Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 18-ноябрындагы 

№ 2020-П-14/66-6-(ПС) 

токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 3-апрелиндеги № 2020-П-14/20-2-(ПС)  

«Коммерциялык банктардын, төлөм уюмдарынын,  

төлөм системаларынын операторлорунун Кыргыз Республикасын Улуттук банкына электрондук форматта төлөм системасы боюнча отчет берүүсүнүн  

убактылуу мөөнөттөрү жөнүндө» токтомун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын  

3-апрелиндеги № 2020-П-14/20-2-(ПС) «Коммерциялык банктардын, төлөм уюмдарынын, төлөм системаларынын операторлорунун Кыргыз Республикасын Улуттук банкына электрондук форматта төлөм системасы боюнча отчет берүүсүнүн убактылуу мөөнөттөрү жөнүндө» токтому күчүн жоготкон катары таанылсын. 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялагандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын төлөм уюмдарын, төлөм системаларынын операторлорун жана «KG (КЕЙ ДЖИ) төлөм системасынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын. 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов