Кайта келүү

Долбоор  

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын ________________ 

№___________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитиген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жобонун: 

«Товардык мурабаха бүтүмү» деген 2.3.1-главасынын: 

- 2.3.1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.3.1.2. Товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү банк тарабынан акча каражаттарын, анын ичинде инвестицияларды тартуу инструменти катары колдонулат. Мындай бүтүмдү банктын кардарларынан акча каражаттарын тартуу инструменти катары колдонууга жол берилбейт.  

Бүтүмдө тараптар катары финансы-кредит уюмдары иш алып барган учурда товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү тараптардын бири үчүн акча каражаттарын жайгаштыруу инструменти катары каралышы мүмкүн. 

Товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү банк тарабынан төмөнкү шарттардын бири сакталган учурда, мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн юридикалык жакты же жеке ишкерди (мындан ары юридикалык жак) каржылоо инструменти катары колдонулушу мүмкүн: 

- товардык мурабаха (таваррук) бүтүмүнөн айырмаланган бүтүмдөрдүн жана келишимдердин түрүн колдонуу менен каржылоо сунуштоо максатка жетүүгө мүмкүндүк бербесе; 

- бүтүм ликвиддүүлүк менен камсыздоо мүмкүн эмес болгондугуна же ликвиддүү акча каражаттары тартыштыгынын ордун жабууга же кардарлардын чыгым тартуусуна бөгөт коюу максаттарына байланыштуу келишилсе; 

- бүтүмдүн максаты катары банк юридикалык жактан ислам каржылоо принциптери боюнча сунушталуучу кызматтарга толугу менен өтүү жөнүндө негиздүү чечимин алгандыктан, юридикалык жактын кредитин каржылоо саналса.»; 

- 2.3.1.7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.3.1.7. Бүтүм келишилген учурга карата товар сатуучуда болууга, анын менчигинде турууга жана такталууга тийиш. Бул же товарды өзүнчө көрсөтүү, же болбосо товарды идентификациялоо документтеринин реквизиттерин (күбөлүктүн номери, накладнойлор ж.б.) көрсөтүү аркылуу ишке ашырылат. Бүтүм келишилген жерде товар жок болсо, сатып алуучуга товардын өзгөчөлүктөрү же үлгүлөрү түрүндө маалыматты, ошондой эле сатып алуучу товарды жалган эмес, анык сатып алып жаткан учурдагыдай эле, товардын көлөмү жана ал жайгашкан орду тууралуу маалыматты кошумча сунуштоо зарыл.»;  

- төмөнкү мазмундагы 2.3.1.10. жана 2.3.1.11-пункттар менен толукталсын: 

«2.3.1.10. Товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү ушул главанын талаптарын, ошондой эле төмөнкү талаптарды сактоо менен валюта тобокелдигин хеджирлөө инструменти катары колдонулушу мүмкүн: 

- бүтүмдөр биржалык товар түрүндө келишилсе; 

- бир валютадагы товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү жана биринчи валютадан айырмаланган валютада кайтарым товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү өз ара байланыштуу болбосо. Тараптар ортосунда келишилген бир бүтүмдүн аткарылбашы экинчи бүтүмдү жокко чыгарбаса; 

- эки бүтүмдүн теӊ аткаруу мөөнөттөрү бири-бирине шайкеш келүүгө тийиш. 

2.3.1.11. Банктын Шариат кеӊеши товардык мурабаха (таваррук) бүтүмүн колдонуу жагдайлары жана колдонуудагы чектөөлөр, ошондой эле колдонуу шарттары жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш.». 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы N 32/2 «Кыргыз Республикасында пилоттук долбоордун алкагында ислам каржылоо принциптериөн жүзөгө ашыруу жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитиген «Кыргыз Республикасында пилоттук долбоордун алкагында ислам каржылоо принциптериөн жүзөгө ашыруу жөнүндө» жобонун: 

«Товардык мурабаха бүтүмү» деген 2.3.1-главасынын: 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү банк тарабынан акча каражаттарын, анын ичинде инвестицияларды тартуу инструменти катары колдонулат. Мындай бүтүмдү банктын кардарларынан акча каражаттарын тартуу инструменти катары колдонууга жол берилбейт. 

Бүтүмдө тараптар катары финансы-кредит уюмдары иш алып барган учурда товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү тараптардын бири үчүн акча каражаттарын жайгаштыруу инструменти катары каралышы мүмкүн. 

Товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү банк тарабынан төмөнкү шарттардын бири сакталган учурда, мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн юридикалык жакты же жеке ишкерди (мындан ары юридикалык жак) каржылоо инструменти катары колдонулушу мүмкүн: 

- товардык мурабаха (таваррук) бүтүмүнөн айырмаланган бүтүмдөрдүн жана келишимдердин түрүн колдонуу менен каржылоо сунуштоо максатка жетүүгө мүмкүндүк бербесе; 

- бүтүм ликвиддүүлүк менен камсыздоо мүмкүн эмес болгондугуна же ликвиддүү акча каражаттары тартыштыгынын ордун жабууга же кардарлардын чыгым тартуусуна бөгөт коюу максаттарына байланыштуу келишилсе; 

- бүтүмдүн максаты катары банк юридикалык жактан ислам каржылоо принциптери боюнча сунушталуучу кызматтарга толугу менен өтүү жөнүндө негиздүү чечимин алгандыктан, юридикалык жактын кредитин каржылоо саналса.»; 

- 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Бүтүм келишилген учурга карата товар сатуучуда болууга, анын менчигинде турууга жана такталууга тийиш. Бул же товарды өзүнчө көрсөтүү, же болбосо товарды идентификациялоо документтеринин реквизиттерин (күбөлүктүн номери, накладнойлор ж.б.) көрсөтүү аркылуу ишке ашырылат. Бүтүм келишилген жерде товар жок болсо, сатып алуучуга товардын өзгөчөлүктөрү же үлгүлөрү түрүндө маалыматты, ошондой эле сатып алуучу товарды жалган эмес, анык сатып алып жаткан учурдагыдай эле, товардын көлөмү жана ал жайгашкан орду тууралуу маалыматты кошумча сунуштоо зарыл.»;  

- 10 жана 11-пункттар менен толукталсын: 

«10. Товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү ушул главанын талаптарын, ошондой эле төмөнкү талаптарды сактоо менен валюта тобокелдигин хеджирлөө инструменти катары колдонулушу мүмкүн: 

- бүтүмдөр биржалык товар түрүндө келишилсе; 

- бир валютадагы товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү жана биринчи валютадан айырмаланган валютада кайтарым товардык мурабаха (таваррук) бүтүмү өз ара байланыштуу болбосо. Тараптар ортосунда келишилген бир бүтүмдүн аткарылбашы экинчи бүтүмдү жокко чыгарбаса; 

- эки бүтүмдүн теӊ аткаруу мөөнөттөрү бири-бирине шайкеш келүүгө тийиш. 

11. Банктын Шариат кеӊеши товардык мурабаха (таваррук) бүтүмүн колдонуу жагдайлары жана колдонуудагы чектөөлөр, ошондой эле колдонуу шарттары жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш.».