Кайта келүү

«Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргигзүү туралуу» долбооруна 

МААЛЫМДАМА НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Улуттук банктын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туралуу» долбоорун (мындан ары долбоор) иштеп чыкты.  

Ушул долбоордун алкагында төмөнкүлөрдү камтыйт: 

- тобокелдикке туруштук берүү деңгээли боюнча талаптары менен толуктоо, тактаганда, тобокелдикке туруштук берүү деңгээлдин саясаттарын жана процесстерин аныктоо, тобокелдиктер боюнча лимиттерди ченөө, аныктоо, тескөө жана аныкталган тобокелдиктер боюнча лимиттерди банктын керектүү түзүмдүк бөлүмдөрүн информациялоо, жана ошондой эле банктын тобокелдикке туруштук берүү деңгээлин банк Башкармасы жана тобокелдик-менеджменти кызматы менен бирге иштеп чыгуу үчүн банктын Директорлор кеңешинин жоопкерчилигин күчөтүү

- тобокелдик-менеджменти кызматынын отчетторун тобокелдик боюнча комитетине бир айда бир жолу, жана директорлор кеңешине үч айда бир жолу берүү мөөнөтүн өзгөртүү

- «тобокелдикке туруштук берүү деңгээлинин даражасы тууралуу ички документи» жана «банктын тобокелдик профили» сыяктуу аныктоолор менен толуктоо; 

- коммерциялык банктарга кредиттик страгенияны түзүү боюнча минималдуу талаптарды коюу; 

- макроэкономикалык тобокелдиктерди эске алуу менен өлкөлүк жана рыноктук тобокелдиктерди башкаруу талаптарын жакшыртуу; 

техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү, жана ошондой эле каршы болгон нормалар менен талаптарды алып салуу. 

Ошондо, долбоор төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү камтыйт: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнунда № 19/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнунда № 19/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого. 

 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын «____» __________ 

№___________________________  

токтомуна карата тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банктарында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

3-пунктунун: 

- жыйырма жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Тобокелдикке туруштук берүү деңгээли бул, банк өз стратегиясында жана бизнес-планында каралган максаттарга жетүүсү үчүн мүмкүнчүлүгүнө жараша тобокелдиктерге туруштук бере алган тобокелдиктер деңгээли жана түрлөрү. Тобокелдикке туруштук берүү деңгээли банкты өнүктүрүү стратегиясын жана банктын бизнес-планын иштеп чыгууда эске алынат.»; 

- төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Тобокелдикке туруштук берүү деңгээли жөнүндө ички документ бул, банк өз стратегиясында жана бизнес-планында каралган максаттарга жетүүсү үчүн өз мүмкүнчүлүгүнө жараша тобокелдиктерге туруштук бере алган тобокелдиктердин чогуу алгандагы деңгээли жана түрлөрү (кирешелүүлүк, капитал, ликвиддүүлүк жана башка тиешелүү чаралар боюнча сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрдү аныктоо, мисалы өсүш, өзгөрмөлүүлүк), мында банктын аброю жана этикага жатпаган практика сыяктуу татаал өлчөнүүчү тобокелдиктерди эске алуу зарыл. Мында, аталган документ банктын бизнес-планынын бир бөлүгү болушу мүмкүн. 

Тобокелдиктер боюнча лимиттер банктын чогуу алгандагы тобокелдикке туруштук берүү деңгээлин (белгилүү бир көрсөткүчтөргө коюлуучу сандык чектөөлөр) иш чөйрөсү, банктын филиалдары, туунду компаниялары, аныкталган тобокелдик категориялары, концентрациялар, продукттар жана башка зарыл деңгээлдер боюнча бөлүштүрүү. Банк лимиттердин ар түрдүү түрлөрүн ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктарын туура бөлүштүрүү үчүн жоопкерчилик тартат. 

Банк ишинин тобокелдүүлүгүнүн профили бул, банк үчүн алгылыктуу тобокелдиктердин бардык түрлөрүнүн жана алардын деңгээлдеринин жыйынтыкталган маалыматы, алар банк ишинде бардык негизги көйгөйлөрдү жана аталган тобокелдиктер боюнча колдо болгон маалыматтарга учурдагы (акыркы жаңыртылган) баа берүү жыйынтыктарын чагылдырат.»;  

- 12-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. Тобокелдик-менеджменти кызматы, кеминде ай сайын отчетторду Тобокелдик боюнча комитетке, ошондой эле чейрек сайын Директорлор кеңешине сунуштап турат. Мында, Директорлор кеңеши жана/же Тобокелдик боюнча комитет мындай отчетторду сунуштоонун башка мезгилдүүлүгүн кошумча белгилей алышат.  

Тобокелдик-менеджмент кызматы күндөлүк иштерди аткаруу жана чечимдерди оперативдүү кабыл алуу үчүн банк Башкармасынын мүчөлөрү, түзүмдүк бөлүмдөр жана кызматкерлер менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барат.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 14-1 - 14-5-пункттар менен толукталсын: 

«14-1. Тобокелдикке туруштук берүү деңгээли жөнүндө ички документте белгиленген лимиттер Директорлор кеңеши тарабынан милдеттүү түрдө жактырылышы менен артышы мүмкүн болгон учурлады так аныкталууга тийиш. 

14-2. Банк ишинин тобокелдүүлүгүнүн учурдагы профилин тескөө максатында, банк тобокелдикке туруштук берүүнү, атап айтканда, банк үчүн алгылыктуу болгон тобокелдиктердин бардык түрлөрүн жана алардын деңгээлдерин (тактап айтканда банктын тобокелдикке дуушар кылбаган жана банктын аманаттарынын жана кирешелүүлүгүнүн сакталышын камсыз кылган деңгээлде) так чагылдырууга тийиш. Мында, тобокелдикке туруштук берүү деңгээли банктын кыска жана узак мөөнөттүү стратегиясы, банктын бизнес планы менен байланыштуу болууга жана банктын тиешелүү коллегиалдуу органдарынын деңгээлинде макулдашылууга тийиш. Бул үчүн: 

1) банктын кыска жана узак мөөнөттүү стратегиясы, бизнес планы, анын капиталы жана финансылык планы менен байланыштуу болгон тобокелдикке туруштук берүү деңгээли жөнүндө ички документи даярдоо; 

2) банктын саясатын жана тобокелдикке туруштук берүү процесстерин аныктоо жана банк ишинин тобокелдикке туруштук берүү деңгээлине ылайык келишин туруктуу негизде контролдоо. Мында, банктын тобокелдикке туруштук берүү деңгээлин аныктоо процесси кеминде жылына бир жолу кайра каралып чыгууга тийиш;  

3) баа берүү, жактыруу, маалымдоо (банк ичинде маалымдалышы) боюнча жол-жоболорду, ошондой эле банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган тобокелдиктер боюнча лимиттерге жана белгилүү бир принциптерге мониторинг, аудит жүргүзүү процесстерин иштеп чыгуу; 

4) банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган тобокелдикке туруштук берүү деңгээлинен ашпоого тийиш болгон тобокелдиктер боюнча лимиттерди өлчөө, белгилөө, контролдоо жана тескөө

14-3. Лимиттерге жана маанилерге мониторинг жүргүзүү максатында, Директорлор кеңеши банк Башкармасы тарабынан ишке ашырылган банктын тобокелдүүлүк профилин контролдойт жана ал үчүн жоопкерчилик тартат.  

14-4. Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган тобокелдиктер боюнча лимиттер банктын тигил же башка ишин жүзөгө ашырган персоналга, бөлүмгө же түзүмдүк бөлүмдөргө таркатылат.  

14-5. Ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөр тобокелдиктер боюнча белгиленген лимиттер жөнүндө маалым болуусу зарыл жана банктын операциялык иш процессине тартылган ыйгарым укуктуу адамдын жана персоналдын аталган лимиттер тууралуу түшүнүүсүн камсыз кылууга тийиш. Лимиттердин колдонулушуна кылдат мониторинг жүргүзүү зарыл. Банк Башкармасы тиешелүү чараларды көрүү үчүн бузууга жол берилген лимиттер тууралуу токтоосуз түрдө маалымдалууга тийиш.»;  

- 17-пункттун: 

1-пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- тобокелдик-менеджменти кызматынын иш планын бекитүү жана анын аткарылышын контролдоо;»; 

2-пунктчанын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- тобокелдик-менеджменти кызматы сунуштаган тобокелдик түрлөрү боюнча утурумдук отчеттор, ошондой эле тобокелдиктер боюнча лимиттер абалы, гэп жана стресс-тестирлөө жыйынтыктары»; 

3-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) банкта орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө маселелери жагында тобокелдик-менеджменти кызматынын жетекчиси, комплаенс-контроль кызматынын жетекчиси, ички жана тышкы аудит, ошондой эле зарыл учурларда, банктын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара иш алып баруу;»; 

5-пунктчадагы «тобокелдиктер тууралуу билдирүү» деген сөздөр «тобокелдикке туруштук берүү деңгээли жөнүндө ички документ» дегенге алмаштырылсын; 

18-пункттун экинчи абзацындагы «кеңеш берүүчү» деген сөз алып салынсын; 

- 19-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 20-пункттун биринчи абзацындагы «3 (үч) айда кеминде бир жолу» деген сөздөр «айына кеминде бир жолу» дегенге алмаштырылсын; 

- 27-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) банк Башкармасы жана тобокелдик-менеджменти кызматынын жетекчиси менен биргеликте банктын тобокелдиктерге туруштук берүү чараларын иштеп чыгуу жана банктын тобокелдикке туруштук берүү деңгээлине карата талаптарды, тобокелдик саясатынын жана лимиттеринин сакталышын көзөмөлгө алууга жана туруктуулукту камсыз кылууга көмөктөшүү.»; 

- 28-пункттагы: 

«милдеттерин жана» деген сөздөр алып салынсын; 

төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Банктын тобокелдик-менендменти кызматынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкер Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Улуттук банк менен макулдашылат»; 

- 31-пункттун 3-пунктчасындагы «айына бир жолу» деген сөздөр «чейрек ичинде бир жолу» дегенге алмаштырылсын; 

- 38-пункт төмөнкү мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын: 

«11) Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган тобокелдикке туруштук берүү деңгээлин жана лимиттер тобокелдигин иштеп чыгуу.»; 

- 65-пункттун биринчи абзацындагы «тескөө бөлүгүндө» деген сөздөр «тескөө боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

- 66-пункттагы «Ички документ» деген сөздөр «Ички документтер» дегенге алмаштырылсын; 

- 67-пункттун биринчи сүйлөмүндөгү «Ички документ» деген сөздөр «Ички документтер» дегенге алмаштырылсын; 

- 90-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«90. Банкта Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо тобокелдигин тескөө боюнча ички документ (саясат) болууга тийиш. Ички документтерде банк ишинин өлчөмүнө жана татаалдыгына жараша кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо тобокелдигин аныктоо, табуу, ага баа берүү, контролдоо жана төмөндөтүү жол-жоболору каралууга тийиш, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген минималдуу талаптар бардык банктар тарабынан сакталууга тийиш.»; 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 2-1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Ушул жобонун максатында кредит дегенден улам, активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди, анын ичинде факторинг, лизинг жана өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган башка активдерди (корреспонденттик эсептер, баалуу кагаздар, банктар аралык жайгаштыруулар ж.б. у.с.) түшүнүүгө болот.  

Чек ара аркылуу өтүүчү кредиттер деп резиденттерге/резидент эместерге, алардын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары гана жүргүзүшкөн иштерин каржылоо үчүн берилген кредиттерди түшүнүү зарыл, мында, резидент/резидент эмес деген түшүнүк Кыргыз Республикасынын мыйзамында аныкталган түшүнүккө дал келет. 

Контракттык каржылоо дегенден улам, кардардын контрагенттери менен келишимдери боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн жүгүртүү капиталын кыска мөөнөткө каржылоо (бир жылга чейинки) түрүндөгү кредиттик продуктту түшүнүү зарыл.»; 

- 2-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Банктын кредиттик саясаты жана кредиттик стратегиясы; 

- 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Банктын кредиттик операциялары банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген анын ички кредиттик саясатына жана кредиттик стратегиясына ылайык ишке ашырылат.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 6-1, 6-2 жана 6-3-пункттар менен толукталсын: 

«6-1. Кредиттик стратегияда кеминде төмөнкүлөр эске алынууга жана камтылууга тийиш: 

- банк жетүүнү пландаштырып жаткан кредиттөөнүн максаттуу рыноктору жана алардын жалпы мүнөздөмөлөрү (анын ичинде диверсификациялоо деңгээли, кредит портфелинин сапатына баа берүүдө пландаштырылып жаткан көрсөткүчтөр ж.б. у.с.); 

- кредиттөө боюнча каржылоонун негизги булактары (банк кредиттөө боюнча каржылоонун булактарын, кайсы каражаттардын эсебинен кредиттөө пландаштырылып жаткандыгын көрсөтүү жана кредит портфелин жогорулатуу зарыл); 

- кыйыр-валюталык тобокелдиктерге талдап-иликтөө

- кредиттер үлүшүнүн банктын активдерине карата катышы; 

- рыноктук шарттар жана банктын финансылык абалы, ошондой эле анын тобокелдикке туруштук берүү деңгээли; 

- банктын күтүлүп жаткан пайда нормасын жана капитал өлчөмүн; 

- кредиттик тобокелдикке дуушарланган активдерди кайтарып берилишине байланыштуу мүмкүн болуучу чыгымдар; 

- банктын кыска мөөнөттүү/орто мөөнөттүү/узак мөөнөттүү пландары; 

- кредит портфелине талдап-иликтөө, ал банктын колдонуудагы кредит портфелинин негизинде жүзөгө ашырылат. Буга кошумча, банк мындай талдап-иликтөөнү жүргүзүү методологиясына ээ болууга тийиш, ал кредиттик тобокелдикти жана кыйыр-валюталык тобокелдикке баа берүүгө өбөлгө түзөт; 

- банктын актуалдуу шайкеш экономикалык көрсөткүчтөрү

- банктын уюштуруу түзүмүн, техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жана банктын кредиттик ишине жооптуу болгон банктын персоналы менен жетекчилигинин потенциалы. Тиешелүү персонал кредиттик стратегия тууралуу маалымдалууга жана банктын кредиттик стратегиясынын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга тийиш. 

6-2. Директорлор кеңеши таасир эткен же кредиттик стратегиятта каралган жана камтылган финансылык жана экономикалык көрсөткүчтөрдү мезгил-мезгили менен, бирок кеминде жылына бир жолу карап чыгат жана зарылчылык келип чыккан шартта тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет. 

6-3. Банктын Директорлор кеңеши банкта дайындоолор жана сый акылар боюнча саясаты кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча стратегияга каршы келбешин камсыз кылууга тийиш.»; 

- 12-пункттун тогузунчу абзацындагы «мүмкүн» деген сөз «тийиш» дегенге алмаштырылсын; 

- 12-1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12-1. Кредиттик тобокелдикке ички контролдук системасына ички аудит банктын кредиттик стратегиясын, саясатын кредиттөө боюнча ишинин шайкештигин аныктоо жана кредиттик тобокелдикти тескөө процессинде, кредиттик саясатта жана кредиттөө боюнча жол-жоболордо чабал жерлерин аныктоо үчүн жыл сайын жүргүзүлүүгө тийиш. 

Ошондой эле ички аудит жүргүзүүнүн алкагында банкка валюта тобокелдиги шартталган кредиттик тобокелдикке ички контролдук системасына, анын ичинде кредиттердин/активдердин классификациялоо ишине Улуттук банктын белгиленген талаптарына ылайык баа берип туруу зарыл.  

Кредиттик тобокелдикке ички контролдук системасынын ички аудит жүргүзүүнүн натыйжасында аныкталган кемчиликтер боюнча корректировкалоочу иш-чаралардын андан ары аткарылышы боюнча маалымат мезгил-мезгили менен, бирок кеминде чейрек ичинде бир жолу банктын Директорлор кеңешине жана кеминде айына бир жолу Аудит боюнча комитетке өткөрүлүп берилүүгө тийиш.»; 

- 26-пункттун төртүнчү абзацындагы «пролонгациялоо же» деген сөздөр алып салынсын; 

- 55-пункттагы «баа берүүчү» деген сөз алып салынсын; 

- 75-пункттун: 

алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- зарылчылыкка жараша, карыздардын түзүмүн өзгөртүү программасын иштеп чыгууну (кредитти кайтаруу жана пайыздарды төлөө боюнча төлөмдөрдүн графигин иштеп чыгуу, кредиттөөнүн формасын өзгөртүү, реструктуризациялоону жүргүзүү ж.б.).»; 

төмөнкү мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын: 

«Кредитти реструктуризациялоодо, банк учурдагы финансылык абалын жана банктын карыз алуучуга карата ишеним деңгээлин кароого алуусу зарыл. Банк, эгерде карыз алуучу өзгөртүлгөн шарттагы кредити боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу боюнча айкын мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болгон учурда гана кредитти реструктуризациялай алат, бул жүргүзүлгөн талдап-иликтөө жана тиешелүү документтер менен тастыкталууга тийиш. 

Кредити реструктуризацияланган карыз алуучунун кредиттик таржымалында карыз алуучунун учурдагы финансылык абалы жана анын кредит төлөө мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат, ошондой эле жүргүзүлгөн реструктуризациялоо тууралуу маалымат жана тиешелүү документтер камтылууга тийиш.»; 

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеменин 22 жана 25-пункттарындагы «бааланган» деген сөз алып салынсын. 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы №19/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 2.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2. Банктын Кыргыз Республикасынын резидент кардарлары менен иш алып баруусунда да кыйыр түрдөгү өлкөлүк тобокелдиктин болуп калуусун эске алуусу зарыл.»; 

- 2.3-пункту төмөнкү мазмундагы 2.3.5 жана 2.3.6-пунктчалар менен толукталсын: 

«2.3.5. Макроэкономикалык тобокелдик карыз алуучунун өз милдеттенмелерин аткаруу жөндөмдүүлүгүнө таасир эткен мамлекеттеги же чет өлкөдөгү макроэкономикалык шарттардын олуттуу өзгөрүүсүнүн (мисалы, чет өлкө борбордук банкынын улуттук валютасынын нарксыздануусун/бекемделүүсүн алдын алуу үчүн багытталган кайра каржылоо ченин жогорулатуу/төмөндөтүү боюнча чечим кабыл алуусу, ал кийинчерээк аталган өлкө менен ишкердик мамилеге ээ болгон карыз алуучуларга терс таасир этиши мүмкүн) натыйжасында чыгашалардын (жоготуулардын) келип чыгуу тобокелдиги. 

2.3.6. Кыйыр түрдөгү өлкөлүк тобокелдик анда карыз алуучу олуттуу ишкердик байланышка жана кызыкчылыкка ээ болгон чет өлкөдө экономикалык, социалдык жана саясий шарттардын өзгөрүүсүнүн натыйжасында карыз алуучунун карыздарын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн начарлап кетиши тобокелдиги (2-эскертүүнү кара). Кыйыр түрдөгү өлкөлүк тобокелдик кардардардын кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүдө эске алынууга тийиш.». 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы №19/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3.1-пункттагы «иш чөйрөсүнө» деген сөздөрдөн кийин «тобокелдикке туруштук берүү деңгээлине» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.4. Банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген рыноктук тобокелдикти тескөө саясаты банк дуушар болгон тобокелдиктин деңгээлин жана татаалдыгын эске алууга жана рыноктук тобокелдиктин банктын ишине байланыштуу түрлөрүн камтууга, ошондой эле жаңы банктык продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүүдөн тобокелдик деңгээлин эске алууга тийиш.  

Банктар тобокелдиктерине баа берүүдө жана тескөөдө өз ишин жүзөгө ашырган жалпы жана макроэкономикалык шарттарды жана банкты олуттуу жоготууларга алып келген алардын жөндөмдүүлүгүн эске алууга тийиш.  

Эгерде банк тобокелдикти хеджирлөө чечимин кабыл алса, анда рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча саясатта тобокелдиктерди хеджирлөөнүн ыкмалары жана критерийлери, анын ичинде хеджирлөөнүн натыйжалуулугу (оптималдуулугун) жана наркы боюнча критерийлер аныкталууга тийиш.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 3.11-пункт менен толукталсын: 

«3.11. Банктын ички аудити банктын рыноктук тобокелдигин тескөө бүтүндүгүн, тактыгын жана натыйжалуулугун туруктуу негизде текшерип турууга тийиш. Ички аудит жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтер боюнча корректировкалоочу иш-чаралардын андан аркы аткарылышы боюнча маалыматты мезгил-мезгили менен кеминде чейрек ичинде бир жолу банктын Директорлор кеңешине жана кеминде айына бир жолу Аудит боюнча комитетке билдирилет. 

Банктын ички аудит тарабынан өткөрүлгөн рыноктук тобокелдикке баа берүү кеминде төмөнкү факторлорду камтууга тийиш: 

- рыноктук тобокелдикти тескөө процессинин көлөмүнүн шайкештигин (рыноктук тобокелдикке алып келген позициялардын түрүн, мазмунун жана татаалдыгы деңгээлин эске алуу менен, ошондой эле алар рыноктук тобокелдикти тескөө процессинде талаптагыдай кароого алынганын текшерүүгө тийиш); 

- банк тарабынан колдонулуучу рыноктук тобокелдикке тескөө системасынын шайкештигин; 

- бардык маалыматтардын аныктыгын, толук, бүтүн болушун жана макулдашылгандыгын жана мындай маалыматтардын булактарын, ошондой эле рыноктук тобокелдикке баа берүүдө колдонулган баа берүү ыкмаларын.»; 

- 4.1-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «курамдык бөлүгү» деген сөздөр «курамдык элементи» дегенге алмаштырылсын; 

экинчи абзацындагы «милдеттенмелери» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле банктын тобокелдикке туруштук берүү деңгээлине жана капиталына дал келүүгө» деген сөздөр менен толукталсын; 

төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: 

«- жаңы продукттар менен байланыштуу процесстерди жана принциптерди идентификациялоо.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 4.3-пункт менен толукталсын: 

«4.3. Пайыздык тобокелдикти өлчөө кайра баалоо тобокелдигин, базалык тобокелдикти, опцион тобокелдигин жана кыйыр кирешелүүлүк тобокелдигин камтууга тийиш. 

Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы стресс-тестирлөөнүн натыйжаларын, анын ичинде алардын негизин түзгөн негизги божомолдорду туруктуу негизде, бирок чейрек ичинде кеминде бир жолу жүргүзүүгө тийиш. Мындай иштердин жыйынтыктары рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча саясатты түзүүдө жана кайра карап чыгууда эске алынууга тийиш. Стресс-тесттер аркылуу болжолдонуучу потенциалдуу жоготууларды жана мындай жоготуулардын келип чыгуу ыктымалдыгын эске алуу менен банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы тобокелдиктерди тескөө ишин күчөтүү үчүн кошумча чараларды көрө алат.».