Кайта келүү

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын «__» ___________  

№ ____________ токтомуна карата 

тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын  

14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө» жобонун:  

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. Жобонун аракети Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарга жана микрофинансылык компанияларга (мындан ары банктар) таркатылат.»; 

- 2-пунктунун: 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- мамлекеттик баалуу кагаздар бул, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мамлекеттик казына векселдери (МКВ) жана мамлекеттик казына облигациялары (МКО)) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) (ноталар) тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар;»; 

пункт төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: 

«Ислам баалуу кагаздары эмитенттин белгиленген менчигинде же бизнесинде бөлүнбөгөн үлүшкө менчик укугун тастыктоочу ислам каржылоо принциптеринин (шариат стандарттарынын) негизинде чыгарылган баалуу кагаздар.»; 

- 4-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарда Шариат кеңеши Банктын баалуу кагаздар менен иш алып баруу саясатынын шариат стандарттарына дал келиши үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.»; 

- 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Банк Башкармасы банктын баалуу кагаздар менен ишине натыйжалуу ички контролдукту жүргүзүү максатында, Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, банктын өнүктүрүү стратегиясына ылайык күндөлүк ишке, тобокелдиктер боюнча белгиленген чектөөлөрдү сактоо менен жетекчиликти жүргүзүүгө тийиш. Тобокелдиктер боюнча чектөөлөр, банктын стратегиялык пландарына жана бүтүндөй алганда баалуу кагаздар портфели, ар бир баалуу кагаз менен өз-өзүнчө иш алып барууда орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди эске алуу менен активдерди/милдеттенмелерди тескөөнүн жалпы максаттарына ылайык келүүгө тийиш. Чектөөлөр рыноктук тобокелдик, кредиттик тобокелдик, ликвиддүүлүк тобокелдиги жана тобокелдиктердин башка түрлөрү Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) токтому менен бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого (мындан ары «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо) ылайык белгиленүүгө тийиш. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарда чектөөлөр шариат стандарттарына дал келбей калуу тобокелдиги жана Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын  

18-июлундагы № 2018-П-12/30-3-(БС) токтому менен бекитилүүчү «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого ылайык (мындан ары «Кыргыз Республикасынын ислам банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого) тобокелдиктердин башка түрлөрү боюнча белгиленүүгө тийиш. 

Банктын жетекчилиги да банктын үзгүлтүксүз операциялык ишин камсыз кылуу максатында дилер ишинин (фронт-офис) жана бүтүмдөрдү бухгалтердик кайра иштеп чыгуу (бэк-офис) жоопкерчилигин талаптагыдай бөлүштүрүүгө тийиш.»; 

- 10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын тарабынан алынган, ал эми ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарда Шариат кеңешинин да жоопкерчилиги банктын көрсөтүлгөн башкаруу органдары тарабынан алынган кесиптик консультациялардын болушуна карабастан башка адамдарга жүктөлбөөгө тийиш.»; 

- 11-пунктунун: 

«д)» пунктчасынын «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого ылайык» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого ылайык/ Кыргыз Республикасынын ислам банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого ылайык» дегенге алмаштырылсын; 

«з)» пунктчасынын экинчи абзацында «белгилеген» деген сөз «белгилөөчү» дегенге алмаштырылсын; 

- 15-пунктунун: 

биринчи абзацында «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун талаптарын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун талаптарын/ Кыргыз Республикасынын ислам банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун талаптарын» дегенге алмаштырылсын 

экинчи сүйлөмдөн кийин пункт төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Эгерде, Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин-резиденттеринин долбоордук каржылоо карыздык баалуу кагаздарын сатып алуу болжолдонуп жатса (имараттар, курулмалар жана башка активдер сыяктуу жаңы активдерди түзүү, куруу жана өндүрүү), банк долбоордун талапка жооп беришин изилдөөгө тийиш.»; 

- 16-пунктунда «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун талаптарын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун талаптарын/Кыргыз Республикасынын ислам банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун талаптарын» дегенге алмаштырылсын; 

- 23-пунктунда «күрөөлүк камсыздоо алдында» деген сөздөр «күрөөлүк камсыздоо катары» дегенге алмаштырылсын; 

- 24-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24. Банк жеке эмитенттерден акцияларды сатып ала алат: 

- эмитент фондулук биржанын листингине эң жогорку категория боюнча киргизилген учурда гана Кыргыз Республикасынын резиденттеринен; 

- эмитент Мооdy's Investor Service (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган эң жогоркудан төмөн болбогон жана эң жогоркудан кийинки категориядагы узак мөөнөттүү кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү рейтингине же Standard & Poors (АКШ), Fitch IBCA (Улуу Британия) рейтингдик агенттиктери ыйгарган эквиваленттүү рейтингге ээ болгон учурда гана Кыргыз Республикасынын резидент эместеринен.» 

- 25-пунктунун «б)» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) Кыргыз Республикасынын эмитент-резиденти төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырган шартта: 

- кеминде 4 (тɵрт) жыл иштеген болсо; 

- акыркы үч жыл ичинде финансылык отчет менен тастыкталган, көз карандысыз аудитордук уюм (тышкы аудитор) тарабынан күбөлөндүрүлгөн туруктуу финансылык абалына (чыгымсыз), жана өнүгүүнүн оң финансылык узак мөөнөттүү келечектерине ээ; 

- долбоор боюнча акча каражаттардын жетиштүү агымдарына ээ, ага долбоордун рентабелдүүлүгүн/кирешелүүлүгүн кылдат иликтөөнүн жыйынтыктары менен тастыкталган карыздык баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди тейлөөгө өбөлгө түзгөн карыздык баалуу кагаздарды жайгаштыруудан каражаттар салынат.»; 

- 28-пункттөмөнкү редакцияда берилсин: 

«28. Банктар тарабынан ушул Жобонун 26-27-пункттарында көрсөтүлгөн ченемдердин аткарылышы жөнүндө отчеттордун берилиши жана жарыяланышы, Улуттук банк Башкармасы 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобого ылайык (мындан ары «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобо) жүзөгө ашырылат. Ушул жобонун 26-жана 27-пункттарында көрсөтүлгөн, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар тарабынан ченемдердин аткарылгандыгы жөнүндө отчетторду сунуштоонун жана жарыялоонун тартиби жана мөөнөттөрү, Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелерине ылайык белгиленет.»; 

- 30-пунктунун: 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- мыйзамдарды системалуу түрдө бузгандыгы үчүн (акыркы он эки ай ичинде эки же андан көп) Улуттук банк тарабынан ага карата мыйзамдарда каралган таасир этүү чаралары колдонулбаган болсо.»; 

бешинчи абзацта «кайсы болбосун бири» деген сөздөр «кайсынысына болбосун ылайык келбеген» дегенге алмаштырылсын;  

- жобо төмөнкү мазмундагы 5-1-глава менен толукталсын: 

«5-1-глава. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине  

ылайык ишти жүзөгө ашырган банктын  

баалуу кагаздары менен операциялары боюнча чектөөлөр 

30-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банк банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган жана ушул жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында келтирилген шарттарды жана талаптарды сактаган учурда баалуу кагаздар менен төмөнкү операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүүгө укуктуу: 

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын (МКВ, МКО, ноталар) сатып алууга жана сатууга. Мында, мамлекеттик баалуу кагаздардын чогуу алгандагы көлөмү банктын активдеринин 30% ашпоого тийиш, ислам терезесинин мамлекеттик баалуу кагаздарынын чогуу алгандагы көлөмү анын активдеринин 30% ашпоого тийиш; 

2) ислам баалуу кагаздарын (сукук) сатып алууга жана сатууга  

Банктар төмөнкүлөр аркылуу чыгарылган мамлекеттик эмес ислам баалуу кагаздары менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыра алат: 

а) Мооdy's Investor Service (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «Ваа2» категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү рейтинги же Standard & Poors (АКШ), Fitch IBCA (Улуу Британия), Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS), Ислам эл аралык рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган эквиваленттүү рейтинги болгон шартта гана Кыргыз Республикасынын эмитенти-резиденти эмесинен.» 

б) Кыргыз Республикасынын эмитент-резиденти төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырган шартта: 

- кеминде 4 (тɵрт) жыл иштеген болсо; 

- акыркы 3 (үч) жыл ичиндеги финансылык отчет менен тастыкталган, көз карандысыз аудитордук уюм (тышкы аудитор) тарабынан күбөлөндүрүлгөн туруктуу финансылык абалына (чыгымсыз), жана өнүгүүнүн оң финансылык узак мөөнөттүү келечектерине ээ. 

- долбоор боюнча акча каражаттардын жетиштүү агымдарына ээ, ага долбоордун рентабелдүүлүгүн/кирешелүүлүгүн кылдат иликтөөнүн жыйынтыктары менен тастыкталган баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди тейлөөгө өбөлгө түзгөн карыздык баалуу кагаздарды жайгаштыруудан каражаттар салынат; 

Банктын мамлекеттик эмес ислам баалуу кагаздарына инвестицияларынын жалпы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш; 

с) Башка мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн жана Борбордук банктарынын ислам баалуу кагаздарынын банк тарабынан сатып алынышы, алар Standard & Poors рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү көз каранды эмес кредиттик рейтингине же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moodys Investors Service, Ислам эл аралык рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун мүчөсү болуп саналышкан шартта гана ишке ашырылат, мында, банктын баалуу кагаздарга инвестицияларынын жалпы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнөн 100% ашпоого тийиш.  

Эскертүү: Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму. Аталган уюмга мүчө мамлекеттердин тизмеги www.oecd.org расмий сайтында жайгаштырылган 

Банк тарабынан ушул пунктунун «а)», «б)» жана «с)» пункчаларында көрсөтүлгөн ченемдердин аткарылышы жөнүндө отчетту сунуштоо жана жарыялоо «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобого ылайык жүзөгө ашырылат. 

Ушул пунктунун «а)» жана «б)» пункчаларында көрсөтүлгөн, ченемдерди депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компания тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө отчетту сунуштоонун жана жарыялоонун тартиби жана мөөнөттөрү, Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуунун эрежелерине ылайык белгиленет; 

3) тиешелүү лицензия болгон учурда ислам баалуу кагаздары боюнча андеррайтер катары иш алып барууга; 

4) тиешелүү лицензия болгон учурда ислам баалуу кагаздарынын брокери/дилери/депозитарийи катары иш алып барууга; 

5) иши Улуттук банктын чектөөлөрүнүн чегинде шариат стандарттарына каршы келбеген компаниялардын акцияларын сатып алууга жана сатууга: 

а) эмитент эң жогорку категория боюнча фондулук биржанын листингине киргизилген учурда гана банк Кыргыз Республикасынын жеке эмитенттеринин резиденттеринин акцияларын сатып ала алат; 

б) эмитенттин Мооdy's Investor Service (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган эң жогоркудан төмөн болбогон жана эң жогоркудан кийинки категориядагы узак мөөнөттүү кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү рейтинги же Standard & Poors (АКШ), Fitch IBCA (Улуу Британия), Ислам эл аралык рейтингдик агенттиктери ыйгарган эквиваленттүү рейтинги болгон учурда гана Кыргыз Республикасынын эмитенттери- резидент эместеринен акцияларды сатып ала алат; 

6) векселдер менен операцияларды жүзөгө ашырууга; 

7) банк банктын Шариат кеңешинин жактыруусу жана Улуттук банктын уруксаты болгон учурда, ислам баалуу кагаздарын чыгаруу жөнүндө чечимин кабыл алуу күнүнө чейин акыркы 12 ай ичинде төмөнкүлөрдү аткарган шартта банк ислам баалуу кагаздарын чыгара алат: 

- банктын капиталынын шайкештиги боюнча эконмикалык ченемдерди жана банктар тарабынан сактоого милдеттүү Улуттук банк тарабынан белгиленген нормаларды жана лимиттерди аткарат; 

- банк ишине инспектордук текшерүүнүн жана күндөлүк көзөмөлдүктүн жыйынтыктары боюнча Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрүн жана талаптарын аткарган; 

- мыйзамдарды системалуу түрдө бузгандыгы үчүн (акыркы он эки ай ичинде эки же андан көп) Улуттук банк тарабынан ага карата мыйзамдарда каралган таасир этүү чаралары колдонулбаган болсо. 

- жогоруда келтирилген шарттардын кайсынысына болбосун ылайык келбеген шартта, банк ислам баалуу кагаздарын, анын ичинде векселдерди чыгарууга укугу жок.  

30-2. Банк базалык актив катары баалуу кагаз саналган пайыздык облигациялар (мамлекеттик баалуу кагаздарды эске албаганда) жана туунду финансылык инструменттер (деривативдер) менен операцияларды ишке ашыра албайт.  

30-3. Банк ислам баалуу кагаздары менен кайсы болбосун аракеттерди жүргүзүү, анын ичинде ишенимдүү башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды жеке адамдарга бере албайт. 

30-4. Банк Кыргыз Республикасынын эмитенттери-резидент эместери тарабынан чыгарылган документардык баалуу кагаздар менен, анын ичинде банк тарабынан баалуу кагаздарды күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алгандыгына байланыштуу операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыра албайт.»; 

- 39-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«39. Банк баалуу кагаздарды сатып алуу учурунда, аларды багыты боюнча (сатып алуу максатына жараша) классификациялоосу жана Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык эске алуусу, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктар ислам финансылык институттары үчүн Бухгалтердик эсепке алууну жана аудитти уюштуруу стандарттарына ылайык эске алуусу зарыл.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 9-глава менен толукталсын: 

 

«9-глава. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык,  

ислам баалуу кагаздары менен операцияларды жүзөгө  

ашырган банктын иш өзгөчөлүктөрү 

42. Ислам баалуу кагаздары бул ислам баалуу кагаздарынын ээлеринин эмитенттин белгилүү бир менчигинде/активинде же бизнесинде укугун тастыктоочу бирдей нарктагы сертификаттары.  

43. Ислам баалуу кагаздарынын ээлери кирешеде баалуу кагаздар проспектисине ылайык үлүшкө ээ болуу укугуна ээ, жана ал ээлик кылган баалуу кагаздардын үлүшүнө же санына пропорционалдуу чыгымдарды тартат.  

44. Ислам баалуу кагаздарын/сертификаттарды эмиссиялоо жана жүгүртүүгө чыгаруу үчүн негиз катары шариат стандарттарына ылайык келген келишим болууга тийиш. 

45. Бул активдерди мындай үлүштөрдүн наркына пропорционалдуу бирдей үлүштөргө бөлүү жана ислам баалуу кагаздарын чыгаруу аркылуу активдер алдында (материалдык активдер, кирешелерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууга карата укуктар) баалуу кагаздарды чыгарууга (секьюритизациялоо) уруксат берилет. Жүгүртүү максатында карыздык милдеттенмелерди ислам баалуу кагаздарына трансформациялоого (секьюритизациялоо) тыюу салынат. 

46. Ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектиси төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- эмиссиянын катышуучулары, анын ичинде эмиссиянын оригинатору, кызмат адамдары ж.б. тууралуу толук маалыматты кошо алганда, алардын укуктары жана милдеттери менен катар эле алардын укуктук статусун; 

- ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектисинде анын негизинде ислам баалуу кагаздары чыгарыла турган келишим аныкталууга тийиш, мисалы, ижарага (иджара) берилип жаткан мүлктүн сатып алуу-сатуу келишими, мурабаха ж.б. Аталган келишим ушул операциянын шариат стандарттарына ылайык келүүсүнө тиешелүү бардык негизги шарттарды камтууга тийиш; 

- проспект шариат стандарттарына дал келүү боюнча так жазылган милдеттенмени, ошондой эле Шариат кеңешинин эмиссиянын проспектисинин жана жол-жоболорунун ислам каржылоо принциптерине ылайык келүүсү жөнүндө корутундуну камтууга тийиш; 

- проспект мындай каражаттарга конвертацияланып жаткан, алынган каражаттардын жана активдердин инвестицияланышы шариаттын стандарттарына дал келиши тууралуу маалыматты камтууга тийиш; 

- ислам өнөктөштүк сертификаттарынын проспектисинде ар бир сертификаттын ээси пайда алып, анын сертификатта көрсөтүлгөн мүлктүк укуктарына пропорционалдуу чыгымдарды тарта тургандыгы көрсөтүлүүгө тийиш; 

- проспект, ислам баалуу кагаздарынын эмитенти өз милдеттенмелерин аткарбай коюу же талаптагыдай аткарбай коюу учурларынан тышкары, сертификаттын ээсине анын номиналдык наркынын чегинде компенсацияны, же болбосо эмитент пайданын белгиленген өлчөмүн гарантиялай тургандыгы жөнүндө кайсы болбосун көрсөтмөлөрдү камтыбоого тийиш. Бирок, көз карандысыз үчүнчү жактын гарантиясына жол берилет. Мында, бул гарантия акысыз негизде болууга тийиш, тараптар тарабынан келишимдин аткарылышы үчүнчү жактын гарантия боюнча өз милдеттенмесин аткаруусунан көз каранды болбоосу зарыл. Инвестициялык ислам баалуу кагаздарынын эмитенти укукка жатпаган аракеттерди, шалаакылык, ыйгарым укуктарынын чегинен ашкан же келишимди бузган учурда анын жоопкерчилигин камсыз кылуучу гарантияларды сунуштоого укуктуу. 

47. Эмитент сертификаттардын жазылуу таризделбеген жагында бөлүгүн сатып алуу боюнча милдеттенмени алууга укуктуу, мында ушул жазылуу боюнча милдеттенме милдеттендирилген сөз берүүдө негизденүүгө тийиш. Калган сертификаттарга жазылууга милдеттенме алган адамга мындай жазылуу үчүн кайсы болбосун комиссияны алууга уруксат берилбейт. 

48. Инвестициялык ислам баалуу кагаздарын шариат стандарттарына ылайык кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү же узак мөөнөттүү негизде чыгарууга уруксат берилет.  

49. Ислам баалуу кагаздарынын эмитенти же ээлери, анын ичинде ислам баалуу кагаздарынын ээлеринин төгүмдөрүнөн турган ислам камсыздандыруу фондун уюштуруу аркылуу бөлүштүрүлүүчү пайданын өзгөрүлмөлүүлүгүн минималдаштыруу жолу (пайданы текшилөөгө кам) же сертификаттардын ээлеринин кирешесинен премияларды төлөп берүү аркылуу ислам камсыздандыруусунда (такафул) катышуу аркылуу өз тобокелдиктерин хеджирлөөгө укуктуу. Мында, шариаттын стандарттары боюнча кирешенин белгилүү бир бөлүгүн кармоого жол берилбейт. 

50. Ислам баалуу кагаздарын жайгаштыргандан жана долбоордун иши башталгандан кийин мүлккө, кирешени, кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугуна карата укукту тастыктаган жана бул этапта шариаттын стандарттарына дал келген шартта сертификаттарды жүгүртүүгө жана сатып алууга уруксат берилет.  

51. Жүгүртүлүп жаткан ислам баалуу кагаздары орун алган учурда эмитент эмиссиянын проспектисинде эмиссия аяктагандан кийин рыноктук нарк боюнча ага сунушталып жаткан сертификаттарды сатып алуу боюнча өзүнө милдеттенмени алууга укуктуу. Бирок, эмитентке алардын номиналдык наркы боюнча ислам баалуу кагаздарын сатып алууга убада берүүгө уруксат берилбейт. 

52. Ислам баалуу кагаздарынын жүгүртүлүшү кайсы болбосун белгилүү шариаттын стандарттарына каршы келбеген ыкмалар аркылуу рынокто жүзөгө ашырылышы мүмкүн (байланыштын электрондук каражаттарын колдонуу же айкын берүү аркылуу реестрде каттоо, эгерде бул сертификаттар берүүчүгө каралган болсо).». 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 10-июнундагы № 26/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелеринде: 

- 2-глава төмөнкү мазмундагы 2.1-1-пункт менен толукталсын: 

«2.1-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банк ислам баалуу кагаздарын чыгаруу үчүн ислам атайын финансылык компаниясын түзүүгө укуктуу.»; 

- 3.4-пунктунун: 

2 пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) Директорлор кеңешинин туунду же көз каранды компанияны түзүү жана/же сатып алуу жөнүндө чечимин; Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда ислам атайын финансылык компаниясын түзүү үчүн банктын Шариат кеңешинин жактыруусун;» 

4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) түзүлүп жаткан компаниянын уставынын жана уюштуруу келишиминин долбоорлору. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда жогоруда көрсөтүлгөн документтер банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш;». 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун: 

- 4.1.1-пунктчасында: 

экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары (мындан ары МБК) (эгерде мамлекеттик баалуу кагаздардын ордун жабуу мөөнөтү активдин ордун жабуу мөөнөтүнө чейин келип жетсе, банк мамлекеттик баалуу кагаздардын ордун жабуусунан алынган акча каражаттарды күрөөлүк камсыздоо, же болбосо кошумча ушул сыяктуу мамлекеттик баалуу кагаздарды камсыздоо катары кабыл алууга тийиш;»; 

- бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Нормалдуу катары ошондой эле активдер суммасынын кеминде 100% аффинаждалган өлчөнгөн куймалар түрүндөгү алтындан турган күрөөүрөө катары) менен камсыздалган активдер аталат.»; 

- сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) активди берүү келишиминде жана күрөө жөнүндө келишимде, өзүнчө депозиттик эсепте акча каражаттар, мамлекеттик баалуу кагаздар жана башка баалуу кагаздар банк тарабынан берилген каражаттарды камсыз кылуучу катары көрсөтүлүшү зарыл жана банк кардар милдеттенмелерин аткарбаган учурда акцептсиз тартипте аларга өндүрүү жүргүзүүгө укуктуу;»; 

- онунчу абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) күрөө жөнүндө келишимде өзүнчө депозиттик эсептеги акча каражаттарды, мамлекеттик баалуу кагаздарды жана башка баалуу кагаздарды кайрадан күрөөгө коюуга жол бербөө каралууга тийиш;»; 

- он бири абзацта «МКВ» аббревиатурасы «МБК» дегенге алмаштырылсын; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 10.6-1-пункт менен толукталсын: 

«10.6.-1. Банк Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы  

№ 52/4 токтому менен бекитилген «Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө» жобонун 25-пунктунда каралган карыздык баалуу кагаздар боюнча талаптар аткарылбаган учурда инвестицияларды Кыргыз Республикасынын эмитенттерин-резиденттерин долбоордук каржылоонун карыздык баалуу кагаздарына байкоо алдындагы активдер катары классификациялашы мүмкүн (мында, долбоордук каржылоо дегенден улам инвестициялык макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылуучу белгилүү бир мезгил ичинде белгиленген жыйынтыкка жетүүгө чейин инвестициялардын тажрыйбалык ишке ашырылышы каралган иш-чаралардын жана документтердин топтомун түшүнүүгө болот (жаңы активдерди түзүү, куруу жана өндүрүү: имараттар, курулмалар жана башка активдер). Баалуу кагазды алып салган, эмитенттин финансылык абалынын начарлоо тенденциясы, эмитенттин кызмат адамдары менен проблемалар пайда болгон же эмитенттин милдеттенмелерин аткаруусуна таасир этиши мүмкүн болгон рыноктук шарттар өзгөрүлгөн учурда, банк аталган активди «шектүү» катары классификациялоого тийиш.»;  

- 10.7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10.7. Эмитент төлөөгө жөндөмсүз деп жарыяланган учурда мындай инвестициялар дароо жоготуулар катары классификацияланууга тийиш.»; 

- 1-тиркемесинин: 

1-пунктундагы «ВВВ» деген сөз «Ваа2» дегенге алмаштырылсын; 

4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Баалуу кагаздар эмитентинин акыркы үч жыл ичиндеги чыгымсыз иши.». 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/6 «Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун: 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Нормалдуу активдер бул төмөнкүлөрдөн турган активдин суммасынан кеминде 120% күрөөүрөө түрүндө) менен камсыздалган активдер: 

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары (мындан ары МБК) (эгерде мамлекеттик баалуу кагаздардын ордун жабуу мөөнөтү активдин ордун жабуу мөөнөтүнө чейин келип жетсе, банк мамлекеттик баалуу кагаздардын ордун жабуусунан алынган акча каражаттарды күрөөлүк камсыздоо, же болбосо кошумча ушул сыяктуу мамлекеттик баалуу кагаздарды камсыздоо катары кабыл алууга тийиш; 

- акча каражаттарды сактоо максатында аталган банкта ачылган өзүнчө эсепте жеке адам же юридикалык жак тарабынан жайгаштырылган каражаттар. Кардарлардын эсептешүү эсеби жана банктын корреспонденттик эсеби камсыздоо катары колдонулбайт. 

- ушул жобого карата 1-тиркемеде белгиленген минималдуу талаптар сакталган шартта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категория боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларынын листингине киргизилген ислам баалуу кагаздары (мындан ары ислам баалуу кагаздары). 

Нормалдуу катары ошондой эле активдер суммасынын кеминде 100% аффинаждалган өлчөнгөн куймалар түрүндөгү алтындан турган күрөөүрөө катары) менен камсыздалган активдер аталат. 

Эскертүү: Аффинаждалган өлчөнгөн куймалар Улуттук банк же аффинаждоочу ишкана тарабынан эмитирленген (чыгарылган) баалуу металлдардан даярдалган жана маркировкаланган, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан сертификацияланган, 1000 г жана андан азыраак салмактан турган, алтын үчүн куйманын лигатуралык массасынын кеминде 99,95-99,99% жана күмүш/платина үчүн куйманын лигатуралык массасынын кеминде 99,90% химиялык таза негизги металлдан турган куймалар. 

Мында, төмөнкү шарттар аткарылууга тийиш: 

1) активди берүү келишиминде жана күрөө жөнүндө келишимде, өзүнчө эсепте жайгаштырылган акча каражаттар, мамлекеттик баалуу кагаздар жана ислам баалуу кагаздары банк тарабынан берилген каражаттарды камсыз кылуучу катары каралышы зарыл жана банк кардар милдеттенмелерин аткарбаган учурда акцептсиз тартипте аларга өндүрүү жүргүзүүгө укуктуу; 

2) күрөө жөнүндө келишимде өзүнчө депозиттик эсепте жайгаштырылган акча каражаттар, мамлекеттик баалуу кагаздар жана ислам баалуу кагаздары кайрадан күрөөгө коюуга жол бербөө каралууга тийиш; 

3) банкта тиешелүү жол-жоболор болууга жана күрөөнү тариздөөгө жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган акча каражаттарынын, МБКнын жана ислам баалуу кагаздарынын келишимде каралган мөөнөтү бүткөнгө чейин сакталышына байланыштуу тиешелүү бардык жол-жоболор болууга жана бардык жол-жоболордун талаптагыдай аткарылышын камсыз кылган ички контролдук жүзөгө ашырылууга тийиш; 

4) өзүнчө эсепте жайгаштырылган жана активди камсыздоочу болуп саналган каражаттар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында же болбосо валюталардын жалпы жеткиликтүү жана туура котировкаларынын негизинде кыргыз сомуна эркин конвертациялануучу валютада болууга тийиш. Эгерде ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча тартылган акча каражаттар активдин валютасында эле номинацияланган болсо, анда алар активдин кеминде 100% жабууга, ал эми ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча тартылган акча каражаттар активдин валютасынан айырмаланган валютада сомдук эквивалентинде кеминде 120% жабууга тийиш; 

5) эгерде, активди камсыздоо катары активдин валютасынан айырмаланган валютада акча каражаттар сунушталган болсо, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча тартылган акча каражаттарды жума сайын кайра баалоо зарыл; 

6) эгерде кайрадан баалоонун натыйжасында күрөөнүн наркы азайса, анда банк ушул жобонун талаптарына ылайык дароо эле анын наркынын жогорулатылышын талап кылууга жана ал талаптын 10 (он) жумуш күнү ичинде аткарылышын камсыз кылууга укуктуу; 

7) эгерде 1-6-пунктчаларда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаган болсо, анда мындай актив толук камсыз кылынбаган катары таанылат жана ал классификациянын башка категориясына которулууга тийиш. 

Эгерде, алар ушул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берсе, банктар өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган улуттук валютадагы активдерди «нормалдуу активдер» катары классификациялашы мүмкүн. 

Эгерде, алар ушул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берсе, банктар кирешелер түзүмүнө карабастан 0-2% чейинки өлчөмдө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен АКШ долларында жаңыдан берилген активдерди банктын ички саясатына ылайык «нормалдуу активдер» катары классификациялашы мүмкүн. Мында бул талаптар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн кызматташуусунун алкагында (Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондусу, мындан ары Өнүктүрүү фондусу) берилген жеңилдетилген активдерге, анын ичинде Өнүктүрүү фондусу тарабынан башка чет өлкө финансылык институттарынан тартылган жана гарантияланган каражаттардын эсебинен берилген активдерге, ошондой эле алардын ордун жабуу Өнүктүрүү фондусунун каражаттарынан каржылоонун эсебинен ишке ашырылган, каржылоо келишиминин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшү каралган мурда берилген активдерге да таркатылат. Өнүктүрүү фондусунун каражаттарынын эсебинен банктардын активдерин реструктуризациялоого, ошондой эле «классификацияланган» активдер категориясына кирген, мурда берилген активдерди каржылоого жол берилбейт.»; 

- 22-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 токтому менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун талаптарына дал келүүчү өндүрүү жүргүзүлө турган жана/же гарантия/кепилдик берилүүчү мүлктүк камсыздоо бар болсо, анын эсебинен карыздын орду жабылышы мүмкүн;»;  

- 22-2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«22-2. Банк, эгерде каржылоо берүү учурунда эффективдүү пайыздык чен Улуттук банк тарабынан жарыяланган, чет өлкө валютасында берилген кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык ченден 2 пайыздык пунктка төмөн болсо, кардардын кирешесинин түзүмүнө карабастан чет өлкө валютасында берилген (Өнүктүрүү фондусунун каражаттарынын эсебинен берилген каржылоодон тышкары) каржылоо боюнча 1% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды түзүшү мүмкүн.; 

- 23-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Активди байкоого алынган актив катары таанууга түрткү берген мүнөздүү белгилеринен болуп, төмөнкүлөр саналат:    

- активди толук эмес камсыздоо, калган учурларда канааттандырарлык активдерге тиешелүү бардык мүнөздөмөлөргө ээ;»; 

- 23-3-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Ушул жобонун 21-пунктуна ылайык бул пунктунун өзгөчөлүгү катары Өнүктүрүү фондусунун алкагында берилген каржылоо, ошондой эле Өнүктүрүү фондусунун гарантиясы алдында берилген каржылоо саналат.»; 

- 24-2-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Толугу менен кепилдик/гарантия тарабынан камсыздалган активди төлөмдөр боюнча мөөнөтү өтүп кеткен 60 күн келип жеткенде, б.а. ушул жобонун аталган пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт келип жеткенге чейин «субстандарттык» катары классификациялоо зарыл.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 24-4-пункт менен толукталсын: 

«24-4. Жаңыдан берилген активдин орду жабуу графигинде негизги сумманын ар айлык негизден тышкары ордун жабуу каралса жана мында, негизги сумманын 80% ашыгын орду жабуу төмөнкүлөр аяктагандан кийин каралса: 

- активдин жалпы мөөнөтүнүн 3/4, мында, каржылоо мезгилинин жалпы мөөнөтү кеминде 3 (үч) жыл; 

- активдин жалпы мөөнөтүнүн 1/2, мында, каржылоо мезгилинин жалпы мөөнөтү  

3 (үч) жылдан ашык; 

мындай активдерди төмөнкү активдерди эске албаганда, 25% өлчөмүндө РППУну түзүү менен «субстандарттык» катары классификациялоо зарыл:  

- активдин ордун жабууга жеңилдетилген мезгилди берүү каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген; 

- банктар аралык жайгаштыруулар, анын ичинде микрофинансылык уюмдарга берилген активдер; 

- бир кардарга берилген чогуу алгандагы ТСКнын кеминде 1% суммасына; 

- бир кардарга берилген мудараба, шарика жана истиснаа келишимдери боюнча чогуу алгандагы ТСКнын кеминде 10% суммасына;  

Бул нормалар күчүнө киргенден кийин бардык жаңыдан берилген активдер, анын ичинде каржылоонун бир линиясынын алкагында берилген бардык транштар жогоруда көрсөтүлгөн талапка ылайык классификацияланууга тийиш. 

Ушул Жобонун 21-пунктуна ылайык бул пунктунун өзгөчөлүгү катары Өнүктүрүү фондусунун алкагында берилген жеңилдетилген активдер саналат.»; 

-Жобо төмөнкү мазмундагы 37-1-пункт менен толукталсын: 

«37-1. Банк Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 токтому менен бекитилген «Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө» жобонун 30-1-пунктунун «2» пунктчасынын «б» бөлүгүндө каралган ислам баалуу кагаздары боюнча талаптар аткарылбаган учурда инвестицияларды Кыргыз Республикасынын эмитенттерин-резиденттерин ислам баалуу кагаздарына «байкоо алдындагы активдер» катары классификациялашы мүмкүн. Баалуу кагазды алып салган, эмитенттин финансылык абалынын начарлоо тенденциясы, эмитенттин кызмат адамдары менен проблемалар пайда болгон же эмитенттин милдеттенмелерин аткаруусуна таасир этиши мүмкүн болгон рыноктук шарттар өзгөрүлгөн учурда, банк аталган активди «шектүү» катары классификациялоого тийиш.»;  

- 39-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«39. Эмитентти/инвестицияланып жаткан компанияны төлөөгө жөндөмсүз катары жарыялап жаткан учурда, мындай инвестициялар дароо жоготуулар катары классификацияланууга тийиш.»; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 1-тиркеме менен толукталсын: 

« 1-тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын фондулук биржасынын листингине эң жогорку жана андан кийинки категория боюнча киргизилген баалуу кагаздарга карата коюулуучу МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

 

1. Баалуу кагаздар эмитентинде Moody's Investors Service рейтингдик агенттигинин классификациясы боюнча «Ваа2» категориясынан төмөн болбогон инвестициялык рейтингинин же Standard & Poors, Fitch, Ислам эл аралык рейтингдик агенттиктеринин классификациясы боюнча ушул сыяктуу деңгээлдеги рейтингинин болушу. 

2. Бул баалуу кагаздар менен бүтүмдөр маанилүү мүнөзгө ээ эмес, б.а. биржанын тоорук системасында 30 (отуз) календарлык күн ичинде аталган баалуу кагаздар менен кеминде бир бүтүм келишилет. 

3. Эмитенттин мурда чыгарган баалуу кагаздары боюнча милдеттенмелердин ордун жабуу мөөнөттөрүнө ретроспективдүү талдап-иликтөөнүн жыйынтыктары эмитент чыгарган баалуу кагаздары боюнча милдеттенмелерди аткаруу жагында карыз болбогондугу тууралуу негиз берүүгө тийиш. 

4. Баалуу кагаздар эмитентинин акыркы үч жыл ичиндеги чыгымсыз иши.». 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/13 токтому менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 34-пунктунда: 

үчүнчү абзацтагы төртүнчү сүйлөмдө «карыз алуучуга» деген сөздөр «кардарга/өнөктөшкө» дегенге алмаштырылсын; 

тогузунчу абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- амсыздоо. Камсыздоого баалоодо банкты каржылоо боюнча адис өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди кайтарбай коюу тобокелдигин азайтуу үчүн зарыл жетиштүү сапаттуу камсыздоого кардар/өнөктөш ээби же жокпу, мына ушул жагдайды да териштирүүсү зарыл. 

Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүдө ар кандай формаларды, түрлөрдү жана ыкмаларды колдонушу мүмкүн. 

Кардарлардын/өнөктөштөрдүн милдеттенмелеринин камсыздалышы ар кандай белгилер боюнча классификацияланат: 

өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун мүлктүк формасы дегенден улам, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди алган учурда кардар/өнөктөш тарабынан сунушталган мүлктү сатып өткөрүүдөн акча каражаттарды алуунун эсебинен активдин ордун жабуунун экинчи булагын түшүнүүгө болот. 

Мүлктүк формага өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун төмөнкү түрлөрү киргизилиши мүмкүн: 

- кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу; 

- кыймылдуу мүлктү күрөөгө коюу (автотранспорт, жүгүртүүдөгү товарлар, тиричилик техника ж.б. мүлктөр, эрежедегидей эле, кардардын/өнөктөштүн колдонуусунда калат); 

- күрөө (заклад) (банктын сактоосуна берилген мүлк баалуу металлдар, баалуу кагаздар, депозитти күрөөгө коюу ж.б.); 

өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун мүлктүк эмес формасы. Активдерди камсыздоонун мүлктүк эмес формасы бул каражаттарды кайтаруунун юридикалык таризделген эсебинен активдин ордун жабуу булагы. 

Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун мүлктүк эмес формасына активдерди камсыздоонун төмөнкү түрлөрү киргизилиши мүмкүн: 

- гарантия; 

- кепилдик. 

Милдеттенменин ордун жабуу деңгээли боюнча өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча камсыздоо төмөнкүлөргө бөлүнөт: 

- негизги камсыздоо; 

- кошумча камсыздоо. 

Милдеттенменин толук ордун жабуусуна жараша өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча камсыздоо төмөнкүлөргө бөлүнөт: 

өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча толугу менен ордун жабылган милдеттенме; 

өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча жарым-жартылай орду жабылган милдеттенме. 

Банктын кредиттик тобокелдиктеринин минималдаштыруунун өзүнчө формасы катары кредиттик тобокелдикти камсыздоо болушу мүмкүн. 

Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча мүлктүк камсыздоону кабыл алуу үчүн банктын негизги иш-чаралары: 

- банк кардар/өнөктөш тарабынан сунушталган камсыздоонун болушуна ынанууга тийиш. Мүлккө карата менчик укугу жөнүндө документтерди, ошондой эле анын чыныгы түрүндө болушун текшерүү зарыл. Камсыздоо катары сунушталган мүлк (укук) реалдуу болууга тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарган учурда камсыздоону кийинки күрөө коюуга жол берилет; 

- банк камсыздоонун ликвиддүүлүк деңгээлин аныктоого тийиш, б.а. тез сатуу мүмкүнчүлүгү

- банк өз алдынча же мыйзамдардын талаптарына ылайык тиешелүү сертификатка ээ көз карандысыз адистерди-баалоочуларды ишке тартуу менен камсыздоонун наркын баалашы мүмкүн. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча камсыздоонун рыноктук наркынын каржылоонун жана камсыздоо предметин сатып өткөрүүдөн мүмкүн болуучу сарптоолордун өлчөмүн эске алуу менен ал боюнча тиешелүү төлөөлөрдүн (карыз жана кредит боюнча пайыздар) суммасынан артышы өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди кайтарбай коюу тобокелдигин тескөө боюнча инструменти болуп саналат; 

- банк кардар/өнөктөш тарабынан сунушталган мүлккө карата баанын туруктуулугун аныктоо максатында рынокту талдап-иликтөөсү зарыл. Мында, банк бул камсыздоонун наркынын төмөндөө тобокелдиктерин эске алуусу зарыл; 

- банк колдонуу/пайдалануу мөөнөтү менен мүлктү кеминде кардардын/өнөктөштүн каржылоону колдонгон мөөнөтү боюнча камсыздоого кабыл алууга тийиш. Мында, камсыздоону сактоодо муктаждыктын келип чыгуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу зарыл, бул кошумча чыгашаларга алып келиши мүмкүн;»; 

онунчу абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- гарантия (кепилдик). Каржылоо берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди гарантия/кепилдик менен камсыз кылууда банк кардарга/өнөктөшкө толук көлөмдө талдап-иликтөө жүргүзгөндөй эле, гаранттын/кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө толук көлөмдө талдап-иликтөө жүргүзөт. Банк ушул жобонун талаптарына ылайык кардардын/өнөктөштүн төлөө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө үчүн талап кылынган документтерди гаранттан/кепилдик берүүчүдөн талап кылууга, анын кесиптик аброюн, өз милдеттенмесин аткаруу жоопкерчилигин жана даярдыгын иликтөөгө тийиш. Мында, бул шарттын аткарылбашы гарантия/кепилдик менен камсыздалгандардын жагында өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди бланктык катары таанууга алып келет;»; 

- 63-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«63. Эмгек акы долбоорлорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафттарды эске албаганда, алар боюнча камсыздоо болуп кыймылсыз мүлк, кыймылдуу мүлк, гарантиялар же кепилдиктер жана активдерди классификациялоодо камсыздоо катары каралган башка инструменттер саналбаган, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер бланктык катары эсептелип, анын аброюнун жана анын кирешелер деңгээлин баалоонун негизинде төлөөгө жөндөмдүү кардарга/өнөктөшкө гана (резидентке гана) берилет. Кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдерди берүү кеңири жайылтылган тажрыйба болбоого тийиш. Бланктык активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобого ылайык, банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш.