Кайта келүү

«Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы №22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

«Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы №22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» долбоор (мындан ары Жобонун долбоору), «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-3-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун 15-пунктуна ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан, ага ылайык Улуттук банк төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишине тике банктык көзөмөл түрүндө атайы режим киргизүүгө укуктуу. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Сунушталган толуктоолор төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине тике банктык көзөмөл түрүндө атайы режим киргизүүнү камтыйт. Мындай чечим Улуттук банктын Төлөм системалары боюнча комитети тарабынан кабыл алынат.  

Төлөм системалары боюнча комитет төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине тике банктык көзөмөл жүргүзүлүүчү мөөнөттү белгилейт, ошондой эле төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын аткаруу органдары жана контролерлор тобунун жетекчиси тарабынан Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө жана Төлөм системалары боюнча комитетине сунушталуучу отчеттордун мезгил аралыгын аныктайт. Төлөм системалары боюнча комитети контролерлор тобунун жетекчисинин отчетторун кароого алгандан кийин тике банктык көзөмөлдүктү узартууга же токтотууга укуктуу. 

Тике банктык көзөмөлдү киргизүү үчүн негиз катары: 

- төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жазма буйрукта көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде четтетпеген төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоочулар алдында финансылык проблемалардын болушу; 

- төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүнүн бузулушуна, системада тобокелдиктердин орун алышына жана/же белгиленген мөөнөт ичинде пайдалануучулар алдында милдеттенмелердин аткарылбай калышына алып келиши мүмкүн болгон штаттан тышкаркы жагдайлардын келип чыгышы; 

- төлөм кызматтарынан пайдалануучуларга жана төлөм системаларынын башка катышуучуларына карата кооптуу жагдайлардын орун алышы; 

- Улуттук банктын жазма буйругунда белгиленген мөөнөт ичинде четтетилбеген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын жазма буйруктарынын талаптарын бузуу фактылары аныкталса; 

- ФАТФ мүчө-мамлекеттерди аларга карата өзгөчө чараларды колдонууга чакырган төлөмдөрдү аныктоо. Мындай өлкөлөрдүн тизмеси финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет. 

Ошондой эле, 2.5.1-пункттун «Тике банктык көзөмөлдүк милдеттерин, анын ичинде ушул жобонун 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу» деген экинчи абзацы алынып салынган, анткени 1.4. жана 4.2-пунктчаларда белгиленген тике банктык көзөмөл милдеттери кыйла кеңири болуп саналат жана мындай чараны киргизүү негиздемесине ылайык аны колдонуу талапка туура келбейт. 

4.3-пунктунун алтынчы абзацы тажрыйбада колдонулбайт, ушуга байланыштуу ал төмөнкү редакцияда берилген: 

“- тиешелүү мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан зарыл маалыматты талап кылууну демилгелөө жана Улуттук банктын жетекчилигинин кол тамгасын коюу менен жөнөтүү”. 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоолор 

Жобонун долбоорун кабыл алуудан улам болжолдолгон укуктук жана социалдык-экономикалык натыйжалар: 

- төлөм кызматтарынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо;  

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын программалык камсыздоолору аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү контролдоо жана мониторинг жүргүзүү

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жана башка катышуучулардын системада тобокелдиктерге дуушарлануусун кыскартуу; 

- төлөм системаларынын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо; 

- төлөм системасында штаттан тышкаркы жагдайлардын келип чыгышына жол бербөө

Жобонун долбоорунда укук коргоо, гендердик, экологиялык натыйжаларды чектеген ченемдер камтылбайт. 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат 

Жобонун долбоору Улуттук банк Башкармасынын маалыматтык отурумунда кароонун жыйынтыгы боюнча коомдук талкууга сунушталат. 

5. Долбоордун мыйзам актыларына ылайык келүүсүн талдоо 

Сунушталып жаткан Жобонун долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, республиканын бүтүндөй мыйзам актыларынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзам актыларынын ченемдерине каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат  

Жобонун долбоорун кабыл алуу кошумча финансылык сарптоолорду талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалымат 

Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр методикасына ылайык, Жобонун долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү талап кылынбайт, себеби сунушталган толуктоолор Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-3-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык келтирилген. 

 

Долбоор  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин.  

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.  

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

ДОЛБООР 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын «__» _________ 

№ ___________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобонун: 

- 1.2-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Бул Жобонун Улуттук банктан лицензия алышкан төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга каршы келбеген бөлүгү, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзамына ылайык алардын иш өзгөчөлүгүн эске алуу менен аталган уюмдардын ишине да таркатылат»»; 

- 1.3-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Тике банктык көзөмөл ошондой эле төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чарасы болуп саналат жана ал төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары өзүнүн күндөлүк финансылык милдеттенмелерин аткаруусу, ошондой эле Улуттук банк тарабынан аныкталган башка максаттарда операциялардын жүргүзүлүшүн контролдоо максатында киргизилет.» 

- 1.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.4. Тике банктык көзөмөлдүн негизги милдеттеринен болуп төмөнкүлөр саналат: банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн, банкта башкаруу сапатын/төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдарынын ишин жана абалды начарлатышы мүмкүн болгон потенциалдуу тобокелдикти камтыган кайсы болбосун башка иш чөйрөлөрүн кылдат иликтеп чыгуу жана талдап-иликтөө; Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети (мындан ары Көзөмөл боюнча комитети) жана Төлөм системасы боюнча комитети (мындан ары - Төлөм системасы боюнча комитети) тарабынан белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык, максатка багытталган жана оперативдүү негизде жеринде барып операцияларга мониторинг жүргүзүү жана контролдоо; ошондой эле Улуттук банктын бардык жазма буйруктарынын жана банк/төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму иштеп чыккан финансылык абалды чыңдоо жана абалды жакшыртуу боюнча чаралардын аткарылышын контролдоо.»; 

- 2.1-пунктундагы: 

«Тике банктык көзөмөлдү» деген сөздөр «банкта» деген сөз менен толукталсын; 

«Комитет» деген сөз «, ал эми төлөм системаларынын оператору/төлөм уюмуна карата Төлөм системасы боюнча комитет” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.2-пункттагы: 

- «Көзөмөл боюнча комитет» деген сөздөр «Төлөм системасы боюнча комитет» деген сөздөр менен толукталсын; 

«банк» деген сөз «төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.2.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2.2. Тике банктык көзөмөлдүктү жүргүзүүдө банктын/төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун төлөм операцияларын жүргүзүүсүн контролдоо үчүн контролёрлор тобунун жетекчиси зарыл учурларда Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, областтык башкармалыктарынын/өкүлчүлүгүнүн ыйгарым укуктуу кызматкерлерин жана банктын/төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун банк/төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму ишке ашырган операциялар боюнча жетиштүү тажрыйбага жана билимге ээ кызматкерлерин ишке тартышы мүмкүн. Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, областтык башкармалыктарынын/өкүлчүлүгүнүн ыйгарым укуктуу кызматкерлери ишке тартылган учурда контролерлор тобунун жетекчиси бул чечимди алдын ала Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети менен макулдашууга тийиш.»; 

- 2.3-пунктундагы: 

«Көзөмөл боюнча комитет» деген сөздөр «Төлөм системасы боюнча комитет» деген сөздөр менен толукталсын; 

Төртүнчү-алтынчы абзацтардагы «банк» деген сөз «төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.4. Тике банктык көзөмөл киргизилген күнү Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү банк Башкармасына/төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун аткаруу органына Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин токтомунун толук преамбуласы жана чечим чыгаруучу бөлүгү камтылган тике банктык көзөмөлдү киргизүү жөнүндө көчүрмөнү жөнөтөт. 

Банк Башкармасы Директорлор кеңешине жана банктын акционерлерине тике банктык көзөмөл киргизиле тургандыгы жөнүндө билдирет.  

Башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү (жетекчи/директор, техникалык директор, башкы бухгалтер) жана/же өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген, төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун күндөлүк ишин жетекчиликке алган адамдар акционерлерге (уюштуруучуларга), катышуучуларга, Директорлор кеңешине (болгон болсо) тике банктык көзөмөл киргизиле тургандыгы жөнүндө билдирет.”; 

 

- 2.5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.5. Банкка жөнөтүлүүчү контролерлор тобунун жетекчиси жана мүчөлөрү (анын ичинде филиалдар жана башка обочолонгон бөлүмдөр) банктардын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишине тике банктык көзөмөл милдеттерин аткаруу үчүн Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин ичинен дайындалат.” 

- 2.5.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Контролерлор тобунун жетекчиси төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат: 

- Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин банктын/төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун ишине тике банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу боюнча токтомунун аткарылышы; 

- контролерлор тобунун ишин жетектөө

- контролерлор тобунун мүчөлөрү ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 2.6.1-пункт менен толукталсын: 

«2.6.1. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишине контролдукту болжолдогон, тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууда Төлөм системасы боюнча комитет төмөнкүлөргө укуктуу:  

- төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары операцияларды/төлөмдөрдү (бардыгын же айрымдарын) контролерлор тобунун жетекчиси менен макулдашып, анын колу коюлгандан кийин гана жүргүзө турган талап белгилөөгө

- айрым операцияларды/төлөмдөрдү убактылуу токтотуу жана сунуштоочулар менен түзүлгөн келишимдерди жокко чыгаруу; - төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары контролерлор тобунун жетекчисинин макулдугусуз жана анын кол тамгасы жок болсо андан ашык суммада операцияларды жүзөгө ашыра албаган сумманын максималдуу өлчөмүн белгилөөгө

- өз иш натыйжасы болуп саналбаган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча түзүлгөн агенттик жана субагенттик келишимдерге чектөө киргизүүгө, жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларын белгилөөгөгө.».; 

 

-  2.7-пунктунда: 

- биринчи сүйлөмдө “банктын” деген сөздөрдөн кийин «/төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары» деген сөздөр менен толукталсын; 

- «көзөмөл органы» деген сөздөр «Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкери» дегенге алмаштырылсын; 

«эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү» деген сөздөрдөн кийин «кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга» деген сөздөр менен толукталсын; 

экинчи сүйлөмдө «банктын» деген сөздөрдөн кийин «/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын» деген сөздөр менен толукталсын:  

 

- 2.8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.8. Көзөмөл боюнча комитет/Төлөм системасы боюнча комитет банкта/төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында тике банктык көзөмөл жүргүзүлө турган мөөнөттү белгилейт, ошондой эле банк Башкармасы/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын аткаруу органы жана контролерлор тобунун жетекчиси тарабынан Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө жана Көзөмөл боюнча комитетке/Төлөм системасы боюнча комитетке сунушталуучу отчеттордун мезгилдүүлүгүн аныктайт. Көзөмөл боюнча комитет/Төлөм системасы боюнча комитет контролерлор тобунун жетекчисинин жана банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын отчетторун кароонун жыйынтыгы боюнча тике банктык көзөмөлдүн аракетин узартууга же токтотууга (мөөнөтүнөн мурда) укуктуу; 

 

- 2.9-пункт: 

«банктын Башкармасы» деген сөздөрдөн кийин «/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын аткаруу органы» деген сөздөр менен толукталсын; 

«банктын акционерлерине (уюштуруучуларына)» деген сөздөрдөн кийин «/төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 2.10-пункту бүтүндөй текст боюнча «банктын» деген сөздөн кийин «/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын» деген, ал эми «Көзөмөл боюнча комитети» деген сөздөн кийин «Төлөм системасы боюнча комитет» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 3.1-пунктунун: 

биринчи абзацы «банк» деген сөздөн кийин «/төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары» деген сөздөр менен толукталсын; 

экинчи абзацы «банктык көзөмөл» деген сөздөрдөн кийин «банкта» деген сөз менен толукталсын;  

төмөнкү мазмундагы тогузунчу-он төртүнчү абзацтар менен толукталсын: 

«төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында тике банктык көзөмөлдү киргизүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:  

- төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоочулар алдында белгиленген убакыт ичинде төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан четтетилбеген финансылык көйгөйлөрдүн болушу; 

- төлөм системасынын ишинин үзгүлтүккө учурашына, системалуу мааниге ээ тобокелдикке жана/же пайдалануучулар алдында милдеттенмелердин белгиленген мөөнөт ичинде аткарылбай калышына алып келген штаттан тышкаркы жагдайлардын орун алышы;  

- төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучуларга жана төлөм системасынын башка катышуучуларына кооптуу жагдайлардын орун алышы; 

- Улуттук банк тарабынан белгиленген убакыт ичинде четтетилбеген, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын жана Улуттук банктын жазма буйруктарынын талаптарын бузууга жол берилгендиги фактыларынын аныкталышы;  

- ФАТФ аларга карата каршы аракеттерди көрүүгө мүчө-мамлекеттерди чакырган төлөмдөрдү аныктоо. Мындай өлкөлөрдүн тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет.»; 

- 3.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.2. Банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун жана/же анын кызмат адамдарынын, тобокелдикти камтыйт деп эсептелген жана ал банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун туруктуу жана ишенимдүү абалына терс таасирин тийгизиши, ошондой эле аманатчылардын жана башка кредиторлордун, ошондой эле төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын кызыкчылыктарына доо кетириши ыктымалдыгына алып келген аракеттерине төмөнкүлөр да кирет: 

- кооптуу жана алгылыксыз банк ишин жүргүзүү

- банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун жана анын кызмат адамдарынын банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун милдеттенмелеринин өз убагында аткарылбай калышына же такыр эле аткарылбай калышына алып келген же алып келиши ыктымал аракеттери же аракеттенбегендиги; 

- банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун жана анын кызмат адамдарынын акционерлердин (уюштуруучуларынын), кызмат адамдарынын, аффилирленген жактардын жана алар менен жалпы кызыкчылыгы болгон байланыштуу жактардын мүдөөлөрүнө туура келген, бирок банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун финансылык абалына же аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун, ошондой эле товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучуларынын жана берүүчүлөрүнүн кызыкчылыктарына доо кетире турган аракеттери же аракеттенбегендиги; 

- банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызмат адамдарынын тобокелдүү операцияларды жүргүзүүдө тобокелдиктерге тиешелүү баа берүүнү жана контролдукту камсыз кылуу жагында аракеттенбей коюулары (же чара көрүү жөндөмсүздүгү); 

- банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун, акционерлердин (уюштуруучулардын), кызмат адамдарынын иши жөнүндө маалыматтын такталбаган, толук эмес түрдө берилиши; 

- банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун жана анын кызмат адамдарынын документтердин (кагаз жүзүндө жана электрондук формада) жоголушуна, уурдалышына, окшотуп жасоого алып келген, алардын кесепетинен банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун иши олуттуу финансылык жоготуу тобокелдигине, укуктук тобокелдикке, абройду жоготуу тобокелдигине дуушар болушун шарттаган аракеттери же аракеттенбегендиги; 

- банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун активдерин жана банктын сактоосунда турган күрөөлүк мүлктү жоготуу; санкцияланбаган операциялар; финансылык алдоолор; натыйжасында банк/төлөм системасынын оператору/төлөм уюму олуттуу жоготууларга жана чыгымга дуушар болгон, ыйгарым укугун кыянаттык менен пайдалануулар; 

- төлөм системасынын катышуучуларынын жана пайдалануучуларынын алдында финансылык милдеттенмелеринин аткарылбай калышы жана белгиленген мөөнөт ичинде милдеттенмелердин ордун жабууга жөндөмсүздүгү.»; 

 

- 3.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.3. Төлөм системасынын аманатчыларынын/катышуучуларынын жана пайдалануучуларынын жана башка кредиторлордун кызыкчылыгына потенциалдуу коркунуч келип чыккан шартта, банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун финансылык абалы үчүн мүмкүн болуучу терс кесепеттерге бөгөт коюу максатында тике банктык көзөмөл чарасы киргизилет. Жобонун 3.2-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлардан тышкары, төмөнкү учурларда да төлөм системасынын аманатчыларынын/катышуучуларынын жана пайдалануучуларынын жана банктын башка кредиторлордун кызыкчылыктарына потенциалдуу коркунуч келип чыгышы ыктымал, мисалы: 

- банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун жетекчилигинин (Директорлор кеңешинин төрагасын, мүчөлөрүн (төлөм системасынын операторунда/төлөм уюмунда болгон шартта) тез-тез алмашып туруусу, ошондой эле Улуттук банктын жазма буйруктарын жана башка талаптарын аткарбай коюуга, өз учурунда аткара албай калууга жол берилип, банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишин банктык мыйзамдарга жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарга ылайык камсыз кылууга банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун жетекчилигинин жөндөмсүздүгү орун алып, ишти андан ары улап кетүү мүмкүнчүлүгү үзгүлтүккө учурап, ички контролдук системасынын солгундашы келип чыгат; 

- акционерлер (уюштуруучулар) ортосунда пикир келишпестиктер келип чыгып, анын натыйжасында банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун активдеринин сакталышы коркунучу орун алса; 

- банкта/төлөм системасынын операторунда/төлөм уюмунда контролдукту жүзөгө ашыруучу акционерлерге (уюштуруучуларга) карата кылмыш иши козголсо; 

- алардын кесепетинен ликвиддүүлүк тобокелдигинин олуттуу көбөйүүсү, депозиттердин жана банктан тартылган башка каражаттардын агылып чыгуусу күчөгөн окуялар жана жагдайлар орун алса; 

- алардын кесепетинен товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр алдында милдеттенмелеринин аткарылбай калышы мүмкүн болгон окуялар жана жагдайлар орун алса.»; 

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 4.1-1-пункт менен толукталсын: 

«4.1-1. Улуттук банктын Төлөм системалары боюнча комитети тике банктык көзөмөлдү киргизүү үчүн негиздерди, төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун финансылык абалын жана анын иш өзгөчөлүгүн, ошондой эле төлөм системасынын натыйжалуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө таасир этип жаткан же этиши мүмкүн болгон башка факторлорду жана жагдайларды эске алуу менен бул чараны киргизүүдө жана аны жүзөгө ашыруунун кайсы болбосун учурунда төмөнкүлөрдү белгилөөгө укуктуу: 

- төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өткөрүүдө жогорку тобокелдикке байланыштуу товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн тарабына ишке ашырылган операциялар боюнча чектөөлөрдү (жана/же убактылуу токтотуу талабы); 

- товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр алдында карызды төлөө графиги боюнча талапты; 

- алардын аракетинен же аракеттенбей коюусунан улам, төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун абалы начарлап кетүү же системалык тобокелдиктин келип чыгуу коркунучун жараткан төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызмат адамдарын алмаштыруу талабын; 

- товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен келишимдерди чектөө жана/же убактылуу токтотуу талабын; 

- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун абалына коркунуч келтире турган тобокелдиктерди басаңдатууга, анын финансылык абалын чыңдоого жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн пайдалануучуларынын кызыкчылыктарын коргоого багытталган башка талаптарды жана чектөөлөрдү.»; 

 

- 4.2-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Тике банктык көзөмөлдү киргизүү жөнүндө токтомдо каралган банктын туруктуу негизде берилүүчү отчеттордун сунушталышын контролдоо;»; 

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 4.2-1-пункт менен толукталсын: 

«4.2-1. Төлөм системалары боюнча комитет төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда тике банктык көзөмөл тапшырмасын аткарып жаткан контролерлор тобунун жетекчисинин жана мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын жана милдеттерин аныктайт, алардын негизгилеринен болуп төмөнкүлөр саналат: 

- төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр ортосунда келишимдерди, төлөм системасынын операторун/төлөм уюмун башкаруу ишинин сапатын, эсепке алуу жана отчеттуулукту, төлөм системаларынын бардык катышуучулары үчүн абалдын начарлап кетүүсүн шарттаган потенциалдуу тобокелдикти камтыган кайсы гана болбосун иш багытын кылдат иликтөөгө алуу, талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

- төлөмдөрдү иштеп чыгууда жана жүргүзүүдө туруктуу, максатка багытталган жана ыкчам мониторингди, төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун жана/же анын кызмат адамдарынын операцияларына жана аракеттерине мониторинг жүргүзүү

- операцияларды убактылуу токтотууну кошо алганда, төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун акчалай эсептешүү операцияларына, ошондой эле Төлөм системалары боюнча комитет тарабынан белгиленген операцияларга тиешелүү чектөөлөрдү контролдоо; 

- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун финансылык абалын чыңдоо жана жакшыртуу/карыздарынын ордун жабуу жана төлөм системаларынын катышуучуларынын ортосунда төлөмдөрдүн жыйынтыкталышы боюнча Улуттук банк сунуштаган жана төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун өзү тарабынан иштелип чыккан бардык чаралардын аткарылышын контролдоо; 

- Тике банктык көзөмөлдү киргизүү жөнүндө токтомдо каралган төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун туруктуу негизде берилүүчү отчетторунун берилишин контролдоо;  

- туруктуу негизде берилүүчү отчетторду даярдоо жана аларды Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө, ошондой эле жетекчилигине сунуштоо; 

- Улуттук банктын жетекчилигине төлөм системасынын операторунда/төлөм уюмунда түптөлгөн жагдай жана көрүлгөн чаралар тууралуу туруктуу негизде жана ыкчам (оозеки жана/же жазуу жүзүндө) маалымдоо, төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун жана анын кызмат адамдарынын анын жалпы жана финансылык абалына коркунуч келтирген аракеттери же төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун Улуттук банктын талаптарын бузуу менен операция жүргүзүүсү жөнүндө дароо билдирүү

- көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун, учурдагы абалды, төлөм системасынын операторундагы/төлөм уюмундагы жагдайга таасир эте турган факторлорду жана жагдайларды иликтөөнүн негизинде төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна жана анын кызмат адамдарына карата андан ары көрүлө турган чаралар жана аракеттер тууралуу Улуттук банктын жетекчилигине сунуштарды даярдоо.»; 

 

- 4.3-пункт.  

экинчи абзацтагы «банк» деген сөздөн кийин «/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун (болгон шартта) же төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун аткаруу органы» деген сөздөр менен толукталсын; 

төртүнчү абзацтагы «банктын» деген сөздөн кийин «/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун (болгон шартта) деген сөздөр менен толукталсын; 

алтынчы абзацтагы «банктын» деген сөздөн кийин «/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун» деген сөздөр менен толукталсын; 

төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: 

«- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун автоматташтырылган системасынан/программалык камсыздоосунан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө (окуу, отчетторду оңдоо укугусуз түзүү жана басып чыгаруу, өчүрүү) ээ болууга»; 

 

- 4.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.4. Тике банктык көзөмөлдүк шартында банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун жетекчилиги банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун иши, анын ичинде анын финансылык абалы, Улуттук банктын талаптарынын жана сунуш-көрсөтмөлөрүнүн аткарылышы, банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун финансылык абалын чыңдоо, тобокелдиктерди басаңдатуу, мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү, ошондой эле Улуттук банкка жана контролерлор тобунун жетекчисине банкты/төлөм системасынын операторун/төлөм уюмун түптөлгөн оор жагдайдан чыгаруу боюнча иш-чаралар планын, мезгил-мезгили менен берилүүчү отчеттордун жана зарыл болгон жана/же талап кылынган башка маалыматтардын берилип турушу үчүн толук жоопкерчиликтүү бойдон калат.»; 

 

- 4.5-пункттун: 

биринчи абзацындагы «Банк» деген сөздөр «/төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун жетекчилиги», ал эми «банктын» деген сөз «/төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун Башкармасы (болгон болсо)» деген сөздөр менен толукталсын» 

биринчи абзацтын экинчи сүйлөмүндөгү «банкта» деген сөз «төлөм системаларынын операторунда/төлөм уюмунда көзөмөлдүктү» деген сөздөр менен толукталсын; 

экинчи абзацтагы «банктын» деген сөз «төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун» деген сөздөр менен толукталсын, «(Башкарманын мүчөсү)» деген сөздөр «/төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун аткаруу органы)» деген сөздөр менен толукталсын; 

үчүнчү, бешинчи жана сегизинчи абзацтардагы «банктын» деген сөз «төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 4.6-1-пункт менен толукталсын: 

«4.6-1. Төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун ишине тике банктык көзөмөл төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун финансылык отчетторунда камтылган маалыматтардын, инспектордук текшерүү жыйынтыктарынын, жазма буйруктардын/эскертүүлөрдүн аткарылбашынын жана контролерлор тобунун төмөнкүлөр камтылган маалыматтарынын (отчетторунун) негизинде ишке ашырылат: 

- төлөм системаларынын оператору/төлөм уюмунун андан аркы ишине кооптуу жагдайларды жана белгиленген мөөнөт ичинде милдеттенмелерди аткаруу мүмкүн эместиги жагдайын жаратышы мүмкүн болгон, төлөм системаларынын катышуучулары жана пайдалануучулары алдында проблемалуу жана аткарылбаган финансылык милдеттенмелер; 

- күндөлүк ликвиддүүлүк абалы (төлөм системаларынын оператору/төлөм уюмунун активдеринин жана милдеттенмелеринин түзүмү, күндөлүк милдеттенмелердин аткарылышы болжолдоолор, каржылоо булактары жөнүндө маалыматтар, карыздын ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча иликтөө жүргүзүү ж.б.); 

- укук коргоо жана башка органдардын, ошондой эле адамдардын төлөм системаларынын оператору/төлөм уюмунун мыйзамсыз ишкердикти жүргүзүүсүн тастыктаган маалыматынын болушу; 

- лицензиянын аракетин токтотууга/кайтарып алууга, мужбурлап жоюуга же банкроттоону шарттаган төлөм системаларынын оператору/төлөм уюмунун кызмат адамдарынын жана/же башкаруу органынын/аткаруу органынын аракеттери же аракеттенбей коюулары.»; 

 

- 4.8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.8. Банк/төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму же анын кызмат адамдары Көзөмөл боюнча комитетинин же Төлөм системасы боюнча комитетинин тике банктык көзөмөлдү киргизүү жөнүндө токтомуна аткаруудан башка тартса же тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн тоскоолдуктарды түзсө, ошондой эле Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин токтомунун ченемдерин, анын ичинде токтомдун айрым пункттарын бузууга жол берсе, контролерлор тобу тарабынан банкта/төлөм системаларынын операторунда/төлөм уюмунда тике банктык көзөмөлдү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү жөнүндө акт түзүлөт, ага контролерлор тобунун жетекчиси жана анын бардык мүчөлөрү кол коет (тиешелүүлүгүнө жараша 1 жана 2-тиркемелерге ылайык). 

Банк/төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму ушул жобонун, Улуттук банктын ченемдик актыларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана/же Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин токтомунда белгиленген тике банктык көзөмөл режимин (тапшырмаларын, чектөөлөрүн) бузууга жол берген учурда, Улуттук банк банкка/төлөм системаларынын операторуна/төлөм уюмуна жана анын жетекчилигине карата банктык жана төлөм мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларын колдонууга, анын ичинде банктык операцияларды жүзөгө ашырууга лицензиясын кайтарып алууга укуктуу. 

(1) Банктын/төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун жетекчилигинин тез арада алмашып туруусу дегенден улам төмөнкүлөрдү түшүнүүгө болот: төрага үчүн 12 ай ичинде экиден көп жолу; Директорлор кеңешинин мүчөлөрү үчүн (төлөм системаларынын операторунда/төлөм уюмунда болгон болсо) Директорлор кеңешинин бүтүндөй курамы 12 ай ичинде экиден көп жолу (Директорлор кеңешин акционерлердин жылдык жыйынында шайлоону эске албаганда).»; 

 

- 1-тиркеменин аталышындагы «банктык көзөмөл» деген сөздөр «банктын» деген сөз менен толукталсын; 

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 2-тиркеме менен толукталсын: 

 

  

  

«Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобого карата 2-тиркеме 

Төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишине 

тике банктык көзөмөлдү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү тууралуу 

АКТ 

 

_______________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы) 

_______________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун жайгашкан орду, дареги, телефону) 

 

_________________________ 

 

20___-жылдын «__» _______ 

үзүлгөн жер) 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкери/кызматкерлери тарабынан ____________________ (Улуттук банктын кызматкерлеринин аты-жөнү) төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун атынан иш жүргүзгөн: 

_______________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызматкеринин/кызматкерлеринин аты-жөнү

тике банктык көзөмөлдүктү жүргүзүүгө тоскоолдуктарды жаратты: 

_______________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун имаратына кирүүгө каршылык көрсөтүү, контролёрлор тобу талап кылган төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун документтеринин сунушталбашы ж.б.)  

_______________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________ 

 

 

Улуттук банктын контролёрлор тобу тарабынан төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна жана анын кызмат адамдарына тике банктык көзөмөлдүктү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү үчүн жоопкерчиликке тартыла тургандыгы эскертилген. 

 

Акт түзүлдү

_____________________________ 

_____________ 

_____________ 

(Контролёрлор тобунун жетекчисинин аты-жөнү

(кызматы) 

(кол тамгасы) 

_____________________________ 

_____________ 

_____________ 

өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун жетекчилигинин/анын, 

милдетин аткаруучунун аты-жөнү

(кызматы) 

(кол тамгасы) 

Тааныштырылды: 

 

 

_____________________________ 

_____________ 

_____________ 

(Контролёрлор тобунун мүчөлөрүнүн аты-жөнү

(кызматы) 

(кол тамгасы) 

_____________________________ 

_____________ 

_____________ 

өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун тике банктык көзөмөлдүктү 

жүргүзүүгө тике же кыйыр түрдө 

каршылык көрсөткөн кызматкеринин/кызматкерлеринин  

аты-жөнү

(кызматы) 

(кол тамгасы) 

Актынын экинчи нускасын алды 

____________________________________ 

 

өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызматкеринин аты-жөнү

 

_____________ 

_____________ 

 

(кызматы) 

(кол тамгасы) 

 

Эгерде төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызматкерлери ушул актыга кол коюудан баш тартышса, контролёрлор тобу актыны төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кеңсесине калтырып коюуга укуктуу, мында кол коюудан баш тартуу фактысын көрсөтүү менен акт белгиленген тартипте каттоодон өткөртүлүүгө тийиш.».