Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорго карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоор банктардын жана алардын агенттеринин аралыктан кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, Улуттук банкта эл аралык электрондук акча системаларынын операторлорун/эл аралык электрондук акча эмитентин каттоо жол-жобосун тактоо жана жокко чыгаруу негиздерин кеңейтүү, ошондой эле отчет формаларына тактоо киргизүү максатында иштелип чыкты.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

2020-жылдын II чейрегинин акырына карата жети коммерциялык банк электрондук акчанын эмитенти болуп саналат, электрондук акча менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча он бир локалдык система иш алып барууда, алардын ичинен эки системасы  

2019-жылдын II чейрегинен тартып чектелген функционал менен иш (электрондук акчаны нак акчага айландыруу (төлөө) иши гана) жүргүзүлгөн.  

Өткөн мезгилге салыштырганда электрондук акча боюнча көрсөткүчтөрдүн өсүшү байкалган, бул аларды колдонуунун жеңилдигине жана ыңгайлуулугуна байланыштуу болгон. Электрондук капчыктардын саны 2,8 млн. капчыкты түзүп, 21,3 пайызга көбөйгөн (өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 95,7 пайызга көбөйгөн).  

2019-жылдын II чейрегине салыштырганда отчеттук мезгил ичинде: 

- электрондук капчыктар ортосунда акча каражаттарын которуу боюнча операцияларынын көлөмү  

16,4 пайызга азайып, 1,0 млрд. сомго жакынды түзгөн, акча каражаттарын которуунун саны 0,2 млн. операцияны түзүп, 34,9 пайызга көбөйгөн; 

- электрондук акчаны накталай акчага айландыруу операцияларынын көлөмү 16,5 пайызга төмөндөп, 3,0 млрд. сомду түзгөн, мында операциялардын саны 31,5 пайызга көбөйүп 0,5 млн. операцияны түзгөн;  

- товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө боюнча операцияларынын көлөмү 9,2 пайызга көбөйүп, 1,5 млрд. сомду түзгөн, ал эми операциялардын саны 12,5 пайызга төмөндөп, 3,6 млн операция катталган; 

- электрондук капчыктарды толуктоо операцияларынын көлөмү 7,2 пайызга азайып, 4,7 млрд. сомду түзгөн, мында электрондук капчыктарды толуктоонун саны 2,7 млн. операцияны түзүп, 3,0 пайызга көбөйгөн. 

Ошону менен бирге, идентификацияланбаган капчыктардын саны көп, бул террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын толук аткаруу жагында тобокелдиктерди жаратат, ошондой эле автоматташтырылган системалардын иши үзгүлтүккө учураган учурда, каражаттарды идентификацияланбаган капчыктардан кайтаруу кыйындайт.  

Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) токтомуна ылайык,  банктарга 2020-жылдын 1-октябрынан тартып идентификацияланбаган электрондук капчыктардын ээлерине кызмат көрсөтүү тыюу салынган. Белгиленген мөөнөткө чейин банктар идентификацияланбаган капчык ээлерин идентификациядан өткөрүүсү зарыл, бул банктарга бар болгон кардардык базаны сактап калууга жана тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет. 

Бирок, өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери киргизилишине, ыйгарым укуктуу органдар тарабынан COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүнө жол бербөөгө багытталган чектөөлөрдүн кабыл алынышына, атап айтканда, аталган аймактарга жарандардын кирүүсүнө/анда жүрүүгө тиешелүү чектөөлөр белгиленишине байланыштуу, банктар белгиленген мөөнөт ичинде электрондук капчыктардын ээлерин идентификациялоодо жана верификациялоодо белгилүү бир кыйынчылыктарга туш болушкан.  

Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы №2020-П-12/27-1-(НПА) токтому менен Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби (мындан ары - Тартип) бекитилген. Тартип банктардын электрондук формада алынган маалыматтарды колдонуп, жеке адамдарды Кыргыз Республикасынын жарандарын жеке катыштыруусуз, аларды идентификациялоо жана верификациялоо тартибин аныктайт. Аталган Тартипке ылайык, кардарларды, анын ичинде электрондук капчык ээлерин аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо мүмкүнчүлүгү каралган.  

Ушуга байланыштуу «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону ушул Тартипке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү зарылдыгы жаралды. 

Мындан тышкары, Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди: 

- банктардын акцептанттар боюнча маалымат базасын жүргүзүүсү;  

- алдамчылык операцияларына каршы аракеттенүү боюнча талаптарды, банктын жеке ишкерлерин агенттерин окутуу боюнча ички контролдоо эрежелерин, агенттерди Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптары менен тааныштыруу жана аталган талаптардын агенттер тарабынан сакталышына андан ары мониторинг жүргүзүү жол-жоболорун тактоо;  

- электрондук акчаларды колдонуу менен жүргүзүлгөн операцияларды (төлөмдөрдүн) эсепке алуу тартиби; 

- электрондук акчалар менен болгон жагдайды ар тараптуу талдоо жана баа берүү үчүн отчет жүргүзүү

- эл аралык электрондук акча системаларынын операторлорунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин Улуттук банкта катталгандыгын жокко чыгаруу жол-жобосун тактоо, ошондой эле мындай жокко чыгаруунун негиздерин кеңейтүү (атап айтканда, оператордун/эмитенттин арызы/кайрылуусу боюнча).  

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Бул долбоор бүтүндөй өлкө үчүн социалдык-экономикалык оң натыйжаларга ээ, анткени ушул өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган кошумча чаралар болуп саналат. 

Долбоор укук коргоо, гендердик, экологиялык натыйжаларды чектеген, коррупциялык кесепеттерге алып келген ченемдерди камтыбайт.  

 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат 

Долбоор боюнча материалдар Улуттук банк Башкармасынын маалымат отурумунун жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын расмий интернет-сайтында коомдук талкууга сунуштоо үчүн жайгаштырылат.  

 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө 

Сунушталган Долбоор Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы тууралуу маалымат 

Бул Долбоордун ченемдерин ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен кошумча сарптоолорду талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жөнүндө маалымат 

Долбоор сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү жана кызмат көрсөтүүлөр менен продукттардын жаңы түрлөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү, ошондой эле тобокелдиктерди азайтуу максатында, Жобого ылайык келтирүүгө жана ченемдерин тактоого багытталган. Мындан тышкары, Долбоор электрондук капчыктарды идентификациялоо процессин тездетүүгө, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), алдамчылык операцияларын ишке ашырууга каршы натыйжалуу аракеттенүү үчүн ички контролдоо деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Жалпысынан, бул Долбоор электрондук акчаны өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен бирге тобокелдиктерди төмөндөтөт жана ишкер субъектилердин ишин чектебейт.  

Жогоруда айтылгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесин эске алганда, ал жеткис күчтүн жагдайларынын шарттарында ишкердикди жөнгө салууну кошпогондо, ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлүүгө тийиш, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы №241 "Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында "COVID-19" коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча кырдаал ал жеткис күчтүн жагдайы деп таанылгандыгына байланыштуу токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн жок.  

 

 

 

Урматтоо менен, 

Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги Э.В. Лелевкина  

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ: 

Төраганын орун басары М.А. Момункулова 

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын  

«___» _______________ 

№ ________________________ 

токтомуна карата  

тиркеме 

 

  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобонун: 

 

- 3-пунктундагы: 

«жайылтууну» деген сөздөн кийин «, толуктоону, » деген сөз менен толукталсын; 

 

- 6-пунктунун: 

он экинчи абзацындагы «аралыкта орнотулган» деген сөздөргө чейин «банктын» деген алынып салынсын;  

жыйырманчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жабдуу - бул, өзүнүн электрондук капчык ээсине электрондук акчаны колдонуу менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн электрондук капчыктан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган инструмент (персоналдык компьютер, уюлдук телефон же башка жабдуу)»; 

жыйырма сегизинчи абзацы төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Бул оператордун электрондук акча менен эсептешүүлөр системасы улуттук төлөм системасынын статусуна ылайык келүүсү зарыл.»; 

төмөнкү мазмундагы отуз үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Толуктоо нак/нак эмес акча каражаттарын электрондук акчага/эл аралык электрондук акчага алмаштыруу операциясы. Толуктоо аралыкта орнотулган жабдууларды колдонуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.»; 

 

- 3-глава: 

төмөнкү мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:  

«10-1. Банк акцептанттар боюнча маалыматтар базасын жүргүзүүсү зарыл, ал жок дегенде, төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:   

- келишимдин реквизиттерин (келишим мамилелеринин күнү, номери, түрү, келишимди колдонуу мөөнөтү);   

- юридикалык жактын аталышын/жеке ишкердин аты-жөнүн;   

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу маалыматтарды, жеке ишкердин паспорттогу маалыматтарын, патент;   

- жайгашкан ордун/жашаган дарегин, ишкердик иш алып баруу дарегин;   

- байланыш маалыматтарын;   

- юридикалык жактын/жеке ишкердин ишинин түрү жөнүндө маалыматтарды;   

- финансылык шарттарды (тарифтер, комиссиялык төлөмдөр жана сый акы).»; 

 

- 22-3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«22-3. Электрондук акча операторунун функцияларын жүзөгө ашырган банкта, алдамчылык операцияларга каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды кошо алганда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - ПФТД/ЛПД) боюнча ички контролдоо эрежелеринин сакталышы жана ишке ашырылышы үчүн жооптуу кызмат адамына Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, электрондук акча боюнча ПФТД/ЛПД жагында функциялар да жүктөлүүгө тийиш. Банктын ички контролдоо эрежелеринде агенттерди жеке ишкерлерди окутуу программасы жана жол-жобосу, агентти Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД боюнча мыйзам талаптары менен тааныштыруу жол-жобосу жана көрсөтүлгөн талаптардын сакталышы боюнча агенттерге андан ары жүргүзүлгөн мониторинг да камтылууга тийиш.»;  

 

 

төмөнкү мазмундагы 33-1-пункт менен толукталсын: 

«33-1. Банк жана банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңейтилген чөйрөсүн сунуштоо боюнча банктын агенти келишимдин/макулдашуунун негизинде, анын ичинде аралыктан тейлөө режиминде, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте электрондук акча ээсине идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосун жүргүзүүгө милдеттүү

Электрондук капчык/акча ээсин аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосу Улуттук банк Башкармасынын «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.»;  

 

- 34-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Лимиттердин өлчөмү электрондук капчык ээлеринин категориясына жараша, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, банктын ички жол-жоболорунда белгиленүүгө тийиш.»;  

 

- 35-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарга» деген сөздөргө алмаштырылсын.»;  

 

- 42-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«42. Банк жана оператор чейрек сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, Улуттук банкка отчетторду ушул Жобого карата 1-3-тиркемелерде белгиленген формага ылайык берип турат.»; 

 

- 47-1-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Эгерде агент жеке ишкер болуп саналса жана чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген чөйрөсүн сунуштаса, банк-эмитент ички контролдоо эрежелерине ылайык аны өз алдынча окутушу мүмкүн жана расмий кат менен өз агентинин окуудан өткөн фактысын тастыктай алат же агент сертификат алуу менен тиешелүү билим берүү уюмунда окуудан өтө алат.»; 

 

- 50-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- агенттин юридикалык жана айкын даректери тууралуу маалымат жана телефон номерлери.»; 

 

- 61, 70, 71 жана 73-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«61.  Акцептант тарабынан ээлик кылуучудан электрондук акча менен транзакцияларды жүргүзүү жөнүндө электрондук акча системасы боюнча алынган тапшырма банк, электрондук акча оператору тарабынан банктын, оператордун маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча белгиленген жол-жоболоруна ылайык текшерилүүгө тийиш

 

70. Эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти каттоодон өтүү үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт

1) төмөнкү маалыматты көрсөтүү менен каттоодон өтүү жөнүндө өтүнүч кат: 

- эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин аталышы; 

- электрондук акча системасынын аталышы; 

- электрондук акча инструментинин (алып жүрүүчүнүн) аталышы; 

- оператордун/эмитенттин юридикалык жана айкын дареги тууралуу маалымат; 

2) юридикалык жактын юридикалык статусун жана жайгашкан өлкөсүн тастыктаган анын мамлекеттик/эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн жана/же башка документинин көчүрмөсү;  

3) электрондук акча системасынын операторунун/электрондук акча эмитентинин көрсөтүлгөн ишти жөнгө салган, жайгашкан өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген процессинг жана тейлөө боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна уруксат берүүчү документтердин (лицензиянын/сертификаттын/каттоо жөнүндө күбөлүктүн ж.б.) көчүрмөлөрү же болбосо аталган органдын/юридикалык компаниянын мындай уруксат берүү/тастыктоо мыйзам боюнча талап кылынбай тургандыгы тууралуу кат жүзүндө тастыктоосу (эгер колдонулса);  

4) эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин иш алып баруу эрежеси же оператор/эмитент жайгашкан өлкөнүн мыйзамдары боюнча эл аралык электрондук акча менен ишке ашырылган операцияларды жөнгө салуучу башка документ. Эреже бардык акча жана маалымат агымдарынын жалпы схемасын, электрондук акчаны пайдалануу учурунда финансылык жана техникалык тобокелдиктерди контролдоону уюштуруу ишин да камтууга тийиш

 

71. Жобонун ушул главасына ылайык, Улуттук банкка сунушталуучу документтер түп нускада жана/же талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмө түрүндө берилүүгө тийиш. 

Расмий документтер, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш. 

Чет тилдеги документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилдеги талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн котормосун камтууга тийиш. 

Бирден көп барактан турган документтердин ар бир бетине номер коюлууга, көктөлүүгө, талаптагыдай кол тамга коюлууга жана күбөлөндүрүлүүгө тийиш

Зарыл учурда, Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада берилиши зарыл

 

73. Улуттук банк каттоодон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда, эл аралык электрондук акча системасынын операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине каттоо номерин ыйгарат жана бул маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин реестрине киргизет. Улуттук банк эл аралык электрондук акча системасынын операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине каттоодон өткөндүгү тууралуу катты ыйгарылган каттоо номерин көрсөтүү менен жөнөтөт.»;  

 

- 74-пунктунун: 

экинчи сүйлөмүндөгү «эл аралык төлөм системаларынын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган эл аралык электрондук акча системасынын операторлорунун/эл аралык электрондук акча эмитенттеринин» деген сөздөргө алмаштырылсын;  

 

- 74-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«74-1. Улуттук банк төмөнкү учурларда эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарат жана тиешелүү жазууну реестрге киргизет

1) эл аралык электрондук акча системасынын операторунан/эл аралык электрондук акча эмитентинен жайгашкан өлкөнүн көрсөтүлгөн ишти жөнгө салган ыйгарым укуктуу органы тарабынан буга чейин берилген эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин процессинг жана тейлөө боюнча иш алып баруу укугуна уруксат берүү документтери (лицезиялар/сертификаттар/каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктөр ж.б.) кайтарылып алынса (жокко чыгарылса);  

2) эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган эл аралык электрондук акча системасынын агенти менен түзүлгөн келишимди (келишимдерди) Улуттук банкка белгиленген мөөнөттө сунуштабаса;  

3) эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти Улуттук банкта каттоону жокко чыгаруу (реестрден чыгаруу) жөнүндө өтүнүч катты же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барууну токтотуу жөнүндө башка кат жүзүндөгү билдирүүнү Улуттук банкка берсе.  

Улуттук банк эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти ушул Жобонун талаптарын аткарбай койгон учурда, оператордун/эмитенттин каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарууга укуктуу

Улуттук банк каттоодон өткөндүгүн жокко чыгаруу жөнүндө эл аралык электрондук акча системасынын операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына кат жүзүндө билдирет, ошондой эле каттоодон өткөндүгүн жокко чыгаруу жөнүндө маалыматты расмий интернет-сайтына жайгаштырат.»; 

 

- 84-пунктундагы «чейректен» деген сөз «айдан» дегенге алмаштырылсын; 

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 107-пункт менен толукталсын: 

«107. Маалымат бербегендиги, өз учурунда жана/же анык маалымат бербегендиги, ошондой эле отчет формаларын туура эмес толтургандыгы үчүн Банк, оператор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.»; 

 

- Жобого карата 1, 2 жана 3-тиркемелер төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

 

 

1-тиркеме 

Электрондук акча чыгаруу жана жүгүртүү менен байланышкан иш жөнүндө  

(электрондук капчык ээлери жеке адамдар боюнча) 

ОТЧЕТ  

 

Банк-эмитенттин аталышы 

_____________________________ 

  

Отчеттук мезгил: (чейрек, жыл) 

_____________________________ 

  

 

№  

Электрондук акчанын аталышы 

Оператор 

Колдонуучулардын (идентификацияланган, идентификацияланбаган) түрү 

Валюта 

Колдонуучулардын (капчыктардын) саны 

Отчеттук мезгилдин акырына карата электрондук акчанын калдыгы  

Капчыктардын ортосунда жана системанын ичиндеги которуулар  

Электрондук акчанын ордун жабуу  

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө  

Электрондук акчаны толуктоо 

башка электрондук акчага 

нак 

банктык эсептерге 

башка системаларга 

бардыгы болуп 

алардын ичинен: бюджеттик төлөмдөр 

башка электрондук акчадан 

нак 

банктык эсептерден 

башка системалардан 

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

10 

11 

12 

13 

14 

15 

16 

17 

18 

19 

20 

21 

22 

23 

24 

25 

26 

27 

28 

29 

Электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн локалдык системасы 

Электрондук акча 1 

 

идент 

KGS 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Электрондук акча 2 

 

идент 

KGS 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында локалдык системалар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системасы 

Электрондук акча 1 

 

идент 

KGS 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идент 

USD 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында улуттук валютада 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идент 

RUB 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында улуттук валютада 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында улуттук валютада электрондук акча 1 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Электрондук акча 2 

 

идент 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында улуттук валютада электрондук акча 2 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идент 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында улуттук валютада эл аралык системалар  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында улуттук валютада локалдык жана эл аралык системалар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

   

Аткаруучу____________________________________________________ (кол тамгасы, аты-жөнү, телефон номери)  

Жетекчи ____________________________________________________ (кол тамгасы) (аты-жөнү)  

 

М.О.  

 

 

Отчетту толтуруу тартиби (1-тиркеме) 

 

«Электрондук акча чыгаруу жана жүгүртүү менен байланышкан иш жөнүндө (электрондук капчык ээлери жеке адамдар боюнча) отчет отчеттук мезгил ичинде электрондук акча чыгарууга жана жүгүртүүгө байланышкан транзакциялардын сандык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалыматтарды камтыйт. Отчет валюталар боюнча электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн ар бир системасы боюнча түзүлөт. 

Саны боюнча маалыматтар бүтүнгө чейин тегеректөө менен сандык мааниде көрсөтүлөт. Көлөмү боюнча маалыматтар үтүрдөн кийин эки белгиге чейин тегеректөө менен валюталардын номиналында көрсөтүлөт. Чет өлкө валютасынын тамга коду көрсөтүлгөн сап транзакциялардын көлөмү ошол эле валютада чагылдырылат. Ар бир чет өлкө валютасынан кийин Улуттук банктын отчеттук мезгил ичиндеги орточо арифметикалык эсептик курсу боюнча сом эквивалентиндеги улуттук валютадагы жыйынтык сабы бар.  

 

Аталышынын астындагы таблицада:  

- «Банк-эмитенттин аталышы» электрондук акча чыгарууга Улуттук банктын лицензиясына ээ банктын тиешелүү аталышы толтурулат. 

- «Отчеттук мезгил: (чейрек. жыл)» - отчеттук мезгил чейрек.жыл сандык форматта (мисалы, 04.2020, бул 2020-жылдын 04-чейрегин түшүндүрөт) толтурулат  

Таблицада: 

Системалар боюнча маалыматтар электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн локалдык жана эл аралык системаларына бөлүштүрүүдө көрсөтүлөт. 

1-тилке катар номери көрсөтүлөт; 

2-тилке электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын катталган аталышы көрсөтүлөт; 

3-тилке электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн аталган системасы боюнча маалыматтарды иштеп чыгууну/процессингди жүзөгө ашырган оператордун аталышы көрсөтүлөт;  

4-тилке колдонуучулардын түрү электрондук капчыктардын идентификацияланган же идентификацияланбаган колдонуучулары көрсөтүлөт; 

5-тилке валютанын тамга коду көрсөтүлөт; 

6-тилке колдонуучулардын (капчыктардын) саны (маалыматтардын форматы бүтүнгө чейин тегеректөө менен сан түрүндө көрсөтүлөт); 

7-тилке отчеттук мезгилдин акырына карата электрондук акчанын калдыгы көрсөтүлөт (маалыматтардын форматы үтүрдөн кийин эки белгиге чейин тегеректөө менен сан түрүндө көрсөтүлөт); 

8-9-тилкелер отчеттук мезгил ичинде системанын ичиндеги капчыктардын ортосундагы которуулардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

10-11-тилкелер электрондук акчанын ордун отчеттук мезгил ичинде каражаттарды башка системалардын электрондук капчыктарына чыгаруу аркылуу жабуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

12-13-тилкелер электрондук акчанын ордун отчеттук мезгил ичинде каражаттарды нак берүү аркылуу жабуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

14-15-тилкелер электрондук акчанын ордун отчеттук мезгил ичинде каражаттарды банктык эсептерге чыгаруу аркылуу жабуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

16-17-тилкелер электрондук акчанын ордун отчеттук мезгил ичинде каражаттарды башка төлөм системаларына чыгаруу аркылуу жабуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

18-19-тилкелер отчеттук мезгил ичинде товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө боюнча транзакциялардын жалпы саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

20-21-тилкелер отчеттук мезгил ичинде бюджеттик төлөмдөр боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

22-23-тилкелер электрондук акчаны отчеттук мезгил ичинде каражаттарды башка системалардын электрондук капчыктарынан чыгаруу аркылуу толуктоо боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

24-25-тилкелер электрондук акчаны отчеттук мезгил ичинде нак акчаны салуу аркылуу толуктоо боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

26-27-тилкелер электрондук акчаны отчеттук мезгил ичинде банктык эсептерден чегерүү аркылуу толуктоо боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

28-29-тилкелер электрондук акчаны отчеттук мезгил ичинде каражаттарды башка төлөм системалары аркылуу алуу жолу менен толуктоо боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт. 

 

2-тиркеме 

Электрондук акчаны жайылтуу менен байланышкан иш жөнүндө  

(юридикалык жактар жана жеке ишкерлер боюнча) 

ОТЧЕТ  

 

Банк-эмитенттин аталышы 

_____________________________ 

  

Отчеттук мезгил: (чейрек. жыл) 

_____________________________ 

  

 

№ 

Электрондук акчанын аталышы 

Оператор 

Катышуучулардын түрү  

Валюта 

Колдонуучулардын (капчыктардын) саны  

Отчеттук мезгилдин акырына карата электрондук акчанын калдыгы 

Капчыктардын ортосунда жана системанын ичиндеги которуулар  

Электрондук акчанын ордун жабуу  

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө  

Электрондук акчаны толуктоо  

башка электрондук акчага  

нак 

банктык эсептерге 

башка системаларга 

бардыгы болуп 

алардын ичинен: бюджеттик төлөмдөр 

башка электрондук акчадан  

нак 

банктык эсептерден 

башка системалардан 

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

10 

11 

12 

13 

14 

15 

16 

17 

18 

19 

20 

21 

22 

23 

24 

25 

26 

27 

28 

29 

Электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн локалдык системалары 

 

 

 

 

Электрондук акча 1 

 

Агенттер  

KGS 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Акцептанттар  

KGS 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Электрондук акча 2 

 

Агенттер  

KGS 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Акцептанттар  

KGS 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкалар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында локалдык системалар боюнча  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системалары 

 

 

 

 

Электрондук акча 1 

 

Агенттер  

KGS 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

USD 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

RUB 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

… 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында улуттук валютада агенттер боюнча  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Акцептанттар  

KGS 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

USD 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында улуттук валютада акцептанттар боюнча 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкалар  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында улуттук валютада эл аралык системалар боюнча 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы болуп улуттук валютада локалдык жана эл аралык системалар боюнча  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

   

Аткаруучу ____________________________________________________________ (аты-жөнү, телефон номери)  

Жетекчи ____________________________________________________ (кол тамгасы) (аты-жөнү)  

М.О.».  

 

 

Отчетту толтуруу тартиби (2-тиркеме) 

 

«Электрондук акчанын жайылышы менен байланышкан иш жөнүндө (юридикалык жактар жана жеке ишкерлер боюнча) отчет отчеттук мезгил ичинде электрондук акчанын жайылышы менен байланышкан транзакциялардын сандык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалыматтарды камтыйт. Отчет валюталар боюнча электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн ар бир системасы боюнча түзүлөт. 

Саны боюнча маалыматтар бүтүнгө чейин тегеректөө менен сандык мааниде көрсөтүлөт. Көлөмү боюнча маалыматтар үтүрдөн кийин эки белгиге чейин тегеректөө менен валюталардын номиналында көрсөтүлөт. Чет өлкө валютасынын тамга коду көрсөтүлгөн сап транзакциялардын көлөмү ошол эле валютада чагылдырылат. Ар бир чет өлкө валютасынан кийин Улуттук банктын отчеттук мезгил ичиндеги орточо арифметикалык эсептик курсу боюнча сом эквивалентиндеги улуттук валютадагы жыйынтык сабы бар. 

 

Аталышынын астындагы таблицада:  

- «Банк-эмитенттин аталышы» электрондук акча чыгарууга Улуттук банктын лицензиясына ээ банктын тиешелүү аталышы толтурулат. 

- «Отчеттук мезгил: (чейрек. жыл)» - отчеттук мезгил чейрек.жыл сандык форматта (мисалы, 04.2020, бул 2020-жылдын 04-чейрегин түшүндүрөт) толтурулат  

Таблицада: 

Системалар боюнча маалыматтар электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн локалдык жана эл аралык системаларына бөлүштүрүүдө көрсөтүлөт. 

1-тилке катар номери көрсөтүлөт; 

2-тилке электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн катталган аталышы көрсөтүлөт; 

3-тилке электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн аталган системасы боюнча маалыматтарды иштеп чыгууну/процессингди жүзөгө ашырган оператордун аталышы көрсөтүлөт;  

4-тилке катышуучулардын түрү агенттер, акцептанттар жана башкалар көрсөтүлөт; 

5-тилке валютанын тамга коду көрсөтүлөт; 

6-тилке колдонуучулардын (капчыктардын) саны (маалыматтардын форматы бүтүнгө чейин тегеректөө менен сан түрүндө көрсөтүлөт); 

7-тилке отчеттук мезгилдин акырына карата электрондук акчанын калдыгы көрсөтүлөт (маалыматтардын форматы үтүрдөн кийин 2 белгиге чейин тегеректөө менен сан түрүндө көрсөтүлөт); 

8-9-тилкелер отчеттук мезгил ичинде системанын ичиндеги капчыктар ортосундагы которуулардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

10-11-тилкелер электрондук акчанын ордун отчеттук мезгил ичинде каражаттарды башка системалардын электрондук капчыктарына чыгаруу аркылуу жабуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

12-13-тилкелер электрондук акчанын ордун отчеттук мезгил ичинде каражаттарды нак берүү аркылуу жабуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

14-15-тилкелер электрондук акчанын ордун отчеттук мезгил ичинде каражаттарды банктык эсептерге чыгаруу аркылуу жабуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

16-17-тилкелер электрондук акчанын ордун отчеттук мезгил ичинде каражаттарды башка төлөм системаларына чыгаруу аркылуу жабуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

18-19-тилкелер отчеттук мезгил ичинде товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө боюнча транзакциялардын жалпы саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

20-21-тилкелер отчеттук мезгил ичинде бюджеттик төлөмдөр боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

22-23-тилкелер электрондук акчаны отчеттук мезгил ичинде каражаттарды башка системалардын электрондук капчыктарынан чыгаруу аркылуу толуктоо боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

24-25-тилкелер электрондук акчаны отчеттук мезгил ичинде нак акчаны салуу аркылуу толуктоо боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

26-27-тилкелер электрондук акчаны отчеттук мезгил ичинде банктык эсептерден чегерүү аркылуу толуктоо боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

28-29-тилкелер электрондук акчаны отчеттук мезгил ичинде каражаттарды башка төлөм системалары аркылуу алуу жолу менен толуктоо боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт. 

 

 

3-тиркеме 

Электрондук акча менен эсептешүүлөрдү жүгүртүүнүн эл аралык системалары менен байланышкан иш жөнүндө  

(электрондук капчыктардын ээлери жеке адамдар боюнча) 

ОТЧЕТ  

 

Банк-агенттин аталышы 

_____________________________ 

  

Отчеттук мезгил: (чейрек.жыл) 

_____________________________ 

  

 

№  

Электрондук акчанын аталышы 

Оператор 

Колдонуучулардын түрү (идентификацияланган, идентификацияланбаган)  

Валюта 

Электрондук акчанын ордун жабуу  

Электрондук акчаны толуктоо 

башка электрондук акчага 

нак 

банктык эсептерге 

башка системаларга 

башка электрондук акчадан 

нак 

банктык эсептерден 

башка системалардан 

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

10 

11 

12 

13 

14 

15 

16 

17 

18 

19 

20 

21 

Электрондук акча 1 

 

идент 

KGS 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идент 

USD 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында улуттук валютада 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идент 

RUB 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында улуттук валютада 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында улуттук валютада электрондук акча 1 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Электрондук акча 2 

 

идент 

KGS 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идент 

KZT 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында улуттук валютада 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идент 

EUR 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында улуттук валютада 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында улуттук валютада электрондук акча 1 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ж.б.у.с.  

идент 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында улуттук валютада электрондук акча n 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында улуттук валютада эл аралык системалар  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

   

Аткаруучу ____________________________________________________ (кол тамгасы, аты-жөнү, телефон номери)  

Жетекчи ____________________________________________________ (кол тамгасы) (аты-жөнү)  

 

М.О.  

 

 

Отчетту толтуруу тартиби (3-тиркеме) 

 

«Электрондук акча менен эсептешүүлөрдү жүгүртүүнүн эл аралык системалары менен байланышкан иш жөнүндө (электрондук капчыктардын ээлери жеке адамдар боюнча)» отчет отчеттук мезгил ичинде электрондук акча менен эсептешүүлөрдү жүгүртүүнүн эл аралык системалары менен байланышкан транзакциялардын сандык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалыматтарды камтыйт. Отчет валюталар боюнча электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн ар бир системасы боюнча түзүлөт. 

Саны боюнча маалыматтар бүтүнгө чейин тегеректөө менен сандык мааниде көрсөтүлөт. Көлөмү боюнча маалыматтар үтүрдөн кийин эки белгиге чейин тегеректөө менен валюталардын номиналында көрсөтүлөт. Чет өлкө валютасынын тамга коду көрсөтүлгөн сап транзакциялардын көлөмү ошол эле валютада чагылдырылат. Ар бир чет өлкө валютасынан кийин Улуттук банктын отчеттук мезгил ичиндеги орточо арифметикалык эсептик курсу боюнча сом эквивалентиндеги улуттук валютадагы жыйынтык сабы бар. 

 

 

Аталышынын астындагы таблицада:  

- «Банк-эмитенттин аталышы» электрондук акча чыгарууга Улуттук банктын лицензиясына ээ банктын тиешелүү аталышы толтурулат. 

- «Отчеттук мезгил: (чейрек. жыл)» - отчеттук мезгил чейрек.жыл сандык форматта (мисалы, 04.2020, бул 2020-жылдын 04-чейрегин түшүндүрөт) толтурулат  

Таблицада: 

Системалар боюнча маалыматтар электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн локалдык жана эл аралык системаларга бөлүштүрүүдө көрсөтүлөт. 

1-тилке катар номери көрсөтүлөт; 

2-тилке электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын катталган аталышы көрсөтүлөт; 

3-тилке электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн аталган системасы боюнча маалыматтарды иштеп чыгууну/процессингди жүзөгө ашырган оператордун аталышы көрсөтүлөт;  

4-тилке колдонуучулардын түрү электрондук капчыктардын идентификацияланган же идентификацияланбаган колдонуучулары көрсөтүлөт; 

5-тилке валютанын тамга коду көрсөтүлөт; 

6-7-тилкелер электрондук акчанын ордун отчеттук мезгил ичинде каражаттарды башка системалардын электрондук капчыктарына чыгаруу аркылуу жабуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

8-9-тилкелер электрондук акчанын ордун отчеттук мезгил ичинде каражаттарды нак берүү аркылуу жабуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

10-11-тилкелер электрондук акчанын ордун отчеттук мезгил ичинде каражаттарды банктык эсептерге чыгаруу аркылуу жабуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

12-13-тилкелер электрондук акчанын ордун отчеттук мезгил ичинде каражаттарды башка төлөм системаларына чыгаруу аркылуу жабуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

14-15-тилкелер электрондук акчанын ордун отчеттук мезгил ичинде каражаттарды башка системалардын электрондук капчыктарынан чыгаруу аркылуу жабуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

16-17-тилкелер электрондук акчаны отчеттук мезгил ичинде нак акча салуу аркылуу толуктоо боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

18-19-тилкелер электрондук акчаны отчеттук мезгил ичинде банктык эсептерден чегерүү аркылуу толуктоо боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

20-21-тилкелер электрондук акчаны отчеттук мезгил ичинде башка төлөм системалары аркылуу каражаттарды алуу жолу менен толуктоо боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт.