Кайта келүү

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын «__»_________ 

№______________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр  

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/9 «Кыргыз Республикасынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобонун: 

- 5-пунктунун экинчи абзацындагы «Корпоративдик башкаруу боюнча комитет» деген сөздөр «, мындай комитет жок учурда Аудит боюнча комитет» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 19-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Анын негизги милдети, биринчи кезекте, акционерлерден башка кызыкдар тараптардын (кызматкерлер, кардарлар, анын ичинде инвестициялык эсеп ээлери жана башка аманатчылар, сунуштоочулар) кызыкчылыгын коргогон Корпоративдик башкаруу боюнча комитет банкты тескөө саясатынын колдонууга киргизилгендигине жана сакталгандыгына мониторинг жүргүзөт жана баалайт, ошондой эле инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча инвестициялык стратегиянын жүзөгө ашырылышына мониторинг жүргүзөт.»; 

- 23-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 37-пункттагы «Корпоративдик башкаруу боюнча комитет» деген сөздөр  

«, мындай комитет жок учурда Аудит боюнча комитет» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 46-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

««Ислам терезесине» ээ, анда ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жайгаштырылган активдердин үлүшү баланстын валютасынын 50% ашпаган банкта Шариат кеңешинин иши, ал ушул жобонун жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларынын Шариат кеңешин түзүү жана иш алып баруу бөлүгүнүн талаптарына жооп берген шартта, банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген жобого ылайык жөнгө салынышы мүмкүн.»; 

- 47-пункттун биринчи пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) Шариат кеңишинин ишинин уюштурулушун кеңештин курамын, отурумдарды өткөрүү тартибин. Мында Шариат кеңешинин катышуусунда отурумдар жыл ичинде кеминде бир жолу өткөрүлүүгө тийиш экендиги, ал эми отурумда Шариат кеңешинин 2/3 мүчөсү катышкан учурда, Шариат кеңеши күн тартибинде каралган маселелерди кароо жана чечим кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарга ээ экендиги аныкталуусу зарыл;»; 

- 60-пункттун: 

биринчи пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) банктын башкаруу органынын жана Шариат кеңешинин түзүмү (курамы, квалификациясы (билим чөйрөсү) жана иш тажрыйбасы, ыйгарым укуктары, милдеттери, тескөөгө алган иш чөйрөсү, иш регламенти жана комитеттерде мүчөлүгү, анын ичинде комитеттин өткөрүлүүчү отурумдарынын саны жөнүндө маалыматты ж.б.);»; 

төмөнкү мазмундагы 7- жана 8-пунктчалар менен толукталсын: 

«7) алардын иштеген мезгил аралыгын көрсөтүү менен акыркы 3 (үч) жыл ичинде Шариат кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жана алмаштыруу жөнүндө маалымат; 

8) Шариат кеңешинин Шариат стандарттарынын сакталышы жөнүндө корутундусу. Бул корутунду банктын финансылык отчеттуулугунун курамында көрсөтүлүшү мүмкүн жана төмөнкү маалыматты камтууга тийиш: 

- банкка жана анын кардарларына финансылык кесепетин тийгизбеген (жоготуулар) Шариат стандарттары сакталбаган учурлар (жол-жобого тиешелүү кемчиликтер). Мындай маалымат боюнча чечмелөөлөрдө Шариат стандарттары сакталбаган учурларда аларды четтетүү боюнча көрүлгөн иш-чаралар жана мындай жагдайлардын кайталап жол берилбеши үчүн контролдук чаралар тууралуу маалымат; 

- андан улам банк жана анын кардарлары финансылык жоготууларга дуушарланган шариат стандарттары сакталбаган учурлар. Мындай маалымат боюнча чечмелөөлөрдө шариат стандарттарына ылайык келбеген кирешелер (эгерде бар болсо), шариат стандарттарына дал келбеген кирешелер жана чыгашалар кандайча чагылдырылгандыгы жөнүндө маалымат жана тиешелүү корректировкалоолор камтылууга тийиш; 

- шариат стандарттарын сактоо боюнча жоопкерчилиги жөнүндө өтүнүч каты. 

Банкка акыркы 12 ай ичинде банк шариат стандарттарын сактагандыгы боюнча Шариат кеңеши тарабынан чыгарылган чечимдерди, протоколдорду, ошондой эле ошол кабыл алынган чечимдер, протоколдор боюнча негиздемелерди жана Шариат кеңешинин чечимдерди кабыл алуу процессин чечмелеп берүү сунушталат. Чечимдер, протоколдор жана алардын негиздемелери жалпыга маалым терминдерди пайдалануу менен так, жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде жана формада берилүүгө тийиш.». 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 «Коммерциялык банктарда аудит боюнча Комитетти түзүүгө карата негизги Талаптар тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аудит боюнча комитетке карата негизги талаптардын: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Бул негизги талаптар коммерциялык банктар, ошондой эле ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААК жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары банктар) тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.»; 

- 6.2-пункттагы «Корпоративдик башкаруу боюнча комитеттин» деген сөздөр «(банкта мындай комитет бар учурда)» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы №6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктундагы «коммерциялык банктар,» деген сөздөр «анын ичинде «ислам терезесине» ээ банктар,» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы №21/13 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Ислам терезесине» ээ банктын финансылык отчету ушул Жобонун 11-главасына ылайык сунушталат.»; 

- 68, 69, 70-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«68. «Ислам терезесине» ээ банктын финансылык отчету ушул Жободо каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын  

12-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобого ылайык сунушталат. 

69. «Ислам терезесине» ээ банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген жана Шариат кеңеши тарабынан жактырылган эсепке алуу саясатында банктын «ислам терезеси» боюнча отчетту түзүү тартибине карата талаптар камтылууга тийиш. Мында, банктын эсепке алуу саясаты банктын жана анын «ислам терезесинин» чарба ишинин өзүнчө эсепке алынышын, анын ичинде капиталдын эсепке алынышын жана пайданын жана чыгымдын эсепке алынышын камсыз кылууга тийиш. 

70. «Ислам терезесине» ээ банк ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча кошумча (өзүнчө) маалыматты банктын финансылык отчетуна карата тиркеме түрүндө түзүүгө жана сунуштоого тийиш, анда төмөнкүлөр камтылышы зарыл: 

1) «ислам терезесинин» абалы жөнүндө отчет; 

2) «ислам терезесинин» чогуу алгандагы кирешеси жөнүндө отчет; 

3) «ислам терезесинин» акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет; 

4) ушул Жобонун 7-главасына ылайык кард акча каражаттарын топтоо булактары жана алардын пайдаланылышы жөнүндө отчет; 

5) ушул Жобонун 8-главасына ылайык Шариат кеңешинин корутундусу; 

6) ушул Жобонун 9-главасына ылайык эсепке алуу саясаты жана финансылык отчетко карата эскертүүлөр.».