Кайта келүү

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы №60/8 «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы №60/8 «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоору микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган келишимдердин тизмесин кеңейтүү максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүгү 

Сунушталган долбоор микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялардын тизмегин кеңейтүү максатында, атап айтканда өлкөнүн айыл чарба секторунда иш алып барган кардарларды мугараса, музараа жана мусакат операцияларын колдонуу менен каржылоо үчүн иштелип чыккан.  

Алсак, Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы №60/8 токтому менен бекитилген «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону жогоруда аталган операциялар менен толуктоо сунушталууда.  

Ошондой эле аталган долбоорду кабыл алуу Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2017-П-11/51-4-(НФКУ) токтому менен бекитилген, ислам каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялардын тизмесинин кеңейтилиши каралган, Кыргыз Республикасынын 2018-2021-жылдарга микрокаржылоо секторунун өнүгүүсүнүн негизги багыттарынын максаттарына шайкеш келет. 

Ушуга байланыштуу, долбоордо аталган Жобонун 2-главасын жогоруда келтирилген операциялардын түрлөрү менен толуктоо каралган.  

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык болушу мүмкүн болгон натыйжаларды болжолдоо  

Бул долбоорду кабыл алуу экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат  

Бул бөлүк боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча берилет.  

 

5. Долбоордун мыйзамга шайкеш келишине талдап-иликтөө  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамына ылайык, өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин укуктук жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.  

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банк эмес финансы-кредит уюмдарына карата аталган Мыйзам ченемдери жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары ислам банк иши жана каржылоо принциптеринин жоболорунда каралган мүнөздүү бөтөнчөлүктөрдү жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.  

Аталган операциялардын аныктамалары жана негизги жоболору ислам финансы институттары үчүн Бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюмунун (AAOIFI) шариат стандарттарына ылайык долбоорго киргизилген.  

Мында, аталган Мыйзамдын 111-беренесине ылайык, Улуттук банк ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операциялардын, бүтүмдөрдүн жана типтүү келишимдердин тизмегин жана аларды жүргүзүү тартибин белгилөөгө укуктуу. 

Айрым банк операциялары, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар Улуттук банк тарабынан берилген тиешелүү лицензия/күбөлүк болгон шартта, банк эмес финансы-кредит уюмдары жана башка юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жана булактары жөнүндө маалымат  

Сунушталган долбоорду кабыл алуу кошумча каржылоону бөлүп берүүнү талап кылбайт. 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын ______________ 

№_________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы №60/8 токтому менен бекитилген «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жобого өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы №60/8 токтому менен бекитилген «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

- «Шарика/мушарака келишими/өнөктөштүгү» деп аталган 2-глава төмөнкү мазмундагы 52-1 жана 52-2-пункттар менен толукталсын:  

«52-1. Айыл чарба секторунда колдонулуучу келишимдер/өнөктөштүктөр: 

1) Мусакат келишими (ирригациялык өнөктөштүк) - бул келишим боюнча биринчи тарап белгилүү айыл чарба бак-дарактарын/өсүмдүктөрүн кам көргөн экинчи тарапка түшүмдү/жемишти тараптар ортосунда келишимди түзүүдө аныкталган үлүштөргө ылайык бөлүү шарты менен сунуштайт. 

2) Музараа келишими - бул келишим боюнча биринчи тарап жерди айыл чарба иштерин уюштуруу үчүн түшүмдүн тараптар ортосунда келишимди түзүүдө макулдашылган үлүшүн алуу үчүн экинчи тарапка сунуштаган келишим. 

3) Мугараса келишими - бул келишим боюнча биринчи тарап токойсуз жерди бак-дарактарды отургузуу үчүн жана кийин түшүмдү/жемишти келишимде макулдашылган коэффициентке ылайык бөлүштүрүп алуу үчүн экинчи тарапка сунуштайт. 

52-2. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык айыл чарба секторун өнүктүрүү боюнча каржылоону талаптагыдай ишке ашыруу үчүн шариат стандарттарын колдонуу зарыл, ошондой эле шариат стандарттары боюнча иште колдонуу үчүн финансы-кредит уюмдарында тиешелүү билими бар кызматкерлер болууга тийиш.». 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актысына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча 

Салыштырма таблица 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 токтому менен бекитилген «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө жобо» 

 

Колдонууга редакция 

Сунушталган редакция 

Жок 

 

 

 

 

 

 

 

 

52-1. Айыл чарба секторунда колдонулуучу келишимдер / өнөктөштүктөр: 

1) Мусакат келишими (ирригациялык өнөктөштүк) - бул келишим боюнча биринчи тарап белгилүү айыл чарба бак-дарактарын/өсүмдүктөрүн кам көргөн экинчи тарапка түшүмдү/жемишти тараптар ортосунда келишимди түзүүдө аныкталган үлүштөргө ылайык бөлүү шарты менен сунуштайт. 

2) Музараа келишими - бул келишим боюнча биринчи тарап жерди айыл чарба иштерин уюштуруу үчүн түшүмдүн тараптар ортосунда келишимди түзүүдө макулдашылган үлүшүн алуу үчүн экинчи тарапка сунуштаган келишим. 

3) Мугараса келишими - бул келишим боюнча биринчи тарап токойсуз жерди бак-дарактарды отургузуу үчүн жана кийин түшүмдү/жемишти келишимде макулдашылган коэффициентке ылайык бөлүштүрүп алуу үчүн экинчи тарапка сунуштайт. 

Жок 

52-2. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык айыл чарба секторун өнүктүрүү боюнча каржылоону талаптагыдай ишке ашыруу үчүн шариат стандарттарын колдонуу зарыл, ошондой эле шариат стандарттары боюнча иште колдонуу үчүн финансы-кредит уюмдарында тиешелүү билими бар кызматкерлер болууга тийиш.