Кайта келүү

 

«Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомунун долбооруна  

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

«Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомунун долбоору (мындан ары долбоор) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын банктарды көзөмөлдөө боюнча Базель комитетинин эл аралык стандарттарына, анын ичинде «Базель III: Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициенти жана ликвиддүүлүк тобокелдиктерине мониторинг жүргүзүү инструменттери» стандартына туура келтирүү максатында иштелип чыкты. Долбоор системалуу мааниге ээ банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө маселесин жөнгө салат. 

Сунушталган долбоор банктардын туруктуулугун сактоого, ошондой эле өз ликвиддүүлүгүн 30 календардык күн ичинде канааттандыруу үчүн оңой жана дароо акча каражаттарына айланышы мүмкүн болгон жогорку ликвиддүү активдердин жетиштүү запасын камсыздоо жолу менен банктардын ликвиддүүлүгүн колдоого багытталган.  

Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин сактоо коммерциялык банктарга финансылык жана экономикалык стресстерден улам пайда болгон таасирлерге туруштук берүүгө түрткү берип, ушуну менен банк секторундагы системалуу тобокелдиктерди жана коммерциялык банктардын ликвиддүүлүк тобокелдиктерин азайтууга өбөлгө түзөт.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Сунушталган долбоордун алкагында 30 календардык күндүн ичинде туруштук берүүгө тийиш болгон стресс-сценарийди колдонуу менен ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө тартиби жана эрежелери коммерциялык банктар үчүн белгиленген Стресс-сценарий коммерциялык банктардын өздөрүнүн милдеттенмелери боюнча акча каражаттарынын агылып чыгуусу күтүлгөн тобокелдиктин ордун жабуу үчүн жогорку ликвиддүү активдеринин жетиштүү деңгээлин колдоого багытталган.  

Мындан тышкары долбоордо банктар милдеттенмелерин өз убагында аткаруусу үчүн кыска мөөнөт ичинде оңой жана дароо акча каражатына айландыруу мүмкүнчүлүктөрүн берген жогорку ликвиддүү активдердин критерийлери аныкталган. Акча каражаттарынын агылып чыгуусунун күтүлүшү экономикалык жана финансылык тобокелдиктерди эске алуу менен акча каражаттарынын күтүлгөн агылып чыгуу жана агылып кирүү сценарийлерин камтыйт. 

Сунушталган долбоор Улуттук банк Башкармасы  аныктаган Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына таркатылат. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык натыйжалардын, коррупциялык кесепеттердин болушу мүмкүндүгүн болжолдоо 

Долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат   

Долбоор боюнча маалыматтар коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылат.  

  

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо   

Долбоор Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келбейт.  

  

6. Каржылоо зарылдыгы боюнча маалымат   

Бул долбоордун ченемдерин ишке ашыруу кошумча сарптоолорду талап кылбайт.  

  

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө боюнча маалымат   

Сунушталган долбоордун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жүргүзүлөт.  

 

 

 

 

Долбоор  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

«___» _________ №_________________________ 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

 

 

«Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобо  

 

1-глава. 

Жалпы жоболор 

 

Бул Жободо ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө тартиби аныкталган. Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициенти банктар стресс мезгилинде 30 календардык күн ичинде уланууда өз ликвиддүүлүгүн канааттандыруусу үчүн, акча каражатына оңой жана дароо айландырылуучу жогорку ликвиддүү активдердин жетиштүү запасынын камсыз кылынышы аркылуу банктардын туруктуулугун колдоого багытталган.

Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициенти финансылык стресстен улам келип чыгуучу таасирлерге банктын туруктуулугун арттырат жана олуттуу стресс сценарийлер орун алган шартта банктардын ликвиддүүлүк тобокелдиги тармагын кыска мөөнөттүү туруктуулукка ээ болушун колдоого багытталган.  

Улуттук банк аныктаган Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына (мындан ары - банктар) таркатылат.  

 

2-Глава. Ликвиддүүлүк деңгээлин өлчөө жана ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө тартиби  

 

§ 1. Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициенти  

1. Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициенти жогорку ликвиддүү активдердин эсептөө күнүнө карата аталган коэффициентти эсептөө күнүнөн кийинки 30 күнү ичиндеги банктын операциялары боюнча күтүлүп жаткан акча каражаттарынын жалпы таза агылып чыгышына карата катышы катары эсептелет. 

2. Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициенти (мындан ары - коэффициент) төмөнкү формула менен эсептелет:  

 

3. Банктардын ликвиддүүлүк деңгээли ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин улуттук валютада жана ар бир олуттуу чет өлкө валютасы боюнча чогуу эсептөө аркылуу өлчөнөт.  

4. Эгерде чет өлкө валютада туюндурулган милдеттенмелерге чогуу алгандагы жалпы банктын милдеттенмелердин 5 пайыздан кем болбосо, анда бул валюта банк үчүн «олутту» болуп саналат.  

5. Коэффициент 100 пайыздан кем болбого тийиш. 

6. Коэффициент жана чет өлкө валютасындагы коэффициент күн сайын эсептелет (ар бир иш/операциялык күн).  

7. Банктар Коэффициентти эсептөөсүн ай сайын отчеттук айга 1 теркемеге ылайык Улуттук банка берет. 

8. Улуттук банк айрым банк үчүн Коэффициентин ченемин өзүнчө маанисин белгилөөгө укуктуу.  

Улуттук банк банктардын тобуна же өзүнчө банкка жалпы коэффициентти улуттук валютада жана чет өлкө валютасындагы коэффициентти белгилөөгө, ошондой Жободо көрсөтүлгөн эле акча каражаттарынын агылып чыгуу жана агылып кирүү коэффициенттерин жана жогорку сапаттагы ликвиддүү активдердин салмагын өзгөртүүгө укуктуу.  

 

§ 2. Жогорку ликвиддүү активдер  

 

9. Коэффициентти эсептөө максатында жогорку ликвиддүү активдер катары төмөнкү шарттарга ылайык келген активдер таанылат:  

1) банктын карамагында турган жана активдер менен операцияларды ишке ашыруу (тартылган каражаттар боюнча камсыздоо үчүн репо операциялары боюнча сатуу, өткөрүп берүү) аркылуу акча каражатын дароо алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган;  

2) банктын милдеттенмелери боюнча камсыздоо болуп саналбайт жана кайтаруу негизинде ишке ашырылган репо операциялары боюнча өткөрүлүп берилген баалуу кагаздар камтылбайт; 

3) банктын карамагында турган, анын ичинде кайтаруу негизинде ишке ашырылган (кайтарым репо операциялары) операциялар боюнча алынган, же болбосо, жайгаштырылган каражаттар жана туунду финансылык инструменттер менен келишилген бүтүмдөр боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо катары алынган баалуу кагаздар, эгерде, банктын аларды кайтарып берүү милдеттенмелерин аткаруу мөөнөтү келип жеткенге чейин сатуу, репо операциялары боюнча тартылган каражаттарды камсыздоого өткөрүп берүү укуктары чектелбеген шартта.  

Банка жайгаштырылган каражаттарга камсыздоо катары келип түшкөн баллуу кагаздар, кайтарым репо келишимдери же туунду финансалык инструменттер келишими менен болсо, жогорку ликвиддүү активтердин түзүмүнө киргизүүгө мүмкүн, эгерде баалуу кагаздардын ээси коэффициенти эсептөө күнүнөн кийинки 30 календардык күндүн ичинде кайтарып берүүсүнө мүмкүн болбогон шартта болушу зарыл. 

г) нарктык баасы жөнөкөй жана анык болгон активдер; 

д) актив активдүү рынокко ээ болууга тийиш, анда ал сатып алуучулар менен сатуучулардын курсунун ортосундагы төмөн спред, сатып алуу-сатуунун чоң көлөмү, рыноктун катышуучуларынын санынын көптүгү жана ар түрдүүлүгү менен мүнөздөлөт, бул рыноктук концентрацияны төмөндөтөт. 

10. Жогорку ликвиддүү активдер биринчи деңгээлдеги ликвиддүү активдерден, ошондой эле экинчи деңгээлдеги ликвиддүү активдердин курамын түзгөн 2A жана 2Б деңгээлиндеги ликвиддүү активдерден турат.  

11. Биринчи жана экинчи деңгээлдеги ликвиддүү активдер Жобонун 9-пунктунда белгиленген шарттарга ылайык келүүгө тийиш.  

 

12. Биринчи деңгээлдеги активдер: 

Биринчи деңгээлдеги жогорку сапаттуу ликвидүү активдер болуп, төмөнкү активдер эсептелет: 

1) банктагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары, ошондой эле Улуттук банк тарабынын чыгарылган өлчөнгөн куймалар; 

2) Улуттук банкта корреспонденттик жана башка эсептерде сакталган каражаттар (эсептөө датасында милдеттүү каамдардан тышкары);  

3) аффилирленген банктарды эске албаганда, «Standard and Poors», «Fitch Ratings», «Moodys Investors Service», «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, «A» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктарда ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар; 

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк тарабынан гарантияланган баалуу кагаздар; 

5) чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын, эл аралык финансы уюмдарынын баалуу кагаздары, анын ичинде алар тарабынан гарантияланган жана төмөнкү шарттардын ар бирине ылайык келүүчү баалуу кагаздар: 

а) эмитеттер «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «АА-» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ

б) банктар чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын, эл аралык финансы уюмдарынын же алар менен аффилирленген уюмдардын алдында милдеттенмелери жок.  

13. Биринчи деңгээлдеги активдер коэффициентти эсептөөдө толугу менен киргизилет.  

 

14. 2A деңгээлиндеги активдер: 

2A деңгээлиндеги активдер 15% өлчөмүндөгү дисконттун коэффициентин колдонуу менен адилет (рыноктук) нарк боюнча эсептелет.  

2A деңгээлиндеги жогорку ликвиддүү активдер болуп, төмөнкү активдер саналат:  

1) «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А-» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ болгон чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана борбордук банктары тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар, эл аралык финансы уюмдары тарабынан чыгарылган же алар тарабынан гарантияланган баалуу кагаздар, банкка карата аффилирленген уюм болуп саналбаган эмитенттер

2) аффилирленген уюм болуп саналбаган, «Standard & Poor's» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «AA-» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон эмитенттердин баалуу кагаздары.  

 

15. 2Б деңгээлиндеги активдер: 

2Б деңгээлиндеги активдер 50% өлчөмүндөгү дисконттун коэффициентин колдонуу менен, адилет (рыноктук) нарк боюнча эсептелет.  

2Б деңгээлиндеги жогорку ликвиддүү активдер болуп, төмөнкү активдер эсептелет:  

1) «Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «BBB-» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ болгон чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана борбордук банктары тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар же алар тарабынан гарантияланган баалуу кагаздар; 

2) банк менен аффилирленген уюм болуп саналбаган, «Standard & Poor's» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «A+» рейтингинен «А-» рейтингине чейинки кредиттик же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон эмитенттердин баалуу кагаздар.; 

3) эл аралык фондулук биржаларда эркин жүгүртүүдөгү кадимки акциялар, банк же анын туунду компаниясынын тарабынан чыгарылган акциялардан тышкары.  

16. 2А жана 2Б деңгээлинин жогорку ликвиддүү активдеринин үлүшү жалпы жогорку ликвиддүү активдердин суммасынын 40 пайызынан ашпоого тийиш. Андай болбогон шартта, 2А жана 2Б деңгээлинин жогорку ликвиддүү активдери дисконттун тиешелүү коэффициенти колдонулгандан кийин, жогорку сапаттагы ликвиддүү активдердин 40 пайызынан ашпаган өлчөмдө активдердин курамына киргизилет.  

17. 2Б деңгээлинин жогорку ликвиддүү активдеринин үлүшү дисконттун тиешелүү коэффициенти колдонулгандан кийин, экинчи деңгээлдеги жогорку ликвиддүү активдердин жалпы суммасынын 15 пайызынан ашпоого тийиш.  

18. Эгерде, ушул Жобонун 9-пунктуна ылайык, ошондой элеарестке коюу, же эл аралык рейтингдик агенттиктери тарабынан ыйгарылган рейтингди төмөндөтүү натыйжасында, алгылыктуу жогорку ликвиддүү актив алгылыксыз болуп калса, банк мындай активдерди кошумча 30 календарлык күн ичинде жогорку ликвиддүү активдердин курамында эске алат (кармап турат). Бул банкка жогорку ликвиддүү активдердин көлөмүн зарылчылыгына жараша корректировкалоо же активди алмаштыруу үчүн кошумча убакыт берет.  

19. Банк жогорку ликвиддүү активдердин запастары банктын милдеттенмелери боюнча камсыздоо эместигин, Улуттук банкта күрөөдө турбагандыгын же аларга Улуттук банк, мамлекеттик органдар тарабынан келишим милдеттенмелери же банктын активди жоюу, сатуу, өткөрүп берүү же активге болгон укугун башкага өткөрүп берүү жөндөмдүүлүгүн чектөөчү башка шарттар менен чектөөлөр коюлбагандыгын камсыз кылууга милдеттүү

 

§ 3. Күтүлүп жаткан акча каражаттарынын таза агылып чыгуусу жана аны эсептөө  

 

20. Күтүлүп жаткан акча каражаттарынын таза агылып чыгуусу күтүлүп жаткан акча каражаттарынын жалпы агылып кирүүсүн эсептен чыгаруу менен күтүлүп жаткан акча каражаттарынын жалпы агылып чыгуусу катары аныкталат.  

Акча каражаттарынын агылып чыгуусун компенсациялоочу агылып кирүү суммасы күтүлүп жаткан акча каражаттарынын жалпы агылып чыгуусунун 75 пайызыдан жогоруу эмес болууга тийиш, ал ушул Жобого ылайык эсептелет. 

21. Акча каражаттарынын жалпы агылып чыгуусу төмөнкү формула менен эсептелет:  

 

ЧОДС=ОДС-Min (ПДС; ОДСх0,75); 

үтүлүп жаткан акча каражаттарынын таза агылып чыгуусу=Акча каражаттарынын агылып чыгуусу- Min(Акча каражаттарынын агылып кирүүсү; Акча каражаттарынын агылып чыгуусу х 0,75) 

 

ЧОДС кийинки 30 календарлык күн ичинде күтүлүп жаткан акча каражаттарынын таза агылып чыгуусу; 

ОДС акча каражаттарынын агылып чыгуусу; 

ПДС акча каражаттарынын агылып кирүүсү үтүлүп жаткан акча каражаттарынын жалпы агылып чыгуусунан 75% жогору эмес). 

22. Банк коэффициентти эсептөөдө ликвиддүү активтеди эки жолу эсепке алууга укугу жок. Эгерде, кандайдыр бир ликвиддүү актив жогорку ликвиддүү активдердин (алымы болуп саналган) запасынын курамына киргизилсе, анда ошол ликвиддүү актив менен байланыштуу болгон акча каражаттарынын агылып кирүүсү күтүлүп жаткан акча каражаттарынын жалпы агылып кирүүсүнүн бир бөлүгү катары эсепке алынбоого тийиш (бөлүүчүнүн бир бөлүгү болуп саналган).  

23. Акча каражаттарынын агылып чыгуусу милдеттенмелердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин ар башка категорияларынын жана түрлөрүнүн калдыктарына карата агылып чыгуу коэффициентин колдонуу аркылуу күтүлүп жаткан акча каражаттарынын жалпы агылып чыгуусу катары эсептелет. Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө күнүнөн кийинки календарлык ай ичинде (30 календарлык күн ичинде) банк тарабынан милдеттенмелердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин аткарылышы күтүлөт.  

Акча каражаттарынын күтүлүп жаткан агылып чыгуусунда жеке адамдар, жеке ишкерлер, юридикалык жактар алдындагы камсыздалган каржылоо боюнча милдеттенмелер, туунду финансылык инструменттер боюнча аткаруу, шартту кредиттик линиялар жана башка шарттуу жана келишим милдеттенмелери камтылат.  

24. Жеке адамдар жана жеке ишкерлер алдындагы милдеттенмелер  

Жеке адамдар жана жеке ишкерлер алдындагы милдеттенмелер боюнча акча каражаттарынын агылып чыгуусунда банк эсептери, аманаттар (депозит) эсептери, анын ичинде металл эсептер боюнча милдеттенмелер камтылат.  

Банк тарабынан берилген кредиттер боюнча күрөөлүк камсыздоо катары коюлган аманаттар (депозиттер) тиешелүү кредитти төлөө мөөнөтүнө ылайык эсептөөгө киргизилет. 

25. Акча каражаттарынын агылып чыгуусун эсептөө максатында, жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин аманаттары (депозиттери) туруктуу жана анчалык туруктуу эмес болуп классификацияланат.  

Банк туруктуу депозиттерге 5% өлчөмүндө агылып чыгуу коэффициентин ыйгарат.  

«Туруктуу депозиттер» дегенден улам, Кыргыз Республикасынын “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” мыйзамында белгиленген өлчөмдө гарантияланган жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин аманаттарын (депозиттерин) түшүнүүгө болот.  

26. Кыргыз Республикасынын “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” мыйзамында гарантияланган өлчөмдөн ашкан кайсы гана болбосун аманаттар (депозиттер) “анчалык туруктуу эмес” катары каралууга тийиш.  

27. Юридикалык жактар алдындагы милдеттенмелер  

Юридикалык жактардан аманаттар (депозиттер) операциялык жана операциялык эмес аманаттардан (депозиттерден) турат. 

28. Операциялык аманаттар (депозиттер) бул, юридикалык жактар тарабынан жайгаштырылган, алардын операциялык ишин үчүн, атап айтканда, клиринг операцияларды, акча каражаттарын сактоо же тескөө жүргүзүү үчүн зарыл болгон депозиттер.  

Операциялык депозиттер 25% өлчөмүндөгү коэффициент менен күтүлүп жаткан агылып чыгууну эсептөөгө киргизилет.  

29. Операциялык аманаттар (депозиттер) төмөнкү шарттарга дал келүүгө тийиш:  

1) депозиттер боюнча пайыздык чендер талап боюнча төлөнүүчү аманнатрга(депозиттерге) ылайык келет же андан төмөн болот. Мындан тышкары депозиттер пайыздык киреше алуу максатында жайгаштырылган эмес; 

2) аманаттар (депозиттер) банкта өзүнчө эсепте жайгаштырылган. 

30. Мында депозиттерди операциялык депозиттер категориясына кошуу үчүн, банк төмөнкү критерийлердин бирин аткарууга милдеттүү:  

а) депозиттер банктык аманат келишиминин негизинде клирингдик, ошондой эле акча каражаттарын сактоо жана тескөө кызматтын кардарларга көрсөтүүгө тийиш; 

б) келишимде кардар келишимди жабуудан же токтотуудан кеминде 30 (календарлык) күн мурда бул тууралуу банкка билдирүүгө тийиш экендиги жөнүндө норма камтылуусу зарыл. 

31. Операциялык эмес аманаттар (депозиттер) - бул акча каражаттарын сактоо жана топтоо үчүн колдонулат, үчүнчү жактар менен эсептешүүлөр үчүн каралган эмес юридикалык жактардын (финансы-кредиттик уюмдарды кошпогондо) аманнатарынан (депозиттеринен) турат. Банк агылып чыгуунун төмөнкүдөй коэффициенттерин белгилейт:  

 

Аманатчылар 

Агылып чыгуу коэффициенти 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү бийлик органдарынын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу), мамлекеттик бийлик органдарынын, борбордук банктардын жана чет өлкөлөрдүн мамлекеттик секторунун түзүмдөрүнүн, эл аралык финансы уюмдарынын аманаттары (депозиттери) 

40% 

Юридикалык жактардын аманаттары (депозиттери) (финансы-кредиттик уюмдарды кошпогондо) 

40% 

Мурдагы категорияларга кошулбаган башка уюмдардын аманаттары (депозиттери) 

100% 

32. Аффилирленген жактардын жана банк менен байланыштуу жактардын аманаттары (депозиттери) жана камсыздоосуз тартылган башка каражаттары 100% өлчөмүндө агылып чыгуу коэффициенти менен коэфициентти эсептөөдө камтылат.  

33. Банк корреспонденттик эсептердеги каражаттарды 100% өлчөмүндө агылып чыгуу коэффициенти менен эсептейт. 

34. Банк банктардын, финансы-кредит уюмдарынын, баалуу кагаздар менен операцияларды ишке ашырган уюмдардын, камсыздандыруу компанияларынын, пенсиялык фонддордун, атайын багыттагы (брокердик кызмат көрсөтүүлөрдү, активдерди тескөө жана башка ортомчу катары финансы кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган) уюмдардын жана мурдагы категорияларга кирбеген башка уюмдардын аманатарынын (депозиттеринин) бардык категориялары жана алардан тартылган башка каражаттар үчүн 100% өлчөмүндө агылып чыгуу коэффициентин белгилөөгө милдеттүү.  

 

35. Камсыздалган каржылоо. 

Камсыздалган каржылоо банк активдери менен камсыз болгон юридикалык жактар алдындагы милдеттенмелер боюнча акча каражаттарынын агылып чыгуусун камтылат. Репо операциялары, кардардарга күрөөлүк камсыздоо алдында кредит берүү жана кайсы гана болбосун ушул сыяктуу башка операциялар камсыздалган каржылоо операциясы катары каралат. 

36. Банк агылып чыгуу суммасын негизги күрөөлүк камсыздоонун наркынын негизинде эмес, операция аркылуу тартылган каражаттардын суммасынын негизинде эсептейт.  

37. Банк 30 календарлык күн ичинде төлөнүүгө тийиш болгон бардык камсыздалган каржылоо операцияларына карата төмөнкү коэффициенттерди колдонот: 

Төлөнүүгө тийиш болгон төлөө мөөнөтү келип жеткен камсыздалган каржылоо операцияларынын категориялары 

Агылып чыгуу коэффициенти 

Биринчи деңгээлдеги жогорку ликвиддүү активдер менен камсыздалган милдеттенмелер  

0% 

Улуттук банк алдындагы милдеттенмелер  

0% 

2А деңгээлинин жогорку ликвиддүү активдери менен камсыздалган милдеттенмелер  

15% 

2Б деңгээлинин жогорку ликвиддүү активдери менен камсыздалган милдеттенмелер  

50% 

Жогоруда келтирилген тиешелүү категорияларда көрсөтүлбөгөн, төлөө мөөнөтү келип жеткен бардык камсыздалган каржылоо боюнча башка операциялар  

100% 

 

38. Туунду финансылык инструменттер. 

Банк туунду финансылык инструменттер боюнча келишимдерге байланыштуу акча каражаттарынын күтүлүп жаткан агылып кирүүсүн жана агылып чыгуусун нарк боюнча нетто негизинде эсептейт.  

100% өлчөмүндө агылып чыгуу коэффициенти төлөө мөөнөтү келип жеткен же күтүлүп жаткандай эле, ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентинин мезгили ичинде мөөнөтүнөн мурда токтотулган туунду инструменттер боюнча келишимдерге байланыштуу акча каражаттарынын бардык агылып чыгуусунун суммасына ыйгарылат. 

39. Коэффициенттин максаттары үчүн туунду финансылык инструменттерге байланыштуу акча каражаттарынын күтүлүп жаткан агымдары жөнүндө отчет жалпы негизде берилет, башкача айтканда, банк тарабынан өткөрүлгөн жана белгилүү бир контрагентке берилген туунду финансылык инструменттерге келишимдер боюнча төлөмдөр туунду инструмент боюнча акча каражаттарынын агылып чыгуу суммасына кошулат. Ал эми банк ошол контрагенттен алган туунду инструменттерге контракттар боюнча төлөмдөр кандайдыр бир өз ара чегеришүүсүз жана жалпы агылып кирүүгө карата коэффициенттин жогорку чегин сактоо аркылуу туунду инструменттер боюнча акча каражаттарынын агылып кирүү суммасында камтылат. Бирок, негизинен, нетто-эсептешүүлөрдү талап кылган контракттар үчүн (мисалы, берүү мүмкүнчүлүгү каралбаган форвард валюталык контракты), туунду инструменттен күтүлүп жаткан акча каражаттарынын агымдары жөнүндө отчетто анык маалыматтар берилет. 

40. Шарттуу милдеттендирилген кредиттик линиялар 

Шарттуу милдеттендирилген кредиттик линиялар дегенде келишим боюнча кайсы болбосун кайтарып алынгыс (б.а. «милдеттендирилген») же келечекте каражат берүү жөнүндө шарттуу түрдө кайтарып алынуучу келишимдерди түшүнүүгө болот, ал 30 календарлык күн ичинде кардарлар тарабынан талап кылынышы мүмкүн. 

41. Банк милдеттүү түрдө берилүүчү кредиттик линияларга карата төмөнкү коэффициенттерди колдонот: 

Контрагент 

Агылып чыгуу коэффициенти 

Жеке адамдардын, жеке ишкерлердин кредиттик линиялары  

5% 

Юридикалык жактардын кредиттик линиялары (финансы-кредит уюмдарын кошпогондо) 

10% 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана бийлик органдарынын, Улуттук банктын, эл аралык финансы уюмдарынын кредиттик линиялары  

10% 

Коммерциялык банктардын кредиттик линиялары  

40% 

Финансы-кредит уюмдарынын кредиттик линиялары  

40% 

Башкалар  

100% 

 

42. Башка шарттуу милдеттенмелер  

Банк башка келишим шарттарында милдеттенмелерди күтүлүп жаткан агылып чыгуусун толук өлчөмдө төмөнкү коффициент менен эсептейт:  

 

Категориясы 

Агылып чыгуу коэффициенти 

Шартсыз кайтарып алынуучу (милдеттендирилбеген) кредиттик линиялар  

0% 

Сооданы каржылоого тиешелүү каржылоо боюнча шарттуу милдеттенмелер  

сооданы каржылоо боюнча милдеттенмелердин 3% 

Сооданы каржылоо боюнча милдеттенмелерге кирбеген гарантиялар жана аккредитивдер 

гарантиялар жана аккредитивдер суммасынын 10%  

 

43. Башка келишимдик милдеттенмелер 

Банк кийинки 30 календарлык күн ичинде акча каражаттарынын контракттык милдеттенмелержана келишимдик башка агылып чыгуусу боюнча 100% агылып чыгуу коэффициентин белгилейт.  

44. Банк коэффициентти эсептөөдө операциялык чыгашаларга байланыштуу агылып чыгууну эсептен чыгарат.  

§ 4. Акча каражаттарынын таза агылып кирүүсү жана аны эсептөө  

45. Банк ссудалар жана кредиттер боюнча акча каражаттарынын күтүлүп жаткан агылып кирүүсүн эсептөөдө келишимдерде каралган (анын ичинде пайыздарды төлөөлөр) агымдар, ошондой эле тейленбеген жана банктын алар боюнча 30 календарлык күн ичинде дефолтту күтүүгө негизи болбогон, төлөнбөгөн кредиттер боюнча гана агылып кирүүнү эске алат.  

46. Ссудалар жана кредиттер боюнча агылып кирүү коэффициенттери контрагент тарабынан төмөнкүчө аныкталат:  

Контрагент 

Агылып кирүү коэффициенти 

Жеке адамдардын, жеке ишкерлердин кредиттери  

50% 

Юридикалык жактардын кредиттери (финансы-кредит уюмдарын кошпогондо) 

50% 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана бийлик органдарынын, эл аралык финансы уюмдарынын кредиттери  

50% 

Коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын кредиттери  

100% 

47. Банк кайра жанма кредиттик линиялар боюнча колдонуудагы кредиттин мөөнөттү узартууга мүмкүк, жана контрагент тарабынан акча каражаттары агылып кирүүсү күтүлбөшүн эске алууга тийиш. Колдонбогон кридиттик линиялардын бөлүгү ушул Жобонун 41 пукнтуна ылайык эсептелет.  

48. Камсыдалган кредиттер, ошондой эле кайтарым репо жана баалуу кагаздар. 

Банк төмөнкү агылып кирүү коэффициенттерин пайдалануу менен 30 календарлык күн ичинде төлөө мөөнөтү менен камсыздалган кредиттөөдөн жана баалуу кагаздар менен кайтарым негизинде бүтүмдөрдөн күтүлүп жаткан акча каражаттарынын агылып кирүүсүн эсептөөгө тийиш:  

Төлөө мөөнөтү келип жеткен активдердин төмөнкү категориялары менен камсыз болгон камсыздалган кредиттөө операциялары  

Агылып кирүү коэффициенти 

Биринчи деңгээлдеги активдер  

0% 

2A деңгээлиндеги активдер  

15% 

2Б деңгээлиндеги активдер 

50% 

 

49. Акча каражаттарынын башка агылып кирүүсү  

1) Банк жогорку ликвиддүү активдердин көлөмүндө камтылбаган, 30 календарлык күн (мисалы, купонду төлөө) ичинде төлөө мөөнөтү менен баалуу кагаздардан каражаттардын агылып кирүүсү боюнча 100% агылып кирүү коэффициентин белгилейт.  

2) Банктын операциялык максаттар үчүн, атап айтканда, клиринг, акча каражаттарын сактоо жана тескөө максатында башка финансы-кредит уюмдарында сакталган депозиттери бул уюмдарда операциялык себептер боюнча сакталып калат, жана натыйжада, банк-депозитарий үчүн жеткиликсиз болуп саналат. Банк-депозитарийдин операциялык депозиттерине карата 0% агылып кирүү коэффициенти колдонулат.  

3) Банк операциялык эмес максаттар үчүн башка финансы-кредит уюмдарында сакталган кийинки 30 календарлык күн ичинде төлөнүүгө тийиш болгон банктар аралык депозиттер сыяктуу депозиттери боюнча 100% агылып кирүү коэффициентин белгилейт. Ушул сыяктуу эле, банк кийинки 30 календарлык күн ичинде башка банктар тарабынан тескелген инвестициялык эсептерде жайгаштырылган кайсы гана болбосун каражаттарын сатып алат, банк бул каражаттар боюнча 100% агылып кирүү коэффициентин белгилейт.  

4) Банктын акцияларга же инструменттерге инвестицияларынан күтүлүп жаткан дивиденддерди төлөө сыяктуу акча каражаттарынын акцияларга окшош шарттуу агылып кирүүсү банк тарабынан акча каражаттарынын күтүлүп жаткан агылып кирүүсү катары эсепке алынбайт.  

 

 

 

 

 

 

 

«Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн 

ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» 

жобого 1-тиркеме 

 

А. Ликвиддүүлүгтүн ордун жабуу коэффициенттин сактоо боюнча отчет 

 

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы 

Белгилөөлөр 

Ченемди эсептөө  

Ченемдин айкын мааниси 

Ченемдин белгиленген мааниси  

Белгиленген ченемден четтөөлөр  

Ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициенттин 

Коэффициент 

ВЛА 

------ ---- 

ЧОДС 

  

100% кем эмес 

  

 

Б. Ликвиддүүлүгтүн ордун жабуу коэффициенттин эсептөө боюнча отчет 

 

№ 

Көрсөткүчтүн аталышы  

Талаптардын/милдеттенмелердин көлөмү  

Салмактык коэффициент 

Талаптардын/милдеттенмелердин салмактанып алынган көлөмү  

Алардын түзүмү боюнча белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен корректировкаланган жогорку сапаттагы ликвиддүү активдер  

Х  

Х 

  

1.1 

Биринчи деңгээлдеги жогорку сапаттагы ликвиддүү активдер  

  

Х 

  

1.1.1 

Банктагы нак акча каражаттары  

  

100% 

  

1.1.2 

Улуттук банкта корреспонденттик жана башка эсептерде сакталган каражаттар (эсептөө датасында милдеттүү каамдардан тышкары) 

  

100% 

  

1.1.3 

Аффилирленген банктарды эске албаганда, «Standard and Poors», «Fitch Ratings», «Moodys Investors Service», «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, «A» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктарда ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар 

 

100% 

 

1.1.4 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар  

  

100% 

  

1.1.5 

Чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын, эл аралык финансы уюмдарынын баалуу кагаздары  

  

100% 

  

1.2 

2А деңгээлиндеги жогорку сапаттагы ликвиддүү активдер  

  

Х 

  

1.2.1 

«Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «А-» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ болгон чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана борбордук банктары тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар, эл аралык финансы уюмдары тарабынан чыгарылган же алар тарабынан гарантияланган баалуу кагаздар, банкка карата аффилирленген уюм болуп саналбаган эмитенттер 

  

85% 

  

1.2.2 

Банк аффилирленген уюм болуп саналбаган, «Standard & Poor's» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «AA-» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон эмитенттердин баалуу кагаздары 

  

85% 

  

1.3 

2Б деңгээлиндеги жогорку сапаттагы ликвиддүү активдер  

  

Х 

  

1.3.1 

«Standard & Poor's» рейтинг агенттиги тарабынан берилген «BBB-» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» агенттиктеринин бири аркылуу берилген бирдей рейтингге ээ болгон чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана борбордук банктары тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар же алар тарабынан гарантияланган баалуу кагаздар 

  

50% 

-  

1.3.2 

Банк аффилирленген уюм болуп саналбаган, «Standard & Poor's» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «A+» рейтингинен «А-» рейтингине чейинки кредиттик же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ болгон эмитенттердин баалуу кагаздар. 

  

50% 

-  

1.3.3 

Эл аралык фондулук биржаларда эркин жүгүртүүдөгү кадимки акциялар, банк же анын туунду компаниясынын тарабынан чыгарылган акциялардан тышкары 

  

50% 

  

1.4 

15% жогорку ликвиддүү активдерди корректировкалоо  

Х  

Х  

  

1.5 

2Б деңгээлиндеги жогорку ликвиддүү активдер (корректировкадан кийин)  

Х  

Х  

  

1.6 

40 % жогорку сапаттагы ликвиддүү активдерди корректировкалоо  

Х  

Х  

  

1.7 

2 деңгээлдеги жогорку сапаттагы ликвиддүү активдер (корректировкадан кийин)  

Х  

Х  

  

Акча каражаттарынын күтүлүп жаткан агылып чыгуусу  

Х  

Х  

  

2.1 

Жеке адамдар жана жеке ишкерлер алдындагы милдеттенмелер  

  

Х  

  

2.1.1 

Туруктуу депозиттер 

  

5% 

  

2.1.2 

Анчалык туруктуу эмес депозиттер 

  

10% 

  

2.2 

Юридикалык жактар алдындагы милдеттенмелер  

  

Х  

  

2.2.1 

Операциялык депозиттер 

  

Х  

  

2.2.1.1 

Юридикалык жактардын эсептешүү эсептери  

  

25% 

  

2.2.1.2 

Операциялык максаттар үчүн багытталган талап боюнча төлөнүүчү депозиттер  

  

25% 

  

2.2.2 

Операциялык эмес депозиттер 

  

Х  

  

2.2.2.1 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү бийлик органдарынын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу), мамлекеттик бийлик органдарынын, борбордук банктардын жана чет өлкөлөрдүн мамлекеттик секторунун түзүмдөрүнүн, эл аралык финансы уюмдарынын депозиттери  

  

40% 

  

2.2.2.2 

Юридикалык жактардын депозиттери (финансы-кредит уюмдарын кошпогондо) 

  

40% 

  

2.2.2.3 

Мурдагы категорияларга кирбеген башка уюмдардын депозиттери  

  

40% 

  

2.2.3 

Аффилирленген жактардын жана банк менен байланыштуу жактардын депозиттери  

  

100% 

  

2.2.4 

Банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын депозиттери 

  

100% 

  

2.2.5 

Баалуу кагаздар менен операцияларды ишке ашырган уюмдардын, камсыздандыруу компанияларынын, пенсиялык фонддордун, атайын багыттагы (брокердик кызмат көрсөтүүлөрдү, активдерди тескөө жана башка ортомчу катары финансы кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган) уюмдардын депозиттери  

  

100% 

  

2.2.6 

Мурдагы категорияларга кирбеген башка уюмдардын депозиттери  

  

100% 

  

2.3 

Камыздалган каржылоо  

  

Х  

  

2.3.1 

Биринчи деңгээлдеги жогорку ликвиддүү активдер менен камсыздалган милдеттенмелер  

  

0% 

  

2.3.2 

Улуттук банк алдындагы милдеттенмелер  

  

0% 

  

2.3.3 

2А деңгээлиндеги жогорку ликвиддүү активдер менен камсыздалган милдеттенмелер  

  

15% 

  

2.3.4 

2Б деңгээлиндеги жогорку ликвиддүү активдер менен камсыздалган милдеттенмелер  

  

50% 

  

2.3.5 

Жогоруда келтирилген тиешелүү категорияларда көрсөтүлбөгөн, төлөө мөөнөтү келип жеткен бардык камсыздалган каржылоо боюнча башка операциялар  

  

100% 

  

2.4 

Туунду финансылык инструменттер  

  

Х  

  

2.4.1 

Нетто негизиндеги туунду инструменттер боюнча акча каражаттарынын күтүлүп жаткан агылып чыгуусу  

  

100% 

  

2.5 

Шарттуу милдеттендирилген кредиттик линиялар 

  

Х  

  

2.5.1 

Жеке адамдардын, жеке ишкерлердин кредиттик линиялары  

  

5% 

  

2.5.2 

Юридикалык жактардын (финансы-кредит уюмдарын кошпогондо) кредиттик линиялары  

  

10% 

  

2.5.3 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана бийлик органдарынын, Улуттук банктын, эл аралык финансы уюмдарынын кредиттик линиялары  

  

10% 

  

2.5.4 

Коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын кредиттик линиялары  

  

40% 

  

2.6 

Башка шарттуу милдеттенмелер  

  

Х  

  

2.6.1 

Шартсыз кайтарып алынуучу (милдеттендирилбеген) кредиттик линиялар  

  

0% 

  

2.6.2 

Сооданы каржылоого тиешелүү каржылоо боюнча шарттуу милдеттенмелер  

  

3% 

  

2.6.3 

Сооданы каржылоо боюнча милдеттенмелерге кирбеген гарантиялар жана аккредитивдер  

  

10% 

  

2.7 

Келишим боюнча башка милдеттенмелер  

  

Х  

  

2.7.1 

Мурдагы категорияларда каралбаган, 30 календарлык күн ичинде келишимдик жана башка милдеттенмелер боюнча акча каражаттарынын күтүлүп жаткан агылып чыгуусу 

  

100% 

  

Акча каражаттарынын күтүлүп жаткан агылып кирүүсү  

Х  

Х  

  

3.1 

Кредиттер жана ссудалар  

  

Х  

  

3.1.1 

Жеке адамдардын, жеке ишкерлердин кредиттери  

  

50% 

  

3.1.2 

Юридикалык жактардын кредиттери (финансы-кредит уюмдарын кошпогондо) 

  

50% 

  

3.1.3 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана бийлик органдарынын, эл аралык финансы уюмдарынын кредиттери  

  

50% 

  

3.1.4 

Коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын кредиттери  

  

100% 

  

3.2 

Жогорку ликвиддүү активдер менен камсыздалган кредиттер  

  

Х  

  

3.2.1 

Биринчи деңгээлдеги жогорку ликвиддүү активдер менен камсыздалган кредиттер  

  

0% 

  

3.2.2 

2А деңгээлиндеги жогорку ликвиддүү активдер менен камсыздалган кредиттер  

  

15% 

  

3.2.3 

2Б деңгээлиндеги жогорку ликвиддүү активдер менен камсыздалган кредиттер  

  

50% 

  

3.3 

Акча каражаттарынын күтүлүп жаткан башка агылып кирүүсү  

  

Х  

  

3.3.1 

Акча каражаттарынын жогорку сапаттагы ликвиддүү активдердин курамына кирбеген, күтүлүп жаткан агылып кирүүсү  

  

100% 

  

3.3.2 

Операциялык максаттар үчүн каралган банктар аралык депозиттер  

  

0% 

  

3.3.3 

Операциялык эмес максаттар үчүн каралган банктар аралык депозиттер  

  

100% 

  

3.4 

Нетто негизиндеги туунду инструменттер боюнча акча каражаттарынын күтүлүп жаткан агылып кирүүсү  

  

100% 

  

3.5 

Акча каражаттарынын келишим шарттарында белгиленген, күтүлүп жаткан башка агылып кирүүсү  

  

100% 

  

Акча каражаттарынын корректировкалоодон кийин күтүлүп жаткан агылып кирүүсү  

Х  

Х  

  

Акча каражаттарынын күтүлүп жаткан таза агылып чыгуусу  

Х  

Х  

  

Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициенти (коэффициент) 

Х  

Х  

  

 

В. Ликвиддүүлүгтүн ордун жабуу коэффициентти боюнча күнүмдүк отчет 

Дата 

КПЛ 

ВЛА 

ЧОДС 

Анык мааниси 

1.10.20__ г. 

  

  

  

2.10.20__ г. 

  

  

  

3.10.20__ г.