Кайта келүү

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына 

эл аралык төлөм системаларын каттоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтом долбооруна карата 

(Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине,  

«Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого) 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына эл аралык төлөм системаларын каттоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары  токтом долбоору) банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системаларынын операторлорун жана акча которуу системаларынын операторлорун колдонуудагы каттоо тартибин, ошондой эле банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системаларынын операторлорунун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары  Улуттук банк) каттоосун жокко чыгарууну тактоо максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн иштелип чыккан. 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Токтом долбоору менен Улуттук банктын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилет: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна. 

- Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого (мындан ары  Жобо) ылайык, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системалары (мындан ары  эл аралык төлөм системалары) Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Улуттук банкта каттоодон өтүүгө тийиш. Белгиленген субъектилерге Улуттук банкта каттоодон өтүүсүз эле Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барууга тыюу салынат. 

Аны менен бирге Жободо эл аралык төлөм системаларынын Улуттук банктагы каттоонун өтүүсүн, зарыл болгон учурларда, жокко чыгаруу боюнча тартип жана негиздер каралган эмес. 

Ушуга байланыштуу Жобого эл аралык төлөм системаларынын Улуттук банктагы каттоодон өтүүсүн жокко чыгаруу боюнча негиздер катары төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет: 

1) эл аралык төлөм системасынын жана/же анын операторунун түзүлгөн өлкөсүнүн финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан эл аралык төлөм карттардын процессинги жана аларды тейлөө боюнча ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна берилген каттоо/уруксат берүү жөнүндө документтери (лицензиялары/сертификаттары/ каттоо жөнүндө күбөлүктөрү ж.б.) кайтарылып алынган (жокко чыгарылган) учурда; 

2) эл аралык төлөм системасынын оператору тарабынан эл аралык төлөм системасын алардын реестринен чыгаруу жөнүндө өтүнүч кат же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында ишин токтоткондугу тууралуу жазуу жүзүндө башка билдирүү берилген учурда. 

Ошондой эле рыноктун катышуучулары тарабынан түшкөн сунуштарга ылайык, токтом долбоору менен Жободо каралган карт ээлеринин ПИН-кодун пайдаланбай байланышсыз төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн жалпы суммасы 30 (отуз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча колдонуудагы лимити алынып салууда. Киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, эмитент карт ээсине ПИН-кодду пайдалануусуз төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана эмитенттин ички контролдоо программасына ылайык, бир кардарга тобокелдик деңгээлинин критерийлерин эске алуу менен, карт ээлери үчүн ички эрежелерде жана жол-жоболордо белгиленген лимиттер чегинде байланышсыз төлөмдөрдү өткөрүүгө уруксат берүүгө укуктуу болот. 

Техникалык тараптан ишке ашыруу үчүн, банктын агенти аркылуу акча каражаттарын банктык төлөм картынан нак акчага айландыруу лимити күнүнө агентте орнотулган бир жабдуу (POS-терминал) боюнча бир төлөм карты үчүн 150 (жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш тууралуу Жобонун 15-1-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. 

Ошондой эле Жобого каттоодон өткөрүүдөн баш тартуу үчүн негиздерди, чет өлкөлөрдүн каттоо/ уруксат берүүчү документтеринин айырмачылыктарынан жана өзгөчөлүктөрүнөн улам сунушталуучу документтер тизмесин, колдонулган терминдерин тактоого, ошондой эле төлөм системаларынын операторлорун лицензиялоо/ каттоо боюнча ар түрдүү жол-жоболорго ылайык, Улуттук банкка сунушталуучу документтерди тариздөөгө карата бирдей талаптарды ж.б. белгилөөгө багытталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. Ушундай эле өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине киргизилет. 

3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

4. Коомдук талкуулоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунан тышкары, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын түздөн-түз камтыган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем чыгаруучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкууга коюлууга тийиш

Жогоруда белгиленген Мыйзамдын 23-беренесине ылайык, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоодон өткөрүү мөөнөтү, ал жеткис күч орун алган жагдайлар шарттарында жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кошпогондо, бир айдан кем эмес

Долбоор боюнча материалдар Улуттук банк Башкармасынын маалымат отурумунун жыйынтыгы боюнча коомдук талкууга сунуштоо максатында Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырылат. 

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишин талдап-иликтөө 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Токтом долбоорун кабыл алуу кошумча каржылоону талап кылбайт, аны менен бирге кызыктар болгон субъектилер тарабынын финансылык сарптоолорго алып келбейт. 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү жөнүндө маалымат 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесине ылайык, ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү, ал жеткис күч орун алган жагдайлар шарттарында ишкердик иш-аракетти жөнгө салуу учурларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикага ылайык жүргүзүлөт. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 241 «Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча кырдаал ал жеткис күч орун алган жагдай деп таанылган. 

Аны менен бирге, токтом долбоорунда сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнгө салынуучу субъектилердин укуктарын чектебейт жана аларга жаңы милдеттенмелерди белгилебейт. Ошондой эле субъектилердин ишкердик иш-аракеттерине терс таасир көрсөтпөйт. 

Жогоруда айтылгандардын негизинде токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн эмес. 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына 

эл аралык төлөм системаларын каттоо маселелери боюнча  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялагандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «KG (КЕЙ ЖИ) төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өткөн банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системаларынын операторлорун жана акча которуу системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын «___» ____________ 

№ ___________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына 

эл аралык төлөм системаларын каттоо маселелери боюнча өзгөртүүлөр 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелердин: 

- 1.6-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык чекене агенттер менен акча которуу системалары аркылуу акча которуу жагында калкка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо келишимин/макулдашууну түзүшү мүмкүн.»; 

- 3.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.1. Оператор (Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси) Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн Улуттук банкта каттоодон өтүүгө тийиш. Акча которуулар системасынын операторлоруна Улуттук банктан каттоодон өтүүсүз Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барууга тыюу салынат. 

Оператор каттоодон өтүү үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтердин түп нускасын же талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн (эгерде ушул Жободо же Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында башкасы каралбаса, кагаз түрүндө) сунуштоого тийиш: 

1) акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн каттоодон өтүүгө төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен өтүнүч катты: 

- акча которуу системасынын аталышы; 

- акча которуу системасынын операторунун жана ал жайгашкан өлкөсүнүн аталышы; 

- оператордун юридикалык жана жайгашкан дареги тууралуу маалыматтар; 

- эгерде оператор кредиттик уюм болуп саналбаса, оператордун эсептешүү банкынын аталышы; 

2) юридикалык жактын юридикалык статусун жана жайгашкан өлкөсүн тастыктаган мамлекеттик/эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн жана/же башка документинин көчүрмөсү

3) жайгашкан өлкөнүн салык органында каттоого тургандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү

4) жайгашкан өлкөнүн финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, акча которууларды жүзөгө ашыруу укугун тастыктаган акча которуу системасынын операторунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн лицензияларынын/сертификаттарынын жана башка документтердин көчүрмөсү, же болбосо жайгашкан өлкөнүн мыйзамдары боюнча (колдонулган учурда) ошол органдын/юридикалык компаниянын мындай уруксат берүү/тастыктоо талап кылынбай тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү тастыктоосу (иштин лицензиялануучу/жөнгө салынуучу түрү болуп саналбайт); 

5) системанын акча которуу системаларынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген эрежелери; 

6) системанын катышуучулары менен түзүлгөн типтүү келишим, эгер болсо. 

Акча которуу системасы банкка таандык болгон учурда, тиешелүү өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан банктык операцияларды жүзөгө ашырууга берилген лицензиясынын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү Улуттук банкка кошумча берилет.»; 

- Эрежелер төмөнкү мазмундагы 3.1-1, 3.1-2, 3.1-3 жана 3.1-4-пунктчалар менен толукталсын: 

«3.1-1. Акча которуу системасынын оператору-резидент эмес тарабынан каттоо үчүн берилген чет мамлекеттердин расмий документтери белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса. 

Чет тилинде түзүлгөн документтерде талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилдерине котормосу болууга тийиш. 

Бирден ашык барактан турган документтердин түп нускасынын ар бир барагына номер, кол коюлууга, көктөлүүгө жана талаптагыдай күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

Документтер Улуттук банктын талабы боюнча электрондук түрдө сунушталууга тийиш. 

Акча которуу системасынын операторлору тарабынан Улуттук банкка сунушталган документтер кайтарылбайт. 

3.1-2. Улуттук банк оператордон каттоодон өткөрүү жөнүндө өтүнүч кат жана каттоодон өтүү үчүн документтер Улуттук банкка түшкөн күндөн тартып, 15 (он беш) календардык күндөн ашпаган мөөнөт ичинде ушул акча которуу системасынын операторун каттоодон өткөрүү же баш тартуу чечимин кабыл алат. 

Документтерди кароо мөөнөтүнө оператордун документтерди жеткире иштеп чыгууга кеткен убактысы камтылбайт. Эгерде сунушталган документтер Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга жооп бербесе, документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын талаптарын канааттандырган документтер кабыл алынган күндөн тартып башталат. 

Каттоодон өткөрүү жөнүндө оң чечим кабыл алынган шартта, Улуттук банк акча которуу системасынын операторуна каттоо номерин ыйгарып, ал тууралуу маалыматтарды Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган операторлор реестрине (мындан ары  акча которуу системасынын операторлор реестри) чагылдырат жана операторго каттоодон өткөндүгү тууралуу кат түрүндө билдирүү жөнөтөт. Билдирүүдө ыйгарылган каттоо номери көрсөтүлөт. Акча которуу системасынын операторлорунун реестрин жүргүзүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

3.1-3. Документтер белгиленген талаптарга ылайык келбесе жана/же документтер топтому толук сунушталбаса, алар толук иштелип чыгуу үчүн кайра кайтарылат. Сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтер оператор жеткире иштеп чыгууга алган күндөн тартып, 10 (он) календардык күндөн ашпаган мөөнөттө Улуттук банкка сунушталууга тийиш. Көрсөтүлгөн документтер алдын ала электрондук түрдө сунушталып, кагаз жүзүндөгү түп нускасы милдеттүү түрдө жөнөтүлөт. 

Ушул эрежелердин талаптарына жооп бербеген же толук эмес көлөмдө сунушталган документтер экиден көп жолу тапшырылган болсо, Улуттук банк акча которуу системасынын операторун каттоодон өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу. Мында баш тартуунун себебин көрсөтүү менен кат түрүндөгү тиешелүү билдирүү жөнөтүлөт. 

3.1-4. Акча которуу системасынын оператору аны каттоо учурунда көрсөтүлгөн кандай болбосун маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү. Улуттук банк сунушталган маалыматтардын негизинде, зарылчылыгына жараша, 3 (үч) жумуш күнү ичинде акча которуу системасынын операторлор реестрине тиешелүү жазууну киргизет. 

Акча которуу системасынын оператору Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы тейлөөлөрдү/продукттарды/кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу (өркүндөтүү) баскычында ал тууралуу алдын ала Улуттук банкка маалымдоого жана системада өзгөртүүлөрдүн/толуктоолордун киргизилишин болжолдогон, жаңыдан иштелип чыгып жаткан тейлөөлөрдү/продукттарды/кызмат көрсөтүүлөрдү чагылдырган толук маалыматты кошо тиркөө менен билдирүү жөнөтүүгө жана республика аймагында системанын жаңы тейлөөлөрдү/продукттарды/кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга Улуттук банктан уруксат алууга тийиш.»; 

- 3.2-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.2-1. Улуттук банк төмөнкү учурларда эл аралык акча которуу системасынын операторунун каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарат жана акча которуу системасынын операторлор реестрине тиешелүү жазууну киргизет: 

1) оператор-резидент эместин уруксат берүү жөнүндө документтери жана жайгашкан өлкөнүн финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан акча которуу системаларынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна берилген лицензиясы/сертификаты/каттоо жөнүндө күбөлүгү кайтарылып алынган/жокко чыгарылган учурда

2) эл аралык акча которуу системасынын оператору тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасынын операторунун ишин токтотуу жөнүндө өтүнүч кат берилген учурда. 

Улуттук банк эл аралык акча которуу системасынын операторуна жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына каттоо жокко чыгарылгандыгы тууралуу кат түрүндө билдирет жана бул боюнча маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтына жайгаштырат. 

Эл аралык акча которуу системасынын оператору, Улуттук банк аны тиешелүү реестрден чыгарып салган жана бул тууралуу маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтында жайгаштырган күндөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү токтотууга тийиш.»; 

- Эрежелер төмөнкү мазмундагы 3.7-1-пункт менен толукталсын: 

«3.7-1. Жөнөтүүчү тарабынан көрсөтүлгөн банктык эсепке жана/же банктык төлөм картына акча которууну чегерүү аркылуу эсеп ачуусуз акча которууда, оператор, локалдык акча которуу системаларынын операторунан тышкары, ушул Эрежелердин 3.7-пунктунун талаптарын аткарууга тийиш.». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун: 

- 5-пунктунун: 

сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банкомат  нак акча каражаттарын берүү жана/же кабыл алуу, картты пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү жана ишке ашырылган транзакциялар боюнча маалымат алуу үчүн каралган аппараттык-программалык комплекс. Банкомат банктык жабдуу болуп саналат жана карт ээсине коммерциялык банктын ыйгарым укуктуу кызматкерин катыштыруусуз эле, картты пайдалануу менен операцияларды өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.»; 

жыйырма сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«POS (point-of-sale)-терминал  соода-тейлөө ишканасында банктык төлөм карттары, электрондук капчык жана/же аралыктан тейлөөнүн башка инструменттери аркылуу операцияларды ишке ашыруу, ага кошо банктык карттардан нак акча каражаттарын берүү үчүн орнотулган аппараттык-программалык комплекс.»; 

- 15-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15-1. Банктын агенти аркылуу акча каражаттарын банктык төлөм картынан нак акчага айландыруу лимити күнүнө агентте орнотулган бир жабдуу (POS-терминал) боюнча бир төлөм карты үчүн 150 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.»; 

- 33-пунктунун он төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эмитент карт ээсине ПИН-кодду пайдалануусуз төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана эмитенттин ички контролдоо программасына ылайык, бир кардарга тобокелдик деңгээлинин критерийлерин эске алуу менен, карт ээлери үчүн ички эрежелерде жана жол-жоболордо белгиленген лимиттер чегинде байланышсыз төлөмдөрдү өткөрүүгө уруксат берүүгө укуктуу. Мында, бул транзакциялар үчүн жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт.»; 

- 9-главасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9-глава. Эл аралык төлөм системаларына/эл аралык төлөм системаларынын операторлоруна карата талаптар 

59. Банктык төлөм карттар менен эсептешүүлөр боюнча улуттук жана локалдык төлөм системаларынын оператору Кыргыз Республикасынын резидентинен болууга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын, аталган процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аны берүү (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүү жагында иш алып барууга Улуттук банктын лицензиясына ээ болууга тийиш. Лицензияны алуу тартиби жана банктарга карата негизги талаптар ушул жобонун 11-главасында, төлөм системаларынын башка операторлору үчүн  Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген. 

60. Эл аралык төлөм системасы Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарын пайдалануу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн Улуттук банкта каттоодон өтүүгө тийиш. Эл аралык төлөм системасына Улуттук банкта каттоодон өтүүсүз Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барууга тыюу салынат. 

61. Эл аралык төлөм системасын каттоо үчүн эл аралык төлөм системасынын оператору Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) төмөнкү маалыматтар көрсөтүлгөн эл аралык төлөм системасын каттоодон өткөрүү жөнүндө өтүнүч кат: 

- эл аралык төлөм системасынын аталышы; 

- эл аралык төлөм системасынын операторунун аталышы (эгер болсо) жана оператордун юридикалык жана жайгашкан дареги жөнүндө маалыматтар; 

2) юридикалык жактын юридикалык статусун жана түзүлгөн өлкөсүн тастыктаган мамлекеттик/эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн жана/же башка документинин көчүрмөсү

3) эл аралык төлөм системасынын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн, талап кылынган шартта, түзүлгөн өлкөсүнүн финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан эл аралык төлөм карттардын процессинги жана аларды тейлөө боюнча ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна берилген лицензияларынын/ сертификаттарынын же башка документтердин көчүрмөсү, же болбосо ошол органдын/юридикалык компаниянын жайгашкан өлкөнүн мыйзамы боюнча мындай уруксат берүү/тастыктоо талап кылынбай тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү тастыктоосу (иштин лицензиялануучу/жөнгө салынуучу түрү болуп саналбайт); 

4) системанын катышуучулары менен түзүлгөн типтүү келишим. 

Эл аралык төлөм системасы жана/же анын оператору да эл аралык төлөм системаларынын эрежелеринен жана тарифтеринен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш. 

62. Улуттук банкка сунушталуучу документтер, эгерде ушул Жободо же Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында башкасы каралбаса, ушул главанын талаптарына ылайык, кагаз түрүндө берилүүгө тийиш. 

Зарылчылык келип чыккан учурда, Улуттук банктын талабы боюнча, айрым документтер электрондук түрдө берилүүгө тийиш. 

Бирден ашык барактан турган документтердин түп нускасынын ар бир барагына номер, кол коюлууга, көктөлүүгө жана талаптагыдай күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

Документтердин көчүрмөсү талаптагыдай күбөлөндүрүлүүсү зарыл. 

Чет мамлекеттердин расмий документтери белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса. 

Чет тилинде түзүлгөн документтерде талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилдерине котормосу болууга тийиш. 

63. Эл аралык төлөм системасын каттоодон өткөрүү жөнүндө өтүнүч катты кароо мөөнөтү 15 (он беш) календардык күндү түзөт. 

Эгерде сунушталган документтер Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга жооп бербесе, документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын талаптарын канааттандырган документтер кабыл алынган күндөн тартып башталат. 

63-1. Документтер белгиленген талаптарга ылайык келбесе жана/же документтер топтому толук берилбесе, алар жеткире иштеп чыгууга кайтарылат. Сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтер эл аралык төлөм системасы/эл аралык төлөм системасынын оператору тарабынан жеткире иштеп чыгууга алынган күндөн тартып, 10 (он) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө берилүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн документтер алдын ала электрондук түрдө сунушталып, кагаз жүзүндөгү түп нускасы милдеттүү түрдө жөнөтүлөт. 

63-2. Бул жобонун талаптарына ылайык келбеген жана/же толук эмес документтер топтому экиден көп жолу сунушталган учурда, ошондой эле эл аралык төлөм системасынын эрежелеринен жана тарифтеринен пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилбеген/болбогон шартта, Улуттук банк эл аралык төлөм системасын каттоодон өткөртүүдөн баш тартууга укуктуу. Мында баш тартуунун себебин көрсөтүү менен, кат түрүндөгү тиешелүү билдирүү жөнөтүлөт. 

64. Өтүнүч катты кароонун жыйынтыгында каттоодон өткөрүү жөнүндө оң чечим кабыл алынган учурда, Улуттук банк эл аралык төлөм системасына каттоо номерин ыйгарып, ал тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн эл аралык төлөм системаларынын реестрине (мындан ары эл аралык төлөм системаларынын реестри) киргизет жана каттоодон өткөндүгү тууралуу кат түрүндө билдирүүнү эл аралык төлөм системасына/ эл аралык төлөм системасынын операторуна жөнөтөт. Билдирүүдө ыйгарылган каттоо номери көрсөтүлөт. 

Эл аралык төлөм системаларынын реестрине киргизүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

65. Эл аралык төлөм системасы/ эл аралык төлөм системасынын оператору эл аралык төлөм системасын каттоодо көрсөтүлгөн кайсы болбосун маалыматтардын өзгөрүшү тууралуу өзгөртүүлөр кирген учурдан тартып 3 (үч) жумуш күн ичинде кат жүзүндө Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү. Улуттук банк сунушталган маалыматтын негизинде, зарылчылыгына жараша, эл аралык төлөм системаларынын реестрине 3 (үч) жумуш күн ичинде тиешелүү жазууну киргизет. 

66. Эл аралык төлөм системалары/ эл аралык төлөм системаларынын операторлору тарабынан Улуттук банкка сунушталган документтер кайтарылбайт. 

67. Эл аралык төлөм системасы/ анын оператору каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийин Улуттук банк үчүн системанын документтерине (эрежелерге, колдонуудагы тарифтерге, типтүү келишимдерге, катышуу үчүн талаптарга, жаңылыктарга, отчетторго ж.б.у.с.), анын ичинде өз сайттарына туруктуу негизде кирүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоого тийиш. 

67-1. Улуттук банк төмөнкү учурларда эл аралык төлөм системасынын каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарат жана эл аралык төлөм системаларынын реестрине тиешелүү жазууну киргизет: 

1) эл аралык төлөм системасынын жана/же анын операторунун түзүлгөн өлкөсүнүн финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан эл аралык төлөм карттардын процессинги жана аларды тейлөө боюнча ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна берилген каттоо/уруксат берүү жөнүндө документтери (лицензиялары/сертификаттары/ каттоо жөнүндө күбөлүктөрү ж.б.) кайтарылып алынган (жокко чыгарылган) учурда; 

2) эл аралык төлөм системасынын оператору тарабынан эл аралык төлөм системасын алардын реестринен чыгаруу жөнүндө өтүнүч кат же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында ишин токтоткондугу тууралуу жазуу жүзүндө башка билдирүү берилген учурда. 

Улуттук банк эл аралык төлөм системасынын операторуна жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына каттоо жокко чыгарылгандыгы тууралуу кат түрүндө билдирет жана бул боюнча маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтына жайгаштырат. 

Эл аралык төлөм системасы жана анын оператору, Улуттук банк эл аралык төлөм системасын тиешелүү реестрден чыгарып салган жана бул тууралуу маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтында жайгаштырган күндөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарын пайдалануу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү токтотууга тийиш.». 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына эл аралык төлөм системаларын каттоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

(Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине, «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого) 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ 

№ 

Колдонуудагы редакциясы 

Сунушталаган редакциясы 

Эскертүү 

I. 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген 

Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу 

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

1. Жалпы жоболор 

1.  

1.6. Банк, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык банк эмес финансы-кредит мекемелери жана банк эмес уюмдар менен акча которуу системалары аркылуу каражаттарды которуу жагында калкка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо келишимин (агенттик келишимди) түзүшү мүмкүн. Мында, акча которуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу жоопкерчилиги банкка жүктөлөт. 

1.6. Банк Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык чекене агенттер менен акча которуу системалары аркылуу акча которуу жагында калкка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо келишимин/макулдашууну түзүшү мүмкүн. Мында, акча которуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу жоопкерчилиги банкка жүктөлөт. 

3. Операторго карата талаптар 

2.  

3.1. Оператор (Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси) Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн Улуттук банкта каттоодон өтүүгө тийиш. Акча которуулар системасынын операторлоруна Улуттук банктан каттоодон өтүүсүз Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барууга тыюу салынат. 

Оператор каттоодон өтүү үчүн Улуттук банкка төмөнкү маалыматтарды камтыган документтердин түп нускасын же талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөлөрүн сунуштоого тийиш: 

- акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн каттоодон өтүүгө төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен өтүнүч катты: 

акча которуу системасынын аталышы; 

акча которуу системасынын операторунун жана ал түзүлгөн өлкөнүн аталышы; 

оператордун дареги (жайгашкан орду) тууралуу маалыматтар; 

эгерде оператор кредиттик уюм болуп саналбаса, оператордун эсептешүү банкынын аталышы; 

- тиешелүү өлкөнүн юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген, юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүк; 

- тиешелүү өлкөнүн салык органында эсепке алынгандыгын тастыктаган күбөлүк; 

- түзүлгөн өлкөнүн финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан акча каражаттарын которууну жүзөгө ашыруу укугуна берилген акча которуулар системасынын операторунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү, лицензиясы/сертификаты же болбосо түзүлгөн өлкөнүн финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органынын ошол өлкөнүн улуттук мыйзамдарына ылайык акча которуулар системасынын операторунун мындай документтерге ээ болуусу милдеттүү эмес экендигинин тастыктамасы; 

- акча которуу системаларынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген системанын эрежелери; 

- системанын катышуучулары менен түзүлгөн типтүү келишимдер, эгерде болгон болсо. 

Эгерде акча которуу системасы банкка таандык болсо, Улуттук банкка буларга кошумча төмөнкү документтердин тиешелүү негизде таризделинген көчүрмөлөрү сунушталууга тийиш тиешелүү өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан банктык операцияларды жүзөгө ашырууга берилген лицензия. 

- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 2018-П-14/37-3-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

Бирден көп барактан турган документтин түп нускасынын ар бири бетинин мазмуну кыскача баяндалып, көктөлүп, номерленип, ага кол тамга коюлуп тиешелүү негизде күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Акча которуу системасынын оператору - резидент эмес тарабынан сунушталган документтер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш. 

Улуттук банктын талабы боюнча документтер электрондук формада берилиши зарыл. 

Оператордун каттоодон өтүүгө өтүнүч каты жана каттоодон өтүү үчүн талап кылынган документтер Улуттук банкка келип түшкөндөн кийинки 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө Улуттук банк төлөм системасынын ошол операторун каттоодон өткөрүү же андан баш тартуу чечимин кабыл алууга тийиш. Документтерди кароо мөөнөтүнө оператордун документтерди жеткире иштеп чыгууга кеткен убактысы камтылбайт. Документтерди кароо мөөнөтү коюлган талаптарга жооп берген документтер Улуттук банкка келип түшкөн күндөн тартып эсептелет. 

Каттоодон өткөрүү чечими кабыл алынган шартта Улуттук банк акча которуу системасынын операторуна каттоо номерин ыйгарып, ал тууралуу маалыматтарды Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган операторлор реестрине чагылдырат жана чечим кабыл алынгандан кийинки 7 календардык күндөн кечиктирбестен ага каттоодон өткөндүгү тууралуу кат жөнөтөт. Акча которуу системасынын операторлорунун реестрин жүргүзүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

Документтер белгиленген талаптарга ылайык келбесе жана/же документтер топтому толук сунушталбаса алар толук иштелип чыгуу үчүн кайра кайтарылат. Акча которуу системасынын оператору айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтерди 10 календардык күндөн кечиктирбестен Улуттук банкка сунуштоого тийиш. Акча которуулар системасынын оператору 10 (он) календардык күндөн ашпаган мөөнөт ичинде түп нускасын кийин жөнөтүү менен сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтерди Улуттук банкка электрондук түрдө (сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсүн) берүүгө тийиш. 

Акча которуу системасынын оператору аны каттоо учурунда көрсөтүлгөн кандай болбосун маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка ал тууралуу кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү. Улуттук банк сунушталган маалыматтардын негизинде 3 жумуш күнү ичинде акча которуу системасынын операторлор реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш. 

Акча которуу системасынын оператору Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы тейлөөлөрдү/продукттарды/кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу (өркүндөтүү) баскычында ал тууралуу алдын ала Улуттук банкка маалымдоого жана системада өзгөртүүлөрдүн/толуктоолордун киргизилишин болжолдогон, жаңыдан иштелип чыккан тейлөөлөр/продукттар/кызмат көрсөтүүлөрдү чагылдырган кылдат материалдарды кошо тиркөө менен республика аймагында системанын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга Улуттук банктан уруксат алууга билдирме жөнөтүүгө тийиш. 

Акча которуу системаларынын операторлору тарабынан Улуттук банкка жөнөтүлгөн документтер кайтарылып берилбейт. 

3.1. Оператор (Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси) Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн Улуттук банкта каттоодон өтүүгө тийиш. Акча которуулар системасынын операторлоруна Улуттук банктан каттоодон өтүүсүз Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барууга тыюу салынат. 

Оператор каттоодон өтүү үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтердин түп нускасын же талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн (эгерде ушул Жободо же Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында башкасы каралбаса, кагаз түрүндө) сунуштоого тийиш: 

1) акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн каттоодон өтүүгө төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен өтүнүч катты: 

- акча которуу системасынын аталышы; 

- акча которуу системасынын операторунун жана ал жайгашкан өлкөсүнүн аталышы; 

- оператордун юридикалык жана жайгашкан дареги тууралуу маалыматтар; 

- эгерде оператор кредиттик уюм болуп саналбаса, оператордун эсептешүү банкынын аталышы; 

2) юридикалык жактын юридикалык статусун жана жайгашкан өлкөсүн тастыктаган мамлекеттик/эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн жана/же башка документинин көчүрмөсү

3) жайгашкан өлкөнүн салык органында каттоого тургандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү

4) жайгашкан өлкөнүн финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, акча которууларды жүзөгө ашыруу укугун тастыктаган акча которуу системасынын операторунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн лицензияларынын/сертификаттарынын жана башка документтердин көчүрмөсү, же болбосо жайгашкан өлкөнүн мыйзамдары боюнча (колдонулган учурда) ошол органдын/юридикалык компаниянын мындай уруксат берүү/тастыктоо талап кылынбай тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү тастыктоосу (иштин лицензиялануучу/жөнгө салынуучу түрү болуп саналбайт); 

5) системанын акча которуу системаларынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген эрежелери; 

6) системанын катышуучулары менен түзүлгөн типтүү келишим, эгер болсо. 

Акча которуу системасы банкка таандык болгон учурда, тиешелүү өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан банктык операцияларды жүзөгө ашырууга берилген лицензиясынын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү Улуттук банкка кошумча берилет. 

3.1-1. Акча которуу системасынын оператору-резидент эмес тарабынан каттоо үчүн берилген чет мамлекеттердин расмий документтери белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса. 

Чет тилинде түзүлгөн документтерде талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилдерине котормосу болууга тийиш. 

Бирден ашык барактан турган документтердин түп нускасынын ар бир барагына номер, кол коюлууга, көктөлүүгө жана талаптагыдай күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

Документтер Улуттук банктын талабы боюнча электрондук түрдө сунушталууга тийиш. 

Акча которуу системасынын операторлору тарабынан Улуттук банкка сунушталган документтер кайтарылбайт. 

3.1-2. Улуттук банк оператордон каттоодон өткөрүү жөнүндө өтүнүч кат жана каттоодон өтүү үчүн документтер Улуттук банкка түшкөн күндөн тартып, 15 (он беш) календардык күндөн ашпаган мөөнөт ичинде ушул акча которуу системасынын операторун каттоодон өткөрүү же баш тартуу чечимин кабыл алат. 

Документтерди кароо мөөнөтүнө оператордун документтерди жеткире иштеп чыгууга кеткен убактысы камтылбайт. Эгерде сунушталган документтер Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга жооп бербесе, документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын талаптарын канааттандырган документтер кабыл алынган күндөн тартып башталат. 

Каттоодон өткөрүү жөнүндө оң чечим кабыл алынган шартта, Улуттук банк акча которуу системасынын операторуна каттоо номерин ыйгарып, ал тууралуу маалыматтарды Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган операторлор реестрине (мындан ары - акча которуу системасынын операторлор реестри) чагылдырат жана операторго каттоодон өткөндүгү тууралуу кат түрүндө билдирүү жөнөтөт. Билдирүүдө ыйгарылган каттоо номери көрсөтүлөт. Акча которуу системасынын операторлорунун реестрин жүргүзүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

3.1-3. Документтер белгиленген талаптарга ылайык келбесе жана/же документтер топтому толук сунушталбаса, алар толук иштелип чыгуу үчүн кайра кайтарылат. Сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтер оператор жеткире иштеп чыгууга алган күндөн тартып, 10 (он) календардык күндөн ашпаган мөөнөттө Улуттук банкка сунушталууга тийиш. Көрсөтүлгөн документтер алдын ала электрондук түрдө сунушталып, кагаз жүзүндөгү түп нускасы милдеттүү түрдө жөнөтүлөт. 

Ушул эрежелердин талаптарына жооп бербеген же толук эмес көлөмдө сунушталган документтер экиден көп жолу тапшырылган болсо, Улуттук банк акча которуу системасынын операторун каттоодон өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу. Мында баш тартуунун себебин көрсөтүү менен кат түрүндөгү тиешелүү билдирүү жөнөтүлөт. 

3.1-4. Акча которуу системасынын оператору аны каттоо учурунда көрсөтүлгөн кандай болбосун маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү. Улуттук банк сунушталган маалыматтардын негизинде, зарылчылыгына жараша, 3 (үч) жумуш күнү ичинде акча которуу системасынын операторлор реестрине тиешелүү жазууну киргизет. 

Акча которуу системасынын оператору Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы тейлөөлөрдү/продукттарды/кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу (өркүндөтүү) баскычында ал тууралуу алдын ала Улуттук банкка маалымдоого жана системада өзгөртүүлөрдүн/толуктоолордун киргизилишин болжолдогон, жаңыдан иштелип чыгып жаткан тейлөөлөрдү/продукттарды/кызмат көрсөтүүлөрдү чагылдырган толук маалыматты кошо тиркөө менен билдирүү жөнөтүүгө жана республика аймагында системанын жаңы тейлөөлөрдү/продукттарды/кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга Улуттук банктан уруксат алууга тийиш. 

Төлөм системаларынын операторлорун ар түрдүү лицензиялоо/каттоо процесстеринде Улуттук банкка сунуштоочу документтерине карата бирдегидей талаптарды коюу максатында. 

3.  

3.2-1. Улуттук банк эл аралык акча которуу системасынын каттоодон өткөн операторун төмөнкү учурларда жокко чыгарат: 

- резидент эмес оператордун уруксат берүүчү документи, ал түзүлгөн өлкөнүн мындай ишти лицензиялаган/жөнгө салган ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, акча которуу системаларынын ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы/сертификаты/каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү кайтарылып алынса/жокко чыгарылса; 

- эл аралык акча которуу системасынын оператору Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасынын операторунун ишин токтотуу жөнүндө өтүнүч кат сунуштаган учурда. 

Улуттук банк эл аралык төлөм системаларынын реестрине өзгөртүүлөрдү киргизет жана эл аралык акча которуу системаларынын операторунун каттоодон өткөндүгү жокко чыгарылгандыгы жөнүндө маалыматты расмий интернет сайтта жайгаштырат. 

3.2-1. Улуттук банк төмөнкү учурларда эл аралык акча которуу системасынын операторунун каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарат жана акча которуу системасынын операторлор реестрине тиешелүү жазууну киргизет

1) оператор-резидент эместин уруксат берүү жөнүндө документтери жана жайгашкан өлкөнүн финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан акча которуу системаларынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна берилген лицензиясы/сертификаты/каттоо жөнүндө күбөлүгү кайтарылып алынган/жокко чыгарылган учурда; 

2) эл аралык акча которуу системасынын оператору тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасынын операторунун ишин токтотуу жөнүндө өтүнүч кат берилген учурда. 

Улуттук банк эл аралык акча которуу системасынын операторуна жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына каттоо жокко чыгарылгандыгы тууралуу кат түрүндө билдирет жана бул боюнча маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтына жайгаштырат. 

Эл аралык акча которуу системасынын оператору, Улуттук банк аны тиешелүү реестрден чыгарып салган жана бул тууралуу маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтында жайгаштырган күндөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү токтотууга тийиш. 

Тактоо өзгөртүүлөр 

4.  

... 

3.7-1. Жөнөтүүчү тарабынан көрсөтүлгөн банктык эсепке жана/же банктык төлөм картына акча которууну чегерүү аркылуу эсеп ачуусуз акча которууда, оператор, локалдык акча которуу системаларынын операторунан тышкары, ушул Эрежелердин 3.7-пунктунун талаптарын аткарууга тийиш. 

Колдонуудагы ченемди туура түшүнүү үчүн тактоочу ченем. 

II. 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 токтому менен бекитилген 

«Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» 

ЖОБО 

2-глава. Терминдер жана аныктамалар 

5. 

5. Бул жободо төмонкү терминдер жана аныктамалар колдонулган: 

… 

Банкомат - нак акча каражаттарын берүү жана/же кабыл алуу, картка акча каражаттары жөнүндө маалыматты жазуу, карт ээсинин ишке ашырылган транзакциялар боюнча маалыматтарды алуусу, нак эмес төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу жана ишке ашырылган транзакциялардын бардык түрү боюнча карт-чектерин берүү үчүн каралган аппараттык-программалык комплекс. Банкомат банктык жабдуу болуп саналат жана картты пайдалануу менен операцияларды коммерциялык банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин катышуусуз эле, өз алдынча жүргүзүүгө карт ээсине мүмкүнчүлүк берет. 

... 

POS (point-of-sale) терминал - терминал - соода-тейлөө ишканасында төлөм карттары, электрондук капчык жана/же аралыктан тейлөөнүн башка инструменттери аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, ошондой эле банктык карттардан нак акча каражаттарын берүү үчүн орнотулган банктык жабдуу

5. Бул жободо төмонкү терминдер жана аныктамалар колдонулган: 

… 

Банкомат  нак акча каражаттарын берүү жана/же кабыл алуу, картты пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү жана ишке ашырылган транзакциялар боюнча маалымат алуу үчүн каралган аппараттык-программалык комплекс. Банкомат банктык жабдуу болуп саналат жана карт ээсине коммерциялык банктын ыйгарым укуктуу кызматкерин катыштыруусуз эле, картты пайдалануу менен операцияларды өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. 

... 

POS (point-of-sale)-терминал  соода-тейлөө ишканасында банктык төлөм карттары, электрондук капчык жана/же аралыктан тейлөөнүн башка инструменттери аркылуу операцияларды ишке ашыруу, ага кошо банктык карттардан нак акча каражаттарын берүү үчүн орнотулган аппараттык-программалык комплекс

Тактоо өзгөртүүлөр 

3-глава. Карттарды пайдалануу менен төлөмдөрдү өткөрүү тартиби 

6. 

15-1. Банктын агенти аркылуу акча каражаттарын банктык төлөм карттары аркылуу нак акчага айландыруу лимиттери 150 эсептик көрсөткүчтөн күн ичинде бир карт ээсинен ашпоого тийиш. 

15-1. Банктын агенти аркылуу акча каражаттарын банктык төлөм картынан нак акчага айландыруу лимити күнүнө агентте орнотулган бир жабдуу (POS-терминал) боюнча бир төлөм карты үчүн 150 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. 

5-глава. Банктык төлөм карттарды эмиссиялоо тартиби 

7. 

33. Картты берүү учурунда карттар боюнча сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй милдеттүү шарттары банктык эсеп келишиминде чагылдырылат: 

... 

Эмитент карт ээсинин бир транзакция үчүн жалпы суммасы 30 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган төлөмдөрдү жана байланышсыз төлөмдөрдү жүргүзүүнү эле өткөрүүгө уруксат берүүгө укуктуу. Мында, бул транзакциялар үчүн жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт. 

... 

33. Картты берүү учурунда карттар боюнча сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй милдеттүү шарттары банктык эсеп келишиминде чагылдырылат: 

... 

Эмитент карт ээсине ПИН-кодду пайдалануусуз төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана эмитенттин ички контролдоо программасына ылайык, бир кардарга тобокелдик деңгээлинин критерийлерин эске алуу менен, карт ээлери үчүн ички эрежелерде жана жол-жоболордо белгиленген лимиттер чегинде байланышсыз төлөмдөрдү өткөрүүгө уруксат берүүгө укуктуу. Мында, бул транзакциялар үчүн жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт. 

... 

9-глава. Операторго жана эл аралык төлөм системаларына карата талаптар 

9-глава. Эл аралык төлөм системаларына/эл аралык төлөм системаларынын операторлоруна карата талаптар 

8. 

61. Эл аралык төлөм системасы каттоодон өтүү үчүн Улуттук банкка каттоодон өткөртүү жөнүндө өтүнүч катты жана төмөнкүлөр камтылган документтер топтомун жөнөтүүсү зарыл: 

- эл аралык төлөм системасынын аталышы; 

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү

- эл аралык төлөм системасынын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, талап кылынган шартта орун алган өлкөнүн финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген эл аралык төлөм карттардын процессинги жана аларды тейлөө боюнча ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны/сертификатты; 

- системанын катышуучулары менен түзүлгөн типтүү келишим. 

Эл аралык төлөм системасы эл аралык төлөм системаларынын эрежелеринен жана тарифтеринен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш. 

61. Эл аралык төлөм системасын каттоо үчүн эл аралык төлөм системасынын оператору Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) төмөнкү маалыматтар көрсөтүлгөн эл аралык төлөм системасын каттоодон өткөрүү жөнүндө өтүнүч кат: 

- эл аралык төлөм системасынын аталышы; 

- эл аралык төлөм системасынын операторунун аталышы (эгер болсо) жана анын юридикалык жана жайгашкан дареги жөнүндө маалыматтар; 

2) юридикалык жактын юридикалык статусун жана түзүлгөн өлкөсүн тастыктаган мамлекеттик/эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн жана/же башка документинин көчүрмөсү

3) эл аралык төлөм системасынын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн, талап кылынган шартта, түзүлгөн өлкөсүнүн финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан эл аралык төлөм карттардын процессинги жана аларды тейлөө боюнча ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна берилген лицензияларынын/ сертификаттарынын же башка документтердин көчүрмөсү, же болбосо ошол органдын/юридикалык компаниянын жайгашкан өлкөнүн мыйзамы боюнча мындай уруксат берүү/тастыктоо талап кылынбай тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү тастыктоосу (иштин лицензиялануучу/жөнгө салынуучу түрү болуп саналбайт); 

4) системанын катышуучулары менен түзүлгөн типтүү келишим. 

Эл аралык төлөм системасы жана/же анын оператору да эл аралык төлөм системаларынын эрежелеринен жана тарифтеринен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш. 

Чет өлкөлөрдүн каттоо/ уруксат берүүчү документтеринин айырмачылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, сунуштоочу документтер тизмесин тактоо максатында. 

9. 

62. Зарылчылык келип чыккан учурда, Улуттук банктын талабы боюнча, айрым документтер электрондук түрдө берилүүгө тийиш. 

62. Улуттук банкка сунушталуучу документтер, эгерде ушул Жободо же Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында башкасы каралбаса, ушул главанын талаптарына ылайык, кагаз түрүндө берилүүгө тийиш. 

Зарылчылык келип чыккан учурда, Улуттук банктын талабы боюнча, айрым документтер электрондук түрдө берилүүгө тийиш. 

Бирден ашык барактан турган документтердин түп нускасынын ар бир барагына номер, кол коюлууга, көктөлүүгө жана талаптагыдай күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

Документтердин көчүрмөсү талаптагыдай күбөлөндүрүлүүсү зарыл. 

Чет мамлекеттердин расмий документтери белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш, эгерде Кыргыз Республикасы катышкан күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса. 

Чет мамлекеттердин расмий документтери белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса. 

Төлөм системаларынын операторлорун ар түрдүү лицензиялоо/каттоо процесстеринде Улуттук банкка сунуштоочу документтерине карата бирдегидей талаптарды коюу максатында. 

10. 

63. Эл аралык төлөм системасын каттоодон өткөртүүгө өтүнүч катты кароо мөөнөтү 15 календардык күндү түзөт. Эгерде сунушталган документтер Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга жооп бербесе, документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын талаптарын канааттандырган документтер кабыл алынган күндөн тартып башталат. Документтер белгиленген талаптарга ылайык келбесе жана документтер топтому толук берилбесе, алар жеткире иштеп чыгууга кайтарылат. Эл аралык төлөм системасы 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтерди Улуттук банкка сунуштоого тийиш. Бул жобонун талаптарына ылайык келбеген жана толук эмес документтер топтому экиден көп жолу сунушталган учурда, Улуттук банк эл аралык төлөм системасын каттоодон өткөртүүдөн баш тартууга укуктуу. 

63. Эл аралык төлөм системасын каттоодон өткөрүү жөнүндө өтүнүч катты кароо мөөнөтү 15 (он беш) календардык күндү түзөт. 

Эгерде сунушталган документтер Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга жооп бербесе, документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын талаптарын канааттандырган документтер кабыл алынган күндөн тартып башталат. 

63-1. Документтер белгиленген талаптарга ылайык келбесе жана/же документтер топтому толук берилбесе, алар жеткире иштеп чыгууга кайтарылат. Сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтер эл аралык төлөм системасы/эл аралык төлөм системасынын оператору тарабынан жеткире иштеп чыгууга алынган күндөн тартып, 10 (он) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө берилүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн документтер алдын ала электрондук түрдө сунушталып, кагаз жүзүндөгү түп нускасы милдеттүү түрдө жөнөтүлөт. 

63-2. Бул жобонун талаптарына ылайык келбеген жана/же толук эмес документтер топтому экиден көп жолу сунушталган учурда, ошондой эле эл аралык төлөм системасынын эрежелеринен жана тарифтеринен пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилбеген/болбогон шартта, Улуттук банк эл аралык төлөм системасын каттоодон өткөртүүдөн баш тартууга укуктуу. Мында баш тартуунун себебин көрсөтүү менен, кат түрүндөгү тиешелүү билдирүү жөнөтүлөт. 

Тактоо өзгөртүүлөр 

11. 

64. Каттоодон өткөртүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, Улуттук банк эл аралык төлөм системасына каттоо номерин ыйгарып, ал тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн эл аралык төлөм системаларынын реестрине киргизет жана чечим кабыл алынган күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирбестен каттоодон өткөндүгү жөнүндө катты эл аралык төлөм системасына жөнөтөт. Эл аралык төлөм системалары реестрине киргизүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

64. Өтүнүч катты кароонун жыйынтыгында каттоодон өткөрүү жөнүндө оң чечим кабыл алынган учурда, Улуттук банк эл аралык төлөм системасына каттоо номерин ыйгарып, ал тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн эл аралык төлөм системаларынын реестрине (мындан ары  эл аралык төлөм системаларынын реестри) киргизет жана каттоодон өткөндүгү тууралуу кат түрүндө билдирүүнү эл аралык төлөм системасына/ эл аралык төлөм системасынын операторуна жөнөтөт. Билдирүүдө ыйгарылган каттоо номери көрсөтүлөт. 

Эл аралык төлөм системаларынын реестрине киргизүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

Тактоо өзгөртүүлөр 

12. 

65. Эл аралык төлөм системасы аны каттоодо көрсөтүлгөн кайсы болбосун маалыматтардын өзгөрүшү тууралуу өзгөрүүлөр кирген учурдан кийинки 3 жумуш күн ичинде кат жүзүндө Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү. Улуттук банк сунушталган маалыматтын негизинде, маалыматты банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эл аралык төлөм системалар реестрине 3 жумуш күн ичинде киргизет. 

65. Эл аралык төлөм системасы/ эл аралык төлөм системасынын оператору эл аралык төлөм системасын каттоодо көрсөтүлгөн кайсы болбосун маалыматтардын өзгөрүшү тууралуу өзгөртүүлөр кирген учурдан тартып 3 (үч) жумуш күн ичинде кат жүзүндө Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү. Улуттук банк сунушталган маалыматтын негизинде, зарылчылыгына жараша, эл аралык төлөм системаларынын реестрине 3 (үч) жумуш күн ичинде тиешелүү жазууну киргизет. 

Тактоо өзгөртүүлөр 

13. 

66. Эл аралык төлөм системалары тарабынан Улуттук банкка сунушталган документтер кайтарылбайт. 

66. Эл аралык төлөм системалары/ эл аралык төлөм системаларынын операторлору тарабынан Улуттук банкка сунушталган документтер кайтарылбайт. 

Тактоо өзгөртүүлөр 

14. 

67. Эл аралык төлөм системасы каттоо жол-жобосун өткөндөн кийин Улуттук банк үчүн системанын документтерине (эрежелерге, колдонуудагы тарифтерге, типтүү келишимдерге, катышуу үчүн талаптарга, жаңылыктарга, отчетторго ж.б.у.с.), анын ичинде өз сайттарына туруктуу негизде кирүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоого тийиш. 

67. Эл аралык төлөм системасы/ анын оператору каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийин Улуттук банк үчүн системанын документтерине (эрежелерге, колдонуудагы тарифтерге, типтүү келишимдерге, катышуу үчүн талаптарга, жаңылыктарга, отчетторго ж.б.у.с.), анын ичинде өз сайттарына туруктуу негизде кирүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоого тийиш. 

Тактоо өзгөртүүлөр 

15. 

... 

67-1. Улуттук банк төмөнкү учурларда эл аралык төлөм системасынын каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарат жана эл аралык төлөм системаларынын реестрине тиешелүү жазууну киргизет: 

1) эл аралык төлөм системасынын жана/же анын операторунун түзүлгөн өлкөсүнүн финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан эл аралык төлөм карттардын процессинги жана аларды тейлөө боюнча ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна берилген каттоо/уруксат берүү жөнүндө документтери (каттоо жөнүндө лицензиялары/сертификаттары/күбөлүктөрү ж.б.) кайтарылып алынган (жокко чыгарылган) учурда; 

2) эл аралык төлөм системасынын оператору тарабынан эл аралык төлөм системасын алардын реестринен чыгаруу жөнүндө өтүнүч кат же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында ишин токтоткондугу тууралуу жазуу жүзүндө башка билдирүү берилген учурда. 

Улуттук банк эл аралык төлөм системасынын операторуна жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына каттоо жокко чыгарылгандыгы тууралуу кат түрүндө билдирет жана бул боюнча маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтына жайгаштырат. 

Эл аралык төлөм системасы жана анын оператору, Улуттук банк эл аралык төлөм системасын тиешелүү реестрден чыгарып салган жана бул тууралуу маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтында жайгаштырган күндөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарын пайдалануу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү токтотууга тийиш. 

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эл аралык төлөм системаларынын Улуттук банкта каттоосун жокко чыгаруу боюнча негиздерин аныктоо максатында.