Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна  

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

 

1. Максаты жана милдеттери  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» долбоору иштелип чыкты.  

Бул долбоор Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 12-апрелиндеги №45 “Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө” мыйзамы күчүнө киргендигине байланыштуу иштелип чыкты. Бул мыйзам чакан жана орто бизнес субъекттерин каржылоодон пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органды аныктоо максатында иштелип чыкты. 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине ылайык Улуттук банк кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат, ошону менен бирге кепилдик фонддорду каттоо, алардын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алат. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Бүгүнкү күнгө карата Кыргыз Республикасында «Гарантиялык фонд» ААК, ошондой эле Кара-Балта, Каракол, Ош, Жалал-Абад, Кант шаарларында жана Ош областынын Сарай Айыл өкмөтүндө региондук (муниципалдык) кепилдик фонддор өз ишин жүзөгө ашырууда. 

Кепилдик фонддор арасында башкы мекеме катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы №288-б буйруусунун негизинде түзүлгөн «Гарантиялык фонд» ААК саналат. Бүгүнкү күндө «Гарантиялык фонд» ААКнын уставдык капиталы 582 млн. сомду түзөт, анын акцияларынын 100 пайызынын менчик ээси катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду саналат. 

2019-жылдын 27-июнуна карата «Гарантиялык фонд» ААКсы тарабынан жалпы 1,139 млрд. сом суммасына 879 кепилдик берилген. Фонддун өнөктөш банктары тарабынан берилген кредиттердин көлөмү 3 млрд 903 млн сомду түзгөн. 

Региондук кепилдик фонддордун уюштуруучулары болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саналат жана алар түзүлгөн региондун аймагында иштешет. Региондук кепилдик фонддорунун 6 жылдан ашуун убакыт аралыгында төмөнкүдөй экономика секторлору боюнча 74,4 млн. сом суммасына 576 кепилдик берилген: 

- Айыл чарбасына 17,1 млн. сом; 

- Соодага 42,8 млн. сом; 

- Кызмат көрсөтүүгө 12,8 млн. сом; 

- Өнөр жайга 1,6 млн. сом. 

Региондук кепилдик фонддору тарабынан берилген кепилдиктер банктар тарабынан 322,9 млн. сом суммасына кредиттерди сунуштоого мүмкүндүк берген. Ошондой эле, региондук кепилдик фонддорунун ишин жүргүзүүсүнөн улам 507 жумушчу орундарын түзгөн жана 1318 жумушчу орундарынын сакталып калышына шарт түзгөн. 

Кепилдиктердин кайтарымдуулугу орточо 99,5% түзөт. 

Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө зарылдыгы алардын иш өзгөчөлүгүндөгү тобокелдиктерге шартталат, ал карыз алуучулардын ак ниеттүүлүгүнө жана Кыргыз Республикасындагы экономикалык жагдайларга жараша болот. Кепилдик фонддордун төлөөгө жөндөмсүздүгү тобокелдиктери тигил же бул банктын туруктуулугуна түздөн-түз таасирин тийгизет (кредиттик портфелдин начарлашы, чыгашалар ж.б.), ал Кыргыз Республикасынын банк системасынын көрсөткүчтөрүн начарлатышы мүмкүн

Жогоруда баяндалгандардын негизинде кепилдик фонддордун финансылык абалы, алардын ар кандай тобокелдиктерге кабылышы жана алардын финансылык абалынын начарлоосуна же мыйзамсыз аракеттердин ишке ашырылышына жол бербөө үчүн сапаттуу корпоративдик башкаруу чоң мааниге ээ. 

Бул үчүн долбоордо иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынган кепилдик фонддорго жайылтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган. 

1. 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 «Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоо; 

2. 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобо; 

3. 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобо; 

4. 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо; 

5. 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобо; 

6. 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө» жобо; 

7. 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо; 

8. 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо; 

9. 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобо. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Бул токтом долбоорун кабыл алуу бүтүндөй өлкө үчүн алгылыктуу социалдык-экономикалык натыйжаларга алып келет, буга кепилдиктерди берүү аркылуу чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн бизнесин өнүктүрүүгө, өндүрүшүн кеңейтүүгө, негизги каражаттарды сатып алууга жана модернизациялоого, жаңы технологияларды жайылтууга, инновациялык иштерге жана жаңы ишканаларды ачууга багытталган банктык кредиттерге жетүү мүмкүнчүлүгүн арттыруу менен жетишүүгө болот, бул Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө алып келет.  

Долбоордун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, анткени долбоор ченемдери иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынган кепилдик фонддорго көзөмөл жүргүзүүгө жана жөнгө салууга мүмкүндүк берет. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө  

Сунушталган долбоор ченемдерин ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат  

Бул долбоор ченемдерин ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорду талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө боюнча маалымат  

Долбоордун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө методикасынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. 

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 «Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоонун: 

- 1-пунктунун «адистештирилген финансы мекемесинин,» сөздөрү «кепилдик фонддор (мындан ары - КФ)» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3-пунктунун: 

д) жана е) пунктчаларындагы «адистештирилген финансы мекемесинин,» сөздөрү «КФ,» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

төмөнкү мазмундагы л) пунктчасы менен толукталсын: 

«л) Кепилдик фонд Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары Улуттук банк) эсептик каттоо жол-жобосунан өткөн, акционердик коом түрүндө түзүлүүчү жана ишкердик субъектилер үчүн кепилдиктерди берүү менен каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында ишти жүзөгө ашыруучу, каражаттарды бизнести өнүктүрүүгө, өндүрүштү кеңейтүүгө, негизги каражаттарды сатып алууга жана модернизациялоого, жаңы технологияларды, инновациялык ишти жайылтууга жана жаңы ишканаларды ачууга багытталган юридикалык жак. Мында каржылоо деп кредиттерди жана аларды алмаштырууларды берүү, ошондой эле каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу бүтүмдөр/операциялар түшүнүлөт.»; 

- 4-пунктунун «адистештирилген финансы мекемелеринин,» «адистештирилген финансы мекемесине,» сөздөрү «КФ,» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 6-пунктунун: 

биринчи абзацындагы, «а», «б», «в», «г», «д» жана «ж» пунктчаларындагы «адистештирилген финансы мекемесинин» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

«е» пунктчасындагы «микрофинансылык кызматтардын» сөздөрү «, кепилдик иштин» деген сөздөр, «МФУлардын» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 7, 8, 9, 10 жана 11-пунктарындагы «адистештирилген финансы мекемесине», «адистештирилген финансы мекемесинин» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 12-пунктунун биринчи абзацындагы, «г» жана «д» пунктчаларындагы «адистештирилген финансы мекемеси» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 13-пунктунун «адистештирилген финансы мекемеси» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 14-пунктунун биринчи жана үчүнчү абзацындагы «адистештирилген финансы мекемелери», «адистештирилген финансы мекемесинин» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 15-пунктунун «адистештирилген финансы мекемеси» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 16-пунктундагы «адистештирилген финансы мекемеси» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 17-пунктунун «адистештирилген финансы мекемесинен» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 5-главанын аталышындагы «адистештирилген финансы мекемесинин» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 18-пунктунун биринчи жана үчүнчү абзацындагы «адистештирилген финансы мекемесинин», «адистештирилген финансы мекемесине» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 19-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «адистештирилген финансы мекемесинин» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

экинчи абзацындагы жана е) пунктчасындагы «МФУнун» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 20, 22 жана 23-пунктарындагы «адистештирилген финансы мекемесинин» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 25-пунктунун а), г), д) е) пунктчасындагы «МФУ» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 26, 27, 28 жана 29-пунктарындагы «адистештирилген финансы мекемеси» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 30-пунктунун «а» жана «в» пунктчаларындагы «адистештирилген финансы мекемеси» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- 31, 32, 33, 34, 35, 36, 37, 38 жана 39-пунктарындагы «адистештирилген финансы мекемеси» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- Нускоого карата 1-тиркеменин «адистештирилген финансы мекемеси» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- Нускоого карата 2-тиркеменин «адистештирилген финансы мекемеси» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

- Нускоого карата 3-тиркеменин: 

I, II, III бөлүмдөрүндөгү «МФУ» кыскартылган сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

II бөлүмүнүн 3-пунктчасынын «кредиттик портфелдин» сөздөрү «, кепилдик портфелдин» деген сөздөр менен толукталсын; 

- Нускоого карата 4-тиркеменин «адистештирилген финансы мекемесинин» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын 

- Нускоого карата 5-тиркеменин «адистештирилген финансы мекемеси» сөздөрү «, КФ» деген кыскартылган сөз менен толукталсын; 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктунун «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын» сөздөрү «, кепилдик фонддордун» деген сөздөр менен толукталсын. 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобонун: 

- 1.2-пунктунун «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсына» сөздөрү «жана кепилдик фонддорго» деген сөздөр менен толукталсын. 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

-1-пунктунун «коммерциялык банктар» сөздөрү «, кепилдик фонддор» деген сөздөр менен толукталсын. 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун: 

- 1.1-пунктунун «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына» сөздөрү «, кепилдик фонддорго» деген сөздөр менен толукталсын. 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобонун: 

- преамбуладагы «(мындан ары КСФК),» сөздөрү «кепилдик фонддордун, » деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4.1-пунктунун «КСФК» кыскартылган сөздөрү «, кепилдик фонддордун» деген сөздөр менен толукталсын. 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктунун «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары банктар)» сөздөрү «жана кепилдик фонддордун» деген сөздөр менен толукталсын. 

8. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- 1-главанын биринчи абзацындагы «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсына (мындан ары банктар)» сөздөрү «, кепилдик фонддорго» деген сөздөр менен толукталсын. 

9. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобосун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун: 

- преамбуласынын биринчи абзацындагы «алмашуу бюросу» сөздөрүнө чейин «кепилдик фонд, » деген сөздөр менен толукталсын.