Кайта келүү

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдети: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун иштеп чыкты. 

Бул токтомдун долбоору банк эмес финансы-кредит уюмдарына (мындан ары БФКУ) таасир этүү чараларын колдонуу боюнча ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу зарылдыгына байланыштуу иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Улуттук банк, Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган БФКУларды жана башка юридикалык жактардын ишин тескейт. Бүгүнкү күндө Улуттук банк тарабынан төмөнкү БФКУлар көзөмөлгө алынат: микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар, кепилдик фонддор, кредиттик бюролору, турак жай-сактык кредиттик компаниялар жана адистештирилген финансы-кредит уюмдары. 

Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары «Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо менен жөнгө салынат. Микрофинансы уюмдарына жана турак жай-сактык кредиттик компанияларына карата таасир этүү чаралары «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга жана турак жай-сактык кредиттик компанияларга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык колдонулат. Кепилдик фонддоруна жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө ченемдер «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жободо каралган. Ал эми кредиттик бюролорго таасир этүү чараларына карата талаптар Кыргыз Республикасынын аймагында кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелеринде камтылган. 

Ошентип, банк эмес финансы-кредит уюмдарына карата колдонулган таасир этүү чаралары боюнча ченемдер бир катар өзүнчө ченемдик укуктук актыларда камтылган, бул аларды колдонууда белгилүү бир ыңгайсыздыктарды жаратат. Бул факт Улуттук банктын кызматкерлери сыяктуу эле, көзөмөлгө алынган уюмдардын кызматкерлери тарабынан ката кетирүү менен байланышкан белгилүү бир укуктук тобокелдиктерге алып келет. Ошол эле учурда, БФКУга таасир этүү чараларын колдонуу принциптери бирдей, колдонулган санкциялардын тизмеси, ошол же бул чараны колдонуунун негиздери жана себептери дээрлик бирдей. 

Ушуга байланыштуу, жөнгө салуучу базаны оптималдаштыруу, БФКУ боюнча ченемдик укуктук актыларды коммерциялык банктар боюнча ченемдик укуктук базага шайкеш келтирүү, ошондой эле тобокелдикти аныктоого багытталган мамилени эске алуу менен БФКУнун ар биринин өзүнчө түрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алып, БФКУга карата бирдей мамилени иштеп чыгуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун долбоору иштелип чыккан.  

 

Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган жана «ислам терезеси» бар башка юридикалык жактарга карата таасир этүү чараларын колдонуунун тартибин аныктоо ушул Жобонун максатынан болуп саналат. 

 

Жобонун ченемдери микрофинансылык уюмдарга, кредиттик союздарга, кепилдик фонддоруна, кредиттик бюролорго, турак жай-сактык кредиттик компанияларына жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына карата колдонулат. 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт. Бул долбоордун кабыл алынышы ченемдик укуктук базанын өркүндөтүлүшүнө байланыштуу оң укуктук натыйжаларга алып келет. 

 

4. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунуш кылынган долбоор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт.  

 

5. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат. 

Бул бөлүк коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча түзүлөт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы боюнча маалымат  

Токтом долбоорунун көрсөтүлгөн ченемдерин кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт.  

 

7. Жөнгө салуу таасирине талдоо жүргүзүү тууралуу маалымат 

Көрсөтүлгөн токтом долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Методологияга ылайык жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлдү

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын ___-___________ 

№________________________ 

токтомуна тиркеме 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» 

 

ЖОБО 

I бөлүк. Жалпы жоболор 

1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк), Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга (мындан ары банк эмес финансы-кредит уюмдары) анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган жана «ислам терезесине» ээ жактарга карата таасир этүү чараларын колдонуу тартибин белгилейт.  

2. Жобонун ченемдери микрофинансы уюмдарына, кредиттик союздарга, кепилдик фонддорго, кредиттик бюролорго, турак жай-сактык кредиттик компанияларга, адистештирилген финансы мекемелерине жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына таркатылат

3. Улуттук банктын банк эмес финансы-кредит уюмдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу максаты катары банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана банк тутумунун туруктуулугун колдоо, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү, банктык кызмат көрсөтүү рыногунда монополисттик ишке тыюу салуу, аманатчылардын таламдарын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнөн керектөөчүлөрдүн жана башка кредиторлордун укуктарын коргоо үчүн ыкчам чара көрүү, кемчиликтерди жөнгө салуу жана четтетүү саналат.  

4. Таасир этүү чаралары Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында жана ушул жободо каралган негизде жана тартипте өз алдынча колдонулат. Улуттук банк таасир этүү чараларын белгиленген тартипте сыяктуу эле, жол берилген кемчиликтердин мүнөзүнө, түрүнө жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык абалына жараша колдонушу мүмкүн. Улуттук банк банк эмес финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чараларынын максатка ылайыктуулугун, түрүн жана тартибин өз алдынча аныктайт.  

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын ишин бузуу катары банк эмес финансы-кредит уюмдарынын, алардын менчик ээлеринин жана кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына каршы келген аракеттери (аракеттенбей коюусу) саналат. 

II бөлүк. Таасир этүү чараларынын түрлөрү  

 

6. Таасир этүү чараларына төмөнкүлөр кирет:  

1) жазма буйрук;  

2) айыптык төлөм;  

3) талап коюу;  

4) экономикалык ченемдерди жогорулатуу жана талаптарды күчөтүү;  

5) чектөөлөр же тыюу салуулар;  

6) кызмат адамдарын четтетүү же иштен бошотуу, башкаруу органдарын алмаштыруу;  

7) атайын режимди киргизүү;  

8) лицензияны/эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү кайтарып алуу.  

9) лицензиянын/эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн аракетин токтотуу. 

7. Банк эмес финансы-кредит уюмдарына карата тигил же бул таасир этүү чарасын колдонуу чечими төмөнкүлөрдү эске алуу менен кабыл алынат:  

- бузууга жол берүү өзгөчөлүгүн жана анын банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишине таасирин;  

- бузууга жол берүү тездиги жана мезгил аралыгы;  

- банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык абалына коркунучтар;  

- бузууга жол берүүнүн натыйжасында банк эмес финансы-кредит уюмдарына келтирилген чыгымдардын өлчөмү;  

- банк эмес финансы-кредит уюмдарынын кызмат адамдарына жол берилген бузуулар жөнүндө маалымдалышы;  

- банк эмес финансы-кредит уюмдарынын кызмат адамдарында орун алган проблемаларды чечүүгө жөндөмдүүлүгү;  

- атайылап бузууга жол берүү, ошондой эле аффилирленген жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына байланыштуу башка жактардын жол берилген бузууларга жеке кызыкдар (моралдык, материалдык) болгондугунун/болбогондугунун фактысы;  

- операциялык иште жана ички контролдоо системасында проблемалардын олуттуулугу;  

- банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген ички жол-жоболордун жана саясаттын талаптарын так сактоо;  

- буга чейин банк эмес финансы-кредит уюмдарына карата бузууларга жол бергендиги үчүн кандайдыр бир таасир этүү чаралары колдонулган учурлар;  

- банк эмес финансы-кредит уюмдарынын кызмат адамдарында проблемалардын болушун жана алардын олуттуулугун таануусу;  

- банк эмес финансы-кредит уюмдарынын кызмат адамдарынын же акционерлеринин (катышуучуларынын) Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрүн жана/же талаптарын аткаруусу;  

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу болуп саналган операциянын (операциялардын) мүнөзү, мезгил аралыгы жана/же көлөмү

8. Таасир этүү чарасы Улуттук банк тарабынан бузууга жол берүү аныкталган күндөн тартып 12 (он эки) айдан кечиктирилбестен колдонулушу мүмкүн. Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча банк эмес финансы-кредит уюмдарына таасир этүү чаралары колдонулган учурда, текшерүү жөнүндө отчет банк эмес финансы-кредит уюмдарына жөнөтүлгөн күн бузууга жол берүү аныкталган күн болуп саналат. 

9. Улуттук банктын таасир этүү чаралары Улуттук банк Башкармасынын же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин токтомдоруна, көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнүн же Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин жазма буйруктарына ылайык таризделиши мүмкүн. 

10. Улуттук банк, өз ишинде жол берилген кемчиликтерди четтетүү боюнча банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан өз эрки менен милдеттенме алуу мүмкүнчүлүгүн кароого укуктуу.  

11. Улуттук банк банк эмес финансы-кредит уюмдарына кат жүзүндө эскертүү жөнөтүүгө укуктуу. Кат жүзүндө эскертүү Улуттук банктын таасир этүү чарасы болуп саналбайт жана ал банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишинин туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө кесепетин тийгизиши мүмкүн болгон олуттуу тобокелдиктер орун алган шартта жана/же белгилүү бир ченемдерди жана эрежелерди, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдардын жана/же ченемдик укуктук актылардын жоболорун бузууга жол берүүлөр тууралуу банк эмес финансы-кредит уюмдарына маалымдоо зарылчылыгы келип чыккан учурда, ошондой эле мындан ары ага карата тиешелүү таасир этүү чарасы колдонулушу мүмкүндүгүн алдын алуу максатында жөнөтүлөт. Кат жүзүндө эскертүү тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн начальнигинин же көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнүн кол тамгасын койдуруу менен жөнөтүлөт. 

III бөлүк. Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын аракеттерин (аракеттенбей коюуларын) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары таануу  

 

12. Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын иши, ошондой эле анын аманатчыларына, башка кредиторлоруна, акционерлерине/катышуучуларына же банк тутумуна банк эмес финансы-кредит уюмдарынын кызмат адамдарынын/акционерлеринин/катышуучуларынын айкын кооптуу жагдайды жана/же жоготуу же чыгым тартуу мүмкүнчүлүгүн жаратуучу аракеттери (аракеттенбей коюулары) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба болуп саналат.  

13. Улуттук банк төмөнкүлөргө баа берүүгө таянуу менен ар бир айрым учурда алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбаны аныктайт:  

- аларды коштогон факторлорго жана жагдайларга;  

- аманатчылардын, кредиторлордун каражаттары, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишинин жана/же бүтүндөй банк тутумунун туруктуулугу үчүн потенциалдуу кооптуу жагдайларга.  

14. Алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары таанылышы мүмкүн болгон банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишинин, аракеттеринин (аракеттенбей коюуларынын) белгилери ушул жобого карата 1-тиркемеде келтирилген жана алардын тизмеги булар менен гана чектелип калбайт.  

15. Банк эмес финансы-кредит уюмдарына алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылууга жол берилбейт.  

16. Улуттук банк иши алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылган катары таанылган кайсы болбосун банк эмес финансы-кредит уюмдарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияны/эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү кайтарып алууга чейинки таасир этүү чараларын колдоно алат.  

17. Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын иши, анын кызмат адамдарынын/акционерлеринин/уюштуруучуларынын иш-аракеттери/аракеттенбей коюулары Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан сунушталган маалыматтардын негизинде Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары таанылат.  

18. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети/Улуттук банк Башкармасы өз компетенциясынын чегинде алардын аракеттери (аракеттенбей коюулары) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары каралган банк эмес финансы-кредит уюмдарына, анын кызмат адамдарына/акционерлерине/уюштуруучуларына, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын кызмат адамдарына карата тиешелүү таасир этүү чарасын колдонуу чечимин кабыл алат.  

IV бөлүк. Өз эрки боюнча милдеттенме алуу  

 

19. Банк эмес финансы-кредит уюмунун жетекчилигинин аныкталган кемчиликтердин, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдардын жана/же ченемдик укуктук актылардын белгилүү бир ченемдерин жана эрежелерин, ошондой эле жоболорун бузууга жол берүүлөрдүн жана/же анын туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктердин натыйжалуу четтетилишин камсыз кылуу максатында Улуттук банк менен кызматташууга даярдыгы, өз эрки боюнча милдеттенме алуунун өзгөчөлүгү болуп саналат. 

20. Өз эрки боюнча милдеттенме алуунун төмөнкүдөй түрлөрү колдонулушу мүмкүн:  

1) көзөмөл органдын банк эмес финансы-кредит уюмуна карата алдын ала иш-аракеттеринин алкагында сын-пикирлерди четтетүү;  

2) милдеттенме-катка кол коюу;  

3) кат жүзүндө макулдашууга кол коюу.  

21. Милдеттенме-кат, ишинде көзөмөл органынын олуттуу тынчсыздануусун жаратпаган кемчиликтер жана ченемдик укуктук актыларды бузууга жол берүү коркунучтары/өбөлгөлөрү орун алган банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан даярдалат жана сунушталат. Анда мөөнөттөрүн жана максаттуу көрсөткүчтөрүн белгилөө менен банк эмес финансы-кредит уюмунун башкаруу органы тарабынан кемчиликтерди четтетүү боюнча көрүлө турган айкын чаралар камтылууга тийиш. Милдеттенме-кат банк эмес финансы-кредит уюмунун башкаруу органы тарабынан бекитилет жана Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. 

22. Өз эрки боюнча милдеттенме алуу түрү катары кат жүзүндө макулдашуу микрофинансылык компанияларга гана колдонулушу мүмкүн (мындан ары МФК). МФК менен Улуттук банк ортосунда кат жүзүндө макулдашуу МФКнын ишинде бузууга жол берүүлөр аныкталган учурларда гана жана төмөнкү шарттарда кол коюлат:  

1) МФК жетиштүү деңгээлде капиталдаштырылган болсо;  

2) МФКнын жетекчилиги орун алган проблемалардын олуттуулугун түшүнүп, аларды четтетүү үчүн зарыл чараларды көрүүгө даяр болсо;  

3) кемчиликтер жана бузуулар МФКнын финансылык абалына терс таасирин тийгизбесе.  

Кат жүзүндө макулдашууда МФКнын жетекчилиги аткарууга тийиш болгон иш-аракеттер жана аларды аткаруу мөөнөттөрү көрсөтүлөт. Бул макулдашуу Улуттук банк тарабынан даярдалат жана ага МФК жана Улуттук банктын төрагасынын көзөмөл блогун тескөөгө алган орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү кол коёт. Макулдашууда МФКнын ишинде орун алган кемчиликтерди четтетүү жана анын финансылык абалын жакшыртуу боюнча ниети чагылдырылууга тийиш. Кат жүзүндөгү макулдашууга кол коюу менен МФК анын шарттарын аткаруу милдеттенмесин өзүнө алат. 

V бөлүк. Улуттук банк тарабынан колдонулуучу таасир этүү чаралары 

1-глава. Жазма буйрук 

23. Жазма буйрук Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу начальниктери, Улуттук банктын төрагасынын көзөмөл блогун тескөөгө алган орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан колдонулат. 

Жазма буйрукта банк эмес финансы-кредит уюму, анын акционерлери (катышуучулары) жана кызмат адамдары бузууга жол берген Кыргыз Республикасынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын ченемдерине жана талаптарына шилтемелер, ошондой эле аларды четтетүү мөөнөтү келтирилет.  

Аныкталган бузууга жол берүүлөргө, ошондой эле банк эмес финансы-кредит уюмунун ишинин туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө коркунуч жараткан тобокелдиктерге жараша жазма буйрукта төмөнкүдөй талаптар камтылышы мүмкүн:  

- бузууларды четтетүү жөнүндө (милдеттүү ченемдердин, ачык валюта позиция лимиттеринин маанилерин белгиленген деңгээлге келтирүү жөнүндө; кредиторлор жана аманатчылар алдында милдеттенмелерди аткаруу жана башкалар);  

- банк эмес финансы-кредит уюмунун ишин ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келтирүү жөнүндө;  

- белгилүү бир иш-аракеттерди, анын ичинде банк эмес финансы-кредит уюмунун айрым операцияларды жүргүзүүдөүтүмдөргө келишүүдө орун алган тобокелдик деңгээлин төмөндөткөн/оптималдаштырган иш-аракеттерди аткаруу жөнүндө

- банк эмес финансы-кредит уюмунун ички ченемдик документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

24. Жазма буйрукта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- жазма буйрук чыгарылган күн жана жери;  

- каттоо номери;  

- жазма буйрук чыгарган органдын толук аталышы/кызмат адамынын аты-жөнү;  

- жазма буйрук жөнөтүлгөн финансы-кредит уюмунун кызмат адамынын аты-жөнү/банк эмес финансы-кредит уюмунун толук аталышы;  

- күчүнө кирүү мөөнөтү;  

- эгерде ал белгилүү бир мезгил аралыгына кабыл алынса, анын колдонуу мөөнөтү;  

- даттануу мөөнөтү жана бул жазма буйрукка карата даттануу менен кайрылууга мүмкүн болгон орган. 

Мындан тышкары жазма буйрукта ошол маселе тууралуу маалымат, б.а. бузууга жол берүү фактысы, ошондой эле бузууга байланыштуу бардык жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш жана жазма буйрукту жөнөтүүнү негиздөө үчүн анда банк эмес финансы-кредит уюму/акционери (акционерлери)/(катышуучу(катышуучулар)/банк эмес финансы-кредит уюмунун кызмат адамдары тарабынан бузууга жол берилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна тиешелүү шилтемелер келтирилүүгө тийиш.  

Жазма буйрук чыгарууда Улуттук банк аларга таянган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле кабыл алынган чечим жана банк эмес финансы-кредит уюм/акционери (акционерлери)/(катышуучу(катышуучулар) банк эмес финансы-кредит уюмунун кызмат адамдары тарабынан көрүлүүгө тийиш болгон тиешелүү чаралар көрсөтүлөт жана аларды аткаруу мөөнөттөрү белгиленет.  

Белгиленген ички тартипке ылайык, жазма буйрукка Улуттук банктын мөөрү басылат.  

25. Жазма буйрук жөнөтүлгөндөн кийин Улуттук банктын бул жазма буйрукту демилгелеген жооптуу түзүмдүк бөлүмү белгиленген мөөнөт ичинде банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан жазма буйруктун талаптарынын аткарылышын контролдойт, ал аткарылбаган учурда дароо тиешелүү чара көрүлөт.  

26. Жазма буйрук аткарылбагандыгы үчүн, Улуттук банк ушул Жобонун талаптарына ылайык банк эмес финансы-кредит уюмдарына башка таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

2-глава. Айыптык төлөм 

27. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, банктык мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы, Улуттук банктын жазма буйруктарын, чечимдерин жана талаптарын аткарбагандыгы же системалуу түрдө отчетту сунуштабагандыгы же болбосо маалыматтын, отчеттун так эмес сунушталышы үчүн Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети төмөнкүдөй өлчөмдө айыптык төлөм белгилөөгө укуктуу:  

1) адистештирилген финансы-кредит уюмдарына, кепилдик фонддорго карата минималдуу уставдык капиталдан он пайыздан ашпаган өлчөмдө;  

2) микрофинансылык уюмдарга, турак жай-сактык кредиттик компанияларга, кредиттик союздарга жана кредиттик бюролорго карата активдердин баланстык наркынан он пайыздан ашпаган өлчөмдө

3) адистештирилген финансы мекемелерине карата - укук бузуунун ар бир конкреттүү учуру үчүн уставдык капиталдын бир пайызынан ашпаган өлчөмдө

4) адистештирилген финансы-кредит уюмунун, кепилдик фонддордун, микрофинансы уюмдарынын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын, адистештирилген финансы мекемелеринин жана кредиттик бюролордун кызмат адамына карата - төлөөнүн бардык түрлөрүн кошо алганда (кызматтык эмгек акы, сый акылар, бонустар ж.б.), орточо жылдык сый акыдан ашпаган өлчөмдө.  

28. Банк эмес финансы-кредит уюмдары чечим кабыл алынган күндөн тартып 1 (бир) ай ичинде айыптык төлөмдү төлөөгө милдеттүү.  

29. Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын кызмат адамдары ага айыптык төлөм белгиленгендиги жөнүндө токтом тапшырылган күндөн тартып 3 (үч) айдан кечиктирбестен айыптык төлөмдү төлөөгө милдеттүү.  

30. Эгерде айыптык төлөм белгиленген мөөнөт ичинде банк эмес финансы-кредит уюмдары/анын кызмат адамы тарабынан төлөнбөсө, анда айыптык төлөм аткаруу өндүрүшүнүн алкагында мажбурлоо тартибинде өндүрүлөт.  

31. Валюта позициясынын лимиттерин бузууга жол бергендиги үчүн айыптык төлөм Улуттук банк Башкармасынын токтомдоруна ылайык бекитилген «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоого жана «Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоого ылайык белгиленет. 

32. Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан милдеттүү камдык талаптар сакталбаган шартта, банк эмес финансы-кредит уюмдарынан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык айыптык төлөм өндүрүлөт.  

33. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын компетенциясына кирген, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзүү жол-жобосу Улуттук банктын Башкармасынын токтому менен бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча нускоого ылайык жөнгө салынат. 

34. Банк эмес финансы-кредит уюмуна жана анын кызмат адамдарына айыптык төлөм белгилөө бузууларды четтетпөө үчүн негиз болуп саналбайт. 

3-глава. Талап кылуу  

35. Улуттук банк, банк эмес финансы-кредит уюмдарына карата төмөнкүдөй талаптарды коюуга укуктуу:  

-  финансылык абалды чыңдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү жөнүндө

- банк эмес финансы-кредит уюмуна кайталап/атайын тышкы аудит жүргүзүү жөнүндө;  

- административдик чыгашаларды кыскартуу жөнүндө;  

- банк эмес финансы-кредит уюмунун уюштуруу түзүмүн өзгөртүү жөнүндө;  

- банк эмес финансы-кредит уюмунун саясатын, жоболорун, жол-жоболорун жана башка ички ченемдик документтерин өзгөртүү тууралуу. 

§ 1. Финансылык абалды чыңдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү жөнүндө талап  

36. Улуттук банк, депозиттерди тартуу менен иш алып барган системалуу мааниге ээ банк эмес финансы-кредит уюмдарынан, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык уюмдардан, катышуучулардан депозиттерди тартууга лицензияга ээ жана/же үчүнчү жактар алдында карыздарга ээ адистештирилген финансы-кредит уюмдарынан, кредиттик союздардан финансылык абалды чыңдоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү талап кылууга укуктуу. 

Финансылык абалды чыңдоо планы ушул жобого карата 2-тиркемеде камтылган талаптарга ылайык түзүлөт. Планда банк эмес финансы-кредит уюмунун ишинин туруктуулугун калыбына келтирүү боюнча шайкеш чаралар, мөөнөттөр, ыкмалар жана ресурстар каралууга тийиш.  

Банк эмес финансы-кредит уюму финансылык абалды чыңдоо планынын шайкештигине баа берип турууга милдеттүү

37. Улуттук банк кайсы болбосун учурда банк эмес финансы-кредит уюмунан финансылык абалды чыңдоо планында каралган чаралардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык кандай болбосун башка чаралардын ишке ашырылышын талап кылышы мүмкүн.  

Банк эмес финансы-кредит уюмуна финансылык абалды чыңдоо чараларын өткөрүү талабы коюлган шартта, банк эмес финансы-кредит уюмунун финансылык абалын чыңдоо планы, жаңыртылган планды (Улуттук банктын талабы боюнча финансылык абалды чыңдоо планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген учурда) кошо алганда, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча банк эмес финансы-кредит уюмунун иш-чаралары Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан макулдашылууга тийиш.  

38. Улуттук банк талап кылган күндөн тартып банк эмес финансы-кредит уюму пайданы бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө (анын ичинде мурда кабыл алынган чечимдер боюнча), акционерлер (катышуучулар) алдында кандай болбосун финансылык милдеттенмелерди жана төлөмдөрдү аткаруу, ошондой эле эмгек акы төлөөнү эске албаганда, банк эмес финансы-кредит уюмунун кызмат адамдарына жана кызматчыларына кандай болбосун сый акы төлөө жөнүндө чечимдерди кабыл алууга укугу жок.  

39. Банк эмес финансы-кредит уюмунун финансылык абалын чыңдоо чараларын жүзөгө ашыруу мезгил ичинде Улуттук банк, эгерде бул финансылык абалдын начарлашына же банкроттукка учурашына алып келе турган болсо, банк эмес финансы-кредит уюмуна кредиторлордун, банк эмес финансы-кредит уюму менен аффирленген жана байланыштуу жактардын акчалай милдеттенмелери боюнча талаптарын канааттандырууга тыюу салууга же чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.  

40. Банк эмес финансы-кредит уюмунун ыйгарым укуктуу органы финансылык абалды чыңдоо программасын бекитүүгө милдеттүү

§ 2. Банк эмес финансы-кредит уюмдарында кайталап/атайын тышкы аудит жүргүзүү талабы  

41. Банк эмес финансы-кредит уюмунун ишинде бузууга жол берүү аныкталган учурда, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети банк эмес финансы-кредит уюмунун ишине кайталап/атайын тышкы аудит жүргүзүүнү талап кылуу ыйгарым укуктарына ээ.  

42. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети токтом чыгаруу аркылуу банк эмес финансы-кредит уюмуна кайталап/атайын тышкы аудит жүргүзүү талабын коюшу мүмкүн, анда ушул жободо белгиленген кошумча талаптар да каралышы ыктымал. Мындан тышкары талапта тышкы аудит жүргүзүү мөөнөтү ичинде банк эмес финансы-кредит уюмунун ишинин белгилүү бир түрүнө чектөөлөр белгилениши мүмкүн.  

43. Кайталап/атайын тышкы аудит жүргүзүүгө байланыштуу бардык чыгашалар банк эмес финансы-кредит уюмунун каражаттарынын эсебинен төлөнөт.  

 

§ 3. Административдик чыгашаларды кыскартуу талабы  

44. Улуттук банк депозиттерди тартуу менен иш алып барган системалуу мааниге ээ банк эмес финансы-кредит уюмдарына, ошондой эле микрофинансы компанияларына, катышуучулардан депозиттерди тартуу лицензиясына ээ адистештирилген финансы-кредит уюмдарына, кредиттик союздарга карата административдик чыгашаларды кыскартуу талабын коюуга укуктуу. 

Административдик чыгашаларды кыскартуу талабы Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан, анын пикири боюнча банк эмес финансы-кредит уюму тобокелдикке баруу менен иш алып барып жаткан жана/же орун алган административдик чыгашалар ашкере жогору жана/же негизсиз катары саналган учурларда, ошондой эле келечекте олуттуу финансылык жоготуулардын келип чыгышына жол бербөө максатында кабыл алынат.  

45. Административдик чыгашаларды кыскартуу талабын коюу негиздери катары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:  

1) банк эмес финансы-кредит уюмунда финансылык проблемалар орун алса;  

2) мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берүү фактылары аныкталса;  

3) банк эмес финансы-кредит уюмунда тобокелдиктерди тескөөнүн шайкеш эмес системасы орун алса;  

4) банк эмес финансы-кредит уюму капитал боюнча талаптарды аткарбаса;  

5) административдик чыгашалар ашкере жогору жана/же негизсиз болуп санала тургандыгын жана/же аларды азайтуу үчүн потенциал бар экендигин тастыктаган башка жагдайлар бар болсо.  

46. Улуттук банк кыскартылууга же болбосо белгиленген мөөнөткө алынып салынууга тийиш болгон административдик чыгашалардын белгилүү бир статьяларын белгилөөгө укуктуу.  

§ 4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын  

уюштуруу түзүмүн өзгөртүү жөнүндө талап 

47. Банк эмес финансы-кредит уюмунун уюштуруу түзүмү компетенцияларды, башкаруу органдарынын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана банк эмес финансы-кредит уюмунун кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин белгилей албаса жана/же так белгилей албаса, анда Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети анын уюштуруу түзүмүн өзгөртүүнү талап кылууга укуктуу.  

48. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети банк эмес финансы-кредит уюмунун ишинин шайкеш жүзөгө ашырылышы үчүн жооп бербеген татаал жана көлөмдүү түзүмдөн турган, натыйжалуу иш алып барбаган түзүмдүк/обочолонгон бөлүмдү банк эмес финансы-кредит уюмунун уюштуруу түзүмүнөн алып салууну талап кылууга укуктуу. 

 

§ 5. Банк эмес финансы-кредит уюмунун саясатын, жоболорун,  

жол-жоболорун жана башка ички ченемдик документтерин өзгөртүү жөнүндө талап  

49. Банк эмес финансы-кредит уюмунда саясаттын, жоболордун, жол-жоболордун жана башка ички ченемдик документтердин мазмуну мыйзам талаптарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жооп бербеген учурларда, Улуттук банк аларды өзгөртүүнү жана/же толуктоону талап кылат.  

50. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети/төраганын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүүзүмдүк бөлүмдөрдүн начальниктери банк эмес финансы-кредит уюмунун ички документтери мыйзам талаптарына дал келбегендигин аныктаган түзүмдүк бөлүмдүн маалыматынын негизинде, ошондой эле тобокелдиктерди кыскартуу жана контролдукту күчөтүү максатында, банк эмес финансы-кредит уюмунун ички ченемдик документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү талабын коюуга укуктуу.  

4-глава. Экономикалык ченемдерди жана талаптарды жогорулатуу  

51. Экономикалык ченемдерди бузууга жол бергендиги үчүн, ошондой эле банк эмес финансы-кредит уюмунун ишинде финансылык абалдын начарлоо тенденциясы байкалган учурда, бирок ошол эле учурда банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан Улуттук банктын минималдуу экономикалык ченемдери жана талаптары сакталган болсо, Улуттук банк ошол банк эмес финансы-кредит уюмуна карата жаңы жана/же кыйла күчөтүлгөн экономикалык ченемдерди белгилеши мүмкүн.  

52. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети төмөнкүлөргө укуктуу:  

1) капиталдын шайкештик (жетиштүүлүгү) ченемдеринин (стандарттарынын, коэффициенттеринин) өлчөмүн жогорулатууга;  

2) бир карыз алуучуга (катышуучуга) тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн төмөндөтүүгө;  

3) ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) жогорулатууга;  

4) кам түзүү тартибине, анын ичинде милдеттүү кам ченемдерин жогорулатуу аркылуу талаптарды күчөтүүгө;  

5) чет өлкө валютасында операцияларды жүргүзүүдө орун алган тобокелдиктерди кыскартуу зарыл болгон учурларда, ачык валюта позициясынын лимитинин өлчөмүн азайтууга;  

6) Улуттук банк тарабынан белгиленген башка экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү өзгөртүүгө.  

53. Милдеттүү кам ченемин жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүн жогорулатуу Улуттук банк Башкармасы тарабынан Көзөмөл боюнча комитетинин сунушу боюнча кабыл алынат.  

§ 1. Чектөөлөр же тыюу салуулар  

54. Банк эмес финансы-кредит уюму мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген учурда, жана анын ишинде тобокелдиктер орун алган шартта, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети чектөөлөрдү жана тыюу салууларды белгилөөгө укуктуу.  

55. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети төмөнкү учурларда дивиденддерди төлөөгө/банк эмес финансы-кредит уюмунун мүлкүн жана/же акча каражаттарын тескөөгө жана/же сый акыларды төлөөгө чектөөлөрдү же тыюу салууларды белгилөөгө укуктуу:  

1) эгерде мындай жагдай банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан экономикалык ченемдердин бузулушуна алып келсе;  

2) банк эмес финансы-кредит уюмунун капиталынын шайкештик (жетиштүүлүк) ченемдеринин (стандарттарынын, коэффициенттеринин) мааниси Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу чектен төмөн болсо;  

3) Улуттук банктын талаптарына ылайык потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүлбөсө же жетишсиз өлчөмдө түзүлсө;  

4) эгерде банк эмес финансы-кредит уюмунун өткөн жылдар жана/же отчеттук жыл үчүн орду жабылбаган чыгымдары болсо;  

5) банк эмес финансы-кредит уюмунун финансылык абалы начарласа;  

6) мыйзамдарда каралган башка учурларда.  

56. Банк эмес финансы-кредит уюму инвестицияларды чектөө талаптарын, анын ичинде кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар менен бүтүмдөргө келишүү жана банк эмес финансы-кредит уюмунун экономикалык, анын ичинде капитал шайкештиги ченемдерин сактоосуна таасирин тийгизген башка бүтүмдөргө келишүү боюнча талаптарды жана чектөөлөрдү бузган шартта, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети инвестицияларды жүзөгө ашырууга жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар менен бүтүмдөргө жана башка бүтүмдөргө келишүүгө чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүүгө укуктуу.  

57. Банк эмес финансы-кредит уюмунун ишинде төмөнкүлөргө байланыштуу бузууга жол берүүлөр аныкталган учурда, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети операциялардын айрым түрлөрүнө чектөөлөрдү белгилөөгө же аларды ишке ашырууну токтотууга укуктуу:  

1) банк эмес финансы-кредит уюму алгылыксыз жана/же кооптуу банктык тажрыйбага тартылган учурда;  

2) банк мыйзамдарын, анын ичинде банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо боюнча, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча, монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана банктык кызматтык көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мыйзамдарды жана/же ченемдик укуктук актыларды бузууга жол берген учурда, анын ичинде Улуттук банктын экономикалык ченемдери, ченемдик актылары сакталбаса же анын жазма буйруктары аткарылбаса; 

3)  банк эмес финансы-кредит уюмун жоюу/ анын иш аракетин токтотуу менен. 

58. Банктык мыйзам талаптары, анын ичинде банк эмес финансы-кредит уюму жана банк эмес финансы-кредит уюму менен байланыштуу жактар ортосунда ишке ашырылган операциялар жана бүтүмдөр боюнча талаптарды жана чектөөлөрдү бузууга жол берилген шартта, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети аларды жүзөгө ашырууга чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүүгө укуктуу.  

Банк эмес финансы-кредит уюму Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте банк эмес финансы-кредит уюмунун банк эмес финансы-кредит уюму менен байланыштуу жактар менен келишилген бардык бүтүмдөрү жөнүндө маалыматты Улуттук банкка сунуштап турууга милдеттүү.  

6-глава. Кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, башкаруу органдарын алмаштыруу  

59. Банк эмес финансы-кредит уюмунун кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, башкаруу органдарын алмаштыруу чечими Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан төмөнкү фактылар аныкталган шартта кабыл алынат:  

1) банк эмес финансы-кредит уюму бүтүмдөргө келишүүдө таламдардын каршы келип калышын жана/же кызыкчылыгын жашыруу;  

2) квалификациялык талаптарга, көз карандысыздык боюнча жана кынтыксыз ишкердик аброй талаптарына ылайык келбегендигин тастыктаган маалыматты жашыруу;  

3) Улуттук банктын баа берүүсү боюнча банк эмес финансы-кредит уюмунун башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн банк эмес финансы-кредит уюмунун финансылык туруктуулугуна кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн болгон иш-аракеттери же аракеттенбей коюулары;  

4) олуттуу финансылык жоготууларды жана/же аброй тобокелдиктерин жаратышы ыктымал болгон банк мыйзамдарын жана/же Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берүүлөр;  

5) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары мүнөздөлгөн ишке катышуу (аракеттенүү/аракеттенбей коюу);  

6) Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берген ишти жүзөгө ашыруу же мындай ишке тартылуу;  

7) кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу.  

60. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети төмөнкү маселелерди кароого алат жана ал боюнча чечимдерди кабыл алат:  

- кызмат адамы кылмыш ишинде шектүү/айыпталуучу катары тартылган учурда ал кызмат адамын банк эмес финансы-кредит уюмундагы ээлеген кызмат ордунан четтетүү;  

- айрым кызмат адамдарын ээлеген кызмат ордунан бошотуу;  

- банк эмес финансы-кредит уюмунун башкаруу органдарын алмаштыруу, бул бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштырууну жана алардын кайсы болбосун банк эмес финансы-кредит уюмунун ишинде андан ары катышуусуна тыюу салууну түшүндүрөт. 

- Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан сунушталган маалыматтардын негизинде банк эмес финансы-кредит уюмунун ишин, банк эмес финансы-кредит уюмунун кызмат адамдарынын аракетин/аракеттенбей коюусун алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары таануу, ошондой эле Комитеттин компетенциясынын алкагында банк эмес финансы-кредит уюмуна, анын аракети/аракеттенбей коюусу алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тиешелүү болгон акционерлерине/катышуучуларына, кызмат адамдарына карата тиешелүү таасир этүү чараларын колдонуу.  

61. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, банк эмес финансы-кредит уюмунун башкаруу органдарын алмаштыруу чечимин кабыл алууда, Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерин бузууга жол берилгендиги (коюлган айып же кабыл алынган чечимдер) жөнүндө Улуттук банкка өз учурунда маалымдоо, ошондой эле мындай бузуунун алдын алуу же аны четтетүү үчүн бардык мүмкүн болуучу, жетишерлик жана акыл ченемдүү чараларды көрүү фактору эске алынат.  

62. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, башкаруу органдарын алмаштыруу чечими мындай чечимге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.  

63. Аларга карата таасир этүү чараларын колдонуу иретинде банк эмес финансы-кредит уюмунда ээлеген кызмат ордунан четтетүүдөн же бошотуудан/башкаруу органдарын алмаштыруудан улам кынтыксыз ишкердик аброюнан ажыраган банк эмес финансы-кредит уюмунун кызмат адамдарына Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөт ичинде ал мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып, Улуттук банк менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш болгон кызмат ордуна кайталап талапкерлигин коюуга жол берилбейт.  

§ 7. Атайын режимди киргизүү 

64. Улуттук банк банк эмес финансы-кредит уюмуна төмөнкүдөй атайын режимдерди киргизүүгө укуктуу:  

- тике банктык көзөмөл;  

- убактылуу администрация режими.  

65. Тике банктык көзөмөл режимин киргизүү, ошондой эле аны ишке ашыруу чечими Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилүүчү «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.  

66. Убактылуу администрация режимин киргизүү, ошондой эле аны ишке ашыруу чечими Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилүүчү «Убактылуу администрация жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.  

 

8-глава. Лицензияны/эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү кайтарып алуу/аракетин токтотуу 

§ 1. Микрофинансы компаниясынан/ турак жай-сактык кредиттик компаниясынан/ адистештирилген финансы-кредит уюмунан/адистештирилген финансы мекемесинен лицензияны кайтарып алуу/аракетин токтотуу 

67. Микрофинансы компаниясынын лицензиясын кайтарып алуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамында баяндалган негиздер боюнча жүзөгө ашырылат. Микрофинансы компаниясынын лицензиясын кайтарып алуу чечими Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат.  

68. Турак жай-сактык кредиттик компаниясынын лицензиясын кайтарып алуу Кыргыз Республикасынын турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген негиздер боюнча жүзөгө ашырылат. Турак жай-сактык кредиттик компаниядан лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечим Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алат. 

69. Адистештирилген финансы-кредиттик компаниянын лицензиясын кайтарып алуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамында баяндалган негиздер боюнча жүзөгө ашырылат. 

70. Адистештирилген финансы мекемесинин лицензиясын кайтарып алуу чечими Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан кабыл алынат. 

71. Адистештирилген финансы мекемесинин лицензиясы төмөнкү учурларда кайтарылып алынышы мүмкүн:  

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалуу түрдө (бир календардык жыл ичинде эки же андан көп жолу) бузууга жол берсе;  

- адистештирилген финансы мекемеси Улуттук банктын жазма буйруктарын жана/же башка талаптарын системалуу түрдө (эки жана андан көп жолу) аткарбаса;  

- маалыматтарды системалуу түрдө (эки жана андан көп жолу) сунуштабаса же такталбаган жана толук эмес маалыматтарды берген учурда;  

- иштин негизги түрлөрү боюнча бир жылдан ашык убакыт бою иш алып барбаса.  

72. Микрофинансы компаниясынан/турак жай-сактык кредиттик компаниясынан/ адистештирилген финансы-кредит уюмунан/адистештирилген финансы мекемесинен лицензияны кайтарып алуу жөнүндө Улуттук банктын чечими башка таасир этүү чараларын колдонуусуз кабыл алынышы мүмкүн. 

73. Улуттук банк тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде микрофинансы компаниясынан, турак жай-сактык кредиттик компаниясынан, адистештирилген финансы-кредит уюмунан/адистештирилген финансы мекемесинен лицензияны кайтарып алуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет. 

74. Микрофинансы компаниясынан/турак жай-сактык кредиттик компаниясынан/ адистештирилген финансы-кредит уюмунан/адистештирилген финансы мекемесинен лицензияны кайтарып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлууга алып келет. 

75. Лицензия кайтарылып алынган учурда, Улуттук банктын лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечимин алган күндөн тартып микрофинансы компаниясы/турак жай-сактык кредиттик компаниясы/ адистештирилген финансы-кредит уюму/адистештирилген финансы мекемеси үч күн ичинде лицензиянын түп нускасын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өткөрүп берүүгө тийиш, ал эми бир айдын ичинде соттон тышкары жоюу жол-жобосун башташы зарыл. 

76. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети бузуунун жагдайына, мүнөзүнө жана анын мүмкүн болгон натыйжаларына жараша, лицензияны кайтарып алуудагы негиздер боюнча микрофинансы компаниясынын/турак жай-сактык кредиттик компаниясынын/адистештирилген финансы-кредит уюмунун/адистештирилген финансы мекемесинин лицензиясынын аракетин токтотууга укуктуу. Улуттук банк тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде микрофинансы компаниясынын/турак жай-сактык кредиттик компаниясынын адистештирилген финансы-кредит уюмунун/адистештирилген финансы мекемесинин лицензиясынын аракетин токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет. 

77. Микрофинансы компаниясы/турак жай-сактык кредиттик компаниясы/ адистештирилген финансы-кредит уюму/адистештирилген финансы мекемеси лицензиясынын аракети токтотуу жөнүндө билдирмени алган күндөн тартып Улуттук банктан лицензиянын аракетин кайра баштоо жөнүндө билдирмени алганга чейин лицензияда көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүүгө укугу жок. 

 

§ 2. Кредиттик союздун лицензиясын кайтарып алуу/лицензиясынын аракетин токтотуу 

78. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети кредиттик союздун лицензиясын кайтарып алышы мүмкүн. Кредиттик союздун лицензиясы төмөнкү учурларда кайтарылып алынышы мүмкүн: 

- кредиттик союз тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана/же Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын системалуу түрдө (12 календардык ай ичинде эки жана андан көп жолу) бузулганда;  

- белгиленген мөөнөт ичинде бузуулар четтетилбегендигине байланыштуу, Улуттук банк лицензиянын аракетин токтоткондо; 

- анык эмес маалыматты системалуу түрдө (12 календардык ай ичинде эки жана андан көп жолу) сунуштаганда; 

- анын негизинде лицензия берилген анык эмес маалыматты сунуштаганда; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тыюу салынган операцияларга катышканда; 

- кредиттик союздун лицензияда каралбаган иш менен алектенген учурунда; 

- эгерде кредиттик союз (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздар үчүн анын шарттары боюнча акча каражаттары берилген бүтүмдөр) каттоодон өткөндөн жана лицензияны алгандан кийин бир жылдан ашык жана/же иштеген мезгил ичинде кредиттерди берүү ишин жүзөгө ашырбаса; 

- алгылыксыз банктык тажрыйба катары мүнөздөлгөн ишке тартылган учурда;  

(1-тиркеме); 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

79. Кредиттик союз төмөнкү учурларда Улуттук банктын лицензиясын кайтарып алуу менен жоюлууга тийиш: 

- добуш берүү укугуна ээ кредиттик союздун катышуучуларынын жеке адамдардын саны ондон аз болсо; 

- эгерде кредиттик союз мыйзамдарга ылайык сактык пайлардын жалпы суммасынын минималдуу өлчөмүн сактоо боюнча шарттарды аткарбаса; 

- эгерде кредиттик союз (б.а. 12 календардык ай ичинде эки жана андан көп жолу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын, жазма буйруктарынын жана/же кредиттик союздун уставынын жоболорун системалуу түрдө бузган, анын жыйынтыгында кредиттик союздун иши кооптуу же финансылык жактан ишенимсиз болгон же болушу мүмкүн учурда;  

- эгерде кредиттик союз мыйзамдарга ылайык төлөөгө жөндөмсүз катары таанылса. 

80. Кредиттик союздан лицензияны кайтарып алуу жөнүндө Улуттук банктын чечимдери башка таасир этүү чараларын колдонуусуз кабыл алынышы мүмкүн. 

81. Улуттук банктын лицензияны кайтарып алуу чечимин кабыл алгандан тарта үч күн ичинде кредиттик союз лицензиялардын (кошумча лицензияны кошо алганда) түп нускасын Улуттук банкка тапшырууга милдеттүү, ал эми 30 (отуз) күн ичинде соттук эмес тартипте жоюу жол-жобосу башталууга тийиш (эгерде кредиттик союздун активдери анын милдеттенмелерин толук көлөмдө жапкан учурда). 

82. Улуттук банк тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде кредиттик союздан лицензияны кайтарып алуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет. 

83. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети бузуунун жагдайына, мүнөзүнө жана анын мүмкүн болгон натыйжаларына жараша, лицензияны кайтарып алуудагы негиздер боюнча кредиттик союздун лицензиясынын аракетин токтотууга укуктуу. 

84. Улуттук банк тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде кредиттик союздун лицензиясынын аракетин токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет. 

85. Кредиттик союз лицензиясынын аракети токтотулгандыгы жөнүндө билдирмени алган күндөн тартып Улуттук банктан лицензиянын аракетин кайра баштоо жөнүндө билдирмени алганга чейин лицензияда көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүүгө укугу жок. 

 

§ 3 Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүн кайтарып алуу/күбөлүктүн аракетин токтотуу 

86. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети микрокредиттик компаниянын (мындан ары МКК)/микрокредиттик агенттиктин (мындан ары МКА) эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүн төмөнкү учурларда кайтарып алышы мүмкүн: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын системалуу түрдө (12 календардык ай ичинде эки жана андан көп жолу) бузган учурда; 

- МКК/МКА тарабынан Улуттук банктын жазма буйруктары жана/же башка талаптары системалуу түрдө (12 календардык ай ичинде эки жана андан көп жолу) сактабалган учурда; 

- маалымат системалуу түрдө (12 календардык ай ичинде эки жана андан көп жолу) берилбеген же анык эмес, толук эмес маалымат сунушталган учурда; 

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык микрокредиттерди берүү жана/же операцияларды жүргүзүү ишин бир жылдан ашык жүзөгө ашырбаган учурда (ислам каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырган МКА/МКК үчүн); 

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамында аныкталган микрофинансы уюмдарынын ишинин максаттары бузулган учурда

- монополияга каршы мыйзамдардын талаптары бузулган учурда; 

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамында белгиленген керектөөчүлөрдүн укугу бузулган учурда; 

- алгылыксыз банктык тажрыйба катары мүнөздөлгөн ишке тартылган учурда;  

(1-тиркеме); 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурларда. 

87. Улуттук банктын МКК/МКАдан эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүн кайтарып алуу жөнүндө чечимдери башка таасир этүү чараларын колдонуусуз кабыл алынышы мүмкүн. 

88. Улуттук банк тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде МКК/МКАдан эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүн кайтарып алуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет. 

89. Улуттук банктан МКК/МКА эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү кайтарып алуу жөнүндө кабарлоону алган күндөн тартып ишин токтотушу керек. 

90. МКК жана МКАдан каттоо жөнүндө күбөлүктү кайтарып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын жоюлушуна алып келет. 

91. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети МКК/МКАдан каттоо жөнүндө күбөлүктү кайтарып алууга окшош болгон негиздер боюнча МКК/МКАнын каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн аракетин убактылуу токтотууга укуктуу. 

92. Улуттук банк тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде МКК/МКАнын каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн аракетин токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет. 

93. МКК/МКА каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн аракетин токтотуу жөнүндө билдирмени алган күндөн тартып Улуттук банктан күбөлүктүн аракетин кайра баштоо жөнүндө билдирмени алганга чейин ишмердик жүргүзүүгө укугу жок. 

 

§ 4. Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиясын кайтарып алуу 

94. Айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна берилген лицензия төмөнкү учурларда кайтарылып алынышы мүмкүн:  

- ушул операцияларды жүргүзүү учурунда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууга жол берилген учурда;  

- жогоруда белгиленген операцияларды жүргүзүүдөн улам келип чыккан бузууларды четтетүү максатында, Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрү, жазма буйруктары жана/же башка талаптары сакталбаган учурда;  

- маалыматтар сунушталбаган же анык эмес, толук эмес маалыматтар сунушталган учурда.  

95. Лицензияны кайтарып алуу чечими башка таасир этүү чараларын колдонуусуз кабыл алынышы мүмкүн.  

96. Улуттук банк тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде лицензияны кайтарып алуу жөнүндө МКК\МКАны жазуу жүзүндө билдирет. 

97. Лицензиянын кайтарылып алынышы микрокредиттик агенттиктин жана микрокредиттик компаниянын ишин токтотпойт.  

 

§ 5. Кепилдик фондунун эсептик каттоодон өткөндүгү 

жөнүндө күбөлүгүн кайтарып алуу 

98. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети кепилдик фондунун эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүн төмөнкү учурларда кайтарып алышы мүмкүн: 

- кепилдик фонд тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары системалуу түрдө (12 календардык ай ичинде эки жана андан көп жолу) бузулса;  

- кепилдик фонд тарабынан Улуттук банктын жазма буйруктары жана/же башка талаптары системалуу түрдө (12 календардык ай ичинде эки жана андан көп жолу) сакталбаган учурда; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кепилдик фонд төлөөгө жөндөмсүз деп жарыяланган учурда

- алгылыксыз банктык тажрыйба катары мүнөздөлгөн ишке тартылган учурда  

(1-тиркеме). 

99. Улуттук банк тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде лицензияны кайтарып алуу жөнүндө кепилдик фондго жазуу жүзүндө билдирет. 

100. Күбөлүктү кайтарып алуу тууралуу Улуттук банктын чечимин алган күндөн тартып 1 (бир) ай ичинде кепилдик фондунун ыйгарым укуктуу органы жоюу жөнүндө чечимди кабыл алууга тийиш.  

101. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган же Улуттук банктын кепилдик фондунун күбөлүгүн кайтарып алуу тууралуу билдирүүсүн алган учурдан тартып, кепилдик фонд күбөлүктө каралган гарантияларды берүүнү токтотууга тийиш. Болбосо, кепилдик фонду жана анын кызмат адамдары мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.  

102. Улуттук банктын күбөлүктү кайтарып алуу тууралуу чечимин алган күндөн тартып 1 (бир) ай өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыктыярдуу жоюу жөнүндө чечим кабыл алынбаган учурда, Улуттук банк кепилдик фондун мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.  

 

§ 6. Кредиттик бюронун лицензиясын кайтарып алуу/лицензиясынын аракетин токтотуу 

103. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензиясын төмөнкү учурларда кайтарып алышы мүмкүн: 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кредиттик бюрону төлөөгө жөндөмсүз деп жарыялаган учурда;  

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кредиттик бюрону мажбурлап жоюу иши башталган учурда;  

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын одоно жана системалуу түрдө  

(12 календардык ай ичинде үч жолудан көп) бузган учурда; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынган ишти жүзөгө ашырган учурда.  

104. Кредиттик бюронун лицензиясын кайтарып алуу тууралуу чечим Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан кабыл алынат жана мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күн ичинде кат түрүндө кредиттик бюрого тааныштырылат.  

105. Кредиттик бюро лицензияны кайтарып алуу жөнүндө Улуттук банктан билдирмени алган күндөн тартып өз ишин токтотууга тийиш. 

106. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген "Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө" жободо аныкталган учурлардын кайсы бир учурунда лицензиянын аракетин убактылуу токтото алат. 

107. Кредиттик бюронун лицензиясын кайтарып алуу тууралуу чечим Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан кабыл алынат жана мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күн ичинде кат түрүндө кредиттик бюрого жеткирилет. 

108. Улуттук банк тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде кредиттик бюронун лицензиясынын аракетин токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет. 

109. Кредиттик бюро лицензиясынын арекети токтотулгандыгы жөнүндө билдирмени алган күндөн тартып Улуттук банктан лицензиянын аракетин кайра баштоо жөнүндө билдирмени алганга чейин лицензияда көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүүгө укугу жок. 

 

VI бөлүк. Таасир этүү чараларына даттануу менен кайрылуу тартиби 

 

110. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу милдеттүү болуп саналат. Улуттук банк Башкармасынын сотко даттанылуучу чечимдерин эске албаганда, Улуттук банктын кайсы болбосун чечимдерине сотко чейинки даттанууга болот.  

111. Сотко чейин даттануу менен кайрылуу Улуттук банктын чечиминин аракетин токтотпойт. Ал Улуттук банктан тиешелүү чечимди алгандан кийинки 20 (жыйырма) жумуш күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.  

112. Улуттук банк даттануу келип түшкөн күндөн кийинки 30 (отуз) календарлык күндөн кечиктирбестен аны кароого алат. Мында Улуттук банк даттанууну кароо мөөнөтүн бир жолу 30 (отуз) календардык күнгө узартууга укуктуу.  

113. Банк эмес финансы-кредит уюмуна карата колдонулган таасир этүү чарасы Улуттук банктын чечими менен жокко чыгарылышы мүмкүн.  

114. Улуттук банктын чечимине сотко чейин даттануу менен кайрылуу тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген. 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын көзөмөлүнө  

алынган банк эмес финансы-кредит  

уюмдарына жана башка юридикалык  

жактарга карата колдонулуучу таасир 

этүү чаралары жөнүндө» жобого 

карата 1-тиркеме 

 

Алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага киргизүүгө мүмкүн болгон банк эмес финансы-кредит уюмунун ишинин, анын акционерлеринин/уюштуруучуларынын, кызмат адамдарынын аракеттеринин (аракеттенбей коюу) 

 

БЕЛГИЛЕРИ 

 

1. Башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берүүгө бөгөт коюу максатында банк эмес финансы-кредит уюмуна талаптагыдай контролдукту жана жетекчиликти камсыз кылууга жөндөмсүздүгү.  

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушуна жана/же банк эмес финансы-кредит уюмунун финансылык абалынын кыйла начарлашына алып келген кызмат адамдардын аракети (аракеттенбей коюулары).  

3. Улуттук банк тарабынан аларга карата кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, башкаруу органдарын алмаштыруу чечими кабыл алынган банк эмес финансы-кредит уюмунун кызмат адамдарын алмаштыруу, иштен четтетүү, убактылуу четтетүү жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча акционер (акционерлер)/уюштуруучу (уюштуруучулар) жана/же Директорлор кеңеши жана/же Башкарма тарабынан тиешелүү аракеттин жоктугу же аракеттенбей коюусу.  

4. Активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга шайкеш келбеген камдын (резервдин) түзүлүшү.  

5. ФОЭСке жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык операцияларды/бүтүмдөрдү талаптагыдай бухгалтердик эсепке алуу ишинин жоктугу.  

6. Мыйзамдардын ченемдеринин сакталбашы, анын натыйжасында банк эмес финансы-кредит уюмунун туруктуу ишине таасир эткен же таасир этиши мүмкүн тобокелдиктердин (анын ичинде абройду жоготуу тобокелдигинин) келип чыгышы.  

7. Мыйзамдардын шектүү операцияларды жана/же айкын мыйзамдуу экономикалык мааниге ээ болбогон операцияларды жана/же террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берүүнү аныктоо жагында талаптарын аткарбаса.  

8. Банк эмес финансы-кредит уюму банк эмес финансы-кредит уюмунун аффилирленген жана башка байланыштуу жактары менен операцияларды ишке ашырышы же банк эмес финансы-кредит уюмунун ыйгарым укуктуу органдарынын/кызмат адамдарынын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, анын ичинде адилеттүүлүк принцибин бузуу менен аталган операцияларды ишке ашыруу боюнча чечимдерди кабыл алышы.  

9. Банк эмес финансы-кредит уюмунда аларды аткаруу үчүн квалификациялуу жана тажрыйбалуу кызматкерлер жок болгон иштин жүргүзүлүшү.  

10. Тиешелүү саясат жана жол-жоболор иштелип чыкпаган шартта банк эмес финансы-кредит уюмунун ишинин жүзөгө ашырылышы жана/же алардын Улуттук банктын талаптарына дал келбеши же банк эмес финансы-кредит уюмунун ишинин иштелип чыккан саясаттарга жана жол-жоболорго дал келбеши жана/же саясаттар жана жол-жоболор банк эмес финансы-кредит уюмунун иш чөйрөсүнө жана тобокелдиктер деңгээлине дал келбеши учурунда ишти жүзөгө ашыруу.  

11. Банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан ишке ашырылган операциялардын Шариат стандарттарына ылайык келбеши (ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган банк эмес финансы-кредит уюму үчүн).  

12. Кардарларга кредиттер Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле банк эмес финансы-кредит уюмунун ички саясаттарын/жол-жоболорун бузууга жол берүү менен берилген болсо жана/же жаңы кредит алуу учурунда кардардын ушул банк эмес финансы-кредит уюмунун же кайсы бир башка финансы-кредит уюмунун алдында убагында аткарылбаган милдеттенмеси болсо же карыз алуучуга кредиттер бир нече ирет пролонгациялоо жана финансылык абалдын туруксуз начарлашы менен берилсе.  

13. Кредит портфелинин жалпы көлөмүндө мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер көлөмүнүн жана/же алардын үлүшүнүн көбөйүшүнө байланыштуу, активдердин сапатынын олуттуу начарлашы.  

14. Кредит берүү жана аларга мониторинг жүргүзүү жол-жоболорун кошо алганда, кредитти администрлөө тажрыйбасында олуттуу кемчиликтердин жана бузуулардын орун алышы.  

15. Кредиттик документтердин талаптагыдай түзүлбөшү, анын ичинде кредиттик таржымалда (досьеде) маанилүү юридикалык, финансылык жана күрөөлүк документтердин жок болушу.  

16. Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын системалуу түрдө (12 календардык ай ичинде эки жана андан көп жолу) бузууга жол берилиши.  

17. Жазма буйруктардын жана Улуттук банк тарабынан колдонулган таасир этүүнүн башка чараларын Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө аткарбашы.  

18. Банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) боюнча экономикалык ченемдердин сакталбашы жана капитал шайкештиги боюнча экономикалык ченемдерди Улуттук банктын талаптарына ылайык келтирүү боюнча тиешелүү чаралардын көрүлбөшү.  

19. Банк эмес финансы-кредит уюмунун капиталы анын ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктерге байланыштуу жоготуулардын ордун жабуу үчүн жетишсиз болсо. Катышуучулар/акционер(акционерлер) Улуттук банктын алдын ала эскертүүсүнө карабастан, капиталды толукташпаса жана/же Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде аны толуктоо боюнча жетиштүү/тиешелүү чараларды көрүшпөсө.  

20. Улуттук банк тарабынан белгиленген капитал боюнча минималдуу талаптардын аткарылбай калышы коркунучу орун алса.  

21. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга баруу менен жана/же пайданы бөлүштүрүүгө чектөө киргизүүгө же тыюу салууга карабастан дивиденддер төлөнсө.  

22. Банк эмес финансы-кредит уюму милдеттенмелерди өз убагында аткаруу үчүн ликвиддүүлүктүн жетишсиз деңгээлине ээ (милдеттүү түрдө аткаруу үчүн ликвиддүүлүк боюнча талаптардын бузулушу орун алса).  

23. Улуттук банкка отчеттордун, ошондой эле расмий түрдө талап кылынган башка документтердин жана маалыматтардын берилбеши, ошондой эле өз убагында берилбеши, толук эмес же так эмес берилиши. 

24. Банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган же болбосо лицензияда каралбаган, бирок Улуттук банк тарабынан лицензияланууга жана/же ал менен макулдашууга тийиш болгон операцияларды ишке ашыруу.  

25. Банк эмес финансы-кредит уюму, анын финансылык туруктуулугу, дивиденддердин төлөнүшүн жана капиталдын толукталышын камсыз кылуу үчүн жетишсиз пайда көлөмүндө иш алып барса.  

  

 

«Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын  

көзөмөлүнө алынган  

банк эмес финансы-кредит  

уюмдарына жана башка  

юридикалык жактарга карата  

колдонулуучу таасир этүү  

чаралары жөнүндө» жобого  

карата 2-тиркеме  

Банк эмес финансы-кредит уюмунун финансылык абалын чыңдоо планына карата 

ТАЛАПТАР 

 

1-бөлүк. Финансылык абалын чыңдоо планына карата минималдуу талаптар 

I бөлүк. Банк эмес финансы-кредит уюмунда орун алган жагдайга баа берүү 

1. Жалпы маалымат;  

2. Банк эмес финансы-кредит уюмунун финансылык абалына баа берүү жана ал боюнча кеңири маалымат;  

3. Банк эмес финансы-кредит уюмунда кризистик башкаруу системасы. Ишке тартылган жооптуу түзүмдүк бөлүмдөр;  

4. Банк эмес финансы-кредит уюмунун ишине таандык тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, контролдоо жана аларга мониторинг жүргүзүү боюнча аналитикалык жана тажрыйбалык ыкмалар;  

5. Тобокелдиктердин көбөйүүсүн алдын алуу үчүн колдонулуучу инструменттер.  

II бөлүк. Иш-чаралар планынын мазмунуна карата минималдуу талаптар жана аны сунуштоо тартиби 

2. Банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан аныкталган иш-чаралар планын ишке ашыруунун жалпы мөөнөтү банк эмес финансы-кредит уюмунда орун алган айкын жагдайды жана сунушталган чаралардын мүнөзүн эске алуу менен негизделүүгө тийиш.  

3. Иш-чаралар планында төмөнкүлөрдү кошо алганда, финансылык абалын чыңдоо жол-жоболору аяктаган күнгө аны аткаруунун болжолдуу натыйжасы тууралуу маалыматтар камтылууга тийиш:  

- финансылык абалын чыңдоо чараларын жүзөгө ашыруунун бүтүндөй мезгил ичинде отчеттук күндөр боюнча бөлүштүрүү менен Улуттук банктын милдеттүү экономикалык ченемдеринин жана талаптарынын маанисин;  

- финансылык абалын чыңдоо боюнча иш-чараларын жүзөгө ашыруунун бүтүндөй мезгил ичинде отчеттук күндөр боюнча бөлүштүрүү менен өздүк каражаттардын (капиталдын) өлчөмүнүн өзгөрүү динамикасын;  

өздүк каражаттардын (капиталдын) жетиштүүлүк деңгээлин жана учурдагы ликвиддүүлүктү калыбына келтирүү мөөнөттөрүн; 

- кредит портфелинин сапатынын айкын көрсөткүчтөрүн аныктоо менен кредит портфелинин сапатын жакшыртуу боюнча мөөнөттөрүн (классификацияланган кредиттердин деңгээли, РППУ) жана башкалар.  

4. Банк эмес финансы-кредит уюму иш-чаралар планынын ар бир пунктун баскыч боюнча жүзөгө ашырылышын ар бир баскычты аткаруунун календарлык мөөнөттөрүн көрсөтүү менен кароого укуктуу.  

5. Финансылык абалын чыңдоо боюнча бардык чараларды (же көпчүлүк бөлүгүнүн) ишке ашыруудан болжолдонуучу натыйжа аларды аяктаган күндөн кийин банк эмес финансы-кредит уюмунун туруктуу ишинин келечегин мүнөздөгөн көрсөткүч болуп саналат.  

Банк эмес финансы-кредит уюмунун финансылык абалын чыңдоо боюнча сунушталган иш-чаралар планы төмөнкүлөрдү милдеттүү түрдө камтууга тийиш: иш-чараларды толук аткаруу мөөнөттөрү, жүзөгө ашыруунун ар бир баскычында жооптуу аткаруучуларды, аткаруу индикаторлорун көрсөтүү, ошондой эле банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан иш-чаралар планынын аткарылышын контролдоо боюнча көрүлүүчү чаралар. Банк эмес финансы-кредит уюмунун иш-чаралар планында зарыл болгон шартта акционерлердин (катышуучулардын) жана үчүнчү жактардын банк эмес финансы-кредит уюмунун финансылык абалын чыңдоого катышуу ыкмалары жана шарттарын; чыгашаларды кыскартуу боюнча иш-чаралар каралууга тийиш.  

6. Иш-чаралар планына банк эмес финансы-кредит уюмунун жетекчиси жана башкы бухгалтери кол коюп, ошондой эле банк эмес финансы-кредит уюмунун байкоо органы (эгерде мындай орган бар болсо) аны бекитүүгө тийиш.  

7. Тиркемелерди кошо алганда, иш-чаралар планынын бардык барактарына номерлер коюлуп, көктөлүп жана банк эмес финансы-кредит уюмунун мөөрү менен бекитилүүгө тийиш.  

8. Банк эмес финансы-кредит уюму иш-чаралар планын иштеп чыгуу үчүн аудитордук уюмду (жеке аудиторду) ишке тартууга укуктуу.  

Эгерде аудитордук уюм (жеке аудитор) банк эмес финансы-кредит уюм тарабынан иш-чаралар планын иштеп чыгууга тартылган болсо, Улуттук банкка сунушталган документтер курамына ички жылдык аудитордук текшерүү боюнча аудитордук корутундуну киргизүү зарыл, анын жыйынтык бөлүгүндө аудитордук уюмдун (жеке аудитордун) финансылык абалына баа берүү жүргүзүүдө жана (же) финансылык абалын чыңдоо чараларын иштеп чыгууга катышуу деңгээли, ошондой эле финансылык абалын чыңдоо боюнча иштелип чыккан чараларды эске алуу менен аудитордук уюмдун (жеке аудитордун) банк эмес финансы-кредит уюмунун иш келечектери тууралуу пикири чагылдырылат.  

9. Кемчиликтер аныкталган жана иш-чаралар планын жеткире иштеп чыгуу жөнүндө талап жөнөтүлгөн учурда, банк эмес финансы-кредит уюму жеткире иштелип чыккан иш-чаралар планын көрсөтүлгөн талапты алган күндөн тартып 14 календарлык күндөн кечиктирбестен Улуттук банкка берүүгө тийиш.  

10. Зарыл болгон шартта, Улуттук банк иш-чаралар планын реалдуу катары таануу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты аны сунуштоо мөөнөтүн белгилөө менен банк эмес финансы-кредит уюмунан талап кылууга укуктуу.  

11. Банк эмес финансы-кредит уюму иш-чаралар планынын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.