Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбооруна 

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы республиканын алыскы региондорунда калктын банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле лицензиялоо жол-жобосунун алкагында, Улуттук банкка берилүүчү жеке маалыматтарды иштеп чыгуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары долбоор) иштеп чыкты. 

Коммерциялык банктарынын мобилдик кеңселерин ишке ашырууну жана алардын иш тартибин жөнгө салган ченемдерди белгилөө, жеке маалыматтарды берүүчү жактардан ал маалыматтарды иштеп чыгууга жана үчүнчү жактарга берүүгө уруксат алуу долбоордун негизи милдети болуп саналат. 

Автотранспорт каражаттарына карата талаптар алдын ала Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынан алынган. Долбоорду бекитүү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин биргелешкен 2010-жылдын 11-февралындагы №97/24-О буйругу менен бекитилген «Финансы-кредит мекемелерин техникалык бекемдөө боюнча бирдиктүү талаптар жана Кыргыз Республикасында аларды кайтаруу тартиби жөнүндө» нускоого да андан ары өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылат. 

Ошого байланыштуу, ушул долбоорду коомдук талкууга сунуштоо менен бир эле убакытта аталган Нускоого андан ары өзгөрүү киргизүү үчүн автотранспорт каражаттарынын техникалык бекемделиши боюнча талаптарды коммерциялык банктарга макулдашууга жөнөтүү сунушталат.  

«Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө» мыйзамына ылайык, жеке маалыматтарды алууга, иштеп чыгууга жана үчүнчү жактарга берүүгө субъектилердин макулдугун камтыган 33-тиркемени киргизүү каралган. Жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын аткаруу максатында, жеке маалыматтарды камтыган кандай болбосун документти сунуштаган учурда аларды сунуштаган адамдар Жобонун 33-тиркемесине ылайык өздөрүнүн макулдугун кошо тиркөө зарылдыгы белгиленген.  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын “____”________№___ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 22-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Банктар, жеке адамдар жана юридикалык жактар ушул Жободо каралган документтер менен бирге Жобонун 33-тиркемесине ылайык алар боюнча жеке маалыматтар Улуттук банкка сунушталууга тийиш болгон адамдарга (жактарга) тиешелүү жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга макулдукту да кошо сунуштоого тийиш. Макулдуктун кароого сунушталбашы берилген документтерди, анын ичинде банктардын обочо жайгашкан түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, башкы бухгалтерлерин, акционерлерди кошо алганда, банктын кызмат адамдарын макулдашуу маселелерине тиешелүү документтерди кароого алуудан баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.». 

- 89-пункттун биринчи сүйлөмүндөгү «мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып” деген сөздөр “бирок, уруксат берилген банк операцияларынын мурдагы тизмесинин банк тарабынан тапшырылышынан эрте эмес». 

- 95-пункттун биринчи сүйлөмүндөгү “лицензиядагы чектөөлөр” деген сөздөр төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын «,“бирок, уруксат берилген банк операцияларынын мурдагы тизмесинин банк тарабынан тапшырылышынан эрте эмес». 

- 103-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Улуттук банк банктын акцияларын сатып алган учурда бул бөлүктө каралган талаптар ага таркатылбайт жана Улуттук банк Башкармасынын акцияларды сатып алуу боюнча чечими банк капиталына чектүү катышууга ээ болууга (сатып алууга) берилген уруксат болуп саналат.» 

- 120-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:  

«Акцияга менчик укугу өткөндөн кийин өтүнүч менен кайрылган жак 5 (беш) жумуш күнү ичинде акцияларды сатып алуу-сатуу келишиминин же болбосо менчикке укук анын негизинде өткөн башка документтин көчүрмөсүн Улуттук банкка сунуштоого тийиш.». 

- 149-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: 

«Эгерде банкта төлөм документтерине кол коюуга укук чегерүү үчүн макулдашуудан өткөн кызмат адамы жок болсо, төлөм документтерине кол коюу укугу Улуттук банкка макулдашуунун негизинде макулдашуу жол-жобосунан өткөн башка адамга тапшырылышы мүмкүн. Төлөм документтерине кол коюуга укукту өткөрүп берүүнү макулдашуу чечимин Улуттук банктын Төрагасынын /Улуттук банк Башкармасынын банктык көзөмөл жана лицензиялоо маселесин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/мүчөсү кабыл алат.». 

«4) тарапкерлер ушул Жобонун 17, 18, 19 - главаларында алардын кызмат орду үчүн белгиленген талаптарга, Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү үчүн “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери” жөнүндө” мыйзамдын 100-беренесинин 3-бөлүгүндө, төрага жана башкарма мүчөлөрү үчүн “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери” жөнүндө” мыйзамдын 104-беренесинин 7-бөлүгүндө кошумча дагы белгиленген талаптарга жооп бербейт.». 

- 170-пункттун биринчи сүйлөмүндөгү “көчмө кассалар” деген сөздөр “мобилдик офистер” деген сөздөр менен толукталсын,». 

- 190-пункттун биринчи сүйлөмүндөгү “кредиттик бюродон маалымат кат” деген сөздөр “ишеним каттын көчүрмөсү (филиалдын жетекчиси үчүн) деген сөздөр менен толукталсын».  

- Жобо төмөнкү мазмундагы 27-1-глава менен толукталсын: 

«27-1-глава. Мобилдик офистерди (кеңселерди) ачуу 

286-1. Банк мобилдик офис түрүндө обочо жайгашкан түзүмдүк бөлүмдү ачышы мүмкүн.  

Мобилдик офис бул, банктын башкы офисине же филиалына караштуу болгон, техникалык жактан талаптагыдай жабдылган автоунаа каражатынын базасында уюштурулган, банктык операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган обочо жайгашкан түзүмдүк бөлүм. Мобилдик офисттин касса кызматкерлеринин, автоунаа каражатынын айдоочусунун, күзөтчүлөрдүн өмүрүнүн коопсуздугун жана ден-соолугунун сакталышын, мобилдик офистеги акча каражаттарынын жана башка баалуулуктардын ишенимдүү сакталышын камсыз кылуу жоопкерчилиги коммерциялык банктарга жана мобилдик офистин коопсуздугун камсыз кылуу аларга тапшырылган жактарга жүктөлөт. 

286-2. Банк мобилдик офистин ишин өз алдынча уюштурууга укуктуу. Мобилдик офис банк башкармасынын чечиминин негизинде ачылат (жабылат). 

Мобилдик офисттин ишине байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди кыскартуу максатында, анын кассасында жалпы суммасы 5 000 000 (беш миллион) сомдон ашпаган гана нак акча каражаты сакталууга тийиш. Бул суммадан ашкан акча каражаты банктын мобилдик офиси караштуу болгон филиалына/башкы офисине же банктын жакын жайгашкан аманат кассасына/филиалына инкассацияланышы жана бул боюнча тиешелүү акты түзүлүшү зарыл. 

Банк башкармасы мобилдик офисттин иши үчүн толук жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

286-3. Мобилдик офис банктан алынган тиешелүү лицензия алган шартта, аларга берилген ишеним каттын алкагында төмөнкү операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу: 

1) жеке адамдарды тейлөө

а) бюджетке төлөмдөрдү жана сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу; 

б) жеке адамдар үчүн акча которууларды жүзөгө ашыруу; 

в) берилген кредиттерди төлөөнүн эсебинен банк кардарларынан төлөмдөрдү кабыл алуу; 

г) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү

д) аралыктан тейлөөнү жүзөгө ашырууга өбөлгө түзгөн тиешелүү жабдуулар (терминал, банкомат, автоматташтырылган өз алдынча тейленүүчү терминал, банктык төлөм картын кабыл алуу жана тейлөө инфраструктурасынын башка жабдуулары) орнотулган шартта банктык төлөм карттары аркылуу операцияларды (нак акчага айладыруу) жүргүзүүгө жана банктык карттарды сунуштоо; 

е) пенсияларды жана жөлөк пулдарды төлөө

ж) электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү (электрондук акчаны нак акчага айландыруу, аны толуктоо); 

2) юридикалык жактарды жана юридикалык жакты түзүүсүз жана эсеп ачуусуз эле ишкердикти жүзөгө ашырган жеке ишкерлерди тейлөө

а) Кыргыз Республикасынын бюджетине нак акча каражатында төлөмдөрдү кабыл алуу; 

б) нак чет өлөк валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү

в) электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү (электрондук акчаны нак акчага айландыруу, аны толуктоо); 

3) кеп-кеңештерди берүү, кредит алууга, банк эсебин ачууга, карттарды чыгарууга, электрондук капчыктарды ачууга билдирмелерди кабыл алуу кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо. 

286-4. Банк мобилдик офисте операцияларды жүзөгө ашырууда келип чыгышы ыктымал болгон операциялык тобокелдикти минималдаштырууга багытталган иш- чараларды так аткарууга, ошондой эле мобилдик офисте иштеген банк кызматкерлеринин жолдо кетип жаткан учурда, кардарларды тейлөө учурунда, адаттагыдан тышкары жагдай келип чыккан шартта (анын ичинде программалык-техникалык каражаттардын ишинде үзгүлтүктөрдүн, кырсыктардын келип чыгышы, автотранспорт каражатында касса кызматкери отурган жайга же айдоочу отурган жерге санкциясыз кирүү аракеттери көрүлгүн шартта) иш алып баруу тартибине карата талаптарды так сактоого тийиш. 

286-5. Мобилдик офис Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарга ылайык кассалык опреацияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон тиешелүү жабдуулар (анын ичинде нак акча каражаттарынын жана башка баалуулуктардын сакталышы үчүн каралган жабдуулар, акча каражатын кайра эсептөө үчүн жабдуулар, акча белгилеринин аныктыгын текшерүү үчүн каралган техникалык жабдуулар) менен камсыздалышы зарыл. Мобилдик офис программалык-техникалык каражаттарды колдонуу менен касса операцияларын жүргүзүүгө укуктуу. 

Мобилдик офисте кассалык тейлөөнү жүзөгө ашырган кызматкер, айдоочу жана күзөтчү болушу зарыл. Мында айдоочу күзөтчүнүн милдетин айкалышта аткара албайт.  

Касса кызматкери банктын операциялык ишин жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмүндө иштеген кеминде бир жылдык эмгек стажына жана көзкарандысыз окуу борборлордон  төлөм каражаттарынын аныктыгын текшерүү боюнча өткөн окуу боюнча  сертификатына ээ болууга тийиш.  

286-6. Банк мобилдик офис ачылгандыгы тууралуу, банк башкармасы мобилдик офисти ачуу чечимин кабыл алып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мобилдик офис тиешелүү техникалык жабдуулар менен жабдылгандыгы боюнча актысын алгандан кийинки 3(үч) жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого тийиш. 

Улуттук банкка жөнөтүлгүн билдирүүдө бекитилген жана талаптагыдай негизде тариздетилген төмөнкү документтер кошо тиркелип берилиши зарыл: 

1) мобилдик офистин ачылгандыгы тууралуу билдирме; 

2) банк башкармасынын мобилдик офистин кимге караштуу экендигин көрсөтүү менен аны ачуу тууралуу чечими (банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн); 

3) автоунаа каражатына укукту тастыктаган документтер жана ыйгарым укуктуу органдын унаа каражаты техникалык жактан пайдаланууга боло турган оң абалда экендиги тууралуу маалымкатын кошо тиркөө менен банк аны пайдаланууга укуктуу экенин аныктаган башка документтер; 

4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мобилдик офистин техникалык жактан жабдышы боюнча белгиленген талаптарга жооп бере тургандыгы тууралуу мамлекеттик органдын мөөрү жана анын жетекчисинин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн актысы; 

5) мобилдик офис иштеп жаткан учурда аны Кыргыз Республикасынын Ишки иштер министрлигинин Адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын, күзөт агенттигинин же болбосо инкассация уюмунун кызматкерлери тарабынан коштоп жүрүүнү камсыз кылуу келишими. 

Мобилдик офисти ачуу күнү тиешелүү билдирмени жөнөтүү күнү болуп саналат. 

286-7. Мобилдик офистин иши өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышына байланыштуу болсо жана/же бир айдан көбүрөөк убакыт токтотула турган болсо бул тууралуу эки күндүк мөөнөт ичинде Улуттук банкка маалымдалышы зарыл. 

286-8. Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү кароого сунушталган документтер жана автоунаа белгиленген тараптарга жооп бербеген шартта ал тууралуу банкка тиешелүү билдирмени жөнөтүүгө укуктуу. 

286-9. Улуттук банкмобилдик офистин ишин текшерүүгө укуктуу.  

Банк белгиленген талаптарды так сактабаган шартта ага карата Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык тиешелүү таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн. 

286-10. Мобилдик офистин операцияларды жүргүзүү тартиби жана шарттары банк башкармасы тарабынан бекитилген мобилдик офис жөнүндө жободо ырааттуу чагылдырылууга тийиш. Мобилдик офистин иш тартиби, кызматкерлеринин саны жана аткаруучу милдеттер чөйрөсү банк жетекчилиги тарабынан бекитилген ички иш тартибинин эрежелерине ылайык аныкталат. Мобилдик офистин ишин жүргүзүүсү үчүн касса кызматкерине уруксат берилген банк операцияларынын тизмеги көрсөтүлгөн ишеним кат берилүүгө тийиш. 

Банктын мобилдик офис жөнүндө жобосунда төмөнкүлөр чагылдырылышы зарыл:  

а) мобилдик офистин иши Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана банктын ички документтерине ылайык жүзөгө ашырыла тургандыгы; 

б) аларды аткаруу укугу мобилдик офиске ыйгарылышы мүмкүн болгон операциялар тизмеги; 

в) мобилдик офистин ишин уюштуруу тартиби; 

г) мобилдик офис ишке ашырган операцияларга контролдукту жүргүзүү тартиби;  

д) мобилдик офисте ишке ашырылган операциялар тууралуу маалыматтарды жана документтерди банкка берүү тартиби; 

е) мобилдик офистин ишин жетектөө жана ага контролдукту жүргүзүү милдети аларга жүктөлгөн банктын кызмат адамдарына тиешелүү маалыматтар; 

ж) мобилдик офисте операцияларды жүзөгө ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон операциялык тобокелдикти минималдаштырууга багытталган иш-чаралар тизмеги, мобилдик офистин кызматкерлеринин алдамчылыкка барышына бөгөт коюу максатында анда ишке ашырылган операцияларга контролдукту камсыз кылуу (“төрт жактан көз салуу” “онлайн контроль” принциптерин кодонуу) ошондой эле, банк кызматкерлеринин жолдо бара жаткан учурда, кардарларды тейлөө учурунда, адаттагыдан тышкары иш жагдайы келип чыккан шартта (анын ичинде программалык-техникалык каражаттардын ишинде үзгүлтүктөрдүн, кырсыктардын келип чыгышы, унаа каражатында касса кызматкери отурган жайга же айдоочу отурган жерге санкциясыз кирүүгө аракеттер көрүлгөн учурларда) иш алып баруу тартибине карата талаптар. Мындан тышкары, мобилдик офистин иш коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар да бекитилиши зарыл; 

з) террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жагында кабыл алынган мыйзам талаптарынын так сакталышы боюнча иш-чаралар тизмеги; 

и) мобилдик офисте иштеген банк кызматкерлеринин сандык курамына тиешелүү маалыматтар. 

286-11. Мобилдик офисте банктын аталышы, банк лицензиясынын номери, белгиленген тарифи менен сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтар чагылдырылган (пайыздар, чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу курсу ж.б.) такта орнотулууга (өлчөмү кеминде 40 x 60 см болгон) тийиш.  

286-12. Банк мобилдик офисти жабуу тууралуу чечим кабыл алынгандан кийинки 3(үч) жумуш күнү ичинде анын түп нускасын (талаптагыдай негизде тариздетилген көчүрмөсүн) кошо тиркөө менен Улуттук банкка тиешелүү билдирмени жөнөтүшү зарыл. 

Билдирме жөнөтүлгөн күн мобилдик офис жабылган күн болуп саналат; 

286-13. Мобилдик офис тейлөө ишин жүзөгө ашырган жерге (кардар жайгашкан жерге) баруу алдында анын жүрүү багыты (маршруту) үчүн жооп берген адам банктын коопсуздук кызматынын жетекчисине макулдашылган, баштапкы жерден акыркы баруучу жерге чейинки (филиалга чейинки багыт) аралыкты жана ар бир пунктка барууга кеткен убакыт аралыгы аныкталган кыймыл багытын даярдоого тийиш. 

286-14. Банктын (филиалдын, ички түзүмдүк бөлүмдүн) операциялык касса башчысы мобилдик офистин ишке чыгуусу алдында бекитилген кыймыл багытын (маршрутту) касса кызматкерине тапшырат. Мобилдик офистин касса лимити банктын башкы офиси/филиалы тарабынан белгиленет жана 5 000 000 (беш миллион сомдон) ашпоого тийиш.  

286-15. Банктын ички документтерине ылайык жумуш күнүнүн акырында мобилдик офистеги баалуулуктар (акча каражаттары) кардарларды тейлөөдө түзүлгөн документтер техникалык жактан талаптагыдай жабдылган жайга ээ болгон тиешелүү башкы кеңсеге, филиалга, аманат кассасына тапшырылат. Мобилдик офисте акча каражаттарын, башка баалуулуктарды жана кардарларды тейлөөдө түзүлгөн документтерди калтырып кетүүгө тыюу салынат.  

286-16. Мобилдик офистин жол жүрүү багыты (акыркы келген жерин эске албаганда) жана келген/кеткен убактысы купуя сакталууга тийиш. Касса кызматкери, айдоочу жана куралданган күзөтчү келип/кетүү багыты тууралуу жолго чыгып жаткан күнү гана тааныштырылат. Мобилдик офистин келип/кетүү багыты коопсуздук кызматы жана аны камсыз кылуу милдети аларга жүктөлгөн жактар тарабынан GPS-навигациясы боюнча ишке ашырылат.  

Банкка билдирме жөнөтүлгөн күн мобилдик офис жабылган күн болуп саналат. 

Жобонун 295-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

“Коммерциялык банктар акционерлердин жылдык жана кезексиз жыйындарын өткөрүү алдында Улуттук банкка тиешелүү билдирмени жөнөтүүгө милдеттүү. Билдирмеде жыйын өткөрүлүүчү күн, убактысы, өткөрүлүүчү жер, жыйындын күн тартиби көрсөтүлүп, жыйында каралуучу маселелер боюнча материалдар кошо тиркелип берилиши зарыл.”  

- 361-пунктун «е) » абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«е) кредиторлордун коомго карата тиешелүү милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда токтотуу же аткаруу, алардын талаптарын канаттандырууга тиешелүү талаптардын аткарылышы мүмкүндүгү боюнча маадыматтарды;». 

- 413-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- тиркеменин 1.1-пунктундагы ( мамлекеттик, расмий тилдерде жана англис тилинде) деген сөздөр (, болжолдонуп жаткан кызмат орду” деген сөздөр менен толукталсын. 

- 21-тиркеменин 2.5-пунктундагы таблица төмөнкү редакцияда берилсин: « 

Ишке кабыл алынган жана иштен бошотулган к 

Уюмдун аталышы 

Уюмдун иш багыты 

Жайгашкан жери 

Телефон номери 

Ээлеген кызмат орду, негизги милдеттери (негизги милдеттер банк ишине байланыштуу болбогон кызмат орундары үчүн көрсөтүлөт) 

Иштен бошонууга түрткү берген себептер 

Эмгек китепчесинде жазуулары жок болсо, белгилөө зарыл 

  

  

  

  

  

  

  

  

» 

- 21-тиркеменин 2.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.6. Кынтыксыз ишкердик абройду тастыктоо: 

1) экономика чөйрөсүндө кылмыштуулукка жол бергендиги үчүн алынып салынбаган жана өтөлүп бүтпөгөн соттук жазаңыз барбы (бар/жок); 

2) соттун чечими боюнча банк, финансы, аудитордук, камсыздандыруу жана инвестициялоо чөйрөсүндө иш алып барууга, ошондой эле Улуттук банктын чечими боюнча банк чөйрөсүндө иштөөгө укугуңуз жок экендиги тууралуу чечимдер барбы (бар/жок); 

3) башка чөйрөдө иш алып барууга мүмкүндүк бербеген соттун чечими барбы (бар/жок). Эгерде болгон болсо, анкетага кошо тиркөө зарыл; 

4) Улуттук банк Башкармасынын же Көзөмөл боюнча комитетинин же болбосо чет өлкө банктык көзөмөл боюнча компетенттүү органынын Сизди ээлеп турган кызматтан бошотуу үчүн банкка карата таасир этүү чарасын колдонуу жагында чечими барбы (бар/жок). Эгерде болгон болсо, анкетага кошо тиркөө зарыл; 

5) банктын капиталына чектүү катышууну сатып алуу боюнча талапты бузууга жол берүү фактысы аныкталганбы (ооба/жок); 

6) финансылык милдеттенмелердин төлөнүшү боюнча соттун аткарылбай калган чечими барбы (ооба/жок). Эгерде болсо, чечимдин аткарылбай калышы себептерин чечмелеп көрсөтүү зарыл. 

7) Сизге же Сиз олуттуу катышуучу жана/же Директорлор кеңешинин мүчөсү же башка бир кызмат адамы катары байланыштуу болгон компанияга карата кайсыл бир учурда, кайсыл бир өлкөдө

- акыркы 3 (үч) жыл аралыгында, анын ичинде айыптоолор токтотулган же алынып салынган учурда да, административдик укук бузууларга, кемчиликтерге, алгылыксыз жосундарга, кылмыштарга жол берилгендиги үчүн айыптоолор коюлганбы (ооба/жок) ______________. Эгерде болсо, алар боюнча түшүндүмө берүү талап кылынат; 

- акыркы 3 (үч) жыл ичинде дисциплинардык чара, кылмыш жоопкерчилиги чарасы колдонулганбы (ооба/жок) __________________. Колдонулган болсо, алар боюнча түшүндүрмө берүү зарыл; 

8) Сиз же директор (менеджер), жетекчи, уюштуруучу, акционер катары Сиз байланыштуу болгон компания кайсыл бир өлкөдө бизнес жүргүзүү максатында лицензия же башка уруксат берген документтерди алуу үчүн кайрыл белеңер? Кайрылган болсоңуз, кайсыл өлкөдө ишкердиктин кайсыл түрүн жүзөгө ашырууга ниеттенгениңизди көрсөтүү зарыл; 

_____________________________________________________________________________ 

9) 

а) Сизге же директор (менеджер), жетекчи, уюштуруучу, акционер катары Сиз байланыштуу болгон компанияга лицензия (уруксат) берүүдөн баш тартылган же болбосо лицензия (уруксат) лицензия берген орган тарабынан кайтарылып алынган беле? Эгерде мындай учурлар орун алган болсо, лицензия берүүдөн эмне үчүн баш тартылган, берилбей калган же лицензия кандай себептен улам кайтарылып алынгандыгы боюнча түшүндүрмө бергиле. 

_____________________________________________________________________________б) Сизге же жетекчи (менеджер), кызмат адамы ( Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.у.с) же олуттуу катышуучу катары Сиз байланыштуу болгон, мажбурлоо тартибинде банкрот деп таанылган же мажбурлап жоюу процессине дуушар болгон ар бир компанияны так белгилеп көрсөтүү талап кылынат (иштен бошонуп кеткен болсоңор да) 

__________________________________________________________________________ 

Директор, кызмат адамы же олуттуу катышуучу катары Сиз байланыштуу болгон компанияда аткарган ролуңузду жана жоопкерчилигиңизди, ошондой эле мажбурлап банкрот болууга, жоюлууга мажбур кылган шарттарды ырааттуу түрдө чечмелеп берүү зарыл 

____________________________________________________________________________ 

10) Сизге же кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/ финансылык менеджер ж.б.у.с.) же олуттуу катышуучу катары катары Сиз байланыштуу болгон компанияга карата мамлекеттик же жөнгө салуучу орган, анын ичинде укук коргоо органдары тарабынан мыйзам талаптарын бузууга жол берилишине байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлгөнбү. Жүргүзүлгөн болсо, кайсыл себептер боюнча экендигин чечмелеп көрсөтүү зарыл». 

- Жобого карата 32-тиркеменин 2) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2) талапкерди “Банк ишин лицензиялоо жөнүндө” жобонун 20-главасында каралган негиздер боюнча макулдашуудан өткөрүүдөн баш тартуу негиздери» _____________ (аныкталды/аынкталган жок)».  

-Жобо төмөнкү мазмундагы 33-тиркеме менен толукталсын: 

 

«Банк ишин лицензиялоо жөнүндө” жобого карата 3-тиркеме» 

 

Субьекттин ага тиешелүү жеке маалыматтарды топтоо жана иштеп чыгууга берген макулдугу 

 

Калктуу пункт, күнү 

Мен, 

________________________________________________________________________ 

(фамилиясы, аты, атасынын аты) 

__________________________________________________дареги боюнча жашаган, 

________________________________тарабынан берилген ______сериясындагы  

___________ № ___________ (документтин түрү) документтин ээси:  

 

________________________________________________________ (ишеним кат берилген адамдардын атынан) иш алып барган (фамилиясы, аты, атасынын аты) 

__________________________________________________дареги боюнча жашаган, 

________________________________тарабынан берилген ______сериясындагы  

___________ № ______ (документтин түрү) документтин ээси:  

 

____________________________________________________________________негизинде (ишеним каттын, мыйзамдын жана башка укуктук актынын) 

иш алып барган_______________________________________________________________ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз эрким боюнча билип туруп төмөнкүлөрдү аткарууга толук жана шартсыз макулдугумду берем: 

- иштетүүгө (аткаруу ыкмасына карабастан, жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык каражаттар менен же аларсыз жеке маалымат массивин кармоочу (ээси) аткарган, же болбосо анын тапшырмасы менен аткарылган кандай болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле: 

- жеке маалыматтардын берилишине (Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык); 

- жеке маалыматтардын чек ара аркылуу жөнөтүлүшүнө (берилишине) (Улуттук банк тарабынан башка мамлекеттин юрисдикциясына кирген маалымат топтоочуларга берилишине). 

менин жеке өзүмө гана тиешелүү болгон бардык маалыматтардын Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзам талабына жана “Банк ишин лицензиялоо жөнүндө” жобого ылайык берилишине. 

Жогоруда белгиленген макулдук анын ичинде: фамилияма, атымды жана атамдын атына (өзгөртүлгөн болсо) (мурдагы аты-жөнүмдү өзгөрткөн күндү жана ага түрткү берген себептерди); төрөлгөн жерим жана төрөлгөн күнүм; жарандыгым тууралуу маалыматтардын (анын ичинде мурдагы жарандыгыма, башка жарандыкты алгандыгыма); алган билим тууралуу маалыматтардын (билим берүү мекемесинин аталышы, окууну бүткүн жыл, билимге, квалификацияга ээ болгондугум, кайра даярдыктан өткөн багыт же документ боюнча алган билимиме); илимий даражага ээ экендигим тууралуу маалыматтардын, чет тилдерди кандай деңгээлде билишиме тиешелүү маалыматтардын, жашаган жеримдин дарегине (келген жеримдин дарегине); байланыш телефон номерлериме жана башка байланыш каналдары боюнча маалыматтардын; инсандыкты тастыктаган документтин түрүнө, сериясына, номерине, ошол документти берген органдын аталышына, документ берилген күнгө; салык төлөөчүнүн идентификациялык номерине; үй-бүлөлүк абалыма, үй-бүлө курамына, жакын туугандарыма тиешелүү маалыматтардын; эмгек жолума тиешелүү маалыматтардын (аскердик кызмат өтөөгө, эки ишти айкалышта аткарганыма, ишкердик ишиме, кызмат көрсөтүүнү сунуштоо келишиминин негизинде иштеген ишиме тиешелүү); мамлекеттик сыйлыктарга, башка сыйлыктарга, артыкчылык белгилерине (ким тарабынан жана качан берилген) ээ болгондугума тиешелүү маалымататрдын; соттолгондугум же болбосо соттолбогондугум тууралуу маалыматтардын, анын ичинде мыйзам бузууларга, алгылыксыз иштерге жол бергендигим үчүн мага карата колдонулган дисциплинардык, административдик жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтардын; кирешелер, чыгашалар, мүлкүм жөнүндө маалыматтардын, ошондой эле мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелериме тиешелүү маалыматтардын, сүрөтүмдүн берилишине да тиешелүү болуп саналат. 

Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтар Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзам талабына жана “Банк ишин лицензиялоо жөнүндө” жобого ылайык Улуттук банк тарабынан лицензиялоо жол-жобосун ишке ашыруу (анын ичинде кызмат адамдарын макулдашуу, акцияларды сатып алуу, банктардын иш чөйрөсүн кеңейтүү) максатында сунушталат.  

Ушул аркылуу мага тиешелүү жеке маалыматтардын аныктыгын текшерүү жана кынтыксыз ишкердик аброй жана кесипкөйлүккө тиешелүү маалыматтарды тастыктоо үчүн башка мамлекеттик органдарга, кредиттик бюрого, чет өлкө банктык жана финансылык көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча органдарына бериле тургандыгы мага маалым жана мен аларга өз эрким броюнча макул экендигимди тастыктайм. Демек, Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” мыйзамынын 24-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы  

№ 759-токтому менен бекитилген “Персоналдык маалыматтарды топтоо жана аларды иштеп чыгууга субъекттин макулдугун алуу, жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берилиши жөнүндө ага маалымдоо тартибинин жана формасынын 12-пунктуна ылайык, Улуттук банк тарабынан мага тиешелүү жеке маалыматтардын көзөмөлдүктү жүргүзүү жана лицензиялоо жол-жобосунун алкагында жогоруда көрсөтүлгөн жактарга берилгендиги тууралуу маалымдалышын талап кылбайм.  

Жеке маалыматтардын иштелип чыгышына макулдук мөөнөтсүз болуп саналат 

өзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жана лицензиялоо максатында туруктуу колдонулат) жана макулдукка кол коюлган күндөн тартып колдонула баштайт.  

   

20__-ж. «___» __________________  

_____________________________________ 

Кол тамгасы Аты-жөнү»