын ээси жоопкерчилик тартат. 

61. Пайдалануучулар кэш-ин терминалы аркылуу эсепти толтурууда, акча каражаттарын төлөөдө жана которууда ар бир транзакция ишке ашырылгандан кийин милдеттүү түрдө чек берилүүгө тийиш. Жабдууда чек кагазы жок учурда, пайдалануучу транзакцияны аяктаганда чейин чек кагазы жок экендиги тууралуу маалымдалууга тийиш. Чек транзакция ишке ашырылгандыгынын тастыктамасы болуп саналат. 

§ 3. Банкоматтарды инкассациялоого карата минималдуу талаптар 

62. Банкоматты акча белгилери менен толтуруу, ошондой эле аларды банкоматтан алып салуу эквайер тарабынан өз алдынча же болбосо эквайер инкассациялоо операцияларын аткарууга келишим түзгөн инкассациялоо кызматы/уюм тарабынан жүргүзүлөт.  

63. Банкоматты акча белгилери менен толтуруу, ошондой эле аларды банкоматтан алуу эквайердин ички жол-жоболоруна ылайык же эквайер менен тиешелүү уюм ортосунда түзүлгөн инкассациялоо операцияларын аткаруу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат. Банкомат нак акча менен зарылчылыкка жараша толтурулат. 

64. Банкоматтын ишине мониторинг, анын акча менен толтурулушун камсыздоо эквайер өзү же аны менен тиешелүү келишим түзгөн процессинг борбору тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш. Келишимде эквайерге операциянын жүргүзүлгөндүгү жөнүндө маалымдоо убактысы жана тартиби каралууга тийиш.  

65. Банкоматты инкассациялоо өз учурунда, анын нак акчаларды кабыл алуу, берүү боюнча үзгүлтүксүз ишин гарантиялаган мөөнөттө жүзөгө ашырылууга тийиш. Банкоматты өз учурунда инкассациялоо жоокерчилиги эквайерге же эквайер аны менен инкассациялоо операцияларын аткарууга келишим түзгөн уюмга жүктөлөт. 

66. Банкоматтын кассетасынан нак акча каражаттарын алуу/кассетаны толтуруу, ФКУнун кеминде эки адамдан турган касса кызматкерлери тарабынан тиешелүү актыларды жана отчетторду түзүү, ошондой эле ар бир кассетанын пломбасынын бүтүндүгүн/пломба басылгандыгын текшерүү аркылуу жүргүзүлөт. Банкоматтан алынган акча каражаттарын бирден барактап санаганда ашык же кем чыккан учурда, эки нускада акт түзүлөт. 

67. Банкоматты инкассациялоо инкассаторлор же эквайердин касса кызматкери тарабынан коопсуздукту жана нак акча салынган кассеталардын сакталышын камсыз кылган адамдардын коштоосунда жүргүзүлүүгө тийиш. Мында банкоматтарды тейлеген жана техникалык колдоо көрсөткөн персоналга инкассацияга катышууга жол берилбейт. 

68. Банкоматты инкассациялоодо ал ачылган учурга карата банкоматтагы акча каражаттар калдыгы жөнүндө отчетту жана банкоматка акча белгилери менен жаңы кассеталар жүктөлгөнү жөнүндө отчетту банкоматтан милдеттүү түрдө басып чыгаруу зарыл. Бул отчетторго инкассация жүргүзүп жаткан адамдар тарабынан кол коюлууга тийиш. 

69. Банкоматты инкассациялоо жол-жобосунда милдеттүү түрдө банкоматтарды инкассациялоо үчүн ачкычтарды/паролдорду сактоо жана аларды пайдалануу шарттарын жөнгө салган нормалар камтылууга, ошондой эле алардын сакталышы үчүн жоопкерчилик белгиленүүгө тийиш.  

 

§ 4. Кэш-ин терминалын инкассациялоого карата минималдуу талаптар 

 

70. Кэш-ин терминалын инкассациялоо анын ээсинин касса кызматкерлери же инкассациялоо жөнүндө келишим түзүлгөн инкассатордук кызмат/уюм аркылуу жүргүзүлөт.  

71. Анын акча белгилери менен толтурулушун кошо алганда, кэш-ин терминалынын ишине мониторинг, кэш-ин терминалынын ээси же аны менен түзүлгөн тиешелүү келишимдин негизинде процессинг борбору тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш. Келишимде кэш-ин терминалдын ээсинин анын абалы жана инкассация жүргүзүү убактысы жана тартиби каралуусу абзел. 

72. Кэш-ин терминалын инкассациялоо өз убагында, анын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылган мөөнөттө жүзөгө ашырылууга тийиш. Кэш-ин терминалын өз убагында инкассациялоо үчүн жоопкерчилик анын ээсине же ал инкассациялоо боюнча операцияларды аткарууга келишим түзгөн уюмга жүктөлөт.  

73. Кэш-ин терминалды инкассациялоо инкассаторлор же терминал ээсинин касса кызматкерлери тарабынан коопсуздукту жана нак акча каражаттардын сакталышын камсыз кылган адамдардын коштоосунда жүргүзүлүүгө тийиш. Мында кэш-ин терминалдарын тейлеген жана техникалык колдоо көрсөткөн персоналга инкассацияга катышууга жол берилбейт.  

74. Кэш-ин терминалынан алынган нак акча суммасы жөнүндө маалымат кагаз бетине басылып чыгарылууга тийиш. 

75. Кассеталардагы пломбанын бүтүндүгүн алдын ала текшерүү менен кэш-ин терминал кассеталарын ачуу, ошондой эле кассеталардагы нак акчаны бирден барактап саноо тиешелүү актыларды жана отчетторду түзүү менен кеминде эки касса кызматкери тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. 

76. Кэш-ин терминалынан алынган нак акчаларды бирден барактап кайра эсептеп чыгууда суммасы ашыкча же кем чыккан шартта, эки нускада кайра эсептеп чыгуу актысы түзүлөт.». 

1-13-тиркемелердеги «финансы-кредит мекемелеринде» деген сөздөр «финансы-кредит уюмдары» дегенге алмаштырылсын.