Кайта келүү

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдети: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо маселелери боюнча ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу зарылдыгынан улам, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоорун иштеп чыкты. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банк потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдын (мындан ары РППУ) өлчөмүн белгилөөгө укуктуу. Микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар жана турак жай-сактык компаниялары Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык активдерди классификациялоого жана РППУну түзүүгө милдеттүү

Депозиттерди тартуу укугуна ээ болгон микрофинансылык компаниялар, гарантиялык фонддор жана «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААК тарабынан активдерди классификациялоого жана РППУну түзүүгө карата талаптар Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жободо белгиленген.  

Ошентип, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын активдерди классификациялоо маселелери айрым ченемдик актыларда камтылган, бул аларды колдонууда Улуттук банктык сыяктуу эле, анын көзөмөлүнө алынган уюмдарынын да персоналынын ката кетирүү тобокелдиктери менен байланышкан ыңгайсыздыктарды жаратат. Жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик актыларда камтылган активдерди классификациялоо жана РППУну түзүү боюнча талаптар дээрлик окшош: т.а. активдерди классификациялоо критерийлеринин сандык жана сапаттык критерийлери боюнча талаптары, активдердин категориялары боюнча РППУ ченине талаптар ж.б. бирдей болуп санала тургандыгын белгилей кетүү зарыл.  

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү үчүн “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар, турак жай-сактык кредиттик компаниялар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды түзүү жөнүндө” жобонун долбоору иштелип чыкты. 

Айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана РППУну түзүү тартибин белгилөө Жобонун максатынан болуп саналат. Жобонун ченемдери микрофинансылык уюмдарга, кредиттик союздарга жана турак жай-сактык кредиттик компанияларга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруучу микрофинансылык уюмдарга жана кредиттик союздарга таркатылат.  

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Аталган долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт. Аталган долбоорду кабыл алуу ченемдик укуктук базанын өркүндөтүлүшүнө укуктук жактан оң таасир берет. 

 

4. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталган долбоор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт. 

 

 

5. Коомдук талкуулоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

Аталган бөлүк коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча түзүлөт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Көрсөтүлгөн долбоордун ченемдерин ишке ашыруу кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт. 

 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жөнүндө маалымат 

Сунушталган токтом долбооруна карата жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Методикага ылайык жүргүзүлгөн. 

 

 

 

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын «__»__________ 

№ ________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөр  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун: 

- 1.1.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Бул жободо активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди (мындан ары активдер) классификациялоо, ошондой эле жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга тиешелүү кам (мындан ары РППУ) түзүү боюнча талаптар белгиленген жана ал бардык коммерциялык банктарга, кепилдик фонддорго (мындан ары банктар) таркатылат.». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу» эрежелеринин: 

- 34-пункт күчүн жоготту деп таанылсын. 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ 

1. «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобо 

Аракеттеги редакция 

Сунушталган редакция 

2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» 

1.1. Бул жободо активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди (мындан ары текст боюнча - активдер) классификациялоо, ошондой эле жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга тиешелүү кам (мындан ары текст боюнча - РППУ) түзүү боюнча талаптар белгиленген жана ал депозиттерди тартуу менен иш алып баруу укугуна ээ бардык коммерциялык банктарга, микрофинансылык компанияларга, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына, кепилдик фонддорго жана адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсына (мындан ары текст боюнча - банктар) таркатылат.  

1.1. Бул жободо активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди (мындан ары текст боюнча - активдер) классификациялоо, ошондой эле жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга тиешелүү кам (мындан ары текст боюнча - РППУ) түзүү боюнча талаптар белгиленген жана ал депозиттерди тартуу менен иш алып баруу укугуна ээ бардык коммерциялык банктарга, кепилдик фонддорго (мындан ары текст боюнча - банктар) таркатылат.  

2019-жылдын 1-ноябры № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» 

34. ТСКК тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр 2006-жылдын 12-апрелиндеги №10/6 «Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө» жобого ылайык жүргүзүлөт.  

Күчүн жоготту деп таанылды