Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы N 135 токтому менен бекитилген "Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоо жана верификациялоо жөнүндө" жобонун негизинде, маалымат берүүчү жактар кардарга жана бенефициардык менчик ээсине (пайда табуучуга) карата алардын террористтик же экстремисттик ишке катышкандыгы тууралуу маалыматтардын бар экендигин текшерүүгө милдеттүү экендиги тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы маалымдайт.  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын расмий сайтында (www.fiu.gov.kg) "Тизмелер" бөлүмүндө Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык жок кылуучу куралдарды таратууда катышкандардын эл аралык жана улуттук тизмелери жайгаштырылган. 

Маалымат берүүчү жактар (коммерциялык банктар жана башка финансылык кредиттик уюмдар) кардарлар менен иштөөдө аталган Тизмеллерди колдонуусу жана ошондой эле кардардарлардын жана алардын бенефициардык менчик ээлеринин көрсөтүлгөн Эл аралык жана улуттук тизмелерде бар же жок экендигин текшерүүсү зарыл.  

Тизмелер мезгил мезгили менен жаныланып тургандыктан, маалымат берүүчү жактар ФЧМКнын сайтына өз алдынча кирип, Тизменин эн акыркы маалыматы менен колдонуусу зарыл.