Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) эсептери боюнча пайданы/чыгымды бөлүштүрүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу” токтом долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери  

Улуттук банк тарабынан Улуттук банк Башкармасынын “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) эсептери боюнча пайданы/чыгымды бөлүштүрүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу” токтом долбоору иштелип чыккан, анын максаты болуп сунушталып жаткан операциялардын ачык-айкындуулугун жана кардарлардын акча каражаттарын жайгаштыруудан алынган пайданы/чыгымды бөлүштүрүүнү стандартташтыруу жолу аркылуу аманатчылардын ишенимин арттыруу, ошондой эле ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктар тарабынан түзүлгөн каржылоонун портфелдерин жана аманаттарын тескөө талаптарын белгилөө саналат. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Иштелип чыккан долбоор пайданы/чыгымды эсептөө жана бөлүштүрүү тартибин, ошондой эле жеке адамдардын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын банктык эсептери, банктык аманаттар (депозиттер) эсептери боюнча ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар, ошондой эле “ислам терезесине” ээ банктар тарабынан хиба сый акысын төлөө тартибин аныктайт.  

Долбоорго ылайык мудараба келишиминин негизинде депозиттерди жайгаштырууда каржылоодон, инвестициялоодон жана депозиттин акча каражаттарын жайгаштыруудан түшкөн пайда, пайдада катышуунун алдын ала макулдашылган коэффициентине ылайык банктар (мудариб) жана инвесторлор (аманатчылар) ортосунда бөлүштүрүлөт. Чыгымдар келип чыккан учурда аманатчы салган каражаттарынан чыгым тартат, эгерде чыгымдар аманатчынын депозиттик каражаттарын тескөөдө банктын шалаакылыгынын же талаптагыдай иш алып барбагандыгынын жыйынтыгы болбосо. Бул сыяктуу өзгөчө өз ара байланышты эске алганда, мында, акча каражаттарды инвестициялоодон жана жайгаштыруудан банк тарабынан алынган киреше аманатчылардын кирешесине түздөн-түз таасир этет, банк аманатчылардын кызыкчылыктарын эске алуу менен банктын ички документтеринде жана келишимдеринде пайданы/чыгымды эсептөө жана бөлүштүрүү үчүн анын аныктыгын, ачык-айкындуулугун жана тактыгын камсыз кылуусу зарыл.  

 

3. Долбоордон улам келип чыгышы ыктымал болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо жагында, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Долбоордун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Бул бөлүк боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча сунушталат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө  

Долбоор Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын нормаларына карама-каршы келбейт

 

6. Каржылоо зарылчылыгы боюнча маалымат  

Сунушталган долбоордун кабыл алынышы кошумча каржылоону талап кылбайт.  

 

7. Информация об анализе регулятивного воздействия 

Сунушталган токтом долбооруна карата жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө даярдалган. 

 

Долбоор 

 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) эсептери боюнча пайданы/чыгымды бөлүштүрүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) эсептери боюнча пайданы/чыгымды бөлүштүрүү боюнча нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин

2. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган жана иштеп жаткан коммерциялык банктар, ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, бир жылдын ичинде автоматташтырылган маалымат системасын Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) эсептери боюнча пайданы/чыгымды бөлүштүрүү боюнча нускоонун талаптарына ылайык келтирсин.  

Автоматташтырылган маалымат системасын Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) эсептери боюнча пайданы/чыгымды бөлүштүрүү боюнча нускоонун талаптарына ылайык келтирүү мөөнөтү операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банктардын жазуу жүзүндө кайрылуусунун негизинде узартылышы мүмкүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

4. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ачык акционердик коомун, «ЭкоИсламикБанк» жабык акционердик коомун, «БАКАЙ БАНК» ачык акционердик коомун, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.    

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор  

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын “____” _________ 

№___ токтомуна карата тиркеме 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) эсептери боюнча пайданы/чыгымды бөлүштүрүү боюнча нускоо  

 

1-глава. 

Жалпы жоболор 

 

1. Нускоонун аракети “ислам терезесине” ээ банктарды (мындан ары - банктар) кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга таркатылат. 

2. Нускоо пайданы/чыгымды эсептөө жана бөлүштүрүү, ошондой эле жеке адамдардын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын (мындан ары - аманатчылар) банктык эсептери, банктык аманаттар (депозиттер) эсептери боюнча хиба сый акысын төлөө тартибин, ошондой эле аманатчылардын депозиттеринин негизинде түзүлгөн каржылоо пулдарын тескөө ыкмаларын аныктайт.  

3. Ушул нускоодо колдонулган терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жалпы кабыл алынган маанилерге ылайык түшүнүү зарыл.  

Ушул нускоонун алкагында да төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

Алынган пайданы теңдештирүүгө камдар - бул, мудараба депозиттери боюнча кирешелүүлүктүн белгилүү бир деңгээлин колдоо максатында банктын (мударибдин) үлүшүн бөлүштүрүүгө чейин таза пайдадан бөлүнгөн суммалардын эсебинен банктын Директорлор кеңешинин чечими боюнча түзүлгөн кам.  

Инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам (болгон болсо) аманатчылардын (инвестициялык эсеп ээлеринин) келечектеги инвестициялык чыгым тартуу тобокелдигин басаңдатуу максатында, банктын (мударибдин) пайдасынын үлүшү бөлүштүрүлгөндөн кийин инвестициялык эсеп ээлеринин пайдасынан бөлүнгөн сумма. Бул камды пайдалануу тартиби банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш.  

Каржылоо портфелинин пулу бул бирдей өзгөчөлүктөргө жана белгилерге ээ каржылоо: каржылоо (мурабаха, иджара ж.б.) продукттарынын (келишимдердин) түрлөрү, ордун жабуу мөөнөттөрү, кирешелүүлүк нормалары жана башка өзгөчөлүктөрү жана белгилери боюнча банктын портфелинин биригүүсү.  

Хиба (хиба) сый акы акча каражаттарын кард хасан, вади'а йад дамана келишимдеринин шарттарында жайгаштырган банк кардарларына төлөнүүчү материалдык сый акы түрү.   

 

2-глава. 

 

Каржылоо портфелинин пулдарын түзүү  

 

4. Банк пайданы/чыгымды бөлүштүрүүнүн жана активдердин курамында каржылоо портфелинин бир же бир нече пулдарын түзүүдө каржылоо портфелинин пулдарын тескөөнүн ачык-айкын жана так түзүмүн аныктоого тийиш. Алар банктык эсептердин, банктык аманаттар (депозиттер) эсептеринин ар башка түрлөрү аркылуу каржыланууга тийиш.  

Бул түзүмдө жайгаштыруу максаты, инвестициялык стратегия жана ар бир пулга тиешелүү тобокелдик, мөөнөттөрү, сый акыларды бөлүштүрүү өзгөчөлүгү (анын ичинде бир депозит ар башка пулдарга бөлүштүрүлүшү мүмкүн экендигин эске алганда), пайдада катышуу коэффициенти, кошумча төлөөлөр жана башкалар көрсөтүлүп, төмөнкү негизги принциптер ачып көрсөтүлүүгө тийиш:  

1) ар башка пулдарда банктык эсептердин, банктык аманаттар (депозиттер) эсептеринин ар башка түрлөрүн бөлүштүрүү

2) банктык эсептердин, белгилүү бир пулдун банктык аманаттарынын (депозиттер) эсептеринин ар бир категориясы боюнча төлөөлөрдү аныктоо. 

5. Каржылоо портфелинин пулдары банктын уюштуруу түзүмүнө ылайык белгиленген жооптуу органдын чечиминин негизинде жогоруда келтирилген түзүмгө ылайык банк тарабынан түзүлүүгө тийиш. Түзүмдү иштеп чыкканга чейин, каржылоо портфелинин пулдары берилген документтердин негизинде төраганын жактыруусунан же башка ыйгарым укуктуу жетекчинин жактыруусунан улам түзүлүшү мүмкүн. 

6. Көрсөтүлгөн түзүм банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга жана документ 15 күндүк мөөнөт ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары Улуттук банк) жөнөтүлүүгө тийиш. Пайданы/чыгымды бөлүштүрүү түзүмүндө мындан аркы өзгөрүүлөр да Шариат кеңеши тарабынан жактырылып, Улуттук банкка маалымдоо үчүн өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин 15 күн ичинде жөнөтүлүүгө тийиш.  

7. Банкта иштеп жаткан автоматташтырылган маалымат системасы болуусу зарыл, алар төмөнкүлөрдү бөлүштүрүүгө өбөлгө түзөт: 

1) депозиттер; 

2) каржылоо, инвестициялар жана акча каражаттардын башка жайгаштыруусу; 

3) кирешелер жана чыгашалар; 

4) каржылоо портфелинин ар башка пулдары ортосунда активдерди которуштуруу.  

8. Иштеп жаткан банктардын автоматташтырылган маалымат системасынын чектөөлөрү Улуттук банк Башкармасынын токтомундагы белгиленген мөөнөттө четтетилүүгө тийиш. Буга чейин каржылоо портфелинин пулдарын тескөө банктарда эсепке алуу үчүн жооптуу тиешелүү бөлүмдө жүзөгө ашырылууга тийиш.  

9. Мудараба депозиттери банктын ички саясатына ылайык каржылоого, инвестицияларга жана жайгаштырууга багытталууга тийиш.  

Депозиттер жер, курулуш, эмерек фурнитурасы, компьютерлер, материалдык эмес активдер сыяктуу банктын негизги каражаттарын сатып алууга инвестицияланбайт:, алар банктын иштеши үчүн колдонулат жана банк тарабынан өздүк булактардан/өздүк капиталдан сатып алынууга тийиш.. 

Банктын кызматкерлери банктын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланат. 

10. Банктын ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү уруксатын алуу менен активдердин пулдарын тескөөнүн уюштуруу түзүмүнө ылайык банктар аралык операциялар үчүн казына портфелинин пулдарын түзүшү мүмкүн. 

11. Мудараба инвестициялык эсептери боюнча келишимди түзүүдө банкка депозиттик каражаттар багыттала турган каржылоо портфелинин пулун аманатчыга ачып көрсөтүүсү зарыл. 

12. Банктарга чет өлкө валютасында депозиттерди жайгаштыруу үчүн каржылоо портфелинин айрым пулдарын түзүү сунушталат. Чет өлкө валютасында депозиттерди тескөө иши ушул нускоого ылайык жүзөгө ашырылат. 

13. Банк каржылоо портфелинин пулуна банктын капиталын (ликвиддүү активдер/нак акча каражаттар түрүндө жеткиликтүү), мудараба, кард хасан жана вадиа йад дамана депозиттериндеги акча каражаттарды бириктириши мүмкүн. Мында, банк кард хасан жана вадиа йад дамана келишимдеринин негизинде күндөлүк депозиттердин бардык тобокелдиктерин өзүнө алат. Андыктан банк пайданы/чыгымды эсептөө жана бөлүштүрүү үчүн банктын жайгаштырылган капиталы менен кард хасан жана вадиа йад дамана күндөлүк депозиттерин бириктириши мүмкүн. 

14. Банкта түзүлгөн жана тескелген каржылоо портфелинин ар бир пулу өздүк активдерге, милдеттенмелерге, кирешелерге жана чыгашаларга ээ өзүнчө ишкана катары каралат, алар кайсы болбосун убакытта идентификацияланышы, алардын көлөмүн аныктоо, текшерүү мүмкүн.  

 

3-глава. Кирешелерди жана чыгашаларды бөлүштүрүү  

 

15. Каржылоо портфелинин ар башка пулдары боюнча кирешелер жана чыгашалар алдын ала белгиленген негиз жана эсепке алуу принциби боюнча эсепке алынат.  

16. Тике чыгашалар каржылоо портфелинин тиешелүү пулунун эсебинен жабылат, ошол эле учурда каржылоо портфелинин пулун түзүү наркын кошо алганда, кыйыр чыгашасы катары (эмгек акы, негизги каражаттарды амортизациялоо ж.б.) банк тарабынан жабылат. 

17. Тике чыгашалар, каржылоо портфелинин пулунун каражаттарынын эсебинен жабылууга тийиш, анда иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишимдери боюнча негизги каражаттардын эскириши (амортизация), материалдык баалуулуктарды жана товарларды сатып өткөрүүнүн өздүк наркы, каржылоо портфелинин пулунун активдерин камсыздоо\такафул чыгашалары, комиссиялык жыйымдар же документ түзүүгө чыгашалар (мамлекеттик алым жана жыйымдар, мамлекеттик бюджеттин пайдасына төлөнүлгөн салыктар), каржылоо портфелинин пулдарында белгилүү бир активдерге келтирилген зыяндан улам нарксыздануу/чыгымдар камтылган.  

18. Банкта каржылоо портфелинин пулун тескөө түзүмүндө жана пулду түзүү жөнүндө тиешелүү чечимде башка тике чыгашалар, ошондой эле кайсы болбосун башка ушул сыяктуу чыгашалар көрсөтүлүшү мүмкүн, алар каржылоо портфелинин пулунун каражаттарынын эсебинен жабылууга тийиш.  

19. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө» жобого ылайык жалпы жана/же атайын камдарды түзүүгө кеткен чыгашалар пулдун дүң кирешесин эсептөөдөн алып салынбайт. Башка тике чыгашалар менен бирге каржылоо портфелинин тиешелүү пулунун эсебине каржылоонун эсептен алынган каражаты жана/же инвестициялардан чыгым чегерилет. 

20. Банк каржылоо портфелинин пулунун каражаттарынын эсебинен укукка жатпаган иш-аракеттерден/шалаакылыктан/келишимдердин талаптарын бузгандыктан улам каржылоодон жана/же инвестициялардан жоготуулардын ордун жабууга тийиш эмес. Мудариб катары иш алып барган банк өздүк капиталынын эсебинен аманатчы алдында бул жоготуулардын ордун жабууга жооптуу болуп саналат.  

 

§1. Аманатчылардын каражаттары жана өздүк капиталы ортосунда пайданы/чыгымды бөлүштүрүү  

 

21. Банктын капиталын каржылоо портфелинин пулундагы аманатчылардын каражаттары менен бириктирген учурда пулдун таза кирешеси/чыгымы банктын өздүк капиталы жана аманатчылардын каражаттары ортосунда аларды каржылоо портфелинин пулунда катышуунун тиешелүү үлүшүнө пропорционалдуу бөлүштүрүлөт. 

22. Мудараба келишимдери боюнча пайда жана чыгым пайданы/чыгымды эсептөө мезгили ичинде аманатчынын эсебиндеги орточо күндүк калдыктын негизинде эсептелинет жана бөлүштүрүлөт.  

 

§2. Пайдада катышуу коэффициенти  

 

23. Аманатчылар жана банк (мудариб) ортосунда мудараба депозити боюнча пайдада катышуу коэффициенти келишим түзүүдө кеминде 5 (беш) жумуш күн мурда аныкталат. Ошону менен бирге банктын расмий интернет-сайтында жана башкы офисинде, филиалында (филиалдарында)/сактык кассаларында жарыя тактада маалымат жайгаштыруу аркылуу жарыяланат.  

24. Депозитти кабыл алуу учурунда (айрыкча, мудараба инвестициялык эсебинин аманатчылары менен) аманатчылар менен макулдашылган, пайдада катышуу коэффициенти банктык аманаттар (депозиттер) боюнча келишимдердин колдонуу мөөнөтү ичинде банк тарабынан төмөндө жагына кайра каралышы мүмкүн. Мындай карап чыгуу зарыл болгон шартта, аманатчылар келишимди токтотуу жана пайдадан алып салууну/кармап калууну эске албаганда инвестицияланган каражаттарын чыгаруу укугуна ээ. 

25. Банктын (мударибдин) үлүшү ушул нускоого карата 1-тиркемеге ылайык пулдун кирешесинин жалпы көлөмүндө аманатчылардын каражаттарын колдонуудан пайданын бөлүгү катары аныкталат.  

26. Банктык эсептердин ар башка категорияларынын жана каржылоо портфелинин пулунда жайгаштырылган банктык аманаттар (депозиттер) боюнча кирешелүүлүк пулдарды башкаруу түзүмүндө аныкталган белгилердин жана критерийлердин негизинде аныкталууга тийиш.  

27. Карап чыгуу зарыл болгон шартта, банктык эсептердин, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептердин ар кандай категориялары боюнча болжолдонгон кирешелүүлүк тиешелүү мезгил башталганга чейин кеминде 3 жумуш күн мурда жарыяланууга тийиш (мисалы, тиешелүүлүгүнө жараша, үч айлык, жарым жылдык жана бир жылдык депозиттер үчүн чейрек, жарым жылдык башталганга чейин кеминде 3 жумуш күн мурда) жана ушул мезгил ичинде аны өзгөртүүгө жол берилбейт.  

28. Банк каржылоо портфелинин пулдарын тескөө жана пайданы бөлүштүрүү түзүмүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда сый акыны төлөөнүн негизги принциптерин жана/же депозиттер боюнча каражаттардын алынышын көрсөтүүгө тийиш.  

 

4-глава. Камдар 

 

§1. Алынган пайданы теңдештирүүгө камдар  

 

29. Банк алынган пайданы теңдештирүүгө камдар көлөмүн каржылоо портфелиндеги пулдун таза кирешесинин (каражаттарынын), б.а. тике чыгашаны жана чыгымды эсептен чыгаруу менен каржылоо портфелиндеги пулдун дүң кирешесинин эсебинен толуктап турат (эгер болсо). 

30. Алынган пайданы теңдештирүүгө камдардын калдыгы бухгалтердик журналдарда банк капиталындагы кам катары чагылдырылат.  

31. Алынган пайданы теңдештирүүгө камдардын каражаттары Шариат талаптарына ылайык келген жогору ликвиддүү активдерге жайгаштырылууга тийиш, ал эми бул каражаттардан алынган киреше да алынган пайданы теңдештирүүгө камдардын эсебине чегерилет.  

32. Банк пул боюнча пайда рыноктогу күтүүлөрдөн (кирешелүүлүктүн рыноктук чени) төмөн болгон учурда, аманатчылардын пайдасын жогорулатуу үчүн алынган пайданы теңдештирүүгө камдардын суммасынын толук же айрым бөлүгүн пайдаланышы мүмкүн. 

33. Банкта алынган пайданы теңдештирүүгө камдар болгон шартта, ал боюнча талаптар банктын депозиттик келишиминде көрсөтүлүүгө тийиш.  

 

§2. Инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам  

 

34. Мудараба келишимине ылайык, портфелдин пулу инвестициялоодон чыгымга дуушарланышы мүмкүн. Ошондуктан, банктын Директорлор кеңешинин чечими боюнча келечектеги инвестициялык жоготуулардын ордун жабуу үчүн инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам түзүү жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн.  

35. Эгерде каржылоо портфелинин пулун жоготуулар болсо, анда алардын орду инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга камда жеткиликтүү калдыктын эсебинен жабылат. 

36. Банкта инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам түзүлгөн шартта, ал боюнча талаптар банктын типтүү депозиттик келишиминде көрсөтүлүүгө тийиш.  

 

5-глава. Текшерүү жана аудит 

 

37. Депозиттер боюнча пайданын/чыгымдын бөлүштүрүлүшү банктын Шариат кеңеши жана көз карандысыз тышкы аудитору тарабынан текшерилүүгө тийиш.  

38. Банктын ички аудити ушул Нускоонун талаптарынын сакталышына жана аткарылышына жарым жылдык негизде тандалма текшерүү жүргүзүүсү зарыл. Талаптар сакталбаган/бузулган учурда, ички аудит кызматы банктын жетекчилигине жана Шариат кеңешине билдирүүгө милдеттүү.  

 

6-глава. Маалыматты ачып көрсөтүү 

 

39. Банк финансылык отчетунда төмөнкү маалыматты ачып көрсөтүүгө тийиш:  

1) негизги өзгөчөлүктөрдү, тобокелдик жана сый акы түрлөрүн көрсөтүү менен, каржылоо портфелинин пулдарынын санын жана мүнөзүн; 

2) экономиканын мудараба депозиттери жайгаштырылган багыттарын же секторун;  

3) пайданы бөлүштүрүү, чыгашаны таануу жана кам түзүү үчүн пайдаланылган тартип, ошондой эле алардын негизги компоненттери тууралуу кыскача маалымат; 

4) мудариб банктын үлүшүөлүштүрүлүүчү кирешенин өлчөмү жана пайызы); 

5) мудариб банктын таза пайдасынан аманатчыларга хиба катары өткөрүлүп берилген үлүшүнүн суммасы жана пайызы (эгер болсо)

6) жыл ичинде аманатчылар ортосунда бөлүштүрүлүүчү пайданын нормасына салыштырганда пайданын (кирешелүүлүктүн) алынган нормасы.  

40. Банктын расмий интернет-сайтында жана башкы офисинде, филиалында (филиалдарында)/сактык кассаларында жарыя тактада маалыматты ачып көрсөтүү

1) банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептердин ар бир категориясында (мудариб) тиешелүү мезгилдеги жана мурдагы эки мезгилдеги банктын үлүшүнүн пайызы; 

2) тиешелүү мезгил жана мурдагы эки мезгил ичинде банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептердин ар бир категориясы үчүн кошумча төлөмдөр; 

3) акыркы эки жыл ичинде банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептердин ар бир категориясы боюнча ай сайын бөлүштүрүлгөн айкын пайда/чыгым; 

4) алынган пайданы теңдештирүүгө камдардын жана инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга камдын өлчөмдөрү (эгер болсо). 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  Улуттук банк Башкармасынын 

“Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык 

банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) 

эсептери боюнча пайданы/чыгымды бөлүштүрүү 

боюнча нускоого” карата 1-тиркеме