Кайта келүү

«Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобонун долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

  Улуттук банк тарабынан рыноктун катышуучуларына банктын иши, анын финансылык көрсөткүчтөрү, капиталынын жетиштүүлүгү, тобокелдиктерге дуушар болуусу жана тобокелдиктерди баалап жана аларды башкаруу процесстери, ошондой эле банктын корпоративдик башкаруусу жөнүндө маалыматтар менен таанышып, ал маалыматты баалоого мүмкүнчүлүк берип, маалыматты ачуу жолу менен рынок тартибине түрткү берүү максатында «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобонун долбоору иштелип чыкты (мындан ары долбоор).  

Долбоор Улуттук банктын «Коммерциялык банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын системалуу маанилүүлүгүн аныктоо критерийлери жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык аныкталуучу Кыргыз Республикасынын системалуу мааниге ээ банктарына таркатылат жана рынок катышуучуларынын жалпы банк системасына болгон ишенимин жогорулатууга, ачык-айкындыгын арттырууга багытталган. 

Долбоор «Рынок тартиби» 3-компонентинин алкагында Базель II жана III талаптарына ылайык иштелип чыккан, ал капиталга (1-компонент) жана көзөмөлдөө процессине (2-компонент) карата минималдуу талаптарды толуктайт. «Рынок тартиби» 3-компонентинин принциптерине ылайык, жалпы методикада негизделген маалыматтарды чечмелөө банк тобокелдиктери жөнүндө рынокко маалымдоонун таасирдүү каражаты болуп саналат жана ар башка финансы институттарын салыштырып көрүүгө мүмкүндүк берген маалыматтын ырааттуу жана түшүнүктүү чечмеленип берилишин камсыз кылат. 

Долбоорго ылайык банктардын расмий сайтында капиталдын жетиштүүлүгүнө, корпоративдик башкаруусуна жана банктын тобокелдиктерин тескөөгө тиешелүү сапаттуу жана сандык көрсөткүчтөрдү камтыган маалыматтар кирген банктардын ар чейректик жана жылдык отчетторунун жарыяланышы каралат. Маалыматты чечмелөө боюнча жоопкерчилик долбоор боюнча банктын Директорлор кеңешине жана Башкармасына жүктөлөт.  

Документ ар чейректик жана жылдык негизде чечмелөөгө тийиштүү маалыматтын тизмесин жана чектерин, ошондой эле анын жарыялана турган форматын жана тартибин жөнгө салат. 

 

 

«Коммерциялык банктын ишине тиешелүү  

маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө»  

ЖОБО 

 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул жободо система үчүн олуттуу мааниге ээ болгон банктардын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (мындан ары Улуттук банк Башкармасы) 2017-жылдын 8-июнундагы №2017-П-12-12/23-9 (НПА) токтому менен бекитилген «Коммерциялык банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын системалуулук критерийлери жөнүндө» жобого ылайык аныкталат.  

Банктардын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар банк тутумунун ишинин ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүк деңгээлин бекемдөө зарылчылыгынан улам келип чыккан.  

2. Бул Жобо «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынына, Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин эл аралык стандарттарына ылайык иштелип чыккан жана рынок катышучуларына иш чөйрөсү боюнча негизги маалыматтарга, тобокелдиктерге дуушарлануу деңгээлине, тобокелдиктерге баа берүү процессине жана банктардын капиталынын жетиштүүлүгүнө баа берүүгө өбөлгө түзгөн маалыматтарды чечмелеп берүү аркылуу рыноктук тартиптин так сакталышына жетишүүгө багытталган.  

 

2. Негизги түшүнүктөр жана финансылык  

көрсөткүчтөрдү эсептөө тартиби 

 

3. Жободо камтылган максаттарга жетүү үчүн төмөндө чагылдырылган түшүнүктөр колдонулат: 

Банктык сыр Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамга ылайык аныкталуучу маалыматтар. 

Жалпы пайыздык киреше жылдык мааниде эсептелинген жалпы пайыздык киреше.  

Жалпы пайыздык чыгаша жылдык мааниде эсептелинген жалпы пайыздык чыгаша.  

Коммерциялык купуялуулук (сыр) - Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык сыр жөнүндө» мыйзамына ылайык аныкталуучу маалыматтар.  

Олуттуу маалымат маалыматтарда тиешелүү көрсөткүчтөрдүн камтылбай калышы же бурмаланышы ошол маалыматтарга таянган кызыкдар жактар үчүн экономикалык чечимдерди кабыл алууда баа берүүгө же чечим кабыл алууга таасир этип же аларды өзгөртө ала турган болсо, ал маалыматтар олуттуу маалымат болуп эсептелинет. Маалыматтардын олуттуулугу критерийи банктын ички ченемдик актыларында аныкталууга тийиш. 

Операциялык киреше банктын жылдык мааниде эсептелинген, Улуттук банктын талаптарына ылайык аныкталган операциялык таза кирешеси. 

Таза пайыздык маржа жылдык мааниде эсептелинген таза пайыздык кирешенин жылдык орточо активдерге карата катышы.  

4. Финансылык көрсөткүчтөрдү эсептөөдө колдонулган маалыматтар жылдык орточо индикаторлор же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2004-жылдын  

12-февралындагы №7/7 токтому менен бекитилген Банк ишине коэффициенттердин негизинде талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөрдүн төмөндө чагылдырылган пункттарына ылайык, жылдык негизде эсептелинген көрсөткүчтөр түрүндө эске алынууга тийиш: 

а) баланстык маалыматтар боюнча жылдык орточо индикаторлор 2.4-пункттун  

а) пунктчасына ылайык, алгылыктуу ыкманы колдонуу менен эсептелинет; 

б) түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчеттон маалыматтар 2.8-пунктка ылайык жылдык өлчөө менен келтирилет. 

 

3. Маалыматтарды чечмелөө боюнча негизги принциптер 

 

5. Маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптарда капиталдын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине), орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди, аларды баалоого жана тескөөгө, ошондой эле корпоративдик башкарууга тиешелүү сандык жана сапаттык маалыматтар камтылат. Мындай маалыматтар чейректик жана жылдык негизде сунушталып турууга тийиш. 

6. Сандык маалыматтар отчеттук мезгил менен ичинде орун алган бардык олуттуу өзгөрүүлөр, сунушталган сандык маалыматтардын туура кабыл алыншы үчүн зарыл болгон кандай болбосун башка кошумча маалыматтар, оошондой эле жетекчилик рынок катышуучулары үчүн маанилүү деп эсептеген башка маселелер боюнча кеңири түшүндүрмөлөр менен коштолот.  

7. Ушул жобо аркылуу талап кылынган олуттуу маалыматтардын чечмелениши, кимдир бирөөгө тиешелүү банктык же коммерциялык купуялуулкту камтыган болсо же банкка тиешелүү маалыматтардын кандайдыр бир негизде ачыкка чыгып же колдонуудагы мыйзамдарга, келишимге ылайык өз милдетин аткарууда банктын иш өңүтүнө каршы келе турган болсо, банк мындай маалыматтарды чечмелебей коюуга жана талап кылынган предмет боюнча жалпы маалыматтарды гана сунуштоого укуктуу. Банк бул учурда эмне үчүн маалыматтар толук чечмеленбегендиги боюнча отчеттордо түшүндүрмө бериши талап кылынат. 

8. Банктын маалыматтардын чечмелениши боюнча отчетун бардык кызыкдар болгон жактар пайдалана алгандай болууга жана алар төмөндө келтирилген талаптарга ылайык банктын расмий сайтында мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жайгаштырылууга тийиш:  

- маалыматтардын чечмелениши боюнча чейректик отчеттор отчетутк чейректен кийинки 30 календардык күн ичинде. 

- маалыматтардын чечмелениши боюнча жылдык отчет - жылдык финансылык очтет жарыялангандан кечиктирбестен. 

9. Жободо сунушталган отчеттор формасы маалыматтардын чечмеленишине карата минималдуу талаптарды гана камтыйт. Банк рынок катышуучуларына олуттуу маалыматты жарыялоо зарыл деп эсептеген, эркин формада түзүлгөн кошумча маалыматтарды да чечмелеши мүмкүн. 

10. Банк маалыматтарды чечмелөө саясатын иштеп чыгууга тийиш жана ал Директорлор кеңешинде бекитилиши зарыл. Саясатта чечмеленип жаткан маалыматтардын мүнөзүн аныктоо, ошондой эле маалыматты чечмелөө процессине ички контролдуктун жүргүзүлүшүнө карата банктын иш алып баруу ыкмасы да камтылууга тийиш. 

11. Банк тарабынан сунушталган маалыматтар финансылык отчтеттор сыяктуу эле, ичтен кылдат талдап-иликтөөгө алынууга, ички контролдуктан өткөрүлүүгө тийиш. 

12. Банктын Директорлор кеңеши жана башкармасы ушул Жобонун алкагында маалыматтардын чечмеленишин кошо алганда, финансылык маалыматтардын чечмеленишин камтыган ички контролдук түзүмүнүн жөнгө салынышы жана анын ишинин колдоого алынышы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтүү болуп саналат.  

 

4. Маалыматтардын чейрек сайын чечмеленишине карата талаптар 

 

13. Банк төмөнкү маалыматтарды чейректик негизде чечмелеп турууга тийиш: 

a) Экономикалык ченемдердин сакталышы жана банктын финансылык көрсөткүчтөрү (1-тиркеменин 1-таблицасы); 

б) Банктын Директорлор кеңеши жана башкармасы, банктын акцияларынын 5 (беш) пайызынан көбүрөөгүнө ээ болгон акционерлер жана бенефициардык менчик ээлери тууралуу маалыматтар (1-тиркеменин 2-таблицасы);  

в) Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештик) стандарттарын аныктоо жөнүндө» нускоонун 1-тиркемесине ылайык капиталдын түзүмү

г) Кардарларга берилген кредиттердин тармактык түзүмү (1-тиркеменин 3-таблицасы); 

д) Эл аралык финансылык отчеттуулуктун стандарттарынын талаптары менен эсеп жүргузүү боюнча Улуттук банктын талаптары ортосундагы айрымалар боюнча, сандык маалыматтар айрымасын так көрсөтүү менен түшүндүрмөлөр. 

 

5. Жылдык отчет 

 

14. Банктын маалыматтардын чечмелениши боюнча жылдык отчетто төмөнкүлөр камтылат: 

- чейректик отчеттор боюнча талаптарга ылайык маалыматтар; 

- эсептик чөйрөсү жана/же ченемдик чөйрөсү консолидациялоосуна киргизилген, тиешелүү консолидациялоо ыкмасында камтылган бардык субьекттердин тизмеси  

(2-тиркеменин 1-таблицасы); 

- банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларынын жана бүтүмдөрдүн көлөмү (калдыктарынын суммасы, 2-тиркеменин 2-таблицасы); 

- операциялык тобокелдикке тиешелүү сандык маалыматтар (2-тиркеменин  

3-таблицасы); 

- Жобонун 6-бөлүгүндө аныкталган сапаттык маалыматтар.  

 

6. Сапаттык маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар 

 

15. Маалыматтарды чечмелөө боюнча жылдык отчетто корпоративдик башкарууга тиешелүү төмөнкү маалыматтар камтылышы зарыл:  

а) банктын акцияларынын 5 (беш) пайызынан көбүрөөгүнө ээлик кылган акционерлер түзүмү, акционерлердин ар жалпы жыйынын саны жана анда кабыл алынган чечимдери боюнча кыскача маалымат; 

б) банктын уюштуруу түзүмү

в) банктын Директорлор кеңешинин курамы жана анын иш багыты: 

- Директорлор кеңешинин, анын комитеттеринин курамы, алардын мүчөлөрүнүн аткарган милдеттери, 

- Директорлор кеңешинин банк ишине тартылышы, атап айтканда кеңештин жана анын комитеттеринин отурумдарын өткөрүү аралыгы, Директорлдор кеңешинин отурумдарынын формасы, тобокелдиктерди жөнгө салып, тескөө саясаттарына баа берүү жана бекитүү мезгил аралыгы

- Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн белгиленген билим деңгээлине, квалификациясына, ишкердик аброюна тиешелүү кыскача маалымат;  

г) Банк башкармасынын курамы жана анын иш багыты:  

- Банк башкармасынын жана анын комитеттеринин курамы, 

- Банк башкармасынын мүчөлөрүн тандоо саясаты жана алардын билим деңгээли, иш билгилик жөндөмдүүлүгү жана кызматтык иш тажрыйбасы, учурда ээлеген кызмат иш ордундагы тажрыйбасын кошо алынган боюнча кыскача маалымат;  

д) 2-тиркеменинн 2-таблицасында келтирилген жактардын категориялары боючна аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялардын түрү жана шарттары;  

е) кесиптик этика стандарттарын колдонуу тууралуу маалымат;  

ж) таламдардын каршы келип калышы жана анын пайда болуу шарттары жөнүндө политкасынын, ошондой эле, банктын жетекчилигинин жана кызматкерлердин сыйакы боюнча политикасынын кыскача чечмелөөсү

Эгерде жогорудагы бул пунктунда көрсөтүлгөн маалымат банк тарабынан анын расмий сайтынын башка бир бөлүгүндө чечмеленген болсо, анда банк жылдык отчетунда ошол маалыматка (веб-шилтемени же документтин номерин жана аталышына, документтин барагына жана бөлүмүнө) шилтеме келтирүүгө тийиш. 

16. Банктык топтун башкы компаниясы, Кыргыз Республикасынын резиденти жана банктык топко кирген банктар жылдык отчетто банктын акцияларынын 5 (беш) пайызынан көбүрөөгүнө ээ болгон акционерлердин акцияга ээлик кылуу схемасына тиешелүү маалыматтарды чечмеленип берилиши зарыл.  

Эгерде болгон болсо, мында банк менен байланыштуу компанияларга инвестициялар тууралуу маалыматтар да камтылат. Банк, кызыктар болгон жактар мындай маалыматтар менен тааныша алышы үчүн менчик ээлеринин (түпкү пайдага ээ болуучулардын) Улуттук банк Башкармасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 31-тиркемесине ылайык иштелип чыккан схемасын жылдык отчетто чагылдырууга тийиш.  

17. Банктар тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдук системасына тиешелүү маалыматтарды чечмелеп көрсөтүшү зарыл. Анткени, ошол маалыматтарды пайдалануучулар банк дуушар болушу ыктымал болгон тобокелдиктер мүнөзүн, алар кандай түрдө келип чыгышы мүмкүндүгү тууралуу түшүнүк алууга тийиш: 

a) банкта иштелип чыккан негизги стратегиялык багыттары жана Директорлор кеңеши менен Банк башкармасы бул багыттар менен бирге келип чыккан тобокелдиктерге өз учурунда баа берип, аларды тескөөгө алышы; 

б) бизнес-модель менен банк ишинде келип чыгышы ыктымал болгон тобокелидктин мүнөзү жана тобокелдикке дуушарлануу жагдайы ортосундагы өз ара байланыш; 

в) банк тобокелдиктин ар бир түрү боюнча (кредиттик тобокелдик, рыноктук тобокелдик, операциялык тобокелдик, пайыздык тобокелдик, ликвиддүүлүк тобокелдиги жана тобокелдиктердин башка түрлөрү) төмөнкүлөрдү кошо алганда, аларды тескөөгө алуу максаттарын жана саясатын ырааттуу чагылдырууга тийиш: 

- тобокелдиктерди тескөө стратегиясын жана процессин; 

- тобокелдиктерди тескөө милдетине жараша уюштуруу түзүмүн жана схемасын; 

- отчеттор системасынын камтуу чөйрөсүн жана мүнөзүн жана/же тобокелдиктерди өлчөө, атап айтканда, банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын кароосуна сунушталуучу тобокелдиктерге дуушарлануу жагдайы боюнча отчеттор көлөмүн жана алардын маани-маңызын; 

- тобокелдиктерди тескөө милдетинин көз карандысыздыгын камсыз кылган жол-жоболордун кабыл алууну кошо алганда, банкта тобокелдиктерди басаңдатуу жана аларды жөнгө салып, тескөө системасынын таасирин күчөтүү үчүн байланыш каналдары; 

- тобокелдиктерди хеджирлөө жана басаңдатуу саясатын, ошондой эле тобокелдиктерди хеджирлөө же басаңдатуу интрументтеринин таасирдүүлүгүнө туруктуу көз салып туруу стретагияларын жана процесстерин; 

г) тобокелдиктерди тескөөдө колдонулуучу стресс-тесттерге тиешелүү сапаттуу маалыматтар; 

д) кредиттик тобокелдикти басаңдатууга тиешелүү маалыматтар: 

- алтынды баалоо саясатынын жана баалоо процессинин негизги мүнөздөмөлөрү жана аларды тескөөгө алуу, 

- күрөөгө баа берүүнүн негизги түрлөрү жана аларды тескөөгө алуу, 

- кредиттик тобокелидктин концентрацияланышы боюнча маалыматтар. 

 

 

 

Коммерциялык банктын ишине  

тиешелүү маалыматтарды 

чечмелөөгө карата талаптар  

жөнүндө жобого 

1-тиркеме 

 

1-таблица. Экономикалык ченемдер жана финансылык көрсөткүчтөр 

№  

Экономикалык ченемдер жана финансылык көрсөткүчтөр 

Т 

Т-1 

Т-2 

Т-3 

Т-4 

Ченемдин белгиленген мааниси 

 

Ченемдик капитал суммасы (миң сом) 

  

  

  

  

  

  

Базалык капитал (кадимки акциялар),1-деңгээл (CET1) 

  

  

  

  

  

  

1-деңгээлдеги капитал 

  

  

  

  

  

  

Суммардык ченемдик капитал 

  

  

  

  

  

  

Тобокелдиктерге жараша таразаланган активдер (миң сом)  

  

  

  

  

  

  

  

Активдердин салмактанылышына негизденген капиталдын жетиштүүлүг (шайкештик) коэффициенттери (%) 

  

  

  

  

  

  

1-деңгээлдеги базалык капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти 

  

  

  

  

  

кеминде 4,5% 

1-деңгээлдеги капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти  

  

  

  

  

  

кеминде 6% 

Таза суммардык капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти  

  

  

  

  

  

кеминде 12% 

Левераж (К.2.4) 

  

  

  

  

  

кеминде 8%  

Банк капиталынын кошумча запасы ("капитал буфери" индекси) 

  

  

  

  

  

Улуттук банк тарабынан белгиленген мааниден кем эмес 

  

Кириш боюнча көрсөткүчтөр 

  

  

  

  

  

  

10 

Жалпы пайыздык киреше/жылдык орточо активдер  

  

  

  

  

  

  

11 

Жалпы пайыздык чыгаша/жылдык орточо активдер 

  

  

  

  

  

  

12 

Операциялык киреше/жылдык орточо активдер 

  

  

  

  

  

  

13 

Таза пайыздык маржа 

  

  

  

  

  

  

  

Активдер сапаты  

  

  

  

  

  

  

14 

Классифицикацяиланган кредиттер/ Бардыгы болуп, кредиттер 

  

  

  

  

  

  

15 

РППУ/ Бардыгы болуп, кредиттер 

  

  

  

  

  

  

16 

Чет өлкө валютасындагы кредиттер/ Бардыгы болуп кредиттер  

  

  

  

  

  

  

17 

Кредиттик портфели (отчеттук мезгилдин аягына, миң сом) 

  

  

  

  

  

  

  

Ликвиддүүлүк 

  

  

  

  

  

  

18 

Ликвиддүүлүк коэффициенти K3.1 

  

  

  

  

  

кеминде 45%  

19 

Ликвиддүү активдер/ Бардыгы болуп, активдер  

 

 

 

 

 

  

 

Экономикалык башка көрсөткүчтөр  

  

  

  

  

  

  

20 

Бир карыз алуучуга же банк менен байланышы болбогон байланыштуу карыз алуучулар тобу үчүн тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.1)  

  

  

  

  

  

кеминде 20%  

21 

Бир карыз алуучуга же банк менен байланыштуу болгон карыз алуучулар тобу үчүн тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.1)  (К1.2)   

  

  

  

  

  

кеминде15%  

22 

Банк менен байланыштуу болбогон банкка банктар аралык жайгаштыруулар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.3)  

  

  

  

  

  

кеминде 30%  

23 

Банк менен байланыштуу болгон банкка банктар аралык жайгаштыруулар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.4)  

  

  

  

  

  

кеминде 15%  

24 

"Узун" ачык валюталык позициялардын суммардык өлчөмү боюнча бузууларга жол берилген күндөрдүн саны (К4.2)  

  

  

  

  

  

кеминде 20%  

25 

"Кыска" ачык валюталык позициялардын суммардык өлчөмү боюнча бузууларга жол берилген күндөрдүн саны (К4.3)  

  

   

  

  

  

кеминде 20%  

26 

"Узун" ачык валюталык позициялардын суммардык өлчөмү боюнча бузууларга жол берилген күндөрдүн саны (К4.2)  

  

  

  

  

  

кеминде 20%  

27 

"Кыска" ачык валюталык позициялардын суммардык өлчөмү боюнча бузууларга жол берилген күндөрдүн саны (К4.3)  

 

 

 

 

 

кеминде 20%  

 

Эскертүү

(1) Таза суммардык капитал, биринчи деңгээлдеги капитал, биринчи деңгээлдеги базалык капитал Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештик) стандарттарын аныктоо жөнүндө” нускоого ылайык аныкталат. 

(2) Ликвиддүү (өтүмдүү) активдер Улуттук банк Башкармасынын 004-жылдын  

21-июлундагы № 18/1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жободо аныкталган К3.1 коэффициентинин алымы. 

(3) Т - отчеттук чейрек,Т-1, Т-2, Т-3, Т-4 - өткөн чейректер. 

 

2-таблица. Директорлор кеңеши, башкарма, акционерлер жана бенефициардык менчик ээлери боюнча маалыматтар 

 

 № 

Директорлор кеңешинин мүчөлөрү 

Дайындалган күнү 

 

  

 

  

 

  

 

  

 

  

  

Башкарманын мүчөлөрү 

Дайындалган күнү 

 

  

 

  

 

  

 

  

 

  

  

Акционердик капиталдын 5 жана андан көп пайызына ээ болгон акционерлер 

% үлүшү 

 

  

 

  

 

  

 

  

 

  

  

Акциялардын 5 жана андан көп пайызына түздөн түз же кимдир бирөө аркылуу ээлик кылгандарлдын аты-жөнүн көрсөтүү менен банктын бенефициарларынын тизмеси  

% үлүшү 

 

  

 

  

 

  

 

  

  

  

 

3-таблица. Кардарларга берилген кредиттерди тармактар боюнча бөлүштүрүү 

№  

Кардарларга берилген кредиттерди тармактар боюнча бөлүштүрүү, миң сом 

T-1 

Кардарларга кредиттер жана финансылык ижара, бардыгы болуп 

  

  

 

Анын ичинде: 

 

 

өндүрүшкө кредиттер 

  

  

айыл чарбасыны, сактоого жана кайра иштетүүгө кредиттер  

  

  

соодага жана кызматтарга кредиттер 

  

  

курулушка кредиттер 

  

  

ипотека 

  

  

керектөө насыя 

  

  

кредиттердин башка түрлөрү 

  

  

 

Эскертүү

(1) Т- отчеттук мезгилдин аягына, Т-1- өткөн мезгилдин аягына. 

 

Коммерциялык банктын 

ишине тиешелүү маалыматтарды 

чечмелөөгө карата  

талаптар жөнүндө жобого 

2-тиркеме 

 

4-таблица. Субьекттерди консолидациялоо 

№ 

Субьекттин аталышы 

Эсепке алууда консолидацияланууга тийиш/тийиш эмес болгондор жана консолидациялоо ыкмасы 

Мезгил-мезгили менен консолидацияланууга тийиш/тийиш эмес болгон жана консолидациялануу ыкмасы 

Эскертүү (Консолидациялоо түрүндө жана ыкмасында айрымаларын чечмелөө

XXX 

  

  

  

XXX 

  

  

  

XXX 

  

  

  

 

5-таблица. Аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялар тууралуу маалымат 

№  

Операциялардын суммасы, миң сом 

T-1 

контролдукту жүзөгө ашырган юридикалык жактар жана жеке адамдар 

 

 

көз каранды компаниялар 

  

  

аффилирленген юридикалык жактар 

  

  

контролдукту жүзөгө ашырган юридикалык жактар 

  

  

акцияларга биргеликте ээлик кылган адамдардын катарына кирген башка жактар 

  

  

Банк Башкарманын жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн кошо алганда кызмат адамдарын, ошондой эле көрсөтүлгөн жактар жана олуттуу катышуучулар менен жалпы таламга ээ болгон жеке адамдар жана юридикалык жактар  

  

  

 

6-таблица. Мурдагы операциялык чыгымдарга тиешелүү маалыматтар 

  

 Операциялык чыгымдар, миң сом 

T-1 

T-2 

Чыгымдардын жалпы суммасы 

  

  

  

Өлчөмү 1 млн. сомдон ашкан чыгымдардын жалып суммасы 

  

  

  

Чыгымдардын келип чыгышын шарттаган жагдайлар 

  

  

  

5 ири чыгымдын жалпы суммасы 

  

  

  

 

Эскертүү

(1) Т -отчеттук жылдын аягына, Т-1, Т-2 - өткөн жылдардын аягына. 

(2) 1 млн. сом - олуттуу мааниге ээ көрсөткүч катары каралат.