Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылдын 

II жарым жылдыгы ичинде жарандардан келип түшкөн каттарды, 

арыздарды жана даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча 

 

ОТЧЕТУ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары Улуттук банк), анын областтык башкармалыктарында жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүндө жарандардын кайрылууларын жана даттанууларын кабыл алуу, каттоо жана кароо максатында коомдук кабылдамалар туруктуу негизде иштешет.  

Коомдук кабылдаманын иши калкка Улуттук банктын компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча маалыматтарды жана консультацияларды берүүгө, ошондой эле жарандардын кат жүзүндөгү жана оозеки кайрылуулары менен иш алып барууга багытталган. 

Кат жүзүндөгү кайрылуулар менен иш алып баруу 

 

Коомдук кабылдамага 2022-жылдын II жарым жылдыгы ичинде бардыгы болуп кат жүзүндө 668 кайрылуу, анын ичинде областтык башкармалыктарга 158 кайрылуу келип түшкөн. Бардык кайрылууларга өз убагында жооп жөнөтүлгөн. Жарандардын кайрылууларынын мазмунун төмөнкү маселелер түзгөн:  

 

- кредиттердин ордун жабуу мөөнөттөрүн узартуу, карыз алуучулардын кредит боюнча карызын төлөөгө жөндөмсүздүгү, коммерциялык банктардын жана микрофинансылык уюмдардын кредиттери боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү, коммерциялык банктардын жана микрофинансылык уюмдардын ишине даттануулар;  

- акча которуу системалары аркылуу жөнөтүлгөн каражаттарды алуу шарттары жөнүндө

- кыргыз сомуна карата чет өлкө валюталарынын эсептик курсу, кайра каржылоонун эсептик чени жөнүндө маалыматтарды берүү;  

- Улуттук банктын жетекчилигинин жарандарды кабыл алуусу;  

- материалдык жардам көрсөтүү;  

- маалымат алуу жана башка маселелер боюнча.  

 

Оозеки кайрылуулар менен иш алып баруу 

 

2022-жылдын II жарым жылдыгы ичинде Улуттук банктын дарегине (областтык башкармалыктарды кошкондо) бардыгы болуп, 2300дөн ашык оозеки кайрылуу келип түшкөн. Жарандардын телефон чалуулары негизинен Улуттук банктын иш багытына тиешелүү маселелер боюнча ыкчам маалымат берүү өтүнүчүнө байланыштуу болгон, атап айтканда:  

 

- чет өлкө валюталар курсу жөнүндө;  

- Улуттук банк тарабынан белгиленген эсептик чен жана чет өлкө валюталарынын эсептик курстары жөнүндө маалымат берүү;  

- коммерциялык банктарда жана алмашуу бюролорунда чет өлкө валютасынын болушу; 

- Улуттук банктын расмий басылмаларында жарыялануучу маалыматтарды берүү тууралуу;  

- Улуттук банктын расмий интернет сайтынын бөлүктөрүндөгү маалыматтарды колдонуу жагында консультацияларды берүү боюнча;  

- төлөм системаларынын иши жөнүндө;  

- коллекциялык монеталарды сатып алуу жөнүндө;  

- өлчөнгөн алтын куймаларын сатып алуу жана сатуу жөнүндө;  

- эскилиги жеткен банкнотторду алмаштыруу тартиби тууралуу. 

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банктын жарандарга тигил же бул коммерциялык банктын кызмат көрсөтүүлөрүн тандоо боюнча тике же кыйыр түрдө сунуш-көрсөтмө берүүгө укугу жок. Ушундан улам, Улуттук банк кредит алуу шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалыматтарды түздөн-түз коммерциялык банктарга же микрофинансылык уюмдарга кайрылуу менен өз алдынча алууну жана коммерциялык банктарды тандоодо алардын финансылык отчетторунда камтылган маалыматтарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарында чейрек сайын жарыяланып туруучу экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу маалыматтарды, ошондой эле жарыяланган басылмаларды пайдаланууну сунуштайт. 

Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган коммерциялык банктардын тизмеси жана микрофинансылык уюмдардын реестри Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg дареги боюнча «Банктын милдеттери» бөлүгүндө («Банк тутуму» жана «Банк эмес финансы уюмдары» бөлүкчөсүндө) мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде жайгаштырылган.  

Мындан тышкары, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында, Улуттук банктын расмий интернет-сайтынын башкы бетинде финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар үчүн коммерциялык банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын пайыздык чендери, депозиттери жана кредиттери тууралуу маалымат, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардан кыскача үзүндү, аманатчылар, карыз алуучулар үчүн эскертмелер жана башка пайдалуу маалыматтар дайыма жаңыланып турат.  

 

Электрондук кайрылуулар менен иштөө  

(WhatsApp каналы, Facebook, Instagram мессенджерлери аркылуу) 

 

2022-жылдын II жарым жылдыгы ичинде Улуттук банкка 1000ден ашык электрондук кайрылуу келип түшкөн. Жарандардын кайрылуулары негизинен Улуттук банктын ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелер боюнча оперативдүү маалымат берүү өтүнүчү менен байланыштуу болгон, алар: 

 

- валюта рыногу жана чет өлкө валютасынын болушу; 

- акча которуулар; 

- коммерциялык банктар тарабынан кардарларды тейлөө сапаты; 

- төлөм системаларынын иштеши; 

- коллекциялык монеталарды сатып алуу; 

- өлчөнгөн алтын куймаларын сатып алуу жана сатуу; 

- эски банкнотторду алмаштыруунун тартиби; 

- кредиттик кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде ипотека боюнча коммерциялык банктардын иши; 

- маалымат тактоо жана башка маселелер боюнча суроо-талаптар.