Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/10 «Коммерциялык банктарда видеобайкоону уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

Максаты жана милдети  

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын кайрылууларына ылайык Коопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгы тарабынан финансы-кредиттик уюмдарда видеобайкоо системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актысына (Коммерциялык банктарда видеобайкоону уюштуруу тартибине) өзгөртүү киргизүү жөнүндө” долбоор иштелип чыккан (мындан ары долбоор). 

 

Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Жогоруда аталган ченемдик укуктук актыда Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында видеобайкоону уюштуруу тартиби белгиленген. Бул тартипте 18-пунктунун “в” пунктчасы төмөнкү редакцияда берилген: “электр тогу менен резервдик камсыз кылуу булактарынын (аккумуляторлордун) мүмкүнчүлүгү видеобайкоо системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн 4 сааттан ашык өз алдынча (тышкы электр тогу менен камсыз кылуу жок болгон учурда) камсыз кылууга тийиш”. Бирок коммерциялык банктар өз кайрылууларында филиалдардын жана сактык кассаларынын көп санына шилтеме келтирүүдө, мындан улам 4 сааттан ашык өз алдынча ишти камсыз кылуучу аккумуляторлордун кошумча сатып алынышы кымбат болгондуктан, бул пунктчаны алып салууну сунуштоодо. Аталган пунктча алынып салынган учурда коммерциялык банктардын объектилеринде бизнес-процесстеринин контролдоо жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тобокелдиктер орун алышы ыктымал.  

Ченемдик укуктук актынын 18-пунктунун “в” пунктчасын төмөнкү редакцияда берилиши сунушталууда: “электр тогу менен резервдик камсыз кылуу булактарынын (аккумуляторлордун) мүмкүнчүлүгү видеобайкоо системасынын өз алдынча үзгүлтүксүз иштөөсүн, эң аз дегенде, 30 мүнөт камсыз кылууга тийиш”. 

Аталган долбоор коммерциялык банктардын объектилеринде орнотулган видеобайкоо системаларын электро тогу менен камсыздоо боюнча чыгымдарды оптималдаштыруу боюнча оң натыйжа берет.  

Ошентип, токтом долбоорунда Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актысына өзгөртүү киргизүү каралган. 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/10 токтому  

менен бекитилген Коммерциялык банктарда видеобайкоону уюштуруу тартиби. 

 

Долбоор  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын _______________ №______________________ 

токтомуна тиркеме  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/10 « Коммерциялык банктардагы видеобайкоону уюштуруу тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү  

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/10 «Коммерциялык банктардагы видеобайкоону уюштуруу тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген коммерциялык банктарда видеобайкоону уюштуруу Тартибинин: 

- 18-пунктунун «в» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«в) электр тогу менен резервдик камсыз кылуу булактарынын (аккумуляторлор) мүмкүнчүлүгү видеобайкоо системасынын өз алдынча үзгүлтүксүз иштөөсүн, эң аз дегенде, 30 мүнөт камсыз кылууга тийиш.».  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/10  

«Коммерциялык банктардагы видеобайкоону уюштуруу тартибин бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүнүн долбооруна карата 

салыштырма таблица 

 

Колдонуудагы редакция  

Сунушталып жаткан редакция 

Коммерциялык банктарда видеобайкоону уюштуруу тартиби  

6. Видео байкоосистемасынын компоненттерине карата жалпы техникалык талаптар  

18. Видеобайкоо системасын электро тогу менен камсыз кылуу системасы төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

в) «электр тогу менен резервдик камсыз кылуу булактарынын (аккумуляторлордун) мүмкүнчүлүгү видеобайкоо системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн 4 сааттан ашык өз алдынча (тышкы электр тогу менен камсыз кылуу жок болгон учурда) камсыз кылууга тийиш»

18. Видеобайкоо системасын электро тогу менен камсыз кылуу системасы төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

в) «электр тогу менен резервдик камсыз кылуу булактарынын (аккумуляторлордун) мүмкүнчүлүгү видеобайкоо системасынын өз алдынча үзгүлтүксүз иштөөсүн, эң аз дегенде, 30 мүнөт камсыз кылууга тийиш».