Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын 

Көзөмөл боюнча комитетинин 

токтомунун долбооруна тиркеме 

_______________201 ж. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

Көзөмөл боюнча комитетинин 

айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин айрым токтомдоруна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин “Мезгил мезгили менен толтуруучу банктык регулятивдик отчетун толтуруу туралуу усулдук көрсөтмөлөр боюнча” 2005-жылдын 5-октябрындагы №43/1 токтомуна 

1. 28-главадагы 26-бөлүктүн “Чет өлкө валютасы менен операциялар жөнүндө отчет” төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1) 28.3 пункта Б бөлүкчөсү “Нак чет өлкө валюталарында ишке ашырылган операциялар боюнча отчет”: 

- “Маалымат үчүн: Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасында операцияларынан каражаттардын түшүүсү” деп аталган сапта башкы офиске филиал жана аманат кассалар менен ички операциялар боюнча келип түшкөн нак чет өлкө валюталарынын суммасы көрсөтүлөт (кассадагы ашыкча суммалар, жооптуу сактоо ж.б.) төмөнкү редакцияда баяндалсын. 

“Маалымат үчүн: Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен, андан башка филиалдар жана/же аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасында операцияларынан каражаттардын түшүүсү” деп аталган сапта башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен, андан тышкары филиалдар же аманат кассалардын ортосундагы кеңсеге ички операциялар боюнча түшкөн нак чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт (кассадагы ашыкча суммалар, жооптуу сактоо ж.б.)” 

- “Маалымат үчүн: Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасында операцияларынан каражаттардын чыгымдалышы” деп аталган сапта башкы офиске филиал жана аманат кассалар менен ички операциялар боюнча чыгымдалган нак чет өлкө валюталарынын суммасы көрсөтүлөт (кассаларды бекемдөө ж.б.) төмөнкү редакцияда баяндалсын. 

“ Маалымат үчүн: Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен, андан башка филиалдар жана/же аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасында операцияларынан каражаттардын чыгымдалышы” деп аталган сапта башкы офиске филиал жана аманат кассалар, андан башка филиалдар жана/же аманат кассалары менен ички операциялар боюнча чыгымдалган нак чет өлкө валюталарынын суммасы көрсөтүлөт (кассага күч берүү ж.б.) 

2) 28.4.1. пункта Г бөлүкчөсү “Коммерциялык банктын нак эмес чет өлкө валютасында келишилген бүтүмдөрү тууралуу отчет” 

Пунктча Г.1.2. “Коммерциялык банктын 100 000 доллар эквивалентинен жогору нак эмес чет өлкө валютасында келишилген ички бүтүмдөрү тууралуу отчет” “Сатып алуу” жана “Сатуу” графаларында төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

“Төлөөнүн багыты” графасында төлөөнүн багытынын коду Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык көрсөтүлөт. 

3) 28.4.2. пункта Д бөлүкчөсү. “Коммерциялык банктын нак чет өлкө валютасында келишилген бүтүмдөрү тууралуу отчет” 

Пунктча Д.1.2. “Коммерциялык банктын 100 000 доллар эквивалентинен жогору нак чет өлкө валютасында келишилген ички бүтүмдөрү тууралуу отчет” “Сатып алуу” жана “Сатуу” графаларында төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

“Төлөөнүн багыты” графасында төлөөнүн багытынын коду Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык көрсөтүлөт. 

2. 31-главадагы 9-бөлүктө “Депозиттер, кредиттер жана колдонулган пайыздык чендер жөнүндө отчет” төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

31.2. А. бөлүкчөсүндө "Кредиттер боюнча карыздар" 

"Анын ичинде пролонгацияланган кредиттер" деп аталган сапта пролонгацияланган кредиттердин суммалары жана валюталар боюнча мөөнөттүүлүктүн тиешелүү категориясындагы бардык кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чендер көрсөтүлөт төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

"Анын ичинде реструктуризацияланган кредиттер" деп аталган сапта банк жеке тартипте кардарга преференция (жеңилдик) берген кредиттердин суммалары көрсөтүлөт, келишимдин шарттарын өзгөртүү менен (милдеттүү түрдө жаңы келишим түзүү менен же кредиттик келишимге кошумча макулдашуу), банктын кадыресе каржылоо тажрыйбасынан айырмаланган. 

 

 

Кыргыз Республикамынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2011-жылдын 29-июлдагы №15/3 “Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан банктардын Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетун толтуруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр” токтомуна 

1. 24-главадагы 22-бөлүктүн “Чет өлкө валютасында ишке ашырылган операциялар тууралуу отчет” төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1) 109-пунктуна Б-бөлүкчөсү “Нак чет өлкө валютасы менен операциялар боюнча отчет” төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

“Алмашуу бюролорунан сатылып алынган” тилкесинде алмашуу бюросунан сомго сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт. 

“Алмашуу бюролоруна сатылган” тилкесинде алмашуу бюросуна сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт. 

“Маалымат үчүн: “Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен, андан башка филиалдар жана/же аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасында операцияларынан каражаттардын түшүүсү” тилкесинде" башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен, андан тышкары филиалдар же аманат кассалардын ортосундагы кеңсеге ички операциялар боюнча түшкөн нак чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт (кассадагы ашыкы суммалар, жооптуу сактоо ж.б.)”. 

“Маалымат үчүн: “Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен, андан башка филиалдар жана/же аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасында операцияларынан каражаттардын чыгымдалышы” тилкесинде" башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен, андан тышкары филиалдар же аманат кассалардын ортосундагы кеңсеге ички операциялар боюнча нак чет өлкө валютасында чыгымдалган суммасы көрсөтүлөт (кассаларды бекемдөө ж.б.)””. 

2) 22-бөлүк. “Чет өлкө валютасында ишке ашырылган операциялар тууралуу отчет” төмөнкү мазмундагы 111 жана 112 пунктчалар менен толукталсын: 

111. Г бөлүкчөсү. Коммерциялык банктардын нак эмес чет өлкө валютасы менен ички бүтүмдөрү жөнүндө отчет 

Г.1.1 Коммерциялык банктардын нак эмес чет өлкө валютасы менен ички бүтүмдөрү жөнүндө отчет  

“Валютанын сатып алуу” графасында кардарлардан (юридикалык жактар/жеке адамдар) сомго сатылып алынган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы жана сатылып алынган нак эмес чет өлкө валютасынын орточо салмактанып алынган курсу көрсөтүлөт. 

“Валютаны сатуу” графасында кардарларга (юридикалык жактар/жеке адамдар) сомго сатылган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы жана сатылган нак эмес чет өлкө валютасынын орточо салмактанып алынган курсу көрсөтүлөт.  

“Жыйынтыгында, анын ичинде” тилкесинде кардарлардан сомго сатылып алынган жана кардарларга сомго сатылган нак эмес чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

Жеке ишкерлер менен нак эмес чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операциялар “Жеке адамдар” тилкесинде көрсөтүлөт. 

Коммерциялык банктар ортосундагы операциялар, ошондой эле бир чет өлкө валютасын башка валютага конвертирлөө боюнча операциялар отчетто чагылдырылбайт. 

Г.1.2 Коммерциялык банктардын 100 000 доллар эквивалентинен жогору нак эмес чет өлкө валютасы менен ички бүтүмдөрү жөнүндө отчет:  

“Сатып алуу көлөмү” графасында кардарлардан сомго сатылып алынган 100 000 долларга эквиваленттүү жана андан жогору кайсы болбосун нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.  

“Сатып алуу курсу” графасында сатылып алынган нак эмес чет өлкө валютасынын курсу көрсөтүлөт. 

“Кардардын аталышы” графасында кардардын толук аталышы көрсөтүлөт. 

“ИНН” графасында кардардын цифралык идентификациялык салык номери көрсөтүлөт. Жеке адамдар-резидент эместердин идентификациялык салык номери жок болгон учурда “резидент эмес” деген сөз көрсөтүлөт. 

“Резидент/резидент эмес” графасында кардардын резиденттиги көрсөтүлөт. 

“Төлөөнүн багыты” графасында төлөөнүн багытынын коду Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык 

“Сатуу көлөмү” графасында кардарларга сомго сатылган 100 000 долларга эквиваленттүү жана андан жогору кайсы болбосун нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.  

“Сатуу курсу” графасында сатылган нак эмес чет өлкө валютасынын курсу көрсөтүлөт. 

“Кардардын аталышы” графасында кардардын толук аталышы көрсөтүлөт. 

“ИНН” графасында кардардын цифралык идентификациялык салык номери көрсөтүлөт. Жеке адамдар-резидент эместердин идентификациялык салык номери жок болгон учурда “резидент эмес” сөзү көрсөтүлөт. 

“Резидент/резидент эмес” графасында кардардын резиденттиги көрсөтүлөт. 

“Төлөөнүн багыты” графасында төлөөнүн багытынын коду Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык 

“Төлөм багытталган өлкө” графасында ошол эле операция ишке ашырылган күнү кардар тарабынан сатылып алынган каражаттарды чет өлкөгө которгон шартта төлөм багытталган өлкөнүн коду көрсөтүлөт. Мында Улуттук статистика комитетинин өлкөлөр кодификаторунда келтирилген өлкөлөрдүн коддору пайдаланылат. 

112. Д бөлүкчөсү. Коммерциялык банктардын нак чет өлкө валютасы менен ички бүтүмдөрү жөнүндө отчет: 

Д.1.1 Коммерциялык банктардын нак чет өлкө валютасы менен ички бүтүмдөрү жөнүндө отчет: 

“Валютанын сатып алуу” графасында кардарлардан (юридикалык жактар/жеке адамдар) сомго сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын суммасы жана сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын орточо салмактанып алынган курсу көрсөтүлөт. 

“Валютаны сатуу” графасында кардарларга (юридикалык жактар/жеке адамдар) сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын суммасы жана сатылган нак чет өлкө валютасынын орточо салмактанып алынган курсу көрсөтүлөт.  

“Жыйынтыгында, анын ичинде” тилкесинде кардарлардан сомго сатылып алынган жана кардарларга сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

Жеке ишкерлер менен нак чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операциялар “Жеке адамдар” тилкесинде көрсөтүлөт. 

Коммерциялык банктар ортосундагы операциялар, ошондой эле бир чет өлкө валютасын башка валютага конвертирлөө боюнча операциялар отчетто чагылдырылбайт. 

Д.1.2 Коммерциялык банктардын 100 000 доллар эквивалентинен жогору нак чет өлкө валютасы менен ички бүтүмдөрү жөнүндө отчет:  

“Сатып алуу көлөмү” графасында кардарлардан сомго сатылып алынган 100 000 долларга эквиваленттүү жана андан жогору кайсы болбосун нак чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.  

“Сатып алуу курсу” графасында сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын курсу көрсөтүлөт. 

“Кардардын аталышы” графасында кардардын толук аталышы көрсөтүлөт. 

“ИНН” графасында кардардын цифралык идентификациялык салык номери көрсөтүлөт. Жеке адамдар-резидент эместердин идентификациялык салык номери жок болгон учурда “резидент эмес” сөзү көрсөтүлөт. 

“Резидент/резидент эмес” графасында кардардын резиденттиги көрсөтүлөт. 

“Төлөөнүн багыты” графасында төлөөнүн багытынын коду Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык 

“Сатуу көлөмү” графасында кардарларга сомго сатылган 100 000 долларга эквиваленттүү жана андан жогору кайсы болбосун нак чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт.  

“Сатуу курсу” графасында сатылган нак чет өлкө валютасынын курсу көрсөтүлөт. 

“Кардардын аталышы” графасында кардардын толук аталышы көрсөтүлөт. 

“ИНН” графасында кардардын цифралык идентификациялык салык номери көрсөтүлөт. Жеке адамдар-резидент эместердин идентификациялык салык номери жок болгон учурда “резидент эмес” сөзү көрсөтүлөт. 

“Резидент/резидент эмес” графасында кардардын резиденттиги көрсөтүлөт. 

“Төлөөнүн багыты” графасында төлөөнүн багытынын коду Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык 

2. 26-главадагы 24-бөлүккө. “Тартылган жана жайгаштырылган акча каражаттары жана колдонулган сый акылар/ кошулган баалар жөнүндө отчет” төмөнкү өзгөртүүлөр бекитилсин: 

117-пунктуна А-бөлүкчөнү А. “Бир мезгилдин акырына сунушталган каржылоо” 

““Анын ичинде пролонгацияланган” деп аталган сапта пролонгацияланган каржылоолор суммалары жана валюталар боюнча мөөнөттүүлүктүн тиешелүү категориясындагы бардык каржылоолор боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чендер көрсөтүлөт” төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Анын ичинде реструктуризацияланган” банк келишим шарттарына буга чейин жөнгө салынгандардан айырмаланган өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу (милдеттүү түрдө жаңы келишим түзүү же каржылоо келишимге карата кошумча келишим түзүү аркылуу) кардарга өз алдынча преференция (жеңилдик) берүү менен сунушталган каржылоо көрсөтүлөт.