Кайта келүү

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги №22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги №22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары долбоор) Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын санариптик финансы кызматтарын колдонууга киргизүү тууралуу кайрылуусунун негизинде Улуттук банктын 2019-жылдын 23-майындагы № 2019-Пр-331/82-О буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан. 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Жумушчу топ калкка жана юридикалык жактарга санариптик финансы кызматтарын көрсөтүүгө микрофинансылык уюмдарга (МФУ) мүмкүнчүлүк берүү боюнча маселени чечүү жолдорун караган.  

МФУлардын кардарларын аралыктан тейлөөнү жөнгө салуу МФУ карыз алуучуларына жана кардарларына заманбап кызматтардан аралыктан пайдалануу жана МФУ менен аралыктан иш алып баруу мүмкүнчүлүгүн берет. Жалпысынан алганда, жаңы кызматтардын пайда болушу өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган, ошондой эле башка өлкөлөрдө же аймактарда иштеп жаткан карыз алуучулардын МФУ кызматтарынан пайдалануусуна шарт түзөт. 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Долбоор укук коргоо, гендердик, экологиялык натыйжаларды чектеген, коррупциялык кесепеттерге алып келген ченемдерди камтыбайт, анткени долбоордун сунушталган ченемдерин киргизүү МФУга санариптештирүү процессине катышууга, финансылык жана маалыматтык кредиттик агымдарды контролдоону жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча маалымат 

Долбоор боюнча материалдар Улуттук банк Башкармасынын маалымат отурумунун жыйынтыгы боюнча коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылат. 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо 

Сунушталган долбоор Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келбейт. 

6. Каржылоо зарылдыгы боюнча маалымат 

Бул долбоордун ченемдерин ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен кошумча сарптоолорду талап кылбайт. 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө боюнча маалымат 

Долбоордун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү зарыл эмес, анткени долбоор сектор тарабынан демилгеленген жана микрофинансылык уюмдардын санариптештирүү процессине катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.  

 

Төлөм системалары  

башкармалыгынын начальниги Э.В. Лелевкина  

 

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ 

Төраганын орун басары М.А. Момункулова 

 

 

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 15-апрелиндеги №22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги №22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- 2-пунктундагы «коммерциялык банктар,» деген сөздөр «банк эмес финансы-кредит уюмдары» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4-пунктунун: 

2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулар Улуттук банктан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айрым банктык операцияларды (төлөм кызматтарын) жүзөгө ашыруу укугуна лицензияга/күбөлүккө ээ банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары.”; 

3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) Пайдалануучу бул банктык эсепти, электрондук капчыкты же банк эмес финансы-кредит уюмдарындагы милдеттерди тескөө үчүн аралыктан банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрдөн колдонгон жеке адам же юридикалык жак же болбосо жеке ишкер.»; 

- төмөнкү мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын: 

«8) Жеке кабинет пайдалануучунун кызматтарды сунуштоочунун маалымат системасындагы өзгөчө бөлүгү, ал эсептин/кредиттик лимиттин абалы жана ошол эсеп боюнча акча каражатынын кыймылы жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн берет.»; 

- 14-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «интернет-банкинг» деген сөздөрдөн кийин «(пайдалануучунун жеке кабинети)» сөздөрү менен толукталсын; 

1-пунктчасындагы «интернет-банкинг» деген сөздөрдөн кийин «(пайдалануучунун жеке кабинети)» сөздөрү менен толукталсын. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, «KG төлөм системаларынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Байланыш операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

5. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен банк эмес финансы-кредит уюмдарын тааныштырсын. 

6. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.