Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банк эмес финансы-кредит уюмдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  

токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдети: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банк эмес финансы-кредит уюмдарына (мындан ары БФКУ) таасир этүү чараларын колдонуу боюнча ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу зарылдыгына байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банк эмес финансы-кредит уюмдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун иштеп чыкты. Долбоор Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банк, Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган БФКУлардын жана башка юридикалык жактардын ишин тескейт. Бүгүнкү күндө Улуттук банк тарабынан төмөнкү БФКУлар көзөмөлгө алынат: микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар, кепилдик фонддор, кредиттик бюролор, турак жай-сактык кредиттик компаниялар жана адистештирилген финансы-кредит уюмдары. 

Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары «Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо менен жөнгө салынат.  

Микрофинансы уюмдарына жана турак жай-сактык кредиттик компанияларына карата таасир этүү чаралары «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга жана турак жай-сактык кредиттик компанияларга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык колдонулат. 

Кепилдик фонддорго жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө ченемдер «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жободо каралган. Мында, кредиттик бюролорго таасир этүү чараларына карата талаптар Кыргыз Республикасынын аймагында кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелеринде камтылган. 

Ушундай түрдө, банк эмес финансы-кредит уюмдарына карата колдонулган таасир этүү чаралары боюнча ченемдер бир катар өзүнчө ченемдик укуктук актыларда камтылган, бул аларды колдонууда белгилүү бир ыңгайсыздыктарды жаратат. Бул факт Улуттук банктын кызматкерлери сыяктуу эле, көзөмөлгө алынган уюмдардын кызматкерлери тарабынан ката кетирүү менен байланышкан белгилүү бир укуктук тобокелдиктерге алып келет. Жалпы алганда, мында БФКУга таасир этүү чараларын колдонуу принциптери бирдей, колдонулган санкциялардын тизмеси, ошол же бул чараны колдонуунун негиздери жана себептери дээрлик бирдей. 

Ушуга байланыштуу, жөнгө салуучу базаны оптималдаштыруу, БФКУ боюнча ченемдик укуктук актыларды коммерциялык банктар боюнча ченемдик укуктук базага шайкеш келтирүү, ошондой эле тобокелдикти аныктоого багытталган мамилени эске алуу менен ар бир БФКУнун өзүнчө түрлөрүнүн иш өзгөчөлүктөрүн эске алып, БФКУга карата бирдей мамилени иштеп чыгуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун долбоору жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун долбоору иштелип чыккан.  

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт. Бул долбоордун кабыл алынышы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө байланыштуу оң укуктук натыйжаларга алып келет. 

 

4. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунуш кылынган долбоор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт.  

 

5. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат. 

Бул бөлүк коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча түзүлөт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы боюнча маалымат  

Токтом долбоорунун көрсөтүлгөн ченемдерин кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү тууралуу маалымат 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Методикага ылайык жүргүзүлдү

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын ____ _________ 

№ _______________________ 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банк эмес финансы-кредит уюмдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу маселелери боюнча өзгөртүүлөр  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы №6/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө жобонун: 

- 1.1-пункту төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: 

«Ушул жобонун максаттары үчүн БФКУ деп, микрофинансы уюмдары, кредиттик союздар, турак жай-сактык кредиттик компаниялары, кепилдик фонддор, кредиттик бюролор, адистештирилген финансы-кредит уюмдары түшүнүлөт». 

- 2.1-пунктунун «г» пунктчасындагы «МФК» деген кыскартылган сөз ««БФКУ» деген кыскартылган сөзгө алмаштырылсын; 

- 2.2-пунктунун «в»» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«в) банк/БФКУ ишин, банктын/БФКУнун кызмат адамдарынын иш-аракетин/аракеттенбей коюусун Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан сунушталган маалыматтардын негизинде алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары таануу, ошондой эле Комитеттин компетенциясынын чегинде алардын иш-аракети (аракеттенбей коюусу) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары каралган банкка/БФКУга, анын акционерлерине, банктын/БФКУнун кызмат адамдарына карата тиешелүү таасир этүү чараларын колдонуу;». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын  

28-майындагы №22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Тике банктык көзөмөл жөнүндө жобонун: 

- 1.2-пунктундагы «Кредиттик союздардын финансы компаниясы»» ААКсы (мындан ары Финансы компаниясы)» деген сөздөрдөн кийин «, кредиттик бюролорго, гарантиялык фонддорго, жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү депозиттерди тартуу укугуна ээ болгон микрофинансылык компанияларга» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын  

30-майындагы №24/8 «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө нускоонун: 

- 18- пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18. МКК ачык валюта позицияларына белгиленген лимиттерди бузууга жол берген шартта, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилүүчү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык, Улуттук банк ачык валюта позициясынын лимитинен ашкан суммасынан 5% өлчөмүндө, бирок МКК активдеринин баланстык наркынын 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө, МККдан акчалай айыптык төлөм өндүрүү түрүндө таасир этүү чараларын колдонот.»  

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын  

30-майындагы №24/9 «Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө нускоонун: 

-  17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17. Кредиттик союздар ачык валюта позицияларына белгиленген лимиттерди бузууга жол берген шартта, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилүүчү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык, Улуттук банк ачык валюта позициясынын лимитинен ашкан суммасынан 5% өлчөмүндө, бирок кредиттик союздун активдеринин баланстык наркынын 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө, кредиттик союздан акчалай айыптык төлөм өндүрүү түрүндө таасир этүү чараларын колдонот.». 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын  

16-мартындагы №12/4 «Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

-  30-38-пункттары күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын  

28-сентябрындагы №40/5 «Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 71-78-пункттары күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Убактылуу администрация жөнүндө жобонун: 

- 1-пунктунун биринчи абзацындагы «турак жай-сактык кредиттик компанияларды,» деген сөздөрдөн кийин «кредиттик бюролорду» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- токтомдун аталышындагы «жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына» деген сөздөр алынып салынсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө жобонун: 

-аталышындагы аталышында «жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына» деген сөздөр алынып салынсын; 

 

- 1-главасынын биринчи абзацындагы «, адистештирилген финансы-кредит мекемелерине/уюмдарына, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсына» жана «кепилдик фонддорго» деген сөздөр алынып салынсын. 

 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 64-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«64. Улуттук банктын кепилдик фонддорго карата таасир этүү чараларын колдонуу негизи, учуру жана тартиби, ошондой эле алардын ишинде алгылыксыз жана кооптуу иш алып баруунун белгилерин аныктоо жана мындай ишке кепилдик фондунун жана анын кызмат адамдарынын катышын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилүүчү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык жүзөгө ашырылат.». 

 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 101-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банктын ТСККга карата таасир этүү чараларын колдонуу негизи, учуру жана тартиби, ошондой эле ТСККнын ишинде алгылыксыз жана кооптуу иш алып баруунун белгилерин аныктоо жана мындай ишке ТСККнын жана анын кызмат адамдарынын катышын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилүүчү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө»» жободо белгиленген.». 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит мекемелерине таасир этүү чараларын колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө» жобо 

№ п/п 

Аракеттеги редакция 

Сунушталган редакция 

Комментарий 

 

1.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети (мындан ары Комитет) Улуттук банк Башкармасынын чечими менен түзүлөт. Комитет туруктуу иштеп турган коллегиалдуу орган болуп саналат, ага ушул Жобонун 2.1., 2.1-1 жана 2.2.-пункттарына ылайык коммерциялык банктардын, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары банктар), банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары БФКУ) жана кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдүккө алуу жагында компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим кабыл алууга ыйгарым укук берилген.  

Төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарга жана алмашуу бюролорунун ишине тийишелүү маселелерди кароого алып алар боючна чечим кабыл алуу Комитеттин компетенциясына кирбейт.  

Жободо төмөнкүдөй кыскартылган сөздөр колдонулган:  

МФК микрофинансылык компания;  

МКК микрокредиттик компания;  

МКА микрокредиттик агенттиги;  

КСФК «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы. 

1.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети (мындан ары Комитет) Улуттук банк Башкармасынын чечими менен түзүлөт. Комитет туруктуу иштеп турган коллегиалдуу орган болуп саналат, ага ушул Жобонун 2.1., 2.1-1 жана 2.2.-пункттарына ылайык коммерциялык банктардын, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары банктар), банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары БФКУ) жана кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдүккө алуу жагында компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим кабыл алууга ыйгарым укук берилген.  

Төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарга жана алмашуу бюролорунун ишине тийишелүү маселелерди кароого алып алар боючна чечим кабыл алуу Комитеттин компетенциясына кирбейт.  

Жободо төмөнкүдөй кыскартылган сөздөр колдонулган:  

МФК микрофинансылык компания;  

МКК микрокредиттик компания;  

МКА микрокредиттик агенттиги;  

КСФК «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы. 

Ушул жобонун максаттары үчүн БФКУ деп микрофинансы уюмдары, кредиттик союздар, турак жай-сактык кредиттик компаниялары, кепилдик фонддору, насыя бюролору, адистештирилген финансы-кредиттнтик уюмдары түшүнүлөт. 

 

2.1. Комитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык банктарга, БФКУларга жана кредиттик бюролорго карата таасир этүү чараларынын төмөнкү түрлөрүн колдонуу жана/же токтотуу жана/же алмаштыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алат:  

а) жазма буйруктар;  

б) банкка жана БФКУга жана алардын кызмат адамдарына карата айыптык төлөм белгилөө;  

в) банктарга жана БФКУларга талаптарды белгилөө;  

г) банктар жана МФКларга карата экономикалык ченемдерди жана талаптарды жогорулатуу;  

2.1. Комитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык банктарга, БФКУларга жана кредиттик бюролорго карата таасир этүү чараларынын төмөнкү түрлөрүн колдонуу жана/же токтотуу жана/же алмаштыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алат:  

а) жазма буйруктар;  

б) банкка жана БФКУга жана алардын кызмат адамдарына карата айыптык төлөм белгилөө;  

в) банктарга жана БФКУларга талаптарды белгилөө;  

г) банктар жана БФКУларга карата экономикалык ченемдерди жана талаптарды жогорулатуу;  

 

 

2.2. Комитет төмөнкү маселелерди кароого алат жана алар боюнча чечим кабыл алат:  

а) банктык көзөмөл, БФКУлардын жана кредиттик бюронун ишине көзөмөлдүктү жүргүзүү саясатын аныктоо;  

б) банктарга, БФКУларга жана кредиттик бюрого карата жөнгө салуучу көзөмөлдүк чараларын кабыл алуу;  

в) банк ишин, банктын кызмат адамдарынын иш-аракетин/аракеттенбей коюусун Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан сунушталган маалыматтардын негизинде алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары таануу, ошондой эле Комитеттин компетенциясынын чегинде алардын иш-аракети (аракеттенбей коюусу) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары каралган банкка, анын акционерлерине, банктын кызмат адамдарына карата тиешелүү таасир этүү чарасын колдонуу чечимин кабыл алуу; 

2.2. Комитет төмөнкү маселелерди кароого алат жана алар боюнча чечим кабыл алат:  

а) банктык көзөмөл, БФКУлардын жана кредиттик бюронун ишине көзөмөлдүктү жүргүзүү саясатын аныктоо;  

б) банктарга, БФКУларга жана кредиттик бюрого карата жөнгө салуучу көзөмөлдүк чараларын кабыл алуу;  

в) банк/БФКУ ишин, банктын/БФКУнун кызмат адамдарынын иш-аракетин/аракеттенбей коюусун Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан сунушталган маалыматтардын негизинде алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары таануу, ошондой эле Комитеттин компетенциясынын чегинде алардын иш-аракети (аракеттенбей коюусу) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары каралган банкка/БФКУга, анын акционерлерине, банктын/БФКУнун кызмат адамдарына карата тиешелүү таасир этүү чарасын колдонуу чечимин кабыл алуу; 

 

 

2. «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобо 

№ п/п 

Аракеттеги редакция 

Сунушталган редакция 

Комментарий 

1.2. Жобо, "Кредиттик союздардын финансы компаниясы" ААКсы (мындан ары - Финансы компаниясы) жана катышуучулардан депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан жана/же Финансы компаниясынын алдында карызы бар кредиттик союздарга (мындан ары - банк/тар) бул уюмдардын иши жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга каршы келбеген бөлүгүндө, Кыргыз Республикасынын "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамына ылайык, алардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен таркатылат. 

1.2. Жобо, «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсы (мындан ары Финансы компаниясы), кредиттик бюролорго, гарантиялык фонддорго, жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү депозиттерди тартуу укугуна ээ болгон микрофинансылык компанияларга жана катышуучулардан депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан жана/же Финансы компаниясынын алдында карызы бар кредиттик союздарга (мындан ары - банк/тар) бул уюмдардын иши жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга каршы келбеген бөлүгүндө, Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамына ылайык, алардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен таркатылат. 

 

 

3. Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоо 

№ п/п 

Аракеттеги редакция 

Сунушталган редакция 

Комментарий 

18. МКК ачык валюта позицияларына белгиленген лимиттерди бузууга жол берген шартта Улуттук банк, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрокаржылоо уюмдарына карата колдонулуучу эскертүү чаралары жөнүндө" жобого ылайык, ачык валюта позициясынын лимитинен ашкан сумманын 5%, бирок МКК активдеринин баланстык наркынын 10% (он) ашпаган өлчөмдө МККдан акчалай айыптык төлөм өндүрүү түрүндө таасир этүү чарасын колдонот.   

Эскертүү: 0-0,05% чегинде белгиленген лимиттерден ашыруу айыптык төлөм салууга алып келбейт.  

18. МКК ачык валюта позицияларына белгиленген лимиттерди бузууга жол берген шартта, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын токтому менен бекитилүүчү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык ачык валюта позициясынын лимитинен ашкан суммасынан 5% өлчөмүндө, бирок МКК активдеринин баланстык наркынын 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө, МККдан акчалай айыптык төлөм өндүрүү түрүндө таасир этүү чараларын колдонот.  

Эскертүү: 0-0,05% чегинде белгиленген лимиттерден ашыруу айыптык төлөм салууга алып келбейт.  

 

 

4. «Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» Нускоо 

№ п/п 

Аракеттеги редакция 

Сунушталган редакция 

Комментарий 

17. Кредиттик союздар ачык валюта позицияларына белгиленген лимиттерди бузууга жол берген шартта Улуттук банк ал кредиттик союзга карата Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 23-мартындагы № 7/5 токтому менен кабыл алынган "Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобого ылайык чараларды колдонот. 

17. Кредиттик союздар ачык валюта позицияларына белгиленген лимиттерди бузууга жол берген шартта, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын токтому менен бекитилүүчү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык ачык валюта позициясынын лимитинен ашкан суммасынан 5% өлчөмүндө, бирок кредиттик союздун активдеринин баланстык наркынын 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө кредиттик союздан акчалай айыптык төлөм өндүрүү түрүндө таасир этүү чараларын колдонот. 

 

 

5. «Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелери 

№ п/п 

Аракеттеги редакция 

Сунушталган редакция 

Комментарий 

30. Эгерде адистештирилген финансы мекемелеринин ишинде бузууга жол берүүлөр орун алса, анын ичинде так эмес маалыматтар сунушталса, операцияларды жүргүзүү тартиби, ошондой эле адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын башка талаптары бузууга жол берилсе Улуттук банк кайсы болбосун төмөнкү таасир этүү чараларды колдонууга укуктуу:   

- аныкталган бузууларды четтетүү тууралуу эскертүүнү же жазма буйрууну жөнөтүүгө жана анын түрүнө жараша аларды чечүү үчүн белгилүү бир мөөнөттү берүүгө;   

- айыптык төлөм белгилөөгө;   

- дивиденддерди чегерүүнү жана төлөөнү кошо алганда, операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө чектөөлөрдү белгилөөгө;   

- бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштыруу тууралуу талап жөнөтүүгө;   

- Улуттук банкка сунушталган так эмес отчетторду алмаштыруу тууралуу буйрукту жөнөтүүгө;   

- лицензиянын аракетин токтотууга;   

- лицензияны кайтарып алууга.   

Таасир этүү чараларырааттуу түрдө сыяктуу эле, жол берилген кемчиликтердин мүнөзүнө жана МФУнун финансылык абалына жараша колдонулушу мүмкүн.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомунун редакциясына ылайык)   

31. Адистештирилген финансы-мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралар жана жазма буйруктар көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдүн начальнигинин, Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальнигинин же Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун (мындан ары - ыйгарым укуктуу адам) кол тамгасы, Көзөмөл боюнча комитеттин чечими менен таризделет.   

32. Көзөмөл боюнча комитеттин компетенциясына төмөнкүдөй таасир этүү чараларды колдонуу боюнча чечимдерди кабыл алуу кирет:   

- айрым операцияларды, чегерүүлөрдү жана төлөөлөрдү токтотуу же чектөө;   

- бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштырууну талап кылуу;   

- лицензиянын аракетин токтотуу;   

- лицензияны кайтарып алуу.   

33. Эскертүү, адистештирилген финансы мекемелери белгилүү бир ченемдерди жана эрежелерди бузууга жол бергендиги тууралуу ага маалымдоо зарылчылыгы келип чыккан учурда жана ага карата тиешелүү санкциялар колдонулушу мүмкүн экендигин эскертүү максатында жөнөтүлөт. \  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомунун редакциясына ылайык)   

34. Адистештирилген финансы мекемелеринин аткаруу органына аныкталган бузууга жол берүүлөрдү белгилүү бир мезгил ичинде четтетүү жөнүндө жазма буйрук төмөнкү учурларда жөнөтүлөт:   

- такталбаган жана толук эмес маалымат берилсе;   

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдык ченемдерин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берилсе;   

- башка учурларда.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомунун редакциясына ылайык)   

35. Операцияларды, чегерүүлөрдү жана төлөөлөрдү токтотуу же чектөө.   

Адистештирилген финансы мекемесинде төмөнкүлөргө байланыштуу кемчиликтер аныкталган шартта, Көзөмөл боюнча комитети лицензияда көрсөтүлгөн операцияларды токтотуу же чектөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу:   

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Улуттук банктын ченемдик актыларын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берсе;   

- адистештирилген финансы мекемеси Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрүн, жазма буйруктарын жана/же башка таасир этүү чараларын сактабаса;   

- Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди бузууга жол берсе;   

- төлөөгө жөндөмсүздүк коркунучу келип чыкса же адистештирилген финансы мекемеси төлөөгө жөндөмсүз абалда калса;   

- маалыматтар берилбесе же такталбаган, толук эмес маалыматтар сунушталса.   

Адистештирилген финансы мекемесинин операцияларды жүзөгө ашыруусун токтотуу же ага карата чектөөлөрдү белгилөө чечиминде мындай чечимди кабыл алууга түрткү берген себептер чагылдырылууга тийиш. Операцияларды токтотуу же чектөө чечиминде, бирок булар менен гана чектелбестен, төмөнкүдөй чаралар камтылууга тийиш:   

- адистештирилген финансы мекемесинин дивиденддерди төлөп берүүсүнө чектөөлөр;   

- филиалдарды түзүүсүнө тыюу салуу аркылуу адистештирилген финансы мекемелердин иш-чөйрөсүн кеңейтүүгө чектөө;   

- лицензиянын чегинде уруксат берилген ишкердикти же анын айрым түрлөрүн токтотуу боюнча адистештирилген финансы мекемелерге карата талап;   

- кемчиликтерди четтетүү боюнча башка чараларды көрүү жөнүндө талап.   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомунун редакциясына ылайык)   

36. Айыптык төлөм белгилөө.   

Адистештирилген финансы мекемесине карата акчалай айыптык төлөм Көзөмөл боюнча комитет тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик актыларынын талаптарын сактабагандыгы үчүн белгиленет. (*)учурда кабыл алынат. Айыптык төлөм өлчөмү ар бир жол берилген кемчилик үчүн адистештирилген финансы мекемесинин өздүк капиталынын бир пайызынан ашпаган өлчөмдө белгиленет.   

Айыптык төлөмдүн белгилениши, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик актыларынын бузууга жол берүү фактылары үчүн Улуттук банк тарабынан башка санкциялар колдонулбайт дегенди түшүндүрбөйт.   

Эгерде, адистештирилген финансы мекемеси тарабынан айыптык төлөм төлөнбөсө, Улуттук банк аны мажбурлап өндүрүү чараларын, ошондой эле мыйзам тарабынан белгиленген башка санкцияларды колдонууга укуктуу.   

Адистештирилген финансы мекемесинин кызмат адамдарына карата акчалай айыптык төлөм белгилөө.   

Адистештирилген финансы мекемесинин кызмат адамдарына карата айыптык төлөм Кыргыз Республикасынын "Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине" жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.   

Эгерде, адистештирилген финансы мекемесинин кызмат адамы тарабынан айыптык төлөм төлөнбөсө, Улуттук банк ага карата мыйзамдарда каралган айыптык төлөмдү мажбурлап өндүрүп алуу чараларын колдонушу мүмкүн.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомунун редакциясына ылайык)   

37. Адистештирилген финансы мекемесинин бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштыруу жөнүндө талап.   

Улуттук банк төмөнкү учурларда адистештирилген финансы мекемесинин кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарынын токтотулушун талап кылууга укуктуу:   

- Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келбесе;   

- маалыматтар берилбесе же такталбаган, толук эмес маалыматтар берилсе;   

- Улуттук банктын талаптарын жана жазма буйруктарын аткарбаса;   

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берсе;   

- адистештирилген финансы мекемесинин кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголсо;   

- банктык мыйзамдарда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган башка учурларда.   

Көзөмөл боюнча комитет адистештирилген финансы мекемесинин кызмат адамдарын ээлеген кызмат ордунан бошотуу же болбосо убактылуу четтетүү жана/же ошол кызмат адамынын мекеменин кайсыл бир ишинде катышуусуна тыюу салуу талабын адистештирилген финансы мекемесинин тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарына жөнөтөт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомунун редакциясына ылайык)   

38. Адистештирилген финансы мекемесинин лицензиясы төмөнкү учурларда кайтарылып алынышы мүмкүн:   

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалуу түрдө (бир календардык жыл ичинде эки же андан көп жолу) бузууга жол берсе;   

- адистештирилген финансы мекемеси Улуттук банктын жазма буйруктарын жана/же башка талаптарын системалуу түрдө (эки жана андан көп жолу) аткарбаса;   

- маалыматтарды системалуу түрдө (эки жана андан көп жолу) сунуштабаса же такталбаган жана толук эмес маалыматтарды берген учурда;   

- иштин негизги түрлөрү боюнча бир жылдан ашык убакыт бою иш алып барбаса.   

Адистештирилген финансы мекемесинин лицензиясынын кайтарылып алынышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны жоюуга алып келет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомунун редакциясына ылайык)  

Күчүн жоготту деп табылсын 

 

 

6. «Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелери 

№ п/п 

Аракеттеги редакция 

Сунушталган редакция 

Комментарий 

71. Насыялык бюронун ишинде жана анын кызмат адамдары, ошондой эле насыялык бюронун ишин жөнгө салган башка ченемдик укуктук документтердин талаптарын бузууга жол берүүлөр аныкталган шартта Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу:  

- аныкталган бузууга жол берүүлөрдү четтетүү тууралуу эскертүү же жазма буйрук жөнөтүүгө жана аларды четтетүү үчүн тиешелүү мөөнөттөрдү белгилөөгө;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык айыптык төлөм салууга;  

- лицензияны колдонуу мөөнөтүн токтотууга;  

- лицензияны кайтарып алууга.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

72. Насыялык бюрого карата колдонулуучу эскертүү чарасы жана жазма буйруктар, бузууга жол берүү фактысын аныктаган көзөмөл блогунун түзүмдүк бөлүмүнүн начальнигинин, областтык башкармалыктын начальнигинин же Баткен областындагы өкүлчүлүктүн директорунун (мындан ары - ыйгарым укуктуу адам) кол тамгасы коюлуп, Көзөмөл боюнча комитеттин чечими менен таризделет. Мындан тышкары жазма буйрук Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан да жөнөтүлүшү мүмкүн.  

73. Төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдонуу чечимдерин кабыл алуу Көзөмөл боюнча комитеттин өзгөчө компетенциясына кирет:  

- лицензияны колдонуу мөөнөтүн токтотуу;  

- лицензияны кайтарып алуу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

74. Насыялык бюрого белгилүү бир ченемдер жана эрежелер бузууга жол берилип жаткандыгы тууралуу маалымдоо зарылчылыгы келип чыккан учурда, кийинчерээк ага карата башка чаралар колдонулушу мүмкүн экендигин маалымдоо максатында эскертүү жөнөтүлөт.  

75. Аныкталган бузууларды белгилүү бир мөөнөттө четтетүү тууралуу жазма буйрук насыялык бюрого төмөнкү учурларда жөнөтүлөт:  

- насыялык таржымал маалымат базасынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды бузууга жол берилсе;  

- насыялык бюронун иши боюнча талаптарды бузууга жол берилсе;  

- маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу боюнча талаптарды бузууга жол берилсе;  

- анык эмес же толук эмес маалымат берилсе;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдери жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары бузулса.  

76. Айыптык төлөм белгилөө.  

Насыялык бюрого карата акчалай айыптык төлөм Улуттук банктын буйругуна ылайык административдик укук бузуулар боюнча ишти кароого ыйгарым укук чегерилген Улуттук банктын Төрагасынын орун басары тарабынан белгиленет. Айыптык төлөм Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, Улуттук банктын ченемдик актыларын сактабагандыгы үчүн белгиленет. Айыптык төлөм өлчөмү Кыргыз Республикасынын "Административдик жоопкерчилик жөнүндө" Мыйзамына ылайык аныкталат.  

Айыптык төлөмдүн белгилениши, насыялык бюрону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын бузууга жол бергендиги фактылары үчүн башка чараларды колдонуудан бошотпойт.  

Эгерде насыялык бюро айыптык төлөмдү төлөөдөн баш тартса Улуттук банк андан айыптык төлөмдү өндүрүү чараларын көрүүгө жана мыйзамда каралган башка аракеттерди колдонууга укуктуу.  

77. Улуттук банк "Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө" жободо каралган негиздер боюнча лицензиянын аракетин токтотууга же аны кайтарып алууга укуктуу.  

78. Ага карата таасир этүү чараларын колдонуу чечими кабыл алынган кредиттик бюро мындай чечим боюнча даттануу менен "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана коммерциялык банктар, банк операцияларынын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобого ылайык кайрылууга укуктуу. 

Күчүн жоготту деп табылсын 

 

7. «Убактылуу администрация жөнүндө» жобо 

№ п/п 

Аракеттеги редакция 

Сунушталган редакция 

Комментарий 

1. Бул Жободо Убактылуу администрацияны киргизүү жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле Убактылуу администрация киргизилген мезгил аралыгында алар банк операцияларын жүргүзүүдө пайдаланган атайы терминдерди эске алуу менен коммерциялык банктарды, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык уюмдарды, Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКты, депозиттерди тартуу менен иш алып барган, анын ичинде операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган же "ислам терезесине" ээ кредиттик союздарды, турак жай-сактык кредиттик компанияларды (мындан ары - банктар), ошондой эле төлөм уюмдарын/төлөм системаларынын операторлорун реструктуризациялоо негиздери, тартиби жана жол-жобосу аныкталган. Мында кредиттик союздарга жана төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна карата реструктуризациялоо жол-жоболору колдонулбайт. 

Бул жобонун талаптары кредиттик союздарга жана төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна алардын иш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат. 

1. Бул Жободо Убактылуу администрацияны киргизүү жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле Убактылуу администрация киргизилген мезгил аралыгында алар банк операцияларын жүргүзүүдө пайдаланган атайы терминдерди эске алуу менен коммерциялык банктарды, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык уюмдарды, Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКты, депозиттерди тартуу менен иш алып барган, анын ичинде операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган же «ислам терезесине» ээ кредиттик союздарды, турак жай-сактык кредиттик компанияларды, насыя бюролорун (мындан ары - банктар), ошондой эле төлөм уюмдарын/төлөм системаларынын операторлорун реструктуризациялоо негиздери, тартиби жана жол-жобосу аныкталган. Мында кредиттик союздарга жана төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна карата реструктуризациялоо жол-жоболору колдонулбайт. 

Бул жобонун талаптары кредиттик союздарга жана төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна алардын иш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат. 

 

 

8. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо 

№ п/п 

Аракеттеги редакция 

Сунушталган редакция 

Комментарий 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө 

аталышы 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) коммерциялык банктарга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан, "ислам терезесине" ээ банктарга, адистештирилген финансы-кредит мекемелерине/уюмдарына "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсына (мындан ары - банктар), кепилдик фонддорго карата таасир этүү чараларын колдонуу тартибин белгилөө ушул Жобонун максаты болуп саналат.   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) коммерциялык банктарга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан, «ислам терезесине» ээ банктарга (мындан ары - банктар), карата таасир этүү чараларын колдонуу тартибин белгилөө ушул Жобонун максаты болуп саналат.   

 

 

9. Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелери 

№ п/п 

Аракеттеги редакция 

Сунушталган редакция 

Комментарий 

64. Улуттук банктын кепилдик фонддорго таасир этүү чараларын колдонуу негизи, учурлар жана тартиби, ошондой эле алардын ишин алгылыксыз жана кооптуу катары таануу белгилерин аныктоо жана мындай ишке фонддун жана анын кызмат адамдарынын катышын аныктоо тартиби Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана башка айрым финансы-кредит уюмдарына карата таасир этүү чаралары жөнүндө" жободо белгиленген. 

Кепилдик фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, кайра өзгөртүлүп түзүлүшү же жоюлушу мүмкүн. 

64. Улуттук банктын кепилдик фонддорго карата таасир этүү чараларын колдонуу негизи, учуру жана тартиби, ошондой эле алардын ишин алгылыксыз жана кооптуу катары таануу белгилерин аныктоо жана мындай ишке фонддун жана анын кызмат адамдарынын катышын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому менен бекитилүүчү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык жүзөгө ашырылат. 

Кепилдик фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, кайра өзгөртүлүп түзүлүшү же жоюлушу мүмкүн. 

 

 

10. Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелери 

№ п/п 

Аракеттеги редакция 

Сунушталган редакция 

Комментарий 

101. Улуттук банктын талаптарын так сакталбагандыгы, такталбаган маалыматтарды берилгендиги, маалыматтардын өз учурунда берилбегендиги же отчеттордун жана маалыматтардын берилбей калышы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берүүлөр аныкталган учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Эрежелерге жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

Улуттук банк тарабынан ТСККга карата таасир этүү чараларын колдонуу негизи, учуру жана тартиби, ошондой эле ТСККнын алгылыксыз жана кооптуу иш тажрыйбасынын белгилөө жана ага ТСККнын жана анын кызмат адамдарынын тиешеси бардыгын аныктоо 2017-жылдын 31-майындагы №21/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жободо белгиленген.  

Мында, турак-жай сактык компаниянын лицензиясын кайтарып алуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган негизде жана тартипте анын жоюлушуна алып келет. 

101. Улуттук банктын талаптарын так сакталбагандыгы, такталбаган маалыматтарды берилгендиги, маалыматтардын өз учурунда берилбегендиги же отчеттордун жана маалыматтардын берилбей калышы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берүүлөр аныкталган учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Эрежелерге жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

Улуттук банктын ТСККга карата таасир этүү чараларын колдонуу негизи, учуру жана тартиби, ошондой эле ТСККнын ишин алгылыксыз жана кооптуу катары таануу белгилерин аныктоо жана ага ТСККнын жана анын кызмат адамдарынын катышын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын токтому менен бекитилүүчү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жободо белгиленген. 

Мында, турак-жай сактык компаниянын лицензиясын кайтарып алуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган негизде жана тартипте анын жоюлушуна алып келет.