Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын башка менчигине тиешелүү айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

 1. Максаты жана милдеттери  

Долбоор ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын башка кыймылсыз мүлк менен иш өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу иштелип чыккан жана банктык кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоого багытталган.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

 

Долбоордо ислам банк ишинде колдонулуучу төмөнкү келишимдерди түзүү аркылуу кардарга каржылоо кыймылсыз мүлк түрүндө берилиши мүмкүн болгон учурлар каралган:  

- иджара мунтахийя биттамлик (лизингдин аналогу), мында банк кардарга адатта, кардар үчүн сатып алынган кыймылсыз мүлктү сунуштайт, ошол эле учурда банк келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин менчик ээси болуп кала берет;  

- мушарака (банктын кардар менен өнөктөштүгү), мында кардар банктын кыймылсыз мүлкүнүн үлүшүн акырындык менен сатып алат, ошол эле учурда банк кыймылсыз мүлктүн сатып алынбаган бөлүгүнүн менчик ээси болуп кала берет.  

Кардар келишимдик милдеттенмелерди бузууга жол берген учурда, жогорудагы келишимдер боюнча кардарга өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлктү банктын башка менчиги статусуна которуу зарыл. Ошондуктан, долбоордо керектөөчүлөрдүн укугун коргоого багытталган жоболор каралат, алар банктын милдеттенмелеринде төмөнкүлөр боюнча түзүлөт:  

- банктын каржылоо келишимин токтотуу ниети жөнүндө кардарга тиешелүү деңгээлде билдирүү боюнча; 

- баланста башка кыймылсыз мүлк катары таанылган активди сатуу жана сатууда анын баланстык наркынан ашкан сумманы кардарга төлөп берүү боюнча. 

Андан тышкары, долбоордо башка кыймылсыз мүлк иджара мунтахийя биттамлик жана мушарака келишимдери боюнча кардарга өткөрүлүп берилген учурда ал башка менчити каржылоо статусуна которуу шарттары каралат. 

Мезгили-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун формаларына ислам каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган банктардын башка менчиги менен келишилген бүтүмдөргө тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген. 

Натыйжада, долбоордо Улуттук банктын төмөнкү жоболоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор каралган: 

- 2012-жылдын 29-августундагы №36/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобо; 

- 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобо;  

- 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобо.  

 

 

 

Долбоор  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы №36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

«Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобонун:  

- 2-пункту төмөнкү мазмундагы редакцияда берилсин:  

«2. Ушул Жобонун талаптары коммерциялык банктарга жана депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларга, ошондой эле алардын иш өзгөчөлүгүн жана банктык операцияларды жүзөгө ашырууда колдонулган терминологияны эске алуу менен, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга жана депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларга, анын ичинде «ислам терезесине ээ» банктарга, Кыргыз Республикасын өнүктүрүү мамлекеттик банкына таркатылат (мындан ары банктар). 

Банктын буга чейин берилген кредиттердин ордун жабуу эсебине алынган кыймылсыз мүлк менен операцияларды, ошондой эле сатууга каралган банктык жайлар менен операцияларды жүзөгө ашыруусунда банктарга карата талаптарды белгилөө ушул Жобонун максаты болуп саналат.»; 

- 31-пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:  

«Башка кыймылсыз мүлктү ислам принциптери боюнча каржылоо статусуна которуунун өзгөчөлүктөрү ушул Жобонун 34-3-пунктунда берилген.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 6-1-бөлүк менен толукталсын:  

 

«6-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын жана микрофинансылык компаниялардын, анын ичинде «ислам терезесине ээ» банктардын башка кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүзөгө ашыруу учурунда, аларга карата кошумча талаптар.  

 

34-1. Ушул главанын максаттары үчүн: 

- иджара мунтахийя биттамлик келишими бул кардарга анын билдирмеси боюнча банк тарабынан менчикке атайын сатып алынган мүлктү (активди) же кардар банкка кайрылган учурда банктын менчигинде турган кыймылсыз мүлктү макулдашылган мөөнөткө убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга мүлктүк жалдоо (ижара) үчүн, акы төлөө негизинде, сатып алуу укугу менен берүү боюнча келишим;  

- мушарака бул шарика келишиминин негизинде өнөктөштүк формасы болуп саналат, анда өнөктөштөрдүн бири башка өнөктөштүн үлүшүн келишимде аныкталган өлчөмдө, ошол үлүшкө менчик укугу ага толук өтмөйүнчө акырындап сатып алууга убада берет. Бул операция өнөктөштүктү түзүү менен башталат, андан кийин эки өнөктөш ортосунда үлүштөрдү сатып алуу жана сатуу ишке ашырылат. 

34-2. Ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн активдерден тышкары, «башка кыймылсыз мүлк» дегенден улам, кардар тарабынан банк менен түзүлгөн келишимдик милдеттенмелер (толук же бир бөлүгү) аткарылбагандыгына байланыштуу, банктын башка мүлкү статусуна өткөн кыймылсыз мүлктү иджара мунтахия биттамлик же мушарака келишиминин предметин түшүнүүгө болот.  

Банк кардар менен келишим токтотулгандан 30 күн мурда ал тууралуу кардарга тиешелүү деңгээлде билдирүүгө милдеттүү

Актив кардар менен иджара мунтахия биттамлик же мушарака келишими токтотулган күндөн тартып, башка кыймылсыз мүлк катары баланска кабыл алынууга тийиш. Башка кыймылсыз мүлктү кармап калуу мөөнөтү актив баланска башка кыймылсыз мүлк катары кабыл алынган күндөн тартып эсептелет.  

Жобонун ушул пунктуна ылайык «башка кыймылсыз мүлк» категориясына которулган актив баланстык нарк боюнча эсепке алынууга тийиш. Активдин баланстык наркы топтолгон амортизацияны минуска чыгаруу менен анын баштапкы наркына барабар болууга тийиш. Мында активди амортизациялоо мөөнөтү буга чейин ал боюнча актив өткөрүлүп берилген кардар менен түзүлгөн каржылоо келишиминин мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.  

34-3. Банк Жобонун 31-пунктунун бардык шарттары аткарылганга чейин, кыймылсыз мүлктү «башка менчик» категориясына эсепке алууга милдеттүү. Башка кыймылсыз мүлктү иджара мунтахия биттамлик же мушарака келишими боюнча өткөрүп берген шартта, банк ушул пункттун талаптарын сактоо менен, кардарга сунушталган каржылоо катары баланска кабыл алышы мүмкүн. 

Кардардан/өнөктөштөн иджара мунтахия биттамлик же мушарака келишими боюнча башка кыймылсыз мүлктү сатып алууга билдирме келип түшкөн учурда, башка кыймылсыз мүлк «иджара мунтахия биттамлик келишими боюнча андан ары өткөрүп берүү үчүн активдер» же «мушарака келишими боюнча андан ары өткөрүп берүү үчүн активдер» категориясына которулушу мүмкүн, төмөнкү шарттар аткарылган учурда:  

1) кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгү боюнча талдап-иликтөө анын төлөмдөрдү өткөрүү жөндөмдүүлүгүн чагылдырат; 

2) кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгү жөнүндө маалыматтар тиешелүү документтер менен тастыкталат; 

3) кардар мүлктү бул банк менен байланышпаган жакка саткан учурда, жалпы сатуу баасынын 15 пайызынан кем эмес өлчөмдөгү, жана аффилирленген же банк менен байланыштуу жакка саткан учурда 40 пайыздан кем эмес өлчөмдөгү акча каражатынын суммасын банкка салат. 

Эгерде, кардар менен иджара мунтахия биттамлик келишими түзүлсө, анда салынган акча каражаттарынын суммасы кардардын мүлктү иджара мунтахия биттамлик келишими боюнча ижарага алуу убадасы аткарылбаган шартта, банктын тарткан чыгымынын ордун жабуу үчүн гана пайдаланылат. Тараптардын макулдашуусу боюнча акча каражаттарынын көрсөтүлгөн суммасы банк менен кардар ортосунда түзүлгөн мудараба келишиминин негизинде инвестициялар үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Кардар тарабынан салынган акча каражаттарынын суммасы товардын сатып алынуучу баасы катары болушу же кардардын иджара мунтахия биттамлик келишими боюнча карызынын калдыгын төлөөгө жумшалышы мүмкүн.  

Кардар менен иджара мунтахия биттамлик же мушарака келишимин түзүүдө, банк активди «иджара мунтахия биттамлик келишими боюнча сунушталган каржылоо» же «мушарака келишими боюнча сунушталган каржылоо» категориясына которот.  

34-4. Жобонун ушул главасында чагылдырылган башка кыймылсыз мүлк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармылыгынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/6 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө» жобого ылайык классификацияланат. 

34-5. Иджара мунтахия биттамлик же мушарака келишими токтотулган учурда, башка кыймылсыз мүлктү сатуу жана ал боюнча актив баланста башка кыймылсыз мүлк катары таанылган, активдин баланстык наркынан ашкан, сатуудан түшкөн сумманы кардарга төлөп берүү банктын милдеттенмеси болуп саналат.»; 

- 37-пунктта «Тышкы көзөмөл башкармалыгы» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм» дегенге алмаштырылсын.  

2. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мезгили-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобонун:  

- 2-тиркемесинде: 

тиркеменин бүтүндөй тексти боюнча «шарика/мушарака мунтахийя биттамлик» деген сөздөр «мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

«Баланстык отчет» деп аталган 1-бөлүктүн «Ислам терезеси» алкагында банк тарабынан жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчет» деген З бөлүкчөсүндө

11. «Андан ары кардарларга берилүүчү активдер» пункту төмөнкү мазмундагы саптар менен толукталсын:  

« 

Анын ичинде:  

 

 

а) кыймылсыз мүлк  

 

 

б) кыймылдуу мүлк  

 

 

»; 

 

төмөнкү мазмундагы 12-1 деген пункт менен толукталсын: 

« 

12-1. Мушарака келишими боюнча андан ары кардарларга өткөрүлүп берилүүчү активдер  

 

 

анын ичинде:  

  

 

а) кыймылсыз мүлк  

  

 

б) кыймылдуу мүлк 

  

 

». 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 30-мартындагы №20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун:  

- 2-тиркемесинде: 

тиркеменин бүтүндөй тексти боюнча «шарика/мушарака мунтахийя биттамлик» деген сөздөр «мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

«Баланстык отчет» деп аталган 1.А. бөлүктүн:  

12. «Андан ары кардарларга берилүүчү активдер» деген пункту төмөнкү мазмундагы саптар менен толукталсын: 

 

« 

анын ичинде: 

 

 

 

а) кыймылсыз мүлк  

 

 

 

б) кыймылдуу мүлк 

 

 

 

»; 

 

бөлүк төмөнкү мазмундагы 13-1 пункт менен толукталсын: 

« 

13-1. Мушарака келишими боюнча андан ары кардарларга берилүүчү активдер, анын ичинде: 

 

 

 

а) кыймылсыз мүлк  

 

 

 

б) кыймылдуу мүлк 

 

 

 

».