Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдорунун лицензиялоо бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдорунун лицензиялоо бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү, ошондой эле банктарды кайра уюштурууга жана кызмат адамдарын макулдашууга, анын ичинде туунду коммерциялык банктарды жана гарантиялык фонддорду кайра уюштурууга байланыштуу маселелерди жөнгө салуу максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Долбоордо банк Башкармасынын мүчөсү болбогон жана кибер коопсуздук жана маалыматтык технологиялар, коопсуздукту камсыздоо, юридикалык колдоо маселелерин жөнгө салган банктын башкаруучу директорлорун макулдашуу өзгөчөлүктөрүн жөнгө салган ченемди белгилөө сунушталат. 

Мындан тышкары долбоордо, «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого (мындан ары Жобо) банк кардарларынын укуктарынын жана таламдарынын укугунун бузулушуна жол бербөө, ошондой эле банктык кызматтардын үзгүлтүксүз сунушталышын камсыз кылуу үчүн кайра уюштурулуп жаткан банктардын уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуу жол-жобосун токтото турууга, зарыл болгон учурда кайрадан түзүлүп жаткан банктардын банктык мыйзамдарын талаптагыдай сактоосун жана кайрадан түзүлүп жаткан банк тарабынан берилген маалыматтардын аныктыгын текшерүү маселелери боюнча инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген нормаларды киргизүү каралган. 

Ошондой эле долбоордо Шариат кенешинин мүчөлөрүнө карата талаптарды күчөтүү, атап айтканда аларды 5 (беш) жылга чейинки мөөнөткө гана шайлоо жана Шариат кенешинин кеминде 1 (бир) мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш деген талап белгилөө сунушталган. Сунушталган өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдө мамлекеттик саясатынын 2014-2020-жылдарга каралган концепциясында (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы №203 Жарлыгы менен бекитилген) ханафизм диний-укуктук мектебинин негизинде сунни исламдын салттуу орточо түрүн колдонгон жергиликтүү шариат аалымдарынын ролун өнүктүрүүгө багытталган. Мындай талаптарды банктардын, микрофинансылык компаниялардын, микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын жана «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКтын Шариат кенешинин мүчөлөрү үчүн да белгилөө сунушталууда. 

Жогоруда белгиленгендерге кошумча, банк кардарларына банктык кызмат көрсөтүүлөрдү үзгүлтүксүз сунуштоо үчүн алар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөнгө чейин кайрадан түзүлүп жаткан банктын филиалдарына БИК ыйгарууга мүмкүндүк берген нормалар белгиленген.  

Ошондой эле, эгерде Директорлор кенешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн акыркы жылдар ичинде банк жана/же финансы системасында жетекчи кызматында кеминде 2 жылдык иш тажрыйбасы болбосо, Улуттук банк анын курамы талапка ылайык келтирилгенге чейин банктын Директорлор кенешинин мүчөлөрүн макулдашууну убактылуу токтууга укуктуу, ал эми банк бир ай ичинде Директорлор кенешинин курамын ушул Жобонун талаптарына ылайык келтирүүгө тийиш. 

Мындан тышкары, банктык топтун башкарууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында норма белгиленген, ага ылайык курамында банктык топту камтыган банктын, банктык холдинг компаниянын же юридикалык жактар тобун контролдогон башкы/башкаруучу компаниянын мыйзамдардын негизинде акционерлердин укуктарын ишке ашыруу тартибин, анын ичинде акционерлер жыйынына катышууга ишеним кат берүү тартибин, башкармалыктын байкоо органдарына талапкерлерди көрсөтүү жана акционерлердин жалпы жыйынынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча чечим кабыл алуу тартибин жөнгө салган, бекитилген ички документтери болууга тийиш.  

Ошондой эле, доолбоордо эгерде алар Улуттук банктын кызматкери болсо, туунду коммерциялык банктарга жана Улуттук банктын гарантиялык фонддоруна Директорлор кеӊешинин мүчөсү кызматына талапкерлерди макулдашуу маселелерин жөнгө салуу сунушталууда. 

Мындан тышкары, техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөр киргизилүүдө

 

3. Мүмкүн болуучу социалдык, энономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Бул долбоорду кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө 

Сунушталган токтомдун долбоору колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына каршы келбейт. 

 

5. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Сунушталган долбоорду кабыл алууда кошумча финансылык каражат бөлүү талап кылынбайт. 

 

6. Жөнгө салуучу таасирди талдап-иликтөө жөнүндө маалымат 

Токтом долбоорунун жөнгө салуу таасирине талдап-иликтөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Методикага ылайык жүргүзүлгөн. 

7. Коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча маалымат 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын таламдарын түздөн-түз козгогон, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга алынууга жана жөнгө салуу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлүүгө тийиш.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

айрым токтомдорунун лицензиялоо бөлүгүнө  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2017-жылдын 8-июнундагы №2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 28-июнундагы №2019-П-12/34-4-(НПА) «Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө» жобону жана «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/25 «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-10-(НФКУ) «Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-2-(НФКУ) «Кыргыз Республикасында гарантиялык фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобо. 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын бирикмеси» юридикалык жактар бирикмесин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын тааныштырсын. 

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарына жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

_____-жылдын «___» _________ 

№_________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

айрым токтомдорунун лицензиялоо бөлүгүнө  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы №2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун:  

- 87-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«87. Эгерде банк Улуттук банктан башка эмитенттердин аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө ниеттенсе төмөнкү документтер кошумча сунушталат: 

1) Директорлор кеңешинин болжолдонгон операцияларга ар тараптуу талдап-иликтөө жүргүзүлгөндүгү жана алардын банк ишине таасири жөнүндө, ошондой эле Директорлор кеңеши тарабынан жаңы операциялар менен коштолушу мүмкүн болгон тобокелдиктер идентификациялангандыгы жөнүндө өтүнүч каты;  

2) бизнес-план;  

3) баалуу металлдарды талапка ылайык сактоо жана ташып жеткирүү шарттарын камсыз кылуу үчүн банк тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат (мында, банк башка эмитенттердин жеке белгиси көрсөтүлбөгөн (нак эмес формада) баалуу металлдары менен операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган учурлар эске алынбайт); 

4) камсыздандыруу шарттары тууралуу маалымат, анын ичинде банк аны менен камсыздандыруу келишимин түзүүгө ниеттенип жаткан компания жана анын финансылык абалы жөнүндө маалымат (мында, банк башка эмитенттердин жеке белгиси көрсөтүлбөгөн (нак эмес формада) баалуу металлдары менен операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган учурлар эске алынбайт).»;  

90-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 120-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Акцияларга менчик укугу өткөндөн кийин өтүнүч ээси 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка акцияларды сатып алуу-сатуу келишиминин же анын негизинде менчик укугу өткөн башка документтин көчүрмөсүн жана акциялар үчүн төлөө фактысын тастыктаган документтерди сунуштоого тийиш.»; 

125-2-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Эгерде жогоруда аталган жактар банктар үчүн белгиленген банктын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнүн 0,01 пайызынан жогору өлчөмдө акцияларын сатып алса, алар акцияларды сатып алуу-сатуу келишиминин же анын негизинде менчик укугу өткөн башка документтин көчүрмөсүн жана акциялар үчүн төлөө фактысын тастыктаган документтерди кошумча сунуштоого тийиш.»; 

- 134-пунктунун 7-абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөмдөр менен толукталсын: «Эгерде, Директорлор кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрүнүн акыркы он жыл ичинде банк жана/же финансы системаларында жетекчи кызматтарда стажы эки жылдан аз болсо, Улуттук банк анын курамы жогоруда белгиленген талаптарга ылайык келтирилгенге чейин банктын Директорлор кеңешинин бул талапка жооп бербеген мүчөлөрүн макулдашууну токтотууга укуктуу. Бул учурда, банк Улуттук банктан тиешелүү катты алган күндөн кийинки бир ай ичинде Директорлор кеңешинин курамын талапка ылайык келтирүүгө тийиш. Эгерде банк белгиленген мөөнөттө ушул талапка жооп берген Директорлор кеңешинин курамын түзбөсө, Улуттук банк Директорлор кеңешинин мындай талаптарга жооп бербеген бардык мүчөлөрүн макулдашуудан баш тартуу чечимин кабыл алат.»;  

- 141-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«141. Ислам банкынын жана «ислам терезесине» ээ банктын Шариат кеңешинин мүчөлөрү жалпы жыйында банктын уюштуруучулары (акционерлери) тарабынан кумулятивдик добуш берүү ыкмасында 5 (беш) жылдык мөөнөткө шайланат.»; 

- 142-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөмү менен толукталсын: «Шариат кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.»; 

- 144-пунктунун экинчи пунктчасынын «г»-абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: «Башкарманын мүчөсү болуп саналбаган жана банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн адистештирилген багыттары: киберкоопсуздук жана маалыматтык технологиялары, коопсуздукту камсыз кылуу, юридикалык колдоо маселелери боюнча ишти тескөөгө алган башкаруучу директор банк жана/же финансы системаларында эки жылдан кем эмес жана/же жогоруда аталган маселелер боюнча ишкердикти жүргүзгөн уюмдарда үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуусу зарыл»; 

- 145-пункттун үчүнчү-абзацындагы «(экзамен/тест тапшыруу)» деген сөздөр алынып салынсын;  

- 158-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Улуттук банктын туунду банктарындагы Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн кызмат орундарына талапкерлерди макулдашууда бул кызмат орундарына талапкерлер, эгерде алар Улуттук банктын кызматчылары болуп саналса, 21-тиркеменин формасы боюнча анкетаны гана сунушташат жана алар ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш. Сунушталган документтерге карата сын-пикирлер жок болсо жана талапкер белгиленген талаптарга жооп берсе, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алат жана Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү ушул Жободо белгиленген мөөнөттө талапкерди макулдашуу жөнүндө кат жөнөтөт.»; 

159 пунктунун 5 пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) алгылыксыз жана/же кооптуу банктык тажрыйбага кирген ишкердикти жүзөгө ашырууга катыштыгы бар адамдардан жана ушул жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат милдеттерине макулдашуу процедурасын акыркы жолу өткөндө макулдашуудан баш тартылган адамдардан.»; 

- 166-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«166. Талапкерди макулдашуу тууралуу чечим документтер макулдашууга берилген күндөн тартып отуз жумуш күнү ичинде кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды же документтерди алуу зарылчылыгы келип чыккан шартта, Улуттук банк документтерди кароо мөөнөтүн жыйырма жумуш күнүнө узартууга укуктуу. 

Төмөнкү кызмат орундарына талапкерди макулдашуу жөнүндө чечим: 

- банктын Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагалары жана мүчөлөрү (Улуттук банктын кызматкери болуп саналган жана Улуттук банктын туунду банкынын Директорлор кеңешине шайланган), Аудит боюнча комитеттин төрагасы, Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитеттин төрагасы, Башкарманын төрагасы (төрагалары), төраганын кредиттик иш жана/же ислам принциптери боюнча каржылоо үчүн жооптуу орун басары жана Башкарманын башка мүчөлөрү, кредиттик иш жана/же ислам принциптери боюнча каржылоо үчүн жооптуу башкаруучу директор (эгерде, башкаруучу директор төраганын/кредиттик иш жана/же ислам принциптери боюнча каржылоо үчүн жооптуу орун басарынын/Башкарма мүчөсүнүн тескөөсүндө болбосо), ички аудит кызматынын жетекчиси, башкы бухгалтер кызмат орундары боюнча чечим Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан кабыл алынат; 

- төраганын орун басары (орун басарлары) жана Башкарманын башка мүчөлөрү, башкаруучу директор, комплаенс-контроль жана тобокелдик-менеджменти кызматтарынын жетекчилери, «ислам терезесинин» жетекчилери кызмат орундары боюнча чечим банктык көзөмөл жана лицензиялоо маселелерин тескөөгө алган төраганын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан кабыл алынат; 

- ислам принциптери боюнча каржылоо, активдерди жана пассивдерди башкаруу, банктын кредиттик иши үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчилери, Улуттук банктын кызматкери болуп саналган жана Улуттук банктын туунду банкынын Директорлор кеңешине шайланган, Директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна талапкерлер боюнча чечим Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктери тарабынан кабыл алынат. 

Банктын башка кызмат адамдарын макулдашуу жөнүндө чечим Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети, банктык көзөмөл маселелерин тескөөгө алган төраганын орун басары/Башкарманын мүчөсү же болбосо Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги тарабынан макулдашылууга тийиш болгон кызмат адамдарынын функционалдык милдеттерине жараша кабыл алынат. 

Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын жана башкы бухгалтерди макулдашуу жөнүндө чечим ошол эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын жана башкы бухгалтерди макулдашуу жөнүндө чечим кабыл алган орган/кызмат адамы тарабынан кабыл алынат.»; 

- 187-пунктундагы «кагаз жүзүндө деген сөздөр алынып салынсын; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 197-1-пункт менен толукталсын: 

«197-1. Банкты кайра уюштурууда, кардарларга банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн үзгүлтүксүз сунушталышын камсыз кылуу максатында, кайра уюштурулуп жаткан банктардын иштеп жаткан филиалдары жаңы БИК (банктык идентификациялык код) боюнча филиалдарды мамлекеттик кайра каттоо мезгилинде өз ишин улантышы мүмкүн.  

Банк кайра уюштуруу жол-жобосу аяктаган күндөн тартып бир жумуш күнү ичинде (банктын (банктардын) кайра уюштуруу фактысын мамлекеттик каттоо) бириктирүү жана ажыратууда катышкан банктын (банктардын) филиалдарына, бириктирилген банктын филиалдарына, ажыратылган банктын филиалдарына БИК ыйгаруу жөнүндө өтүнүчтү Улуттук банкка жөнөтүүгө тийиш. Жогоруда белгиленген өтүнүчтү кароонун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк эки жумуш күнү ичинде филиалдарга жаңы БИК ыйгарып, төмөнкүлөргө бул тууралуу билдирүү кат жөнөтөт: 

а) Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө, областтык башкармалыктарына жана өкүлчүлүгүнө

б) коммерциялык банктарга; 

в) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына. 

Кайра уюштурулган банк (банктар) кайра уюштуруу жол-жобосун аяктаган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде (банкты (банктарды) кайра уюштуруу фактысын мамлекеттик каттоо) филиалдарды мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук алуу үчүн Улуттук банкка ушул Жободо каралган документтерди сунуштоого тийиш.»; 

- 208-пункттун үчүнчү абзацындагы «милдеттүү» сөзүн «кызмат адамдары» сөздөргө алмашсын; 

- 227-пунктундагы «кагаз жүзүндө» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 281-пунктундагы «2000-жылдын 30-ноябрындагы №42/1» деген сөздөр  

«2019-жылдын 14-августундагы №2019-П-12/42-1-(НПА)» дегенге алмаштырылсын; 

- 286-2-пунктунун биринчи-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "286-2. Банк мобилдик кеңсенин ишин өз алдынча уюштурууга укуктуу. Мобилдик кеңсе уставга ылайык банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечиминин негизинде ачылат (жабылат).»; 

- 369-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«369. Банктардын акционерлеринин биргелешкен жыйынында ыйгарым укук берилген уюштуруу тобу биргелешкен жыйын өткөргөндөн тартып бир ай ичинде Улуттук банкка ушул Жободо жана башка ченемдик актыларда каралган документтерди жөнөтөт. Бул документтерге кошумча төмөнкүлөр да сунушталат: 

а) кайра уюштурулууга тийиш болгон банктардын акционерлеринин жалпы жыйынында бекитилген кайра уюштуруу жөнүндө келишим; 

б) аларда кайра уюштуруу жөнүндө келишим жана өткөрүп берүү актысы бекитилген, кайра уюштурулууга тийиш болгон банк акционерлеринин жалпы жыйынынын протоколдору; 

в) кайра уюштурулууга тийиш болгон банктардын өткөрүп берүү актылары; 

г) кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө карата банктын бухгалтердик баланстары; 

д) кайра уюштурулган банк тарабынан кардарларга банктык кызматтарды, анын ичинде банктык төлөм карттар ишин үзгүлтүксүз сунушталышын камсыз кылуу жөнүндө маалымат. 

Жогоруда келтирилген документтер белгиленген мөөнөттө сунушталбаса, Улуттук банктын кайра уюштурууга уруксат берүү жөнүндө чечим күчүн жоготот.»; 

- 370-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: «Кайра уюштурулуп жаткан банкта Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын сакталышы жана банктардын такталган маалыматты сунуштоосу жагында инспектордук текшерүүнү жүргүзүү зарылчылыгы келип чыкса, Улуттук банк юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик кайра каттоого макулдук берүү жөнүндө маселени кароону токтотууга укуктуу.»; 

- 21-тиркеменин 2.3-пунктундагы таблица төмөнкү редакцияда берилсин: « 

Ишке кабыл алынган жана иштен бошотулган күн 

Уюмдун аталышы 

Уюмдун иш чөйрөсү 

Жайгашкан жери 

Телефон номери 

Кызмат орду, негизги милдеттери (негизги милдеттер банк ишине байланыштуу болбогон кызмат орундары үчүн көрсөтүлөт) 

Иштен бошонуу үчүн негиздер 

Эмгек китепчесинде жазуулар жок болсо, белгилөө зарыл 

  

  

  

  

  

  

  

  

»; 

- 21-тиркеменин 2.5-пунктундагы таблица төмөнкү редакцияда берилсин: « 

Юридикалык жактын аталышы, жайгашкан орду 

Юридикалык жактын ишинин түрү 

Карамагындагы акциялардын саны 

Капиталдагы үлүшү сом түрүндө 

Юридикалык жактын уставдык капиталдагы үлүшү % түрүндө 

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН) 

Алган күнү/үлүштүн берүү күнү/ишкердикти токтотуу күнү 

 

 

 

 

 

 

 

»; 

Жобого карата 21-тиркеменин 2.7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

2.7. Кимдир бирөө алдында ссудалык карыз (башка милдеттенмелер) бар болсо, ар бир карыз (милдеттенме) боюнча төмөнкү маалыматтарды көрсөтүңүз (чет өлкө жарандары тиешелүү валютаны жана АКШ долларына карата валюта курсун же АКШ долларында көрсөтүүгө тийиш): 

 

Кредитордун аталышы  

  

  

Берилген күнү (жыл, ай)  

  

  

Насыянын (кредиттин) суммасы, миң сом  

  

  

Пайыздык чен  

  

  

Насыянын (кредиттин) багыты  

  

  

Күрөө тууралуу маалымат жана анын суммасы  

  

  

Төлөө мөөнөтү (жыл, ай)  

  

  

Насыя (кредит) боюнча карыздын калдыгы, миң сом түрүндө  

  

  

Насыя (кредит) үчүн пайыздар боюнча карыздын калдыгы, миң сом түрүндө  

  

  

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-4-(НПА) «Консолидацияланган көзөмөлдүк жөнүндө» жобону жана «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- 27-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Кыргыз Республикасынын аймагында катталган банк, банктык топту жетектеген банктык холдингдик компания же юридикалык жактар тобун контролдогон башкы/башкаруучу компания Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, анда акционерлердин мыйзамдарда каралган укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби, анын ичинде акционерлер жыйынында катышууга ишеним кат берүү тартиби, башкарманын байкоо органдарына талапкерди сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алуу тартиби боюнча маселелерди жана акционерлердин жалпы жыйынын компетенциясына кирген башка маселелер жөнгө салынган ички документтери болууга тийиш.». 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 28-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«28. Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, анын ичинде «ислам терезеси» аркылуу жүзөгө ашырган МФКда кеминде 3 (үч) мүчөдөн турган, 5 (беш) жылдык мөөнөткө шайланган Шариат кеңеши болууга тийиш. Шариат кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин Шариат кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү түзүүгө тийиш. Көз карандысыздык критерийлери банк мыйзамдарында аныкталат. Шариат кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.» 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/25 «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 66-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«66. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союзда кеминде 3 (үч) мүчөдөн турган, 5 (жыл) жылдык мөөнөткө шайланган Шариат кеңеши болууга тийиш. Шариат кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин Шариат кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү түзүүгө тийиш. Көз карандысыздык критерийлери банк мыйзамдарында аныкталат. Шариат кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.». 

- Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобонун: 

- 25-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«25. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МКК/МКАда кеминде 3 (үч) мүчөдөн турган, 5 (беш) жылдык мөөнөткө шайланган Шариат кеңеши милдеттүү түрдө болууга тийиш. Шариат кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин Шариат кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү түзүүгө тийиш. Көз карандысыздык критерийлери банк мыйзамдарында аныкталат. Шариат кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.». 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-10-(БФКМ) «Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Компания «ислам терезеси» аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда, Компанияда кеминде 3 (үч) мүчөдөн турган, 5 (беш) жылдык мөөнөткө шайланган Шариат кеңеши милдеттүү түрдө болууга тийиш. Шариат кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин Шариат кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү түзүүгө тийиш. Көз карандысыздык критерийлери банк мыйзамдарында аныкталат. Шариат кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш. 

Компанияда Шариат кеңеши жок учурда, Компания кредиттик союздар жана/же микрофинансылык уюмдар ассоциациялары (бирикмелери) тарабынан түзүлгөн, Шариат кеңешинин мүчөлөрү ушул Жободо белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берген шартта, Шариат кеңешинин кызматтарынан пайдаланууга укуктуу.». 

- Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы №2019-П-33/47-2-(УННО) «Кыргыз Республикасында гарантиялык фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында гарантиялык фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобонун: 

- 25-пункту төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: 

«Улуттук банктын туунду гарантиялык фонддорунда Директорлор кеңешинин мүчөлөрү кызмат ордуна талапкерлерди макулдашууда, эгерде алар Улуттук банктын кызматкерлери болуп саналса, 2-тиркеменин формасы боюнча анкета сунуштоо менен чектелет жана алар ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш. Сунушталган документтерге карата сын-пикирлер жок учурда жана талапкер белгиленген талаптарга жооп берсе Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алат жана ушул Жободо белгиленген мөөнөттө талапкерди макулдашуу жөнүндө катты гарантиялык фондго жөнөтөт.».