Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк коммерциялык банктардын топтук кредиттер менен иш алып баруусун жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» долбоорун иштеп чыкты. 

Долбоор кошо жоопкерчиликтүү топторду активдүү кредиттөө ишин жүргүзүшкөн банктардын топтук кредиттеринин портфелинин кескин төмөндөшүнөн жана келечекте ченемдердин сакталбашы тобокелдиктеринин келип чыгышынан улам, ченемдерди кайра карап чыгуу зарылчылыгына байланыштуу демилгеленген. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Долбоордо жалпы кредит портфелинде топтук кредиттердин үлүшү 5 жана андан аз пайызды түзгөн банктар, ошондой эле топтук кредиттер портфелин 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө 5 жана андан аз пайызга чейин төмөндөтүү боюнча стратегияны (план) бекиткен банктар бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдөн топтук кредиттерди мөөнөтүндө төлөнбөгөн топтук кредиттердин үлүшүн топтук кредиттердин жалпы көлөмүндө  5% ашпаган өлчөмүндө эки жыл ичинде сактоо талабына карабастан алып салуу мүмкүнчүлүгү каралган. 

Долбоорго ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого өзгөртүүлөр киргизилүүдө.  

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык натыйжалардын, коррупциялык кесепеттердин келип чыгышы мүмкүндүгүн болжолдоо 

Долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат   

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын таламдарын, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салууга тиешеси бар ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга алынууга жана жөнгө салуу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлүүгө тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылат.  

  

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо   

Долбоор Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына каршы келбейт.  

  

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат   

Сунушталып жаткан долбоордун кабыл алынышы кошумча каражаттарды талап кылбайт. 

  

7. Жөнгө салуу таасирине талдап-иликтөөлөр боюнча маалымат   

Токтом долбоорунун жөнгө салуу таасирине талдап-иликтөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Методикага ылайык жүргүзүлгөн. 

 

 

 

Долбоор 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо:  

- 61-2-1-пункт менен толукталсын: 

«61-2-1. Бул жобонун 61-2-пунктунун талаптары топтук кредиттердин үлүшү жалпы кредит портфелинен 5 жана андан аз пайызды түзгөн банктар, ошондой эле 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө топтук кредиттер портфелин 5 жана андан аз пайызга чейин төмөндөтүү боюнча стратегияны (план) бекиткен банктар үчүн бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөгө таркатылбайт.». 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

Башкарманын мүчөлөрү: А. Айбалаева  

Н. Жениш 

М. Момункулова  

Н. Сагындыков 

А. Сыдыков 

А. Тезекбаева