Кайта келүү

«Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы №2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы №2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун иштеп чыккан (мындан ары токтом долбоору). 

Токтом долбоору «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун 6-пунктуна ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан, анда төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына убактылуу администрация катары таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө айтылган.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Сунушталган өзгөртүүлөрдө төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына Убактылуу администрацияны киргизүү талаптары камтылган. Убактылуу администрация режимин киргизүү чечими Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан кабыл алынат, ошондой эле Улуттук банк Башкармасы тарабынан да кабыл алынышы мүмкүн.  

Токтом долбоору төмөнкү талаптарды аныктайт: Убактылуу администрация режимин киргизүү күнү жана убактысы, Убактылуу администрациянын курамы, Убактылуу администраторго карата талаптар, Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу тартиби, Убактылуу администрациянын ишин уюштуруу жана анын иш тартиби, Убактылуу администрациянын укуктары жана милдеттери, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарынын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү жана сатуу, төлөм системасынын операторлорун/төлөм уюмдарынын өкүлчүлүгүндө жана/же филиалындагы Убактылуу администратордун өкүлүнө карата талаптар, Убактылуу администрациянын чыгашалары жана башкалар. 

Төлөм системасынын операторлоруна/уюмдарына убактылуу администрация режимин киргизүү Улуттук банкка төлөм системасынан пайдалануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, төлөм системасынын натыйжалуугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн колдоо жана камсыз кылуу, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, төлөм системасынын операторлоруна/уюмдарына контролдукту күчөтүүгө, ошондой эле алардын айкын иш жагдайын аныктоо жана андан аркы ишин белгилөөгө мүмкүндүк берет.  

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Бул долбоорду кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт, анткени токтом долбоорунун нормалары Кыргыз Республикасында натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз төлөм системасын камсыз кылуу максатында, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун ишине контролдукту күчөтүүгө мүмкүндүк берет.  

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Токтом долбоору боюнча материалдар Улуттук банк Башкармасынын маалымат отурумyнун жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын расмий интернет-сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө 

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзам нормаларына каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорунун нормаларын ишке ашырууда мамлекеттик бюджеттен жана Улуттук банктын бюджетинен кошумча финансылык чыгымдар талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр тууралуу маалымат  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 «Ишкердик субъектилеринин иши боюнча ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү методикасын бекитүү жөнүндө» токтомунун талаптарына ылайык токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр талап кылынбайт, анткени сунушталган өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-октябрындагы №2019-П-14/50-3-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык келтирилген. 

 

 

Долбоор 

 

 

«Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. «Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун, «KG төлөм системаларынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Байланыш операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКты, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин жана коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын ___________ 

№ _____________________ 

токтомуна тиркеме 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы №2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы №2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Убактылуу администрация жөнүндө" жобонун

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул жободо коммерциялык банктарга, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык уюмдарга, Мамлекеттик өнүктүрүү банкына, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКка, депозиттерди тартуу менен иш алып барган кредиттик союздарга, анын ичинде операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган же «ислам терезесине» ээ коммерциялык банктарга (мындан ары - банктар) Убактылуу администрацияны киргизүү, ошондой эле Убактылуу администрация киргизилген мезгил аралыгында реструктуризациялоо негиздери, тартиби, жол-жобосу, банк операцияларын жүзөгө ашырууда алар пайдаланган атайы терминдерди жана төлөм уюмдарын/төлөм системасынын операторлорун да эске алуу менен аныкталган. Мында реструктуризациялоо жол-жоболору кредиттик союздарга жана төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна карата колдонулбайт.  

Жобо кредиттик союздарга жана төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, алардын иш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен колдонулат.»; 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Жободо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" мыйзамдарында (мындан ары - мыйзам) чагылдырылган аныктамалар, ошондой эле төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылган:  

Убактылуу администрация бул, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун ишине төмөнкү максатта таасир этүү чарасы катары киргизилген атайы режим:  

активдердин, документтердин жана маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу, банк аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, республиканын банк тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле банкта айкын иш жагдайын аныктоо жана анын андан аркы ишин белгилөө үчүн, банкты контролдоо; 

- төлөм системаларын пайдалануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, террористтик ишти каржылоого жана жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү, ошондой эле төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун айкын иш жагдайын аныктоо жана анын андан аркы ишин белгилөө үчүн, төлөм уюмдарын/төлөм системаларынын операторлорун контролдоо; 

Убактылуу администратор банкта/төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда Убактылуу администрация режимин жүзөгө ашыруу максатында, Улуттук банк тарабынан дайындалган Убактылуу администратор же Убактылуу администрациянын жетекчиси;  

Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршылык көрсөтүү банктын, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (алардын филиалынын/туунду мекемесинин) башкаруу органынын жана/же айрым кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин, ошондой эле Убактылуу администратор же Убактылуу администрация жетекчиси/мүчөсү мыйзамда жана ушул жободо аныкталган милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылган же ага мүмкүнчүлүк бербеген банк/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору менен байланыштуу башка жактардын аракеттенүүсү же аракеттенбей коюулары;  

Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт банктын, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (алардын филиалынын/туунду мекемесинин) башкаруу органдарынын жана/же анын айрым кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин, жана банк/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору менен байланыштуу башка жактардын Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттери боюнча түзүлгөн документ;  

көзөмөл органы Улуттук банктын уюштуруу түзүмүндө каралган Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү, Көзөмөл боюнча комитети, Төлөм системасы боюнча комитети; 

банкты реструктуризациялоо аманатчылардын жана башка кредиторлордун таламдарын коргоо, банк жана төлөм системасы үчүн маанилүү болуп саналган банк ишинин үзгүлтүксүздүгүн, ошондой эле банк жана финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында банкка карата көрүлүүчү чаралар топтому. 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

3. Убактылуу администрация банкка, төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарында жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген негиздер орун алган шартта киргизилет. 

- 4-пунктунда «Көзөмөл боюнча комитети/» деген сөздөрдөн кийин «Төлөм системасы боюнча комитети» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Убактылуу администрацияны киргизүү жана Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо чечими банктын Башкармасынын, Директорлор кеңешинин, кредиторлорунун жана акционерлеринин, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун аткаруу органынын жана/же акционерлеринин (уюштуруучулары/катышуучулары (эгерде болсо), ошондой эле укук коргоо, сот жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кайрылуусу боюнча Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынышы мүмкүн, анда Убактылуу администрация киргизүү үчүн негиздер көрсөтүлүүгө тийиш. 

- 6-пунктунда үчүнчү жана төртүнчү абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«-төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун төлөм системасынын катышуучулары жана пайдалануучулары алдындагы финансылык милдеттенмелерин аткарбагандыгы жана белгиленген мөөнөт ичинде милдеттенмелерин төлөөгө жөндөмсүздүгү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Убактылуу администрацияны киргизүү үчүн башка негиздер болушу тууралуу өтүнүч кат;  

- тиешелүү ченемдик укуктук актыларга таянуу жана тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен банкка, төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна Убактылуу администрацияны киргизүү зарылчылыгын негиздөө.»; 

- 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Банкка/төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна Убактылуу администрация киргизүү өтүнүчүндө төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- банк, филиалдар, сактык кассалары, туунду же караштуу компаниялар, банктык топтун түзүмү тууралуу маалымат (эгер колдонулган болсо) же төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору, туунду компаниялар жөнүндө маалыматтар;  

- Убактылуу администрация киргизүүгө негиздеме;  

- банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун финансылык абалы тууралуу маалымат (анын ичинде акыркы комплекстүү жана максаттуу текшерүүлөрдүн жыйынтыктары);  

- Убактылуу администрацияны киргизүү мөөнөтү жөнүндө сунуш, ал алты айдан ашпоого тийиш;  

- талапкерлердин (Убактылуу администратор, Убактылуу администрациянын мүчөлөрү) Улуттук банктын талаптарына жооп бере тургандыгы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Убактылуу администрациянын курамы жөнүндө сунуш;  

- негиздемелерди көрсөтүү менен банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун ишине чектөөлөрдү киргизүү боюнча сунуш (эгер болсо/зарыл учурларда);  

- банктын банк-корреспонденттеринин тизмеси же төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларынын, агенттеринин тизмеси;  

- башка маалымат.»; 

- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Улуттук банк Башкармасынын Убактылуу администрацияны киргизүү жана Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо жөнүндө токтомунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- ага карата Убактылуу администрацияны киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун фирмалык (расмий) жана кыскартылган аталышы;  

- Убактылуу администрацияны киргизүүгө негиздеме (ченемдик укуктук актыларга шилтемелерди кошо алганда);  

- Убактылуу администрация режими киргизилген күн жана убактысы;  

- Убактылуу администрация режими киргизилген мөөнөт;  

- банктын эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү (зарылчылыкка жараша) жүзөгө ашыруу тартибин кошо алганда, банктын иш ыргагы, же үчүнчү жактардын/төлөмдөрдүн процессингинин пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу эрежелерин жана жол-жоболорун кошо алганда, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун иш ыргагы;  

- банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун ишине коюлган чектөөлөрдүн тизмеги (зарылчылыкка жараша);  

- Убактылуу администратор жана ишке тартылган адамдар, анын ичинде Убактылуу администрациянын курамына кирген Улуттук банктын кызматкерлери жөнүндө маалымат;  

- Убактылуу администрация милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон тапшырма же көрсөтмө (зарылчылыкка жараша);  

- Убактылуу администрациянын банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун документтерин, активдерин жана баалуулуктарын кабыл алуу мөөнөттөрү;  

- Убактылуу администрация дайындалгандыгы тууралуу банк-корреспонденттерге маалымдоо боюнча талаптар же банктарга, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун агенттерине маалымдоо жөнүндө талаптар;  

- Убактылуу администрациянын Улуттук банкка чыгымдар сметасын жана отчет берүү тартиби жана мөөнөттөрү

Улуттук банк Башкармасынын Убактылуу администрацияны киргизүү жана Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо тууралуу токтомунда Убактылуу администрацияга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка жоболор камтылышы мүмкүн.» 

- 10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Улуттук банк Башкармасынын Убактылуу администрацияны киргизүү, Убактылуу администраторду/Убактылуу администрация жетекчисин дайындоо жөнүндө токтому көзөмөл органы тарабынан, эгерде токтомдо башкасы каралбаса, ал кабыл алынган учурдан тартып бир жумуш күнү ичинде банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун башкаруу органына тааныштырылууга тийиш. 

Улуттук банк Башкармасынын токтомунун көчүрмөсү, банктын Директорлор кеңешинин кайсы болбосун мүчөсүнө же жетекчисине, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун аткаруу органынын мүчөсүнө же жетекчисине, көчүрмөнүн экинчи нускасына тапшырылган күндү жана убактысын көрсөтүп, кол койдуруу менен тапшырылат, ал ыйгарым укуктары токтогонго чейин Убактылуу администратордо сакталат. Банк/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору аны алгандыгын тастыктап кол койгон токтомдун экинчи нускасынын көчүрмөсүн Убактылуу администратор көзөмөл органына тапшырат.»; 

- 11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Убактылуу администрацияны киргизүү чечими кабыл алынган учурда, эгерде токтомдо башкасы каралбаса, чечим кабыл алынган учурдан кийинки 1 (бир) жумуш күнү ичинде көзөмөл органы:  

- банкта эсептешүүлөрдүн жана төлөмдөрдүн банктар аралык системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган уюмдарга, бардык коммерциялык банктарга, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигине (мындан ары Депозиттерди коргоо агенттиги), «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКка билдирүү кат жөнөтөт;  

- төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунда банктарга, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга, агенттерге, бардык төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна билдирүү кат жөнөтөт.  

Билдирүү кат төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:  

- Убактылуу администрация киргизилген банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун аталышы;  

- Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтому кабыл алынган күндү, анын номерин көрсөтүү менен Убактылуу администрация киргизилгендиги жөнүндө билдирүү;  

- Убактылуу администрация киргизилген күн жана убактысы;  

- Убактылуу администрация киргизилген мөөнөт;  

- Убактылуу администратордун аты-жөнү;  

- Убактылуу администратордун кол тамгасынын үлгүсү.»; 

- 18-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18. Убактылуу администрациянын курамына мындай режим киргизилген банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун кызмат адамдары жана аффилирленген жактары, ошондой эле таламдары каршы келген адамдар дайындалбайт. Бул талаптар Улуттук банктын кызматкерлерине да тиешелүү. Мында, Убактылуу администратордун каалоосу боюнча айрым ыйгарым укуктар банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун кызмат адамдарына жүктөлүшү мүмкүн. Алар Убактылуу администратордун тиешелүү буйругу/буйруусу менен тариздетилүүгө тийиш.»; 

- 19-пункту «Убактылуу администрация» деген сөздөрдөн кийин «банктын» деген сөз менен толукталсын;  

- 22-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«22. Убактылуу администратордун кызматына көрсөтүлгөн талапкер төмөнкү минималдуу талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

1) жогорку билими тууралуу дипломго ээ болуусу;  

2) финансы-банк системасында кеминде 5 (беш) жылдык, анын ичинде жетекчилик кызматтарда кеминде 2 (эки) жылдык эмгек стажы; 

3) Кыргыз Республикасынын банк ишин, анын ичинде банктык тобокелдиктерди жөнгө салган мыйзамдарын билүүсү (банктын Убактылуу администраторунун кызматы үчүн); 

3-1) Кыргыз Республикасынын төлөм системасын, анын ичинде төлөм системасындагы тобокелдиктерди жөнгө салган мыйзамдарды билүүсүөлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун Убактылуу администраторунун кызматы үчүн);  

4) кынтыксыз ишкер абройго ээ болууга; 

5) Убактылуу администрация киргизилген банктын карыз алуучулары, кредиторлору жана банк менен байланыштуу жактар менен, ошондой эле төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору, алардын товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулары менен байланыштуу жактар жана агенттери менен таламдардын каршы келбеши.»; 

- 27-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«27. Убактылуу администрация киргизилген учурдан тартып:  

1) банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары токтотулуп, Убактылуу администрацияга өткөрүлүп берилет. Мында, эгерде алар Убактылуу администрация тарабынан бекитилбесе, башкаруу органынын бардык чечимдери укук чегинде кабыл алынбаган катары саналат. Убактылуу администрация башкаруу органынын бардык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат:  

- банктын өз ыктыярдуу жоюлуу чечимин кабыл алуу боюнча ыйгарым укугун эске албаганда, банктын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык;  

- төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун өз ыктыярдуу жоюлуу чечимин кабыл алуу боюнча ыйгарым укугун эске албаганда, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык; 

2) банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун атынан юридикалык жак катары Убактылуу администрация гана иш алып барууга укуктуу. Кимдир бирөөнүн банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун атынан кандайдыр бир иш-аракеттери жараксыз катары эсептелинет;  

3) банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун ишеним боюнча тескөөсүндө турган мүлктү эске албаганда, банктан/төлөм уюмдарынан/төлөм системаларынын операторлорунан карыздарды өндүрүү жөнүндө соттук актыларды аткаруу убактылуу токтотулат;  

4) бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү төлөөнү кошо алганда, банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун бардык карыздык милдеттенмелери боюнча пайыздарды, үстөк айыпты жана башка финансылык санкцияларды кошуп эсептөө токтотулат;  

5) пайданы бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө, акционерлер алдында бардык финансылык милдеттенмелерди аткаруу, ошондой эле банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун кызмат адамдарына жана кызматкерлерине ар кандай сый акыларды (белгиленген эмгек акыны кошпогондо, сый акылар, бонустар жана башка демилгелөөчү төлөөлөр) төлөө токтотулат;  

6) эгерде Улуттук банк тарабынан башкасы белгиленбесе, бардык банктык операциялар жана төлөмдөр, бүтүмдөр жана башка иштер убактылуу токтотулат;  

7) банк/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору тарап катары иш алып барган жарандык жана экономикалык иштер боюнча сот иши убактылуу токтотулат;  

8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан банкка/төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна карата кабыл алынган кандай болбосун мажбурлоо актыларын аткаруу иши убактылуу токтотулат.»; 

- 31-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Убактылуу администрация киргизилген учурдан тартып банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун кызмат адамдары банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун жайларына тоскоолдуксуз кирүү, активдери жана документтери менен таанышып чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.»; 

- 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Убактылуу администрация киргизилген учурда банктын (Башкармасынын мүчөлөрү)/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (аткаруу органынын мүчөлөрү) жетекчилиги Убактылуу администрацияга аудио/видео жабдуулар орнотулбаган өзүнчө жай бөлүп берүүгө, үчүнчү жактардын ошол жайга аудио/видео жабдууларын орнотуу аракеттерине бөгөт коюуга, банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун жана Убактылуу жана Убактылуу администрациянын документтеринин коопсуз сакталышын, ошондой эле Убактылуу администрация өз ишин аткаруусу үчүн зарыл жабдуу жана техника менен камсыз кылууга милдеттүү»;  

33-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«33. Эгерде Убактылуу администрация коопсуз иш алып баруусу жана/же кызматтык маалыматтарды коргоо же болбосо келип чыккан жагдайлар өзгөчө иш шартын жана техникалык жактан жабдууну талап кылбаса, Убактылуу администрация өз ишин жүргүзүп жаткан мезгил ичинде банкка/төлөм уюмдарына/төлөм системаларына операторлоруна тиешелүү кызматтык жайларды, байланыш каражаттарын, автоунаа транспортторун жана башка техникалык каражаттарды банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун аткаруу органы үчүн белгиленген тартипте жана шарттарда пайдалана алат.»; 

- 34-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34.  Эгерде Улуттук банк Башкармасы тарабынан башкасы белгиленбесе, Убактылуу администратор Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу максатында зарыл деп эсептеген ыйгарым укуктарды банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун жетекчилерине жана кызматкерлерине ыйгарышы мүмкүн. Мындан тышкары Убактылуу администратор Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу үчүн адистерди ишке тартууга укуктуу. Бул жөнүндө маалымат Убактылуу администратордун Улуттук банкка сунушталуучу отчетунда чагылдырылууга тийиш.»; 

- 35-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«35. Убактылуу администратор дайындалгандан кийин тез арада төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- банкта Убактылуу администрация киргизилген учурда, банктын филиалдарына, туунду мекемелерине жана өкүлчүлүктөрүнө, банктык топко, чет өлкө банкына (Убактылуу администрация киргизилген банктын филиалына) маалымдайт, ал эми төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна Убактылуу администрация киргизилген учурда, банктарга, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун өкүлчүлүктөрүнө жана/же филиалдарына, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларына жана агенттерине маалымдайт жана Убактылуу администратордун кол тамга үлгүсү чагылдырылган билдирүү-катты жөнөтөт;  

- инвентаризация жүргүзүү үчүн комиссия түзүү, банктын (филиалдардын/туунду мекемелердин)/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун жайларына кирүү укугуна ээ адамдар үчүн өзгөчө өткөрмө режимин киргизүү жөнүндө буйрукту, ошондой эле Убактылуу администратордун каалосу боюнча Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка буйруктарды жана буйрууларды чыгарат.  

-  36-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«36. Убактылуу администратор дайындалгандан кийин тез арада банк-корреспонденттерге же банктарга, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун өкүлчүлүктөрүнө жана/же филиалдарына, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларына жана агенттерине Убактылуу администрация режими киргизилгендиги жөнүндө маалымдайт (SWIFT системасынын каналдары, факс боюнча, башка жеткиликтүү жана алгылыктуу байланыш каналдары) жана төмөнкүлөр камтылган билдирүү-кат жөнөтөт:  

- Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтому кабыл алынган күндү жана анын номерин көрсөтүү менен Убактылуу администрация киргизилгендиги жөнүндө билдирүү;  

- Убактылуу администрация киргизилген күн жана убактысы;  

- Убактылуу администрация киргизилген мезгил аралыгы;  

- Убактылуу администратор тууралуу маалымат (аты-жөнү) жана байланышуу үчүн маалымат;  

- Убактылуу администратор зарыл деп эсептеген бардык башка маалыматтарды.  

- 38-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38. Убактылуу администрациянын негизги милдетинен болуп банкта Убактылуу администрация режимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашыруу саналат.»; 

- 39-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«39. Убактылуу администрациянын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:  

- банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун финансылык абалынын начарлашына жол бербөө чараларын көрүү;  

- банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун жазууларынын, документтеринин жана активдеринин сакталышын камсыз кылуу;  

- финансылык отчет менен банкта/төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда орун алган айкын иш жагдайын салыштырып текшерүү;  

- банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун чыгашаларын мүмкүн болушунча кыскартуу;  

- зарыл учурларда, укук коргоо органдары менен өз ара иш алып баруу аракеттерин Улуттук банкка макулдашуу;  

- катышуучулардын банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун финансылык абалын жакшыртуу үчүн айкын мүмкүнчүлүгү жана ниети болгон шартта, банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүү;  

- банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун андан аркы иши боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдоо;  

- Улуттук банктын тиешелүү чечими болгон шартта, банкты реструктуризациялоо боюнча чараларды көрүү;  

- Убактылуу администрацияны ишке ашыруу максатында башка чараларды көрүү.  

- Убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруу максатында, башка чараларды көрүү.»; 

- 43-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43. Убактылуу администрация киргизилген мезгил аралыгында филиалдарын жана туунду мекемелерин кошо алганда, банктын же төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун отчетторуна (күндөлүк, ар айлык, чейректик, жылдык жана башка отчеттор жана маалыматтар) Убактылуу администратор (филиалдагы/туунду мекемедеги Убактылуу администрациянын өкүлдөрү) жана башкы бухгалтер Улуттук банктын талаптарына ылайык кол коюшат. 

Убактылуу администрация киргизилген мезгил аралыгында отчеттор банк/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору тарабынан мамлекеттик органдарга (салык, статистика жана башка органдарга) берилет.»; 

- 44-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«44. Убактылуу администратор төмөнкүлөргө укуктуу:  

- банктын филиалдарына, ошондой эле анын туунду уюмдарынын башкаруу органдарына, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун өкүлчүлүктөрүнө жана/же филиалдарына Убактылуу администрацияга өкүлдөрдү дайындоо үчүн адистерди дайындоого же тартууга;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акционерлер жыйынын чакырууга;  

- зарылчылыкка жараша банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун жайларын мөөр басып бекитүүгө;  

- банктын филиалдарын, туунду компанияларын, өкүлчүлүктөрүн, сактык кассаларын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүн, же төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун өкүлчүлүктөрүн жана/же филиалдарын (болгон шартта) жабууга;  

- банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (болгон шартта) атынан кайсы болбосун документтерге жана келишимдерге кол коюуга;  

- банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (болгон шартта) атынан нааразычылыктарды билдирүүгө жана доо талаптарын коюуга;  

- банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (болгон шартта) ишине көз карандысыз аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө келишим түзүүгө;  

- Убактылуу администратор өкүлдөрү жана банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарга жана буйрууларга кол коюуга;  

- ишке кабыл алуу, кызматка дайындоо, иштен бошотуу, кызматынан төмөндөтүү же кызматынан убактылуу четтетүү, банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө буйруктарды/буйрууларды чыгарууга (милдеттүү түрдө эмгек мыйзамынын талаптарын сактоо менен);  

- эмгек мыйзамдарына ылайык банктын (башкы мекеменин, бөлүмдөрдүн, филиалдардын ж.б.)/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун, анын ичинде өкүлчүлүктөрүнүн жана/же филиалдарынын штаттык тизимин карап чыгууга;  

- банкка/төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна Убактылуу администрация режимин киргизүүгө себеп болгон жана/же банкта/төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда көйгөй жараткан иш-аракеттери үчүн, банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун жетекчилерин жана катышуучуларын, ошондой эле банк/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору менен байланыштуу башка жактарды көзөмөл органына маалымдоо менен жоопкерчиликке тартуу (анын ичинде тиешелүү укук коргоо органдарына жана сот органдарына кайрылуу менен да);  

- банкка/төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна Убактылуу администрация киргизилген мезгил ичинде бардык соттордо аларда Убактылуу администрация жүзөгө ашырылып жаткан банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун атынан доочу же жоопкер катары банктын атынан өкүл катары иш алып барууга;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарууга.»; 

- 45-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«45. Улуттук банк Башкармасынын уруксатынын негизинде Убактылуу администратор төмөнкү суммалардын бөлүгүн же толугу менен төлөөнү ишке ашырышы мүмкүн:  

- Убактылуу администратор тарабынан берилген төлөөлөр боюнча тиешелүү негиздеменин жана маалыматтын негизинде, алардын банктын финансылык абалына жана ликвиддүүлүк көрсөткүчтөрүнө таасири боюнча маалыматты сунуштоо аркылуу банк менен байланыштуу болбогон жактардын аманаттары боюнча; 

- Убактылуу администратор тарабынан берилген төлөөлөр боюнча тиешелүү негиздеме менен маалыматтын негизинде, алардын төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун финансылык абалына жана ликвиддүүлүк көрсөткүчтөрүнө таасири боюнча маалыматты сунуштоо аркылуу төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун банктар, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар, агенттер, контрагенттер алдындагы карыздары боюнча»; 

- 46-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Эгерде Убактылуу администрация төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору жоюулууга тийиш деген тыянакка келсе, анда ал төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун карызы боюнча товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга, агенттерге, контрагенттерге кайсы гана болбосун төлөөлөрдү токтотууга милдеттүү.»; 

- 47-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«47. Банкка/төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна Убактылуу администрация режими киргизилген күндөн тартып 15 (он беш) календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө Убактылуу администратор банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун учурдагы финансылык абалы жана ишине баа берүү жөнүндө отчетту Улуттук банк Башкармасына сунуштоого милдеттүү. Отчет тышкы аудитордун жардамы менен түзүлүшү мүмкүн, анын кызмат көрсөтүүсүнүн наркы Убактылуу администрация боюнча чыгашаларга кошулат. Убактылуу администратордун отчетунда банкты жоюуда, төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору банкротко учураганда сатып өткөрүлүшү мүмкүн болгон активдердин наркына баа берүүлөр, милдеттенмелердин жана калган капиталдык ресурстардын толук көлөмү, ошондой эле тиешелүү негиздеме берүү менен төмөнкүдөй сунуш-көрсөтмөлөрдүн бири камтылууга тийиш:  

1) көйгөйлөр четтетилгендигине байланыштуу, банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун өз алдынча ишин калыбына келтирүү;  

2) банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун лицензиясын кайтарып алуу жана банкты мажбурлап жоюуну баштоо;  

3) банкты реструктуризациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү.»; 

- 48-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«48. Улуттук банк Башкармасы Убактылуу администратордун отчетун жана сунуштарын карап көрүп, төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:  

- көйгөйлөр четтетилгендигине байланыштуу банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун өз алдынча ишин калыбына келтирүү жөнүндө;  

- мыйзам талаптарына ылайык банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун лицензиясын кайтарып алуу жана банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө;  

- банкты реструктуризациялоо сунушун колдоо тууралуу.  

Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынган чечимдин негизинде, Убактылуу администратор Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун андан-аркы ишине тиешелүү иш-чаралар планын даярдап, аны Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунуштайт.»; 

- 82-пунктунан кийин Жобо төмөнкү редакциядагы глава менен толукталсын:  

«11.1-глава. Төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү жана сатуу  

82-1. Улуттук банктын баа берүүсү боюнча төмөнкүлөр орун алган шартта, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун активдери жана милдеттенмелери өткөрүлүп берилет жана сатылат: 

1) төлөм уюмдарын/төлөм системаларынын операторлорун банкрот катары таануу коркунучу орун алган жана мындай чечимди кабыл албоо төлөм системасынын төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору менен байланышпаган катышуучуларынын абалын начарлатышы мүмкүн болгон учурда; 

2) мындай чечим системанын катышуучуларынын жана пайдалануучуларынын, ошондой эле төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору менен байланышпаган башка кредиторлордун таламын коргоону камсыз кылуунун алгылыктуу ыкмасы болуп саналса; 

3) бул чара төлөм жана банк системасынын туруктуулугун жана коопсуздугун сактоо, төлөм системасында системалуу тобокелдиктер орун алуу коркунучуна жана төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун калктын ишениминен чыгышына жол бербөө үчүн зарыл болсо.  

Жогоруда көрсөтүлгөн баа берүү Убактылуу администратордун берген маалыматынын негизинде Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылат. Баа берүүдө ушул пункттун 1-3-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздемелер аныкталса, ыйгарым укуктуу бөлүм бул маселени Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунуштайт. 

82-2. Төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүүдө жана сатууда, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, бардыгы жана кайсы гана көлөмдө жана кандай гана болбосун катыштагы алардын бир бөлүгү өткөрүлүп берилиши жана сатылышы мүмкүн.  

82-3. Өткөрүлүп берилүүгө жана сатылууга тийиш болгон активдердин жана милдеттенмелердин тизмеси Убактылуу администратор тарабынан даярдалат жана өтүнүч менен Улуттук банкка берилүүсү зарыл. 

Төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү жана сатуу жөнүндө маалымат Улуттук банк тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Улуттук банктын интернет-сайтына жайгаштырылат. 

82-4. Төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун активдери жана милдеттенмелери рынок шарттарында өткөрүлүп берилет жана сатылат. Активдерди сатуудан түшкөн каражаттар төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна жөнөтүлөт. 

82-5. Төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү жана сатуу учурунда, аларды кабыл алып жана сатып алып жаткан жактын тиешелүү лицензиясы жана/же уруксаты болууга тийиш.  

82-6. Төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүүдө жана сатууда төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун акционерлеринин (уюштуучуларынын)/катышуучуларынын, ошондой эле кайсы гана болбосун башка кызыкдар жактардын макулдугу талап кылынбайт.  

82-7. Төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү жана сатуу төлөм системасынын катышуучуларынын укуктарын бузуу болуп саналбайт. 

82-8. Төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун төлөм системасынын катышуучулары жана пайдалануучулары алдындагы финансылык милдеттенмелери биринчи кезекте өткөрүлүп берилүүгө тийиш. 

82-9. Менчиги, милдеттенмелери жана укуктары өткөрүлүп берилбеген жана сатылбаган төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун акционерлери (уюштуруучулары)/катышуучулары жана башка жактар кандай гана негиздемелери боюнча болбосун башка жактарга өткөрүлүп берилген жана сатылган активдер, милдеттенмелер жана укуктар боюнча өз укуктарын талап кылууга жана билдирүүгө укуктуу эмес.»; 

- 13-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Убактылуу администратордун банктын филиалындагы/туунду мекемесиндеги, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун өкүлчүлүгүндөгү жана/же филиалындагы өкүлү»; 

- 99-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«99. Ишти уюштуруу максатында Убактылуу администратор өз өкүлү катары адистерди ишке тартышы мүмкүн. Убактылуу администратордун өкүлдөрүнүн саны банктын филиалдарынын, туунду мекемелеринин, сактык кассаларынын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун өкүлчүлүгүнүн жана/же филиалынын санына, ошондой эле иштин мүнөзүнө жана көлөмүнө жараша Убактылуу администратор тарабынан аныкталат. Убактылуу администратордун өкүлүнүн эмгек акысы жана жоопкерчилиги Убактылуу администратор менен түзүлгөн келишимдин негизинде белгиленет.»;. 

- 100-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«100. Убактылуу администратор тарабынан ишке тартылган адис Убактылуу администратордун өкүлүнүн милдетин аткаруу үчүн финансы-банк тутумунда кеминде 2 (эки) жылдык иш тажрыйбасы болууга, ошондой эле банк/төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору менен байланышы болбоого жана таламдардын каршы келип калышына жол бербөөгө тийиш.»; 

- 105-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«105. Убактылуу администратор банктын филиалына (туунду мекемесине), аманат кассасына жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнө, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун өкүлчүлүгүнө жана/же филиалына Убактылуу администрациянын өкүлүн дайындоосуз, бардык бүтүмдөрдү Убактылуу администратор менен макулдашуу аркылуу жүзөгө ашыруу шартында ыйгарым укуктарды банктын филиалынын (туунду мекемесинин), аманат кассаларынын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун өкүлчүлүгүнүн жана/же филиалынын жетекчисине өткөрүп берүүгө укуктуу.»;  

- 106-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«106. Убактылуу администрацияга байланыштуу бардык чыгашалар Убактылуу администрация режими киргизилген банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун эсебинен төлөнөт.»; 

- 107-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«107. Убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган, адистердин эмгек акылары банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Убактылуу администратор дайындалган банкта/төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда Убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган, адистердин эмгегин төлөө үчүн ликвиддүү каражаттар жок болгон учурларда, Убактылуу администратордун өтүнүч катынын жана Улуттук банктын чечими боюнча бул чыгымдар Улуттук банктын өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Ал чыгымдар андан ары Убактылуу администратор дайындалган банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун сарптоолоруна киргизилет. Убактылуу администрациянын курамына тартылган Улуттук банктын кызматкерлеринин эмгек акылары Улуттук банктын өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнөт. 

Улуттук банктын эсебинен төлөнгөн Убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган, адистердин эмгек акылары боюнча чыгымдардын орду Убактылуу администрациянын иши токтотулган учурда банк/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору тарабынан, ал эми банкка карата мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган учурда, мыйзамда белгиленген тартипте насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруунун кезектүүлүгүнө ылайык жабылат.»; 

- 112-пунктундагы онунчу абзац “төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору” деген сөздөр менен толукталсын»; 

- 15-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун мөөрүн, ачкычтарын жана документтерин кабыл алуу жана өткөрүп берүү»; 

- 116-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«116. Убактылуу администратор банкка/төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна келгенден кийин банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун жетекчиси бардык мөөрлөрдү (штамптарды) жана ачкычтарды (тесттик ачкычтарды кошо алганда) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына же банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун мөөрлөрүн жана ачкычтарын каттоо журналына кол коюп берүү менен Убактылуу администраторго өткөрүп берет, ал эми Убактылуу администратор аларды өткөрүп алат.  

Убактылуу администратордун банктын филиалындагы/туунду мекемесиндеги өкүлү банктын бардык мөөрлөрүн (штамптарын) жана ачкычтарын (тесттик ачкычтарды кошо алганда) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына же алар катталуучу тиешелүү журналга кол коюу менен филиалдын/туунду мекеменин жетекчисинен өткөрүп алат. Убактылуу администратордун төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун өкүлчүлүгүндөгү жана/же филиалындагы өкүлү төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун бардык мөөрлөрүн (штамптарын) жана ачкычтарын (тесттик ачкычтарды кошо алганда) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына же алар катталуучу тиешелүү журналга кол коюу менен туунду мекеменин жетекчисинен өткөрүп алат.»; 

- 117-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«117. Банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун жетекчиси жана башкы бухгалтери банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун бухгалтердик жана башка документтерин ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык тиешелүү тизме боюнча Убактылуу администраторго өткөрүп беришет.  

Документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү Улуттук банк Башкармасынын токтомунда белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүзөгө ашырылып, тиешелүү акт (актылар) менен таризделинет.  

Банктын филиалынын/туунду мекемесинин/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун жетекчиси жана башкы бухгалтери банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун бухгалтердик жана башка документтерин ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык тиешелүү тизме боюнча Убактылуу администратордун өкүлүнө өткөрүп берет.»; 

- 118-пункту «/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 119-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«119. Убактылуу администратор Убактылуу администрация чарасы киргизилген күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен, төмөнкүлөрдү ишке ашырууга милдеттүү:  

- банктын башкы офисиндеги, филиалдарындагы, түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү бардык материалдык баалуулуктарды (негизги каражаттарды, жабдууларды ж.б.), анын ичинде банкка тиешелүү болбогон жана анда күрөөдө, ишенимдүү башкарууда турган мүлктү инвентаризациялоого (мындан ары текст боюнча - инвентаризациялоо), төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун, ага кошо анын өкүлчүлүгүнүн жана/филиалдарынын материалдык баалуулуктарын (негизги каражаттарды, жабдууларды ж.б.) инвентаризациялоого. Инвентаризациялоо мөөнөтү Убактылуу администратордун буйругу менен филиалдардын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн санына, аткарыла турган иш көлөмүнө жараша белгиленет, бирок ал Убактылуу администрация киргизилгенден кийин 30 календардык күндөн ашпоого тийиш;  

- банктын, анын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн кассаларындагы, банкоматтардагы, терминалдардагы жана касса түйүнүнөн тышкары операциялык кассалардагы банкнотторго, монеталарга жана башка баалуулуктарга ревизия жүргүзүүгө (мындан ары текст боюнча - ревизия жүргүзүү), же төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун кассаларындагы, төлөм терминалдарындагы банкнотторго, монеталарга жана башка баалуулуктарга ревизия жүргүзүүгө. Ревизия Убактылуу администрация киргизилген күндөн тартып 3 жумуш күнү ичинде ишке ашырылууга тийиш;  

- Убактылуу администрация башталган күнгө карата бардык банк-корреспонденттердин эсептери боюнча тастыктама алуу менен банк-корреспонденттердеги эсептерди салыштырып текшерүүгө.  

Мындан тышкары Убактылуу администратор:  

1) төмөнкүлөрдү салыштырып текшерүүгө тийиш:  

- рыноктук же корректировкаланган нарк боюнча эсепке алынган баалуу кагаздарды;  

- кредиттерди, Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жана «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого ылайык, кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарды корректировкалоону;  

- баа берилген нарк боюнча таанылган башка активдерди;  

2) банкта салыштырып текшерүүнүн натыйжасында, айрым статьялар боюнча корректировкалоолорду эске алуу менен баланстык отчетту түзөт.  

3) төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда текшерүүнүн натыйжасында, баланстык отчетту түзөт.»; 

- 8-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«121. Эгерде банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун жетекчиси (банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун башкы бухгалтери же болбосо башка кызматкери) ревизиялоону жана/же инвентаризациялоону жүргүзүүдөн же болбосо ревизиялоо жана/же инвентаризациялоо боюнча комиссияга катышуудан баш тартса, Убактылуу администратор Убактылуу администрация жүргүзүүгө каршы аракеттер көрүлгөндүгү тууралуу акт түзөт.»; 

- 17-главанын аталышы «/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 122-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«122. Убактылуу администратор Убактылуу администрация режими киргизилгенден кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун эсептешүү документтерине кол коюуга укуктуу Убактылуу администратордун жана ал мындай укук чегерген башка адамдардын кол тамгасынын үлгүлөрү түшүрүлгөн, тиешелүү негизде тариздетилген карточкаларды (эки нускада) Улуттук банкка берет.  

Областтарда филиалы/туунду мекемеси бар банктын Убактылуу администрация боюнча өкүлү Убактылуу администрация режими киргизилгенден кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына Убактылуу администратордун өкүлүнүн жана ал мындай укук чегерген башка адамдардын кол тамгаларынын үлгүлөрү түшүрүлгөн, тиешелүү негизде таризделген карточкаларды (эки нускада) берүүгө тийиш.  

Областтарда өкүлчүлүгү/филиалы бар төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун Убактылуу администрация боюнча өкүлү Убактылуу администрация режими киргизилгенден кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына Убактылуу администратордун өкүлүнүн жана ал мындай укук чегерген башка адамдардын кол тамгаларынын үлгүлөрү түшүрүлгөн, тиешелүү негизде таризделген карточкаларды (эки нускада) берүүгө тийиш.»; 

- 123-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«123. Банктын жана анын филиалдарынын/туунду мекемелеринин/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн/филиалдарынын Убактылуу администрация чарасы киргизилген жана Убактылуу администратор дайындалган учурда банктын төлөм документтерине кол коюуга укуктуу кызматкерлеринин кол тамгаларынын үлгүлөрү түшүрүлгөн карточкалар жараксыз деп эсептелинет. Көрсөтүлгөн карточкалар Улуттук банкта жана анын тиешелүү областтык башкармалыктарында сакталууга тийиш.»; 

- 124-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«124. Банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун эсептешүү документтерине биринчи кол коюу укугу Убактылуу администраторго, ал эми банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун филиалынын/туунду мекемесинин эсептешүү документтерине кол коюу укугу Убактылуу администратордун өкүлүнө тиешелүү.  

Банктын төлөм документтерине экинчи кол коюу укугу банктын башкы бухгалтерине же бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык Убактылуу администратордун башкы бухгалтердин милдеттерин аткарган өкүлүнө/Убактылуу администрациянын курамына кирген жакка, ал эми банктын филиалынын/туунду мекемесинин эсептешүү документтерине - филиалдын/туунду мекеменин башкы бухгалтерине же Убактылуу администрациянын өкүлүнүн сунушу боюнча Убактылуу администратор тарабынан филиалдын/туунду мекеменин башкы бухгалтеринин милдеттерин аткаруу ыйгарым укугу чегерилген башка адамга тиешелүү.  

Төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун документтерине экинчи кол коюу укугу төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун башкы бухгалтерине же бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык Убактылуу администратордун башкы бухгалтердин милдеттерин аткарган өкүлүнө/Убактылуу администрациянын курамына кирген жакка, ал эми төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун туунду мекемесинин эсептешүү документтерине өкүлчүлүктүн, филиалдын башкы бухгалтерине же Убактылуу администрациянын өкүлүнүн сунушу боюнча Убактылуу администратор тарабынан туунду мекеменин башкы бухгалтеринин милдеттерин аткаруу ыйгарым укугу чегерилген башка адамга тиешелүү

Убактылуу администратор банктын филиалынын жетекчисинин эсептешүү документтерине биринчи кол коюу ыйгарым укуктарын жана аткарган милдеттерин калтырууга укуктуу. 

Убактылуу администратор төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун өкүлүнүн/филиалынын жетекчисинин эсептешүү документтерине биринчи кол коюу ыйгарым укуктарын жана аткарган милдеттерин калтырууга укуктуу.»; 

- 125-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«125. Банктын жана анын филиалдарынын төлөм документтери, эсептешүү операцияларын жүзөгө ашырган Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү, үчүнчү жактардын пайдасына банктар аралык эсептешүүлөр жана төлөмдөр системасы жана төлөм системасы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мекемелер, банк-корреспонденттер тарабынан ушул жобонун 124-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын кол коюусу менен аткарууга кабыл алынат.»;  

 

- 128-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«128. Банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун башкаруу органдары жана/же айрым кызмат адамдары жана кызматкерлери жана банк/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору менен байланыштуу башка адамдар тарабынан Убактылуу администратордун «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамга жана ушул жобого ылайык ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруусуна тоскоолдук кылынса же каршы аракеттер көрүлсө, Убактылуу администратор Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт түзөт (ушул жобого карата 3-тиркемеге ылайык).»; 

- 130-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«130. Банктын филиалында/туунду мекемесинде/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун өкүлүндө/филиалында Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө актыны Убактылуу администратордун өкүлү түзөт жана кол коёт. Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсү Убактылуу администраторго жөнөтүлөт.»; 

- 130-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«131. Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт ал түзүлгөн күндү, кирген номерин, каттоодон өткөргөн жакты көрсөтүү менен банкта/төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда милдеттүү түрдө кирген корреспонденция катары каттоодон өткөртүлүүгө тийиш.»; 

- 132-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«132. Банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун башкаруу органдары жана/же анын айрым кызмат адамдары жана кызматкерлери, банк/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору менен байланыштуу башка адамдар Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттерди жасагандыгы фактысы жөнүндө арыз менен Убактылуу администратордун мыйзам актыларына ылайык укук коргоо органдарына кайрылууга укугу бар.»; 

- 133-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«133. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин)/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (өкүлчүлүктүн/филиалдын) башкаруу органдарынын жана/же анын айрым кызмат адамдары жана кызматкерлеринин жана банк/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору менен байланыштуу башка адамдардын Убактылуу администраторго (анын өкүлдөрүнө) каршы аракеттери, мыйзам актыларына ылайык банкка/төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна карата таасир этүү чараларын көрүү үчүн негиз болуп саналат.»; 

- 135-пунктунун биринчи сүйлөмү «, төлөм системасынын катышуучулары» деген сөздөр менен толукталсын;  

- 139-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«139. Банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун кызмат адамдарынын Убактылуу администрация мезгили ичинде токтотулган ыйгарым укуктары, эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кызматынан бошотулбаган болсо, жана Улуттук банк банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун кызмат адамын алмаштырууну талап кылбаса, Убактылуу администратордун иши токтотулгандан кийин калыбына келтирилет.»; 

- 140-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«140. Убактылуу администратор банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары калыбына келтирилгенден кийин банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун мөөрлөрүн (штамптарын), ачкычтарын, бухгалтердик жана башка документтерин ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык, макулдашылган мөөнөттө, банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун жетекчисине тизме боюнча өткөрүп берет, ал эми банктын жетекчиси аларды кабыл алат. 

Банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун мөөрлөрүн (штамптарын), ачкычтарын, бухгалтердик жана башка документтерин кабыл алуу жана өткөрүп берүү тиешелүү акт (актылар) менен таризделет.»; 

- 141-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«141. Банк Убактылуу администрация токтотулган учурдан кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун эсептешүү документтерине кол коюу укугуна ээ кызмат адамдарынын, ошондой эле башка адамдардын кол тамгасынын үлгүсү түшүрүлүп, тиешелүү түрдө таризделген карточкаларды (эки нускада) Улуттук банкка берүүгө тийиш.»; 

- 145-пункту «, төлөм системасынын катышуучулары» деген сөздөр менен толукталсын; 

- Ушул Жобонун 1-тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктын (филиалдын/туунду мекеменин), төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (өкүлчүлүктүн/филиалдын) Убактылуу администрация башталган жана токтотулган учурда милдеттүү түрдө кабыл алынып/өткөрүлүп берилүүчү документтеринин минималдуу тизмеги 

1. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин), төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (өкүлчүлүктүн/филиалдын) уюштуруу документтери.  

2. Банк (филиал/туунду мекеме), төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору (өкүлчүлүгү/филиалы) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү (кайра каттоодон өткөндүгү) жөнүндө күбөлүк.  

3. Банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун банк операцияларын, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунда кесипкөйлүк ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы, башка лицензиялары жана ага берилген уруксаттар.  

4. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин), төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (өкүлчүлүктүн/филиалдын) штаттык тизими, кызматын көрсөтүү менен банктын (филиалдын/туунду мекеменин), төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (өкүлчүлүктүн/филиалдын) кызматкерлеринин тизмеси, алар иштеген түзүмдүк бөлүм, кызмат орду, кызматтык эмгек акысы, бош кызмат орундарынын тизмеси, ошондой эле банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (өкүлчүлүктүн/филиалдын) кызматкерлеринин өздүк иши жана эмгек китепчелери. Жеке курам жана негизги иш боюнча бардык буйруктар.  

5. Жайгашкан ордун көрсөтүү менен филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн жана туунду мекемелердин (чет өлкөдөгүлөрдү кошо алганда) тизмеси.  

6. Бүтүндөй алганда банк жана филиалдар, төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору (өкүлчүлүк/филиал) боюнча Убактылуу администрация киргизилген/токтотулган күнгө карата банктын (филиалдын/туунду мекеменин), төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (өкүлчүлүктүн/филиалдын) бухгалтердик балансы, ошондой эле баланстык эсеп боюнча отчету.  

7. Эсеп номерин, ар бир делонун (юридикалык делолордо документтердин тизмеси болушу зарыл) барагынын санын билдирген белгиси бар юридикалык делонун номерин көрсөтүү менен банк (филиалдын/туунду мекеменин) кардарларынын тизмеси.  

Эсеп номерин, ар бир делонун (юридикалык делолордо документтердин тизмеси болушу зарыл) барагынын санын билдирген белгиси бар юридикалык делонун номерин көрсөтүү менен төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларынын, агенттеринин тизмеси. 

8. Берилген гарантиялар, аккредитивтер жана банктын башка милдеттенмелери боюнча документтер.  

9. Чарба келишимдерин кошо алганда, банк (филиал/туунду мекеме), төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору (өкүлчүлүк/филиал) менен келишилген бардык бүтүмдөр боюнча келишимдер.  

10. Корреспонденттик мамилелерди түзүү тууралуу келишимдер, тесттик ачкычтарды кошо алганда, электрондук төлөмдөр жана кол тамга үлгүлөрүнүн шифрлери.  

11. Банк (филиал/туунду мекеме) тарабынан жүргүзүлүүчү кредиттик жана башка таржымал, күрөөлүк мүлк жөнүндө документтер, банк тарабынан чыгарылган гарантиялык жана башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер.  

12. Тышкы аудиторлор тарабынан банкта/төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүлөр боюнча бардык отчеттор.  

13. Ишеним каттарды эсепке алуу китеби, ошондой эле банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун кызматкерлерине, алардын филиалдарынын, туунду мекемелеринин, өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине жана үчүнчү жактарга берилген ишеним каттардын көчүрмөлөрү.  

14. Банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун аткаруу органынын протоколдору жана чечимдери, тескөөчү документтер жана бул документтердин эсебин жүргүзүү китеби.  

15. Банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (акционерлери/катышуучулары болгон учурда) Директорлор кеңешинин отурумдарында жана менчик ээлеринин (акционерлеринин) жыйынында толтурулган протоколдор.  

16. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин), төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (өкүлчүлүктүн/филиалдын) чыккан жана кирген корреспонденцияларын каттоо журналы. Улуттук банк, банк кардарлары, уюмдар менен банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун чыккан жана кирген корреспонденциялары.  

17. Банк (филиал/туунду мекеме), төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору (өкүлчүлүк/филиал) тарабынан түзүлгөн келишимдерди, контракттарды жана макулдашууларды каттоо журналы.  

18. Төлөм документтеринде биринчи жана экинчи кол коюуга, ошондой эле банк (филиал/туунду мекеме), төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору (өкүлчүлүк/филиал) менен келишилген кредиттик жана башка келишимдерге, эмгек келишимдерине жана контракттарга кол коюу укугуна ээ адамдардын кол тамгаларынын үлгүлөрү.  

19. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин), төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (өкүлчүлүктүн/филиалдын) административдик-чарбалык чыгашаларынын сметасы.  

20. Суммасын көрсөтүү менен банкка (филиалга/туунду мекемеге), төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна (өкүлчүлүккө/филиалга) карата соттук тартипте же соттон тышкары коюлган талаптардын, доолордун жана аткаруу барактарынын, ошондой эле банктын башкаларга карата талаптарынын тизмеси.  

21. Негизги каражаттардын, наркы төмөн, тез тосулуучу буюмдардын, башка активдердин, ошондой эле документтердин, архивдин инвентаризациялык описи (инвентаризациялоо аяктагандан кийин берилет).  

22. Банк/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору (өкүлчүлүгү/филиалы) расмий түрдө талап жөнөтүүсү үчүн пайдаланган фирмалык бланктар (банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (өкүлчүлүгүнүн/филиалынын) фирмалык символикасын жана башка реквизиттерин камтыган документтердин башка формалары).  

23. Банкта/төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда (өкүлчүлүктө/филиалда) өткөрүлгөн максаттуу жана комплекстүү текшерүүлөр боюнча бардык отчеттор.  

24. Убактылуу администратордун пикири боюнча банктын (филиалдын/туунду мекеменин), төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (өкүлчүлүгүнүн/филиалынын) жетекчилиги берүүгө тийиш деп эсептеген кандай болбосун башка документтер. 

25. Убактылуу администратор банктын (филиалдын/туунду мекеменин), төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (өкүлчүлүктүн/филиалдын) жетекчилигинен кошумча документтерди жана ушул тизмеде көрсөтүлгөн документтердин аныктыгын тастыктаган документтерди талап кылууга укуктуу.»; 

- ушул Жобонун 2-тиркемесинин биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Убактылуу администратордун банкта аткарган иши жөнүндө отчетуна карата минималдуу талаптар»;  

- Жобо төмөнкү мазмундагы 2-1-тиркеме менен толукталсын:  

«Убактылуу администратордун төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда аткарган иши жөнүндө отчетуна карата минималдуу талаптар  

1. Ай сайын берилүүчү отчетто төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

1) отчеттук айдын акыркы күнүнө карата абал боюнча төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун бухгалтердик балансы;  

2) план боюнча төлөө графигине салыштырганда, отчеттук ай ичинде товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар, агенттер алдындагы карызды айкын төлөө жөнүндө отчет, кийинки айга карата төлөө графиги (жума боюнча);  

3) төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун милдеттенмелерин кийинки айга карата төлөө боюнча болжолдоолор (жума боюнча);  

4) Улуттук банктын пикири боюнча ар айлык отчеттун курамында берилиши (талап боюнча) зарыл болгон башка маалыматтар.  

Ай сайын берилүүчү отчетто төмөнкүлөр камтылат:  

- Убактылуу администрация тарабынан төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун капиталын көбөйтүү үчүн көрүлүүчү чаралар;  

- төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун ликвиддүүлүгүн жакшыртуу жана көбөйтүү боюнча чаралар;  

- Убактылуу администратордун төлөм уюмдарын/төлөм системаларынын операторлорун чыңдоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундусу.  

Ай сайын берилүүчү отчетто кыскача түшүндүрмө кат да камтылууга тийиш, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда жана алардын өкүлчүлүктөрүндө/филиалдарында иштеп жаткан персоналдын түзүмү жана саны өзгөртүлгөндүгү, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун кызматкерлерин дайындоо жана иштен бошотуу, Убактылуу администрация өкүлдөрүнүн курамындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат.  

- отчеттук мезгил ичинде иштелип чыккан планга ылайык төлөм уюмдарын/төлөм системаларынын операторлорун финансылык жактан чыңдоо боюнча негизги иш-чаралар жөнүндө маалымат, планда көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылбагандыгынын жана/же мөөнөтүндө аткарылбагандыгынын себебин түшүндүрүү

- төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (өкүлчүлүктүн/филиалдын) башкаруу органдарынын жана (же) айрым кызматкерлеринин Убактылуу администратор (анын өкүлдөрүнө) өз милдеттерин аткарып жаткан учурда ага каршы иш-аракеттери жөнүндө маалыматтар;  

- төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун ири бүтүмдөрү жөнүндө маалымат (төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору тарабынан ошол мезгил ичинде ишке ашырылган); ошол чаралардын жана бүтүмдөрдүн натыйжалуулугуна талдап-иликтөөлөр; төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун финансылык абалына баа берүүлөр жана кийинки отчеттук мезгилге пландаштырылган чаралар жөнүндө маалымат;  

- төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун баланстан тышкаркы милдеттенмелери боюнча талаптарга тиешелүү маалыматтар. 

2. Убактылуу администрация киргизилген бүтүндөй мезгил үчүн отчетто төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун ишинин негизги финансылык көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүсүн мүнөздөгөн бардык маалыматтар, ошондой эле Убактылуу администрацияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу натыйжалары жөнүндө негиздүү корутунду (Убактылуу администрациянын натыйжасы ж.б.) камтылууга тийиш.  

3. Убактылуу администрациянын отчетуна Убактылуу администрация киргизилген мөөнөт ичиндеги буйруктардын жана буйруулардын көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш.  

4. Отчетко Убактылуу администратор кол тамга коёт.»; 

- Ушул Жобонун 3-тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршылык көрсөтүү 

АКТЫСЫ 

___________________________________________________________________________ 

(коммерциялык банктын/  

________________________________________________________________________ 

(филиалдын, туунду мекеменин, аманат кассасынын, өкүлчүлүктүн) төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун аталышы) 

________________________________________________________________________ 

(банк/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору (филиал, туунду мекеме, өкүлчүлүк, терминал, аманат кассасы)  

________________________________________________________________________ 

жайгашкан орду, дареги, телефону) 

 

__________________________ 20___-жылдын "_____" _____________ 

үзүлгөн жер) 

Мен, Убактылуу администратор/Убактылуу администратордун өкүлү ____________ (аты-жөнү) төмөндө кол койгон адамдарынын катышуусунда: 

1. ____________________________________________________________________ 

2. ____________________________________________________________________ 

3. _____________________________________________________________________ 

банк/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору (банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун жетекчисинин, кызмат адамынын/кызматкеринин аты-жөнү) тарабынан банкта Убактылуу администрацияны жүргүзүүгө тоскоолдук кылынгандыгы тууралуу 

_____________________________________________________________________________________________________________________________________ушул акт түзүлдү

(банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун имаратына киргизбей, Убактылуу администратор/Убактылуу администратордун өкүлү тарабынан талап кылынган документтерди, ж.б. бербегендиги тууралуу) 

Банктын/ төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун кызматкерине/кызматкерлерине Убактылуу администратор/Убактылуу администратордун өкүлү тарабынан Убактылуу администрация режимин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылгандыгы үчүн жоопкерчилик тууралуу эскертилген. 

Акт төмөнкүлөр тарабынан түзүлгөн: 

____________________________________________________________________ 

(Убактылуу администратор/Убактылуу администратордун өкүлүнүн аты-жөнү) (кол тамгасы) 

ТААНЫШЫП ЧЫКТЫМ: 

______________________________________(Банктын/ төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун кызматкеринин аты-жөнү

_________________________________________(кызмат орду) 

_________________________________________(кол тамгасы) 

Актынын экинчи нускасы________________________________ берилди. 

(банк кызматкеринин аты-жөнү)  

______________________(кол тамгасы) 

Банктын/ төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун кызмат адамдары___________________________________________________________________ 

(банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун кызматкеринин аты-жөнү

Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршылык көрсөтүү актысынын мазмуну менен таанышуудан:________________________________________________  

_________________________________________________________баш тартышты. 

(Убактылуу администратор/анын өкүлүнүн аты-жөнү) (кол тамгасы)»; 

- Ушул Жобонун 4-тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Убактылуу администрация режиминин жүрүшүндө Убактылуу администратор (анын өкүлдөрү) тарабынан айрым иш-чаралардын жүргүзүлүшү боюнча 

ЖОЛ-ЖОБО 

1. Убактылуу администратор банкка/төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна келгенде кассадагы жана сактоо жайындагы акча каражаттардын калдыгын тактап, 3 (үч) нускада акт түзөт.  

2. Убактылуу администратор банкка/төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна келгенде банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун сактоо жайын жана кассасын, бардык сейфтерди, ачкыч менен бекиле турган бардык шкафтарды жаап, мөөр басып бекитет.  

3. Архивди кошо алганда, банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун бардык документтери сакталган жайды жаап, мөөр басып бекитет.  

4. Убактылуу администратор банкка/төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна келгенде төмөнкүдөй буйруктарды чыгарат:  

1) Банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын (аткаруу органынын) ишин токтотуу жана алардын ыйгарым укугунун Убактылуу администраторго өтүшү жөнүндө;  

2) төлөмдөрдү өткөрүү ыргагы жөнүндө;  

3) Убактылуу администраторго банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун бардык чыккан документтерине кол коюу укугун өткөрүү жөнүндө;  

4) Убактылуу администратордун кат жүзүндөгү уруксатысыз кандайдыр бир материалдык мүнөздөгү аракеттерди көрүүгө банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун бардык кызматкерлерине тыюу салуу жөнүндө.  

5. Банкта/төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда жайгашкан мүлктүн, материалдык баалуулуктардын жана документтердин сакталышын камсыз кылуу максатында, Убактылуу администратор анын кат жүзүндөгү уруксатысыз банктан/төлөм уюмдарынан/төлөм системаларынын операторлорунан мүлктөрдү жана документтерди алып чыгууга, ошондой эле кабыл алуу убактысынан тышкары адамдарды кабыл алууга тыюу салынгандыгы жөнүндө банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун күзөт кызматына эскерткен буйруктарды чыгарат.  

6. Убактылуу администратор банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун бардык кызматкерлерине мүлктүн, материалдык баалуулуктардын, документтердин жана башка баалуулуктардын сакталышы үчүн административдик-материалдык жоопкерчилик жүктөлө тургандыгы тууралуу буйрук чыгарат.  

7. Убактылуу администратор жумуш күнүнүн акырында, банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун имаратын чаптап жабууга жооп бере турган комиссия түзүү жөнүндө буйрук чыгарат. Комиссиянын курамына Убактылуу администратор (Убактылуу администратордун же/жана Убактылуу администрациянын өкүлдөрү) жана банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун кызматкерлери кирет.  

8. Убактылуу администратор, банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун ар бир кызматкерине колдонуудагы эмгек мыйзамына ылайык иштен бошотулушу ыктымал экендиги тууралуу жекече эскертүүгө тийиш.  

9. Убактылуу администратор Улуттук банктын коопсуздук кызматынан ачкычтарды, сейфтердин ачкычтарын жана электрондук документтерге цифралык кол тамганы түзүү жана автоматташтырылган системадан пайдалануу үчүн каралган паролдорду жаңыртып берүү өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү.  

10. Зарылчылык келип чыккан учурда Убактылуу администратор Улуттук банкка тиешелүү техникалык каражаттардан пайдалануу өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.  

11. Убактылуу администратор ушул жобонун 119-пунктундагы талаптарга ылайык банкта/төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда жүргүзүлүп жаткан инвентаризациянын жана ревизиянын жүрүшүндө Улуттук банкта колдонулган инвентаризация жүргүзүү жана анын натыйжаларын тариздөө тартибине таянуу менен иш алып барууга укуктуу.»; 

- ушул Жобонун 5-тиркемесинин 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2. Жоопкерчилик лимити, камсыздандырылууга тийиш болгон тобокелдиктер банктын иш көлөмүнө, операциялардын масштабына, филиалдар түйүнүнө, штаттык санына, төлөм системасынын маанилүүлүк критерийлерине, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун штаттык санына жана башка факторлорго жараша Улуттук банк тарабынан аныкталат.»; 

- ушул Жобонун 5-тиркемесинин: 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Сиздин талапкерлигиңиз сунушталып жаткан позицияны көрсөтүңүз:  

______________________________________________  

(кызматы, банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун аталышы)»; 

- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Талапкердин төмөнкү багыттарда билимге ээ экендиги тууралуу маалыматтар: 

- банк жана төлөм мыйзамдары _____________; 

- банктык тобокелдиктерди тескөө, анын ичинде төлөм системасындагы тобокелдиктер ________________________________; 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары__________.».