Кайта келүү

Электрондук колтамгасын колдонуу тууралуу «Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

Электрондук колтамга жөнүндө Мыйзамга ылайык, электрондук документтер кагаз түрүндөгү документтерге барабар болушу мүмкүн жана финансы кредит мекемелер тарабынан колдонууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул учурда жөнөкөй жана квалификацияланбаган электрондук колтамга, тараптардын ортосундагы маалымат алмашуу боюнча келишимдин негизинде иштей алат. 

Калкты алыстан тейлөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында электрондук кол коюуну пайдалануу менен белгиленген операциялар боюнча жөнгө салууну Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына сунушталынат жана аны колдонууда тобокелдиктерди чектөө талаптарды коюу, ошондой эле аны колдонуу менен оперцияларды жүргүзүүдө түшүндүрмөлөр ичинде төмөнкүлөр сунушталынат: 

- электрондук колду четтөөдөн/алыстан тейлөөнү мен колдонууда; 

- физикалык жактарга жана жеке ишкерлерге алыстан банктык эсептерди ачуу мүмкүнчүлүгү бар иштөө талаптарын, кардарларды күбөлөндүрүлгөн текшерүү талаптарга ылайык идентификациялоо жүргүзүүдө, жана электрондук документтерди сактоодо. 

- кардарларды алыстан тейлөө каналдары боюнча электрондук документтерди мүмкүнчүлүгүн колдонуу менен электрондук кол коюу аркылуу кредиттөөдө тобокелдиктерди азайтуу. 

Ошону менен, долбоор төмөнкү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү каралган: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» Жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 30-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» Нускоого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» Жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35\13 токтому менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» Жобого. 

 

 

Долбоор  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик   

укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 4-пунктун 1-пунктчасында «өз банктык эсебин же» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 5-пунктунун: 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- маалымат коопсуздугун камсыз кылуучу тармактагы ченемдик укуктук актыларын эске алуу менен пайдалануучулар менен өз ара иш алып барууда сунуштоочулардын жоопкерчилигин аныктаган маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ички саясатты иштеп чыгууга;»; 

- төмөнкү редакциядагы житинчи, сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын: 

«- юридикалык маанилүү иш аракеттерди аткарууда электрондук колтамганы таануу жана пайдалануу тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү

- электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документтердин реестрин алып баруу; 

- пайдалануучулар обочо туруп/аралыктан тейлөө тутумуна ээ болгон кирүүчү чекиттерди мониторинг кылууну камсыз кылууну;»; 

- Жобо төмөнкү редакциядагы 6.1-пункту менен толукталсын: 

«6.1. Электрондук колтамганы обочо туруп/аралыктан тейлөөнү колдонууда ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык иш алып барууга тийиш.»; 

- төмөнкү редакцияда 10-пунктун он алтынчы абзац менен толукталсын: 

«- электрондук колтамганын ачкычын купуялыгын сактоо милдетин жана электрондук колтамганы колдоно тургандын атынан иш алып барган колдонуучуну аныктоо боюнча механизмин;»; 

- 27-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«27. Толук идентификациясы менен банктык эсепти же электрондук капчыкты аралыктан тескөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо сунуштоочу кардарларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык күбөлөндүрүлгөн текшерүүнү өткөрүшү керек. Кардар биринчи жолу кайрылууда верификация анын жеке катышуусунда аткарылышы керек.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 2-тиркеме менен толукталсын: 

«Кыргыз Республикасында 

обочо туруп/аралыктан тейлөөнү 

сунуштоого карата минималдуу 

талаптар жөнүндө" жобого карата 

2-тиркеме» 

Обочо туруп/аралыктан тейлөөнү жүргүзүүдө электрондук колтамганы пайдалануу тууралуу талаптар 

Обочо туруп/аралыктан тейлөө учурунда электрондук колтамганы колдонууда электрондук документтерге юридикалык маани берүү максатында төмөнкү талаптар коюулган. 

1. Электрондук колтамганы пайдаланууда жана ал менен иш аткарууда укуктук мааниси тууралуу маалыматтык билдирүү менен коштолуушу керек, жана колдонуучудан ырастоо боюнча талартар аткарылышы керек.  

2. Электрондук колтамга маалымат билдирүү түрүндө берилген бүт документке, же эки жактын маалымат алмашуу боюнча келишимине ылайык берилген документке таркатылат. 

3. Электрондук колтамганы колдонуу кардарларды күбөлөндүрүлгөн текшерүүнү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аткарылышы керек.  

4. Жөнөкөй электрондук колтамга төмөн деңгээлдеги тобокелдиги болгон бир кардар боюнча операцияларды жүргүүзүдө жана обочо туруп/аралыктан тейлөө жүргүзгөн операторго жалпы тобокелдикти чектөөдө, төмөнкү иш чараларды аткарууда колдонулат: 

- типтүү операцияларды жүргүзүүгө макулдукту алууда (жеке маалыматтарды иштеп чыгууда ж.б.); 

- ар кандай кардарларга сумманы чектөөчу бирдей талаптары менен келишимге кол коюууда;  

- верификациялоого мүмүнчүлүгү бар болгон экинчилик идентификациялоочу маалыматтарды жаңылатууда (паспорт номери, үй-бүлөө шарты, жашаган жери). 

5. Күчөтүлгөн кол мазмуну аныктоо жана толук болгонун контролдоо талаптары керек болгон учурда электрондук документтерге колдонулунат. 

6. Юридикалык жак болгон кардарлардын электрондук документтери күчөтүлгөн кол менен гана кол коюула алат.». 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 30-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоонун: 

- 8-пункттун үчүнчү сүйлөм «нускасы менен биргеликте банкта сакталууга тийиш» деген сөздөрдөн кийин «же ушул максатына сыяктуу кагаз жүзүндөгү документтердин шарттарына ылайык маалымат базасында электрондук түрдө сактоого тийиш» деген сөздөр менен толукталсын

- 17-пункттун экинчи абзацында: 

экинчи сүйлөм «акча которуулар» сөздөрдөн кийин «(анын ичинде эсеп ачуусуз акча которуу системалары боюнча жүзөгө ашырылган)» деген сөздөр менен толукталсын

үчүнчү сүйлөм «кредит боюнча ордун жабуулар» деген сөздөрдөн кийин «(анын ичинде эсеп ачуусуз акча которуу системалары боюнча жүзөгө ашырылган)» деген сөздөр менен толукталсын

- 37-пункттун он экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Келишим, кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде түзүлүп, тараптардын ар бири үчүн бирден, кеминде эки нускада кат жүзүндө түзүлөт, же келишим боюнча тараптардан келип чыккан ишенимдүү деп белгилей турган электрондук кол тамгасы менен электрондук документтин түрүндө түзүлөт. Жазуу жүзүндөгү банктык банктык банктык аманат (депозит) келишиминин шарттарын сактабагандык, ошол келишимдин анык эместигине алып келет. Мында келишимдин бир нускасы банкта сакталып, экинчиси кардарга берилет. Банк, банктык банктык аманат (депозит) кабыл алынганга чейин келишимди кардарга берүүгө милдеттүү.»; 

- 39-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«39. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча биринчи кайрылуусунда эсеп ачуу аманатчынын (эгерде, аманатчы жеке адам болсо) же эсеп ачуу үчүн тиешелүү ыйгарым укукка ээ экендигин тастыктаган, тиешелүү түрдө таризделинген документтери бар адамдын (эгерде аманатчы жеке адам же юридикалык жак болсо) же үчүнчү жактын атына (мисалы, ата-энесинин же жашы жетпеген адамдын мыйзамдуу өкүлү же үчүнчү жак) эсеп ачкан адамдын көз алдында, идентификациялоо максатында жүргүзүлүүгө тийиш.»; 

- 48-пунктта: 

жетинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Банктык эсеп (депозит) келишими боюнча биринчи кайрылуусунда жеке ишкер эсеп ачкан учурда ага аманатчынын өзү же эсеп ачуу үчүн тиешелүү ыйгарым укукка ээ экендигин тастыктаган, тиешелүү түрдө таризделинген документтери бар адам, аны идентификациялоо максатында катышууга тийиш.». 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- жобо төмөнкүдөй 34-3-пункт менен толукталсын:  

«34-3. Банк Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо көрсөтүлгөн талаптарга ылайык обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу кредит бере алат. 

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген кредиттердин көлөмү 70000 сом ашпашы керек.»; 

- 36-пункт төмөнкүдөй экинчи абзац менен толукталсын: 

«Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген кредиттер боюнча карыз алуучунун кредиттик досьеси ушул максатына сыяктуу кагаз жүзүндөгү документтердин шарттарына ылайык маалымат базасында электрондук түрдө (электрондук маалымат каражаттарында) ишке ашырылышы мүмкүн.»; 

- 39-пункт төмөнкүдөй экинчи абзац менен толукталсын: 

«Ошол эле учурда обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген кредиттер боюнча келишимдери Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген көлөмдө келишимдин мүчөлөрүн аныктаган электрондук кол тамгасы менен бекитилиши мүмкүн.»; 

- 46-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«46. Бардык тиркемелери менен кошо кредиттик келишимдин ар бир барагына кардар кол коюусу зарыл, же электрондук документи түрүндө келишимдин мүчөлөрүн аныктаган электрондук кол тамгасы менен бекитилет. 

Банк кардардан тил кат алууга тийиш же кардар кредиттик келишимдин бардык шарттары менен таанышып чыккандыгын, келишимдин шарттары ага түшүнүктүү жана аларга кардар макул экендигин тастыктоо менен кредиттик келишимге кол коюусу зарыл, же электрондук документи түрүндө электрондук кол тамгасы менен белгиленет. Тил кат (алынган болсо) кардардын кредиттик таржымалына көктөлөт.»; 

- 47-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«47. Бекитилүүчү келишимдердин нускасынын саны аны бекиткен тараптардын санынан кем болбоосу зарыл. Келишимди бекитүүчү ар бир тарап тараптардын бардыгынын колтамгалары коюлган кредиттик келишимдин түп нускасын, же Кыргыз Республикасынын электрондук колтамга жөнүндө мыйзамына ылайык кол коюлган электрондук документти алууга тийиш. Кредиттик келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына каршы келбөөгө тийиш. Банк кардардан келишимдин түп нускасын алгандыгы тууралуу тил катты, же электрондук колтамга коюлган электрондук документти алууга тийиш. Кардардын акча каражатын алгандыгы фактысы тиешелүү документ менен тастыкталууга тийиш.»; 

- 61-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«150000 сомдон аз же ага барабар сумманы түзгөн, аннуитеттик төлөө графиги белгиленген жана төлөө мөөнөтү 24 айдан ашпаган кредиттер же көрсөтүлгөн талаптарга ылайык болгон обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдар аркылуу берилген кредиттер бланктык кредиттерге кирбейт. Мындай кредиттин суммасы карыз алуучунун жылдык таза төлөө жөндөмдүүлүгүнөн ашпоого тийиш (карыз алуучунун бардык кирешеси жана чыгашасы).». 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35\13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- жобо төмөнкүдөй 38-3-пункт менен толукталсын:  

«38-3. Банк Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо көрсөтүлгөн талаптарга ылайык обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу кредит бере алат. 

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген кредиттердин көлөмү 70000 сом ашпашы керек.»; 

- 39-пункт төмөнкүдөй экинчи абзац менен толукталсын: 

«Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген кредиттер боюнча карыз алуучунун кредиттик досьеси ушул максатына сыяктуу кагаз жүзүндөгү документтердин шарттарына ылайык маалымат базасында электрондук түрдө (электрондук маалымат каражаттарында) ишке ашырылышы мүмкүн.»; 

- 42-пункт төмөнкүдөй экинчи абзац менен толукталсын: 

«Ошол эле учурда обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген кредиттер боюнча келишимдери Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген көлөмдө келишимдин мүчөлөрүн аныктаган электрондук кол тамгасы менен бекитилиши мүмкүн.»; 

- 49-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«49. Бардык тиркемелери менен кошо кредиттик келишимдин ар бир барагына кардар кол коюусу зарыл, же электрондук документи түрүндө келишимдин мүчөлөрүн аныктаган электрондук кол тамгасы менен бекитилет. 

Банк кардардан тил кат алууга тийиш же кардар кредиттик келишимдин бардык шарттары менен таанышып чыккандыгын, келишимдин шарттары ага түшүнүктүү жана аларга кардар макул экендигин тастыктоо менен кредиттик келишимге кол коюусу зарыл, же электрондук документи түрүндө электрондук кол тамгасы менен белгиленет. Тил кат (алынган болсо) кардардын кредиттик таржымалына көктөлөт.»; 

- 50-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«50. Бекитилүүчү келишимдердин нускасынын саны аны бекиткен тараптардын санынан кем болбоосу зарыл. Келишимди бекитүүчү ар бир тарап тараптардын бардыгынын колтамгалары коюлган кредиттик келишимдин түп нускасын, же Кыргыз Республикасынын электрондук колтамга жөнүндө мыйзамына ылайык кол коюлган электрондук документти алууга тийиш. Кредиттик келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына каршы келбөөгө тийиш. Банк кардардан келишимдин түп нускасын алгандыгы тууралуу тил катты, же электрондук колтамга коюлган электрондук документти алууга тийиш. Кардардын акча каражатын алгандыгы фактысы тиешелүү документ менен тастыкталууга тийиш.»; 

- 63-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«150000 сомдон аз же ага барабар сумманы түзгөн, аннуитеттик төлөө графиги белгиленген жана төлөө мөөнөтү 24 айдан ашпаган кредиттер же көрсөтүлгөн талаптарга ылайык болгон обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдар аркылуу берилген кредиттер бланктык кредиттерге кирбейт. Мындай кредиттин суммасы карыз алуучунун жылдык таза төлөө жөндөмдүүлүгүнөн ашпоого тийиш (карыз алуучунун бардык кирешеси жана чыгашасы).».