Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган толуктоолордун жана өзгөртүүлөрдүн долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

2015-жылдан тартып «Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө» мыйзамын аткаруу максатында Улуттук банк тарабынан төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун ишин лицензиялоо жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө төлөм системаларынын операторлоруна 20 лицензия, төлөм уюмдарына 19 лицензия берилген. 

Төлөм уюмдары үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү төлөм терминалдар, агенттик тармак жана электрондук акчалар аркылуу кабыл алышат.  

Учурда калктын салыктарды, айыптык төлөмдөрдү жана башка бюджетке келип түшүүлөрдү төлөм терминалдары аркылуу минималдуу тарифте төлөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине төлөм уюмдарына бюджетке төлөм кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүн берүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралууда. 

Учурда колдонулуп жаткан схема боюнча төлөм уюмдары коммерциялык банктар менен агенттик келишим түзүшөт жана салыктар менен айыптык төлөмдөрдү кабыл алышат. Ушуну менен бирге эле, бюджеттик төлөмдөрдүн гарантиялуулугу үчүн төлөм уюмдары алдын ала төлөм менен камсыз кылуусу же коммерциялык банкта акыркы чейрек ичиндеги орточо күндүк жүгүртүү суммасынын 20 пайыз өлчөмүндө финансылык камсыздоосу болууга тийиш.  

2017-жылы мамлекеттик бюджеттин пайдасына төлөм уюмдарынын төлөм терминалдары аркылуу кабыл алынган төлөмдөрдүн саны 2,97 млрд. сом суммасында (төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнүн 12 пайызы) 5,48 млн. төлөмдүөлөмдөрдүн жалпы санынын 3 пайызы) түзгөн. 

Төлөм уюмдарын Бюджеттик кодекстин 105-беренесине киргизүүдө, алар тарабынан төлөөчүлөр жана мамлекеттик бюджет алдындагы милдеттердин аткарылышы боюнча финансылык гарантияларды толук камсыз кылуу талабын да кароо зарыл. 

Ошондон улам Төлөм системалары башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолордун жана өзгөртүүлөрдүн долбоорун иштеп чыккан, анда бюджеттик уюмдардын төлөөчүлөр жана мамлекет алдында бюджетке төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча өз милдеттерин аткаруу жагында финансылык гарантияларды толук камсыз кылуусу үчүн зарыл болгон нормалар жана талаптар каралган.  

 

 

Төлөм системалары  

башкармалыгынын 

начальниги Э. Лелевкина 

 

 

 

 

Долбоор 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

25-мартындагы № 19/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген жобонун: 

3-главасы төмөнкү мазмундагы 32-1- пункт менен толукталсын: 

«32-1. Төлөөчүлөрдүн бюджетке чегерилүүчү салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөөгө каралган акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын (мындан ары - Борбордук казыналык) Бирдиктүү казыналык эсебине кабыл алуу үчүн төлөм уюму: 

- кеминде он миллион сом өлчөмүндө уставдык капиталга ээ болууга; 

-  Борбордук казыналык менен түзүлгөн тиешелүү келишимдик мамилелерде ушул талапты чагылдыруу жана төлөм уюмдары менен Борбордук Казыналык ортосунда тиешелүү контролдукту жүргүзүү жана келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө механизмдерин жөнгө салуу аркылуу бюджет системасынын/Борбордук казыналыктын пайдасына бюджетке кабыл алынган төлөмдөрдүн бардык/толук суммасына 100 пайыздык алдын ала төлөөнү жана/же кайтарылып алынгыс банктык гарантияны сунуштоого тийиш. Кайтарылып алынгыс банктык гарантиялар сунушталган шартта, бюджет системасынын/Борбордук казыналыктын пайдасына ошол кайтарылып алынгыс банктык гарантияны сунуштоочу коммерциялык банктарга карата талаптар жана критерийлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет».; 

- 71-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын.