Улуттук банк Башкармасынын
2017-жылдын “___” ________
№_______________________
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын төлөм системасын
өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттары
1-глава
1.1. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамына ылайык төлөм системасынын натыйжалуу, коопсуз жана ишенимдүү ишин камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары – Улуттук банк) милдеттеринин бири болуп саналат.
Төлөм системасы – бул, акча жүгүртүлүшүн камсыз кылган технологиялардын, жол-жоболордун, эрежелердин, төлөм инструменттеринин жана каражат которуу системаларынын өз ара байланыштуу тутуму.
Төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттарында Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга каралган мамлекеттик программанын талабын аткаруунун алкагында орто мөөнөттүк мезгил ичинде төлөм системасын өнүктүрүүнүн максаттары жана милдеттери аныкталган, ал ошондой эле Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн 2040-жылына каралган улуттук стратегиясынын жоболорун жүзөгө ашырууга да өбөлгө түзөт.
Нак жана нак эмес акча жүгүртүлүшүнүн оптималдуу катышына жетишүү, өлкөдө нак эмес төлөмдөр үлүшүн көбөйтүү, калктын банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, анын ичинде иш натыйжалуулугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу аркылуу аны арттырууга, ошондой эле төлөм кызмат көрсөтүү рыногунун инфраструктура чөйрөсүн кеңейтүү жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу аркылуу ага жетишүү үчүн шарттарды камсыз кылуу - төлөм системасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүк мезгил ичиндеги негизги максатынан болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын экономикасынын субъекттери ортосунда төлөмдөрдүн коопсуз жана натыйжалуу өтүшүн камсыз кылган жаңы маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды колдонууга киргизүү аркылуу төлөм системасынын ишин жогорку технологиялык деңгээлде колдоо Улуттук банктын төлөм системасын өнүктүрүү жагындагы негизги милдетинен болуп саналат.
Бул документте Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй негизги багыттары аныкталган.
орто мөөнөттүк келечекте улуттук төлөм системасын өнүктүрүүдө биринчи кезекте аткарылуучу милдеттер;
төлөм системасын өнүктүрүү максатына жетишүү үчүн каралган чаралар жана биринчи кезекте аткарылуучу милдеттерге жараша белгиленген пландарга ылайык, аларды жүзөгө ашыруу механизмдери.
Документ төмөнкү принциптерге негизденет:
стратегиялык максаттардын жана милдеттердин банк ишин жөнгө салган негизги ченемдик актыларга ылайык келиши;
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн 2040-жылына каралган улуттук программасынын жоболоруна ылайык келүүсү;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын өнүктүрүү стратегиясынын жоболоруна ылайык келүүсү;
Кыргыз Республикасынын банк секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттарынын жоболоруна ылайык келүүсү;
чет өлкөлөрдүн алгылыктуу тажрыйбасын колдонуу.
1.2. Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын жалпы түзүмү жана системада орун алган көйгөлөр
Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасы эң башкысы, үч негизги компоненттен турат:
· ири же мөөнөттүү төлөмдөр, ошондой эле финансы рынокторундагы бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөр системасы;
· майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдү иштеп чыгуу системасы;
· улуттук “Элкарт” төлөм карты менен эсептешүүлөр системасы.
Төлөм системасы ошондой эле, төлөмдөрдү жана акча которуу системалары боюнча которууларды кабыл алууну, банктар аралык коммуникациялык түйүндү жана SWIFT жамаатык пайдалануу түйүнүн өзүнө камтыйт.
Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын функционалдык түзүмү 1-схемада (кошо тиркелет) чагылдырылган.
Бүтүндөй алганда, өлкөдө төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн өз алдынча ишке ашырылышы үчүн тиешелүү шарттар камсыз кылынган. Аппараттык-программалык комплексти 2012-2013-жылдары модернизациялоо улуттук төлөм системасынын ишин турукташтырууга өбөлгө түзгөн болсо да, кардарлар талап кылган жана рынокто атаандашууга жөндөмдүү банктык төлөм продукттар чөйрөсүн андан ары кеңейтүү, кардарларга багыт алууну арттыруу, тейлөө сапатын жогорулатуу, улуттук жана эл аралык төлөм системаларына тассирдүү аралашуу актуалдуу маселе бойдон калууда.
Мындан тышкары, банктык төлөм жана эсептешүүлөр кызматын сунуштоо чөйрөсүн кеңейтүүгө, ошондой эле рынокто төлөм инструменттеринин жаңы формаларынын пайда болушуна байланыштуу төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу, ошондой эле инновациялык технологиялар жагында көйгөйлөр сакталып калууда. Ал эми Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынышы ушул проблемаларды четтетүүгө өбөлгө түзүү менен төмөнкүлөргө багытталат:
Кыргыз Республикасынын төлөм системасы боюнча мыйзамдык базанын бүтүндүгүн камсыз кылуу;
улуттук төлөм системасын жөнгө салуу чектерин жана чөйрөлөрүн аныктоо;
Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын бардык катышуучулары үчүн бирдей атаандаштык шарттарын түзүү;
Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү жүргүзүү (оверсайт) боюнча ыйгарым укуктарын мыйзам деңгээлинде бекитүү.
2-глава
Кыргыз Республикасынын төлөм системасында түптөлгөн тенденциялар
2.1. Төлөм системасынын өнүктүрүүдөгү негизги тенденциялары
Кыргыз Республикасынын экономикасы 2015-2017-жылдары жакшы натыйжада өнүгө алды. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (КР УСК) маалыматы боюнча ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) ошол учурда түптөлгөн баадагы көлөмү 2015-жылы негизинен “Кумтөр” алтын кен ишканаларында өндүрүштүн кыскарышы кесепетинен реалдуу алганда 423,6 млрд. сомду түзгөн. Мында, “Кумтөрдү” эске албаганда, экономиканын калган секторлорунда активдүү өсүш байкалган (ИДӨ көлөмү 6,3 пайызга көбөйгөн).
2016-жылы ИДӨнүн номиналдык маанидеги көлөмү 458,0 млрд. сомду түзгөн. 2012-жылы түптөлгөн көрсөткүчтөрдүн төмөн болушу алкагында, ошондой эле “Кумтөр” ишканаларында өндүрүш көлөмүнүн калыбына келишинин эсебинен 10,9 пайыз чегинде олуттуу өсүш байкалган. “Кумтөрдү” эске албаганда, Кыргызстандын ИДӨсүнүн өсүшү болжол менен алганда 2012-жылдын деңгээлинде сакталып, 6,1 пайызды түзгөн.
2017-жылдын үч айынын жыйынтыгы боюнча экономиканын негизги секторлорунун өсүш арымынын басаңдашы байкалган. Аба ырайынын алгылыксыздыгы, ошондой эле суунун тартыштыгына байланыштуу айыл чарбасында өсүш арымынын олуттуу төмөндөшү белгиленген. Январь-сентябрь айларында реалдуу ИДӨнүн өсүшү 7,8 пайызды түзгөн, “Кумтөр” ишканасын эске албаганда, ИДӨ көлөмү 3,9 пайыз чегинде катталган.
Кыргыз Республикасынын экономикасында түптөлгөн жагдай төлөм системасынын ишине анчалык таасир эткен эмес. Республиканын банктар аралык төлөм системасында 2015-2017-жылдар ичинде өткөрүлгөн төлөмдөрдүн көлөмүндөгү өзгөрүүлөр, 2012-жылдан тартып төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 2 эседен көбүрөөкө көбөйгөндүгүн тастыктоодо. Алсак, 2014-жылдын январь-сентябрь айларында банктар аралык төлөмдөр көлөмү 1 090,7 млрд. сомду түзгөн болсо, 2012-жылдын ушул эле мезгилинде 485,6 млрд. сом чегинде катталган эле. Мындан тышкары, банктар аралык төлөм системалары боюнча (Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы - ГСРРВ, Пакеттик клиринг системасы - СПК) өткөрүлгөн төлөмдөр көлөмүнүн номиналдык ИДӨ көлөмүнө карата катышы бара-бара көбөйгөндүгүн белгилеп кетүүгө болот, бул республиканын экономикасында төлөм системасынын ролу айкын жогорулап жаткандыгын тастыктайт.
2014-жылдын январь-сентябрь айларында банктар аралык төлөм системалары аркылуу 1 090,7 млрд. сом жалпы суммасында 2,7 млн. төлөм өткөрүлгөн, анын ичинен төлөмдөрдүн 93,4% СПК, ал эми 93,3% ГСРРВда иштелип чыккан (аталган системалар Нак эмес төлөмдөр системасын колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн натыйжалуу өтүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү инфраструктураны түзүү боюнча мамлекеттик программанын 2003-2008-жылдарга каралган иш-чараларынын алгачкы баскычын ишке ашыруунун алкагында колдонууга киргизилген).
2014-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча банктар аралык төлөмдөргө жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөр, региондор боюнча төлөмдөрдүн олуттуу көлөмү (жалпы көлөмдүн 95,2%) жана саны (жалпы санынын 73,1%), мурдагыдай эле Чүй областына жана Бишкек шаарына (олуттуу концентрациялануу) туура келгендигин тастыктаган. Мында, Ош областына (калкынын саны боюнча дээрлик Чүй областына жана Бишкек шаарына тең келет) банктар аралык төлөмдөр көлөмүнүн 0,9% жана жалпы санынын 8,1%, ал эми калкынын саны 271,3 миң адамды түзгөн Нарын областына (Ош областынын калкынын санынын 18,5%) банктар аралык төлөм көлөмүнүн 1,4% туура келген. Бул жагдайды республика региондорунда банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жетиштүү жайылтылбай жатышы менен түшүндүрүүгө болот.
Банктык төлөм карттар рыногунда жүгүртүүгө чыгарылган карттардын саны 2015-жылдан тартып 3 эсеге, 2016-жылга карата абал боюнча 1,6 млн карт болгон, анын ичинен 60,6% эл аралык төлөм системаларынын карттарына (Visa&MasterCard Int., Золотая Корона, Union Pay Int.), ал эми 38,5% - “Элкарт” улуттук төлөм системасына туура келген. Мындай өсүш негизинен, Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2015-2017-жылдарга каралган мамлекеттик программанын (экинчи баскыч) улантылышы менен камсыз кылынган. Программанын талабын аткаруунун жүрүшүндө республиканын бюджет мекемелеринин көпчүлүгү (100%) эмгек акы долбоорлоруна өткөн.
Бүтүндөй алганда, 2016-жылдан тартып жүгүртүүдөгү банктык төлөм карттарынын санынын, ошондой эле аларды колдонуу менен ишке ашырылган операциялар көлөмүнүн туруктуу өсүш тенденциясы сакталып калган. Бирок, мурдагыдай эле, жүргүзүлгөн операциялар көлөмүнүн негизги үлүшү банкоматтардан жана кассалык терминалдардан карт аркылуу нак акча чыгарып алууга туура келсе (карт менен операциялардын жалпы көлөмүнүн 95,6%), соода жана сервис түйүндөрүндө ишке ашырылган операцияларга болгону 4,4% гана туура келген.
Коммерциялык банктардын төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча аралыкта орнотулган түйүндөрүнүн өнүгүү динамикасы алгылыктуу тенденцияга ээ болгон. 2015-жылдын баш жагында болгону 1028 банкомат жана 4 921 терминал гана иштеп турган болсо, 2017-жылдын 1- апрелине карата абал боюнча төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө 1 319 банкоматта жана 7 383 терминалда ишке ашырылган.
Чек ара аркылуу өткөрүлгөн төлөмдөр тез акча которуу системасы, SWIFT, “Банк-Кардар” ж.б. системалары аркылуу ишке ашырылган. Төлөмдөрдүн негизги саны (кириш төлөмдөрдүн 97,5% жана чыгыш төлөмдөрдүн 59,0%) тез акча которуу системасы аркылуу, ал эми төлөмдөрдүн/которуулардын негизги көлөмү SWIFT аркылуу ишке ашырылган (кириш төлөмдөрдүн 83,5% жана чыгыш төлөмдөрдүн 92,6%).
Жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы туруктуу өсүп, 2014-жылдын 1-октябрына карата 62,5 млрд. сомду түзгөн (7,3 % чегиндеги өсүш ), анын ичинен 4,7 млрд. сом коммерциялык банктардын кассаларында (7,4%), ал эми калган сумма – банк тутумунан тышкары (92,6%) турган. Бул жагдайды бизнес чөйрөсүндө нак акча менен иш алып барууга артыкчылык берилип жатышы менен түшүндүрүүгө болот.
2014-жылдын январь-сентябрь айлары ичинде коммерциялык банктардын кассаларына нак акча кайтарымдуулугу 100,1 пайызды түзгөн, бул 2012-жылдын ушул эле мезгилине караганда 3,1 пайызга көп. Акча кайтарымдуулугунун артышы, банктардын кассаларына акчанын келип түшүүсүнүн көбөйүүсүнө байланыштуу.
Кароого алынып жаткан мезгил ичинде банк тутумунда нак эмес акча үлүшүнүн артып жаткандыгына карабастан, финансылык эсептешүүлөрдүн негизги массасы банк тутумунан тышкары ишке ашырылып жатышы, акча агымынын ачык-айкын жүргүзүлбөгөндүгү, демек көмүскө экономика деңгээли жогорку бойдон сакталып калышы проблемасы орун алууда.
1-таблица. Банк тутумунда нак жана нак эмес акчанын катышы
Көрсөткүчтөр |
2015-жылдын 31-декабрына карата |
2016-жылдын 31-декабрына карата |
2017-жылдын 31-мартына карата |
|||
млн. сом |
% |
млн. сом |
% |
млн. сом |
% |
|
Жүгүртүүдөгү нак акчалар (банктардан тышкаркы акча М0) |
53 118,0 |
64,6 |
69338,8 |
60,1 |
67669,2 |
58,4 |
Нак эмес акчалар (банк тутумундагы акча (М2-М0)) |
29 149,2 |
35,4 |
46105,3 |
39,9 |
48171,9 |
41,6 |
Кыргыз Республикасынын төлөм системасын реформалоонун стратегиялык максаттарына жетишүү максатында Улуттук банк, кароого алынып жаткан мезгил ичинде финансы-кредит мекемелери тарабынан сунушталып жаткан чекене төлөм кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн кеңейтүү, төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасынын оператору – Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун ишин колдоого алуу, төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча инфраструктураны өнүктүрүүдө коммерциялык банктарга көмөктөшү жагында тиешелүү иш-чараларды жүргүзгөн.
Акыркы жылдары төлөм системасы боюнча жүргүзүлгөн иштердин маанилүү багыттарынан болуп төмөнкүлөр саналат:
Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программанын 2012-2017-жылдарга каралган (мындан ары – Мамлекеттик программа) иш-чараларын жүзөгө ашыруу;
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзам долбоорун илгерилетүү жана ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү жана алар аркылуу мыйзамдарда орун алган капыстыктарды четтетүү. Төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногуна жаңы катышуучулардын тартылып жатышын жана инновациялык технологияларды өнүктүрүү зарылчылыгын эске алуу менен төлөм системасынын бардык элементтерин укуктук жактан тең салмактуу жөнгө салууну камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынын төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун жаңы катышуучуларынын (төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары менен) иш чөйрөсүн лицензиялоо, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жагындагы маселер боюнча алар менен өз ара иш алып баруу.
прогрессивдүү тажрыйбаларга ылайык, төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү үчүн инновациялык технологияларды (мобилдик төлөмдөр, электрондук акча ж.б.) жөнгө салуу чектерин аныктоо максатында эл аралык финансылык институттар (Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Азия өнүктүрүү банкы) менен кызматташуу. Мына ушундай кызматташуунун алкагында эл аралык консультанттар ишке тартылып, Улуттук банктын жана республиканын финансы-кредит мекемелеринин адистери үчүн төлөм системасы жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда төлөмдөрдү ишке ашыруунун инновациялык формаларын өнүктүрүү максатын көздөгөн “Төлөм системасы жана мобилдик акчаны өнүктүрүү” темасында окутуу семинары уюштурулган.
Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун туруктуу ишин, төлөм системасынын бардык катышуучуларына оператордун төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн адилет пайдалануусун камсыз кылуу, банк тутумунун ага карата ишенимин жогорулатуу, ошондой эле социалдык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Улуттук банктын “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКтын – бирдиктүү процессинг борбору операторунун негизги акционерлеринин курамына кирүүсү;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыналыгын заманбап электрондук инструмент, альтернативалуу кагаз жүзүндөгү чек китепчелери менен камсыз кылуу жана бюджеттик уюмдарга алардын күндөлүк чыгашаларына жана кызматкерлерине эмгек акыларды төлөө учурундагы кол эмгегин автоматташтыруу үчүн Борбордук казыналыкка корпоративдик карт эмитенти катары катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү.
Улуттук банк анын операторунан болуп саналган системалуу мааниге ээ банктар аралык төлөм системаларынын (ГСРРВ, СПК) иш натыйжалуулугун, үзгүлтүксүздүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу, төлөм көлөмдөрүнүн жана санынын артып жатышы шартында системалуу тобокелдиктердге жол бербөө үчүн аларды модернизациялоо;
Дүйнөлүк банктын эл аралык эксперти тарабынан Кыргыз Республикасынын финансы секторуна баа берүүнүн (FSAP) алкагында банктар аралык төлөм системаларынын (ГСРРВ жана СПК) ишине көз карандысыз баа берүүнүн жүргүзүлүшү, анын натыйжасында бул системалардын эл аралык стандарттардын талабына ылайык келишин тастыктаган корутунду алынган;
Кыргызстандын резиденттери ортосунда Visa карттары менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө кайталап курстук конвертирлөөгө жол бербөө үчүн эл аралык төлөм системаларынын карттары боюнча (Kyrgyzstan National Net Settlement Service - KGNNSS) өлкө ичиндеги транзакцияларга тиешелүү улуттук валютада эсештешүүлөр системасын жайылтууну демилгелөө. KGNNSS системасы катышуучуларга Visa карты менен эл аралык системалардын карттары боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүнө кепилдик берилиши үчүн ушул системада эсептешүү агенти катары иш алып барган Улуттук банк аркылуу өлкө ичинде кыргыз сомунда операциялар боюнча жыйынтык эсептешүүлөрдү ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
2.2. Мамлекеттик программанын иш-чараларын жүзөгө ашыруунун негизги жыйынтыктары
Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча Ведомство аралык комиссиянын ишинин алкагында, экономикада нак эмес формада төлөмдөргө талапты канаттандыруу, бюджеттик каражаттардын жылышынын ачык-айкындуулугун, акчанын натыйжалуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банктын токтому менен Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга каралган иш-чаралардын Мамлекеттик программасы бекитилген (2012-жылдын 14-майындагы №289/5/1). Ошентип, 2012-жылдан тартып нак жана нак эмес акча жүгүртүлүшүнүн оптималдуу катышына жетишүүгө жана чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүү жана республикада нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу аркылуу банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн кеңири жайылтылышына жетишүүгө багытталган иш-чаралар жүзөгө ашырыла баштаган.
Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча Ведомство аралык комиссиянын алкагында, Мамлекеттик программанын Иш-чаралар планынын министрликтер, ведомстволор, коммерциялык банктар тарабынан аткарылышына контролдук жүргүзүлүп, нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу жагында сунуштар кароого алынып, мында орун алган проблемалар аларды чечүү жолдору талкууга алынган.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн артышына, улуттук төлөм системасынын өнүгүүсүнө жана Кыргыз Республикасынын калкы үчүн төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүнө олуттуу таасир тийгизген.
Банктар тарабынан карт ээлерин нак эмес эсептешүүлөргө тартуу жагында банктар тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн (дисконттук программалар, маркентингдик акциялар, жарнамалык оюндар, ошондой эле Интернет түйүнү жана уюлдук телефону аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү).
Банк мекемелеринин жаңы кызмат көрсөтүүлөр жана продукттар тууралуу калайык-калкка маалымат берүүсү ар кандай маалымат булактары сыяктуу эле, жалпыга маалымдоо каражаттары менен туруктуу иш алып баруу аркылуу пресс-конференцияларды уюштуруп, жарнамалаларды жана макалаларды жарыялоосу аркылуу ишке ашырылган.
Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, ошондой эле Мамлекеттик программанын максаттарын жана милдеттерин түшүндүрүү максатында, бюджеттик мекемелер үчүн региондордо Улуттук банктын областык башкармалыктары жана Баткен областындагы Өкүлчүлүгү, ошондой эле “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК менен биргеликте ар кандай семинарлар өткөрүлгөн.
Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө нак эмес түрдө, анын ичинде банктык төлөм карттарын колдонуу менен төлөө үчүн өбөлгө түзүүчү чараларды иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-февралындагы №46-т тескемеси менен ведомство аралык жумушчу топ түзүлгөн. Жүргүзүлгөн иш жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу”токтом долбоору даярдалган. Бул мыйзам долбоору ресупбликада нак эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартибин өркүндөтүүгө жана товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн нак эмес түрдө төлөө, анын ичинде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөөгө өбөлгө түзүүгө багытталган. Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлгөн.
2014-жылдын баш жагында региондордо аралыкта орнотулган жабдуулар түйүнүн кеңейтүү максатында, “Кыргыз банктар бирлиги” юридикалык жактар бирикмеси тарабынан коммерциялык банктар менен биргеликте, өлкө аймагына алынып келинген банктык жабдууларды (банкоматтарды жана терминалдарды) кошумча нарк салыгынан бошотууга тиешелүү Салык кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү сунушу демилгеленген. Октябрь-ноябрь айларында Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сунушталган түзөтүүлөр Жогорку Кеңеши тарабынан кароого алынган.
Учурда аталган Мамлекеттик программанын иш-чараларынын алкагында төмөнкүдөй социалдык долбоорлор жүзөгө ашырылып жатат:
Бюджет чөйрөсүнүн кызматкерлери үчүн эмгек акы карттары. 2014-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча “эмгек акы” долбоорлорун тейлөөгө алган бюджеттик уюмдардын саны 1 637 мекемени түзгөн, 117 636 “эмгек акы” эсептери ачылган болсо, ал эми 2012-жылдын 1-январына карата эмгек акы долбоорлорунун саны 453 мекемени түзүп, 59 163 “эмгек акы” эсептери ачылган. 2014-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча “Элкарт” системасы боюнча тейленген бюджеттик уюмдардын саны 224, ал эми ачылган эсептердин саны 18 280 түзгөн.
«Пенсионер карты». 2014-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча республикада пенсионерлердин саны 588,6 миң адамды түзгөн, анын ичинен “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы аркылуу пенсиясын алгандар 397 миң адам же алардын жалпы санынын 67,5%ы, ал эми республиканын банктары аркылуу – 191,6 миң адам же 32,5%ы тейленген. 11 банк “Пенсионер карты” долбоорунун катышуучусунан болуп саналат, 2012-жылдан бери ушул долбоор боюнча 53 514 карт чыгарылган.
Бюджеттик уюмдар үчүн «Бюджеттик каражаттарды Алуучунун карты». 2014-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча мына ушундай 36 карт чыгарылган, транзакциялардын саны 43 даананы, транзакциялардын көлөмү – 3,6 млн. сомду түзгөн (долбоор 2013-жылдын мартынан тартып өздөштүрүлө баштаган).
«Социалдык төлөөлөрдү алуучунун карты». 2014-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча 11 банк долбоордун катышуучусунан болгон, долбоор өздөштүрүлгөн мезгил аралыгында бардыгы болуп 20 879 карт чыгарылган.
Жол кыймылынын эрежелерин бузгадыгы үчүн айыптык төлөм төлөө. 2014-жылдын январь-сентябрь айлары ичинде Жол кайгуул кызматынын мобилдүү POS-терминалдары аркылуу 1,1 млн. сом жалпы суммасында 3 344 айыптык төлөм төлөнгөн (долбоор 2013-жылдын декабрь айынан тартып өздөштүрүлө баштаган).
Банктардын POS терминалдары аркылуу салыктык төлөмдөрдү төлөө. Биринчи иш баскычында жеке ишкерлер үчүн патентти Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) маалымат базасынан ИНН on-line талабы менен төлөө ишке ашырылган. Мамлекетик салык кызматы системасы менен on-line негизинде толук интеграциялануу иши 2015-жыл ичинде аяктайт.
Бажы төлөмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын филиалдары жана аманат кассалары аркылуу нак эмес түрдө жүзөгө ашырылат.
Карттарды колдонуу менен нак эмес операциялар санынын жана көлөмүнүн өсүшүнүн алгылыктуу динамикасы Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөн жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча Мамлекеттик программанын 2012-2017-жылдарга каралган индикаторлорун аткаруу үчүн азырынча жетишсиз бойдон калууда.
Нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөрд үлүшүн арттырууга багытталган иш-чаралар топтомунун аткарылышын натыйжасында төлөм системасы боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө жетишилген:
2-таблица. Төлөм системасы боюнча айкын жана болжолдуу көрсөткүчтөр
№ |
|
2014-жылаг айкын маалыматтар |
2015-жылга болжолдоолор |
2015-жылга айкын маалыматтар |
2016-жылга болжолдоолор |
201+-жылга айкын маалыматтар |
2017-жылга болжолдоолор |
2014-ж. 3 айынын айкын маалыматтары |
Чекене системасы боюнча: Пакеттик клиринг системасы |
|
|||||||
1 |
Төлөмдөрдүн саны (миң даана) |
3 401 687 |
2 890 772 |
3 270 452 |
3 324 388 |
3 770 463 |
3 823 046 |
1 908 263 |
2 |
Төлөмдөрдүн көлөмү (млн. сом) |
101 579,2 |
84 112,8 |
102 480, 7 |
96 729,8 |
122 769,8 |
111 239,2 |
35 260,0 |
Карттарды колдонуу менен эсептешүүлөр системасы |
|
|||||||
1 |
Эмитирленген төлөм карттарынын жылдын акырына карата саны (даана) |
908 908 |
974 341 |
1 198 508 |
1 120 492 |
1 615 753 |
1 288 566 |
1 692 977 |
2 |
эмитирленген төлөм карттарынын 1 миң адамга эсептегенде саны (даана) |
0,15 |
0,34 |
0,20 |
0,54 |
0,26 |
0,74 |
0,28 |
3 |
Төлөм карттарын колдонуу менен жүргүзүлгөн операциялардын саны (миң даана) |
15 460,5 |
11 984,7 |
20 515,8 |
13 183,1 |
24 808,0 |
14 501,4 |
6 268,5 |
4 |
1 миң адамга эсептегенде операциялардын орточо саны (даана) |
2 676,4 |
2 044,0 |
3 480,1 |
2 215,2 |
4 121,2 |
2 400,7 |
1 041,4 |
5 |
Төлөм карттары боюнча жүргүзүлгөн операциялардын көлөмү (млн. сом.) |
83 806,2 |
60 119,9 |
100 500,5 |
66 131,8 |
120 547,6 |
72 744,9 |
35 273,4 |
6 |
Калктын киши башына эсептегенде карттар менен операциялардын орточо көлөмү (сом.) |
14 507,9 |
10 253,8 |
17 048,1 |
11 112,5 |
20 026,2 |
12043,06 |
5 859,8 |
7 |
1 банкоматка туура келген адам саны (миң адам) |
5,8 |
5,6 |
4,7 |
4,6 |
4,6 |
3,6 |
4,5 |
8 |
1 терминалга туура келген адам саны (миң адам) |
1,2 |
1,1 |
0,9 |
0,9 |
0,8 |
0,7 |
0,8 |
9 |
Кыргыз Республикасынын аймагындагы калкы (миң адам) |
5 776,6 |
5 863,2 |
5 895,1 |
5 951,1 |
6 019,5 |
6 040,4 |
6 019,5 |
Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы боюнча |
||||||||
1. |
Төлөмдөр саны (миң даана) |
262 490 |
205 274 |
329 435 |
236 065 |
338 721 |
271 475 |
81 747 |
2. |
Төлөмдөр көлөмү (млн. сом) |
1 411 840,9 |
1 170 177,9 |
1 746 218,6 |
1 345 704,6 |
5 083 960,3 |
1 547 560,3 |
1 623 962,8 |
2.3. Төлөм системасы боюнча ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүнүн алкагында орун алган негизги тенденциялар
2015-жылдан тартып Улуттук банк Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзам долбоорун илгерилетүү ишин жүргүзүлүп келүүдө, ал банктар тарабынан сунушталуучу төлөм жана эсептешүүлөр кызмат көрсөтүү чөйрөсүн кеңейтүүгө, рынокто төлөм инструменттеринин жана банктык эсептерден пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн жаңы формаларынын пайда болушуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишин жөнгө салган ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө багытталган иш-чаралар топтомунун аткарууга байланыштуу иштелип чыккан. Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жактырылып, Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга сунушталган. Аталган мыйзамда Улуттук банкка төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына ишке ашыруу жана процессинг (клиринг) кызмат көрсөтүүлөрү боюнча төлөм системасынын операторлорунун, төлөм жана башка уюмдардын ишине лицензия берүү милдети ыйгарылган. Мыйзам долбоору бекитилгенден кийин төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине талаптарды, анын ичинде лицензияны берүү жана алардын төлөм системасындагы ишине көзөмөлдүктү жүргүзүү тартибин белгилеген бир катар ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуу жана коомдук талкууга коюу пландаштырылган.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамын (2013-жылдын 19-октябрындагы №195) аткаруу максатында, Улуттук банк 2013-жылдын декабрь айынан тартып коомдук талкууга коюлган лицензиялоо тартибин, кызмат адамдарына карата талаптарды, төлөм системасынын катышуучулары ортосундагы өз ара мамилелерди ж.б. белгилеген “Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм системасынын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобонун долбоору иштелип чыккан. Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Улуттук банкка төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын лицензиары ыйгарым укугун чегерүү каралган “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө” жобону кароого алууда. Ошентип, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзам долбоору же “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө” жобо кабыл алынганга чейин Улуттук банк төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу, аларды көзөмөлгө алуу, ошондой эле тобокелдиктерди тескөө жана анда төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар белгиленген терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (ПФТ/ОД) чараларын сактоо сыяктуу ишкердик түрлөрүн жөнгө салган ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгууда.
Рынокко баа берүү жана аны кийин жөнгө салуу максатында, Бишкек шаарында жана Чүй областында төлөм системасы жана төлөм уюмдары рыногуна алдын ала мониторинг жүргүзүлгөн, мындай иш-чара республиканын областтарында да өткөрүлүүдө. 2014-жылдын сентябрь айынын акырына карата абал боюнча 16 компания “төлөм системасынын оператору” жана “төлөм уюму” аныктамасына туура келген. Мында, айрым компаниялардын күндөлүк жүгүртүүсү орточо алганда 1 млн. сомдон 10 млн. сомго чейин өзгөрүлүп турган, ал эми төлөм (cash-in) терминалдарынын саны 2 миңге жакынды түзгөн.
Банк эсебин ачуусуз акча которуулар системасы боюнча 2014-жылы акча каражаттарынын санкциясыз которуулар, ошондой эле айрым бир системалардын провайдерлеринин (операторлорунун) жана/же алардын Кыргыз Республикасынын резидент эмес банк-корреспонденттеринин финансылык проблемалары белгиленгендигине байланыштуу, Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы №34/10 токтому менен “Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине” (мындан ары - Эрежелер) өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, мында, тобокелдиктерди кыскартуу үчүн операторлорго жана катышуучуларга карата талаптар күчөтүлгөн. Эрежелердин талаптарына ылайык, акча которуу системасынын оператору Улуттук банкта каттоодон өтүүгө жана күтүлбөгөн жагдайлар келип чыккан учурда, финансылык милдеттенмелердин кепилдигин камсыз кылууга тийиш. Мындан тышкары, акча которуу системасы менен иш алып барууда коопсуздукту сактоо талаптары да каралган. 2014-жылдын август айынан тартып Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системасы боюнча кызматтарды сунуштаган операторлорду каттоо ишин баштаган. Аталган милдетти жүзөгө ашыруунун алкагында, каттоонун ички тартиби жана уюмдардын реестри иштелип чыккан. 2014-жылдын сентябрь айынын акырына карата абал боюнча Улуттук банкта акча которуу системасынын 4 оператору каттоодон өткөн.
Бюджеттик уюмдарга корпоративдик картты чыгаруу тартибин жөнгө салуу үчүн Борбордук казыналык тарабынан “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыналыгынын төлөм карттары жөнүндө убактылуу жобо” иштелип чыккан. Бул жободо, Казыналыктын корпоративдик төлөм карттарын эмиссиялоо жана аларды “Бюджеттик каражаттарды алуучунун картасы” пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында уюмдарга берүү тартиби, ошондой эле республиканын коммерциялык банктары тарабынан Казыналыктын төлөм карттарынын эквайрингин жүргүзүү жана аларды колдонуу менен ишке ашырылган операциялар процессингинин тартиби аныкталат.
3-глава
Төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган комплекстүү милдеттери
3.1. Төлөм системасын өнүктүрүү жагында негизги милдеттер
Кыргыз Республикасынын экономикасынын субъекттери ортосунда төлөмдөрдүн коопсуз жана натыйжалуу өткөрүлүшүн камсыз кылган жаңы маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды ишке киргизүү аркылуу, төлөм системасынын ишин жогорку технологиялык деңгээлде колдоого алуу Улуттук банктын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги милдети болуп саналат.
Орто мөөнөттүк мезгил ичинде Улуттук банктын төлөм системасын өнүктүрүү иши төмөнкүдөй негизги багыттар боюнча жүзөгө ашырылат.
3.1.1. Чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүү
Коммерциялык банктар, микрофинансылык мекемелер, банктык эмес төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору менен биргеликте Улуттук банк, анын ичинде маалымат-коммуникациялык технологиялар, мобилдик төлөмдөр, мобилдик банкинг, электрондук акчалар, төлөм жана алдын ала төлөнгөн карттар аркылуу аралыктан банктык тейлөө кызматын кеңири ишке киргизүү жана жайылтуу максатында, чекене төлөмдөр рыногун андан ары өнүктүрүүгө жана операциялык инфраструктура субъекттеринин, ошондой эле төлөм рыногунун катышуучуларынын ишин ченемдик-укуктук база жана регулятивдик тартип менен камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу ишин уланткан.
Төлөм маалыматтарын сунуштоо технологияларын жана ыкмаларын, заманбап жана инновациялык төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн, продукттарын өнүктүрүү, аларды ишке киргизүү, төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн бардык катышуучуларынын натыйжалуу, ошондой эле ишенимдүү тейлөөгө алынышын камсыз кылуу жана ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, банктык жана банктык эмес төлөм кызматтарын сунуштоонун чекене сегментин өнүктүрүүнүн жана өсүштүн негизги фактору жана катализатору болгон. Аралыкта жайгашкан түйүн жана мобилдик каналдарды кеңейтүү жана өнүктүрүү аркылуу республиканын бардык аймагында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет.
Дүйнөдө инновациялык технологиялардын өнүгүүсү шартында, мурда банктык тейлөө чөйрөсүнө аралашпаган, алыскы райондордо жашаган пайдалануучуларга чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууну сунуштаган каналдар кеңейтилген. Жеке адамдарга кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун пайдасына ар кандай кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн сунуштаган уюмдардын тейлөө чөйрөсүн кеңейтүүнүн эсебинен кардарларга эсептешүү кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзүлөт.
Мында, келип чыккан тобокелдиктерди жана коопсуздук чараларын кошо алганда, аларды сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн маанилүү аспекттери боюнча маалымдоо, ошондой эле финансылык сабаттуулугунун жалпы деңгээлин жогорулатуу аркылуу чекене банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрдөн керектөөчүлөрдүн сабаттуулугун жогорулатууга жана алардын укугун коргоого көңүл бурулат.
Чекене төлөмдөр боюнча нак эмес эсептешүүлөр системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык максатынан болуп, калкты эсептешүү банктык тейлөө сапатын жакшыртуу, банктарга жана башка банктык эмес финансы-кредит мекемелерине калктан акча каражаттардын агылып кирүү тенденциясынын бекемделиши үчүн алгылыктуу шарттарды түзүү жана бүтүндөй банк тутумуна ишенимди арттыруу, ошондой эле калктын нак эмес формада эсептешүүлөрдү жүргүзүүсү үчүн банктык эсептердеги каражаттарды колдонуу жана чекене төлөмдөрдү, эсептешүүлөрдү өткөрүү учурунда нак акча менен операциялар үлүшүнүн төмөндөөсү болууга тийиш.
Калкка сунушталуучу төлөм кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн кеңейтүү, алардын сапатын жакшыртуу, «Элкарт» төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасын камтыган системаны өнүктүрүүнүн эсебинен, республиканын аймагында электрондук төлөм инструменттерин, жаңы төлөм инструменттерин жана төлөм каражаттарды, ошондой эле атаандашууга жөндөмдүү жергиликтүү продукттарды пайдалануу менен банктык тейлөөнүн ыңгайлуу шарттарын түзүү аркылуу белгиленген максаттарга жетишүүгө болот.
Өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, өлкөлүк, саясый тобокелдиктердин жана геосаясый фактылардын таасирин басаңдатуу максатында, бюджеттик төлөмдөрдү которууга жана “Элкарт” улуттук төлөм системасынын алкагында төлөөлөрдү (мамлекеттик бюджетке төлөмдөрдү жана мамлекеттик бюджеттен төлөөлөрдү) тейлөөгө байланыштуу иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулат.
Мындан тышкары Улуттук банк төмөнкү багыттар боюнча иш алып барат:
өлкөнүн аймагында гана Кыргыз Республикасынын банк-резиденттери ортосунда улуттук валютада ишке ашырылган операциялардын жана төлөмдөрдүн иргөөгө алынышын камсыз кылуу;
KGNNSS системасы боюнча эсептешүүлөрдү кошо алганда, Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсептер боюнча акыркы эсептешүүлөрдү өткөрүү;
рыноктун катышуучулары үчүн атаандаштык шарттарын түзүү чараларын көрүү, “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК улуттук төлөм системасынын операторунун өнүгүшүнө көмөктөшүү, «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасын модернизациялоо жана Кыргыз фондулук биржасын төлөм системасына киргизүү ж.б. аркылуу, рынокто кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу ыкмаларда сунуштоо үчүн чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүүнүн катализатору катары чекене төлөм системасында катышуу;
анын базасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдү иргөө боюнча Бирдиктүү тейлөө борборун түзүү үчүн “Элкарт” улуттук карттары жана Бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору аркылуу эсептешүүлөр системасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
“Элкарт” улуттук төлөм системасын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн, ошондой эле Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө өлкөлөрдүн төлөм системалары менен интеграциялоого, Элкарт төлөм системасында колдонулган программалык-техникалык инфраструктура эрежелеринин, жол-жоболорунун, элементтеринин эл аралык талаптарга ылайык келишин камсыз кылууга жана баа саясаты, карт ээлеринин лоялдуулук программасын ишке ашыруу жана алдыңкы жергиликтүү иштерди жана чечимдерди ишке киргизүү артыкчылыктарынын эсебинен, ички жана эл аралык банктык төлөм карттар рыногунда Элкарт системасынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган иштерди жүргүзүү;
Кыргыз Республикасында 2012–2017-жылдар аралыгында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программанын иш-чараларын Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү, ошондой эле “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК менен биргеликте ишке ашыруу;
мамлекеттик органдарды, бюджеттик уюмдарды, бизнес субъекттерин төлөм инструменттеринин ар түрдүү формаларын, анын ичинде төлөм карттарды, электрондук акчаны, мобилдик төлөмдөрдү колдонуу менен нак эмес эсептешүүлөргө которууда, ошондой эле банктык төлөм карттарын жана башка инновациялык кызмат көрсөтүүлөр, технологиялар түрлөрүн колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө боюнча инфраструктураны өнүктүрүү жагында коммерциялык банктарга көмөк көрсөтүү;
банктык төлөм карттарды колдонуу аркылуу операцияларды жүргүзүү үчүн программалык-техникалык инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, анын ичинде товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн нак эмес төлөм операцияларын ишке ашыруу үчүн объекттердин санын кеңейтүү; нак эмес эсептешүүнү жүргүзүүдө калктын банктык төлөм карттарын колдонуусун демилгелөө боюнча иш-чаралар системасын түзүү жана өнүктүрүү, мезгил-мезгили менен нак эмес төлөмдөрдүн мамлекеттик мааниге ээ экендигине коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган социалдык жарнамалоо кампаниясын кеңири масштабда жүргүзүү аркылуу, бардык кызыкдар тараптардын (банктар, соода уюмдары (тейлөө кызматы)) жигердүү катышуусу менен өлкө калкын нак эмес эсептешүүлөр чөйрөсүнө тартуу;
бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын сарпталышына контролдукту камсыз кылуу максатында, көп функционалдуу социалдык жеңилдетилген карттардын (медициналык, транспорттук, салыктык, пенсиондук, банктык), Борбордук казыналыктын бюджеттик каражаттарды алуучунун картынын негизинде, социалдык чөйрөдө долбоорлордун ишке ашырылышына коммерциялык банктарга көмөк көрсөтүү;
Кыргыз Республикасынын алыскы региондорундагы бюджеттик уюмдарда эмгек акы долбоорун жайылтууга көмөктөшүү;
аралыкта туруп банктык тейлөө системасын (Кардар-банк, Internet-banking, SMS-banking, Mobile-banking. E-commerce) өнүктүрүү, бул системалардын ишин укуктук жактан жөнгө салууну өркүндөтүү;
эл аралык төлөм системаларынын талаптарына ылайык, банктык төлөм карттарды, электрондук акчаларды, аралыкта банктык тейлөө системасын колдонуу аркылуу операциялардын коопсуздугун камсыз кылуу;
банктык төлөм карттарды, электрондук акчаларды, аралыкта банктык тейлөө системасын колдонуу менен операцияларды жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берген программалык-техникалык каражаттарды сертификациялоону уюштуруу;
Чекене төлөм системаларынын (Пакеттик клиринг системасы, VISA, Элкарт) операциялары боюнча акыркы эсептешүүлөрдү кошо алганда, финансылык тобокелдиктерди кыскартуу жана төлөм системасынын катышуучуларынын бардык төлөмдөрүнүн жана транзакцияларынын жүргүзүлүшү максатында, Улуттук банк Камсыздандыруу фондун түзүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт, ал бир же бир нече катышуучуларда ликвиддүүлүк жетишсиз болгон шартта, тез арада акыркы эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн камсыз кылуу үчүн колдонулат.
3.1.2. Төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) ыкмасын өркүндөтүү
Системада тобокелдикти алгачкы баскычында аныктоо, анын келип чыгуу ыктымалдыгын, төлөм системасында эсептешүүлөрдүн өз убагында бүткөрүлбөй калышын азайтуу, анын операторлору катары банктык эмес уюмдар саналган төлөм системасынын ишинде тобокелдиктерди кыскартуу максатында Улуттук банк, төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) ыкмаларын өркүндөтүү, экономика үчүн маанилүү системаларынын эл аралык стандарттарга жана ченемдик-укуктук актылардын талаптарына ылайык келүүсүнө мониторинг, талдап-иликтөө жана баа берүү ишин жүргүзүү ишин улантат.
Төлөм жана эсептешүүлөр системаларына көзөмөлдүк (оверсайт) жүргүзүү жагында жаңы эл аралык стандарттарды ыңгайлаштыруунун алкагында, алардын маанилүүлүгүнө жараша төлөм системаларына көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруунун ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилет, анын ичинде:
тобокелдиктер деңгээлин аныктоо процессин тартипке келтирүү, төлөм системаларынын ишине баа берүү, ошондой эле аны төлөмдөр жана эсептешүүлөр рыногунун өзгөрүп жаткан шарттарына ылайык келтирүү максатында жана төлөм инструменттерин өнүктүрүү жагында инновациялык технологиялар пайдаланылып жаткандыгына байланыштуу, көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча ченемдик базаны оптималдаштыруу боюнча;
керектөөчүлөрдүн андан пайдалануу мүмкүнчүлүгү жана коопсуздугу көз карашынан, төлөм системасынын ишинде аныкталган үзгүлтүктөрдү четтетүү жана системанын натыйжалуу ишин жогорулатуу үчүн төлөм системасынын операторлору жана катышуучулары менен биргелешип иш алып баруу жана кызматташуу;
төлөм системасынын маанилүүлүгү критерийлерин жана улуттук төлөм системасынын статусун аныктоо боюнча;
рыноктун жаңы катышуучулары үчүн улуттук төлөм системасында катышууга мүмкүндүк берген критерийлерди иштеп чыгуу жана төлөм системасын интеграциялоо боюнча;
өзүнчө төлөм системасында сыяктуу эле, бир системада келип чыккан тобокелдиктин улуттук төлөм жана бүтүндөй финансылык системага таасирин тийгизүүсүнөн улам, финансылык тобокелдиктердин келип чыгуу ыктымалдыгын төмөндөтүүгө багытталган чараларды көрүү боюнча;
зарыл атаандаштык деңгээлин колдоого алуу жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрү рыногунда керектөөчүлөр укугун коргоо максатында, ачык-айкындуулук принцибин сактоо менен төлөм системасынын ишине жүзөгө ашырылган көзөмөлдүктүн (оверсайттын) жана баа берүүнүн жыйынтыктарын жарыялоо боюнча.
Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралар, экономиканын ар түрдүү секторлорунда эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө керектөөнү камсыз кылган айрым төлөм системаларын өркүндөтүү үчүн чечимдерди кабыл алууга түрткү берет.
Улуттук банктын өлкөнүн төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруусу, төлөм системасынын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун, ошондой эле өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын милдеттерин аткарууга багытталган.
3.1.3. Төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда укуктук жөнгө салуу ишин өркүндөтүү
Төлөм жана банк системасынын арымдуу өнүгүүсүнүн жана аны модернизациялоонун, алдыңкы маалымат-коммуникациялык технологиялардын жетишкендиктерин колдонуунун жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда жаңы катышуучулардын, ошондой эле жаңы продукттардын пайда болуусу шартында, төлөм системаларын жөнгө салган комплекстүү жана тең салмактанган ченемдик-укуктук база өзгөчө мааниге ээ болууда. Ушуга байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзам долбоору бекитилгенден кийин Улуттук банк, алар аталган мыйзамга ылайык келүүсү үчүн төлөм системасы боюнча жаңы ченемдик документтерди оптималдаштыруу жана иштеп чыгуу жагында иш жүргүзөт, бул өз кезегинде, төлөм системасынын бардык компоненттеринин тең салмактанган укуктук жөнгө салынышын камсыз кылат.
Улуттук банк, банктык жана банктык эмес төлөм кызмат көрсөтүүлөрдүн чекене сегментин өнүктүрүү жана арттыруу максатында ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, ошондой эле аралыкта жайгашкан тейлөө жана мобилдик каналдар түйүнүн кеңейтүү жана өнүктүрүү ишин улантат, бул жыйынтыгында келип калктын банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануусун жеңилдетет.
Чекене банктык жана банктык эмес төлөм кызмат көрсөтүүлөрү
Улуттук банк жаңы чечимдерди жана инновациялык технологияларды колдонуу менен төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча иштерди жүзөгө ашырат. Аталган иштин түрүнө уруксат берүү максатында, мындай уюмдарга жана алардын төлөм системаларына карата төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда талаптар белгиленет. Мындай ченемдик-укуктук документтерди кабыл алуу менен төмөнкү проблемаларды чечүүгө мүмкүндүк берилет:
республиканын экономикасында төлөмдөр жана эсептешүүлөр рыногунун жигердүү өнүгүшү шартында, үчүнчү жактардын-кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына жеке адамдардан жана юридикалык жактардан төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызматтарды көрсөткөн коммерциялык уюмдардын ишине контролдуктун жана көзөмөлдүктүн жок болушу;
системанын коопсуздугу, маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу жана улуттук, ошондой эле эл аралык лицензиялоо саясаты эрежелерин сактоо көз карашынан алып караганда, төлөм системасынын-ишкердик субъекттин ишине көзөмөлдүктүн жок болушу;
аталган уюмдар тарабынан банкроттук же көз боёмочулукка жол берилген учурда да каражаттарды төлөп же кайтарып берүүгө кепилдик берген механизмдер жок болгондугуна байланыштуу, төлөм уюмдары аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү учурунда төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугунун коргоого алынбашы.
Рынокто калктан төлөмдөрдү агенттик түйүн жана төлөм (cash-in) терминалдары, электрондук акчалардын ар түрдүү формалары, мобилдик капчык жана виртуалдуу валюта аркылуу кабыл алуу кызматтарын сунуштаган төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары пайда болгондугун эске алуу менен Улуттук банк жагдайларга мониторинг жүргүзүп, алардын ишин жөнгө салуу жана контролдукка алуу боюнча чараларды иштеп чыгат.
Мындан тышкары, 2013-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкы ортосунда түзүлгөн өз ара түшүнүшү меморандумун ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы (“Кыргыз Республикасында микрофинансылык уюмдары жөнүндө” мыйзамына) күчүнө киргенден кийин Улуттук банк төлөм системасынын катышуучулар санын көбөйтүү үчүн “Кыргыз Республикасында Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасында Майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө” жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизет.
Инновациялык технологияларды жөнгө салуу (электрондук акчалар, мобилдик төлөмдөр)
Кыргыз Республикасында нак акчаларга альтернатива катары колдонуу мүмкүн болгон инновациялык технологияларды (электрондук акчаларды, мобилдик төлөмдөрдү ж.б.) өнүктүрүү, нак эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү арттырууга багытталган жана ал өзгөчө өлкөнүн алыскы региондорунда жашаган калктын банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүүгө түрткү берет.
Эл аралык уюмдар менен техникалык жактан кызматташуудан улам, Улуттук банк электрондук акчаларды чыгаруу жана аны жайылтуу, ордун жабуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаларды колдонуу аркылуу төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тартибин аныктаган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгат.
Калктын уюлдук телефондор аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган мобилдик банкинг жана мобилдик төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуунун алкагында, Улуттук банк “Кыргыз Республикасында мобилдик банкингди жана мобилдик төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин” иштеп чыккан. Ченемдик актынын негизинде, төлөм системасынын өнүгүү багытын аныктаган жана Кыргыз Республикасында коопсуз жана натыйжалуу төлөмдөрдү өткөрүү ишин камсыз кылган бизнес-модель каралган. Мындан тышкары Улуттук банк, 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-май айындагы №174-т тескемеси боюнча түзүлгөн Ведомство аралык жумушчу тобунун алкагында баштаган Кыргыз Республикасында мобилдик төлөмдөрдү уюштуруу жана жүргүзүү ишин жөнгө салган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу ишин улантылат.
Аталган ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн мындай түрүн сунуштоодо тобокелдиктерди төмөндөтүүгө жана түпкү керектөөчүнүн укугун коргоого мүмкүндүк берет.
Банктык төлөм карттар
Банктык төлөм карттар аркылуу эсептешүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Улуттук банк, “Элкарт” улуттук төлөм системасынын Россиянын, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн төлөм системалары менен интеграциялоонун чегинде ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү ишин улантат жана өлкө аймагында колдонулган төлөм карттарга, процессинг (клиринг) борборлоруна, ошондой эле өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ар түрдүү төлөм системаларынын карттарын колдонуудан улам, улуттук валютада ички мамлекеттик төлөмдөрдү иштеп чыгууда талаптарды белгилейт.
Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында Улуттук банк, рынокто өзгөрүлүп жаткан шарттарга ылайык аны оптималдаштыруу жана шайкеш келтирүү, анын ичинде пайдалануучуларга жаңы төлөм каражаттарын жана эсептен пайдалануу мүмкүнчүлүгү механизмдерин сунуштаган уюмдардын рынокко аралашуусун камсыз кылуу максатында, маалымат алмашуу, сунуштоочулардын жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануучулар укуктары жана милдеттерине карата талаптарды белгилөө ишин улантат. Зарылчылыкка жараша, иштерди жүзөгө ашыруу кызыкдар тараптар жана төлөм системасынын катышуучулары менен биргеликте өткөрүлөт.
Калктын төлөмдөрүн почта бөлүмдөрү аркылуу кабыл алуу боюнча кызматтарды көрсөтүү почта байланышы боюнча ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
3.2. Төлөм системасын өнүктүрүүдөн күтүлгөн натыйжалар
Орто мөөнөткө каралган мезгил ичинде Улуттук банк, калктын төлөм кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу, банктык тейлөө сапатын жакшыртуу максатында, республикада чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүү боюнча иштерди улантат. Инновациялык төлөм инструменттерин жигердүү өнүктүрүү жана пайдалануу шарттарында Улуттук банк, төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногун укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча иш жүргүзөт. Мындан тышкары Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү боюнча 2012-2017-жылдарга каралган мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруу иши да улантылат.
Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга каралган негизги багыттарында каралган бардык иш-чаралардын жүзөгө ашырылышы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга мүмкүндүк берет:
Мамлекет жана экономика үчүн:
1. Натыйжалуу акча жүгүртүлүшүн уюштурууга жана нак акчанын өсүш арымынын кыскарышына, нак акчалардын көмүскө айланышын азайтууга. Акча которуулардын миграциялык процесстерин жана агымдарын эсепке жана контролдукка алууга.
2. Мамлекеттин салык-бюджет саясатын жүргүзүүдө ачык-айкындуулукту арттырууга.
3. Жүгүртүүдөгү нак акчалардын шайкеш массасын (эмиссиясын) колдоого алууга байланыштуу чыгашаларды кыскартууга.
4. Бюджеттик чөйрөдө инновациялык финансылык башкаруу ыкмаларын колдонууга.
Коммерциялык банктар үчүн:
1. Жаңы кардарларды тартууга, депозиттик базаны көбөйтүүгө жана экономиканын реалдуу секторун инвестициялоо үчүн акча каражаттарын топтоого.
2. Региондордо чекене агенттер тармагын өнүктүрүүгө.
3. Кардарларды аралыкта туруп тейлөө чөйрөсүн кеңейтүүгө.
4. Эмиссия-кассалык ишке (акчаларды инкассациялоо, иргөө, сактоо) байланыштуу чыгымдарды кыскартууга.
Уюмдар жана ишканалар үчүн
1. Менчик ички корпоративдик системаларды түзүүдө чыгашаларды кыскартууга.
2. Нак акча каражаттары менен (кабыл алуу, сактоо жана транспортировкалоо) иш алып барууда чыгашаларды кыскартууга.
3. Так эсепке алууну, финансылык контролдукту жана пландаштырууну жүргүзүүгө.
Калк үчүн:
1. Төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн жөнөкөй жана кеңири, ишенимдүү жана коопсуз пайдалануу мүмкүнчүлүгү, эң эле ыңгайлуу жана тез төлөө ыкмалары.
2. Төлөм кызмат көрсөтүүлөрү үчүн банктарды кеңири тандоо.
3. Банктарга жана системага жана аймактык таандыгына карабастан, төлөмдөрдү жана акча которууларды жүзөгө ашыруунун мурдатан калыптанган жана инновациялык инструменттерин жана ыкмаларын кеңири тандоо.
Болжолдуу көрсөткүчтөр
Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2015–2017-жылдарга каралган негизги багыттарында каралган жана нак эмес эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү боюнча милдеттерди аткарууга багытталган иш-чаралар комплексинин алкагында төлөм системасы боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө жетишүү пландалууда:
3-таблица. Болжолдуу көрсөткүчтөр
№ |
|
2018 -жылга болжолдоо |
2019-жылга болжолдоо |
2020-жылга болжолдоо |
2021-жылга болжолдоо |
Чекене системалар боюнча: Пакеттик клиринг системасы |
|||||
1 |
Төлөмдөрдүн саны |
4 156 935 |
4 364 782 |
4 583 021 |
4 812 172 |
2 |
Төлөмдөрдүн көлөмү (млн. сом) |
135 354 |
142 121 |
149 227 |
156 689 |
Карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасы |
|||||
1 |
Жылдын акырына карата эмитирленген төлөм карттарынын саны (даана) |
1 781 |
1 870 |
1 964 |
2 062 |
2 |
1 адамга карата эсептелген жайылтылган банктык төлөм карттарынын деңгээли (даана) |
0,48 |
0,50 |
0,52 |
0,53 |
3 |
Төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган операциялардын саны (миң даана) |
27 351 |
28 718 |
30 154 |
31 662 |
4 |
1 миң адамга карата эсептелген ишке ашырылган операциялардын орточо саны (даана) |
7 404,0 |
7 659,27 |
7 923,39 |
8 196,61 |
5 |
Төлөм карттары боюнча ишке ашырылган операциялардын көлөмү (млн. сом.) |
132 904 |
139 549 |
146 526 |
153 853 |
6 |
Карттар менен калктын киши башына эсептелген операциялардын орточо көлөмү (сом.) |
35 977,51 |
37 218,12 |
38 501,50 |
39 829,14 |
7 |
1 банкоматка туура келген адамдардын саны (миң адам) |
2 577 |
2 491 |
2 408 |
2 328 |
8 |
1 терминалга туура келген адамдардын саны (миң адам) |
472 |
456 |
441 |
426 |
9 |
Кыргыз Республикасынын аймагындагы калк (миң адам) |
3 694,1 |
3 749,5 |
3 805,7 |
3 862,8 |
Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы боюнча |
|||||
1. |
Төлөмдөрдүн саны |
373 440 |
392 112 |
411 717 |
432 303 |
2. |
Төлөмдөрдүн көлөмү (млн. сом) |
5 605 066 |
5 885 320 |
6 179 586 |
6 488 565 |