Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Улуттук банк Башкармасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтом долбоору (мындан ары - Жобонун долбоору) иштелип чыккан.  

Жобонун долбоору, төлөм уюмдары жана электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүүлөрдү өткөргөн төлөм системасынын операторлору Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, атап айтканда: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 87 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 «Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу»» токтомунун талаптарын сактоосу максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

 

Сунушталып жаткан Жобонун долбоорунда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, төлөм уюмдарына жана электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүүлөрдү өткөргөн төлөм системасынын операторлоруна (мындан ары - төлөм уюмдары / төлөм системасынын операторлору) карата талаптар белгиленген. 

Жобонун долбоорунда төлөм уюму ишинде Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзамдардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө» жобонун талаптарын так сактоосу боюнча талаптар камтылган, атап айтканда:  

· анда кардарларды талапка ылайык текшерүү, тобокелдиктерди жөнгө салуу жана кыскартуу, контролдонуучу операцияларды аныктоо, операцияларды (бүтүмдөрдү) убактылуу токтотуу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдоо ж.б. каралган террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнү ички контролдоо программасын колдонуу; 

· төлөм уюмунун санына жараша ички контролдук кызматына карата талаптар; 

· террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо ишинин натыйжалуулугун баалоо; 

· кардарды талаптагыдай текшерүү учурунда жана контролдоого жана билдирүүгө тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоодо тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма; 

· ички контролдоону ишке ашырууда алынган жана башка маалыматтарды каттоо, сактоо жана финансылык чалгындоо органына өткөрүп берүү

 

 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка терс натыйжаларга алып келбейт.  

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Жобонун долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Кароого сунуш кылынган Жобонун долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына каршы келбейт.   

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат  

Жобо долбоорунда көрсөтүлгөн нормаларын кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө малымат  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө методикасына ылайык, Жобонун долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө талап кылынбайт.  

Анткени, Жобонун долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Жогоруда аталган мыйзамдын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын 2018-жылдын 1-мартындагы № 18/П  «Жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругунун негизинде түзүлгөн жумушчу топтун алкагында ишке ашырылган. 

«Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдын 5-беренесине ылайык, бул багытта чараларды жүргүзүүчү субъекттердин катарына финансылык мекемелер жана финансылык эмес, анын ичинде электрондук акчалар менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн төлөм системасынын операторлору, төлөм уюмдары жана электрондук акча агенттери (дистрибьюторлор) кирет.  

Ушуга байланыштуу, төлөм уюмдары жана электрондук акча менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн төлөм системасынын операторлору Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактоосу жана аткаруусу зарыл, ошондой эле Жобонун долбооруна карата маалымдама-негиздеменин түшүндүрмө берүүчү бөлүгүнүн  2-пунктунда көрсөтүлгөн ички жол-жоболорду иштеп чыгууга милдеттүү. Бул Жобонун долбооруна ылайык төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору өзүнүн агенттик, субагенттик тармагы жана электрондук акча агенттери (дистрибьюторлор) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдардын талаптарын так сактоосу үчүн жоопкерчилик тартышат. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор  

 

 

 

«Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

 

2. Токтом, «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун 2020-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кире турган 30-пунктунун 4-пунктчасын жана 36-пунктунун 3-пунктчасын эске албаганда, расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм уюмдарын жана төлөм системасынын операторлорун тааныштырсын. 

 

5.  Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор  

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын «____» ________ 

№ _____________________  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө 

 

ЖОБО 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» бул жободо электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырышкан, коммерциялык банк болуп саналышпаган төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда (мындан ары төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоону уюштуруу боюнча минималдуу талаптар аныкталат. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары- Улуттук банк) төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлорунун ишине, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарынын сакталышы максатында ички контролдоону уюштуруу ишине көзөмөл жүргүзөт жана шектүү операциялардын белгилери камтылган төлөмдөрдүн үчүнчү жактардын пайдасына өткөрүлүшү аныкталган учурларда тиешелүү маалыматтарды террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары- финансылык чалгындоо органы) жөнөтөт. 

3. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырышкан, ошондой эле электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырышкан төлөм системасынын операторлору болуп саналышкан коммерциялык банктардын иши Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо аркылуу жөнгө салынат.  

 

 

 

 

2-глава. Түшүнүктөр жана аныктамалар  

4. Ушул жобонун максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: 

Бенефициардык ээси - түпкүлүгүндө келип (ээлик кылуу жана контролдоо аркылуу) тике же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээ болгон же кардарды контролдоого алган жеке адам (жеке адамдар же болбосо анын атынан же анын таламында операция жүргүзгөн (бүтүмгө келишкен) жеке адам. 

Верификация - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу. 

Контролдоого алынып жана ал боюнча маалымдалууга тийиш болгон операцияларды аныктоо - төлөм уюмдарында ички контролдоону уюштуруу баскычы, анда контролдоого алынып жана ал боюнча финансылык чалгындоо органына маалымдалууга тийиш болгон аныктамалар камтылат. 

Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр - акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук зоналар.  

Идентификация - кардар жана (же) бенефициардык ээси жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу; 

Кардар (кардар-төлөөчү, кардар - кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу) төлөм уюмунун тейлөөсүнө алынган же тейлөөсүндө турган, же болбосо төлөм уюму менен ишкер мамиле түзүп жаткан же түзгөн, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучу, төлөөчү, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу, агент, субагент, контрагент, төлөм системасынын катышуучусу же башка жеке адам же юридикалык жак (уюм).  

Төлөм төлөөчүнүн нак акча каражаттарын колдонуу менен акчалай милдеттенмелерин аткаруусу же нак эмес акча каражаттарын которуу процесси.  

Ички контролдоо программасы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу максатында төлөм уюмдары колдоно турган ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системалары. 

Тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма - келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө жагында белгиленген жол-жоболорго (тобокелдикти аныктоо, аларга баа берүү, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана деңгээлин басаңдатуу) ылайык тобокелдик жогорку деңгээлде орун алган болсо, төлөм уюмдары тарабынан аларга карата чаралардын өз алдынча күчөтүлүшү же тобокелдик деңгээли төмөн болсо, жөнөкөйлөтүлгөн чаралардын колдонулушу.  

Санкциялык тизмектер - Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги

Ички контролдоо кызматы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоону уюштуруу боюнча ишти жүзөгө ашырган, кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо, аныктоо, белгилөө жана маалыматтарды финансылык чалгындоо кызматына берүүгө тиешелүү бардык маалыматтан колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, төлөм уюмунун түзүмдүк бөлүмү жана/же кызмат адамы.  

 

3-глава. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иши  

 

5. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иши агенттик, субагенттик түйүндөрдү, электрондук акча агенттерин (дистрибьюторлорду) жана төлөм системасынын катышуучуларын эске алганда, төмөнкү компоненттерди камтууга тийиш:  

1) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программасын ишке ашыруу;  

2) ички аудит кызматы (эгер болсо) /көз карандысыз аудитор тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүү

3) ички контролдоо кызматын аныктоо, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамын жана анын убактылуу жок болушунда/иштен бошоп кетишинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында аны алмаштырган кызмат адамын дайындоо (кадрлар резервин түзүү);  

4) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программаларын ишке ашырууга катышкан агенттерди жана төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызматкерлерин окутуу; 

5) агенттер, субагенттер, электрондук акча агенттери (дистрибьюторлор) жана төлөм системасынын катышуучулары менен түзүлгөн келишимде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча милдеттүү шарттар болууга тийиш.  

Келишим түзүү учурунда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча талаптардын сакталышына агенттер, субагенттер, электрондук акча агенттери (дистрибьюторлор) жана төлөм системасынын катышуучулары үчүн төлөм уюму/төлөм системасынын оператору жооптуу болуп саналат.  

6. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун коллегиалдуу аткаруу органы (мындан ары- Башкарма) Директорлор кеңеши (эгер болсо) (мындан ары-Директорлор кеңеши) менен биргеликте төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча шайкеш жана натыйжалуу ишинин камсыз кылынышына жооптуу болот.  

Коллегиалдуу орган төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун, агенттердин, субагенттердин, электрондук акча агенттеринин (дистрибьюторлордун) шектүү операциялардын белгилери камтылган операцияларды жүргүзүүгө катышууларына жол берилбешине да жооптуу.  

7. Директорлор кеңеши (эгер болсо) төмөнкүлөр үчүн да жоопкерчиликтүү болот: 

- ушул Жобонун 9-пунктуна ылайык, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программасын бекитүү, ошондой эле анын ишке ашырылышын контролдоо; 

- ички контролдоо кызматынын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынын иш натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды аныктоо;  

- ички контролдоо кызматынын кызматкерлерин жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамын кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу;  

- ички контролдоо кызматынын/террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынын отчетун/отчетторун кароо;  

- ички аудит кызматынын (эгер болсо)/ (көз карандысыз аудиттин) отчетун/сунуш-көрсөтмөлөрүн кароо;  

- аудитордук жана инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынын отчетунда көрсөтүлгөн, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө орун алган кемчиликтерди четтетүүгө багытталган чараларды аныктоо, ошондой эле алардын ишке ашырылышын контролдоо.  

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун тескөө түзүмүндө Директорлор кеңеши жок учурда ушул пунктта каралган Директорлор кеңешинин функциясы анын Башкармасына жүктөлөт.  

8. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Башкармасы төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликтүү болот:  

- Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарынын аткарылышына контролдукту камсыз кылуу;  

- кызматкерлерди террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча окутууну камсыз кылуу; 

-ички чараларда, жол-жоболордо жана ички контролдоо системасында орун алган кемчиликтерди четтетүүгө багытталган чаралардын ишке ашырылышын, ошондой эле көз карандысыз аудиттин жүргүзүлүшүн камсыз кылуу; 

- Кыргыз Республикасынын төлөмдөрдү кабыл алууга жана өткөрүүгө (анын ичинде кардарларды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо) тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын аткарылышын камсыз кылуу. 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Башкармасы шектүү операциялардын белгилери камтылган операциялардын алардын программалык камсыздоолору аркылуу жүргүзүлүшү тобокелдигин азайтуучу чараларды көрүүсү зарыл.  

 

4-глава. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программасын колдонуу  

9. Төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзамдарына ылайык, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо программасын иштеп чыгуулары жана колдонуулары тийиш, анда кеминде төмөнкү негизги жол-жоболор камтылат:  

1) кызмат адамдарынын жана кызматкерлердин террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында чечимдерди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарын белгилөөгө жана жоопкерчиликтерин бөлүштүрүүгө багытталган, ички контролдоону уюштуруу;  

2) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү процессине тартылган адамдар жана түзүмдүк бөлүмдөр ортосунда өз ара иш алып баруу жана отчет берүү

3) ушул Жобонун 7-главасына ылайык тобокелдиктерди аныктоо, баа берүү, мониторинг жүргүзүү, тескөө, аларды төмөндөтүү жана документтештирүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;  

4) кардарларды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүү жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- кардарды идентификациялоо жана верификациялоо;  

- кардар менен ишкер мамиле түзүүнүн максаты жана болжолдонуп жаткан мүнөзү боюнча маалыматтарды алуу; 

- бенефициардык ээсин индентификациялоо жана аны верификациялоо үчүн жеткиликтүү жана алгылыктуу чараларды кабыл алуу; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюумунун бардык сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөр боюнча колдонулушу тобокелдигине көбүрөөк дуушар болушу мүмкүн болгон операцияларын, шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын жүргүзүлүшүн аныктоо жана мониторинг жүргүзүү;  

- кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоонун жана верификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды документтерде каттоо;  

- кардардын ишине жана анын финансылык абалына тиешелүү маалыматтардын, ошондой эле кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүнүн натыйжасында алынган маалыматтардын жана документтердин сакталышын камсыз кылуу жана жаңылап туруу; 

- кардар-кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен ишкер мамилени жөнгө салган бүтүндөй мезгил ичинде аны талаптагыдай текшерүүдөн туруктуу негизде өткөрүп туруу жана кардар тарабынан жүргүзүлүп жаткан операциялардын (төлөмдөрдүн) анын иши, финансылык абалы жана каражат табуу булактары, ошондой эле террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча тобокелдиктердин мүнөзү тууралуу колдо болгон маалыматтарга шайкеш келишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

5) кардардын-төлөөчүнүн ишинен контролдоого алынууга жана ал боюнча маалымдалууга тийиш болгон, анын ичинен финансылык чалгындоо органынын талаптарына ылайык шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды, кардардын анын негиздүүлүгүн тастыктоосу же мындай операцияларды жүзөгө ашырууда шектенүүлөрдү четке кагуусу үчүн аныктоо;  

6) кардарды тейлөөдөн жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодон баш тартуу жана ишкер мамилелерди токтотуу тартибин жана алар үчүн негиздерди белгилөө

7) операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу.

Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу төлөм уюуму тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген "Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, операцияларга (бүтүмдөргө) жана/же каражаттарга бөгөт коюу жана андан чыгаруу, бөгөт коюлган каражаттардан пайдалануу жана аларды тескөөгө алуу мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө" жобого ылайык ишке ашырылат; 

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Жогорку тобокелдиктер орун алган өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө» жобо талаптарына ылайык, тобокелдиктер жогорку деңгээлде орун алган өлкөлөргө карата чараларды колдонуу; 

9) финансылык чалгындоо органына тиешелүү маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле контролдукка алынып, алар боюнча маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү өз учурунда сунуштап туруу; 

10) операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматтардын жана документтердин, ошондой эле кардарларды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу; 

11) маалыматтардын купуялуулугун жана маалымат коопсуздугун камсыз кылуу;  

12) Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарынын аткарылышын, төлөм уюмунун иши, анын ичинде кардарлардын операциялары тууралуу так жана толук маалыматтын оперативдүү негизде берилишин камсыз кылган маалыматтык жана автоматташтырылган механизмдерди төлөм системасында колдонууга киргизүү

13) Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарынын төлөм уюму тарабынан так сакталышын туруктуу камсыз кылуу үчүн контролдоо жана мониторинг жүргүзүп туруу ишин жөнгө салуу; 

14) аткарган иш багыты олуттуу тобокелдикке дуушар болушу мүмкүн болгон төлөм уюмунун кызматкерлерине (кассирлер, инкассаторлор, ИТ-адистер, төлөм уюмунун операциялык бөлүмүнүн кызматкерлери ж.б.) контролдукту орнотуу, төлөм уюмунун тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык иши боюнча нускоолорунда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясатын ишке ашыруу функцияларын жана милдеттерин чагылдыруу; 

15) ички контролдоо кызматынын квалификациясын жогорулатууну жана кесипкөй кайра даярдыктан өтүшүн, төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызматкерлерин террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча окутулушун камсыз кылуу. 

16) Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзамдарында каралган башка милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу.  

Ички контролдоо программасы төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун иш өзгөчөлүктөрүн, аппараттык-программалык комплексин, штаттык тизимин, кардардык базасын жана тобокелдик деңгээлин эске алуу менен иштелип чыгат жана колдонулат, ошондой эле анда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү процессине тартылган адамдар жана бөлүмдөр ортосундагы аракеттердин, өз ара иш алып баруулардын жана отчет берүүнүн так жөнгө салынышы каралууга тийиш.  

10. Төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору Кыргыз Республикасынын аймагында сыяктуу эле, чет өлкөлөрдө жайгашкан агенттер жана субагенттер тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Ички контролдоо программасын ишке ашыруу боюнча тиешелүү чаралардын так сакталышын жана колдонулушун камсыз кылууга тийиш.

 

5-глава. Ички контролдоо кызматына карата талаптар  

 

11. Төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо саясатын, тиешелүү жол-жоболорду, ошондой эле башка ички уюштуруу иш-чараларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында ички контролдоо кызматын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо программасын ишке ашырууга жооптуу түзүмдүк бөлүмдү түзүшөт жана/же кызмат адамын аныкташат. Ички контролдоо кызматы төлөм уюмунун иш өзгөчөлүктөрүн, аппараттык-программалык комплексин, штаттык тизимин, кардардык базасын жана тобокелдик деңгээлин эске алуу менен түзүлөт.  

12. Эгерде төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун штаттык тизими: 

- үч адамдан ашпаса, төлөм уюму/төлөм системасынын оператору функциясын иштеп турган штаттык бирдикке жүктөөгө милдеттүү.  

- үч адамдан ашык болсо, төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда ички контролдоо кызматынын функциясын аткарган өзүнчө штаттык бирдик/түзүмдүк бөлүм болууга тийиш.  

13. Ички контролдоо кызматынын жетекчиси (террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында кызмат адамы) Директорлор кеңешине (эгер болсо), же төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Башкармасынын төрагасына (Директорлор кеңеши жок учурда) отчет берип турат. 

14. Ички контролдоо кызматынын милдеттери: 

1) төлөм уюмунун жана анын кызматкерлеринин террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу кылмыш (мыйзамсыз) жосундарга катышуу тобокелдигин азайтуу үчүн тиешелүү чараларды кабыл алуу;  

2) Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзамдарын натыйжалуу ишке ашырылышын камсыз кылуу;  

3) төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо системасын түзүү, анын персоналына/түзүмдүк бөлүмдөрүнө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо программасынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана көмөктөшүү

4) финансылык чалгындоо органына жана Улуттук банкка Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарында каралган милдеттердин жана функциялардын аткарылышына көмөктөшүү.  

15. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо кызматы төмөнкү функцияларды аткарат: 

- тиешелүү ички контролдоо программасын иштеп чыгат жана Директорлор кеңешине (эгер болсо), Башкармага бекитүүгө сунуштайт жана бул программа менен аны ишке ашырууга катышкан бардык кызматкерлерди тааныштырат;  

- ички контролдоо программасынын ишке ашырылышын камсыз кылат жана төлөм уюмунун террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички ченемдик документтеринин ушул программага ылайык аткарылышына мониторинг жүргүзөт;  

- маалыматтардын жана билдирүүлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык контролдукка алынып, алар боюнча маалымдалууга тийиш болгон операцияларга (бүтүмдөргө) тиешелүү маалыматтардын финансылык чалгындоо органына берилишин камсыз кылат; 

- операцияларды (бүтүмдөрдү) шектүү деп таануу жана алар боюнча маалыматтарды финансылык чалгындоо органына жөнөтүү чечимин кабыл алып, төлөм уюмунун Башкармасына ал тууралуу маалымдайт; 

- Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүсүндө ушул Жободо жана төлөм уюмунун ички документтеринде алардын компетенциясына чегерилген маселелер боюнча тиешелүү маалыматтарды берип турат жана көмөк көрсөтөт; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясат талаптарын ишке ашырууга катышкан төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун персоналдары/түзүмдүк бөлүмдөрү үчүн окутууларды уюштуруп, аларга бул багытта кеп-кеңештерди берет; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо саясатынын ишке ашырылышынын жыйынтыгы боюнча кат жүзүндө отчетту төлөм уюмунун ички документтеринде аныкталган тартипте, зарылчылыкка жараша бирок, чейрек ичинде кеминде бир жолу Директорлор кеңешинин (эгер болсо), Башкарманын кароосуна сунуштап турат.  

- террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигине, анын ичинде ишкер мамилелерди түптөөдө жана жаңы банктык продукттарды колдонууга киргизүүдө келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берет. 

16. Ички контролдоо кызматы өз функцияларын аткаруу учурунда төмөнкүлөргө укуктуу: 

- төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун жетекчилеринен жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлеринен зарыл болгон документтерди, анын ичинде жетекчилик жана анын бөлүмдөрү тарабынан келишилген келишимдерди, чыгарылган буйруктарды, башка тескөөчү документтерди, бухгалтердик жана акчалай эсептешүү документтерин алууга; 

- төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун маалымат системасынан, кардарлар жана бенефициардык ээлеринин төлөм уюму тарабынан түзүлгөн маалымат базасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга;  

- кардар террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышы бардыгынын негиздүүлүгүн тастыктоо же мындай шектенүүнү четке кагуу үчүн кардар жана бенефициардык ээси жана/же операциялар (бүтүмдөр) боюнча кошумча маалыматтардын берилишин демилгелөөгө

- алынган документтерден, анын ичинде электрондук документтерден көчүрмө чыгарып алууга; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, операцияларга (бүтүмдөргө) жана/же каражаттарга бөгөт коюу жана андан чыгаруу, бөгөт коюлган каражаттардан пайдалануу жана аларды тескөөгө алуу мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө» жобого ылайык операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу жана операцияларга (бүтүмдөргө) жана (же) каражаттарга бөгөт коюуга убактылуу көрсөтмөлөрдү берүүгө

- зарылчылык келип чыккан шартта банктын Директорлор кеңешине (эгер болсо) кайрылууга; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ыйгарым укуктарды ага баш ийген кызматкерлерге өткөрүп берүүгө. Мында бул жагдай террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамын өз функцияларын талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт. 

17. Ички контролдоо кызматы өз функцияларын аткарууда төмөнкүлөргө милдеттүү

- төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун тиешелүү бөлүмдөрүнөн алынган документтердин сакталышын жана аларга кайтарылып берилишин камсыз кылууга; 

- өз милдетин аткарууда алынган маалыматтардын купуялуулугун так сактап, маалыматтардын финансылык чалгындоо органына берилгендигин ачыкка чыгарбоого; 

- операциялардын (бүтүмдөрдүн) шектүү катары таанылгандыгы жана алар тууралуу билдирменин финансылык чалгындоо органына маалымдалгандыгы тууралуу банк башкармасына билдирүүгө

18. Ички контролдоо кызматы ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдоо программасын ишке ашырууда төмөнкүлөрдөн тышкары, ушул жобого ылайык анын компетенциясына кирген ишти айкалыштыра алат: 

- ички аудит кызматынын кызматкеринин (болгон шартта); 

- операциялык ишти жүзөгө ашырган кызматкердин; 

- кызматкер үчүн аны аткарууда өз алдынчалык (көз карандысыздык) камсыз кылынбаган кызматкердин. 

19. ПФТД/ЛПД боюнча кызмат адамы: 

- жогорку билимге ээ болууга;  

- ПФТД/ЛПД боюнча мыйзамдарды билүүгө

- төлөм продукттар, операциялар, кызмат көрсөтүүлөр, кардарлардын операциялары жана төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун иши үчүн мүнөздүү болгон потенциалдуу тобокелдиктер боюнча так түшүнүгү болууга; 

- соттуулугу жок болууга; 

- улуттук жана эл аралык изделип жаткан адамдардын тизмесинде жана террористтик жана экстремисттик ишке катышуусу, массалык жок кылуу куралын таркатуу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жөнүндө маалымат болгон жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде болбоого тийиш. 

20. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдоо программасын ишке ашырууга тартылган кызматкерлерин туруктуу негизде окутуудан өткөрүлүп турушун камсыз кылууга тийиш. Ички контролдоо кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген "Ички контролдук программасына карата жалпы талаптар жөнүндө" жободо белгиленген талаптарга ылайык, жылына кеминде бир жолу кошумча кесиптик билим алууга (квалификацияны жогорулатууга жана кесиптик кайра даярдыктан өтүүгө) тийиш. 

21. Кыргызской Республики Ички контролдоо кызматынын, Башкарманын жана Директорлор кеңешинин (болгон шартта) жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздерден улам келип чыгат. 

22. Ички контролдоо кызматынын Директорлор кеңешинин (болгон шартта), Башкарманын кароосуна сунушталуучу кат жүзүндөгү отчетунда эң аз дегенде отчеттук мезгил ичинде алынган, ошондой эле зарылчылык келип чыккан шартта башка мезгил аралыгы үчүн алынган төмөнкүдөй аналитикалык маалыматтар камтылышы зарыл: 

1) кардарларды идентификациялоо, верификациялоо жана иликтөөгө алып, анын абалы менен таанышуу, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин аныктоо боюнча талаптардын аткарылышына контролдоонун жыйынтыгы; 

2) шектүү операциялар (бүтүмдөр) белгилери байкалган, төмөнкү маалыматтарды камтыган операцияларды аныктоо максатында, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторлорунун кардарларынын операцияларына жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыгы: 

- кардарлар пайдасына (кардарлардын колдонулуп жаткан эсептери) акча каражаттарынын жылышынын олуттуу динамикасы; 

- өтө ири суммада ишке ашырылган операциялар; 

- кардарлардын кадимки ишине таандык чектүү белгиленген өлчөмдөн ашкан суммадагы ишке ашырылган операциялары; 

- жаңы кардарларды (төлөм системасынын катышуучуларын, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларды, агенттерди/субагенттерди) туташтыруу; 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык финансылык чалгындоо органына маалыматтарды берүү тууралуу; 

4) операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, операцияларга (бүтүмдөргө) жана (же) каражаттарга бөгөт коюу тууралуу ырааттуу негиздемелери менен маалыматтарды финансылык чалгындоо органына жөнөтүү жана андан ары мыйзамдарга ылайык иш алып баруу жөнүндө

5) ПФТД/ЛПДнын максатында ички контролдоо программасын ишке ашыруу боюнча чаралардын, төлөм уюмунун агенттери жана субагенттери тарабынан так аткарылышы жөнүндө

6) ПФТД/ЛПД боюнча мыйзам талаптарынан жана ички ченемдик документтеринин төлөм уюмунун саясатына ылайык аткарылышына, бузууга жол берилишине жана ал боюнча кабыл алынган чараларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө

7) Ички контролдоо кызматынын Директорлор кеңешине (болгон шартта), Башкармага сунушталган мурдагы отчетторунда белгиленген бузууга жол берүүлөрдү четтетүү боюнча иш натыйжасы жөнүндө маалыматтар. 

23. Ички контролдоо кызматынын кат жүзүндөгү отчетун кароого алуунун жыйынтыгы боюнча Директорлор кеңеши (болгон шартта) же Башкарма отчетто белгиленген бузууга жол берүүлөрдү четтетүү жана ПФТД/ЛПД боюнча саясаттын бузууларга жол бербөө боюнча чараларды көрүү үчүн контролдоону белгилейт. 

 

6-глава. ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүү 

 

24. ПФТД/ЛПДнын максатында ички контролдоо системасынын натыйжалуулугуна баа берүү көз карандысыз аудитор тарабынан жылына бир жолу же андан көп жолу операцияларды ишке ашырууда орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктин деңгээлине жана төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун иш көрсөткүчүнүн динамикасына жараша жүзөгө ашырылат.  

25. Ички контролдоо системасынын натыйжалуулугуна аудит жана баа берүү өзүндө эң аз дегенде төмөнкүлөрдү камтыйт: 

- ПФТД/ЛПД боюнча төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун жол-жоболорун жана бул багытта ишти уюштурууну кошо алганда, ички контролдоо системасын уюштурулушунун натыйжалуулугуна баа берүүнүн; 

- төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда орун алган тобокелдик деңгээлин аныктоо методологиясына баа берүүнүн; 

- төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ФТД/ЛПД тобокелдиктерине дуушар болуусуна баа берүү жана аларды тескөө жагында колдонулган чараларга баа берүүнүн; 

- колдонулган программалык камсыздоону жана процесстерди автоматташтыруу жолну кошо алганда, ички контролдоо кызматынын ишине, анын ичинде алардын төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун иш жол-жоболоруна шайкеш келишине (тесттик төлөмдөрдүн жүргүзүлүшүн пайдаланууга, такталбаган маалыматтарды киргизүүгө, кардарлардын кайрылуусуна ж.б.у.с. ПФТД/ЛПД боюнча колдонулган программалардын аныктыгы предметине) баа берүүнүн; 

- ички контролдоо кызматы, Улуттук банк же финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган бузууга жол берүүлөрдү четтетүү боюнча банк жетекчилиги, Башкармасы жана Директорлор кеңеши (болгон шартта) тарабынан көрүлгөн чараларга баа берүүнүн;  

- контролдоого алынып, ал боюнча маалымдалууга тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо жана билдирүүлөрдү түзүү натыйжалуулугунун деңгээлине колдонулган программалык камсыздоолорго баа берүүнү кошо алганда, ички контролдоого баяндама-баа берүүнүн; 

- ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамы тарабынан даярдалып, жетекчиликке/Башкармага жана/же Директорлор кеңешинин (болгон шартта) кароосуна сунушталуучу отчеттордун шайкештигин текшерүүнүн; 

- кызматкерлерди окутуу боюнча жол-жобонун сакталышын текшерүүнүн. 

26. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору көз карандысыз аудитти сапаттуу жана ар тараптан жүргүзүү максатында, тиешелүү бөлүмдөр менен талкулоону ПФТД/ЛПД чөйрөсүндө көрүлүп жаткан ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системасынын ишине тиешелүү маалыматтарды алуу үчүн тиешелүү бөлүмдөр менен талкуулардын өткөрүлүшүн жана маалыматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.  

27. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча төмөнкү маалыматтарды кошо алганда, ПФТД/ЛПД максатында ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүү жыйынтыгы боюнча сунуш-көрсөтмөлөр иштелип чыгат жана отчет даярдалат: 

1) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу тобокелдиктер; 

2) төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишинин ички контролдоо программаларынын жана башка ички документтердин талаптарын бузууга жол берүүлөр; 

3) Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД чөйрөсүнө тиешелүү мыйзам талаптарын бузууга жол берүү

4) аныкталган бузууга жол берүүлөрдү четтетүү жана аларды алдын алуу үчүн зарыл болгон чаралар. 

28. Аудитордун ПФТД/ЛПД максатында ички контролдоонун натыйжалуугуна баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча отчету, аныкталган бузууга жол берүүлөр жана мындан ары аларга жол бербөө үчүн чара көрүү максатында отчетко кол койгондон кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде жетекчиге/Башкармага жана Директорлор кеңешинин (болгон шартта) кароосуна сунушталат. Аудитордун отчету ошондой эле таанышып чыгуу үчүн ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамына берилет. 

 

7-глава. Кардарды талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүүдө тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма жана контролдоого алынууга жана маалымдалууга тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо  

 

29. Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору эң аз дегенде төмөнкү жол-жоболордун аткарылышын камтыган тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонууга милдеттүү

1) иш процессинде келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерге мамлекеттик деңгээлде баа берүү жыйынтыгын жана жогору/төмөн тобокелдиктердин типтүү критерийлерин эске алуу менен аларды аныктоо, документтерде каттоо, туруктуу негизде жаңылоо; 

2) аныкталган тобокелдиктер боюнча маалыматтарды Улуттук банкка жана финансылык чалгындоо органына жыл сайын сунуштоо; 

3) ички контролдоонун таасири күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн чараларды, ошондой эле тобокелдиктерди тескөөгө алуу жана басаңдатуу жол-жоболорун иштеп чыгып, колдонуу; 

4) тобокелдиктердин критерийлерин эске алуу менен кардарларын классификациялоо. 

30. Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору кайсы болбосун төмөнкү учурлардын биринде талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүү

1) төлөм системасынын катышуучусу, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочусу/ агент/субагент/электрондук акчанын агенти/контрагент менен ишкердик мамилелерди түзүүдө

2) төлөмдү, анын ичинде 70 000 сомго барабар же андан ашкан суммага бир нече өз ара байланыштуу төлөмдөрдү жүргүзүүдө

3) 70 000 сомго барабар же андан ашкан суммага, тизмеги жана түрлөрү финансылык чалгындоо органы тарабынан бекитилген бир жолку башка электрондук акча которууларды жүргүзүүдө

4) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык, бир эле учурда төлөм уюмунун агенти болуп саналган, агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу кардарга товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларда ачылган анын өздүк эсебине мурда төлөнгөн аванстын/алдын ала төлөмдүн же алардын бөлүгүнүн эсебинен кайтарылуучу акча каражаттарын колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо

5) террористтик ишти каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууну (изин жашырууну) жүзөгө ашырууда, кардардын макамына (туруктуу же бир жолку) же кайсы болбосун алып салууларга же операциянын (бүтүмдүн) чектүү суммасынан көз карандысыз шек жаралса; 

6) кардар/агент/товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар тууралуу буга чейин алынган маалыматтардын анык эмес же жетишсиз болуу фактылары аныкталган учурда. 

Кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жана верификациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №606 токтому менен бекитилген «Кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүү жөнүндө» жободо бекитилген формалар боюнча анкеталарды толтуруу аркылуу жүргүзүлөт. 

31. Электрондук капчыктардын ээлерин талаптагыдай текшерүү Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык банк-эмитент/банктын агенти-электрондук акчанын эмитенти тарабынан жүзөгө ашырылат. Электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын операторлору жана электрондук акчанын агенттери (дистрибьютерлер) маалымат системасында электрондук капчыктардын ээлеринин идентификациялык маалыматтардын болушун камсыз кылат. 

32. Төлөм уюму/төлөм системаларынын операторлору кардарды талаптагыдай текшерүүнү өткөрүүдө тобокелдикти аныктоого багыттаган ыкмаларды колдонуу менен текшерүүнүн күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонууга тийиш. 

33. Төлөм уюму/төлөм системасынын операторлору тобокелдик критерийлерин (жогорку жана төмөн) эске алуу менен өз кардарларын классификациялоого милдеттүү. Тобокелдик деңгээлин аныктоо үчүн эң оболу, төлөмдөрдү өткөрүү көлөмүн жана ыкмасын, төлөмдөрдү кабыл алуу түйүндөрүнүн (агенттин/субагенттин) жайгашкан жерин, кардардын кызмат көрсөтүүлөрдүн сунушточусунун иш багытынын мүнөзүн жана түрүн, ошондой эле ал жүргүзгөн операцияларды, сунуштаган товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү жана түпкү алуучуну эске алышы зарыл. Жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлери белгиленип, финансылык чалгындоо органы тарабынан жарыяланууга тийиш. 

34. Кардарды идентификациялоого, верификациялоого жана ал боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген бардык маалыматтардын жана документтердин негизинде төлөм уюму/төлөм системасынын оператору кардардын террористтик ишти каржылоосу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруусу (изин жашыруусу) мүмкүндүгү тобокелдик деңгээлине баа берет жана ал кардар анкетасында чагылдырылат. 

35. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу), ошондой эле шектенүүнү жараткан операциялар тобокелдигине дуушарланышы ыктымал болгон операцияларга өзгөчө көңүл буруп, аларга талаптагыдай контролдоону жүзөгө ашырууга тийиш. 

36. Олуттуу тобокелдиктин орун алгандыгы белгиленген шартта төлөм уюму кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүнүн төмөнкүдөй күчөтүлгөн чараларын колдонууга тийиш: 

1) колдо болгон ишенимдүү маалымат булактарынан, ошондой эле кардарга байланыштуу тобокелдикке баа берүүдө алынган маалыматтар боюнча кардарга тиешелүү тастыкталган кошумча идентификациялык маалыматтарды жана документтерди топтоо; 

2) кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин кылмыштуу ишке тартылып кетиши тобокелдигин тереңден иликтеп көрүү үчүн ал боюнча кошумча маалыматтарды топтоо; 

3) кардар-төлөөчүдөн төлөмдөрдү өткөрүү максатына, ошондой эле кардардын акча каражаттарынын булагына (мүмкүн болсо) (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары, иштеген жери, ИП ж.б) тиешелүү кошумча маалыматты автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалдарында ачык оферт аркылуу талап кылуу;  

4) кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин идентификациялык маалыматтарын туруктуу негизде, бирок жыл ичинде кеминде бир жолу жаңылап туруу; 

6) ишкердик иштин максатын жана мүнөзүн, пландаштырылган же ишке ашырылган төлөмдөрдүн себептерин же экономикалык маани-маңызын чечмелеген кошумча маалыматтарды кардардан кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочудан талап кылуу; 

7) Башкармадан кардар менен ишкердик мамилени түптөөгө же аны улантууга уруксат алуу; 

8) шектүү төлөмдөрдүн белгилерин аныктоо максатында, маалыматтык автоматташтырылган системалары сыяктуу эле, кол эмгеги аркылуу төлөмдөргө күндөлүк мониторингди жүргүзүү аркылуу ишкердик мамилеге таасирдүү мониторинг жүргүзүү, ошондой эле мониторинг жыйынтыгы менен ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамын жана Башкарманы тааныштыруу. 

Кардарга тобокелдиктин жогорку деңгээлин ыйгаруу төлөм уюму/төлөм системасынын оператору тарабынан тобокелдиктерди натыйжалуу тескөө жана (же) төмөндөтүү үчүн кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонууга алып келет. 

37. Тобокелдиктин төмөнкү деңгээли белгиленген учурда, төлөм уюму/төлөм системасынын оператору кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүнүн төмөнкүдөй жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонот: 

1) ишкердик мамилелерди түптөө максатына жана мүнөзүнө тиешелүү жалпы маалыматтарды алуу; 

2) ишкердик мамиле жөнгө салынгандан кийин да кардарды жана бенефициардык менчик ээсин верификациялоо; 

3) кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоочу маалыматтарды жаңылап туруу аралыгын кыскартуу; 

4) төлөм уюму тарабынан аныкталган лимиттин негизинде төлөмдөрдү текшерүүдөн өткөрүү автоматташтырылган системасын колдонуу менен кардарлардын төлөмдөрүнө кыскартылган формада мониторинг жүргүзүү

38. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору таанымал кызмат адамдарына, анын ичинде анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандары, ишкердик өнөктөштөрү жана расмий өкүлдөр) карата кардарды талаптагыдай текшерүүнүн кошумча чараларын колдонууга тийиш: 

1) кардар/агент/электрондук акчанын агенти (дистрибьютор) же бенефициардык менчик ээси таанымал кызмат адамы болуп санала тургандыгын аныктоо үчүн тобокелдиктерди тескөө системасын колдонуу; 

2) Башкарманын төрагасынан таанымал кызмат адамы менен ишкердик мамилени түптөөгө же аны улантууга кат жүзүндө уруксат алуу; 

3) таанымал кызмат адамынын акча каражаттарынын же башка мүлкүнүн келип чыгуу булактарын аныктоо; 

4) ишкердик мамилелерге, анын ичинде таанымал кызмат адамы менен ишке ашырылган операцияларга (бүтүмдөргө) туруктуу негизде жана тереңдетилген мониторингди жогорку тобокелдиктеги кардарлар үчүн белгиленген тартипте жүргүзүү

39. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору эл аралык/чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү жүргүзүүдө

1) өзүн-өзү тейлөө автоматташтырылган терминалда/агенттин мобилдик тиркемесинде/веб кассада жана төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн колдонулган башка түзүлүштөрдө төмөнкү маалыматтардын киргизүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу: 

- жөнөтүүчүнүн жеке адамдын аты-жөнүн; 

- эгерде төлөмдү ишке ашырууда эсеп колдонулса, жөнөтүүчүнүн эсеп номери; 

- жөнөтүүчүнүн идентификациялык номери жана паспорттук маалыматтары; 

- алуучунун жеке адамдын аты-жөнү

- эгерде төлөмдү ишке ашырууда эсеп колдонулса, алуучунун эсеп номери. Эсеп жок болгон учурда, төлөмгө көз салып туруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган төлөмдүн уникалдуу номери/коду көрсөтүлөт. 

2) эгерде ушул Жобонун 39-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн коштоп жүрүүчү маалымат жок болсо, төлөмдү ишке ашырбоо; 

3) төлөмдүн жөнөтүүчүсүн жана алуучусун Санкциялык тизмектерде жана алардын кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышуусу тууралуу маалыматтар бар болгон адамдардын, топтордун, уюмдардын тизмегинде бар же жок экендигине текшерүү

4) төлөмдүн жөнөтүүчүсүн жана алуучусун Санкциялык тизмектерде жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) алардын катышуусу тууралуу маалыматтар бар болгон адамдардын, топтордун, уюмдардын тизмегинде бар болгон учурда төлөмдү токтотуп, бул тууралуу финансылык чалгындоо органына үч саатын ичинде маалымдоо; 

5) шектүү төлөм табылган учурда 5 (беш) саат ичинде шектүү операция жөнүндө билдирүүнү жана төлөм жөнүндө тиешелүү маалыматты финансылык чалгындоо органына жөнөтүү

40. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун төлөмдөрдүн иштелип чыгуусун камсыз кылган маалымат системасы Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД чөйрөсүндө идентификациялык маалыматтарын текшерүү боюнча мызйам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу үчүн төлөмдүн жөнөтүүчүсүнүн жана алуучусунун идентификациялык маалыматтарына мониторинг жүргүзүү (дал келүүлөрдү аныктоо) боюнча программалык чечимдерге жана автоматташтырылган механизмдерге ээ болууга тийиш.  

41. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген террористтик ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (изин жашырууну) жүзөгө ашыруу тууралуу тастыктаган критерийлердин жана белгилердин бар экендиги предметине кардарлардын ишин текшерүү тартибин аныктап алууга тийиш. Бул максаттарда төлөм уюму кардарлар кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен ишкердик мамилелерине мониторингди туруктуу негизде жүргүзөт, анда төмөнкү иш-чаралар каралган: 

- кардардын иши төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда кардар, анын бизнеси жана аталган кардар боюнча тобокелдик деңгээли тууралуу маалыматка шайкеш келе тургандыгына ынануу үчүн кардардын пайдасына же кардар тарабынан ишке ашырылган төлөмдөрдү изилдөө

- зарыл болгон учурда кардардын пайдасына келип түшкөн акча каражаттарынын келип чыгуусун тактоо; 

- айкын же көрүнүп туруучу экономикалык же мыйзамдуу максаттарга ээ болбогон бардык же адаттан тыш ири операцияларга талдап-иликтөө

- төлөм уюму/төлөм системасынын оператору тарабынан бардык алынган маалыматты документте каттоо жана зарыл болгон учурда аталган маалыматты финансылык чалгындоо органына өткөрүп берүү

42. Контролдоого алынууга жана маалымдалууга тийиш болгон төлөмдөргө төмөнкү операциялар (бүтүмдөр) кирет: 

- шектүү төлөмдөр; 

- Жогорку тобокелдиктер орун алган өлкөлөрдөн жеке адам же юридикалык жак алардын тараптарынын бири болуп саналган төлөмдөр. Финансылык чалгындоо органына маалымдоого тийиш болгон, жогорку тобокелдиктер орун алган өлкөлөрдөн жеке адамдар жана юридикалык жактар менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталат; 

- кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (изин жашырууну), террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жак тарабынан ишке ашырылган төлөмдөр; 

- тизмеги жана чектүү суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тобокелдиктерди улуттук баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын электрондук капчыктар жана лимиттер боюнча агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу белгиленген лимиттердин сакталышы бөлүгүндө белгиленген нак акча каражаттары менен төлөмдөр. 

 

8-глава. Ички контролдоону жүзөгө ашырууда алынган маалыматтарды каттоо, сактоо жана финансылык чалгындоо органына жөнөтүү 

 

43. Кардардын ички контролдоону жүзөгө ашырууда алынган төлөмдөрү тууралуу маалыматтар анын террористтик ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышы бардыгын тастыктоо же аны четке кагуу үчүн жетиштүү болгон көлөмдө, документ жүзүндө милдеттүү түрдө катталууга тийиш. 

44. Кардардын төлөмдөрүн шектенүүнү жараткан белгилерге ээ операция катары аныктоого шектенүүлөрдү тастыктоо учурунда ПФТД/ЛПД боюнча кызмат адамы төлөмдү шектүү деп таануу чечимин кабыл алып, шектүү төлөм тууралуу билдирүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №606 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди сунуштоо тартиби жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык финансылык чалгындоо органына жөнөтөт. 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун жетекчиси мындан аркы иш-аракеттердин өз учурунда жүзөгө ашырылышы, анын ичинде максаттуу финансылык санкциялардын колдонулушу жана төлөм өткөрүүнү токтотуу жана/же кардар менен ишкердик мамилелерди жокко чыгаруу үчүн жоопкерчилик тартат. 

45. Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору кардарларды ПФТД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, финансылык чалгындоо органына маалыматтарды берүү тууралуу маалымдоого укуктуу. 

46. Кардар, бенефициардык менчик ээси тууралуу маалыматтарды камтыган документтер жана маалыматтар, анын ичинде иш боюнча кат алышуулар, ошондой эле кардардын операцияларына (төлөмдөрүнө) тиешелүү ушул Жобонун талабына ылайык текшерүү учурунда алынган маалыматтар кеминде 5 (беш) жыл жана операцияны (төлөмдү) шектүү катары аныкталган/террористтик же экстремисттик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) аныкталган учурдан тартып сакталууга тийиш. 

 

9-глава. Корутунду жоболор 

 

47. Кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын же жогорку тобокелдиктер орун алган өлкөлөргө карата башка чаралар (санкциялар) колдонууну токтотуу өлкөнү Жогорку тобокелдиктер орун алган өлкөлөрдүн тизмегинен чыгарылган шартта же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселелер боюнча комиссиянын чечиминин негизинде жүргүзүлөт. 

48. Электрондук билдирүүнү түзүү жана финансылык чалгындоо кызматына жөнөтүү АРМдин (операциялар (төлөмдөр) тууралуу билдирүүнү автоматтык режимде түзүүгө жана жөнөтүүгө өбөлгө түзгөн адистештирилген программалык камсыздоо) жардамы менен жүзөгө ашырылат.