Кайта келүү

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» долбоорго карата 

МААЛЫМДАМА НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1.Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары- Жобонун долбоору) банктын агенттери аркылуу банктык чекене кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн кеңейтүү, ошондой эле региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Агенттерди ишке тартуу банктык инфраструктураны, банктык кызмат көрсөтүүлөр тармагын жана алардын калкка жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелерин чечүү ыкмаларынын бири болуп саналат. Ошондой эле республиканын региондорундагы банктардын жана алардын филиалдарынын камтылышы калктын банктык эсеп ачуу, банктык карттарды алуу, аралыктан тейлөөчү банктык кызмат көрсөтүүлөргө туташуу жана банктык карттарды жеткирип берүү үчүн бланктарды берүү сыяктуу кызматтардан пайдалануусун камсыз кыла албай тургандыгын эске алуу менен, сунушталып жаткан Жобонун долбоорунда банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесине төмөнкүдөй кызмат көрсөтүүлөр кошулган:  

- банктык эсеп ачууга бланктарды берүү, кабыл алуу жана аларды банкка өткөрүп берүү;  

- банктык төлөм карттарын чыгарууга/кайра чыгарууга бланктарды берүү, кабыл алуу жана аларды банкка өткөрүп берүү

- чыгарылган банктык төлөм карттарын берүү

- аралыктан тейлөө банктык кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу, анын ичинде идентификацияланган электрондук капчыктарды ачуу үчүн бланктарды берүү, кабыл алуу жана аларды банкка өткөрүп берүү

Андан тышкары, өзүн-өзү тейлөөчү терминалдары бар, чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган агенттердин тизмесине тиешелүү талаптар киргизилген. Алар «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө жобого» ылайык, тобокелдик деңгээли төмөн операциялардын тизмесине кирбеген операцияларды ишке ашырууда, ички контролдоо жол-жобосу/программасы боюнча тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен кардарларды идентификациялоого жана верификациялоого мүмкүндүк берүүчү системаны орнотууга багытталган. Ошондой эле QR-код аркылуу төлөм кабыл алуу мүмкүнчүлүгү камтылган. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Жобонун долбоорун кабыл алууда мүмкүн болгон укуктук жана социалдык-экономикалык натыйжалар: 

- Калкты банктык эсептерди ачууга тартуу жана ал үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле документтерди агенттер аркылуу банкка өткөрүп берүү;  

өлкөнүн алыскы региондорунда банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жана банктык кызматтардан пайдалануу мүмкүндүгүн өнүктүрүү

-  нак эмес төлөмдөрдү көбөйтүү

- калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу.  

Жобонун долбоорунда укук коргоо, гендердик, экологиялык натыйжаларды чектөөчү ченемдер камтылган эмес.  

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Жобонун долбоору Улуттук банк Башкармасынын маалымат отурумунда кароонун жыйынтыгы боюнча коомдук талкууга чыгарылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Жобонун долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, республиканын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзам ченемдерине каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат  

Жобо долбоорун кабыл алууда кошумча финансылык чыгымдар талап кылынбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө малымат  

«Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун Методикасына» ылайык, Жобо долбоору жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр талап кылынбайт, анткени, сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр банктык чекене кызмат көрсөтүүлөр тармагын кеңейтүү жана региондордо банктык кызматтын өнүктүрүү максатында багытталган.  

 

Долбоор  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- токтом расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом, «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобонун 2020-жылдын 10-октябрынан тартып күчүнө кирүүчү 7-1-пунктунун төртүнчү абзацын жана 62-пунктунун 8-пунктчасын эске албаганда, расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКты, «КG төлөм системаларынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, ««АЛЬЯНС» алмашуу бюро ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасын тааныштырсын. 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

Долбоор 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобонун: 

 

- 3-пунктундагы «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» деген сөздөр «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» дегенге алмаштырылсын;  

 

- 5-пунктунун: 

жетинчи абзацындагы «жайылтуу» деген сөзү «/толуктоо» деген сөз менен толукталсын;  

тогузунчу абзацындагы «(айыптык төлөмдөр, салыктар, бажы жыйымдары)» деген сөздөрү «, анын ичинде мобилдик тиркемелерди жана QR-коддорду пайдалануу менен» деген сөздөр менен толукталсын; 

төмөнкү мазмундагы онунчу-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:  

«- банктык эсеп ачууга бланктарды берүү, кабыл алуу жана аларды банкка өткөрүп берүү;  

- банктык төлөм карттарын чыгарууга/кайра чыгарууга бланктарды берүү, кабыл алуу жана аларды банкка өткөрүп берүү

- банк тарабынан чыгарылган банктык төлөм карттарын берүү

- аралыктан тейлөө банктык кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу, анын ичинде идентификацияланган электрондук капчыктарды ачуу үчүн бланктарды берүү, кабыл алуу жана аларды банкка өткөрүп берүү;»; 

 

- 6-пунктунун: 

төртүнчү абзацындагы «жайылтуу» деген сөзү «/толуктоо» деген сөз менен толукталсын; 

алтынчы абзацы «(айыптык төлөмдөр, салыктар, бажы жыйымдары)» деген сөздөрү «, анын ичинде мобилдик тиркемелерди жана QR-коддорду пайдалануу менен» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 6-1-пунктундагы: 

«жайылтуу» деген сөзү «/толуктоо» деген сөз менен толукталсын;  

«бекитилген» деген сөз «бекитилген» дегенге алмаштырылсын, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын» деген сөздөрү «2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6» деген реквизиттер менен толукталсын;  

 

- 7-1-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:  

«- идентификацияланбаган электрондук капчыктардан электрондук акчанын ордун жабуу.»;  

- 12-пунктундагы «гарантиялык» деген сөз «(камсыздандыруу)» деген сөз менен толукталсын; 

 

- 20-пункту төмөнкү мазмундагы 11 жана 12-пунктчалар менен толукталсын:  

«11) эгерде банк кардарды талапка ылайык текшерүү жөнүндө мындай функцияларын чекене кызмат көрсөтүүчү агентке өткөрүп берсе, анда кардарды талапка ылайык текшерүү жана маалыматтарды Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоо) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык сактоо тууралуу талаптар; 

12) эгерде банк кардарды талапка ылайык текшерүү жөнүндө мындай функцияларын чекене кызмат көрсөтүүчү агентке өткөрүп берсе, анда кардар жана бенефициар ээси жөнүндө зарыл маалыматты, кардардын жана бенефициар ээсинин анкеталарынын көчүрмөлөрүн, ошондой эле кардарды талапка ылайык текшерүүнүн натыйжасында алынган башка документтердин көчүрмөлөрүн берүү мөөнөттөрү.»; 

 

- 21-пунктунун «жайгаштырылууга» деген сөзү «жайгаштырылууга» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 31-пунктундагы «(камдык)» деген сөзү «(камсыздандыруу)» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк анын чекене кызмат көрсөтүүчү агенти тарабынан ишке ашырылган иштер үчүн Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоо) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам талаптарына ылайык жоопкерчилик тартат.»; 

 

- 46-пунктунун «идентификациялоо» деген сөздөрү «жана верификациялоо» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 59-пунктунун «операциялар коопсуздугун» деген сөздөрү «жана андан ары банкка өткөрүп берүү үчүн жеке маалыматтарды берүүнүн купуялыгын» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 62-пункту төмөнкү мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын: 

«8) Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык, тобокелдик деңгээли төмөн операциялардын тизмесине кирбеген операцияларды ишке ашырууда ички контролдоо жол-жобосу/программасы боюнча тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен кардарларды идентификациялоого жана верификациялоого мүмкүндүк берүүчү система өзүн-өзү тейлөөчү терминалда орнотулууга тийиш»;  

 

- 64-пунктунун төртүнчү абзацындагы «баркоддорду» деген сөзү «жана/же QR-коддорду» деген сөздөр менен толукталсын.