Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын _______________ 

№__________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун 

ишин жөнгө салуу жөнүндө  

ЖОБО 

 

 

1-глава. Жалпы жоболор  

 

1. «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» бул жободо (мындан ары Жобо) кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүн сунуштоого Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) лицензиясына ээ төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон талаптар аныкталат:  

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо; 

өз иш натыйжаcы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизделген төлөм системасы аркылуу кабыл алуу жана жүргүзүү

Төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору бул иш түрлөрүн жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоолору тийиш. 

2. Жобонун талаптары төмөнкүлөргө таркатылбайт: 

- Улуттук банк оператору болуп саналган, төлөм системаларына; 

- өз төлөмдөрү үчүн өз системасындагы төлөмдөр жана эсептешүүлөр боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырган коммерциялык банкка; 

өз иш натыйжаcы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизделген төлөм системасы аркылуу кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырган коммерциялык банкка; 

өз төлөмдөрү үчүн өз системасындагы төлөмдөр жана эсептешүүлөр боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү (процессинг, клиринг) ишин жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттердин ички системаларына. 

3. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын туруктуу, ишенимдүү жана коопсуз ишин камсыз кылуу үчүн төлөм системаларынын, алардын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салат жана көзөмөлдөйт. 

4. Төлөм кызмат көрсөтүү рыногунда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча төлөм системаларынын, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин монополияга каршы жөнгө салуу Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 2-мартындагы №4/1 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан сунушталуучу кызматтарды, Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо саясатынын жана негизги принциптеринин алкагында ишке ашырылат.  

5. Ушул Жобонун талаптарын бузууга жол берилген учурда Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарына жана банктар аралык төлөм системасынын башка катышуучуларына карата тиешелүү чараларды жана санкцияларды колдонууга укуктуу.  

 

 

2-глава. Колдонулган терминдер жана аныктамалар  

 

6. Бул Жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат. 

Автоматташтырылган система (АС) бул ишин автоматташтыруу боюнча каражаттардын аппараттык-программалык комплексинен, белгиленген функцияларды аткаруунун маалыматтык технологияларын ишке ашырган ыкмалардан жана иш-чаралардан турган система.  

Агент төлөм уюму менен товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына жеке адамдардын жана юридикалык жактардын төлөмдөрүн кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө агенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер.  

Агенттик келишим төлөм уюму менен агент ортосунда ушул Жободо көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө түзүлгөн агенттик келишим. Мында агенттин иш-аракеттери үчүн төлөм уюму жооп берет. 

Маалымат системасы маалыматтарды сактоо, издөө жана иштеп чыгуу үчүн каралган система жана маалымат менен камсыз кылып аны жайылткан тиешелүү уюштуруу ресурстары. 

Идентификатор субъекттин же объекттин өзгөчө белгиси. 

Автоматташтырылган системаны пайдалануучу - бул автоматташтырылган системада катталган жана анын ресурстарын колдонгон (кызматкерлер, агенттер, кардарлар же башка адамдар) субъект же объект. 

Аутентификация - субъекттин/объекттин аларга ыйгарылган идентификаторго таандыгын текшерүү же анын аныктыгын тастыктоо. 

Авторизация белгилүү бир субъектке/объектке анын системада аткаруучу ролуна ылайык айрым аракеттерди аткаруусуна укук берүү процесси.  

Маалыматтын купуялуулугу бул, ресурстардын маалымат активдерин иштеп чыгуу, сактоо жана берүү алар авторизацияланган пайдалануучуларга гана жеткиликтүү болгудай жүзөгө ашырыла турган абалы. 

Маалыматтын бүтүндүгү маалыматын өзгөрүлбөс туруктуулугун сактоо же өз маалымат активдериндеги өзгөрүү фактыларын аныктоо касиети.  

Маалыматтын жеткиликтүүлүгү маалымат активдери авторизацияланган пайдалануучуга, ага зарыл түрдө жана жерде жана ага зарыл болгон убакытта бериле турган, маалымат касиети.  

Маалымат коопсуздугу - маалымат активдеринин купуялуулугуна, бүтүндүгүн жана жеткиликтүүлүгүн сактоо. 

Субагент төлөм уюмунун агенти менен товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү (мындан ары товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү) сунуштоочулардын пайдасына жеке адамдардын жана юридикалык жактардын төлөмдөрүн кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө субагенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер. Мында субагенттин иш-аракеттери үчүн төлөм уюму жооп берет.  

Ушул Жободо колдонулган башка терминдерди менен аныктамаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы жалпы кабыл алынган маанисине ылайык түшүндүрүүгө болот. 

 

3-глава. Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишине карата негизги талаптар 

 

§ 1. Төлөм системаларынын операторлорунун ишине карата талаптар 

 

7. Төлөм системасынын оператору лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрү менен гана иштөөгө, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого жана Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча талаптарына ылайык, анын негизги ишин коштоп жүрүүчү болуп саналган же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. 

Төлөм системасынын оператору өз ишин төлөм уюмунун иши менен гана айкалыштыра алат. 

Лицензия алууга тийиш болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны башка адамга берүүгө тыюу салынат.  

8. Төлөм системасынын операторунун уставдык капиталы Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында белгиленген өлчөмдөн кем болбоого тийиш.

9. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туунду компаниясы болгон учурда, милдеттүү түрдө Улуттук банкка тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен ал тууралуу маалымат берүүгө тийиш.  

10. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактаган учурда кайра өзгөртүлүп (бириктирүү, кошуу, бөлүү, кайра өзгөртүп түзүү) түзүлүшү мүмкүн. Кайра өзгөртүп түзүү учурунда төлөм системасынын оператору Улуттук банкка талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн кайра өзгөртүп түзүү боюнча тиешелүү чечимди кошо тиркөө менен ал чечим кабыл алынган күндөн кийинки 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбестен сунуштоого тийиш. 

11. Оператор Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарынын жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо талаптарын бузууга жол берген учурда, Улуттук банк төлөм системасынын операторунун тарифтерди белгилөөсүнө чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн. 

12. Төлөм системасынын оператору лицензия алган учурдан тартып жылына бир жолу Улуттук банкка бекитилген жана колдонуудагы тарифтер жөнүндө маалымат берип турушу зарыл. Төлөм системасынын оператору колдонуудагы тарифтерге киргизилген бардык өзгөртүүлөр тууралуу алар киргизилгенден кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка маалымдоого тийиш. 

13. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкеш келген, төлөм системасынын иштөө эрежелерине жана жол-жоболоруна ээ болууга тийиш. Төлөм системасынын оператору иштелип чыккан ички эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык төлөм системасынын ишин камсыз кылат. Катышуучулар менен өз ара мамилелер төлөм системасынын ишине байланыштуу системанын эрежелеринде, келишимдерде, ошондой эле катышуучулар менен түзүлгөн келишимдерде белгиленет. 

14. Төлөм системасынын оператору өз төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн, төлөмдөрдү өз учурунда иштеп чыгууну (процессинг/клиринг), системада маалымат коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Төлөм системасынын оператору өз төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгү, процессинг/клиринг жана төлөм системасынын катышуучуларына төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштабагандыгы жана сапатсыз сунуштагандыгы, анын ичинде төлөм системасынын катышуучулары менен келишим мамилелерине ылайык керектөөчүлөрдүн жүргүзүлгөн төлөмдөрү тууралуу маалыматты товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга өз убагында жеткирбегендиги үчүн жоопкерчиликтүү, анын ичинде финансылык жактан жоопкерчиликтүү болот.  

Төлөм системасынын оператору керектөөчүдөн төлөмдөрдү товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүнү толук көлөмдө сунуштоого тийиш.  

15. Төлөм системасынын оператору, эгерде төлөм системасынын катышуучулары менен келишим шарттарында башкасы каралбаса, системанын иши үчүнчү жактардын күнөөсү боюнча үзгүлтүккө учураган учурда жоопкерчилик тартпайт.  

16. Төлөм системасынын операторунун процессинг борбору автоматташтырылган системалар үчүн ушул Жободо белгиленген минималдуу талаптарга шайкеш келүүгө тийиш. 

17. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- колдонуудагы эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарынын сакталышын жана аларды ушул Жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына шайкеш келишин контролдоо;  

- төлөм системасынын башка катышуучуларынын төлөмдөрүн өткөрүү үчүн зарыл болгон техникалык жана программалык каражаттарга талаптарды коюуга;  

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында мыйзам талаптарына ылайык санкциялык тизме менен салыштырып текшерүү;  

- агенттер, субагенттер жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар боюнча маалымат базасын жүргүзүү, алар кеминде төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш: 

келишимдин реквизиттерин (күнү, номери, келишим мамилелеринин түрү);  

юридикалык жактын аталышын /жеке ишкердин аты-жөнүн; 

юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалыматтар, паспорттогу маалыматтар; 

жайгашкан жери/жашаган жери; 

жетекчилери жөнүндө маалыматтар; 

байланыш маалыматтары; 

менчик ээлери жөнүндө маалыматтар (юридикалык жактар үчүн); 

террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарына ылайык товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар боюнча бенефициардык менчик ээси жөнүндө маалыматтар (эгерде төлөм системасынын оператору электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм системасынын оператору болуп саналса же электрондук акчаны жайылтуу агенти болуп эсептелсе); 

юридикалык жактын/жеке ишкердин иши жөнүндө маалымат (банк иши, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр ж.б.); 

ошол юридикалык жак/жеке адам менен болгон иштиктүү мамилелердин максаты жана болжолдонгон мүнөзү (эгерде сунуштоочу болсо, кызмат көрсөтүү көрсөтүлсүн); 

финансылык шарттар (комиссиянлык төлөмдүн жогорку жана төмөнкү чеги, кызмат көрсөтүүнүн наркы ж.б.); 

- төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берүү жана аларды тескөө;  

- маалыматтарды иштеп чыгуу каражаттарынын коопсуз ишин камсыз кылуу;  

- жагдайларды жөнгө салуунун бирдиктүү ыкмасын камсыз кылуу жана жагдайлардын (инцидент) реестрин жүргүзүү

-  штаттан тышкаркы жагдай орун алган учурда системага кабыл алынган төлөмдөр боюнча маалыматтын товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга келишим шарттарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык өз убагында жеткирилишин камсыз кылуу. 

18. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- процессинг борборун жана төлөм системасынын маалымат алуу, иштеп чыгуу, сактоо жана берүү процессине тартылган бардык кызматкерлерин маалымат коопсуздугу менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды, анын ичинде киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана чара колдонуу;  

- системанын чабал жактарын жөнгө салуу жана зыяндуу программалык камсыздоодон коргоо боюнча программалык иш-чаралар топтомун иштеп чыгуу, вируска каршы программалык камсыздоону улам жаңыртып туруу; 

19. Төлөм системасынын операторунун кызмат адамдары төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген аткаруу органынын мүчөлөрү, алар төмөнкүлөрдү камсыз кылуулары зарыл: 

- уюмдун ишинин жөнгө салынышын контролдоо;  

- контролдук системасынын шайкештигине баа берүү башкаруу түйүндөрүн текшерүү, аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чечимдерди кабыл алуу;  

- иш натыйжалуулугуна баа берүү уюмдун ар тараптуу иш багытына баа берүү жана аларды өркүндөтүү жагында чечимдерди кабыл алуу.  

20. Төлөм системасынын операторунун АПКнын иштеши жана анын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү болгон техникалык персоналы (штаттык кызматтар), башкы бухгалтери (штаттык кызмат), ошондой эле өзүнүн уюштуруу түзүмүнө ылайык башка персоналы болууга тийиш. Персонал төмөнкү милдеттердин аткарылышына жооптуу болушат:  

- маалымат системасын контролдоо системаларынын шайкештигине баа берүү башкаруу түйүндөрүн текшерүү, аткаруу органына аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча негиздүү сунуштарды жана иш натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү;  

- коопсуздуктун камсыз кылынышына баа берүү - маалымат коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле кара ниет колдонуучулардын аракеттеринин, авариялык үзгүлтүктөрдүн жана персоналдын каталарынын натыйжасында келип чыккан жоготууларды азайтуу;  

- иш натыйжалуулугуна баа берүү уюмдун ар тараптуу иш багытына эксперттик баа берүү жана аларды өркүндөтүү жагында негиздүү сунуштарды берүү;  

- системанын ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келишин текшерүү;  

- чечим кабыл алууда колдонулган финансылык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн, алардын толуктугун жана өз учурунда берилишин, ошондой эле финансылык жана регулятивдик отчеттордун түзүлүшүн камсыз кылуу;  

- тышкы аудиторлорду тандоо боюнча сунуштарды даярдоо жана зарыл учурда атайын аудитордук текшерүүнү жүргүзүүнү демилгелөө;  

- Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсептин жүргүзүлүшүн жана финансылык отчеттун түзүлүшүн камсыз кылуу. 

Оператор персоналдын аткарылуучу функцияларынын өткөрүлүп берилишин камсыз кылууга, зарыл учурда төлөм системасынын негизги функцияларын аткарууга катышкан персоналдын функциясын айкалыштырууну камсыз кылууга тийиш. Персонал иштен бошонгон/смена учурунда талапка ылайык тариздөө менен (акт, протокол) функционалдык милдеттердин жана документтердин кабыл алынышы-өткөрүлүп берилиши камсыз кылынууга тийиш.  

21. Автоматташтырылган системаны администрлөө төлөм системасынын операторунун штаттагы техникалык персоналы тарабынан жүзөгө ашырылуусу зарыл. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тараптардын милдеттерин жана жоопкерчиликтерин көрсөтүү менен келишим түзүлгөн учурда штаттан тышкаркы техникалык персоналды кошумча ишке тарта алат.  

22. Төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган системасы менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ персонал:  

- ички эрежелер жана жол-жоболор менен жөнгө салынган, финансылык маалымат менен иш алып барууда маалымат коопсуздугун камсыз кылуу нормалары жана талаптар менен тааныштырылууга;  

- автоматташтырылган системадан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн программалык-техникалык каражаттарын тескөө жана ички документтерге ылайык финансылык маалыматты иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон квалификацияга ээ болууга;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, финансылык маалымат менен иш алып барууда маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартууга тийиш. 

23. Төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган системасы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

- системанын үзгүлтүксүз иштөө критерийлерине ылайык маалымат менен үзгүлтүксүз алмашууну жана иштеп чыгууну (процессинг/клиринг); 

- маалыматтарды байланыш каналдары аркылуу процессинг борборуна өткөрүүдө жана түзүлгөн жерге кайра жөнөтүүдө алардын толуктугун жана аныктыгын;  

-  автоматташтырылган система менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ төлөм системасынын операторунун техникалык персоналын авторизациялоону/ аутентификациялоону;  

- маалыматтардын сакталышын, бүтүндүгүн жана купуялуулугун;  

- автоматташтырылган система үзгүлтүккө дуушар болгон учурда, штаттан тышкаркы жагдайларда же маалыматтардан санкциясыз пайдаланууда маалыматтарды жана жабдууларды коргоону;  

- процессинг борборуна туташкан объекттердин, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын жана процессинг борборунун персоналын кошо алганда, системанын маалымат ресурстарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү сеанстарынын иштөө жөндөмдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону. 

24. Төлөм системасынын операторунда төмөнкүлөр болууга тийиш:  

- программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм же программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм тарабынан ыйгарым укук берилген уюм менен түзүлгөн келишим (программалык камсыздоо сатып алынган учурда);  

- иштеп чыккан компания (программалык камсыздоо сатылып алынган учурда) же программалык камсыздоону иштеп чыккан/ишин колдогон, кабыл алынган төлөмдөрдүн процессингин жүзөгө ашырган адамдар менен техникалык колдоону же кызматкерлер менен эмгек келишимдери менен камсыз кылуу жөнүндө келишим; 

- кылдат иштелип чыккан техникалык тапшырмалар жана талаптар;  

- программалык камсыздоонун чыгыш кодуна өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ кызматкерлердин тизмеги;  

- системанын администраторлору жана программалык камсыздоодон пайдалануучулар үчүн колдонмо же коштомо документтер;  

- сыноодон өткөрүү программасы жана методикасы;  

- ишке киргизүү актысы жана тажрыйбалык пайдалануу сыноосунан өткөрүүлөрдү каттоо журналы;  

өндүрүштүк пайдаланууга берүү актысы;  

- төлөм системасынын оператору жана программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм же программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм тарабынан ыйгарым укук берилген уюм кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы. 

 

§ 2. Төлөм системасынын операторунун эрежелерине карата талаптар 

 

25. Системанын иштөө эрежелеринде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- төлөм системасынын архитектурасы жана анын ишин чагылдыруу схемасы;  

- коопсуз жана ишенимдүү байланыш каналдарын колдонуу тууралуу талаптар;  

- төлөм системасына кирүү жана андан чыгуу жол-жобосу;  

- катышуучуну төлөм системасына туташтыруу тартиби жана катышуучуга карата талаптар;  

- процессинг жүргүзүү тартиби;  

- клиринг жүргүзүү тартиби;  

- процессинг жана клиринг жүргүзүү учурунда физикалык жана маалымат коопсуздугун камсыз кылуу тартиби жана анын талаптары (эгерде бул кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг (клиринг) борборуна берилген болсо);  

- системанын үзгүлтүксүз иштөө критерийлери;  

- төлөм системасынын катышуучуларынын төлөм системасынын операторуна өз иши жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби;  

- тобокелдиктерди тескөө боюнча колдонулуп жаткан моделди, иш-чаралар тизмегин жана тобокелдиктерди тескөө ыкмаларын кошо алганда, төлөм системасында орун алган тобокелдиктерди тескөө системасы;  

- маалыматты коргоо талаптары;  

- катышуучулардын жана кардарлардын талаш маселелерин, даттанууларын чечүү тартиби;  

- төлөм системасында штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган учурда катышуучулардын иш алып баруу тартиби;  

- төлөм системасынын катышуучуларына билдирүү тартиби;  

- төлөм системасынын катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги;  

- тарифтик саясат;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптар.  

Зарылчылыкка жараша төлөм системасынын катышуучуларына сандык жана сапаттык критерийлер берилиши мүмкүн. 

26. Карттардын процессингин жүргүзгөн төлөм системасынын операторунун эрежелеринде ушул жобонун 25-пунктунда келтирилген талаптардан тышкары төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- катышуучуну төлөм системасына каттоо жана багыттоо; 

- карт ээсин таанууда (персонализация) коопсуздукту сактоо тартиби жана анын талаптары (эгерде бул кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилген болсо);  

- карттын процессингин жана клирингин жүргүзүүдө коопсуздук тартиби жана анын талаптары (эгерде бул кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилген болсо);  

- эмитенттин карт эмиссиясын жүзөгө ашыруу тартиби жана ага карата талаптар;  

- эквайердин карт эквайрингин жүзөгө ашыруу тартиби жана ага карата талаптар;  

- системада төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби;  

- доо коюлган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу тартиби;  

- системада банктар аралык комиссиялык төлөмдөр, тейлөө үчүн төлөмдөр жана башка комиссиялык төлөмдөр; 

- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар. 

27. Төлөм системасынын эрежелеринде төмөнкүдөй талаптарды белгилөөгө тыюу салынат:  

- төлөм системасынын катышуучуларына башка төлөм системаларында катышуусун чектөө жөнүндө (өзгөчө катышуу шарттары);  

28. Системанын эрежелери жана жол-жоболору катышуучулар үчүн системага катышуудан улам, алар дуушар болушу мүмкүн болгон финансылык тобокелдиктердин системага тийгизе турган таасири тууралуу так түшүнүктү камтып, катышуучу тараптардын системанын тобокелдиктерин башкаруудагы юридикалык негизин, ролун, убактысын жана принциптерин түшүндүрүү керек. Берилген эрежелер жана жол-жоболор Улуттук банктын тобокелдиктерди тескөө боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкеш келүүгө жана улам каралып, зарыл учурларда, бирок 3 (үч) жылда кеминде 1 (бир) жолу жаңыртылып туруусу зарыл. 

 

§ 3. Төлөм уюмунун ишине карата талаптар 

 

29. Төлөм системасынын оператору лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрү менен гана иштөөгө, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого жана Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча талаптарына ылайык, анын негизги ишин коштоп жүрүүчү болуп саналган же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. 

Төлөм системасынын оператору өз ишин төлөм уюмунун иши менен гана айкалыштыра алат. 

Лицензия алууга тийиш болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны башка адамга берүүгө тыюу салынат.  

30. Төлөм уюмунда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жагында кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча иштелип чыккан жана бекитилген ички эрежелер жана жол-жоболор болууга тийиш.  

31. Төлөм уюму Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык иш өзгөчөлүгүн, штаттык тизимин, кардардык базасын жана тобокелдик деңгээлин эске алуу менен террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программасын иштеп чыгууга, ишке ашырууга жана сактоого жооптуу ыйгарым укуктуу кызматкерди дайындоого / ички контролдоо кызматын түзүүгө же аныктоого тийиш.  

Ички контролдоо кызматынын жетекчиси түздөн-түз байкоо органына/директорлор кеңешине, эгер болгон болсо, же аткаруу органына баш ийүүсү зарыл. 

Эгерде төлөм уюмунун кызматкерлеринин штаттык тизими 10 (он) адамдан ашпаса, ички контролдоо кызматынын функциялары ыйгарым укуктуу кызматкерге жүктөлөт.  

32. Төлөм уюмунун уставдык капиталы Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында белгиленген өлчөмдөн кем болбоого тийиш. 

33. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарды сактаган учурларда төлөм уюму кайра өзгөртүлүп (бириктирүү, кошуу, бөлүү, кайра өзгөртүп түзүү) түзүлүшү мүмкүн. Төлөм уюму кайра өзгөртүп түзүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийинки 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбестен, талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн, тастыктоочу бардык документтерди кошо тиркөө менен Улуттук банкка билдирүүгө тийиш. 

34. Төлөм уюму товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын ишинде келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден камсыздандыруу максатында төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

1) Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Бирдиктүү казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон төлөөчүлөрдүн салыктар, жыйымдар жана төлөмдөр боюнча акча каражаттарын кабыл алуу үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу жана тобокелдиктерди контролдоо жана жөнгө салуунун зарыл механизмдерин ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен тиешелүү келишимдик мамилелерде (түздөн-түз келишим түзүүдө) ушул талапты белгилөө менен Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджетине кабыл алынуучу бүтүндөй төлөм суммасына 100 (жүз) пайыз алдын ала төлөм сунуштоо. Төлөмдөр суммасы алдын ала төлөм өлчөмүнөн арткан учурда сунуштоочунун товарлары/кызмат көрсөтүүлөрү автоматтык түрдө өчүрүлүүгө тийиш. Алдын ала төлөм суммасынын өлчөмү чейрек сайын бюджетке кабыл алынуучу көлөм өзгөртүлгөндүгүнө жараша белгиленет/кайра каралат.  

2) Мамлекеттин менчигинде толугу менен же бир бөлүгү турган товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жана келишимдик мамилелерде алдын ала төлөм каралбаган бюджеттик уюмдар үчүн ар бир товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар боюнча акыркы чейрек ичинде орточо күндүк жүгүртүүнүн 100 (жүз) пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу депозитин жайгаштыруу. 

Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен түзүлгөн келишимде, төлөм уюму кабыл алынган төлөмдөрдү товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун эсептешүү эсебине чегерүү милдеттенмесин аткарбай койгон/бузууга жол берген учурлар келип чыкканда, камсыздандыруу депозити максаттуу багыты боюнча гана пайдаланыла тургандыгы, ошондой эле камсыздандыруу депозити жайгаштырылган банктык эсепти контролдоо шарттары жана/же товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун акча каражаттарын акцептсиз тартипте эсептен алып салуу мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш.  

3) Коммерциялык банкта аманат боюнча өзүнчө эсепте башка кайтаруу шарттарында камсыздандыруу депозитин жайгаштыруу же болбосо төлөм уюмунун келишимдик мамилелерде товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга алдын ала төлөө каралбаган, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар үчүн анын пайдасына кайтарылып алынгыс банктык гарантияны сунуштоосу. Камсыздандыруу депозитинин же банктык гарантиянын өлчөмү төлөм уюмунун товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү ар бир сунуштоочу боюнча акыркы чейрек ичиндеги орточо күндүк жүгүртүү суммасынын 10 (он) пайызынан кем болбоого тийиш.  

4) Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга тиешелүү акча каражаттарды, төлөм уюмунун чарба ишине байланыштуу операцияларын жүргүзүү үчүн каралган эсептешүү эсебинде топтоого болбойт.  

35. Төлөм уюму акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алуу, сактоо, өткөрүп берүү/которуу (инкассациялоо) боюнча талаптарды сактоого тийиш. 

Акча каражаттарын өткөрүп берүү/чегерүү (инкассациялоо) жана акча берүүгө байланыштуу касса операциялары төлөм уюму тарабынан бекитилген, касса операцияларынын тизмегине ылайык төлөм уюму тарабынан максаттуу багыты боюнча жүзөгө ашырылууга тийиш. Касса операцияларынын тизмегинде төлөм уюму тарабынан кассадан берилүүчү акча каражаттарынын суммасына лимит белгиленүүгө жана ички жол-жоболорго ылайык бекитилүүгө тийиш.  

36. Төлөм уюму акча каражаттарды төлөөчүдөн алуучуга берүүнүн бүтүндөй процессинин контролдукка алынышын камсыз кылууга милдеттүү жана акча каражаттарынын өз убагында берилбегендиги үчүн жоопкерчиликтүү болот.  

37. Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөр улуттук валютада жүзөгө ашырылууга тийиш.  

38.  Төлөм уюму анын тескөөсүндө турган, милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон жеке маалыматтардын, төлөм боюнча финансылык маалыматтардын жана башка маалыматтардын корголушун жана купуялуулугун камсыз кылууга жана мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана үчүнчү жактарга берүүгө милдеттүү.  

39. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн төлөм уюмунун автоматташтырылган системасы жана бухгалтердик операцияларды эсепке алуу боюнча автоматташтырылган система (1 С же башка) жайгашкан жай төмөнкүдөй негизги талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу; 

- автоматташтырылган ишенимдүү кулпулардын болушу;  

- видео байкоо системаларынын болушу жана төлөм уюмунун аткаруу органы тарабынан белгиленген мөөнөт чегинде видео байкоодон алынган маалыматтарды сактоо милдеттенмеси; 

өрткө каршы жана коргоо сигнализациясынын болушу же жайдын ичине башка адамдардын кирип кетишине жол бербеген жана жайдын ичинде коргоого алынган ресурстардын толук сакталышын камсыз кылган күнүүнү көзөмөлдөөнүн болушу;  

- персоналдын мындай жайга кирүүсү функционалдык милдеттерге ылайык так жөнгө салынууга тийиш. 

40. Төлөм уюму Улуттук банктан лицензия алган учурдан тартып кайсыл болбосун мезгил ичинде кандай болбосун транзакция тууралуу маалыматты, эгер суралган маалыматтын көлөмү 2 күндөн ашпаган мезгилди камтыса, талап келип түшкөндөн кийинки 1 (бир) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө алуу мүмкүнчүлүгү менен бардык транзакциялар тууралуу маалыматтын 5 жыл сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

41. Төлөм уюму 6 (алты) айда кеминде бир жолу автоматташтырылган системаны ички эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарына ылайык келүүсүнө протокол түзүү менен текшерүү жүргүзүүгө тийиш.  

Текшерүүнүн жыйынтыктары протокол түрүндө тариздетилүүсү жана ага текшерүүнүн катышуучулары кол коюулары зарыл. 

42. Төлөм уюму иштелип чыккан финансылык маалыматтардын Кыргыз Республикасынын төлөм документтерин сактоо үчүн мыйзамдарында жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөргө ылайык сакталышын жана архивинин жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.  

43. Төлөм уюму төлөөчүдөн өндүрүлүүчү комиссиялык төлөм өлчөмүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча белгилөө укугуна ээ.  

 

§ 4. Агенттерге коюлган талаптар 

 

44. Төлөм уюму өз ишин уюштуруу үчүн башка жактар менен агенттик келишимдерди түзүүгө укуктуу жана анын төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарын кошо алганда, агенттер боюнча төмөнкү маалыматты камтыган базасы болууга тийиш:  

1) эгерде юридикалык жак болсо уюмдун аталышы, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, ишкердик ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясынын көчүрмөсү (эгерде иши лицензияланса) уюштуруу документтери, айкын жайгашкан дареги, байланыш телефондору, терминалдар орнотулган даректердин актуалдуу тизмеси;  

2) жеке ишкер болсо ишкердин паспортунун көчүрмөсү, жеке ишкер катары каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгү, колдонуудагы патент, ишкердик ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия (эгерде иши лицензияланса), терминалдар орнотулган даректердин тизмеси жана ишин жүзөгө ашырган айкын жери. 

45. Агенттер үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн субагенттерди ишке тарта алышат. Төлөм уюму да өз ишин уюштуруу үчүн субагенттерди ишке тартышы мүмкүн жана/же субагенттик тармактарды түзүшү мүмкүн.  

46. Эгерде төлөм уюму бир эле учурда анын агенти болуп саналган, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуда ачылган кардардын өздүк эсебине буга чейин салынган, анын эсебине кайтарылып берилүүчү акча каражаттарды, аванстарды/алдын ала төлөмдөрдү же алардын бөлүктөрүн колдонуу менен агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өз алдынча же өз агенттери аркылуу жүзөгө ашырса, анда төлөм уюму менен агент ушул Жобонун 1-тиркемесинде белгиленген “Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын талаптагыдай текшерүү тартибин” сактоолору тийиш.  

47. Төлөм уюуму менен агент ортосундагы келишимде кеминде төмөнкүлөр камтылуусу зарыл: 

- келишим шарттары аткарылбаган же карыз түптөлгөн учурда тараптардын өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана жоопкерчилиги. Агент төлөм уюмунун милдеттенмелеринин ордун жабууга жана милдеттенмелер боюнча жооптуу болууга тийиш эмес; 

- ушул Жобонун 49-пунктунун талаптарына ылайык, агенттен кабыл алынуучу төлөмдөр көлөмү жана терминалдар саны боюнча лимиттер/чектөөлөр (зарыл учурда); 

- анын ичинде штаттан тышкаркы жагдай орун алган учурда, акча каражаттарын кайтарып берүү тартиби/жол-жобосу; 

- субагент менен түзүлгөн келишимге карата талаптар, анда келишим шарттары аткарылбаган шартта же карыз түптөлгөн учурда тараптардын өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана жоопкерчилиги камтылат; 

- бир эле учурда төлөм уюмунун агенти болуп саналган, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуда ачылган кардардын өздүк эсебине буга чейин салынган, анын эсебине кайтарылып берилүүчү акча каражаттарды, аванстарды/алдын ала төлөмдөрдү же алардын бөлүктөрүн колдонуу менен агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү учурунда, ушул Жобонун 1-тиркемесинде белгиленген “Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын талаптагыдай текшерүү тартибин” сактоо тууралуу агентке карата талаптар.  

48. Төлөм уюму менен агент ортосундагы келишимде ошол төлөм уюмунун агенттеринин жана субагенттеринин ушул Жобонун талаптарына шайкеш келишине Улуттук банктын кайсыл болбосун убакытта тоскоолдуксуз текшерүү жүргүзүүсү жана агент катары жүзөгө ашырылуучу, ишти текшерүүгө байланыштуу зарыл документтерди сунуштоосу тууралуу талап жана макулдук камтылууга тийиш.  

49. Эгерде 6 (алты) ай же андан ашык убакыт ичинде агенттин акча каражаттарынын жүгүртүү суммасы боюнча көрсөткүчү бардык төлөм уюмдарынын операцияларынын жалпы көлөмүнүн 20 (жыйырма) пайызынан жана/же агенттин терминалдарынын саны бардык төлөм уюмдарынын терминалдарынын жалпы санынын 10 (он) пайызынан ашса: 

1) агент ишин жүргүзүү үчүн Улуттук банктан тиешелүү лицензия алууга, же болбосо; 

2) төмөнкү талаптардын аткарылышын кошумча камсыз кылууга тийиш: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча каражаттарын кабыл алуу, сактоо, өткөрүп берүү/которуу (инкассациялоо) боюнча талаптарды сактоого. Акча каражаттарын өткөрүп берүү/которуу (инкассациялоо) жана акча берүүгө байланыштуу касса операциялары төлөм уюму тарабынан бекитилген касса операцияларынын жана лимиттердин тизмегине ылайык максаттуу багыты боюнча жүзөгө ашырылууга жана ал төлөм уюму менен агент ортосунда түзүлгөн келишимде каралууга тийиш;  

- төлөм уюмунун акча каражаттарын өз убагында бербегендиги үчүн жоопкерчиликтүү болуу;  

- анын тескөөсүндө турган жеке маалыматтардын, төлөм боюнча финансылык маалыматтардын жана милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон башка маалыматтардын корголушун жана купуялуулугун камсыз кылууга жана мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана үчүнчү жактарга берүүгө

- Кыргыз Республикасынын төлөм документтерин сактоо боюнча мыйзам талаптарында жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарында белгиленген мөөнөттөргө ылайык иштелип чыккан финансылык маалымат боюнча архивдин түзүлүшүн жана жүргүзүлүшүн камсыз кылуу.  

Улуттук банк ушул пунктта белгиленген талаптардын Улуттук банк агентке маалымдагандан кийинки 1 ай ичинде аткарылышы үчүн төлөм уюмуна жана анын агентине ушул пунктта көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө агент тарабынан жетишилгендиги тууралуу маалымдайт, ал төлөм уюмдары тарабынан агенттер жана субагенттер боюнча сунушталган маалыматтын негизинде алынган. 

50. Төлөм уюму агенттерди алар тарабынан аткарылуучу милдеттердин алкагында системадан пайдалануу принциптерине окутуу үчүн документтерге ээ болууга тийиш. Келишим түзгөн учурда колдо болгон жол-жоболорго ылайык түшүндүрмөлөрдү өткөрүү жана агентти террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө талапты кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары менен тааныштыруу жана көрсөтүлгөн талаптардын сакталышы боюнча агенттерге мониторинг жүргүзүү зарыл. 

51. Төлөм уюму же агенттер төлөмдөрдү кабыл алуу учурунда аларды кабыл алуунун ар бир пунктунда/агенттердин мобилдик тиркемелеринде төлөөчүлөргө төмөнкү маалыматтардын сунушталышын камсыз кылууга милдеттүү:  

- төлөм уюмунун аталышы, байланыш маалыматтары жана жайгашкан жери;  

- төлөм уюмуна берилген лицензиянын номери жана берилген күнү;  

- төлөөчү тарабынан төлөнүүчү комиссиялык төлөмдүн наркы;  

- даттануу менен кайрылуу ыкмалары;  

- төлөм уюмунун call-борборунун телефон номерлери. 

52. Төлөм уюму үчүнчү жактардын же агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү башка сунуштоочулардын алардын абоненттеринин өздүк эсептеринин баласынан кайтарып берүү эсебинен жүзөгө ашырылуучу төлөмдөрүн, - товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын кайсы болбосун формада, анын ичинде аванстык төлөмдөрдү кайтарып берүү же эгерде, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдалануучулары (кардарлары)/абоненттери ушул Жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосунан өтүшпөсө, товарлардан/кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу формасындагы акча каражаттарын агенттер аркылуу кабыл алууга жана өткөрүүгө укугу жок.  

53. Ушул Жобонун 2-тиркемесинде белгиленген, “Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын талаптагыдай текшерүү тартибине” ылайык идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосунан өткөн, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын колдонуучулары (кардарлары)/абоненттери үчүн операцияларды ишке ашыруу жагында төмөнкүдөй чектөөлөр колдонулат: 

- агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу өтүүчү транзакциялар боюнча көлөмү айына 300 (үч жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш; 

- ушул Жобонун 2-2-тиркемесине ылайык, агенттердин мобилдик тиркемелеринде жеткиликтүү болгон, тобокелдиги төмөн операцияларды гана жүргүзүү

54. Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосунан өткөн, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын колдонуучулары (кардарлары)/абоненттери үчүн агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн толук спектринен пайдалануу мүмкүнчүлүгү сунушталат.  

55. Төлөм уюму агент/субагент тарабынан ушул Жобонун агенттерге/субагенттерге тиешелүү талаптарынын сакталышына толук жоопкерчиликтүү болот.  

 

4-глава. Тобокелдиктерди тескөө 

 

56. Төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары төлөм системасына катышуу келишиминде, орун алышы мүмкүн болгон форс-мажордук жагдайларды (аскердик кагылышуулар, жаратылыш кырсыктары ж.б.) кошо алганда, штаттан тышкаркы жагдайлардын келип чыгышында тобокелдиктерди тескөөгө тиешелүү бөлүк каралууга жана катышуучулардын Улуттук банктын штаттан тышкаркы жагдайлар жана тобокелдиктерди тескөө боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын камсыз кылууга тийиш.  

57. Төлөм системасынын оператору төлөм системасында орун алган тобокелдиктерге онлайн мониторинг жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш. 

58. Төлөм системасынын катышуучулары өз милдетин аткарууга тоскоолдук жараткан системалуу тобокелдик аныкталган учурда же штаттан тышкаркы жагдай орун алган шартта, төлөм системасынын оператору жана төлөм уюмдары төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

өз убагында, бирок системалуу тобокелдик аныкталган же штаттан тышкаркы жагдай келип чыккан учурдан кийинки 2 (эки) сааттан кечиктирбестен, Улуттук банкка, ошондой эле төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун банк-агентине жана эгер болгон болсо, электрондук акчанын банк-эмитентине ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө электрондук билдирүү жөнөтүү же телефон чалуу аркылуу маалымдоого;  

- тобокелдиктерге дуушар болушу ыктымал болгон тарапка же тараптарга, агенттерге/товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга билдирүүгө;  

-  кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулар (кардарлар)/товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жана төлөм системасынын катышуучулары алдында өз финансылык милдеттенмелерин аткаруу/аяктоо боюнча чараларды көрүүгө;  

- төлөм системасынын иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;  

- башка катышуучулар үчүн өз милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга. 

Ушул пунктта чагылдырылган милдеттер товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен келишимде жана ачык сунуштарда (оферта) чагылдырылууга тийиш.

59. Төлөм системасынын оператору, төлөм уюмдары лицензияга ээ байланыш операторлору тарабынан сунушталуучу коопсуз жана ишенимдүү байланыш каражаттарын колдонууга, ошондой эле штаттан тышкаркы жагдай орун алган учурга резервдик байланыш каналдарына ээ болууга тийиш.  

60. Төлөм системасынын оператору техникалык колдоо көрсөткөн адамдарга штаттан тышкаркы жагдайларда системанын ишин калыбына келтирүү үчүн көрүү режиминде же белгилүү бир убакыт аралыгында гана системадан аралыктан пайдалануу боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө тийиш. Системадан аралыктан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ адамдар буйрук менен бекитилип, алардын аракеттери функционалдык милдеттерине ылайык жөнгө салынууга тийиш жана алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укукка жатпаган аракеттери үчүн жеке жоопкерчилик тартышат. Программалык камсыздоону Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жөнгө салууга жол берилбейт.  

61. Төлөм системасынын оператору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык негизги жана өнөр жай классындагы резервдик аппараттык-программалык комплекстин Кыргыз Республикасынын аймагында болушун жана иштешин камсыз кылууга тийиш. 

62. Төлөмдөр процессинги жана клиринги Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүүгө тийиш.  

63. Төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси жайгашкан жай (сервердик жай) төлөм системасынын иши боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланыштуу бардык бизнес-процесстердин ишенимдүү ишин камсыздоого жана төмөнкү негизги талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

өзүнчө жайгашууга (имараттын ичинде башка бөлмөлөрдөн терезесиз, дубал менен өзүнчө бөлүнүүгө жана ага кирүү үчүн өзүнчө эшик болууга);  

- ишенимдүү автоматташтырылган кулпулардын болушу;  

- маалыматтар белгилүү бир убакыт аралыгында сактала турган видео байкоо системаларынын болушу; 

өрткө каршы жана коргоо сигнализациясынын болушу же жайдын ичине башка адамдардын кирип кетишине жол бербеген жана жайдын ичинде коргоого алынган ресурстардын толук сакталышын камсыз кылган күнүүнү көзөмөлдөөнүн болушу; 

- персоналдын мындай жайга кирүүсү функционалдык милдеттерге ылайык так жөнгө салынууга тийиш. 

- гидроизоляциянын болушу жана салаңдап турган сымдардын болбошу; 

- сервердик жайга же кирүү мүмкүнчүлүгүн контролдоо жана тескөө системасына кирүүлөрдү каттоо журналынын болушу.  

64. Аппараттык программалык комплексти жайгаштыруу үчүн жайды ижарага алуу мөөнөтү Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. 65. Төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ персонал (негизги жана кайталоочу) төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- финансылык маалыматтар менен иш алып барууда ички эрежелер жана жол-жоболордо жөнгө салынган, маалымат коопсуздугун камсыз кылуу нормалары жана талаптары менен таанышып чыгууга; 

- процессинг борборунун аппараттык-программалык комплекси менен иш алып барууда программалык-техникалык каражаттарды тескөө жана ички документтерге ылайык, финансылык маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн зарыл квалификацияга ээ болууга;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, финансылык маалыматтар менен иштөөдө маалымат коопсуздугун коопсуздугун камсыз кылуу жагында талаптарды бузууга жол бергендиги үчүн жеке жоопкерчилик тартууга. 

66. Төлөм системасынын оператору аппараттык-программалык комплексти системанын үзгүлтүксүз ишин камсыз кыла турган, өнөр жай классындагы альтернативалуу электр энергия булактары менен жабдууга тийиш.  

67. Төлөм системасынын оператору үзгүлтүккө учуроолор орун алган шартта, бул программалык комплекстеги маалыматтардын толук сакталышын камсыз кылуусу зарыл. 

68. Төлөм системасынын оператору операциялык системанын, колдонмо программалык камсыздоонун, программалык камсыздоо системасынын, маалымат базасынын жана башка негизги компоненттердин резервдик көчүрмөлөрүн түзүү жана калыбына келтирүү механизми менен камсыздоого тийиш.  

69. Төлөм системасынын операторунда системанын иштөөсүн камсыз кылуу үчүн техникалык регламентти кошо алганда, колдонулуп жаткан аппараттык-программалык комплекстин техникалык камсыздоосун жөнгө салган документтер болуусу зарыл. 

70. Төлөм системасынын оператору колдонгон, анын ичинде төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу үчүн (процессинг/клиринг) каралган программалык камсыздоодо, программа боюнча кеңири маалыматтарды, пайдалануучу жана администратор үчүн колдонмону кошо алганда, пайдаланууда зарыл болуучу коштомо документтер, системанын паспорту жана башка документтер болууга тийиш, булар системаны пайдалануу учурунда зарыл болушу мүмкүн.  

71. Маалымат коопсуздугун камсыз кылуу ишинде, маалымат алуу, аларды иштеп чыгуу, сактоо жана сунуштоо боюнча процесстерге тартылган, уюмдун тескөөсүндө турган бардык участкалар камтылууга тийиш.  

72. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон жеке маалыматтардын жана башка маалыматтардын коргоого алынышын камсыздоого тийиш.  

73.Транзакцияларды иштеп чыккан (процессинг/клиринг), төлөм системасынын оператору: 

- эл аралык төлөм карттары боюнча, Payment Card Industry Data Security Standard (PCI DSS) сертификатына төлөм карттары тармагында маалыматты коргоо параметрлерин аныктаган эл аралык стандартка ээ болууга жана анын шайкештигин тышкы аудиторлор жыл сайын тастыктап турууга тийиш; 

-улуттук же локалдык системалардын төлөм карттары боюнча ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга шайкеш келүүсү зарыл. 

74. Төлөм системасынын оператору 6 (алты) айда кеминде 1 (бир) жолу протокол түзүү менен аппараттык-программалык комплекстин төлөм системасынын ички эрежелерине жана жол-жоболоруна, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсүн текшерүүсү зарыл.  

Текшерүүнүн натыйжалары боюнча протокол түзүлүп, ага текшерүүгө катышуучулардын колу коюлууга тийиш.  

75. Төлөм системасынын оператору төлөмдөрдү ишке ашырууда төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси аркылуу берилип жаткан маалыматтардын чечмеленишин камсыз кылуусу зарыл.  

76. Төлөм системасынын оператору өз тескөөсүндө турган финансылык маалыматтардын коргоого алынышын жана купуялуулугун камсыз кылууга жана аларды үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана берүүгө тийиш.  

77. Төлөм системасынын оператору системалуу билдирүүлөр (лог) журналынын системанын жана тиркемелердин деңгээлинде бардык операциялар үчүн жүргүзүлүшүн камсыз кылуусу зарыл (пайдалануучунун системага кирүүсү/системадан чыгуусу, маалыматтарды өзгөртүүсү ж.б.).  

78. Төлөм системасынын оператору Улуттук банктан лицензия алган учурдан тартып кайсы болбосун мезгил ичиндеги каалаган транзакция тууралуу маалыматты айкын убакыт ыргагында жана/же суроо-талап келип түшөн учурдан кийинки 1 (бир) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө алуу мүмкүнчүлүгү менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтардын сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

79. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын төлөм документтерин сактоо үчүн мыйзамдарында жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөргө ылайык иштелип чыккан финансылык маалыматтардын сакталышын жана архивинин жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.  

 

 

5-глава. Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен өз ара иш алып барууда төлөм уюмуна карата талаптар 

 

80. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алуу ишин жүзөгө ашыруу үчүн товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдөн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу келишимин түзүүгө тийиш, анын шарттарына ылайык төлөм уюму сунуштоочунун атынан төлөөчүлөрдөн акча каражаттарын кабыл алуу укугуна ээ, ошондой эле ушул Жобонун 34-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, келишимде белгиленген тартипте сунуштоочу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү

Төлөм уюму лицензия алгандан кийинки 12 ай ичинде келишим/келишимдерди түзүүгө жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш, болбосо, төлөм уюмунун лицензиясы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кайтарылып алынат.  

81. Төлөм уюму товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен түзүлгөн келишимдер боюнча актуалдуу базага ээ болууга тийиш. Төлөм уюму менен сунуштоочу ортосунда түзүлгөн келишим тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен кеминде төмөнкү маалыматтарды камтуусу зарыл:  

- юридикалык жактын аталышы/жеке ишкердин аты-жөнү;  

- юридикалык, айкын дареги жана байланыш маалыматтары;  

- сунуштоочу тарабынан берилген товарлардын аталышы же кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү;  

- кардарга төлөмдөрдү өткөргөн/өткөрбөгөн шартта тараптардын жоопкерчилиги;  

- Жобонун 34-пунктуна ылайык төлөм уюмдарынын финансылык милдеттенмелерин камсыздоосу, ошондой эле келишимдин аракети токтотулган шартта өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү, акчаны кайтарып берүү тартиби; 

- штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган шартта маалымдоо тартиби, штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган шартта өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү

- келишимди колдонуу мөөнөтү;  

- тараптардын банктык реквизиттери;  

- төлөө шарттары (тарифтер, комиссиялык төлөмдөр, сый акылар жана башкалар). 

Төлөм уюму туруктуу түрдө, бирок жылына кеминде 1 (бир) жолу товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын маалыматтарынын актуалдуулугун текшерип турууга тийиш.  

82. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алууда чарба иштерине каралган каражаттарды сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банктагы өзүнчө банктык эсептерди, ошондой эле келишим предметинде ушул талапты милдеттүү түрдө көрсөтүү менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн өзүнчө эсептерди ачууга жана пайдаланууга милдеттүү. Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн каралган акча каражаттарын төлөм уюмунун чарба иштери үчүн каралган эсептешүү эсебинде топтоого болбойт. 

 

 

6-глава. Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун отчет сунуштоо тартиби  

 

83. Кыргыз Республикасынын аймагында акча каражаттарынын маалыматтык жана финансылык агымын контролдоо үчүн төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген формада жана отчеттун № 1-5 формасы боюнча Кыргыз Республикасындагы маалыматтык, финансылык төлөм кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу маалыматтарды Улуттук банкка сунуштап туруусу зарыл.  

84. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму уставдык капитал өлчөмү, коллегиалдык аткаруу органынын курамы, уюштуруучулар, уюштуруучулардын катышуу үлүшүндөгү өзгөрүүлөр, аффилирленген жана байланыштуу жактар, акча каражаттарынын келип чыгуу булактары, айкын жана юридикалык даректери, туунду уюмдарынын/филиалдарынын болушу тууралуу маалыматтарды өзгөртүлүшүнө жараша, өзгөртүүлөр жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде анкеталардын жана тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү

85. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык отчеттун формасы боюнча финансылык абалы тууралуу отчетту чейрек сайын Улуттук банкка сунуштап турууга милдеттүү. Отчет төлөм системасынын оператору тарабынан отчеттук чейректен кийинки айдын 25 (жыйырма бешинчи) күнүнөн кечиктирбестен электрондук түрдө (документтин сканерленген версиясы) сунушталып, кийинчерээк кагаз жүзүндөгү версиясы жөнөтүлөт. 

86. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму маалыматтарды отчеттук айдан кийинки айдын 15- (он беши) күнүнөн кечиктирбестен, ушул Жобого карата 1-тиркемеде берилген отчеттун № 1-5 формаларына ылайык ай сайын Улуттук банкка сунуштап туруулары зарыл. Отчет көрсөтүлгөн мөөнөттө электрондук түрдө (документтин сканерленген версиясы) сунушталып, кийинчерээк кагаз жүзүндөгү версиясы жөнөтүлөт. 

Зарылчылыгына жараша Улуттук банк берилген отчеттон улам кошумча маалыматтарды жана документтерди суроого укуктуу. Төлөм системасынын оператору-төлөм уюму суралган маалыматтарды жана документтерди Улуттук банктын суроо-талабын алгандан кийинки 10 жумуш күнү ичинде берүүгө милдеттүү.  

87. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Улуттук банктан лицензия алган айдан кийинки отчеттук айдан тартып отчет бере баштайт.  

88. Эгерде акыркы отчет берүү күнү эс алуу күнүнө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде белгиленген майрам күнүнө туура келсе, отчет берүүнүн акыркы мөөнөтү андан кийинки жумуш күнүнө которулат.  

89. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен жаңыдан түзүлгөн келишим жөнүндө маалыматтарды келишим түзүлгөндөн кийинки 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбеген мөөнөттө, келишимдин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

Маалымат Улуттук банкка электрондук түрдө сунушталып (документтин сканерден өткөрүлгөн версиясы), кийинчерээк кагаз жүзүндөгү версиясы жөнөтүлөт. 

90. Улуттук банк, төлөм системаларынын операторлорунан жана төлөм уюмдарынан алардын жана алардын агенттеринин үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишине тиешелүү маалыматтарды кайсыл болбосун убакытта талап кылууга, ошондой эле инспектордук текшерүүлөрдү жеринде барып жүргүзүүгө укуктуу.  

91. Улуттук банк жыл сайын Кыргыз Республикасынын төлөм системасына мониторинг жүргүзүүнүн негизинде Кыргыз Республикасындагы системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын, орчундуу кызмат көрсөтүү провайдерлеринин тизмесин аныктайт жана жарыялайт же бул төлөм системасын маанилүү деп таануу жөнүндө же оператор маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдери болуп саналган болсо, төлөм системаларынын операторлорунун дарегине тиешелүү кат жөнөтөт.  

92. Системалары системалуу мааниге ээ жана маанилүү катары аныкталган төлөм системасынын, ошондой эле орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин операторлору кеминде 2 (эки) жылда 1 (бир) жолу тышкы көз карандысыз финансылык аудит жана маалымат системаларыа аудит жүргүзүп турууга, ошондой эле системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системалары, ошондой эле орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери үчүн белгиленген Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.  

93. Маанилүү төлөм системасы критерийине туура келбеген төлөм системаларынын, ошондой эле орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин операторлоруна милдеттүү түрдө кеминде 3 (үч) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык аудит жана маалымат системаларына аудит жүргүзүлүп турууга тийиш.  

94.Төлөм уюмдарына 3 (үч) жылда кеминде 1 (бир) жолу милдеттүү түрдө тышкы көз карандысыз аудит жүргүзүлүп турууга тийиш.  

95. Милдеттүү түрдө ишке ашырылуучу тышкы көз карандысыз финансылык аудиттин жана маалымат системаларына аудиттин жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчеттун көчүрмөсү ага кол коюлгандан кийинки 1 (бир) айдан кечиктирбестен Улуттук банкка сунушталууга тийиш.  

96. Төлөм системасынын операторунун маалымат системаларына аудит эң аз дегенде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:  

- колдонуудагы саясат жана жол-жоболорго баа берүүлөрдү;  

- төлөм системасынын коопсуздугуна баа берүүлөрдү;  

- тобокелдиктерди тескөө саясатына баа берүүлөрдү

97.  Эсептешүүлөр боюнча төлөм системасынын оператору эл аралык төлөм карттарын колдонуу менен сертификат берүүнүн эл аралык программасы боюнча сертификатка ээ аудиторлорду ишке тартуу менен маалымат системаларына кеминде 2 (эки) жылда 1 (бир) жолу аудит жүргүзүп турууга тийиш. Маалымат системаларына аудиттин жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчеттун көчүрмөсү ага кол коюлган учурдан кийинки 1 (бир) айдан кечиктирилбестен Улуттук банкка сунушталууга тийиш. 

98. Улуттук банкка сунушталуучу бардык отчеттор ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык, компаниянын расмий барагына таризделип, ага жетекчинин жана башкы бухгалтердин кол тамгалары коюлуусу зарыл. 

 

 

7-глава. Төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн өзүн - өзү тейлөөнүн автоматташтырылган терминалына (сash-in) карата талаптар 

 

99. Өзүн - өзү тейлөөнүн автоматташтырылган терминалы:  

1) сунуштоочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн жабдууларды пайдалануу боюнча кыскача нускоо/малымат менен төлөөчүнү тааныштырууга тийиш;  

2) ушул Жобонун 2-2-тиркемесине ылайык тобокелдиги төмөн операциялардын тизмесине камтылбаган, операциялар боюнча паспорттук маалыматтарды автоматтык түрдө салыштырып окуу түзүлүшүн колдонуу менен паспортук маалыматтардын негизинде акча каражаттарын жөнөтүүчүнү идентификациялоого тийиш; 

3) төлөм уюмунун аппараттык-программалык комплексине онлайн туташкан болуусу зарыл, аны жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, коопсуздук талаптарына жооп берүүсү кажет; 

4) кардар товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөгөнгө чейин төлөмдү өткөрүү үчүн комиссиялар/тарифтер боюнча мааалымат берүүгө тийиш;  

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылган операцияларды тастыктоо катары чек берүү түзүлүшү менен жабдылуусу зарыл.  

100. Төлөм уюму жана/же анын агенти/субагенти автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалын жайгаштыруу үчүн аны ошол жерге орноштурууга укукту тастыктаган бардык зарыл документтерге ээ болууга тийиш.  

101. Төлөм уюму жана/же анын агенти/субагенти автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалы боюнча ишти колдоо жана профилактикалык техникалык иштерди жүргүзүү үчүн жооптуу адамды дайындоосу же төлөм терминалдарын тейлөө келишимин түзүүсү зарыл. 

 

 

  

  

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме 

  

 

 

Төлөм уюму жана төлөм системаларынын операторлору тарабынан  

сунушталуучу отчеттун титулдук барагы  

 

Ушул аркылуу, Улуттук банктын № _________ лицензиясынын негизинде иш алып барган ____________________________________ (ЖЧК, ААК, ЖАК ж.б.у.с.)  

өлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун аталышы)  

201__-жылдын «__» __________ үчүн төлөм системасы боюнча отчетту сунуштайт.  

Аткаруу органынын мүчөлөрү (ЖЧК, ААК, ЖАК ж.б.у.с.) (төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун аталышы) 

- Төрага - __________ 

- Техникалык директор - _________________ 

- Башкы бухгалтер - _____________ 

  

Тиркемелер:  

Отчеттун № 1 формасынын аталышы  

Отчеттун № 2 формасынын аталышы  

Отчеттун № 3 формасынын аталышы  

Отчеттун № 4 формасынын аталышы  

 

  

Жетекчи 

(жетекчинин орун басары) 

_________________ 

(жеке кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

  

 

 

Аткаруучу 

_________________ 

(жеке кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

  

Мөөрү  

Телефон номери  

  

 

 

Отчеттун № 1 формасы  

Уюмдун аталышы  

_________________________ 

20___-жылдын ______________ чейреги үчүн төлөм уюму/төлөм системасынын оператору жөнүндө  

маалымат 

 

Уюмдун аталышы 

Банктын аталышы (гарантиялык эсеп жана эсептешүү эсеби) (+ /-) 

Отчеттук мезгилдин акырына карата банктык эсептердеги акча каражаттардын калдыгы (валюта, номинал) 

Төлөм системасынын катышуучуларынын саны, анын ичинен сунуштоочулар; агенттер; ж.б.у.с Келишимдин негизинде кызмат көрсөтүүлөр түрү 

Терминалдардын саны, анын ичинен:  

- Өздүк төлөм терминалдар; 

- Агенттердин төлөм терминалдары;- веб-кассалар; 

- Төлөм уюмдарынын POS-терминалдары;  

  

Аткаруучу 

_________________ 

(жеке кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

 

 

Отчеттун № 2 формасы  

Уюмдун аталышы  

_________________________ 

20___-жылдын ______________ чейреги үчүн төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун колдонуудагы келишимдери жөнүндө  

маалымат  

 

№ 

Уюмдун аталышы  

Юридикалык дареги жана байланыш маалыматтар  

Келишимдин номери жана күнү  

Сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү  

 

 

 

 

 

 

Аткаруучу 

_________________ 

(жеке кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

 

Отчеттун № 3 формасы  

Уюмдун аталышы  

_________________________ 

 

20___-жылдын ______________ чейреги үчүн 

товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга ишке ашырылган төлөө жөнүндө 

маалымат 

 

 

№ 

Уюмдун- товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын аталышы  

Төлөө формасы 

Ишке ашырылган төлөөнүн жалпы көлөмү, сом  

 

алдын ала төлөмдүн жалпы суммасы, сом 

камсыздандыруу депозитинин суммасы  

банктык гарантия, сом 

 

 

 

 

 

 

 

Отчеттун № 4 формасы  

Уюмдун аталышы  

_________________________ 

  

 

 

20___-жылдын ______________ айы үчүн 

төлөмдөрдүн агенттери, көлөмдөрү жана саны жөнүндө  

маалымат  

 

 

№ 

Агенттердин аталышы 

Терминалдардын саны: 

- төлөм терминалдары; 

- веб-кассалар; 

- төлөм уюмдарынын POS-терминалдары. 

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны, бирдикте. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Отчеттун № 5 формасы  

Уюмдун аталышы  

_________________________ 

 

 

20___-жылдын ______________ айы үчүн 

агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардарлары/пайдалануучулары, төлөмдөрдүн көлөмдөрү жана саны жөнүндө  

маалымат  

 

 

№ 

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу кардарлардын жалпы саны  

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны, бирдикте. 

Тиешелүү идентификациялоодон өткөн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу кардарлардын саны  

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны, бирдикте. 

Банктык идентификациялоодон өткөн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу кардарлардын саны  

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны, бирдикте  

 

 

 

 

 

 

 

 

  

  

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого карата 2-тиркеме 

  

 

Товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун кардарларын талаптагыдай текшерүү тартиби 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1.1. Товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун кардарларын талаптагыдай текшерүүнүн ушул тартиби (мындан ары-Тартип) кызмат көрсөтүүлөрүн мобилдик тиркемелер аркылуу сунушташкан төлөм уюмдарынын агенттеринин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулар болуп саналышкан, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун кардарларын талаптагыдай текшерүү максатында иштелип чыккан.  

1.2. Төлөм уюмдары жана алардын агенттери ушул Жобонун №2-1-тиркемесинде белгиленген, “Өз кардарыңды бил” принцибине ылайык, товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарлар тууралуу милдеттүү түрдө бериле турган маалыматтардын тизмесин камтыган, толтурулган Анкетанын болушун камсыз кылуулары жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык кардарларды верификациялоо жол-жобосун жүргүзүүлөрү тийиш.  

1.3. Төлөм уюмдарынын агенттери жеке адамдын паспортунун негизинде пайдалануучунун актуалдуу идентификацияланган маалыматтарынын (аты-жөнү, ИНН/ПИН ж.б) болушун жана бул маалыматтын 5 (жылдык) мөөнөткө сакталышын камсыз кылууга жана бул маалыматты төлөм уюумунун жана/же Улуттук банктын талабы боюнча берүүгө тийиш. 

1.4. Төлөм уюмдары жана алардын агенттери мобилдик тиркемелерди колдонушкан жана 1.2. жана 1.3-пункттарга ылайык тиешелүү текшерүүдөн өткөн кардарларга-жеке адамдарга тизмеси ушул Жобонун 2-2-тиркемесинде аныкталган, тобокелдиги төмөн операцияларга уруксат берет.  

1.5. Төлөм уюмдары жана алардын агенттери агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан жана 1.2. жана 1.3-пункттарга ылайык тиешелүү текшерүүдөн өткөн кардарларга-жеке адамдарга айына 300 (үч жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган көлөмдө төлөмдөрдү өткөрүүгө лимит белгилөөгө тийиш. 

1.6. Банк мыйзамдарына ылайык идентификациялоо жол-жобосунан өткөн кардарларга-жеке адамдарга агенттердин мобилдик тиркемелеринде жеткиликтүү болгон, кызмат көрсөтүүлөрдүн толук кеңири спектри сунушталат.  

 

2-глава. Агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларга тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү 

 

2.1.Агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан пайдалануучуларга/кардарларга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү жол-жобосу кайсы болбосун төмөнкү учурларда жүргүзүлөт: 

1) ишкер мамилелерди түзүүдө жаңы пайдалануучуларга (кардарларга) карата; 

2) агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө туташкан, агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардарлары тууралуу маалыматтарды топтоодо;  

3) агенттердин мобилдик тиркемелеринин мурда токтотулган же блок коюлган кызмат көрсөтүүлөрүн калыбына келтирүүдөөлөмдөрдүн көлөмү боюнча белгиленген лимиттен ашып кеткендигине байланыштуу агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо токтотулган учурларды эске албаганда); 

4) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жол берилгендигине шектенүүлөр келип чыкса; 

5) кардар тууралуу мурда алынган маалыматтардын анык эместиги же жеткиликтүү эместиги фактылары аныкталган учурда; 

6) кызмат көрсөтүүлөр провайдери тарабынан белгиленген регламенттерге ылайык маалыматтарды жаңыртууда (актуалдаштырууда); 

7) шектүү жана/же алдамчылык транзакцияларына/аракеттерине жана/же агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын укуктарын кыянатчылык менен пайдаланууга жол берилгендигине шектенүүлөрдүн болушунда;  

8) төлөм уюмунун, агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүн сунушташкан төлөм уюмунун агентинин жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талабы боюнча; 

9) пайдалануучунун алар боюнча террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде камтылган адамдарга окшоштугу тууралуу шектенүүнүн болушунда.  

2.2. Агенттердин мобилдик тиркемелеринин пайдалануучусу ушул эле тиркеменин башка пайдалануучусунун банктык карттарына, агенттердин мобилдик тиркемелерин башка пайдалануучулардын электрондук капчыктарына акча каражаттарын которууда ушул Тартиптин тизмесине ылайык (2-1-тиркеме) мындай төлөмдөр боюнча кошумча маалыматтарды топтоо жүзөгө ашырылат.  

2.3. Төлөм уюму, төлөм уюмунун агенттердин мобилдик тиркемелери боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган агенти пайдалануучулар жана агенттердин мобилдик тиркемелери боюнча өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча маалымат базаны кеминде 5 (жыл) сактоого милдеттүү.  

 

3-глава. Агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардарларын талаптагыдай текшерүү жүргүзүү ыкмалары 

 

3.1. Агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардарларын талаптагыдай текшерүү тартиби кайсы болбосун төмөнкү ыкмалардын бири аркылуу жүргүзүлөт: 

1) кардардын агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызматтарын сунуштаган төлөм уюмунун агентинин кызматкерлерине жана/же ыйгарым укуктуу адамдарына кайрылуусунда; 

2) агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардарынын банк-өнөктөшкө кайрылуусунда; 

3) Кыргыз Республикасында сунушталуучу электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алууга окшош жол-жоболорду сактоо менен техникалык каражаттар менен маалыматтарды топтоодо жана жалпылоодо; 

4) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык башка ыкмалар менен. 

 

4-глава. Агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардарларын талаптагыдай текшерүүнү талап кылбаган учурлар 

 

4.1. Агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардарларын талаптагыдай текшерүү төмөнкү учурларда талап кылынбайт: 

1) эгерде кардарды талаптагыдай текшерүү мурда ушул Тартиптин 3-главасында көрсөтүлгөн ыкмалардын бири аркылуу аткарылган болсо; 

2) эгерде агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүсү бир тиркемени колдонуунун алкагында идентификацияланган электрондук капчыкты пайдалануучу, банктык төлөм картына ээлик кылуучу тарабынан кошулса; 

3) эгерде агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүнүн алкагында картты байлоого макулдугун тастыктоо менен SMS-билдирүү жөнөтүү аркылуу милдеттүү түрдө банктын кардарынын макулдугун алуу менен аты көрсөтүлгөн банктык төлөм картын агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө жана/же электрондук капчыкка байлоо ишке ашырылса;  

4) эгерде агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрү пайдалануучунун персоналдык идентификаторун колдонуу менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү идентификацияланган пайдалануучу тарабынан кошулса. 

 

4-глава. Төлөм уюмунун, агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган төлөм уюмдарынын агенттеринин Террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери менен иш алып баруусу 

 

4.1. Агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоонун жүрүшүндө төлөм уюмдары жана төлөм уюмунун агенттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №606 “Кыргыз Республикасынын “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу чаралары жөнүндө” токтому менен бекитилген, төмөнкү жоболорго жана тизмелерге таянууга милдеттүү

- “Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди сунуштоо тартиби жөнүндө” жобо; 

- “Террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө” жобо; 

- “Операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу, тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүндүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө” жобо; 

- “Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө” жобо; 

- “Ички контролдоо программасына коюлуучу жалпы талаптар жөнүндө” жобо 

4.2. Агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрү террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде камтылган кардарлар үчүн дароо токтотулууга тийиш. 

4.3. Террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегине камтылган жеке адамдарга агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу адам катары каттоо жол-жоболорунан өтүүсүнө жол берилбөөгө тиийш.  

 

 

  

  

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого карата № 2-1-тиркеме 

 

 

Төлөм уюмдарынын агенттердин мобилдик тиркемелерин жана/же электрондук капчыктарын пайдалануучулары жөнүндө милдеттүү түрдө берилүүчү маалыматтардын тизмеги  

 

Жеңилдетилген каттоо тартибинде: 

- Аты-жөнү (эгерде болсо); 

- Туулган жылы

- Жарандыгы; 

- Паспорттун реквизиттери (сериясы жана номери, берилген күнү, колдонуу мөөнөтү аяктаган күнү; документ берген органдын аталышы), бөлүмдүн коду (эгерде болсо); 

- Жеке идентификациялык номер; 

- Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн колдонулган телефондун номери(лери); 

- Электрондук почтанын дареги (эгерде болсо). 

 

Которууларды жүзөгө ашырууда ар бир транзакция боюнча кошумча төмөнкү маалымат чогултулат: 

- алуучунун маалыматтары; 

- төлөмдүн суммасы; 

- төлөмдүн багыты; 

- төлөмдү жүзөгө ашыруу убактысы. 

 

Толук каттоо тартибинде: 

- Улуттук банктын бекитилген ченемдик укуктук актыларына ылайык идентификациялоо жана верификациялоо банктык жол-жобосу боюнча жүргүзүлөт.  

 

  

  

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого карата № 2-2-тиркеме 

 

Агенттердин мобилдик тиркемелеринин пайдалануучулары үчүн  

тобокелдиги төмөн операциялардын тизмеси  

 

1. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө (жылуулук менен камсыздоо, электр менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, суу менен камсыздоо, канализация, лифттерди тейлөө, домофондорду тейлөө, тиричилик калдыктарын чыгаруу ж.б. кызмат көрсөтүүлөрү, мында пайдалануучу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучу ортосундагы келишимге ылайык идентификацияланат). 

2. Банктык эсептерди толуктоо (Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан чыгарылган карт). 

3. Бюджетке салыктарды, жыйымдарды, мамлекеттик алымдарды, айыптык төлөмдөрдү жана башка төлөмдөрдү төлөө

4.  Интернет жана телеберүүлөр үчүн төлөө

5. Кыргыз Республикасынын банктарында жана финансы-кредит уюмдарында алынган кредиттерди жана насыяларды төлөө

6. Белгиленген байланыш кызматтары.  

7. Taxi айдоочуларын туташтыруу кызматы (жеке эсепти толуктоо). 

8. Электрондук отчетту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына тапшыруу үчүн төлөө

9. Мамлекеттик кызматтардан пайдалангандыгы үчүн төлөө

10. Эл аралык жерде жүрүүчү жана аба транспортуна карата билеттерден тышкары билеттерге (кино, транспорт ж.б) жана такси кызматтарына төлөө

11. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында эсептешүү эсебине ээ Кыргыз Республикасынын ичинде резиденттер тарабынан сунушталган тиричилик кызмат көрсөтүүлөрү/товарлар/иштер/сервистер үчүн төлөө