Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 

токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдети 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) банктардын ишине тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөл жүргүзүү ыкмаларын өркүндөтүү, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган финансылык отчеттуулукту эл аралык стандарттарына ылайык келтирүү жана калктын банктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында, ошондой эле коммерциялык банктардын сунушу боюнча иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтом долбоорунун алкагында банк эсебине ээ кардарларга айдоочунун күбөлүгүн акча которуу үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилет. 

Андан тышкары, долбоордо юридикалык жактар эсеп ачууда банкка сунуштоочу кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы түшүрүлгөн карточкалардын нускаларынын санын кыскартуу сунуш кылынат. 

«Ижара» деп аталган ФОЭСтин 16-стандарты колдонууга киргизилгенине байланыштуу кыймылсыз мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмүнүн көрсөткүчү кайра каралып чыккан.  

Банктардын ишине тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөл жүргүзүүнүн алкагында банк тутумундагы тобокелдиктерге баа берүү үчүн инспекторлордун банкка тиешелүү маалыматты берүү тууралуу суроо-талапты жөнөтүү мүмкүнчүлүгү каралган.  

Улуттук банкты коммерциялык банктардагы кандайдыр бир кызмат ордуна талапкерлер боюнча толук маалымат менен камсыздоо максатында, банкты текшерүү боюнча отчетто жана жөнгө салуучунун жазма буйруктарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууга жол берген жоопкерчиликтүү кызмат адамдардын аты-жөнүн жана/же башкаруу органын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү токтомдун долбоору менен каралган.  

Токтом долбоорунда банктар тарабынан жетекчиликтин жана банк активдерин жана пассивдерин, кредит боюнча ишин тескөө үчүн жооптуу кызматкерлердин ички электрондук почта жана маалымат алмашуунун кайсы болбосун башка корпоративдик электрондук каражаттары менен кат алышуусунун резервдеги көчүрмөлөрүн түзүү менен, 5 жыл бою талаптагыдай корголушун жана сакталышын камсыз кылуусу тууралуу талап да каралган. 

Токтом долбооруна ылайык, Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр сунушталат:  

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндө» жобо

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоо;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу»;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) токтому менен бекитилген Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоо. 

 

3. Мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкуудан өткөрүлүүгө жана жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлүүгө тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкуудан өткөрүү үчүн Улуттук банктын расмий-интернет сайтына жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо 

Сунуш кылынган долбоор Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат  

Долбоордун кабыл алынышы кошумча каржылоону талап кылбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Методикага ылайык, сунушталып жаткан токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн.  

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын ___ ____________ 

№ _________________________ 

токтомуна карата 

тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына 

банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө маселелери боюнча 

өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын  

21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 10.2-пунктундагы «финансылык» деген сөз алынып салынсын; 

- 10.3-пунктундагы «(операциялык жана/же финансылык ижара келишими боюнча)» жана «финансылык» деген сөздөр алынып салынсын.  

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын  

31-октябрындагы № 41\12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун: 

Нускоого карата 1-тиркеменин: 

- 5-пунктунун 1-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- айдоочунун күбөлүгү (үчүнчү жактар тарабынан кардардын банк эсеби толукталган шартта жана банк эсебине ээ кардарлардын акча которууларын жүзөгө ашыруу үчүн гана);»; 

- 6-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

Нускоого карата 2-тиркеменин: 

- 8-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мында нускалардын бири банктын кардарынын делосунда туруктуу сакталууга тийиш. Калган нускалары банктын ички эрежелеринде белгиленген тартипте кагаз же электрондук түрдө сакталат. Кол тамга үлгүлөрү жана мөөр оттискасы түшүрүлгөн карточканын электрондук версиясы банктын автоматташтырылган системасында сакталат.».  

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

22-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Мындан тышкары, зарыл болгон шартта жазма буйрукта Улуттук банктын талаптарына, банктын ички документтерине, ошондой эле банктын ишин уюштуруу боюнча тажрыйбага жана жол-жоболорго ылайык аныкталган, бузууга жол бергендиги үчүн жоопкерчиликтүү кызмат адамдын (адамдардын) аты-жөнү жана/же башкаруу орган көрсөтүлүшү мүмкүн.». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын  

20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоонун: 

- 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Банктын учурдагы көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн кураторлор/институционалдык инспекторлор банктын аткаруу жетекчилиги, ошондой эле банктын Директорлор кеңеши/Директорлор кеңешинин мүчөсү менен - зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу жолугуша алышат. Жолугушууларды зарылчылыгына жараша документтештирүүгө болот.  

Талкуулоодо төмөнкү маселелер каралышы мүмкүн:  

- финансылык абалдын көрсөткүчтөрү жана белгиленген тенденциялар;  

- банктын аткаруу органынын жана Директорлор кеңешинин пикири боюнча, банкка жана бүтүндөй банк тутумуна тиешелүү болгон олуттуу маселелер;  

- кемчиликтерге жана алгылыксыз натыйжаларга жол бербөө/четтетүү боюнча чараларды аткаруу;  

- башкаруу маалыматынын шайкештиги жана банк менеджментинин натыйжалуулугу;  

- банктын (холдинг компаниясынын/аффилирленген банктын) тобокелдик профилиндеги мүмкүн болуучу өзгөрүүлөр;  

- келечекте ишке ашырылуучу көзөмөлдүк чаралары;  

- банк тарабынан коомчулукка маалымдоо боюнча көрүлүүчү чаралар;  

- башка маселелер.  

Мындан тышкары, кураторлор/институционалдык инспекторлор банктын тышкы аудиторлору менен зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу жолугуша алышат. 

Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги банктык көзөмөлдүн алкагында тигил же бул банктын куратору/институционалдык инспектору боюнча маалыматтарды (аты-жөнүн, почта дарегин, телефон номерин, ээлеген кызмат ордун), куратор/институционалдык инспектор тарабынан талап кылынган маалыматтарды кандай болбосун жеткиликтүү түрдө, анын ичинде электрондук почта аркылуу сунуштоо зарылчылыгы тууралуу маалыматты корпоративдик электрондук почта аркылуу банк Башкармасынын төрагасынын/төрагасынын орун басарынын атына жөнөтөт. Куратор/институционалдык инспектор банк тутумундагы тобокелдиктерге баа берүү максатында, банкка зарыл маалыматты (банктык тобокелдиктерге баа берүү боюнча статистикалык маалыматтар, таблицалар, суроолор тизмеги ж.б.) берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүшү мүмкүн. Мында куратор/институционалдык инспектор банктын ишин көзөмөлдөө иш-милдеттерине кирген маселелер боюнча гана суроо-талапты банкка жөнөтөт. Көзөмөлдөө иш-милдеттерин жүзөгө ашыруунун алкагында, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги тарабынан Улуттук банктын доменинен (*@nbkr.kg же *@nbkr.banks.kg) электрондук почта аркылуу банктын кураторуна/институционалдык инспекторуна маалымдоо менен жөнөтүлгөн талаптар банктын кураторунун/институционалдык инспекторунун талаптарына теңештирилет. 

Улуттук банктын кураторунун/институционалдык инспекторунун банкка баруу зарылчылыгы келип чыккан шартта, банк жайларына, тиешелүү документтерине, материалдарына, анын ичинде банктык жазууларга, банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин катышуусунда - пайдалануулардын жана кардарлардын автоматташтырылган системаларына жана башка окшош маалыматтарынан пайдалануу коддору (паролдор, PIN коддор) тууралуу маалыматты эске албаганда, техникалык инфраструктурасына (банктын автоматташтырылган системасына, тесттик текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча документтерди кошо алганда, системага карата документтерге, СВИФТ кошо алганда, төлөм системаларынын маалыматтар базасына) кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.  

Банк, анын акционерлери, кызмат адамдары жана башка кызматкерлери жана банк менен байланыштуу жактар Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана кандай болбосун маалыматты өз убагында берүүгө милдеттүү

Банк жетекчиликтин жана банк активдерин жана пассивдерин, кредит боюнча ишин тескөө үчүн жооптуу кызматкерлердин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин ички электрондук почта жана маалымат алмашуунун кайсы болбосун башка корпоративдик электрондук каражаттары менен кат алышуусунун резервдеги көчүрмөлөрүн түзүү менен, 5 жыл бою талаптагыдай корголушун жана сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.»;  

- 22-пункту төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

«- ушул Нускоонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн банктын кызматкерлери, анын ичинде иштен бошотулган кызматкерлери ортосундагы ички электрондук почтаны карап чыгуу жана маалымат алмашуунун кайсы болбосун башка корпоративдик электрондук каражаттарынан пайдалануу мүмкүндүгүн берүү. Текшерүүчү топтун талабы боюнча электрондук почтада жана маалымат алмашуунун кайсы болбосун башка корпоративдик электрондук каражаттарында камтылган маалымат жана документтер кагазга чыгарылып, кызмат адамы тарабынан жана банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш;»; 

- 36-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Комплекстүү текшерүүлөрдүн жыйынтыгында банкка текшерүү жөнүндө отчет жөнөтүлөт. Текшерүү жөнүндө отчетто Директорлор кеңешине жана Башкармага маалымдоо үчүн бардык олуттуу көйгөйлөр жана көрүлүүгө тийиш болгон чараларды кошо алганда, негизги корутундулар жана тыянактар чагылдырылат. Текшерүүнүн жыйынтыгында кемчиликтер/мыйзам бузуулар/тобокелдүү тажрыйба аныкталган шартта мындай жагдайды жөнгө салуу жана/же жакшыртуу үчүн таасир этүү чаралары колдонулушу жана/же сунуш-көрсөтмөлөр берилиши мүмкүн.»; 

- 37-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«37. Текшерүү жөнүндө отчетто банктын жалпы абалы тууралуу маалымат камтылат, эгерде зарыл болсо, банктын айрым бөлүмдөрүнүн (филиалдарынын) абалы, ошондой эле орун алган орчундуу тобокелдиктер, кемчиликтер жана/же мыйзамдардын талаптарын бузуу тууралуу, анын ичинде аларга жол берген жоопкерчиликтүү кызмат адамдардын аты-жөнү жана/же башкаруу орган жөнүндө маалымат камтылышы мүмкүн.»;  

- 51-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кемчиликтерди четтетүү жана таасир этүү чараларын аткаруу боюнча банктын иш-чаралар планы Улуттук банкка банкта жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө отчетту алган күндөн тартып, же болбосо отчет банкка жөнөтүлбөгөн/жөнөтүлбөй турган шартта, жазма буйруктарды алган күндөн тартып, 30 (отуз) календардык күн ичинде сунушталат.».