Кайта келүү

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жөнүндө» («Убактылуу администрация жөнүндө» жана «Банктарды жоюу жөнүндө» жоболоруна) долбоорун иштеп чыкты (мындан ары - долбоор).  

Долбоор 2018-жылдын 10-декабрынын № 100 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамына ылайык келтирүү максатынды иштелип чыккан. 

Долбоор төмөнкүлөрдү камтыйт:  

- Убактылуу администратор дайындалган банкта сый акы төлөө үчүн ликвиддүү каражаттар жок болсо, Убактылуу администратордун эмгек акысы (сый акы) кандайча аныктала тургандыгын тактаган толуктоолор сунушталууда. Мындай учурда Убактылуу администратордун өтүнүч катынын негизинде жана Улуттук банктын чечими боюнча Убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан адистердин эмгегине төлөөлөрдү Улуттук банктын эсебинен жүргүзүү жана бул чыгашаларды кийинчерээк банктын келечектеги сарптоолоруна чегерүү аркылуу жүзөгө ашыруу толуктоосу каралууда; 

- Убактылуу администратор жана көзөмөл органы тарабынан маалыматтарды 

берүү жана кароо мөөнөттөрүн карап чыгуу, анын ичинде Улуттук банк Башкармасы чыгашалар сметасын бекитүү чечимин кабыл алуу мөөнөтүөн 10 жумуш күнү чейин узартуу боюнча өзгөртүүлөр киргизилген; 

- Улуттук банктын макулдашуусу боюнча  сот аныкталган жоюучуга сый акы белгилөө тартибин аныктоо шарттар сунушталууда, ошол эле учурда  мурунку  инфляция коэффициентине байланыштыруу талабы жокко чыгарылды. 

- Мындан тышкары, жоюучу ишке тартылган кызматкерлерге Убактылуу администрация киргизилгенге же лицензия кайра чакыртып алынганга чейин иштеп жаткан банктын тиешелүү кызматкерлеринин кызматтык айлык акысынан ашпаган өлчөмдө сый акы белгилөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү.  

 

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик  

укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Убактылуу администрация жөнүндө» жобонун: 

- 6-пунктунун «20» деген саны «15» дегенге алмаштырылсын; 

- 8-пунктунун 8-абзацындагы «аты-жөнүн, дайындала турган кызмат ордун жана документтерге кол коюу укугун көрсөтүү менен» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 21-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Улуттук банк Башкармасы төмөнкү учурларда башка Убактылуу администраторду дайындоого укуктуу:  

- Убактылуу администратор сыркоолоп калгандыгынан же башка себептерден улам Убактылуу администрация жүргүзүү үзгүлтүккө учураса;  

- Улуттук банк менен түзүлгөн келишимдин шарттарын Убактылуу администратор бузууга жол берсе;  

- отчеттор, ошондой эле расмий талап кылынган башка документтер жана маалыматтар Убактылуу администратор тарабынан өз убагында тапшырылбаса, толук эмес берилсе жана/же анда туура эмес маалымат чагылдырылса, анын ичинде финансылык отчетту бурмаланса;  

- тиешелүү мыйзам жана ушул жобо менен жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткаруу, иш жүргүзүү жөндөмдүүлүгү жок болсо;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берсе;  

- Убактылуу администрация жүргүзүү максаттарына жетүүдө тоскоолдуктарды жараткан Убактылуу администратордун атайын аракеттери же аракеттенбей коюулары; 

- Улуттук банк менен түзүлгөн келишимди Убактылуу администратордун жеке арызы/өтүнүчү менен токтотуу.»; 

- 53-пунктунун «20 календардык күн ичинде» деген сөздөрү «Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде» дегенге алмаштырылсын; 

- 54-пунктунун «баа берүүчүлөрдү жана башка адистерди ишке тартууга укуктуу.» деген сөздөрү «көз карандысыз баа берүүчүлөрдү жана башка адистерди ишке тартууга тийиш.» дегенге алмаштырылсын; 

- 71-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«71. Убактылуу администратордун банкты кайра капиталдаштыруу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу өтүнүчү канааттандырылган учурда, Убактылуу администратор аткарылган/аткарылбаган иш-чараларды жана орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди көрсөтүү менен ишке ашырылган иш-чаралар жөнүндө отчетту Улуттук банкка Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген мөөнөт боюнча берип турууга милдеттүү.»; 

- 95-пунктунун «экономикалык ченемдерин» деген сөздөрү «милдеттүү кам талаптарын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 107-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«107. Убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган, адистердин эмгек акылары банктын каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Убактылуу администратор дайындалган банкта Убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган, адистердин эмгегин төлөө үчүн ликвиддүү каражаттар жок болгон учурларда, Убактылуу администратордун өтүнүч катынын жана Улуттук банктын чечими боюнча бул чыгымдар Улуттук банктын жеке каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Ал чыгымдар андан ары Убактылуу администратор дайындалган банктын сарптоолоруна киргизилет. Убактылуу администрациянын курамына тартылган Улуттук банктын кызматкерлеринин эмгек акылары Улуттук банктын жеке каражаттарынын эсебинен төлөнөт. 

Улуттук банктын эсебинен төлөнгөн Убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган, адистердин эмгек акылары боюнча чыгымдардын орду Убактылуу администрациянын иши токтотулган учурда банк тарабынан, ал эми банкка карата мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган учурда, Мыйзамда белгиленген тартипте кредиторлордун талаптарын канааттандыруу кезегине ылайык толукталат.»; 

- 109-пунктунун «5» деген саны «15» дегенге алмаштырылсын; 

- 110-пунктунун «5» деген саны «10» дегенге алмаштырылсын; 

- 113-пунктунун «5» деген саны «15» дегенге алмаштырылсын. 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-12/23-5-(НПА) «Банктарды жоюу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктарды жоюу жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул жободо жоюучуга карата квалификациялык жана башка талаптар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамына (мындан ары Мыйзам) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, банктарды жоюу чараларын ишке ашыруу өзгөчөлүктөрү белгиленген.». 

- 9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жоюучуга сый акы жоюлуп жаткан банктын ишинин татаалдыгына жараша, Улуттук банктын сунушу боюнча сот тарабынан белгиленет, бирок ал Убактылуу администрация режими киргизилгенге же лицензиясы кайтарылып алынганга чейин акыркы жыл ичинде эсептелген жоюлуп жаткан банктын Башкармасынын төрагасынын кызматтык акысынан же болбосо банкты жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө карата банкта иштеп жаткан Убактылуу администратордун сый акысынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш.  

Жоюучу ишке тартылган кызматкерлерге Убактылуу администрация режими киргизилгенге же лицензиясы кайтарылып алынганга чейин банкта иштеп жаткан тиешелүү кызматкерлердин кызматтык акысынан ашпаган өлчөмдө сый акы белгилейт.». 

- 41-пунктунун: 

- 12-пунктчасынын алтынчы абзацындагы «топтоо фондусу» деген сөздөр «топтоо фондусунун каражаттары» дегенге алмаштырылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 15-пунктчасы менен толуктансын: 

«15) Улуттук банктан алган жана колдонгон акча каражаттары боюнча отчет.».