Кайта келүү

«Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин» долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин» долбоору иштелип чыкты.  

Бул долбоор Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 12-апрелиндеги №45 «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамы күчүнө киргендигине байланыштуу иштелип чыкты. Бул мыйзам чакан жана орто бизнес субъекттерин каржылоодон пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органды аныктоо максатында иштелип чыкты. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине ылайык Улуттук банк кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат, ошону менен бирге кепилдик фонддорду каттоо, алардын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алат. 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Бүгүнкү күнгө карата Кыргыз Республикасында «Гарантиялык фонд» ААК, ошондой эле Кара-Балта, Каракол, Ош, Жалал-Абад, Кант шаарларында жана Ош областынын Сарай Айыл өкмөтүндө региондук (муниципалдык) кепилдик фонддор өз ишин жүзөгө ашырууда. 

Кепилдик фонддор арасында башкы мекеме катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы №288-б буйруусунун негизинде түзүлгөн «Гарантиялык фонд» ААК саналат. Бүгүнкү күндө «Гарантиялык фонд» ААКнын уставдык капиталы 582 млн сомду түзөт, анын акцияларынын 100 пайызынын менчик ээси катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду саналат. 

2019-жылдын 27-июнуна карата «Гарантиялык фонд» ААКсы тарабынан жалпы 1,139 млрд сом суммасына 879 кепилдик берилген. Фонддун өнөктөш банктары тарабынан берилген кредиттердин көлөмү 3 млрд 903 млн сомду түзгөн. 

Региондук кепилдик фонддордун уюштуруучулары болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саналат жана алар түзүлгөн региондун аймагында иштешет. Региондук кепилдик фонддорунун 6 жылдан ашуун убакыт аралыгында төмөнкүдөй экономика секторлору боюнча 74,4 млн сом суммасына 576 кепилдик берилген: 

- айыл чарбасына 17,1 млн сом; 

- соодага 42,8 млн сом; 

- кызмат көрсөтүүгө 12,8 млн сом; 

өнөр жайга 1,6 млн сом. 

Региондук кепилдик фонддору тарабынан берилген кепилдиктер банктар тарабынан 322,9 млн сом суммасына кредиттерди сунуштоого мүмкүндүк берген. Ошондой эле, региондук кепилдик фонддорунун ишин жүргүзүүсүнөн улам 507 жумушчу орундарын түзгөн жана 1318 жумушчу орундарынын сакталып калышына шарт түзгөн. 

Кепилдиктердин кайтарымдуулугу орточо 99,5% түзөт. 

Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө зарылдыгы алардын иш өзгөчөлүгүндөгү тобокелдиктерге шартталат, ал карыз алуучулардын ак ниеттүүлүгүнө жана Кыргыз Республикасындагы экономикалык жагдайларга жараша болот. Кепилдик фонддордун төлөөгө жөндөмсүздүгү тобокелдиктери тигил же бул банктын туруктуулугуна түздөн-түз таасирин тийгизет (кредиттик портфелдин начарлашы, чыгашалар ж.б.), ал Кыргыз Республикасынын банк системасынын көрсөткүчтөрүн начарлатышы мүмкүн. 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде кепилдик фонддордун финансылык абалы, алардын ар кандай тобокелдиктерге кабылышы жана алардын финансылык абалынын начарлоосуна же мыйзамсыз аракеттердин ишке ашырылышына жол бербөө үчүн сапаттуу корпоративдик башкаруу чоң мааниге ээ. 

Бул үчүн долбоордо төмөнкүлөр аныкталган: 

өздүк капиталдын минималдуу өлчөмү, бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү, мультипликатор коэффициенти; 

- башка экономикалык ченемдер, талаптар, чектөөлөр жана аларды эсептөө ыкмалары; 

- кепилдиктерди берүү жана кепилдиктер боюнча милдеттенмелерди аткаруу талаптары; 

- кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө талаптары; 

- эсепке алуу жана контролдоо боюнча талаптар; 

- ички контролдоо системасын уюштуруу жана ишин жүргүзүү боюнча талаптар; 

- тышкы аудит жүргүзүү боюнча талаптар; 

- таасир этүү чараларын колдонуу боюнча талаптар; 

- жана башка талаптар аныкталган.  

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Бул токтом долбоорун кабыл алуу бүтүндөй өлкө үчүн алгылыктуу социалдык-экономикалык натыйжаларга алып келет, буга кепилдиктерди берүү аркылуу чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн бизнесин өнүктүрүүгө, өндүрүшүн кеңейтүүгө, негизги каражаттарды сатып алууга жана модернизациялоого, жаңы технологияларды жайылтууга, инновациялык иштерге жана жаңы ишканаларды ачууга багытталган банктык кредиттерге жетүү мүмкүнчүлүгүн арттыруу менен жетишүүгө болот, бул Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө алып келет.  

Долбоордун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, анткени долбоор ченемдери иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынган кепилдик фонддорго көзөмөл жүргүзүүгө жана жөнгө салууга мүмкүндүк берет. 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө  

Сунушталган долбоор ченемдерин ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат  

Бул долбоор ченемдерин ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорду талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө боюнча маалымат  

Долбоордун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө методикасынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. 

 

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын «__»________токтомуна карата №____тиркеме 

 

Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу 

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

 

 

1 ГЛАВА. 

Жалпы жоболор 

 

1. Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелери (мындан ары Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө», «Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.  

Бул Эрежелерде кепилдик фонддордун ишине карата талаптар аныкталат: 

- жалпы талаптар; 

- экономикалык ченемдер, талаптар жана чектөөлөр; 

- кепилдиктерди берүү жана кепилдиктер боюнча милдеттенмелерди аткаруу; 

- кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча; 

- эсепке алуу жана контролдоо боюнча; 

- ички контролдоо системасын уюштуруу жана анын иштеши боюнча; 

- тышкы аудит жүргүзүүгө карата талаптар; 

- таасир этүү чараларын колдонуу боюнча; 

2. Кепилдик фонддор ишкер субъектилер тарабынан бизнести өнүктүрүүгө, өндүрүштү кеңейтүүгө, негизги каражаттарды сатып алууга жана модернизациялоого, жаңы технологияларды, инновациялык ишти жайылтууга жана жаңы ишканаларды ачууга багытталган кепилдиктерди берүү жолу менен каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында ишин жүзөгө ашырышат. Мында каржылоо дегенден улам, кредиттерди жана аларды алмаштырууларды, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу бүтүмдөрдү/келишимдерди түшүнүүгө болот.  

3. Бул эрежелерде колдонулган терминдер жана аныктамалар «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамга ылайык чечмеленет.  

 

2 ГЛАВА. 

Кепилдик фонддордун ишине карата жалпы талаптар 

 

4. Улуттук банк кепилдик фонддордун туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу жана алардын ишине карата калктын ишенимин колдоо максатында кепилдик фонддор милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү белгилөөгө, кепилдик фонддордун ишин текшерүүгө, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

5. Кепилдик фонд тарабынан кепилдиктин берилиши, кепилдик фонд, финансы-кредит уюму жана ишкер субъектилеринин ортосунда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана кепилдиктерди берүү регламентинде аныкталган шарттарда келишим түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат. 

6. Кепилдиктер каржылоо келишими боюнча ишкер субъектилеринин милдеттенмелеринин камсыздалбаган бөлүгүнө берилет.  

7. Кепилдик фонд кардардын каржылоо боюнча пайыздарды, кошумчаланган айыптык төлөм, айыптык төлөмдү, туумду, комиссиялык төлөмдү төлөө боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылбайт. 

8. Кызмат көрсөтүүлөр үчүн сый акы өлчөмү кепилдик фонду, финансы-кредит уюму жана ишкер субъектисинин ортосундагы кепилдик келишими менен белгиленет. 

9. Ишкер субъектилердин кепилдик фонддун кепилдиги менен камсыздалуучу милдеттенмелерин тандоо жана бул субъектилерге карата талаптар кепилдик фонддун ички ченемдик документтери менен жөнгө салынат. 

10. Кепилдик фонддордун кепилдиктери чет өлкө валютасындагы кепилдиктер берилиши мүмкүн болгон, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишкер субъектилерине берилгендерди эске албаганда, улуттук валютада гана берилет.  

 

3 ГЛАВА. 

Кепилдик фонддор милдеттүү түрдө аткарууга тийиш  

болгон экономикалык ченемдер, талаптар жана чектөөлөр 

 

11. Кепилдик фонддор тарабынан Улуттук банк белгилеген экономикалык ченемдер, талаптар жана чектөөлөр, анын ичинде төмөнкүлөр да сакталууга тийиш: 

- бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү

- уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү;  

өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми; 

- ликвиддүүлүк ченеми;  

- кепилдик фонддордун коммерциялык банктардагы депозиттеринин өлчөмүнүн лимити; 

- кредит боюнча кепилдиктин максималдуу өлчөмү

- мультипликатор коэффициенти 

- концентрациялануу тобокелдиги боюнча чектөөлөр; 

- дивиденддерди төлөөгө чектөөлөр. 

12. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1)

Бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин маанисин 10% ашпаган деңгээлде кармап туруу зарыл.  

Бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү К1 ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет:  

 

К1 = СГ / СК * 100%, мында: 

 

СГ бир кардарга же байланыштуу адамдар тобуна кепилдиктердин баа берүү күнүнө карата суммасы;  

СК кепилдик фонддун баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы. 

Бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченемин эсептөөдө ар башка карыз алуучулардын кепилдиктери боюнча калдыктардын суммасы кошулууга жана эгерде бир карыз алуучунун финансылык оор абалда калуусу башка жактарга да кепилдик менен камсыздалган кредит боюнча төлөө көйгөйүн алып келиши мүмкүн болсо, бирдиктүү чогуу алгандагы карыз катары каралууга тийиш. 

Ушул Эрежелердин максатында «байланыштуу адамдар тобу» дегенден улам, биринин финансылык оор абалда болушу башка карыз алуучуларга да кепилдик менен камсыздалган кредит боюнча төлөө көйгөйүн алып келиши мүмкүн болгон ар башка карыз алуучуларды түшүнүүгө болот. Байланыштуу адамдар тобунун карызы кошулууга тийиш, эгерде: 

- бир карыз алуучу башкасын контролдосо; 

- кредит юридикалык жакка да жана ал юридикалык жактын катышуучусуна/уюштуруучусуна да берилген болсо; 

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары контролдоочу жак же олуттуу катышуучу болуп саналган учурларды эске албаганда, алар эң кеминде бир контролдоочу жакка же олуттуу катышуучуга ээ болсо; 

- бир нече карыз алуучунун ортосунда финансылык өз ара олуттуу көз карандылык болсо. Өз ара кызматташуу тууралуу келишимди кошо алганда, олуттуу финансылык көз карандылык эрежедегидей эле, бир карыз алуучунун жылдык дүң кирешесинин/чыгашасынын же башка келип түшүүлөрүнүн же төлөмдөрүнүн 50 же андан ашык пайызы башка карыз алуучу менен келишилген бүтүмдөрдөн улам келип чыккан учурда орун алат; 

- карыз алуучулар кредиттик каражаттарды жалпы ишканада же жалпы ишке катышуу үчүн колдонушкан же экөө тең бир же ошол эле төлөө булагын (күрөө) колдонушкан жагдайды кошо алганда, кредит төлөө үчүн бир же ошол эле төлөө булагы колдонулат. 

- карыз алуучулардын бири башкасынын милдеттенмесине кепилдик берсе (кросс кепилдик) же бир жана ошол эле үчүнчү жак эки карыз алуучунун кепилдиги болуп саналса; 

- бир же бир нече карыз алуучу тарабынан алынган каражаттар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын кошпогондо, үчүнчү жактын түздөн-түз пайдасы үчүн же бул алынган каражаттарга сатылып алынган каражаттар же активдер бизнестин кадимки жүр