Кайта келүү

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары-долбоор) реструктуризацияланган кредиттерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо боюнча талаптарды күчөтүү, ээлик кылуу, пайдалануу, тескөө укугун сактап калуу ыктымалдуулугу өтө төмөн болгон банктын мүлк укуктары колдонулуучу активдери классификациялоо боюнча талап белгилөө максаттарында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Эң оболу, реструктуризацияланган кредиттерди классификациялоо жана аларды реструктуризациялоо тартибин өркүндөтүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилет. Бул өзгөртүулөр төмөнкүнү камтыйт: 

- ар бир кайрадан реструктуризациялоодо классификациялоо категориясынын начарлашы; 

- реструктуризацияланган кредиттерди классификацияланган активдерден классификацияланбаганга жана классификациянын начар категориясынан алгылыктуу категориясына которууда кошумча шарттарды белгилөө

- кайрадан реструктуризациялоо жана ири тобокелдиктерди алып жүргөн кредиттер боюнча төлөөнү 12 айдан ашык мөөнөткө жылдыруу маселелерин банктын Директорлор кеңешинин кароосу боюнча талапты киргизүү

- банк кредитти реструктуризациялоо чечимин кабыл алуу алдында кардарга толук иликтөө жүргүзүү жана күрөөгө баа берүү боюнча талапты бекитүү

Ошондой эле, долбоордо ээлик кылуу, пайдалануу, тескөө укугун сактап калуу ыктымалдуулугу өтө төмөн болгон банктын мүлк укуктары колдонулуучу активдери, ошондой эле, келечекте банк кардарлары же үчүнчү жактар алдындагы милдеттенмелерин аткарууга алып келиши мүмкүн болгон баланстан тышкаркы милдеттенмелерди «жоготуулар» катары классификациялоо сунушталат. Бул учурда, мындай активдерге жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерге классификациялоо категориясына кам түзүү, банк активдердин абалын жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин келип чыгышын шарттаган фактыларды аныктаган күнү ишке ашырылууга тийиш. 

Ошентип, долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү укуктук ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдү камтыйт: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык натыйжалардын, коррупциялык таасирин тийгизүү ыктымалдуулугуна болжолдоолор  

Долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат   

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын таламдарын көздөгөн, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга алынууга жана жөнгө салуу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлүүгө тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылат.  

  

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө   

Долбоор Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына каршы келбейт.  

  

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат   

Сунушталып жаткан долбоордун кабыл алынышы кошумча каражаттарды талап кылбайт. 

  

7. Жөнгө салуу таасирине талдап-иликтөөлөр боюнча маалымат   

Токтом долбоорунун жөнгө салуу таасирине талдап-иликтөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Методикага ылайык жүргүзүлгөн. 

 

 

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын «__»_________ 

№______________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун: 

- 3.6-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.6-1. Банк тарабынан бир жана ошол эле карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна сунушталган активдерди классификациялоодо карыз алуучунун же байланыштуу карыз алуучулар тобунун ар бир кредити боюнча жүргүзүлгөн классификацияны эске алуу жана бул активдерди эгерде начар катары классификацияланган болсо, көбүрөөк карызы менен активге ыйгарылган категория боюнча классификациялоо зарыл.  

Классификациялоо боюнча ушундай эле ыкма банктык топтун катышуучусу болуп саналышкан банктарга карата да колдонулат, мында да Кыргыз Республикасынын резиденттеринен болуп саналышкан карыз алуучунун же байланыштуу карыз алуучулар тобунун кредити боюнча, банктык топтун ар бир катышуучусу боюнча жүргүзүлгөн классификация эске алынууга тийиш.»; 

- 4.3.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.3.2. Активди байкоо алдындагы актив катары саноого боло турган мүнөздүү белгилер төмөнкүлөр:  

- активдин толук камсыздалбашы, калган учурда канааттандырылган активдерге тиешелүү бардык мүнөздөмөлөргө же контракттык каржылоонун алкагында камсыздоого ээ болгон (мисалы: каржыланган контракт боюнча талап коюу укугу, дебитордук карыздар ж.б.); 

- негизги сумма жана/же пайыздар боюнча кайтарып берүүнүн 30 күндөн ашпаган мөөнөткө кечиктирилиши; 

- алар боюнча документтердин жетишсиздиги же ага баа берүү боюнча тиешелүү эксперттердин жоктугунан банк үчүн күрөө боюнча мониторинг жүргүзө албастык; 

- күрөөнүн ликвиддүүлүгүнүн күтүлүп жаткан төмөндөөсү (баалардын төмөндөшү, валюта курсунун түшүшү); 

- кардардын финансылык абалынын начарлоосуна карата тенденциялардын пайда болушу; 

- активдин кайтарылышына таасирин тийгизген рыноктук шарттардын өзгөрүшү

- эгерде кредит буга чейин «классификацияланган кредиттер» категориясында камтылбаса, ошол эле учурда, бул өзгөрүү кардардын финансылык абалынын начарлашына байланыштуу болбосо, чет өлкө валютасындагы ошол кредит валютасын улуттук валютага которуу аркылуу кредит боюнча келишим шарттарын кайталап өзгөртүү

Классификацияланган актив белгисине ээ болбогон жана реструктуризациялоо күнүнө карата төлөмдөр 30 күндөн ашкан мөөнөткө кечиктирилбеген активди баштапкы реструктуризациялоодо аны «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого болот; 

- 5.1.5-пунктунун 1-абзацында «же мындай актив кайрадан» деген сөздөр «жана/же мындай актив экинчи жолу» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 5-глава төмөнкү мазмундагы 5.3.4-пункту менен толукталсын: 

«5.3.4. Эгерде банктын андан ары ээлик кылуу жана/же пайдалануу жана/же тескөө укугун сактап калуу ыктымалдуулугу өтө төмөн болсо, мүлк укуктары колдонулуучу активдер «жоготуулар» катары классификацияланууга тийиш.»; 

- 6.1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мисалы, кредиттин бир бөлүгүн камсыздоочу катары ушул Жобонун 4.1.1-пунктунда көрсөтүлгөн активдер кызмат кылса, ал эми күрөөнүн калган бөлүгүн үн ордун жабуу булагы жок болсо, анда активдер менен камсыздалган кредиттин бөлүгү "нормалдуу кредит" катары, ал эми активдер менен же күрөөнүн башка түрү менен камсыздалбаган бөлүгү - "жоготуулар" катары классификацияланат.»; 

- 6.2-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 7.3-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Кредитти ар бир кайталап реструктуризацилоодо банк аны классификациялоо категориясын начарлатууга тийиш.»; 

- 7.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.4. Банк Жобонун 7.6-пунктунун шарттары аткарылган учурда реструктуризацияланган активдин классификациялоо категориясын ырааттуу тартипте жакшырта алат.»; 

- 7.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.6. Банк бардык төмөнкү шарттар аткарылган учурда "субстандарттык" катары классификацияланган активди классификацияланбаган активдер категориясына которушу мүмкүн: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн сумма жок болсо; 

- негизги сумма жана ал боюнча чегерилген пайыздар 3 ай ичинде график боюнча өз убагында төлөнсө ай сайын аннуитеттик төлөм жүргүзүлсө; 6 ай ичинде негизги сумма боюнча чейрек сайын бирдей төлөмдөр жүргүзүлсө

- эгерде төлөмдөр ортосундагы мөөнөт 3 айдан ашса, негизги сумманы жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөөнү камтыган кеминде үч төлөм график боюнча өз убагында төлөнсө

- карыз алуучуда кредит боюнча карызды тейлөө үчүн жетиштүү акча агымдарынын бар экендигин тастыктоону кошо алганда, реструктуризациялоо шарттарынын сакталбашына алып келген жагдайлар жок болсо. 

Банк бардык төмөнкү шарттар аткарылган учурда «шектүү» же «жоготуулар» катары классификацияланган активдерди «субстандарттык» категориясына которушу мүмкүн: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн сумма жок болсо; 

- карыз алуучу кредиттин негизги суммасын кеминде 20% төлөсө

- төлөөнүн аннуитеттик графиги же негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды кредиттин бүтүндөй мөөнөтүнө болжол менен тегиз бөлүштүрүлгөн төлөө графиги болсо; 

- карыз алуучуда кредит боюнча карызды тейлөө үчүн жетиштүү акча агымдарынын бар экендигин тастыктоону кошо алганда, реструктуризациялоо шарттарынын сакталбашына алып келген жагдайлар жо болсо.» 

- 12-глава 12.3-пункту менен толукталсын: 

«12.3. «Жоготууларга» банктын төмөнкү жагдайлардан улам келечекте кардарлар же үчүнчү жактар алдында милдеттенмелерин аткаруусуна, б.а. акча каражаттарынын агылып чыгышына алып келген баланстан тышкаркы милдеттенмелер кирет: 

- ички алдамчылык; 

-тышкы алдамчылык; 

- банктын материалдык активдеринин зыянга учурашы (мисалы, өрт, табигый кырсыктар, терроризм актылары, вандализм ж.б. улам). 

Көрсөтүлгөн жагдайлардын жыйынтыгында банкка келтирилген зыяндын орду калыбына келишине жараша банк баланстан тышкары милдеттенмелерди классификациялоо категориясын калыбына келтирилген сумманын пайызына жараша жакшыртууга укуктуу: 

- 50 пайыздан кем эмес «шектүү»; 

- 75 пайыздан кем эмес -  «субстандарттык»; 

- 90 пайыздан кем эмес -  «байкоого алынган активдер»; 

- 90 пайыздан ашкан -  «канааттандырарлык». 

- 13.8- пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Банк активди же баланстан тышкаркы милдеттенмени ушул Жобонун 5.3.4, 12.3-пункттарына ылайык классификациялаган учурда РППУ ушул пункттарда көрсөтүлгөн фактылар аныкталган күнү эсептелет жана түзүлөт.». 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 14-пункту «олуттуу тобокелдикти камтыган кредиттерди (2) сатуу жана эсептен алып салуу боюнча сунушту» деген сөздөрү төмөнкү сөздөр менен толукталсын: 

«ошондой эле кайталап реструктуризациялоо жана олуттуу тобокелдикти камтыган кредиттерди реструктуризациялоодо төлөө мөөнөтүн 12 айдан ашык мезгилге жылдыруу маселелери»; 

- 75-пунктунун 7-абзацындагы биринчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кредитти реструктуризациялоодо банк карыз алуучунун учурдагы финансылык абалына, ишине сапаттуу талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүсү, банктын карыз алуучуга көрсөткөн ишеним деңгээлин кароосу, ошондой эле күрөөлүк камсыздоонун наркын тастыктоо же кайра карап чыгуу максатында күрөөгө баа берүүсү зарыл.». 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизүү долбоорго 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ  

 

Колдонуудагы редакциясы 

Сунушталаган редакциясы 

Эскертүү 

1. Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө жобо 

3.6-1. Банктык топтун бир эле карыз алуучуга же карыз алуучулар менен байланыштуу топко сунушталган активдерин классификациялоону жүргүзүүдө, ошол активдердин банктык топтун ар бир катышуучусу тарабынан жүргүзүлгөн классификацияланышын эске алуу менен ал активдерди банктык топтун ар бир катышуучусу тарабынан жүргүзүлгөн классификациялоонун категорияларынын эң төмөнкүсү (начары) боюнча классификациялоо зарыл.  

3.6-1. Банк тарабынан бир жана ошол эле карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна сунушталган активдерди классификациялоодо карыз алуучунун же байланыштуу карыз алуучулар тобунун ар бир кредити боюнча жүргүзүлгөн классификацияны эске алуу жана бул активдерди эгерде начар катары классификацияланган болсо, көбүрөөк карызы менен активге ыйгарылган категория боюнча классификациялоо зарыл.  

Классификациялоо боюнча ушундай эле ыкма банктык топтун катышуучусу болуп саналышкан банктарга карата да колдонулат, мында да Кыргыз Республикасынын резиденттеринен болуп саналышкан карыз алуучунун же байланыштуу карыз алуучулар тобунун кредити боюнча, банктык топтун ар бир катышуучусу боюнча жүргүзүлгөн классификация эске алынууга тийиш. 

 

4.3.2. Төмөнкү мүнөздөгү активдерди көзөмөл алдында турган активдер деп саноого болот: 

- активдин толук камсыздалбашы, калган учурда канааттандырылган активдерге тиешелүү бардык мүнөздөмөлөргө же контракттык каржылоонун алкагында камсыздоого ээ болгон (мисалы: каржыланган контракт боюнча талап коюу укугу, дебитордук карыздар ж.б.); 

- негизги сумма жана/же пайыздар боюнча кеминде 30 күн мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер; 

- (4-абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

- алар боюнча документтердин жетишпестиги же ага баа берүү боюнча тиешелүү эксперттердин жоктугунан банк үчүн күрөө боюнча мониторинг жүргүзө албастык; 

- күрөөнүн ликвиддүүлүгүнүн күтүлүп жаткан төмөндөөсү (баалардын төмөндөшү, валюта курсунун түшүшү); 

- кардардын финансылык абалынын начарлоосуна карата тенденциялардын пайда болушу; 

- активдин кайтарылышына таасирин тийгизген рыноктук талаптардын өзгөрүшү

- Жобонун 7.6-пунктунун шарттарына туура келген классификацияланган активдерди реструктуризациялоо; 

- (онунчу абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

- эгерде кредит буга чейин "классификацияланган кредиттер" категориясында камтылбаса, ошол эле учурда, бул өзгөртүү кардардын финансылык абалынын начарлашына байланыштуу болбосо, чет өлкө валютасындагы ошол кредит валютасын улуттук валютага которуу аркылуу, кредит боюнча келишим шарттарын кайталап өзгөртүү

- реструктуризациялоо күнүнө карата классификацияланган активдер белгисине ээ болбогон реструктуризацияланган актив. 

4.3.2. Төмөнкү мүнөздөгү активдерди көзөмөл алдында турган активдер деп саноого болот: 

- активдин толук камсыздалбашы, калган учурда канааттандырылган активдерге тиешелүү бардык мүнөздөмөлөргө же контракттык каржылоонун алкагында камсыздоого ээ болгон (мисалы: каржыланган контракт боюнча талап коюу укугу, дебитордук карыздар ж.б.); 

- негизги сумма жана/же пайыздар боюнча кеминде 30 күн мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер; 

- алар боюнча документтердин жетишсиздиги же ага баа берүү боюнча тиешелүү эксперттердин жоктугунан банк үчүн күрөө боюнча мониторинг жүргүзө албастык; 

- күрөөнүн ликвиддүүлүгүнүн күтүлүп жаткан төмөндөөсү (баалардын төмөндөшү, валюта курсунун түшүшү); 

- кардардын финансылык абалынын начарлоосуна карата тенденциялардын пайда болушу; 

- активдин кайтарылышына таасирин тийгизген рыноктук шарттардын өзгөрүшү

- эгерде кредит буга чейин "классификацияланган кредиттер" категориясында камтылбаса, ошол эле учурда, бул өзгөртүү кардардын финансылык абалынын начарлашына байланыштуу болбосо, чет өлкө валютасындагы ошол кредит валютасын улуттук валютага которуу аркылуу, кредит боюнча келишим шарттарын кайталап өзгөртүү

Классификацияланган актив белгисине ээ болбогон жана реструктуризациялоо күнүнө карата төлөмдөр 30 күндөн ашкан мөөнөткө кечиктирилбеген активди баштапкы реструктуризациялоодо аны «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого болот. 

 

 

 

5.1.5. Эгерде "байкоого алынган актив" катары классификацияланган активди реструктуризациялоодон улам 30 күндөн көбүрөөк убакыт мөөнөтүндө төлөнбөгөн төлөмдөр келип чыкса же мындай актив кайрадан реструктуризацияланган болсо, анда бул актив "субстандарттык" катары классификацияланууга тийиш".  

Мында, ошол "субстандарттык" актив анын суммасынын эң аз дегенде 120%ын түзгөн кыймылсыз мүлк түрүндөгү күрөө менен камсыздалган болсо, анда банк кайрадан реструктуризациялагандан кийинки бир жыл ичинде 15% өлчөмүндө РППУ түзүшү мүмкүн. 

5.1.5. Эгерде "байкоого алынган актив" катары классификацияланган активди реструктуризациялоодон улам 30 күндөн көбүрөөк убакыт мөөнөтүндө төлөнбөгөн төлөмдөр келип чыкса жана/же мындай актив экинчи жолу реструктуризацияланган болсо, анда бул актив "субстандарттык" катары классификацияланууга тийиш".  

Мында, ошол "субстандарттык" актив анын суммасынын эң аз дегенде 120%ын түзгөн кыймылсыз мүлк түрүндөгү күрөө менен камсыздалган болсо, анда банк кайрадан реструктуризациялагандан кийинки бир жыл ичинде 15% өлчөмүндө РППУ түзүшү мүмкүн.  

 

5.3.3. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 360 күнгө созулуп кеткен шартта, актив "жоготуу" катары классификацияланууга тийиш. Жобонун 4.1-пунктуна ылайык күрөөлүк камсыздоого ээ активдерди эске албаганда, мындай активдин сапаттык белгилери активди классификациялоодо эске алынбайт.  

5.3.3. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 360 күнгө созулуп кеткен шартта, актив "жоготуу" катары классификацияланууга тийиш. Жобонун 4.1-пунктуна ылайык күрөөлүк камсыздоого ээ активдерди эске албаганда, мындай активдин сапаттык белгилери активди классификациялоодо эске алынбайт.  

5.3.4. Эгерде банктын андан ары ээлик кылуу жана/же пайдалануу жана/же тескөө укугун сактап калуу ыктымалдуулугу өтө төмөн болсо, мүлк укуктары колдонулуучу активдер «жоготуулар» катары классификацияланууга тийиш. 

 

6. Классификациялоонун айрым учурлары  

6.1. Өзгөчө кырдаалдарда активдер классификациянын эки категориясы боюнча классификацияланышы мүмкүн, башкача айтканда, классификацяны бөлүштүрүү колдонулушу мүмкүн.  

Мисалы, кредитти камсыз кылуучу катары кредиттин бир бөлүгүн гана жаба алган ушул эле банктагы дөпозит кызмат кылат, кредиттин ордун толтуруунун башка булактары жокко эсе Бул учурда кредиттин депозит менен камсыз болунган бир бөлүгү "нормалдуу кредит" катары, кредиттин камсыз кылынбаган бөлүгү "жоготуулар" катары классификацияланат.  

6. Классификациялоонун айрым учурлары  

6.1. Өзгөчө кырдаалдарда активдер классификациянын эки категориясы боюнча классификацияланышы мүмкүн, башкача айтканда, классификацяны бөлүштүрүү колдонулушу мүмкүн.   

Мисалы кредиттин бир бөлүгүн камсыздоочу катары ушул Жобонун 4.1.1-пунктунда көрсөтүлгөн активдер кызмат кылса, ал эми күрөөнүн калган бөлүгүн үн ордун жабуу булагы жок болсо, анда активдер менен камсыздалган кредиттин бөлүгү "нормалдуу кредит" катары, ал эми активдер менен же күрөөнүн башка түрү менен камсыздалбаган бөлүгү - "жоготуулар" катары классификацияланат.  

 

6.2. Эгерде, карызгер-жеке адам, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкер ошол банктан бир нече кредит алган болсо, анда анын бардык кредиттерине эң чоң карыз болуп саналган кредит боюнча ыйгарылган классификация колдонулат. Эгерде бул классификация эң эле алгылыксыз болуп саналса. 

Пункт күчүн жоготкон катары таанылсын 

3.6-1 пунктун кеңейтүүгө жана аны жеке жактарга жана жеке ишкерлерге колдонууга да байланыштуу 

7. Реструктуризацияланган кредиттерди классификациялоо 

7.3. Реструктуризациялоо классификацияланган сыяктуу эле, классификацияланбаган активдерге да колдонулат. 

7. Реструктуризацияланган кредиттерди классификациялоо 

7.3. . Реструктуризациялоо классификацияланган сыяктуу эле, классификацияланбаган активдерге да колдонулат.  

Кредитти ар бир кайталап реструктуризацилоодо банк аны классификациялоо категориясын начарлатууга тийиш.. 

 

7.4. Классификацияланган реструктуризацияланган актив жобонун 7.6-пунктунун шарттары аткарганга чейин классификацияланбаган кредиттерге чегерилбейт.  

7.4. Банк Жобонун 7.6-пунктунун шарттары аткарылган учурда реструктуризацияланган активдин классификациялоо категориясын ырааттуу тартипте жакшырта алат.  

 

7.6. Банк бардык төмөнкү шарттар аткарылган учурда классификацияланган "субстандарттык" активди классификацияланбаган активдер категориясына которушу мүмкүн: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн сумма жок болсо; 

- акыркы үч төлөм графикке ылайык өз учурунда толук төлөнсө

- карыз алуучу алдында реструктуризациялоо шарттарынын сакталбай калышына алып келген жагдайлар жок болсо. 

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын ордун жабылган учурда "шектүү" же "жоготуу" катары классификацияланган активдер "субстандарттык" категориясына которулат. 

7.6. Банк бардык төмөнкү шарттар аткарылган учурда "субстандарттык" катары классификацияланган активди классификацияланбаган активдер категориясына которушу мүмкүн: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн сумма жок болсо; 

- негизги сумма жана ал боюнча чегерилген пайыздар 3 ай ичинде график боюнча өз убагында төлөнсө ай сайын аннуитеттик төлөм жүргүзүлсө; 6 ай ичинде негизги сумма боюнча чейрек сайын бирдей төлөмдөр жүргүзүлсө

- эгерде төлөмдөр ортосундагы мөөнөт 3 айдан ашса, негизги сумманы жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөөнү камтыган кеминде үч төлөм график боюнча өз убагында төлөнсө

- карыз алуучуда кредит боюнча карызды тейлөө үчүн жетиштүү акча агымдарынын бар экендигин тастыктоону кошо алганда, реструктуризациялоо шарттарынын сакталбашына алып келген жагдайлар жок болсо. 

Банк бардык төмөнкү шарттар аткарылган учурда «шектүү» же «жоготуулар» катары классификацияланган активдерди «субстандарттык» категориясына которушу мүмкүн: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн сумма жок болсо; 

- карыз алуучу кредиттин негизги суммасын кеминде 20% төлөсө

- төлөөнүн аннуитеттик графиги же негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды кредиттин бүтүндөй мөөнөтүнө болжол менен тегиз бөлүштүрүлгөн төлөө графиги болсо; 

- карыз алуучуда кредит боюнча карызды тейлөө үчүн жетиштүү акча агымдарынын бар экендигин тастыктоону кошо алганда, реструктуризациялоо шарттарынын сакталбашына алып келген жагдайлар жо болсо 

 

12. Баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо 

  

12.1. Баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо активдерди классификациялоо сыяктуу эле ушул Жобонун талаптарына ылайык өткөрүлөт. 

12.2. Баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо төмөндөгүлөргө жараша өткөрүлөт: 

- банктын ушул баланстан тышкаркы милдеттенмелери боюнча өз милдеттенмесин юридикалык жактан аткарылышынын ыктымалдуулугунун келип жетиши; 

- кардар ушул милдеттенмелерден пайдаланышы мүмкүндүгү ыктымалдыгы; 

- күрөөнүн болушу; 

- башка факторлор. 

12. Баланстан тышкаркы илдеттенмелерди классификациялоо 

12.1. Баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо активдерди классификациялоо сыяктуу эле ушул Жобонун талаптарына ылайык өткөрүлөт. 

12.2. Баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо төмөндөгүлөргө жараша өткөрүлөт: 

- банктын ушул баланстан тышкаркы милдеттенмелери боюнча өз милдеттенмесин юридикалык жактан аткарылышынын ыктымалдуулугунун келип жетиши; 

- кардар ушул милдеттенмелерден пайдаланышы мүмкүндүгү ыктымалдыгы; 

- күрөөнүн болушу; 

- башка факторлор. 

12.3. «Жоготууларга» банктын төмөнкү жагдайлардан улам келечекте кардарлар же үчүнчү жактар алдында милдеттенмелерин аткаруусуна, б.а. акча каражаттарынын агылып чыгышына алып келген баланстан тышкаркы милдеттенмелер кирет: 

- ички алдамчылык; 

-тышкы алдамчылык; 

- банктын материалдык активдеринин зыянга учурашы (мисалы, өрт, табигый кырсыктар, терроризм актылары, вандализм ж.б). 

Көрсөтүлгөн жагдайлардын жыйынтыгында банкка келтирилген зыяндын орду калыбына келишине жараша банк баланстан тышкары милдеттенмелерди классификациялоо категориясын калыбына келтирилген сумманын пайызына жараша жакшыртууга укуктуу: 

- 50 пайыздан кем эмес «шектүү»; 

- 75 пайыздан кем эмес -  «субстандарттык»; 

- 90 пайыздан кем эмес -  «байкоого алынган активдер»; 

- 90 пайыздан ашкан -  «канааттандырарлык». 

 

13.8. Активдерди классификациялоо жана РППУну эсептөө банк тарабынан ар бир айдын акыркы күнүн кошо алганда, ай сайын жүргүзүлүүгө тийиш. Ар бир банк кредиттердин жана активдердин көлөмүнө жараша башка активдерди, ошондой эле РППУнун адекваттуулугун дайыма текшерип турууга милдеттүү РППУнун көлөмүн туура эмес белгилөөөтөрмөлөп же төмөндөтүп жиберүү) отчеттордогу банктын финансы абалын туура эмес баалоого алып келет жана отчеттуулукту бурмалоо катары каралат  

13.8. Активдерди классификациялоо жана РППУну эсептөө банк тарабынан ар бир айдын акыркы күнүн кошо алганда, ай сайын жүргүзүлүүгө тийиш. Ар бир банк кредиттердин жана активдердин көлөмүнө жараша башка активдерди, ошондой эле РППУнун адекваттуулугун дайыма текшерип турууга милдеттүү РППУнун көлөмүн туура эмес белгилөөөтөрмөлөп же төмөндөтүп жиберүү) отчеттордогу банктын финансы абалын туура эмес баалоого алып келет жана отчеттуулукту бурмалоо катары каралат.  

Банк активди же баланстан тышкаркы милдеттенмени ушул Жобонун 5.3.4, 12.3-пункттарына ылайык классификациялаган учурда РППУ ушул пункттарда көрсөтүлгөн фактылар аныкталган күнү эсептелет жана түзүлөт. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобо 

14. Кредиттерди, гарантияларды, милдеттенмелерди, кепилдиктерди, ошондой эле маңызы боюнча кредиттик операция болуп саналган жана өзүндө кредиттик жоготуулар тобокелдигин камтыган башка активдерди жана милдеттенмелерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер Кредиттик комитет тарабынан чечилүүгө тийиш. Кредиттик комитет, банктын Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди эске албаганда, бул укукту башка жактарга ыйгарышы мүмкүн. Кредиттик комитет ошондой эле, кредит саясатына ылайык кредиттерди берүү, эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүгө тиешелүү маселелерди да кароого алат. Мында, Кредиттик комитеттин кредиттерди эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча чечими менен Банк Башкармасы айына кеминде бир жолу, ал эми Директорлор кеңеши чейрек ичинде кеминде бир жолу тааныштырылып турууга тийиш. Кредиттик комитет олуттуу тобокелдикти камтыган кредиттерди (2) сатуу жана эсептен алып салуу боюнча сунушту Директорлор кеңешинин кароосуна сунуштайт. Банк Башкармасы Директорлор кеңешинин ушул маселелер боюнча чечимдеринин аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.  

14. Кредиттерди, гарантияларды, милдеттенмелерди, кепилдиктерди, ошондой эле маңызы боюнча кредиттик операция болуп саналган жана өзүндө кредиттик жоготуулар тобокелдигин камтыган башка активдерди жана милдеттенмелерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер Кредиттик комитет тарабынан чечилүүгө тийиш. Кредиттик комитет, банктын Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди эске албаганда, бул укукту башка жактарга ыйгарышы мүмкүн. Кредиттик комитет ошондой эле, кредит саясатына ылайык кредиттерди берүү, эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүгө тиешелүү маселелерди да кароого алат. Мында, Кредиттик комитеттин кредиттерди эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча чечими менен Банк Башкармасы айына кеминде бир жолу, ал эми Директорлор кеңеши чейрек ичинде кеминде бир жолу тааныштырылып турууга тийиш. Кредиттик комитет олуттуу тобокелдикти камтыган кредиттерди (2) сатуу жана эсептен алып салуу, ошондой эле кайталап реструктуризациялоо жана олуттуу тобокелдикти камтыган кредиттерди реструктуризациялоодо төлөө мөөнөтүн 12 айдан ашык мезгилге жылдыруу маселелери боюнча сунушту Директорлор кеңешинин кароосуна сунуштайт. Банк Башкармасы Директорлор кеңешинин ушул маселелер боюнча чечимдеринин аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат 

 

75. ... 

Кредитти реструктуризациялоодо банк карыз алуучунун учурдагы финансылык абалын жана банктын карыз алуучуга көрсөткөн ишеним деңгээлин кароосу зарыл. Банк, карыз алуучу өзүнүн кредитинин өзгөртүлгөн шарттары боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга реалдуу мүмкүнчүлүккө ээ болгон учурда гана кредитти реструктуризациялай алат, бул жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөр жана тиешелүү документтер менен тастыкталууга тийиш. 

75. ... 

Кредитти реструктуризациялоодо банк карыз алуучунун учурдагы финансылык абалына, ишине сапаттуу талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүсү, банктын карыз алуучуга көрсөткөн ишеним деңгээлин кароосу, ошондой эле, күрөөлүк камсыздоонун наркын тастыктоо же кайра карап чыгуу максатында күрөөгө баа берүүсү зарыл. Банк, карыз алуучу өзүнүн кредитинин өзгөртүлгөн шарттары боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга реалдуу мүмкүнчүлүккө ээ болгон учурда гана кредитти реструктуризациялай алат, бул жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөр жана тиешелүү документтер менен тастыкталууга тийиш.