Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын _______________ 

№__________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун 

ишин жөнгө салуу жөнүндө  

ЖОБО 

 

 

1-глава. Жалпы жоболор  

 

1. «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» бул жободо (мындан ары Жобо) кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүн сунуштоого Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) лицензиясына ээ төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон талаптар белгиленген:  

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо; 

өз иш натыйжаcы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизделген төлөм системасы аркылуу кабыл алуу жана жүргүзүү

Төлөм уюмдары жана төлөм системасынын операторлору бул иш түрлөрүн жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоолору тийиш. 

2. Жобонун талаптары төмөнкүлөргө таркатылбайт: 

- Улуттук банк оператору болуп саналган, төлөм системаларына; 

- өз төлөмдөрү үчүн өз системасындагы төлөмдөр жана эсептешүүлөр боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырган коммерциялык банкка; 

өз иш натыйжаcы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизделген төлөм системасы аркылуу кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырган коммерциялык банкка; 

өз төлөмдөрү үчүн өз системасындагы төлөмдөр жана эсептешүүлөр боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо ишин жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъектилердин ички системаларына. 

3. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын туруктуу, ишенимдүү жана коопсуз ишин камсыз кылуу үчүн төлөм системаларынын, алардын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салат жана көзөмөлдөйт. 

4. Төлөм кызмат көрсөтүү рыногунда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча төлөм системаларынын, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин монополияга каршы жөнгө салуу Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 2-мартындагы №4/1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатынын жана негизги принциптеринин алкагында ишке ашырылат.  

5. Ушул Жобонун талаптарын бузууга жол берилген учурда Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарына жана банктар аралык төлөм системасынын башка катышуучуларына карата тиешелүү чараларды жана санкцияларды колдонууга укуктуу.  

 

 

2-глава. Колдонулган терминдер жана аныктамалар  

 

6. Бул Жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат. 

Автоматташтырылган система бул анын ишин автоматташтыруу боюнча каражаттардын аппараттык-программалык комплексинен, белгиленген функцияларды аткаруунун маалымат технологияларын ишке ашырган ыкмалардан жана иш-чаралардан турган система.  

Агент төлөм уюму менен товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына жеке адамдардын жана юридикалык жактардын төлөмдөрүн кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө агенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер.  

Агенттик келишим агенттик келишимди аткаруу максатында, төлөм уюму менен агент ортосунда ушул Жободо көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө түзүлгөн агенттик келишим. Мында агенттин иш-аракеттери үчүн төлөм уюму жооп берет. 

Маалымат системасы маалыматтарды сактоо, издөө жана иштеп чыгуу үчүн дайындалган система жана маалымат менен камсыз кылып аны жайылткан тиешелүү уюштуруу ресурстары (адам, техникалык, финансылык ж.б). 

Субагент төлөм уюмунун агенти менен товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү (мындан ары товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү) сунуштоочулардын пайдасына жеке адамдардын жана юридикалык жактардын төлөмдөрүн кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө субагенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер. Мында субагенттин иш-аракеттери үчүн төлөм уюму жооп берет.  

Ушул Жободо колдонулган башка терминдер менен аныктамалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы жалпы кабыл алынган маанисине ылайык түшүндүрүлөт. 

 

3-глава. Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишине карата негизги талаптар 

 

§ 1. Төлөм системаларынын операторлорунун ишине карата талаптар 

 

7. Төлөм системасынын оператору лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрү менен гана иштей алат. Төлөм системасынын оператору өз ишин төлөм уюмунун иши менен гана айкалыштыра алат. 

Төлөм системасынын оператору лицензияда көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсинг алдында өткөрүп бере албайт.  

8. Төлөм системасынын операторунун уставдык капиталы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген өлчөмдөн кем болбоого тийиш.  

9. Төлөм системасынын оператору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына туура келген төлөм системасынын иштеши боюнча эрежелерге жана жол-жоболорго ээ болууга тийиш. Төлөм системасынын оператору иштелип чыккан эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык төлөм системасынын иштешин камсыз кылат. Катышуучулар менен өз ара мамилелер системанын эрежелеринде, төлөм системасынын ишине байланыштуу келишимдерде, ошондой эле катышуучулар менен түзүлгөн келишимдерде белгиленет. 

10. Системанын эрежелери жана жол-жоболору катышуучулар үчүн системага катышуудан улам, алар дуушар болушу мүмкүн болгон финансылык тобокелдиктердин системага тийгизе турган таасири тууралуу так түшүнүктү камтып, катышуучу тараптардын системанын тобокелдиктерин башкаруудагы юридикалык негизин, ролун, убактысын жана принциптерин түшүндүрүү керек. Берилген эрежелер жана жол-жоболор Улуттук банктын тобокелдиктерди тескөө боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкеш келүүгө жана улам каралып, зарыл учурларда, бирок 3 (үч) жылда кеминде 1 (бир) жолу жаңыртылып туруусу зарыл. 

11. Төлөм системасынын оператору өз төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн, төлөмдөрдү өз учурунда иштеп чыгууну, системада маалыматтардын толуктугун, коопсуздугун жана купуялуулугун камсыз кылууга тийиш. Төлөм системасынын оператору өз төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгү, төлөм системасынын катышуучуларына төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштабагандыгы жана сапатсыз сунуштагандыгы, анын ичинде төлөм системасынын катышуучулары менен келишим мамилелерине ылайык керектөөчүлөрдүн жүргүзүлгөн төлөмдөрү тууралуу маалыматты товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга өз убагында жеткирбегендиги үчүн жоопкерчиликтүү, анын ичинде финансылык жоопкерчиликтүү болот.  

Төлөм системасынын оператору керектөөчүдөн төлөмдөрдү товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүнү толук көлөмдө сунуштоого тийиш.  

12. Төлөм системасынын оператору, эгерде төлөм системасынын катышуучулары менен келишим шарттарында башкасы каралбаса, системанын иштеши үчүнчү жактардын күнөөсү боюнча үзгүлтүккө учураган учурда жоопкерчилик тартпайт.  

13. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- колдонуудагы эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарынын сакталышын жана аларды ушул Жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына шайкеш келишин контролдоо;  

- төлөм системасынын башка катышуучуларынын төлөмдөрүн өткөрүү үчүн зарыл болгон техникалык жана программалык каражаттарга талаптарды белгилөөгө;  

- агенттердин, субагенттердин жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын реестрин жүргүзүү, алар төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш: 

- келишимдин реквизиттерин (күнү, номери, келишим мамилелеринин түрү);  

- юридикалык жактын/жеке адамдын аталышын/аты-жөнүн; 

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалыматтар, паспорттогу маалыматтар; 

- жайгашкан жери/жашаган жери; 

- жетекчилери жөнүндө маалыматтар; 

- байланыш маалыматтары; 

- менчик ээлери жөнүндө маалыматтар (юридикалык жактар үчүн); 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарына ылайык бенефициар менчик ээси жөнүндө маалыматтар; 

- юридикалык жактын/жеке адамдын иши жөнүндө маалымат (банк иши, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр ж.б.); 

- ошол юридикалык жак/жеке адам менен болгон иштиктүү мамилелердин максаты жана болжолдонгон мүнөзү (эгерде сунуштоочу болсо, кызмат көрсөтүүнү көрсөтүү); 

- санкция тизмелери менен салыштыруу жөнүндө маалыматтар; 

- финансылык кызмат көрсөтүүлөр (комиссиянын жогорку жана төмөнкү чеги, кызмат көрсөтүүнүн наркы ж.б.); 

- жана башка маалыматтар; 

- төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берүү жана аларды тескөө;  

- маалыматтарды иштеп чыгуу каражаттарынын коопсуз ишин камсыз кылуу;  

- жагдайларды жөнгө салуунун бирдиктүү ыкмасын камсыз кылуу жана жагдайлардын (инцидент) реестрин жүргүзүү

- штаттан тышкаркы жагдай орун алган учурда системага кабыл алынган төлөмдөр боюнча маалыматтын товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга келишим шарттарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык өз убагында жеткирилишин камсыз кылуу. 

14. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туунду ишканага ээ болсо милдеттүү түрдө Улуттук банкка тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен ал тууралуу маалыматты берип турууга тийиш.  

15. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактаган учурда кайра өзгөртүлүп (бириктирүү, кошуу, бөлүү, кайра өзгөртүп түзүү) түзүлүшү мүмкүн. Кайра өзгөртүп түзүү учурунда төлөм системасынын оператору Улуттук банкка талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн кайра өзгөртүп түзүү боюнча тиешелүү чечимди кошо тиркөө менен ал чечим кабыл алынган күндөн кийинки 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбестен сунуштоого тийиш.  

16.  Оператор Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарынын жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо талаптарын бузууга жол берген учурда, Улуттук банк төлөм системасынын операторунун тарифтерди белгилөөсүнө чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн. 

17. Төлөм системасынын оператору лицензия алган учурдан тартып чейрек сайын Улуттук банкка бекитилген жана колдонуудагы тарифтер жөнүндө маалымат берип турушу зарыл. Төлөм системасынын оператору колдонуудагы тарифтерге киргизилген бардык өзгөртүүлөр тууралуу алар киргизилгенден кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка маалымдоого тийиш. 

18. Төлөм системасынын операторунун кызмат адамдары төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген аткаруу органынын мүчөлөрү, алар төмөнкүлөрдү камсыз кылуулары зарыл: 

- уюмдун ишинин жөнгө салынышын контролдоо;  

- контролдук системасынын шайкештигине баа берүү башкаруу түйүндөрүн текшерүү, аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жана башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу;  

- иш натыйжалуулугуна баа берүү уюмдун ар тараптуу иш багытына баа берүү жана аларды өркүндөтүү жагында чечимдерди кабыл алуу.  

19. Төлөм системасынын операторунун АПКнын иштеши жана анын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү болгон техникалык персоналы (штаттык кызматтар), башкы бухгалтери (штаттык кызмат), ошондой эле өзүнүн уюштуруу түзүмүнө ылайык башка персоналы болууга тийиш. Персонал төмөнкү милдеттердин аткарылышына жооптуу болушат:  

- маалымат системасын контролдоо системасынын шайкештигине баа берүү башкаруу түйүндөрүн текшерүү, аткаруу органына аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча негиздүү сунуштарды жана иш натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү;  

- коопсуздуктун камсыз кылынышына баа берүү - маалымат коопсуздугу деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле кара ниет колдонуучулардын аракеттеринин, авариялык үзгүлтүктөрдүн жана персоналдын каталарынын натыйжасында келип чыккан жоготууларды азайтуу;  

- иш натыйжалуулугуна баа берүү уюмдун ар тараптуу иш багытына эксперттик баа берүү жана аларды өркүндөтүү жагында негиздүү сунуштарды берүү;  

- системанын ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келишин текшерүү;  

- чечим кабыл алууда колдонулган финансылык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн, алардын толуктугун жана өз учурунда берилишин, ошондой эле финансылык жана регулятивдик отчеттордун түзүлүшүн камсыз кылуу;  

- тышкы аудиторлорду тандоо боюнча сунуштарды даярдоо, зарыл учурда атайын аудитордук текшерүүнү жүргүзүүнү демилгелөө;  

- Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсептин жүргүзүлүшүн жана финансылык отчеттун түзүлүшүн камсыз кылуу. 

Персонал аткарылуучу функциялардын өткөрүлүп берилишин камсыз кылууга, системанын ишине колдоо көрсөтүүгө жөндөмдүү болгон кайталоочу курамга ээ болууга тийиш. Персонал иштен бошонгон учурда талапка ылайык тариздөө менен функционалдык милдеттердин жана документтердин кабыл алынышы-өткөрүлүп берилиши (акт, протокол) камсыз кылынууга тийиш.  

20. Автоматташтырылган системаны администрлөө төлөм системасынын операторунун штаттык техникалык персоналы тарабынан жүзөгө ашырылуусу зарыл. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тараптардын милдеттерин жана жоопкерчиликтерин көрсөтүү менен түзүлгөн келишим түзүлгөн учурда штаттан тышкаркы техникалык персоналды кошумча ишке тарта алат.  

21. Төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган системасы менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ персонал төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- финансылык маалымат менен иш алып барууда ички эрежелерде жана жол-жоболордо каралган коопсуздукту жана купуялуулукту камсыз кылуу нормалары жана талаптар менен тааныштырылууга;  

- автоматташтырылган системадан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн программалык-техникалык каражаттарын тескөө жана ички документтерге ылайык финансылык маалыматты иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон квалификацияга ээ болууга;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, финансылык маалымат менен иш алып барууда коопсуздукту жана купуялуулукту камсыз кылуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартууга. 

22. Төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган системасы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

- системанын үзгүлтүксүз иштөө критерийлерине ылайык маалымат менен үзгүлтүксүз алмашууну жана иштеп чыгууну; 

- маалыматтарды байланыш каналдары аркылуу процессинг борборуна өткөрүүдө жана түзүлгөн жерге кайра жөнөтүүдө алардын толуктугун жана аныктыгын;  

-  автоматташтырылган система менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ төлөм системасынын операторунун техникалык персоналын идентификациялоону/ авторизациялоону/ аутентификациялоону;  

- маалыматтардын сакталышын, бүтүндүгүн жана купуялуулугун;  

- автоматташтырылган система үзгүлтүккө дуушар болгон учурда, штаттан тышкаркы жагдайларда же маалыматтардан санкциясыз пайдаланууда маалыматтарды жана жабдууларды коргоону;  

- процессинг борборуна туташкан объекттердин, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын жана процессинг борборунун персоналын кошо алганда, системанын маалымат ресурстарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү сеанстарынын иштөө жөндөмдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону. 

23. Төлөм системасынын операторунда төмөнкүлөр болууга тийиш:  

- программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм же программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм тарабынан ыйгарым укук берилген уюм менен түзүлгөн келишим (программалык камсыздоону сатып алууда);  

- иштеп чыккан компания (программалык камсыздоо сатылып алынган учурда) же программалык камсыздоону иштеп чыккан/ишин камсыз кылган кызматкерлер менен техникалык колдоону камсыз кылуу жөнүндө келишим; 

- кылдат иштелип чыккан техникалык тапшырмалар жана талаптар;  

- программалык камсыздоонун чыгыш кодуна өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ кызматкерлердин тизмеги;  

- системанын администраторлору жана программалык камсыздоодон пайдалануучулар үчүн колдонмо же коштомо документтер;  

- сыноодон өткөрүү программасы жана методикасы;  

- ишке киргизүү актысы жана тажрыйбалык пайдалануу сыноосунан өткөрүүлөрдү каттоо журналы;  

өндүрүштүк пайдаланууга берүү актысы;  

- төлөм системасынын оператору жана программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм же программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм тарабынан ыйгарым укук берилген уюм кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы. 

 

§ 2. Төлөм системасынын операторунун эрежелерине карата талаптар 

 

24. Системанын иштөө эрежелеринде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- төлөм системасынын архитектурасы жана анын ишин чагылдыруу схемасы;  

- коопсуз жана ишенимдүү байланыш каналдарын берүү;  

- төлөм системасына кирүү жана андан чыгуу жол-жобосу;  

- катышуучуну төлөм системасына туташтыруу тартиби жана катышуучуга карата талаптар;  

- процессинг жүргүзүү тартиби;  

- клиринг жүргүзүү тартиби;  

- процессинг жана клиринг жүргүзүү учурунда коопсуздукту сактоо тартиби жана анын талаптары (эгерде бул кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг (клиринг) борборуна берилген болсо);  

- системанын үзгүлтүксүз иштөөсүнүн критерийлери;  

- төлөм системасынын катышуучуларынын төлөм системасынын операторуна өз иши жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби;  

- тобокелдиктерди тескөө боюнча колдонулуп жаткан моделди, иш-чаралар тизмегин жана тобокелдиктерди тескөө ыкмаларын кошо алганда, төлөм системасында орун алган тобокелдиктерди тескөө системасы;  

- маалыматты коргоо талаптары;  

- катышуучулардын жана кардарлардын талаш маселелерин, даттанууларын чечүү тартиби;  

- төлөм системасында штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган учурда катышуучулардын иш алып баруу тартиби;  

- төлөм системасынын катышуучуларына билдирүү тартиби;  

- төлөм системасынын катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги;  

- тарифтик саясат;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптар.  

Зарылчылыкка жараша төлөм системасынын катышуучуларына сандык жана сапаттык критерийлер берилиши мүмкүн. 

25. Карттардын процессингин жүргүзгөн төлөм системасынын операторунун эрежелеринде ушул жобонун 24-пунктунда келтирилген талаптардан тышкары төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- катышуучуну төлөм системасына каттоо жана багыттоо; 

- карт ээсин таанууда (персонализация) коопсуздукту сактоо тартиби жана анын талаптары (эгерде бул кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилген болсо);  

- карттын процессингин жана клирингин жүргүзүүдө коопсуздук тартиби жана анын талаптары (эгерде бул кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилген болсо);  

- эмитенттин карт эмиссиясын жүзөгө ашыруу тартиби жана ага карата талаптар;  

- эквайердин карт эквайрингин жүзөгө ашыруу тартиби жана ага карата талаптар;  

- системада төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби;  

- доо коюлган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу тартиби;  

- системада банктар аралык комиссиялык төлөмдөр, тейлөө үчүн төлөмдөр жана башка комиссиялык төлөмдөр; 

- финансылык кызматтардан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар. 

26. Төлөм системасынын эрежелеринде төмөнкүдөй талаптарды белгилөөгө тыюу салынат:  

- төлөм системасынын катышуучуларына карата башка төлөм системаларында катышуусун чектөө жөнүндө (өзгөчө катышуу шарттары);  

- төлөм системасынын катышуучуларына карата кызмат көрсөтүүлөр наркын өз алдынча аныктоо укугун чектөө жөнүндө

 

§ 3. Төлөм уюмунун ишине карата талаптар 

 

27. Төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иш түрлөрүн гана жүзөгө ашырышы мүмкүн. 

Төлөм уюму ишин төлөм системасынын операторунун иши менен гана айкалыштыра алат. 

Төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүү үчүн аудиторсинг алдында кызмат көрсөтүүлөрдү өткөрүп бере албайт.  

28. Төлөм уюмунда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча иштелип чыккан жана бекитилген ички эрежелер жана жол-жоболор болууга тийиш.  

29. Төлөм уюму Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү эрежелерин сактоо жана аны ишке ашыруу үчүн жооптуу атайы кызмат адамын дайындоого тийиш. Төлөм уюмунун уюштуруу укуктук формасына жараша ал адам түздөн-түз байкоо органына/директорлор кеңешине же аткаруу органына баш ийүүсү зарыл.  

30. Төлөм уюмунун уставдык капиталы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген өлчөмдөн кем болбоого тийиш. 

31. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарды сактаган учурларда төлөм уюму кайра өзгөртүлүп (бириктирүү, кошуу, бөлүү, кайра өзгөртүп түзүү) түзүлүшү мүмкүн. Төлөм уюму кайра өзгөртүп түзүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийинки 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбестен, талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн, тастыктоочу бардык документтерди кошо тиркөө менен Улуттук банкка билдирүүгө тийиш. 

32. Төлөм уюму товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын ишинде келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден камсыздандыруу максатында төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

1) Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Бирдик казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон төлөөчүлөрдүн салыктар, жыйымдар жана төлөмдөр боюнча акча каражаттарын кабыл алуу үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу жана тобокелдиктерди контролдоо жана жөнгө салуунун зарыл механизмдерди ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен тиешелүү келишимдик мамилелерде (түздөн-түз келишим түзүүдө) ушул талапты белгилөө менен Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджетине кабыл алынуучу бүтүндөй төлөм суммасына 100 (жүз) пайыз алдын ала төлөм сунуштоо. Төлөмдөр суммасы алдын ала төлөм өлчөмүнөн арткан учурда сунуштоочунун товарлары/кызмат көрсөтүүлөрү автоматтык түрдө өчүрүлүүгө тийиш. Алдын ала төлөм суммасынын өлчөмү чейрек сайын бюджетке кабыл алынуучу көлөм өзгөртүлгөндүгүнө жараша белгиленет/кайра каралат.  

2) мамлекеттин менчигинде толугу менен же бир бөлүгү турган товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жана келишимдик мамилелерде алдын ала төлөм же банктык гарантия каралбаган бюджеттик уюмдар үчүн ар бир товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар боюнча акыркы чейрек ичинде орточо күндүк жүгүртүүнүн 100 (жүз) пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу депозитин жайгаштыруу. 

3) Коммерциялык банкта аманат боюнча өзүнчө эсепте башка кайтаруу шарттарында камсыздандыруу депозитин жайгаштыруу же болбосо төлөм уюмунун келишимдик мамилелерде товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга алдын ала төлөө каралбаган, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу үчүн анын пайдасына кайтарылып алынгыс банктык гарантияны сунуштоосу. Камсыздандыруу депозитинин же банктык гарантиянын өлчөмү төлөм уюмунун ар бир товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу боюнча акыркы чейрек ичиндеги орточо күндүк жүгүртүүн суммасынын 10 (он) пайызынан кем болбоого тийиш.  

4) Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга тиешелүү акча каражаттарды, төлөм уюмунун чарба ишине байланыштуу операцияларын жүргүзүү үчүн каралган эсептешүү эсебинде топтоого болбойт.  

Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен түзүлгөн келишимде, төлөм уюму кабыл алынган төлөмдөрдү товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун эсептешүү эсебине чегерүү милдеттенмесин аткарбай койгон/бузууга жол берген учурлар келип чыкканда, камсыздандыруу депозити максаттуу багыты боюнча гана пайдаланыла тургандыгы, ошондой эле товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу акча каражаттарын акцептсиз тартипте алуу мүмкүнчүлүгү каралган, анда камсыздандыруу депозити жайгаштырылган банктык эсепти контролдоо шарттары каралууга тийиш.  

33. Төлөм уюму акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алуу, сактоо, өткөрүп берүү/которуу (инкассациялоо) боюнча талаптарды сактоого тийиш. 

Акча каражаттарын өткөрүп берүү/чегерүү (инкассациялоо) жана акча берүүгө байланыштуу касса операциялары төлөм уюму тарабынан бекитилген, касса операцияларынын тизмегине ылайык төлөм уюму тарабынан максаттуу багыты боюнча жүзөгө ашырылууга тийиш. Касса операцияларынын тизмегинде төлөм уюму тарабынан кассадан берилүүчү акча каражаттарынын суммасына лимит белгиленүүгө жана ички жол-жоболорго ылайык бекитилүүгө тийиш.  

34. Төлөм уюму акча каражаттарды төлөөчүдөн алуучуга берүүнүн бүтүндөй процессинин контролдукка алынышын камсыз кылууга милдеттүү жана акча каражаттарынын өз убагында берилбегендиги үчүн жоопкерчиликтүү болот.  

35. Төлөм уюму анын тескөөсүндө турган жеке маалыматтардын, төлөм боюнча финансылык маалыматтардын жана милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон башка маалыматтардын корголушун жана купуялуулугун камсыз кылууга жана мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана үчүнчү жактарга берүүгө милдеттүү.  

36. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн төлөм уюмунун автоматташтырылган системасы жана бухгалтердик операцияларды эсепке алуу боюнча автоматташтырылган система (1 С же башка) жайгашкан жай төмөнкүдөй негизги талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу; 

- автоматташтырылган ишенимдүү кулпулардын болушу;  

- видео байкоо системаларынын болушу жана төлөм уюмунун аткаруу органы тарабынан белгиленген мөөнөт чегинде видео байкоодон алынган маалыматтарды сактоо милдеттенмеси; 

өрткө каршы жана коргоо сигнализациясынын болушу же жайдын ичине башка адамдардын кирип кетишине жол бербеген жана жайдын ичинде коргоого алынган ресурстардын толук сакталышын камсыз кылган күнүүнү көзөмөлдөөнүн болушу;  

- персоналдын мындай жайга кирүүсү функционалдык милдеттерге ылайык так жөнгө салынууга тийиш. 

37. Төлөм уюму Улуттук банктан лицензия алган учурдан тартып кайсыл болбосун мезгил ичинде кандай болбосун транзакция тууралуу маалыматтын талап келип түшкөндөн кийинки 1 (бир) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө алуу мүмкүнчүлүгү менен сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

38. Төлөм уюму 6 (алты) айда кеминде бир жолу автоматташтырылган системаны ички эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарына ылайык келүүсүнө протокол түзүү менен текшерүү жүргүзүүгө тийиш. Текшерүүнүн жыйынтыктары протокол түрүндө тариздетилүүгө тийиш. 

39. Төлөм уюму иштелип чыккан финансылык маалыматтардын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарында төлөм документтерин сактоо үчүн белгиленген мөөнөттөргө ылайык сакталышын жана архивинин жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.  

40. Төлөм уюму төлөөчүдөн өндүрүлүүчү комиссиялык төлөм өлчөмүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча белгилөө укугуна ээ.  

 

§ 4. Агенттерге коюлган талаптар 

 

41. Төлөм уюму өз ишин уюштуруу үчүн башка жактар менен агенттик келишимдерди түзүүгө укуктуу жана анын төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарын кошо алганда, агенттер боюнча төмөнкү маалыматты камтыган базасы болууга тийиш:  

1) эгерде юридикалык жак болсо уюмдун аталышы, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, ишкердик ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясынын көчүрмөсү (эгерде иши лицензияланса) уюштуруу документтери, айкын жайгашкан дареги, байланыш телефондору, терминалдар орнотулган даректердин актуалдуу тизмеси;  

2) жеке ишкер болсо ишкердин паспортунун көчүрмөсү, жеке ишкер катары каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгү, колдонуудагы патент, ишкердик ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия (эгерде иши лицензияланса), терминалдар орнотулган даректердин тизмеси жана ишин жүзөгө ашырган айкын жери. 

42. Агенттер үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн субагенттерди ишке тарта алышат. Төлөм уюму да өз ишин уюштуруу үчүн субагенттерди ишке тартышы мүмкүн жана/же субагенттик тармактарды түзүшү мүмкүн.  

43. Төлөм уюмунун эсебине алдын ала төлөм салган агенттер үчүн акча каражаттарынын суммасына келишимде көрсөтүлүүгө тийиш.  

44. Төлөм уюуму менен агент ортосундагы келишимде кеминде төмөнкүлөр камтылуусу зарыл: 

- келишим шарттары аткарылбаган же карыз түптөлгөн учурда тараптардын өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана жоопкерчилиги. Агент төлөм уюмунун милдеттенмелеринин ордун жабууга жана милдеттенмелер боюнча жооптуу болууга тийиш эмес; 

- ушул Жобонун 46-пунктунун талаптарына ылайык, агенттен кабыл алынуучу төлөмдөр көлөмү жана терминалдар саны боюнча лимиттер/чектөөлөр (зарыл учурда); 

- анын ичинде штаттан тышкаркы жагдай орун алган учурда, акча каражаттарын кайтарып берүү тартиби/жол-жобосу; 

- субагент менен түзүлгөн келишимге карата талаптар, анда келишим шарттары аткарылбаган шартта же карыз түптөлгөн учурда тараптардын өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана жоопкерчилиги камтылат. 

45. Төлөм уюму менен агент ортосундагы келишимде ошондой эле ошол төлөм уюмунун агенттеринин жана субагенттеринин ушул Жобонун талаптарына шайкеш келишине Улуттук банктын кайсыл болбосун убакытта тоскоолдуксуз текшерүү жүргүзүүсү тууралуу талап камтылууга тийиш. Улуттук банктын талабы боюнча ушул төлөм системасынын агенттери жана субагенттери, анын ичинде жеринде барып текшерүүлөрдү өткөрүүнүн алкагында, бардык зарыл документтерди берүүгө тийиш.  

46. Эгерде 6 (алты) айдан ашык убакыт ичинде агенттин акча каражаттарынын жүгүртүү суммасы боюнча көрсөткүчү бардык төлөм уюмдарынын операцияларынын жалпы көлөмүнүн 20 (жыйырма) пайызынан жана/же агенттин терминалдарынын саны бардык төлөм уюмдарынын терминалдарынын жалпы санынын 10 (он) пайызынан ашса, анда агент Улуттук банктын төлөм уюмдары тарабынан сунушталган агенттер жана субагенттер боюнча маалыматтын негизинде агенттин дарегине ал ушул пунктта көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө жеткендиги жөнүндө билдирүүсүнө ылайык, төмөнкү талаптардын бирин аткарууга тийиш: 

1) Улуттук банктан тиешелүү лицензия алууга; 

2) же болбосо төмөнкү талаптардын аткарылышын кошумча камсыз кылууга тийиш: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча каражаттарын кабыл алуу, сактоо, өткөрүп берүү/которуу (инкассациялоо) боюнча талаптарды сактоого. Акча каражаттарын өткөрүп берүү/чегерүү (инкассациялоо) жана акча берүүгө байланыштуу касса операциялары төлөм уюму тарабынан бекитилген касса операцияларынын жана лимиттердин тизмегине ылайык максаттуу багыты боюнча жүзөгө ашырылууга жана ал төлөм уюму менен агент ортосунда түзүлгөн келишимде каралууга тийиш;  

- төлөм уюмуна акча каражаттардын өз убагында берилбегендиги үчүн жоопкерчиликтүү тартууга;  

- төлөм уюму анын тескөөсүндө турган жеке маалыматтардын, төлөм боюнча финансылык маалыматтардын жана милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон башка маалыматтардын корголушун жана купуялуулугун камсыз кылууга жана мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана үчүнчү жактарга берүүгө

- Кыргыз Республикасынын төлөм документтерин сактоо боюнча мыйзам талаптарында жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарында белгиленген мөөнөттөргө ылайык иштелип чыккан финансылык маалымат боюнча архивдин түзүлүшүн жана жүргүзүлүшүн камсыз кылуу.  

47. Төлөм уюму агенттерди алар тарабынан аткарылуучу милдеттердин алкагында системадан пайдалануу принциптерине окутуу үчүн документтерге ээ болууга тийиш. Келишим түзгөн учурда колдо болгон жол-жоболорго ылайык түшүндүрмөлөрдү өткөрүү жана агентти террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө талапты кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары менен тааныштыруу жана көрсөтүлгөн талаптардын сакталышы боюнча агенттерге мониторинг жүргүзүү зарыл. 

48. Төлөм уюму же агенттер төлөмдөрдү кабыл алуу учурунда аларды кабыл алуунун ар бир пунктунда төлөөчүлөргө төмөнкү маалыматтардын сунушталышын камсыз кылууга милдеттүү:  

- төлөм уюмунун аталышы, байланышуу үчүн маалыматтар жана жайгашкан жери;  

- төлөм уюмуна берилген лицензиянын номери жана берилген күнү;  

- төлөөчү тарабынан төлөнүүчү кызмат көрсөтүү наркы;  

- даттануу менен кайрылуу ыкмалары;  

- call-борборунун, төлөмдөрдү кабыл алуу операторунун телефон номерлери. 

49. Төлөм уюмунун агенттердин же башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын тапшыруусу боюнча үчүнчү жактардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн сунуштоочулардын абоненттеринин өздүк эсептеринин балансынын эсебинен ишке ашырылуучу төлөмдөрдү же болбосо кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын кардарларынын сунуштоочунун авансы жана/же алдын ала төлөмү жана/же насыясы болуп саналган, кайсы формада болбосун, анын ичинде аванстык төлөмдөрдү төлөө же товарлардан/кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу формасындагы акча каражаттарын өткөрүүгө укугу жок.  

50. Төлөм уюму агент/субагент тарабынан ушул Жобонун талаптарынын сакталышына толук жоопкерчиликтүү болот.  

 

4-глава. Тобокелдиктерди тескөө 

 

51. Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын төлөм системасына катышуу келишиминде, орун алышы мүмкүн болгон форс-мажордук жагдайларды (аскердик кагылышуулар, жаратылыш кырсыктары ж.б.) кошо алганда, штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан шартта тобокелдиктерди тескөөгө тиешелүү бөлүк каралууга жана катышуучулардын Улуттук банктын штаттан тышкаркы жагдайлар жана тобокелдиктерди тескөө боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоосун камсыз кылууга тийиш.  

52. Төлөм системасынын оператору төлөм системасында орун алган тобокелдиктерге онлайн мониторинг жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш. 

53. Төлөм системасынын катышуучуларына өз милдетин аткарууга тоскоолдук жараткан системалуу тобокелдик аныкталган учурда же штаттан тышкаркы жагдай орун алган шартта төлөм системасынын оператору жана төлөм уюмдары төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө электрондук билдирүү же телефон чалуу аркылуу өз убагында, бирок системалуу тобокелдик аныкталган же штаттан тышкаркы жагдай келип чыккан учурдан кийинки 2 (эки) сааттан кечиктирбестен маалымдоого;  

- тобокелдиктерге дуушар болушу ыктымал болгон тарапка же тараптарга, агенттерге/товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга билдирүүгө;  

- товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулар/сунуштоочулар жана төлөм системасынын катышуучулары алдында өз финансылык милдеттенмелерин аткаруу/ аяктоо боюнча чараларды көрүүгө;  

- төлөм системасынын иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;  

- башка катышуучуларга өз милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн сунуштоого. 

Ушул пунктта чагылдырылган бардык аракеттер кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен келишимде жана ачык сунуштарда (оферта) чагылдырылууга тийиш. 

54. Төлөм системасынын оператору, төлөм уюмдары лицензияга ээ байланыш операторлору тарабынан сунушталуучу коопсуз жана ишенимдүү байланыш каражаттарын колдонууга, ошондой эле штаттан тышкаркы жагдай орун алган учурга резервдик байланыш каналдарына ээ болууга тийиш.  

55. Төлөм системасынын оператору көрүү режиминде гана же штаттан тышкаркы жагдайларда системанын ишин калыбына келтирүү үчүн белгилүү бир убакыт аралыгында системадан аралыктан пайдалануу боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө тийиш. Системадан аралыктан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ адамдар буйрук менен бекитилип, алардын аракеттери функционалдык милдеттерине ылайык жөнгө салынууга тийиш жана алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укукка жатпаган аракеттери үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.  

56. Төлөм системасынын оператору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык негизги жана резервдик аппараттык-программалык комплекстин Кыргыз Республикасынын аймагында болушун жана иштешин камсыз кылууга тийиш. 

57. Төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси жайгашкан жай төлөм системасынын иши боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланыштуу бардык бизнес-процесстердин ишенимдүү ишин камсыздоого жана төмөнкү негизги талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

өзүнчө жайгашууга (имараттын ичинде башка бөлмөлөрдөн дубал менен өзүнчө бөлүнүүгө жана ага кирүү үчүн өзүнчө эшик болууга);  

- ишенимдүү автоматташтырылган кулпулардын болушу;  

- маалыматтар белгилүү бир убакыт аралыгында сактала турган видео байкоо системаларынын болушу; 

өрткө каршы жана коргоо сигнализациясынын болушу же жайдын ичине башка адамдардын кирип кетишине жол бербеген жана жайдын ичинде коргоого алынган ресурстардын толук сакталышын камсыз кылган күнүүнү көзөмөлдөөнүн болушу; 

- персоналдын мындай жайга кирүүсү функционалдык милдеттерге ылайык так жөнгө салынууга тийиш. 

58. Эгерде төлөм системасынын оператору аппараттык программалык комплексти колдонуу үчүн ижарага алынган жайды пайдаланса, анда ижара келишиминин мөөнөтү белгиленип, ал кеминде бир жылды түзүүгө тийиш. 

59. Төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ персонал (негизги жана кайталоочу) төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- финансылык маалыматтар менен иш алып барууда ички эрежелер жана жол-жоболордо жөнгө салынган, коопсуздукту жана купуялуулукту камсыз кылуу нормалары жана талаптары менен таанышып чыгууга; 

- процессинг борборунун аппараттык-программалык комплекси менен иш алып барууда программалык-техникалык каражаттарды тескөө жана ички документтерге ылайык, финансылык маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн зарыл квалификацияга ээ болууга;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, финансылык маалыматтар менен иштөөдө коопсуздукту жана купуялуулукту камсыз кылуу жагында талаптарды бузууга жол бергендиги үчүн жеке жоопкерчилик тартууга. 

60. Төлөм системасынын оператору аппараттык-программалык комплексти системанын үзгүлтүксүз ишин камсыз кыла турган, альтернативалуу электр энергия булактары менен жабдууга тийиш.  

61. Төлөм системасынын оператору үзгүлтүккө учуроолор орун алган шартта, бул программалык комплекстеги маалыматтардын толук сакталышын камсыз кылуусу зарыл. 

62. Төлөм системасынын оператору операциялык системанын, колдонмо программалык камсыздоонун, программалык камсыздоо системасынын, маалымат базасынын жана башка негизги компоненттердин резервдик көчүрмөлөрүн түзүү жана калыбына келтирүү механизми менен камсыздоого тийиш.  

63. Төлөм системасынын операторунда колдонулуп жаткан аппараттык-программалык комплекстин техникалык камсыздоосун жөнгө салган документтер болуусу зарыл. 

64. Төлөм системасынын оператору колдонгон программалык камсыздоодо, программа боюнча кеңири маалыматтарды, пайдалануучу жана администратор үчүн колдонмону кошо алганда, зарыл коштомо документтердин, ошондой эле пайдалануу учурунда зарыл болушу мүмкүн башка документтер болууга тийиш.  

65. Маалымат коопсуздугун камсыздоо ишинде, маалымат алуу, аларды иштеп чыгуу, сактоо жана сунуштоо боюнча процесстерге тартылган, уюмдун тескөөсүндө турган бардык участкалар камтылууга тийиш.  

66. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон жеке маалыматтардын жана башка маалыматтардын коргоого алынышын камсыздоого тийиш.  

67. Төлөм системасынын оператору 6 (алты) айда кеминде 1 (бир) жолу протокол түзүү менен аппараттык-программалык комплекстин төлөм системасынын ички эрежелерине жана жол-жоболоруна, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсүн текшерүүсү зарыл. 

Төлөм системасынын оператору киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды сактоого милдеттүү.  

68. Төлөм системасынын оператору төлөмдөрдү ишке ашырууда төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси аркылуу берилип жаткан маалыматтардын чечмеленишин камсыз кылуусу зарыл.  

69. Төлөм системасынын оператору өз тескөөсүндө турган финансылык маалыматтардын коргоого алынышын жана купуялуулугун камсыз кылууга жана аларды үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана берүүгө тийиш.  

70. Төлөм системасынын оператору системалуу билдирүүлөр (лог) журналынын система жана тиркемелер деңгээлинде бардык операциялар үчүн жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш (пайдалануучунун системага кирүүсү/системадан чыгуусу, маалыматтарды өзгөртүүсү ж.б.).  

71. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын төлөм документтерин сактоо үчүн мыйзамдарында жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөргө ылайык иштелип чыккан финансылык маалыматтардын сакталышын жана архивинин жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.  

 

 

5-глава. Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен өз ара иш алып барууда төлөм уюмуна карата талаптар 

 

72. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен кызматтарды керектөөчүлөрдөн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу келишимин түзүүгө тийиш, анын шарттарына ылайык төлөм уюму сунуштоочунун атынан төлөөчүлөрдөн акча каражаттарын кабыл алуу укугуна ээ, ошондой эле ушул Жобонун 32-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сунуштоочу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү

Эгерде төлөм уюму кызматтарды сунуштоочу менен келишим түзбөсө, ал өз ишин төлөм уюму катары жүргүзө албайт.  

73. Төлөм уюму товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар боюнча актуалдуу базага ээ болууга тийиш. Төлөм уюму менен сунуштоочу ортосунда түзүлгөн агенттик келишимде тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен кеминде төмөнкү маалымат камтылуусу зарыл:  

- юридикалык жактын аталышы/жеке ишкердин аты-жөнү;  

- юридикалык, айкын дареги жана байланыш маалыматтары;  

- сунуштоочу тарабынан берилген товарлардын аталышы же кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү;  

- кардарга товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган/сунуштабаган шартта тараптардын жоопкерчилиги;  

- Жобонун 32-пунктуна ылайык тараптардын финансылык милдеттенмелерин камсыздоосу, келишимдин аракети токтотулган шартта өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү, акчаны кайтарып берүү тартиби; 

- штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган шартта маалымдоо тартиби, штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган шартта өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү

- келишимди колдонуу мөөнөтү;  

- тараптардын банктык реквизиттери;  

- төлөө шарттары (тарифтер, комиссиялык төлөмдөр, сый акылар жана башкалар). 

74. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алууда чарба иштерине каралган каражаттарды сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банктагы өзүнчө банктык эсептерди, ошондой эле келишим предметинде ушул талапты милдеттүү түрдө көрсөтүү менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн өзүнчө эсептерди ачууга жана пайдаланууга милдеттүү. Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн каралган акча каражаттарын төлөм уюмунун чарба иштери үчүн каралган эсептешүү эсебинде топтоого болбойт. 

Төлөм уюму банк менен түзүлгөн эсептерди ачуу жана тейлөө жөнүндө келишимде банктын мындай төлөмдөрдү банктык эсептерге туура чегерүүсү үчүн бардык шарттарды чагылдыруусу зарыл.  

 

6-глава. Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун отчет сунуштоо тартиби  

 

75. Кыргыз Республикасынын аймагында акча каражаттарынын маалыматтык жана финансылык агымын контролдоо үчүн төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген формада жана отчеттун № 1-6 формасы боюнча Кыргыз Республикасындагы маалыматтык, финансылык төлөм кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу маалыматтарды сунуштап туруусу зарыл.  

76. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму уставдык капитал өлчөмү, коллегиалдык аткаруу органынын курамы, уюштуруучулар, уюштуруучулардын катышуу үлүшүндөгү өзгөрүүлөр, аффилирленген жана байланыштуу жактар, акча каражаттарынын келип чыгуу булактары, өзгөртүлүшүнө жараша айкын жана юридикалык даректери тууралуу маалыматтарды, өзгөртүүлөр жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде анкеталардын жана тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен сунуштоого милдеттүү

77. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык финансылык абалы тууралуу отчетту чейрек сайын Улуттук банкка сунуштап турууга милдеттүү. Отчет төлөм системасынын оператору тарабынан отчеттук чейректен кийинки айдын 25 (жыйырма бешинчи) күнүнөн кечиктирбестен электрондук түрдө (документтин сканерленген версиясы) сунушталып, кийинчерээк кагаз жүзүндөгү версиясы жөнөтүлөт. 

78. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму маалыматтарды отчеттук айдан кийинки айдын 15 (он беши) күнүнөн кечиктирбестен, ушул Жобого карата 1-тиркемеде берилген отчеттун № 1-6 формаларына ылайык ай сайын сунуштап туруулары зарыл. Отчет көрсөтүлгөн мөөнөттө электрондук түрдө (документтин сканерленген версиясы) сунушталып, кийинчерээк кагаз жүзүндөгү версиясы жөнөтүлөт.  

79. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Улуттук банктан лицензия алган айдан кийинки отчеттук айдан тартып отчет бере баштайт.  

80. Эгерде акыркы отчет берүү күнү эс алуу күнүнө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде белгиленген майрам күнүнө туура келсе, отчет берүүнүн акыркы мөөнөтү андан кийинки жумуш күнүнө которулат.  

81. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму купуя маалыматтарды эске албаганда, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен жаңыдан түзүлгөн келишим жөнүндө маалыматтарды келишим түзүлгөндөн кийинки 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбеген мөөнөттө келишимдин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

Маалымат Улуттук банкка электрондук түрдө сунушталып (документтин сканерден өткөрүлгөн версиясы), кийинчерээк кагаз жүзүндөгү версиясы жөнөтүлөт. 

82. Улуттук банк, төлөм системасынын операторлорунан жана төлөм уюмдарынан алардын жана алардын агенттеринин үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишине тиешелүү кандай болбосун маалыматтарды кайсыл болбосун убакытта талап кылууга, ошондой эле инспектордук текшерүүлөрдү жеринде барып жүргүзүүгө укуктуу.  

83. Улуттук банк жыл сайын Кыргыз Республикасынын төлөм системасына мониторинг жүргүзүүнүн негизинде Кыргыз Республикасындагы системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын, маанилүү кызмат көрсөтүү провайдерлеринин тизмесин аныктайт жана жарыялайт же бул төлөм системасын маанилүү деп таануу жөнүндө же оператор маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдери болуп саналган болсо, төлөм системасынын операторлорунун дарегине тиешелүү кат жөнөтөт.  

84. Системалары системалуу мааниге ээ жана маанилүү катары аныкталган төлөм системасынын, ошондой эле маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин операторлору кеминде 2 (эки) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык аудит жана маалымат системаларына аудит жүргүзүүгө тийиш.  

85. Маанилүү төлөм системасы критерийине туура келбеген төлөм системасынын операторлорунда милдеттүү түрдө кеминде 3 (үч) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык аудит жана маалымат системаларына аудит жүргүзүлүүгө тийиш.  

86. Көз карандысыз финансылык аудиттин жана маалымат системаларына аудиттин жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчеттун көчүрмөсү ага кол коюлгандан кийинки 1 (бир) айдан кечиктирбестен Улуттук банкка сунушталууга тийиш.  

Төлөм системасынын операторуна аудит эң аз дегенде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:  

- колдонуудагы саясат жана жол-жоболорго баа берүүлөрдү;  

- төлөм системасынын коопсуздугуна баа берүүлөрдү;  

- тобокелдиктерди тескөө саясатына баа берүүлөрдү

87. Эл аралык төлөм карттарын колдонуу менен эсептешүүлөр боюнча системанын оператору сертификат берүүнүн эл аралык программасы боюнча сертификатка ээ аудиторлорду ишке тартуу менен маалымат системаларына кеминде 2 (эки) жылда 1 (бир) жолу аудит жүргүзүп турууга тийиш. Маалымат системаларына аудиттин жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчеттун көчүрмөсү ага кол коюлган учурдан кийинки 1 (бир) айдан кечиктирилбестен Улуттук банкка сунушталууга тийиш. 

88. Улуттук банкка сунушталуучу бардык отчеттор ушул жобонун 1-тиркемесине ылайык, компаниянын расмий барагына таризделип, ага жетекчинин жана башкы бухгалтердин кол тамгалары коюлууга тийиш. 

 

 

7-глава. Төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалына (сash-in) карата талаптар 

 

89. Автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалы:  

- сунуштоочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн жабдууларды пайдалануу боюнча кыскача нускоо/малымат менен төлөөчүнү тааныштырууга тийиш;  

- төлөм уюмунун бирдиктүү аппараттык-программалык комплекси менен түздөн-түз туташкан болууга, анын жайгашуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздук талаптарына жооп берүүсү зарыл;  

- кардар товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөгөнгө чейин төлөмдү өткөрүү үчүн комиссиялар/тарифтер боюнча мааалымат берүүгө тийиш;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылган операцияларды тастыктоо катары чек берүү түзүлүшү менен жабдылуусу зарыл.  

90. Төлөм уюму жана/же анын агенти/субагенти автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалын жайгаштыруу үчүн аны ошол жерге орноштурууга укукту тастыктаган бардык зарыл документтерге ээ болууга тийиш.  

91. Төлөм уюму жана/же анын агенти/субагенти автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалы боюнча ишти колдоо жана профилактикалык техникалык иштерди жүргүзүү үчүн жооптуу адамды дайындоосу зарыл. 

 

 

8-глава. Процессинг борборуна карата минималдуу талаптар  

 

92. Төлөм системасынын оператору, маалымат алуу, иштеп чыгуу, сактоо жана аны төлөм системасынын катышуучуларына сунуштоо процессине тартылган төлөм системасынын бардык катышуучуларынын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жагында чаралар топтомун колдонууга тийиш.  

93. Төлөм системасынын оператору төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда автоматташтырылган система аркылуу өткөрүлгөн маалыматтарга шифр белгиленишин камсыз кылуусу зарыл.  

94. Төлөм системасынын оператору жеке маалыматтардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө коргоого алынышын камсыз кылууга тийиш

95. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү ишке ашырат: 

- анын тескөөсүндө турган финансылык маалыматтын сакталышын жана анын купуялуулугун камсыз кылуу жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана үчүнчү жактарга берүү;  

- системанын ишинде орун алышы мүмкүн болгон калпыстыктарды тескөө боюнча программаны иштеп чыгуу жана бүтүндөй системаны зыян келтирүүчү программалык камсыздоолордон сактоо, вируска каршы программалык камсыздоону дайыма жаңыртып туруу;  

- киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;  

- төлөм системасынын коопсуздугун камсыз кылуу иш-чараларын иштеп чыгуу жана колдоо көрсөтүү

- автоматташтырылган системанын деңгээлинде бардык операциялар үчүн системалуу билдирүүлөрдүн (лог) жана анын тиркемелеринин журналын жүргүзүү (пайдалануучунун системага кириши/системадан чыгышы, маалыматтардын өзгөрүүсү ж.б.); 

- иштелип чыккан финансылык транзакциялар боюнча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөргө ылайык сактоо жана архивин жүргүзүү;  

- 6 (алты) ай ичинде кеминде 1 (бир) жолу автоматташтырылган системанын коопсуздугунун төлөм системасынын ички эрежелеринин жана жол-жоболорунун талаптарына, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келишин текшерүү. Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча протокол түзүлүп, ага текшерүүгө катышуучулар кол коюусу зарыл.  

96. Төлөм системасынын операторунун же болбосо ал ижарага алган тейлөө жайы төмөнкү негизги талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- обочо турушу (имараттын ичинде, курулманын башка бөлүктөрүнөн дубал менен бөлүнгөн, терезеси жок аймакта жайгашуусу);  

- ишенимдүү кулпулардын болушу;  

- коргоо-өрт коопсуздугу боюнча белги берүү каражаттарынын же болбосо чоочун адамдардын жайга санкциясыз киришине жол бербеген жана жайда турган ресурстардын сакталышын камсыз кылган күнүүнү коргоого алуу же байкоо жүргүзүү каражаттарынын болушу;  

- гидроизоляциянын болушу жана зымдардын ажыраган абалда калышына жол бербөө

- функционалдык милдеттерге ылайык персоналдын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн так чектөө;  

- тейлөө жайына кирүүнү каттоо журналынын же контролдоо системасынын жана кирүү мүмкүнчүлүгүн тескөө системасынын болушу.  

97. Төлөм системасынын оператору Улуттук банктан лицензия алган учурдан тартып кайсыл болбосун мезгил ичиндеги кандай болбосун транзакция тууралуу маалыматты айкын убакыт ыргагында жана/же талап боюнча, талап келип түшкөндөн кийинки 1 (бир) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө алуу мүмкүнчүлүгү менен сакталышын камсыз кылууга тийиш.  

98. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык алдамчылык операцияларына каршы аракеттерди көрүү чараларын кошо алганда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук эрежелеринин сакталышы жана анын ишке ашырылышы үчүн жооптуу атайы кызмат адамын дайындоого тийиш.  

99. Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөр улуттук валютада жүзөгө ашырылууга тийиш. 

100. Төлөмдөрдүн процессинги жана клиринги Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүүсү зарыл.  

101. Процессинг борбору ушул Жободо белгиленген минималдуу талаптарга дал келүүгө тийиш.  

102. Төлөм системасынын оператору колдонулуп жаткан автоматташтырылган системанын иштөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн техникалык регламентке ээ болууга тийиш.  

103. Төлөм системасынын оператору тарабынан колдонулган программалык камсыздоодо системанын паспорту, анын ичинде программанын мүнөздөмөсү, пайдалануучу жана администратор үчүн колдонмо, ошондой эле төлөм системасын эксплуатациялоо үчүн башка зарыл коштомо документтер камтылат.  

Программалык камсыздоо техникалык колдоо боюнча гарантияга ээ болууга тийиш. Программалык камсыздоону пайдалануу боюнча коштомо документтерде көрсөтүлгөн учурларды эске албаганда, аны Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары колдонууга жол берилбейт.  

104. Төмөнкүлөр боюнча транзакцияларды иштеп чыгууну жүзөгө ашырган төлөм системасынын оператору:  

- эл аралык төлөм карттары боюнча төлөм карттары чөйрөсүндө маалыматты коргоо параметрлерин аныктаган эл аралык стандарттагы Payment Card Industry Data Security Standard (PCI DSS) сертификатына ээ болууга жана анын талапка жооп берүүсү жыл сайын аудиторлор тарабынан тастыкталып турууга тийиш; 

- улуттук же локалдык системалардын төлөм карттары боюнча - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш. 

 

 

 

  

  

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме 

  

Улуттук банктын  

Төлөм системалары  

башкармалыгы  

 

 

Төлөм уюму жана төлөм системаларынын операторлору тарабынан  

сунушталуучу отчеттун титулдук барагы  

 

Ушул аркылуу, Улуттук банктын № _________ лицензиясынын негизинде иш алып барган ____________________________________ (ЖЧК, ААК, ЖАК д.у.с.)  

(оператордун/төлөм уюмунун аталышы)  

201__-жылдын «__» __________ үчүн төлөм системасы боюнча отчетту сунуштайт.  

  

Тиркемелер:  

Отчеттун № 1 формасынын аталышы  

Отчеттун № 2 формасынын аталышы  

Отчеттун № 3 формасынын аталышы  

Отчеттун № 4 формасынын аталышы  

Отчеттун № 5 формасынын аталышы  

Отчеттун № 6 формасынын аталышы  

 

  

Жетекчи 

(жетекчинин орун басары) 

_________________ 

(жеке кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

  

 

 

Аткаруучу 

_________________ 

(жеке кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

  

Мөөрү  

Телефон номери  

  

 

 

 

Отчеттун № 1 формасы  

Уюмдун аталышы  

_________________________ 

Төлөм уюму жана төлөм системасынын оператор жөнүндө маалымат 

20___-жылдын ______________ чейреги үчүн 

 

Уюмдун аталышы 

Банктын аталышы (ачылган гарантиялык эсеп жана эсептешүү эсеби) (+ /-) 

Кызмат көрсөтүү түрлөрү (лицензияга ээ) 

Келишимдин негизинде кызмат көрсөтүүлөр түрү 

Терминалдардын саны 

Pos - терминалдардын саны 

Төлөм системасынын катышуучуларынын саны 

Субагенттердин саны 

  

Аткаруучу 

_________________ 

(жеке кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

  

 

 

 

Отчеттун № 2 формасы  

Уюмдун аталышы  

_________________________ 

Төлөм системасында 20_____-жылдын ______________ чейреги ичинде төлөмдөрдүн (которуулардын) саны жана көлөмү жөнүндө отчет 

№ 

Төлөм түрү 

Төлөмдөрдүн саны 

Төлөмдөрдүн көлөмү  

(миң сом) 

Уюлдук байланыш 

 

 

Катталган телефон байланышы 

 

 

Интернет 

 

 

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр 

 

 

Салык жыйымдары 

 

 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматына айыптык төлөмдөр 

 

 

Мамлекеттин бюджетине башка төлөмдөр 

 

 

Банктык эсепти толуктоо 

 

 

Финансы-кредит мекемесинен алынган кредит үчүн төлөө 

 

 

10 

Башка банктык кызмат көрсөтүүлөр 

 

 

11 

Электрондук капчыкты толуктоо 

 

 

12 

Интернет-дүкөндөр 

 

 

13 

Социалдык тармактар 

 

 

14 

Интернет оюндар 

 

 

15 

Эсепти башка интернет тиркемелеринен толуктоо 

 

 

16 

Такси кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө 

 

 

17 

Жарнама кызмат көрсөтүүлөрү  

 

 

18 

Кулактандыруу  

 

 

19 

Кайрымдуулук  

 

 

20 

Билим берүү  

 

 

21 

Туристтик кыдыруулар 

 

 

22 

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы  

 

 

23 

Башка төлөмдөр  

 

 

  

Көрсөткүч 

Бардыгы болуп ай ичинде 

январь 

февраль 

март 

апрель 

май 

июнь 

июль 

август 

сентябрь 

октябрь 

ноябрь 

декаабрь 

Жыйынтыгында, жыл ичинде 

Жалпы саны 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жалпы көлөмү, сом 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

Отчеттун № 3 формасы  

Уюмдун аталышы  

_________________________ 

  

 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун эрежелеринин талаптарын бузууга жол берүүгө байланыштуу аныкталган кемчиликтер жөнүндө маалыматтар 

Кемчиликтердин саны (бирдик)____________________ 

 

Саптын номери 

Кемчилик аныкталган күн 

Төлөм системасынын катышуучусунун аталышы (агенттер/субагенттер) 

Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму тарабынан берилген төлөм системасынын катышуучуларынын (агенттер/субагенттер) каттоодон өткөн номерлери 

Кемчиликтердин кесепеттери 

Маалымат инфраструктурасынын объекттери 

Кабыл алынган иш-аракеттерди четтетүү боюнча көрүлгөн аракеттер 

Укук коргоо органдарына кайрылуу фактылары 

Кемчиликке жол берилген аймак/жери/кызмат көрсөтүү түрү 

  

Аткаруучу 

_________________ 

(жеке кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

  

 

 

 

Отчеттун № 4 формасы  

Уюмдун аталышы  

_________________________ 

 

Бул отчет келишим түзүлгөн учурда сунушталат 

 

Эл аралык төлөм системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдер жөнүндө маалыматтар 

 

Оператордун/төлөм уюмунун аталышы 

Процессинг борборунун аталышы (түзүлгөн өлкөсү

Эл аралык төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн келишимдин номери 

Катышуучулардын саны 

  

Аткаруучу 

_________________ 

(жеке кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

 

 

 

Отчеттун № 5 формасы  

Уюмдун аталышы  

________________________ 

 

Ишке ашырылган төлөө жөнүндө маалымат 

 

Күнү 

Уюмдун/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун аталышы 

Төлөө формасы 

Ишке ашырылган төлөөнүн көлөмү (сом) 

 

 

алдын ала төлөм, сом 

камсыздандыруу депозити, сом 

банктык гарантия, сом 

 

 

Жетекчи  

(жетекчинин орун басары) 

_________________ 

(жеке кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

Аткаруучу 

_________________ 

(жеке кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

 

Мөөрү 

Телефон номери 

 

Отчеттун № 6 формасы  

Уюмдун аталышы  

________________________ 

 

Агенттердин саны жана аталышы, төлөмдөрдүн көлөмү жана саны боюнча  

20___-жылдын _____ айы үчүн маалыматтар  

 

Агенттердин саны жана алардын аталышы 

Төлөм терминалдарынын саны 

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны 

POS терминалдардын саны 

Веб-кассалардын саны 

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жетекчи  

(жетекчинин орун басары) 

 

_________________ 

(жеке кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

 

Аткаруучу 

 

_________________ 

(жеке кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

 

Мөөрү 

Телефон номери